Чың билек, чымыр каруусу,
Чоюн баш, жалгыз азуусу —
Тиштей албайт жүгүнбөй
Келсе да катуу ачуусу


Болсо дагы жыгач моюн,
Баатырдын башы чоюн,
Бир койсом — күм-жам кылат,”
Салмактап сакадай боюн.


Кирпиги жыгач, көзү көк,
Көзүнөн шоола төгүлөт.

Ичи кара,
Тышы ак.

Эки колу ичкери,
Калган бою тышкары.

Кыркыраган абышка өлөм дейт,
Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт.

Жайсам — көлдөй,
Жыйсам — жеңдей.

Конгондо кооз,
Көчкөндө бооз.

Кабагы күндө ачык, түндө жабык,
Тартып турат жакындасаң оозун ачып,
Жолобой коё турган чамасы жок,
Жакшылап көңүл бурчу, бул эмне зат?

Жерге бекем түптөдүм,
Кийиз менен каптадым.

Көк өгүзүм кол жапырып баратат.

Жер түбүндө ай көчөт.

Инисин кууп, агасы жетпейт.

Бири чөптү кыят,
Экинчиси жыят,
Үчүнчүсү үйөт,
Ушу үчөөнүн атын ким билет?

Кичкине гана кал эчким,
Кыя-кыя жол баштайт.

Аркы өйүздүн жылкысы
Шака-шука тебишет.
Берки өйүздүн жылкысы,
Бака-бука тебишет.

Өйүзгүнүн жылкысы,
Бүйүз өйдө куюккан.
Топчу кулак боз уюк,
Айдай албай буюккан.

Ал этегим беш таш
Бул этегим беш таш,
Али тоок жеке таш.

Кочкор мүйүз көйкөлбөс,
Койгон жерден чайпалбас.

Көчкөндө бөөз, өрүүдө кооз.

Жеримде жээр элем,
Жээрен кашка бээ элем,
Суурулдум, субанга түштүм,
Отуз эки кылтакка түштүм.

Мен букарга барып бул болдум,
Буурул сакал кул болдум
Кыркылдым кыпчакка,
Түштүм кырк эки тузакка.

Жерден чыккан жек элем
Желпилдеген бек элем.
Кырга чыгып кырылдым,
Кырк тузакка илиндим.

Адырдагы алты ыргай,
Алты ыргайды мен кыйбай,
Тешигин бүтөп үйүмдүн,
Тегереттим жылуулай.

Ары тоо, бери тоо,
Орто жери сары тоо.

Жинди-жинди жинди кыз,
Жиндиси маңга минди кыз,
Бир путуну сырайтып,
Там башыга чыкты кыз.

Ай-айлаган жоо келсе,
Айры сакал атам токтотот.

Мурду жырык кара атан,
Сууга барат да, кайра келет.

Жалгыз буттуу,
Жандан күчтүү.

үй баш сайын жырык атан.

Төрдө төртөө турат төрөйүн деп,
Эшикте экөө турат өлөйүн деп.

үч жыгачтан кан да, бек да эңкейип өтөт.

Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.

Бир үйдө төрт адам жашайт,
Экөө өлөм дейт,
Экөө өлбө деп тиреп турат

Бир сарт өлөмүн дейт,
Эки сарт жөлөйүн дейт.

Секирең өөдө сексен ирик изи кетти.

2Күндүз ылдый карайт,
Түндөсү жогору карайт.

Адам кирсе ачылат,
Сыртка чыкса жабылат.

Кунан койдун куйругу,
Нары-бери миң келет.

Кунан койдун куйругу,
Ары шалп, бери шалп.

Ары-бери шалп.

Заар кетет тык-тык,
Кеч келет тык-тык.
Заар кетет илегилек,
Кеч келет илегилек.

Чалдым-чалдым билекке,
Чалып алдым билекке.
Козу кочкор мүйүзүн,
Кошуп алдым билекке.

Эки колу ичинде, бүткөн бою тышында.

Ак күчүгүм үйдү айланып борбор чычат.

Кичине гана куу күчүк,
Үйдү айлана үрүп чыгат

Кичине гана куу күчүк,
Үйдү айлана жүгүрөт.

Ак күчүгүм,
Айлана чуркайт

Атай-алтоо, тотой – төртөө.

Атай алтоо, тотой — жетөө.

Абайымда — алтоо,
Төбөмдө — төртөө.

Абайдын алты уулу,
Төбөйдүн төрт уулу,
Кунан койдун куйругу,
Ары шалп да, бери шалп.

Абайдыкы алтоо,
Төбөйдүкү төртөө.

Абай уулу алтоо,
Түбөй уулу төртөө,
Жабай уулу жалгыз.

Абай алтоо,
Ботой төртөө,
Түбөй жалгыз.

Табылгы тартса, тоо бекийт.

Үй үстүндө кырк жылан.

Ай төбөдө төрт жылан жатат.

Ават ашып келди,
Нойгут басып келди.

Миң коюмдун кулагы шалпаң кула

Кыркырак акем өлөм дейт,
Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт,
Элеман акем өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.

Кыркырак абышкага кырк ок тийди.

Кыркырак абышка өлөмүн дейт.
Кырк уулу кырк жагынан жөлөймүн дейт

Кыркырак абышка өлөм дейт,
Кырк азасы кырк жагынан жөлөйм дейт

Анда санда иштен түшүп калат,
Ага деле бөлбөй кайра орношуп алат.
Жетимиш жигит жөлөп,
Сексен жигит таяйт.

Бирөөдө кырк уул бар,
Кыркынын кырк аягы бар.

Кара бээм кардаң этет,
Кабыргасы дардаң этет

Кара бээм калт этет,
Кабыргасы жылт этет,

Жинди-жинди, жинди кыз,
Ыңырчакка минди кыз.

Чүкчүгүй киши бүкчүгүй ээрге минет.

Кандын кызы капталдай көчтү,
Бектин кызы белестей көчтү.

Отуз омуртка,
Кырк кабырга,
Бир ооз омуртка.

Жетимиш кабыргасы жер тирейт,
Алтымыш кабыргасы ай тирейт.

Алтымыш көкшүн Айды карайт.
Жетимиш көкшүн Жерди карайт

Алтымыш кемпир ай карайт,
Жетимиш кемпир жер карайт.

Өйүзгү элдин жылкысы,
Тебишкенде кагышат.
Бул өйүзгү элдин жылкысы,
Кылкуйругун салышат.

Ол өйүздүн жылгыны,
Жылгын эмей эмне?
Жездекемдин кийгени,
Күлгүн эмей эмне?
Күлгүнүнүн бүчүсү,
Күмүш эмей эмне?

Керегеге кене жабылды.

Аркамда атамдын көзү тостоет.

Токсон кемпир тон тиштейт,
Жетимиш кемпир жер тиштейт

Кырк чакчыгай,
Кырка жерди чукчугай.

Жетимиш кемпир жер тиштейт

Өйүзгүнүн жылкысы
Топчу кулак торала.
Бүйүзгүнүн жылкысы
Кайчы кулак карала.

Топчу кулак торала,
Кайчы кулак карала.

Өйүз-бүйүз топчу кулак,
Өйүз-бүйүз кайчы кулак.

О тоонун аягы кайчы кулак,
О тоонун быягы топчу кулак.

Жогорку айылдын жылкысы кайчы кулак,
Төмөнкү айылдын жылкысы топчу кулак.

ки эжекем бою тең.

Биз ям, биз ям биз эдек,
Биз ям байдын кызы эдек.
Бизди бузган бузулсун,
Калемпирдей тизилсин.

Ай кучак, ай кучак,
Жыйып келсе бир кучак.

Чыктым чынар башына,
Түштүм жеңе кашына
Жеңем чечек, мен чечек,
Жеңем берген кош бычак
Кош бычакты коюндап
Бото көздү моюндап.

Чыны-чыны, чыны кыз,
Чындап төө минди кыз.
Бет жабууну жамынып,
Тамашага чыкты кыз.

Улар-улар улуу куш,
Улуп силкип отурат.
Канатына кар жааса,
Кагып силкип отурат.

Токсон койдун териси,
Тон чыкпаган була баш,
Сексен койдун териси,
Жең чыкпаган була баш.

Сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.

Сөңгөктөрү тилим-тилим,
Сойсо каны чыкпайт,
Адамды тирик жутат

Өйүзгү элдин жылкысы,
Марган ылдый куюкту.
Бүйүзгү элдин жылкысы,
Самаркан ылдый куюкту.
Түлкү тумак боз уул,
Айдай албай буюкту.

Муун-муун, Мууну узун,
Муунунан да колу узун.
Жамынганы ала кийик териси,
Тагынганы алты кочкор мүйүзү

Жер менен түптөгөн,
Кийиз менен каптаган

Бир кыз бар жоолукчан,
Ичинде балдары бар от жаккан.
Күндүзү сыйрып ачылат,
Түнкүсүн кайра салынат.

Атасы баласын көтөрөт,
Баласы калпагын көтөрөт.

Кабыргасы балиш-балиш жоктур жаны,
Тирүү адамды жутканын көрдүк анын.

Адамды жутуп ийсе көрдүм дебейт,
Терисин сыйрып алса эч бир сезбейт.
Сөөктөрү шыгырап барча-барча,
Бөлүнөт бөлөк-бөлөк ажыратса

Адамды жутуп ийсе, көрдүм дебейт?
Терисин сыйрып алса, каны чыкпайт,
Сөөктөрү башка-башка.

Дүйнөдө бир ажыдаар көрөсүңбү?
Жаркырап жалгыз көзү чекесинде,
Сөөк жок бул жаныбардын денесинде.
Кабагы күндүз ачык түндө жабык.
Тартады жакындасаң оозун ачып,
Жолобой жакындабай чарасы жок,
Адамзаат кутула албас андан качып!

Дүйнөдө бир алп бар көрөсүңбү?
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө
Мүчөсү башка-башка толуп жатат,
Кабагы күндүз ачык түндө жабык.

Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү?
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө.
Кабырга башка, сөөгү толуп жатат,
Жилик жок, бутсуз турат кабыргасын жерге матап.

Ааламда бир ажыдаар билесиңби?
Жаны жок кыймылдоого денесинде.
Ичинде сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдап жалгыз көзү төбөсүндө.

Аргез,
Мойну бир кез,
Чакырса келбес,
Пияда жүрбөс.

Башына кызыл жалын топу кийип,
Соргондо кургак сүтү турат ийип,
Акырын билгизбестен орной берет,
Өмүрдүн моторуна уусу тийип.

Чыгарсам колду чөнтөктөн,
Чындыкта жолду көрсөткөн.
Колду салсам чөнтөккө,
Көрсөтпөдү эчтеке,
Жумдугу мунун эмне эле,
Колдо бар эле бирдеме.

Отунсуз күйгөн,
Сым менен жүргөн,
Кызаргыча күлгөн.

От жакпастан чай кайнатат,
Өлүп калган булбулду сайратат.

Тышы жалтырак,
Ичи калтырак.

Отсуз күйгөн,
Орун алган үйдөн.

Күйгөн жылдыз,
Кийгени кийим,
Ичкени чийим.

Илинип турат алмурут,
Жешке болбойт аны уруп.
Күндүз кечке уктап жатып,
Кеч киргенде көзүн ачат.
Бирдей карап баардыгына,
Үйгө тегиз мээрим чачат.

Ар бир үйдө от күйөт,
Чогу жок, бар жалыны,
Өзү ичте болсо да,
Тышка тиет жарыгы.

Көзгө тааныш бир куш бар,
Эч билинбейт акканы.
Кандай дөө кечсе да,
Өлүм болот тапканы.

Бир ташка бир байтерек, бүткөн терек,
Башына бир падыша мекен эткен.
Башында ал падышанын алтын тажы,
Акыры ошол тажысы түпкө жеткен.

Бир жылан суу ичинде от ашаган,
Ал жайды мекен кылган ар качандан.
От-суунун азабын бирдей тартты,
Бар беле жазыгы, ой жараткан?

Бир жылан ийинден чыгып от ашаган,
Куйругу төмөн жакта суу ашаган.
Жыландын тамагы от, мекени суу,
Дүйнөдө андай нерсе жок, көп жашаган.

Үй ичинде үлпүлдөк

Төрдө бирөө отурат төрөйүн деп.
Көзү башы сүзүлүп өлөйүн деп.

Отурушу өзүнөн чоң,
Ортосу — төө, мойну ичке,
Өзү жарайт, далай ишке.

Көзү көлдөн,
Ажалы желден.

Коргон,
Коргондун ичинде аркан,
Тийип койсоң,
Аркандын астында дарыя

Караңгы үйдө сары кыз отурат.

Жыгач күйөт бирок түтүн жок

Бирөөнүкүн албоочу,
Карматып койсоң кармоочу

Башына кийгени сүйрү калпак,
Бир колу бар түбү жалпак.
Ичкени май, ичегиси пахта,
Боорунда тетиги бар бурап тартма,
Абдан керек бул буюм адамзатка.

7Бармактай ылай үй шыбайт

Бир баш буудайга үй толот.

Сонун сарай ичинен,
Чыга келет «шарт» этип.
Күндүз дебей түн дебей,
Күлүп барат «жарк» этип.

Тартып ийсең жалын чыгат.

Сандыкча, сандыкчанын ичинде жык балача.

Кичине гана кутуча,
Ичи толо мутуча.
Өзү сүрөт,
Сүрсө күлөт.

Кичине сандыкча,
Ичи толо мыкча

Кичине гана декче,
Ичи толо мыкча.

Кичине бүкүр,
Турган түкүр

Алоолонгон от болду,
Андан кийин жок болду.

Сары атым турган жерге чөп чыкпайт.

Көч кетти,
Көмөч калды.

Түбү түптүү, түрткөнү күчтүү,
Баары кызыл, башы жашыл.

Отто — олоймон,
Сууда — сулайман,
Кырда — кылайман.

Алдыңда кызыл анар,
Кармарга адиң барбы?

Алдым толо кызыл алма,
Баатыр болсоң, баарын карма.

Бир макулук жаратылды абал бактан,
Мойнуна чыйратмалап чынжыр таккан.
Аларды бир кара куш илемин деп,
Иле албай бирин-бири бу да кайткан.

Кызыл мончок,
Жалбыр чечек.

Узун ураан,
Сати мончок

Жалбыр чечек,
Кызыл мончок,
Кайнар булак.

Кызыл ат туруп кеткен,
Кара ат жатып калган.

Көк коюм чыгып кетип,
Кызыл коюм жатып калды

Жерден чыгып бир нерсе аба айланган,
Аба айланып эч жерге коно албаган.
Ордунан бир ажайып кала берсе,
Ага түшкөн бенде оңолболгон.

Узун узак,
Көккө тузак.
Карагай саадак,
Кайнар булак,
Жалбыр чечек,
Кызыл мончок

Узун улан,
Улан жалбырак,
Чейрек топурак.

Узун узак,
Көккө тузак,
Алтын жалбырак,
Батман топурак.

узун улан,
Келте кулан,
Седеп мончок.

узуң, узак,
Көзгө тузак,
Желбир камыш,
Кытай мончок

Үрпөк-сөрпөк үн торпок,
Баштан чыккан көк торпок.

Узактан узак,
Асманга тузак.

Көк атым көктү карай жүгүрөт.
Тиги айылдын буурасы,
Бул айылдын буурасы,
Желпилдейт го чуудасы.

Ийри-буйру көк алтай.

Ийри-буйру көк келтек.

Эскиргени билинбейт,
Кызыл жоолук дирилдейт.

Күлгүн көйнөк,
Күмүш билерик.

Көк чатыр,
Астында ак чатыр,
Ак чатырдын астында,
Чаар көздүү чал жатыр.

Колсуз, бутсуз асманга,
Атырылып чыгат.

Кадырлап адам калкалайт,
Кара боорду жалмалайт.

Жалт-жулт этет,
Жалмап жутат.

Урун аркан,
Жыйып ала албайм.

Инисин кууп агасы жетпейт

Төрт бир тууган сапар чегет,
Бирин бири кууп жетпейт.

Изи бар кадамы жок аягынын
Тийбеди учу жерге таягынын.
Колдорун айбанга арта таштап
Анан салат экен баянын.

Арбаят-тарбаят,
Асты үйгө кирбейт

Буту жыгач,
Темир чокой тартып алат.
Өзү жерде калса да,
Колун атка артып алат.

Адамдын черин таратат,
Терди өзүнөн өзү жаратат.
Эрксизден ал күнү,
Күзгүнү карай каратат.

Уучтаса ундан майда,
Уютса таштан катуу.

Отко бышса как болот,
Дубалга сүртсө ак болот.

Бутун учтап,
Башка муштап,
Токмок менен койгон экен,
Буту жерге житти бекем.

Илеби кара, ичи кызыл,
Өлдөп чапса, кургак чыгат.

Ичи кызыл аламат,
А тышы кара кыямат.
Аны абтап жымдап ургандын,
Атасына ырахмат.

Оозу кара алаамат,
Ичи кызыл кыямат.
Суулап келип урду эле,
Кып-кызыл болуп,
Чыгып келди саламат.

Оозу кара Ашырмат,
Ичи кызыл кыямат.

Күзүндө соргок,
Көрүнгөндү жута берет.
Жазында март,
Жутканын кайра берет.

Шырдактай жерге күн тийбейт

Өзү бар, саясы жок.

Ичи ток, көлөкөсү жок

Жонсоң жоон,
Кессең узун.

Жонгон сайын жоондойт.

Бар экен ай талаада бир жалгыз үй,
Сыр найза эшигинде тартады күү.
Барында карайганды жыйнап алып,
Аларга үмүт менен береди сый.

Суу ичине ката салдым, тагин өлдөп.

Жалама тоодо кийик секирет.

Күн күркүрөйт,
Күмөн ышкырат,
Азоо урат,
Мойнун бурат,
Акыркысы алам деп турат.

Өзү ийри кожо,
Тебетейи темир кожо,
Үйү суунун боюнда.

«Кудайымдын» кумганы,
Өйдө карап турганы,
А тарабын чаң басып,
Ал эмине кылганы?

Гепшеп турган ташты көрдүм.
Митам бышкан ашты көрдүм.

Учайын деп канатын ирмейт,
Же канаттуунун сапатына кирбейт.

Суунун башы,
Алтын ээрдин кашы30,
Муну тапкан адамдын,
Жүзгө жетсин жашы

Басалагы басып жатат,
Сугалагы сугунуп жатат.