Тил жонундо

Бул бетте тил жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  2. Адам тилинен табат.
  3. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  4. Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  5. Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  6. Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.
  7. Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.
  8. Алсыздын тили алты кулач.
  9. Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.
  10. Ачуу тил — жыландын заары. Таттуу тил — жүрөккө дары.
  11. Ачуу тил таттуу турмушту бузат.
  12. Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.
  13. Адамдын даамы тилинде (сөз менен).
  14. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  15. Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
  16. Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
  17. Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
  18. Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
  19. Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен (оозунан) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.
  20. Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
  21. Дүлөйдүн тилин дудук билет.
  22. Дымак — өрдө, ооз — баатыр, тил — текебер.
  23. Жайдак тилден чаң чыкпайт.
  24. Жакшы — сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
  25. Жакынга көз жеткирет, алыска тил жеткирет.
  26. Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.
  27. Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
  28. Жүрөк сыры тилден чыгат.
  29. Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил.
  30. Каргыштын эң жаманы: «өзүң билбе, билгендин тилин алба».
  31. Катуу камчы, заар тил, оор жумуш, тузсуз аш, шордуулардын энчиси.
  32. Кекечтин тилин энеси билет.
  33. Күчүңдү тилиңден чыгарбай, ишиңден чыгар.
  34. Тил учунан сүйлөбө, зыяны келет өзүңө.
  35. Колу байлангандын тили байланбайт.
  36. Колунан иш, тилинен сөз качып кутулбайт.
  37. Кулактан кирген заар тил, курсакка барып муз болот.
  38. Куран кудайдын тили дешет.
  39. Кыйнаган да тил, сыйлаган да тил.
  40. Кылыч — бирди, тил — миңди жыгат.
  41. Кылыч жарасы — бүтөт, тил жарасы — бүтпөйт.
  42. Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир.
  43. Макал сөз —тилдин байлыгы.
  44. Мастын күчү тилинде.
  45. Мокок бычак кол кесет (колдун душманы). Чоркок сөз тил кесет (тилдин душманы).
  46. Молдонун тили сылык, жакшынын өзү сылык.
  47. Молдонун тили таттуу, тилеги катуу.
  48. Мытайым шайтандын тилин билет.
  49. Ооз — айгак, тил — тайгак.
  50. От менен суу — тили жок жоо.
  51. Өзү билбес, билгендин тилин албас — тил билбеген макоо.
  52. Өнөр алды — кызыл тил.
  53. Өрт менен суу — тили жок жоо.
  54. Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
  55. Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил.
  56. Сүйлөсө тилинен бал тамат.
  57. Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
  58. Соонуку — дилинде, мастыкы — тилинде.
  59. Сылап көргүн (билгин) тил менен.
  60. Тартар тилинен тартар.
  61. Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат.
  62. Таттуу тилден жаның жыргайт.
  63. Тикенексиз гүл болбөйт, тик айтылбас тил болбойт.
  64. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  65. Тил — менин тууганым, тил — менин душманым.
  66. Тил — ойдун сандыгы.
  67. Тил — топчусуз, ооз — ачкычсыз.
  68. Тил азар — тилге кирбейт, тилинен — өлөөрүн билбейт.
  69. Тил акыйкатты табат.
  70. Тил акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
  71. Тил акыл таразасы.
  72. Тил акылдын жарчысы.
  73. Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
  74. Тил албаган уулуң — бел ашпаган арыктай.
  75. Тил албасты жумшаганча, тына —тына өзүң бар.
  76. Тил ачуусу шакардай.
  77. Тил ачуусу шакардай. Тил башты багат.
  78. Тил баш жарат, жел таш жарат.
  79. Тил билги жүйөөкөч кол ийиктен элпек.
  80. Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
  81. Тил курсак тойгузат.
  82. Тил кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
  83. Тил кылычтан өткүр.
  84. Тил менен тикенди да аласың.
  85. Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
  86. Тил ойдун сандыгы.
  87. Тил ооруткан дос эмес. Тил таш (ты да) жарат.
  88. Тилдин топчусу жок, ооздун ачкычы жок.
  89. Тилде сөөк жок, айбанда акыл жок.
  90. Тилден бал да тамат, уу да тамат.
  91. Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
  92. Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  93. Тилди бош койсо (эрк берсе) тишти сындырат.
  94. Тилди тил кесет.
  95. Тилди тилге бүлөйлү, тишти тишке кайрайлы, анан жарыя окуйлу.
  96. Тилдин кулпусу – тиш.
  97. Тили — бал, жүрөгү — муз.
  98. Тили жүгүрүк — кепке, буту жүгүрүк — ашка.
  99. Тили жумшак (татты) аш жейт. Тили катуу (ачуу) муш жейт.
  100. Тили тайгактын, оозу айгак.
  101. Тили шогураактын — батымы жогураак.
  102. Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
  103. Тилиң жүгүргүчө, колуң жүгүрсүн.
  104. Тилиң тишиңе күбө.
  105. Тилин тишине каткан жакшы адат.
  106. Тилинген жара айыгат, тил жарасы айыкпайт.
  107. Тилинде актык келмеси бардын, дилинде шайтан сөзү бар.
  108. Тиши бүтүнүрөөктүн, тили тагыраак, томуктай түйүнү бар болот.
  109. Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунарсың (же чыгарасың).
  110. Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил.
  111. Узун тил — уудан жаман.
  112. Узун тил өмүрдү кыскартат.
  113. Четтен келген жоону тилге келтиргин, ал тилге келбесе, кылычыңды тос.
  114. Чечендин — тили орток, чебердин — колу орток.
  115. Чулдурдун тилин энеси билет.
  116. Ырчынын тилинде мурчу болбосо, сөзүнүн курчу болбойт.
  117. Элдин тили — эм.
  118. Элин сыйлабаган тилин жерийт.
  119. Эмдик боз минсең, оозун тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
  120. Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт.
  121. Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

16 − 2 =