Сайкал Садыбакасова — Мугалим

Ак сүтүн берген апамдай,
Тынч алып эч бир жаталбай.
Окуучум билим алсын деп,
Кам кордун алыс баса албай.

Кайырма (2-жолу)
Баш ийип таазим кыларым,
Мугалим алтын чынарым.
Суйуктуу эжей-агайым,
Силерге алкыш айтамын!

Кездешсек мээрим төгөсүң,
Чын дилден көнүл бөлөсүң.
Биздерге ак жол тиледиң,
Билимдин берип мөмөсүн.

Кайырма (2-жолу)

Жандырып өмүр чырагын,
Тааныткан жолдун ыраагын.
Жылдызга башым жетсе да,
Мугалим менин сыйлаарым.

Кайырма (2-жолу)

Берекебай Калыбеков — Мугалим эжеке

Чыгаргым келди ыр бүгүн,
Мугалим эжей сиз үчүн.
Тамганын баарын үйрөтүп,
Арналган бизге бар күчүң.

Кайырма:
Рахмат сизге эжекебай баарына,
Эки алсам ыйлачу элем таарына.
Билбептирмин ошол кезде жаш элем,
Жакшы оку деп күнүгө айтканынызда.

Өтсө да канча убакыт,
Унутпай сыйлап турабыз.
Тарбия таалим окуткан,
Эжеке таазим кылабыз.

Кайырма:
Ыраазыбыз эжекебай баарына,
Ыр сурайын кабыл алчы дагы да.
Улуктайбыз урмат сыйга болойбуз.
Ардактуу иш мугалимдик баарынан

Мугалим жонундо ырлар саптары

Ата-энедей мээрим чачкан,
Көзүңдү ачкан медер көркөм.
Силер да унутпастан эстегиле,
Мугалим, эже-агайды билим берген.

Аман болсун бапестеген балдарың,
Тарбияны балдарыңа арнадың.
Ишиңерге көп ийгилик каалайбыз,
Окуучуңа чексиз эмгек арнадың.

Мугалимдер бизге насаат үлгүсүздөр,
Жол көрсөткөн тунук күзгүсүздөр.
Сиздер дайым ден-соолукта жүрүңүздөр,
Узун-узун, узун өмүр сүрүңүздөр

Бүт дүйнөнү тааныткан карегимсиң,
Мугалим сен экинчи энекемсиң.
Келечек муундардын ачкан жолун,
Шам чырактай өчпөй турган келечексиң.

Айды карай, күндү көздөй барышат,
Жылдыздарга кызыл желек жайышат.
Ким болсо да эң биринчи билимди,
Жөпжөнөкөй мугалимден алышат.

Мугалимдин элге арнаган элеси,
Алгыла деп бышып турган мөмөсү.
Ааламдагы ак-караны тааныткан,
Мугалимдер адамзаттын энеси.

Мугалим бул бир мөмөлүү дарактай,
Тамырында билим суусу аккандай.
Табиятты жаш муунга таанытып,
Талбастыгы ташка тамга баскандай.

Баалайлычы мугалимдин кадырын,
Мертебесин, зоболосун, сабырын.
Мүрөк суудай аруулукту ыроолойм,
Мугалимдер аман болсун ар дайым.

Мугалимдик бийик кесип чынында,
Илим жатат анын түпкү сырында.
Ак эмгегин даңазалап жазышкан,
Канчалаган калемгерлер ырында.

Кичи пейил, жөп-жөнөкөй мүнөзүңүз,
Мектебим дейт, окуучум дейт жүрөгүңүз.
Мугалимдик сапатыңызды туу тутуп,
Ишиңизден кадыр баркты таптыңыз сиз.

Билим берүү майданында өзүңүз,
Арналды го ушул жолго өмүрүңүз.
Окуучуңуздун өскөндөрүн көргөндө,
Сүйүнүчкө толуп турсун көңүлүңүз.

Ардактуу менин эжекем,
Арта берсин баркыңыз.
Сыймыктанам сиз менен,
Чыга берсин даңкыңыз.

Окуучуга тарбия берип келесиз,
Окуучулар айтканымды уксун деп.
Күнү-түнү изденипсиз талыкпай,
Бар тапканыңызды бизге айтып дайыма.

Окуучулар артыңыздан бараткан,
Сырдашыбыз алды-жайды сурашкан.
Сыйлап сизди туу тутамын өзүмө,
Топ ичинде сиз өзгөчө турасыз.

Талыкпастан тамгаларды үйрөткөн,
Мээрим менен, акыл менен сүйлөткөн.
Калем менен кагаз бетин чиймелеп,
Бул ырымды жаздым сизге чын жүрөктөн.

Ата-ападай жарык мээрим төгүп,
Калем кармап жазганымды алгач көрүп.
Кубангансыз жүрөгүңүз толкуп бийлеп,
Аппак үмүт максатка улай өрүп.
Алиппеден башатты оргуштатып,
Сугаргансыз билимге терең-терең.

Эне-тилин так сүйлөтө албаган,
Элде жүрөт мугалимдер сандаган.
А сиз болсо чет тилдерде сайратып,
Окуучуну келечекке камдаган.

Жердин топтой экенин,
Жылдыздын алыс экенин.
Билим алдык мектептен,
Жардамы менен эжейдин.

Ата-тектин бай тарыхы саян бак,
Аны талбай окуучуга баяндап.
Жаратасың улуу сыймык жүрөккө,
Эң бир укмуш турмуштарды баяндап.

Баатыр мүнөз бабаларды даңтадыңыз,
Кенен акыл энелерди мактадыңыз.
Өзүңүз да жан тарыхка айланып,
Өрнөк болуп өтүп барат жашыңыз.

Тентек бала окубаса сабагын,
Иштен кейип, аста бүркөп кабагын.
Катуу айтпай, көңүлгө кир кетирбей,
Көңүлү ооруп калбасын дейт баланын.

Мүнөзү салмак, ачык көңүл бул адам,
Так болгун деп сандарга, дайым айткан.
Таңшып турат сабагында булбулдай,
Бизге берет, билим берет чарчабай.

Аалам сырын сабагыңда тактадым,
Окуучуңду жооп бергенде мактадың.
Түркүн түрдүү сабак жолун түзөсүз,
Үйдү унутуп окуучум деп жүрөсүз.

Бизге берди тарбиясын билимин,
Үйрөнсүн деп биология, география илимин.
Тартип менен өстүк жана чоңойдук,
Эжебизден алып билим тереңдеп.

Бөпөлөп окуучуга жүрөк төшөп,
Өстүрүп окуттуңуз турмуш көзөп,
Дал ошол окуучулар сизди сыйлап,
Кезигүүчү кезек күтөт ардакташып.

Уюштуруп окуу ишин ар дайым,
Апакемдей акыл айткан эжекем.
Ойлоп көрсөм мээнетиңиз зор экен,
Аман болуңуз алтын менин эжекем.

Физикадан мыйзамдарды жаттадык,
Тапшырманы көп берсе да,
Уктабастан аткардык.
Уят кылбай эжекемди мектептен,
“Ак эмгегин актайбыз” – деп ант бердик.

О эжейим канча окуучу чыгардың,
Булак болуп билим менен сугардын.
Ата-журтка кылган ишиң ушул деп,
Жакшысына жар чыгардың, кубантып.

Эжейим окуткан химия сабагын,
Билип алдын кычкылдардын сырларын,
Менделеевдин далай ачкан жыйнагын.

Үйрөтүп кыргыз тилин улам-улам,
Жаттатып алыкулдун ырларынан.
Жаздырып дилбаянды көркөм тилде,
Жакшы эле окуттуңуз бизди улам.

Адамзаттын басып өткөн жолдорун,
Чарчабастан айтып бердиңиз бизге.
Тажабастан танбай окуп, үйрөнүп,
Биз тарыхтын татаал жолун, кырдаалын.

Эң чебер аскердик адис жайын,
Улантып, өркүндөтүп ар муун сайын.
Маңыздуу сабак өтүп үмүт менен,
Окуучуларды машыктырып келет дайым.

Мугалим сезимимде ыйык адам

Мугалим сезимимде ыйык адам,
Мугалим бул жашоодо кыйын адам.
Бул ааламда көрүнүктүү инсандар да,
Президент да мугалимден билим алган.

Мугалим жарк деп тийген күндөйсүңөр,
Бул ааламды жакшылыкка үндөйсүнөр.
Бул жашоодо канча түйшүк болсо дагы,
Мээнет менен силер аны женээрсинер.

Кабак бүркөп капалануу билбейсинер,
Жамандарды жакшы бол деп тилдейсинер.
Бул жашоодо сабаттуунун сабатуусу,
Мугалимдер силерсиңер, силерсиңер.

Фундаментсиз үй курулбайт,
Мугалимсиз эч бир кесип чыга албайт.
Кээ бирөөлөр мугалимдик кесипти,
Атаганат эмнегедир баалашпайт.

Бирок мен бул кесипти бийик көрөм,
Сиздерге аманчылык тилеп келем.
Ар дайым ыйык тутуп бул кесипти,
Башымды ийип, тизе бүгүп таазим этем.

Мугалим – Айдай Таштанбекова

Билим берип, окуучуга үйрөтүп,
Таалыкпастан ар теманы күндө өтүп.
Акыл айтып ар бирине нур чачкан,
Айкөл, асыл адамзатсың мугалим.

О, мугалим, мээрим төктүң жүрөктөн,
Окуучу үчүн окуттуң ак тилектен.
Ошол өткөн опоол тоодой эмгегиң,
Орун алды ойдон чыккыс жүрөктөн.

Түмөн түйшүк машакатка карабай,
Кыялдарын кудуң эле баладай.
Аябастан бүт эмгегин арнашып,
Азбы-көпбү маянасын санабай.

Дүйнө жүзүн, баарын жыйнап мелдешке,
Күч сыноого келсе бир күн убагы.
Эч нерсеге майтарылбас, жеңилбес,
Анын бардыгы билим деген куралы.

Мугалимдин эмгегинин сереси,
Тартам десең түгөнбөгөн кемесин.
Аруу сезим, акыл ойлор жетпеген,
А сен кантип таразалап бересиң.

Мугалим – Жолон Мамытов

Классында отуруп,
Кылымына ой берген.
Асыл үрөн ал чачкан,
Адамдыкка бой берген.

Алтыдагы бөбөккө,
Алиппени тааныткан.
Адамзатты илимге,
Алып кирген даанышман.

Жетилсин деп жеткинчек
Акыл-күчүн төшөгөн.
Баштап өткөн бүт элди,
Билим деген көчөдөн.

Таалим алып жер жүзү,
Мугалимдин колунан.
Келечекке адымдап,
Келет тайбай жолунан.

Мугалим

Аруу тилек балага,
Агай, эжей дедирген,
Билбегенин билгизип,
Билим балын жедирген
Мактоо сага – мугалим.

Эне-атадай кам көрүп,
Эресеге жеткирген.
Кулмүң көздүү бөбөктү,
Гүлдөй сылап өстүргөн
Алкыш сага – мугалим.

Акыл жолун таанытып,
Адеп менен сүйлөткөн.
Ата Журтка жарашкан,
Адам бол – деп үйрөткөн
Таазим сага – мугалим.
(С. Рысбаев)

Окутуп көптү үйрөткөн,
Ойлонтуп көркөм сүйлөткөн.
Адептүү бол деп ар убак,
Айтканы кетпейт жүрөктөн.
Мугалим эжем ал менин,
Актасам деймин эмгегин.
Аябай акыл кеңешин,
Айдаткан билим кемесин.
Көчөдө, бакта жүрсөк да,
Көрөбүз сүйкүм элесин.
Мугалим эжем ал менин,
Актасам деймин эмгегин.
Келечек күнгө үндөгөн,
Китеп жок өзү билбеген.
Айланып бүткүл жер жүзүн,
Келгендей түгөл сүйлөгөн.

Мугалим – Айжамал Токтомамат кызы

Окуткан, окуттурган,
Азга да тобо кылган.
Жакшыга эшик ачып,
Жамандан тосуп турган.
Ар жыл сайын мекенге,
Мекенчил уул кыздарды кошуп турган мугалим.

Мезгилди зардаган,
Мерченден түз аттаган.
Өлкөнүн тагдыры үчүн,
Өмүрүн тактаган.
Бакыттын даамын сезип,
Балдарды жакшы көрүп кучактаган мугалим.

Кабылдуу бата болгон,
Кайда деп ата болгон.
Мээримин аябастан,
Мугалимдер окуучуга апа болгон.

Турмушту адат кылган,
Жумушту санат кылган.
Окуучуга бийиктикти самап турган мугалим.

Ай жүзүң жанып турат ай сыңары,
Күн жүзүң күйүп турат күн сымалы.
Сулуусуң, суктандырган келбетине,
Кубанып сонун арткандайсың.

Эмгегиң эс эсимден кетпейт эже,
Аябай акыл айтсаң туттум эске.
Тил менен эжекей деп айтсам дагы,
Жүрөгүмдө өзүңсүң экинчи энем.

Ооба, сизди апакемдей көрөмүн,
Айкыл айтып мени кайра төрөдүң.
Мага берген билимиңиз бир өмүр,
Унутулбайт жоготпостон көлөмүн.

Алтын эжем болгум келет өзүңдөй,
Мээрим турат жүзүңүздө мөлтүрөй.
Тигилемин тилиңизге суктанып,
Мынча назик сөздөрүңүз өрүндөй.

Билимим билгениңден артык болсун,
Айтканың акылыма ашып толсун.
Эжекей тизе бүгүп таазим этем,
Кааладым өмүрүңүз узун болсун.

Бар болуңуз бактыбызга эжейим,
Өзүңүздү мөлтүр сууга теңеймин.
Билим менен жүрөгүмдө жашайсыз.
Унутпайм деп убадамды беремин.

Агайларыма – Назбүбү Эгембердиева

Мени окуткан агайлар ал кездеги,
Зыңгырыган жигиттер галстукчан.
“ШП” түгүл шыбырап айттырышпай,
Акыйкатты ишинде калыс туткан.
Келесиңер улгайып барган сайын,
Бирок дале тайыбай калыс нуктан.

Темаларды мээге орнотуп коюшчу,
Лекцияда китеп, дептер карабай.
Алып кетчу ажайып бир дүйнөгө,
Интеграл, функцияларды аралай.
Сезимдерде дарс окуган тезгили,
Сеңсел чачын тарап коюп салаалай.

Алтымыштан ашты азыр курагым,
Өстүм, өндүм, мен да үй-бүлө курадым.
Окутуучу адистигин аркалап,
Эже-агайлар жолуңарды уладым.
Силер менен кездешкенде өзүмдү,
Тээ, илгерки студенттей туямын.

Өтөөр жылдар чубалышып дагы айлар,
Күн артынан ээрчий берээр ар айлар.
Жаш муундарга билим берген силерге
Карылык да жологондон абайлаар.
Узак жолдо Тайторудай талыкпай,
Узун өмүр сүргүлөчү агайлар.

Мугалим жөнүндө ода-Исабек Исаков


Көрсөм дагы тоонун тунук булагын,
Көрсөм дагы жаздын күлгүн убагын.
Сезимимде булак, жаз, күн сен болуп,
Жүрөгүмдө тиккен кызыл тууларың.

Көз алдымда кыроо чачың, басканың,
Кыял-жорук, шашпай сулуу жазганың.
Мен балапан канат жайсам алыска,
Өзүң болдуң кең жол, учаар асманым.

Көз алдымда сылап маңдай, күлгөнүң,
Бүчүр жарыл, сепкен үрөн гүлдөрүң.
“Алиппеңдин” алгач бетин ачып мен,
Али эсимде “А” ны жаттап билгеним.

Бир өзүңдө бүтпөс дүйнө барчылап,
Караар элем кыял күүсүн камчылап,
Акылдуу бол, ардактуу бол дегениң,
Сезимимде күйүп турган шам чырак.

Жан шооласың жаркып чыккан булуттан,
Көл, дайрасың көлкүп чыккан туюктан.
Жакынымсың, ардагымсың унутпас,
Жүрөгүмө тарбияны уюткан.

Көрсөм дагы энекемдин мээримин,
Көрсөм дагы далай өмүр шеригин,
Бирок али көз алдымдан кетелек,
Билим берип жакшы көргөн мээримиң.

Мугалим – Ташмат Арыков


Мугалим бул — кесиптердин сереси,
Мугалим бул — кесиптердин төрөсү.
Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай,
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү.

Мугалимдер окшоп кетет атама,
Мугалимдер окшоп кетет апама.
Дили менен көңүл бөлүп ар дайым,
Ортоктошкон кубанчыма, капама.

Ушул кесип билбестикке кол салар,
Ушул кесип билгичтикке жол салар.
Улуу-кичүү кайдан алат кесипти,
Мугалимден окубаган болсо алар.

Билим үчүн мугалимге бардым да,
Билим үчүн мугалимге бардың да.
Биз адамдар ар кесипте иштеген,
Карыздарбыз мугалимдин алдында.

Мугалим бул — кесиптердин сереси,
Мугалим бул — кесиптердин төрөсү.
Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай,
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү.

Мугалимим – Муса Жангазиев

Мугалимим сүйгөн кишим,
Мугалимим таалайым.
Мугалимден менин ишим
Узун өмүр каалаймын.

Мугалимим күчүм, күнүм,
Адилеттүү адамым.
Мугалимден менин сүйүүм
Аткарылган талабым.

Мугалимим—турмушумсуң,
Ой, максатым, тилексиң.
Жол көрсөткөн жылдызымсың,
Токтобогон жүрөксүң.

Мугалимим акыл кенчим,
Билим берген булаксың.
Келечегим — бактым сенсиң,
Ата-энемдей ынаксың.