Бул жерде ынтымак жонундо 28 макал бар.
- Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
- Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
- Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт.
- Сылыктыктын белгиси — алыш — бериш, ынтымактын белгиси — барыш — келиш.
- Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
- Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
- Ынтымак — ийгиликтин башаты.
- Ынтымак бар жерде (же элде) ырыс бар.
- Ынтымак бар жерде— ырыс бар.
- Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
- Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
- Ынтымак болбосо, иш оңолбойт.
- Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
- Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
- Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
- Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
- Ынтымак турбай, ырыс турбайт.
- Ынтымаксыз атадан алтоо болсоң — оңбоссуң.
- Ынтымаксыз эл жетим.
- Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
- Ынтымактуу атадан алтоо болсоң — жолборссуң.
- Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
- Ырыс алды — ынтымак, ыркы жокко конбос бак.
- Ырыс алды — ынтымак.
- Ырыс алды ынтымак, ынтымагың болбосо (жок болсо), жашоо кыйын тынчыраак, башыңдан учат конгон бак.
- Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
- Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко (эринчекке) конбос бак.
- Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл сүйөт.