Муун-муун муңаят,
Муунунун башы кызарат.

Тамагы топурак,
Жер астында үйү.
Жыйрылып жылат,
Пайдасыз, зыянсыздын бири.
Пионерлердин арасынан
Атын мунун табар экен ким?

Тыттан башкасы көрүнбөйт көзүнө
Кийген көйнөгү пайдасыз өзүнө.

Суу-сууну бойлойт,
Зулку чачын тарайт.
Намазын окуйт,
Калбырын токуйт.

Жаны жок жатат,
Күн тийсе катат.
Башын кырчоолоп бууйт,
Суу тийсе тууйт.

Жаны жок жатат,
Күн тийсе катат.
Белин кырчоолоп бууйт,
Суу тийсе тууйт.

Каткан тери,
Калың токой жаткан жери.
Жандуу да эмес,
Жансыз да эмес.

Эбен-эбен элеңдейт,
Чоңду өлтүргөн бир куш бар,
Анын атын эмне дейт?

Эбен-эбен, эбен дейт,
Төөнү өлтүргөн бир куш бар.
Анын атын эмне дейт?

Чийдим – чийдим, чийдим куш,
Чий башына конгон куш.
Канаттарын каркайтып
Кан башына конгон куш.

Чий-чий чийдим куш,
Чий башына конгон куш,
Каз чеңгелдүү кара куш,
Каш башына конгон куш.

Бир дөбөгө чыгыптыр бир топ ыраң
Ал дөбөнү жайлайды эки түрлүү аң.
Жарыктык чөбүн жебей жерин жейди,
«Куданын кудуретине» болдум айран.

Чымчырга жүнү жок,
«Чыр» дерге үнү жок.

Чымчуурга каны жок,
Чыңырарга жаны жок.

Тоо башында жүрөт ол бир адам,
Чөбүн жебей жерин жеген ал бир наадан.

Муз үстүнө музоо сойдум.

Кичинекей ментек,
Мени жеген тентек.

Кичинекей менетай,
Мени кайдан көрөтай.

Кара токой ичинде кара доңуз.

Кампай семиз жүнү жок.

Абадан ансалады, кубан сары,
Кудук казып кургак жерден суу алады.

Кичинекей каратай
Көзү кантип көрөтай.

Караңгы үйдө карсак кемпир секирет.

Караңгы үйдө кашаң кемпир секирет.

Дүйнөдө бир нерсе бар калкка тентек
Кылыч чаап, мылтык атып алалбайсың
Акырында кармалат кол менен эптеп.

Бир жандык өзү назик калкка тентек
Коркушат аны көргөн ургаачы-эркек.
Тор жайып мылтык атып албаса да,
Кармалат акырында кол мен эптеп.

Мактанып уча алат,
Өзүнчө обон салат.
Тастайган такырдан,
Кыпкызыл суу алат.

Көкөлөп уча алат,
Ызылдап обон салат.
Тастайган такырдан,
Кыпкызыл суу алат.

Бир куш бар:
Төрт аягы, куш канаты
Көзүнө көрсө илер адамзатты.
Колунда кылдан назик каруусу бар,
Оорутат тийип кетсе таштан катуу.

Бир кушум бар ажап-ажап,
Куйруктары гажак-гажак.
Эми келип көрөрсүң,
Күлүп-күлүп өлөрсүң.

Бир төөм бар ажапкана,
Куйруктары кажапкана,
Бир келгенде көрөрсүң,
Күлө жүрүп өлөрсүң.

Өзү лөк, көзү көк,
Анан келсе көрөрсүң,
Күлө-күлө өлөрсүң.

Өзү кичинекей, бирок бир адамча күчү бар.

Кичинекей кара таш,
Атан төө көтөрө албас

Кара бээм жүрүп кетти,
Жүргөн жери күйүп кетти.

Кара бээм сийди,
Сийген жери күйдү.

Жардан чыгат жаланып,
Жалаң кылыч байланып.

Бир атым бар ажапкана,
Алып келсе көрөрсүң,
Күлүп-күлүп өлөрсүң.

Чийдим-чийдим, чийдим куш,
Чий үстүндө конгон куш.
Канаттары кайкы куш,
Тумшуктары ийри куш.

Кытайдан келген лөк,
Эки көзү көк

Кыска-кыска, кыска жол,
Кырына чыккан бар бекен?
Узун-узун, узун жол,
Учуна чыккан бар бекен?
Ушунчанын ичинен,
Уясын билген бар бекен?

Желбир-желбир күл канат,
Жете албайт чапкан ат,
Жумурткасын ким табат?

Асмандан ак сары куш түштү,
Тумшугу менен жерден кан алат.

Асмандан ак сары куш таң салады,
Түшкө маал болгондо,
Туюк жерден кан алады.

Карайган менен карга эмес,
Кампайган менен жылкы эмес.
Артында тоголоткон немеси бар,
Аны оодарып карасаң,
Атаңдан калган мүлк эмес.

Карарган менен карга эмес,
Үстүндөгү каңкайы,
Аяган менен мүлк эмес.

Кара болуп, карга эмес,
Мүйүздүү болуп, бука эмес.
Буттарында идиреги бар,
Бирок анысы туяк эмес.
Учса оңулдап ыйлайт,
Отурса жер казып жыргайт.

Аноо жерден карга учту,
Учкан менен карга эмес.
Карайган менен жылкы эмес.
Алты аягы боорунда,
Аркалаган азыгы —
Эжигей эмес, курут эмес,
Аңтарган менен мүлк эмес.

Тырна-тырналар,
Тоо бооруна жорголор.
Эти арам, сорпосу адал.

Төрт аягын бүйүргөн,
Ай талаага жүгүргөн.
Сорпосу адал, эти арам,
Бул эмине болучу?

Сандыктагы сары айгыр,
Сандап-сандап кишинейт.
Куйруктары карала,
Кулундары сарала.

Кытайдан келген кыңылдак,
Куйругунун учу жылтылдак.

Кичинекей дыңылдак,
Кишиге тийсе чыңырат.

Гап окуйт, гылын токуйт.

Күү-күү келеген,
Куранын окуган,
Калбырыны токуган.

Зуу-зуу караган,
Зулпу чачын тараган.
Куранын окуган
Галбырыны токуган.

Зуу-зуу бараткан,
Зуу-зуу келаткан.
Алхамдусун окуган
Калбырын токуган.

Зуу барат Зулайка,
Зуу келет Зулайка,
Алаам окуйт,
Килем токуйт.

Зуу барат, зуу келет,
Абада кайкыйт,
Балдары үчүн калбыр токуйт.

Зуу-зуу, зуу барат,
Зуу-зуу келет.
Такка чыгат,
Калбыр согот.

Зуу-зуу барабан,
Алтын такадан,
Күмүш кадаган.

Жеп отурсаң тил кубанткан таттуу тамак,
Аны тапкан гүлдөн соруп тентек чунак.

«Гың-гың» этет
Кокон жетет.

«Гүү» деп келип,
«Гүү» деп кетет.

Ийри-буйру ивелик,
Учу кыйрын ким табат?
Көк ала чаар көк куштун,
Жумурткасын ким табат?

Элең-элең, эрте келет
Этек башы жерте келет.
Каровулга коно келет,
Кардын сувун иче келет.

Элең-элең этип келет,
Эки бутун салып келет.
Качкелең качып келет
Кардын суун ичип келет.

Элең-элең эте кел,
Этек-башың жыя кел.

Эбең-эбең, эбең деди,
Өйдө учуп, ылдый төмөндөдү,
Сөөгү жок бир куш бар,
Мунун атын ким билди?

Эбен деди, эбен деди
Эбен жайлар биздин эл төмөндөдү,
Сөөгү жок бир куш бар,
Анын атын эмине деди?

Канаттары үлбүрөк,
Каалайт экен гүлдү көп.
Балдар көрүп кубанат,
Кармасак деп кубалап,
Түк жеткирбей аларга,
Учуп кетет көкөлөп.
Кел табалы экөөлөп,
Бул кайсы куш эле?

Калдаңдатып канатын,
Караңгыда уктаган.
Күндүз гүлдөн чыкпаган,
Көп алыска учпаган.

Жайлоодогу жалбырак,
Жумурткасын ким билет?

Бир куш бар адам билбейт ичкен ашын,
Пааналап жан сактайды карып башын.
Жүрсө да асманга учуп, жерге конуп,
Эч адам билбейт экен жумурткасын.

Бадыр-будур бадырак,
Батман экен топурак.
Учуп жүргөн жарганат
Мунун жумурткасын ким табат.

Бир падыша ай талаага шаар салган
Колуна жудуруктай алтын алган
Арасы аскеринин үзүлбөйдү,
Кетиптир аскеринен дүйнө жалган.

Алты буту бар,
Эки кирпиги бар.

Чымчыйын десе жүнү жок,
Чыңырайын десе үнү жок.

Топ караган, топ караган,
Топ караган түбүнөн,
Эсепсиз кой тураган.

Кой куйруктуу,
Найча белдүү,
Музоо баштуу.

Жолдо көчө кайнайт.

Бүрүшө калат тиштеши,
Балбан экен иштеши.
Көтөрүп жөнөйт безилдеп,
Өзүндөй жүктү эки эсе.

Кичинекей тору атым,
Ташка тийсе тайыбайт.
Музга тийсе бурулбайт

Берен-берен, берен ат,
Бели жоор күрөң ат.
Тоодон таштан тайбаган.

Белең-белең, белең ат,
Таштан, зоодон кайтпаган.
Бели сынып өлбөгөн.

Элең-элең этип келет,
Кардын суусун ичип келет,
Кашкилең… качып келет.

Учканы куштай,
Жегени кишидей,
Конгону тоодой.

Узун-узун, уз келер,
Узун бойлуу кыз келер.
Омурткасы калтылдап,
Кабыргасы жалтылдап.

Кашкардан келген муналуу кемпир,
Бул кемпирдин жүрүшүн кара
Бут колунун тырышын кара.

Ийри такым, узун бут,
Барган жери кызыл жут.

Чырылдак үндүү
Бука моюндуу
Буура сандуу
Куш канаттуу
Жылан боорлуу
Адам кылычтуу

Көгөн көздүү, куш канаттуу,
Уй мүйүздүү, шушаң буттуу.

Карчыга канаттуу
Шумкар тумшуктуу
Жылан боорлуу
Кылыч куйруктуу.

Карчыга канаттуу, шумкар буттуу,
Жылан борумдуу, кылыч куйруктуу.

Бука моюндуу,
Буура сандуу.
Теке мүйүздүү.

Бугу мүйүздүү
Уркоен көздүү
Буура сандуу
Төө төштүү
Куш канаттуу

Башы аттай,
Канаты каттай,
Учканы куштай,
Чөккөнү төөдөй.

Ат баштуу, аркар мүйүздүү
Бөрү куйруктуу, бөкөн сындуу
Куш канаттуу, кумурска ичтүү.

Ат аркалуу,
Бээ курсактуу,
Чыгырык мүйүздүү.