Кош, Алиппе»!

Орундатып тилекти,
Окуп бүттүм «Алиппени».
Таанып-билип алдым мен,
Тамгаларды жалпы эми.
Эми бардык тамганы,
Эжелебей, такалбай,
Эркин окуй аламын,
Шатыратып, атамдай.
Ойлойм, өсөт акылым.
Окуй берсем күндө эле.
Китеп менен дос болуп,
Кирем кызык дуйнөгө.

К. Жунуш уулу

Китепти сүй А. Осмонов

Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги
Дениздей кең талабы.
Көктөй тунук акыйкат,
Анын ар бир барагы.

А. Осмонов

“Алиппе” майрамы

Бүгүн биздин мектепте,
“Алиппенин” майрамы
Окуп калдык бүт таанып,
Отуз алты тамганы.

Алгач жүрсөк апкаарып,
Анан көнө баштадык.
Жанылмачка тил көнүп,
Жакшы ырларын жаттадык.

Көптү билдик көп окуп,
“Алиппе” менен достошуп.
Сезимдерди ойготту,
Оюбузга ой кошуп.

Сүйүктүү ушул “Алиппе”,
Китептердин төл башы.
Жолуктурган дөөлөргө,
Жомогу бар көп жакшы.

Ала-Тоолук болобуз
Ачылган гүлдөй жайдагы.
Балдар ырдап, бийлешип,
Баары куунак, жайдары.

Б. Асаналиев