“Кыргыз тилим минип калды араба”

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен “приветтин” айырмасын билбеген.

Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын с
үйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?

Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
“Ата” дешти алмаштырып “папага”,
“Эне” дешти алмаштырдык “мамага”.
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.

Жеңишбек Жумакадыр

Эне тилин унуткандар

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Шайлообек Д

Эне тилин билбеген – Байдылда Сарногоев

Тоо инженер Молдобек,
Дайым сүйлөйт орусча.
“Привет” деп кол берет,
Тааныштары жолукса.
Агроном Дүйшө да,
Же орусча так билбейт.
Кыштакта туулуп-өссө да,
Кыргызчалап аз сүйлөйт.
Бассаң, турсаң эрте-кеч,
Байка алардын балдарын.
Аталары келсе кез
“Папалашат” ар дайым.
Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда…
Бирок кыргыз кыргызча,
Сүйлөбөсө жаман да!
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.

Үйрөнөм

Кыргыз тили – эне тилим,
Орус тилин билемин.
Эми болсо англисче,
Билсем деген тилегим.

А. Рыскулов

Эне тилим

Эне тилим түрк тилдердин ичинен,
Эң байыркы, эң байыркы бабасы.
Ушул тилде бүт дүйнөнү таңдантып,
Айтылууда күнү-түнү «Манасы».

Жакшы сөз сүйкүм угулат,
Жакшы сөз күндөн жылуураак,
Жакшы адам сөзгө түшүнөт,
Жакшы адам сөзгө жыгылат.

Тилимди билген келсин – деп,
Тилимди эгер билбесе,
Тилмечи жообун берсин – деп,
Манастын айткан сөзү бар.

Эне тилим – канатым – Т. Жороев

Тилиң барбы – журтсуң, элсиң, пендесиң,
Тагдырыңды, тарыхыңды жиктеген.
Бул жарыкта тилсиз болсоң, айла жок,
Бир макулуксуң жан ачыта тиктеген.

Менин тилим – күч канатым, кут тилим,
Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн.
Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу,
Бүт өмүрдө төл тилимди үйрөнөм!

Эне тилим – Д. Юсупов

Отко салсаң, чокко салсаң күйбөгөн,
Жоголгон жок, кеткени жок дүйнөдөн.
Эне тилим нечен кылым карыткан,
Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.

Турган чакта жергебизде аш толуп,
Эне тилим жадырасын жаз болуп.
Эгерде ким эне тилин жерисе,
Катып калсын, кыймылдабай таш болуп.

Сөз – А. Кадыров

Биздин элде баалайт сөздү башынан,
Бир сөз үчүн түшүп берген атынан.
Бир сөз үчүн бири-бирин чабышкан,
Бир сөз үчүн бир туугандай табышкан.

Кан майданда Мекен деген сөз үчүн,
Кайран кыргыз кардай үрөп өз күчүн,
Аткармакка тууган элдин тилегин,
Тайманбастан окко тосту жүрөгүн.

Кыргыз тили ыр

Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим,
Мээримдүү жүрөгүмө жылуу тилим.
Ширелген жакут менен көркү чексиз,
Тамшанткан, такылдаткан, балдан ширин.

Бардык тилде касиет бар ойлонсо,
Өз тилимде бирок обон салармын.
Эртең тилим жок болоору чын болсо.
Анда бүгүн жок болууга даярмын.

Энө тилге жаным курман баштатан,
Жарды тил деп айтса мейли, арданбайм.
Ассамблейде сүйлөнбөстүр эч качан,
Бирок мага улуу экенин тана албайм.

Алмашып күндөр күнгө,
Өтсө билинбей,
Дүйнөдө көркөм барбы,
Кыргыз тилиндей?

Тил жонундо ыр – Расул Гамзатов

Ар бир тилдин кудурети ошончо,
Өз ээсине дабалыгы алардын.
Эртең тилим жоголору чын болсо,
Анда жакшы бүгүн өлүп калганым.

Эне тилим – кенч, байлыгым түгөнбөс,
Жарды тил дээр, балким, да бир оозу шок
Ассамблейде сүйлөнбөсө, сүйлөнбөс,
Бирок мага андан өткөн улуу жок.

Жүрөк болк деп, кулак тостум мен үнгө,
Ошол үндөр денеме жан кийирди.
Врач, бакшы шыпаа болбой өлүмгө,
Өлгөн денем эне тилден тирилди.

Тил жонундо учкул создор

Тил деген үйүбүздүн ачкычы го,
Бирде жаап, бирде эшигин ачып салган.
Үйүңдү ачкыч менен ачып туруп,
Билесиң ким экенин ээлеп алган.
(Саади)

Сөздүн ыгын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө
Тантыктыктын белгиси
Көңүл сүйгөн жер болсо
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси,
Бермет сөздү тергиси.
Орду менен сүйлөсө,
Кызыл тилин бүлөсө,
Таасындыктын белгиси
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпей,
Кары жаш укса, умсунса,
Акылдуунун белгиси.
(Арстанбек Буйлаш уулу)

Сөз маанисин билгендер
Сөздүн пири булбулдай
Сөз маанисин билбесе,
Согум чалыш дүмбүлдөй.
(Молдо Нияз)

Жакшы чыккан азамат
Элин билет.
Элин билген ал адам
Билим билет.
Окуп-карап ойлонуп,
Илим билет.
Эчен түрдүү адамдын
Тилин билет.
(Калыгул)

Ыр деген тоодон аккан тунук булак.
Мөлтүрөп, бермет болуп тунуп турат.
Ууну же балды жүрөк катып алат,
Аны тил чыдамсиздан айтып салат.
(Жами)

Жашоодо тилден ачуу жана тилден таттуу эч нерсе жок. (Эзоп)

Жашоодо тил азабынан өткөн азап жок. (С. Я. Надсон)

Тили чулдур булбул болгуча, тили так чакчыгай бол. (И. А. Крылов)

Тилине ээ боло албаган адам, оюна да ээ боло албайт. (Л. Н. Толстой)

Тил – жазуучунун, мылтык жоокердин куралы. Курал канчалык кубаттуу болсо, анын ээси ошончо күчтүү болот. (М. Горький)

Жараткан бергенин бүт койбой алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат. (Фирдоуси)

Сөздүн оту да бар, музу да бар,
Сөздүн балы да бар, тузу да бар.
Балдай сөз учурунда супсак келип,
Болуп калат бир татым тузга да зар.
(Абу Шукур)

Сөз ооздон чыгып учуп жүрөт, коноор жерин өзү гана билет. (Асади Туси)

Тил – ойлонуунун куралы. Тилге жеңил-желпи мамиле жасоо, ал ойго, ойлонууга жеңил желпи мамиле жасоо: так эмес, жакындата гана, ишенимсиз ойлоо. (А. Н. Толстой)

Улуттун тили дайыма элдин улуттук руху менен тыгыз байланышта. (А. Н. Толстой)

Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы. (Н. М. Карамзин)

Тил аң-сезим сыяктуу эле эң байыркы болуп эсептелет. (К. Маркс, Ф. Энгельс)

Тил – достуктун, макулдашуунун эң мыкты ортомчусу. (Эразм Роттердамский)

Чет тил бул, жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал. (К. Маркс)

Кимде-ким чет тил билбесе, ал өз эне тилин да жакшы билбейт. (И. Гёте)

Чет тилдерди үйрөнүү – эне тилди байытат, аны ачык, даана, ийкемдүү, көркөм кылат. (Н. К. Крупская)

Бөтөн элдердин адеп-аклак, кулк-мүнөзүн билищ үчүн, алгач алардын тилин үйрөнүүгө аракет кыл. (Пифагор)

Көп тил билүү – демек бир кулпуга түшө турган көп ачкычтуу болуу. (Ф. Вольтер)

Жусуп Баласагындын айткандары

Илим менен билимге көпүрө – тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот башын алат.

Тил арстан босогоңдо комдогон
Бошоп кетсе, өзүңдү да жеп койгон.

Миң сан калкты Теңир өзү жаратты,
Тилдүү сүйлөп, тилсиз үнсүз карашты.

Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири – дили ак көңүл.

Сөздү, дилди жаратты адилет деп,
Жалганчылар жалынга күйгөнү эп.

Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.

Эне тил – Жеңижок

Сөз кадырын биле албайт,
Өзүнөн акыл чыкпаган.
Кеп маанисин биле албайт,
Башына акыл жукпаган.

Ааламдын көркү күндө бар,
Адамдын көркү тилде бар.
Акындын көркү үндө бар,
Ашыктын жайы дилде бар.

Бакпай багың жетилбейт,
Эстүү адам эсирбейт.
Чечендиктин белгиси,
Кезектүү сөздү кетирбейт.

Тилдер жана энелер – Байдылда Сарногоев

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу
Өйдө-ылдый деп, айта албайбыз эч бирин.

Уккун мени, уул-кызым жаштарым!
Ушул сөзүм жадыбалдай жаттагын.
Тилди тилге, эне менен энени
Чаташтырбай өз-өзүнчө барктагын,
Төртөөнүн тең тазалыгын сактагын!

Эне тил – Түмөнбай Байзаков

Эне тилди энем мага үйрөткөн,
Эне тилде энем менен сүйлөткөн.
Эне тилде өз атымды билгенмин,
Эне тилим сырын ачты дүйнөнүн.

Эне тилим башка тилди үйрөттү,
Эне тилсиз дилим аны сүймөкпү?
Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок,
Эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок.

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.
Эне тилсиз тааныр белем элимди.
Эне тилсиз укмак белем «Манасты»
Эне тилсиз укмак белем санатты.

Жаркырай берет түбөлүк – (Насирдин Байтемиров)

Кыргында далай беттешип,
Кыргыздар нени көргөн жок.
Кырылып көбү өлсө да,
Кыргыздын тили өлгөн жок.

Кыпкызыл канды кечишип,
Кыргызды кимдер жеңген жок.
Кыргызды кырып жеңсе да,
Кыргыздын тилин жеңген жок.

Кылычын кайрап от чачып,
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок.

Жомогу кумдай куюлган
Жоголбойт тили кыргыздын.
Жаркырай берет түбөлүк
Нурундай Чолпон жылдыздын!..

Кыргыз тили – Райкан Шүкүрбеков

Мен сүйөм өзүбүздүн кыргыз тилин,
Тил гана бере алат кишинин ой-пикирин.
Тил там эмес бир күндө жаралуучу,
Ал санап өткөргөн элдердин өмүрүн, күнүн.

Бир-бирине карап отуруп нечендер өлгөн:
«Бери келсең» – деп, бир-бирин чакыруу үчүн.
Миңдеген жылдары эл эмгектенди,
Тил көп талап кылат элдин күчүн!

Мисалы, ошол кезде керек эле кетмен,
(Жокту кайдан тапмак элем мен)
Сөзү үчүн кетменди ойлогон эмес,
Баарын адам табат жашоого керектиктен.

Эне тилим – Абдрасул Токтомушев

Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим.
Кылымдан азиз энем күткөм тилим.
Төрөлүп, бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып, жаным менен бүткөн тилим.

Тилиңе кулдук кылам, энем, атам!
Кечиргин, мен тараптан болсо катам,
Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде
Кубултуп, безеп ырдап келе жатам.

Бул тилдин кылдат, кымбат сырын ачам,
Канымды сыя кылып, китеп жазам.
“Таң эрте тил өмүрү бүтөт” – десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам.

Эне тили – Алыкул Осмонов


Тил үйрөнүү,
Жакшы көрмөк, сүймөктөн
Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн.
Ойротто жок, оңой тил бейм биздин тил,
Бир жашымда
Ата, апа,
Ат, эт дегенди сүйлөткөн.

Тил кадырлоо
Чын күңөлдөн сүймөктөн,
Атам тилин сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик, өнөр, билим менен сүйлөшүп,
Бир жүрсүн деп, бир жашымда үйрөткөн…

Бирге жүрөм, эне тилим кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Кыргыз тили (Темиркул Умөталиев)

Орусча да монголчо да, сүйлөй бил,
Жер жүзүндө жок бир дагы өгөй тил
Ошондо да ширетейин дилиңе:
Шек келтирбе менин эне тилиме!

Кыргыз тили – кубат күчүм, жөлөгүм,
Ата болуп, үйрөткөн жашоо өнөрүн.
Жаным бирдей, каным бирдей көрөмүн
Ал өлгөңдө, мен да кошо өлөмүн.

Кыргыз тили (Аалы Токомбаев)


Манас» айтса,
Өзөн суудай көбүк чачкан күрпүлдөп.
Махабатты баяндаса,
Сайрап жаткан булак көзү күлүңдөп

Эчен түрлүү
Тил үйрөнсөм, чоң бактыдай сезилет.
Октябрдын заманында
Кыргыз тилим ырлар болуп,
Кыргыз тилим күүлөр болуп чертилет.

Мен ыр жазам (Түгөлбай Сыдыкбеков)


Мен ыр жазам,
Сөздүн айтып тереңин.
Мен ырдасам,
Кызыл тилим безегин.
Мен ырдайын,
Жаңы обондор улансын!
Мен жазайын
Тилектештер кубансын!
Мунарыктап
Көздүн учу жетпеген
Көркөм сөздүн
Мунарасы куралсын!

Тил жонундо (Барпы)

Сүйлөш үчүн тил керек,
Ырдаш үчүн үн керек
Сөздү сөзгө кынай бил,
Маш зергердей чегелеп.
Ырчы болсоң – төкмө бол,
Ак жаандай себелеп.

Улут болсом — тилим менен улутмун (Эсенгул Ибраев)


Эй жарандар,
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт
Эне тилин түшүнбөгөн,
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Атажурттун
Анык уулу боло албайт!

Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курмушудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул —
Метрикасы улуттун!

Кыргыз тилим (Расулберди Маметов)


Кыргыз тилим – кыргыз үчүн жаралган,
Кымбат баасын улутунан алалган.
Биринчи эле “Апа” деген сөз чыгып,
Билесиңби эне тил деп саналган.

Эне тилде эне сүтү ширелген,
Балдарына эне атайлап жибергең.
Бириктирип ой-максатын, тилегин,
Бир улутту ошол тилге имерген.

Кыргыз тили кыргыз элин сыйлаган,
Калк кубанса кубанып, капаланса ыйлаган.
“Манас” менен “Эр Төштүктү” таштабай,
Кылымдарды сактап келди кыйладан.

Кыргыз тилим бар болсун (Алмаз Карабаев)

Ар адамдын көркү эне тил менен,
Адам эмес, эне тилин билбеген.
Эне тилин ыйык тутуп кадырлап,
Эчендеген инсан кеткен дүйнөдөн.

Эзелтеден мөлдөй тунук тил менен,
Эне-атабыз алгачкы ирет сүйлөгөн.
Кылымдардан кылымдарга сырдаш тил,
Кымбаттыгын айтчы кимдер билбеген.

Кадырыңды ар убакта даңктайлы,
Ар бир сөзүн көз каректей сактайлы.
Бактыбыздын туу чокусу кыргыз тил,
Сыймыгыңды түбөлүккө барктайлы.

Кыргыз тили (Байдылда Сарногоев)

Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда.
Бирок кыргыз кыргызча
Сүйлөбөсө жаман да!

Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин!

Кыргыз тили (Алыкул Осмонов)

Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бүт тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Зор “Манас” көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн.
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем.

Кыргыз тили (Жолдошбай Кененбаев)

-Айткылачы, досторум,
Кыргыз тили кимге керек?
Улут тилин билели – деп,
Айткан сөзгө эмне себеп?

Кыргыз тили жашап турса,
Биз чыныгы улутпуз.
«Ата», «Апа» деген сөздөр,
Бар үчүн биз улукпуз!

Дуйнөдөгү бардык элдин,
Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди сыйлаш үчүн,
Опол тоодой дили бар.

Кыргыз тили – бизге керек,
Биз кыргыздын уулубуз.
Эне тилин сактай билген.
Жаңы доордун муунубуз!

Эне тилим (Тынчтыкбек Нурманбетов)

Эл туруп эне тилин унуткан бар,
«Эл безер» атка конуп куруткан бар.
Эненин сүтүн эмип, тилин билбей
Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.

Элинин элдигине башын ийбей
Эненин тилин билбей, дилин билбей,
Эргулдар көбөйдү го көктөн түшкөн
Эли үчүн, энеси үчүн жаны күйбөй.

Элинин теги-жайын сүрүштүрбөй
Элинин каада-салтын көзүнө илбей.
Ээлигип күмбөз көрсө, мечит көрсө
«Атеист» аталды бейм арсыз түркөй.

Энчисин талашкансып Бабур баба
Эмне эле өчөгүштү анча буга.
Уратып тынышты го Бабур үйүн
Арбакка шек келтирип эл алдында.

Жагынып «эл достугун» бетке кармап
Жанкечти түптүү элди жүрдү алдап.
Жазасын алды акыры кет-кет келип,
Жанын жеп, жан соогалап кайда бармак.

Камчы чаап абийириме айтпайм жалган
Кыргыз бар кыргыз тилин билбей калган.
Кайгы жок каран калгыр мындан өткөн
Билгенге мындан оор болбойт арман!

Элимдин билип алып момундугун
Ээлешкен жакшы кызмат орундугун.
Эчен бир эл бузарлар тагдыр чечти
Тукуруп бир бирине оңу, солун.

Не тапты кайраштырып, эгештирип
Чынарга чырпык талды теңештирип
Чыркырап чындыкты айткан күйүп кетти,
Түбүнө көздөй көргөн досу жетти.

«Тил тилге сиңет» дешти ооз толо,
(жазылды ар кай жерге кооздоло)
Билсе да иштин жайын бүшүркөштү
Саксынып бир биринен кооптоно.

Баш калаада бала бакча ачылбай,
Аны ачууга бел байлабай, батынбай.
Башын жерге салып жүрөт кээ бир чоң
Бригадирдин арып бүткөн атындай.

Өз тилинде окутууга баланы
Ата-эне кабарганча таманы.
Орун таппай ындыны өчтү акыры
Жөө кыдырып чыгышса да калааны.

Шарт-жагдайды көрүп туруп оңдогус
Кара күчкө байкамаксан болобуз.
Көлөкөдөн корко берсек корунуп
Билбейм деги кантип, качан оңобуз?!

Бетке кармап теңдемечил жобону
Башын ийип, таазим этип «жогору».
Баласына сүйлөбөстөн кыргызча
Барк албаган эне тилиң оңобу?!

Актоо керек эне сүтүн оболу
Мына ушул соболдун да соболу.
Каргышына кала көрбө эненин,
Белгилүү го арты кандай болору.

Эне тилдин тагдырына жаны ачып.
Эне тилдин тазалыгын талашып.
Тилдин тилге тийбестигин залалы
Чыңгыз агай түшүндүрдү жаны ачып.

Буга болбой коргошундуу камчы алып
«Улутчул» – деп бүт Союзга жар салып.
Улут безер сүр көрсөттү дембе-дем
Жети атадан калган өчү барчалык.

Өз жеримде өз тилимде сүйлөнбөсө,
Дос дегендер тилимди үйрөнбөсө.
Өзөгүңдү өрттөйт экен анан да,
Өөн таап, керооздор кесирленсе.

Таарыйт экен таарыныч жүрөгүңдү
Ишенгениң күмөн санап шектенсе.
Кандай гана жакшы болор эле го
Кайраштырган ичи ала мертинсе.

Өгөө болуп өгөй берет дайыма
Күндүр-түндүр тынчтык бербей жаныма.
Эки дүйнө унутууга акым жок,
Эне тилди сиңген каны-жаныма!

Эне тилим эчен кылым карытты,
Күбө тартам күжүлдөгөн Тарыхты.
Кыргыз эли эчен кыйын кезеңде
Кыл чайнашып, кылыч сууруп чабышты.

Эне тилим эчен кылым карыткан
Эч ким аны өчүрө албайт Тарыхтан!
Эне тилим эстелигим урабас
Келбес жайга кеткенимде Жарыктан.