Үч төөм бар: Бирөө адам жейт, бирөө төө жейт, бирөө жем жейт. Бирине бирин
жегизбей чиркештирип алып кетүү керек.

Он эки атты төрт акырга байлоо үчүн, үч акырга үч-үчтөн бир акырга
экиден байлап, он эки атты төрт акырга сыйдырылсын

Тегерегин чырмаган,
Кол тийгенде ырдаган.

Белен-белен, белен ат
Бели жоон күрөң ат.
Калеми көйнөк кием дейт,
Кан Тайлакка тием дейт.

Оозу менен тиштеген,
Кулдан бетер иштеген.
(Кумурска?)

Узун-узун уз келди,
Эки колу калтылдайт,
Узун бойлуу кыз келди,
Эки этеги жаркылдайт.

Бир жыгачта он эки бутак,
Жарымы кара, жарымы ак.

Жогору жактан жорго келет чаң чыгарбай,
Эки койду бөрү жеди кан чыгарбай.

Жүк алдында кумалак.

«Муйт-муйт» кайдан келдиң,
Майлуу деген жерден келдим.
Майы кандай жукпайт,
Эли-журтум ушундай.

Биз-биз, биз элек,
Биз он эки кыз элек.
Тактайлыкка чыкчу элек,
Таң атпай ойноп кетчү элек.

Эшик ачса өпкө көрүнөт,
Түндүк ачса төбө көрүнөт.

0Бир түп терек,
Ону тапкан жигитке
Пулсуз тийсе керек.

Ээрди-мурду чүрүшкөн,
Эрендер менен жүрүшкөн.

Каргашаган дегенде каргашаган,
Канаттуулар ичинде
Кайсынысы миң жашаган?

Беш башдыр, он колдур,
Жүз турмакка беш барып, төрт келмек,
Сап «куданын» кудуретидир.

Бир бөлмөдө 100 бир тууган, тышка чыкпайт,
Суу ичинде уктайт, же суусун жутпайт.

Жорго миндим, жолдо жүрдүм чаңы жок.
Отуз уул көрдүм ичинде бир да кызы жок.
Кара суудан каймак алдым музу жок.
Канжыгага каз толтуруп байландым,
Бир да өрдөгү жок.

Кичинекей тегерек,
Көтөрүп мени жиберет.

Узун-узун эбелек,
Анын туу башына ким чыгат.
Кызыл-кызыл көпөлөк,
Жумурткасын ким табат

2Дүйнөдө бар экен чынар терек
Күлүңдөп бүт дүйнөгө жарык берет.
Он беш бутагы бар нурдан бүткөн,
Күнүгө өсүп келет асман тиреп.

Тили жок, сүйлөйт,
«Ү» десең, «ү» дейт.

Үнү жаны жок.

Мен кыйкырсам чокудан,
Ал зыңгырайт коктудан.
Өзү түгүл, изи жок,
Бул эмне деп чочусам.

Узун-узун уч кетти,
Учун тапкан бар бекен?
Майшарак деген куш кетти,
Маягин тапкан бар бекен?

Терсең терилбейт,
Жыйсаң жыйылбайт.

Мунан аттым Бухарга,
Мурдум тийди шаарга.

Узун-узун уз терек,
Көлөкөсү жок терек.

Өзү узун, көлөкөсү жок.

Узун терек саясы жок.

Ажырык көрсө тиштебес атым,
Айгырды көрсө кишенебес атым.

Аппак таягым, аткан сайын кетет.

Узун-узун үч кайык,
Учу түбүн ким билет?

Узун-узун уз кетет,
Көлөкөсү жок кетет.

8Узун-узун уз кетти,
Узун бойлуу кыз кетти.

Али-али ал туя,
Бөрүнары эл туя.
Айдаса жүрмөк туя,
Байласа турбас туя.

Жолго салган төшөк,
Муну билбеген эшек.

Кулдуку кулач, күңдүкү күрөк,
Атакемдики эбелектен жумалак,
Энекемдики албырактан салбырак.

Бир адамдын үч буту бар.

Заар кетет тык-тык,
Кеч келет тык-тык.

Кырга чылым каттым

Кырга кылыч каттым.

Тык-тык этет,
Тыйындай жерди басат.

Бара берет, бара берет,
Теңгедей жерди ала берет.

Жүрүп барат оймок,
Оймоктой изи калат.

Барат, барат
Тегерек орду калат

Аттаган жери атандай,
Баскан жери бармактай.

Ичи бирөө, ичегиси экөө.

Бийчи бирөө, эчкиси экөө.

Кара бээм калтырайт,
Кабыргасы жалтырайт

Бир жерден сүйлөп, миң жерге угулат.

Алаң-алаң, алаң аяк
Жете албадым жалаң аяк.

Акырда ак мончок ойнойт.

Аталап учкан булдурук,
Этегин итке жулдуруп.

Он өрдөк коно калды балаганга,
Болоду сексен сегиз санаганга,
Үстүнө беш карчыга коно калса,
Жетеди адамзаат санаганга.

Арабам дөңгөлөйт, жер баспайт,
Канча, канча чатак чыкса,
Жакшылар жыйылып, кеп, акыл салса
Эч бирөөдөн акылы жанашбайт.

Текшерүүгө пайдалуу,
Айнекчеси бар дагы.
Айнегинен карасаң,
Кичинени чоңойткон.
Колума алып карасам
Турат андай болбостон,
Кандай нерсе болду экен,
Таба албадым ойлосом.

Жылууда тоого чыгат,
Суукта ойго жылат.
Мелүүндө орто жерде турат,
Баскан жолун чотко урат.

Бир адамды он адам кылам десе,
Башынан ойлоп жүрүп камын жесе,
Бир адамды он адам кылат экен,
Көрүнөө сандык алып өзү келсе.

Куйругу канаты жок,
Тамак ичпейт, карды ток,
Жүрүшүнө болжол жок.

Көшөгө чакан,
Көп нерсе баткан.
Нурдан түшкөн сүрөт,
Сансыз элес берет.
Үйдөн чыккан эл,
Дүйнө жүзүн көрөт.

Топ-топ леглек,
Топону жок леглек.
Суудан өткөн леглек,
Сөөгү жок леглек.

Сууга чөкпөйт,
Суук да өтпөйт.
Кое берсе учат,
Карматпай сызат.

Эч качан болгон эмес,
Жана болбойт да,
Бирок ал азыр бар.

Мен энеден жалгыз кызмын,
Алдымдан бир эркек баша өткөнү,
Бир кече жарсыз жатканым жок,
Хакиз кызмын.

Кылым падышадан чыкканыма кырк жыл болду,
Ар күнү жарым менен жатып чыгам,
Бирок дагы эле кызмын.

Сары запаста бир сарай,
Сырты бирөө ичи жүз.
Ал сарайдын ичинде,
Алмадай болгон толгон кыз.
Акча берген адамдар,
Ал кыз менен аралашып жата тур!
Бул бербеген адамдар,
Көзү сокур, көңүлү түз.
Ошо азыр кыз болсо да,
Катын болор келер күз.

Там үстүндө сандык,
Тамашадан калдык.