Бала жонундо

bala jonundo makaldar opt 2

Бул баракчада бала жонундо 203 макал бар.

  1. Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
  2. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  3. Адамдын мөмөсү бала.
  4. Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
  5. Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
  6. Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт, эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
  7. Айылчынын баласы «опаа» деп ыйлайт, уйкучунун баласы «жатаа» деп ыйлайт, соргоктун баласы «мама» деп ыйлайт.
  8. Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот.
  9. Аксак атка — чаң үйүр, арык атка — бала үйүр.
  10. Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек.
  11. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал алдынан чыгаар.
  12. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.
  13. Алыс карма балаңды, аңга чалыш бекерден.
  14. Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
  15. Асыранды баланы айылчы абысын чыгарат.
  16. Ат болуучу кулундун, мүчөсүнөн белгилүү. Киши болуучу баланын кирпигинен белгилүү.
  17. Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
  18. Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
  19. Ата баласы — тон жакасы.
  20. Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
  21. Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
  22. Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп ата калса арманы ичте кеткени.
  23. Ата — балага сынчы.
  24. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  25. Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
  26. Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
  27. Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
  28. Атанын баласы азаарында бакшы болот.
  29. Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
  30. Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
  31. Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
  32. Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.
  33. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
  34. Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
  35. Атасы балам десе, баласы балам дейт.
  36. Атасы козу бычпагандын, баласы өгүз бычаар.
  37. Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
  38. Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
  39. Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта.
  40. Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
  41. Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
  42. Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
  43. Баары шумдук баладан чыгат.
  44. Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
  45. Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар көз салаар—жылкыдагы семизге.
  46. Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат. Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
  47. Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  48. Бала — баладай, башы көзү чарадай.
  49. Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
  50. Бала адамдын канаты.
  51. Бала баккандыкы.
  52. Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
  53. Бала билет, билбесе неге күлөт.
  54. Бала боор эт менен тең.
  55. Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  56. Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
  57. Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
  58. Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат. Чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
  59. Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
  60. Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  61. Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
  62. Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  63. Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
  64. Бала падышадан кудуреттүү.
  65. Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  66. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  67. Бала таттууга өч.
  68. Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
  69. Бала ыйлабай эмчек кайда?
  70. Бала ыйламайынча эмчек жок.
  71. Бала ыйламайынча эмчек кайда. (Ыйлабаган балага — эмчек жок).
  72. Бала ыйламайынча эмчек кайда?
  73. Бала, баланын иши чала.
  74. Бала, баланын кылган иши чалаБала боор эт менен тең.
  75. Балаадан — машаяк да качыптыр.
  76. Балаадан машайык качыптыр.
  77. Балага — атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
  78. Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
  79. Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
  80. Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
  81. Балаң мыкты болсо даңкың.
  82. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. Катының жакшы болсо, малың байлануу.
  83. Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  84. Балаңды жашынан тарбияла.
  85. Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
  86. Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
  87. Балалуу үй — бактылуу үй.
  88. Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
  89. Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
  90. Балалуу үй — падышалуу үй.
  91. Балалуу үйгө (дө) бакьгг үйүр (бар).
  92. Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  93. Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
  94. Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
  95. Балалуу каргага бок артпайт.
  96. Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
  97. Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
  98. Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
  99. Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
  100. «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  101. Балам бар» деп, мактанба, топто бирөө жок болсо.
  102. Балам, балалуу болгондо билерсиң.
  103. Баланы — жашынан, катынды — башынан.
  104. Баланы бак, жоону чап.
  105. Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
  106. Баланы кебезге ороп бага албайсың.
  107. Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
  108. Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
  109. Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
  110. Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
  111. Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
  112. Баланы—жашынан, катынды— башынан.
  113. Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
  114. Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
  115. Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
  116. Баланын үйү — бапанын алачыгы.
  117. Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.
  118. Баланын өзүн төрөйт, кыял —жоругун (кошо) төрөбөйт.
  119. Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
  120. Баланын тарбиясы жашынан,
  121. Баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
  122. Баланын тентек болмогу үйүнөн.
  123. Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.
  124. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  125. Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
  126. Баланын ырайына жараша ат кой.
  127. Балапандарды күзүндө санайт.
  128. Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  129. Баласы жоктун — ырысы жок.
  130. Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
  131. Баласыз үй — бактысыз.
  132. Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
  133. Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  134. Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
  135. Башка түшсө, бала да көнөт.
  136. Бешик баласы беш түлөйт.
  137. Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет.
  138. Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?
  139. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  140. Бир тентек—бала, бир тентек — кан.
  141. Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
  142. Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
  143. Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
  144. Болоор бала богунан.
  145. Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
  146. Болоюн деген балаңды жибербегин базарга, болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
  147. Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
  148. Жакшы бала тил алчаак, жаман бала уялчаак.
  149. Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.
  150. Жакшы болуучу балаңды соодагер кылба.
  151. Жакшы өскөн бала эшикте калган ата — энесин төргө чыгарар, жаман өскөн бала төрдөгү ата —энесин сыртка чыгарар.
  152. Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас болот, баланы мээнет чырмаса, сарыкарт түшүп таз болот.
  153. Жалгыз бала атка чапса, атасы көчүгүн көтөрөт.
  154. Жаман бала тентек, жакшы бала элпек.
  155. Жаман энеден бала да качат.
  156. Жарыңды гүл арасынан тап, багыңды эл арасынан тап, балаңды эл арасына бак.
  157. Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
  158. Жетим бала кекчил, жесир катын элчил, өгөй өөнчүл.
  159. Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
  160. Зээндүү бала сүйүнтөт, кежир бала күйүнтөт.
  161. Ит менен ойносоң үрөсүн, бала менен ойносоң— күлөсүң.
  162. Ишти ыгына карай иште, баланы шыгына карай тарбияла.
  163. Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласып жумшагым дейт.
  164. Карыганда катын жоо, баркыңды билбейт балаңжоо, кылыгың жакпайт кызың жоо, кебиң жакпайт келин жоо, туурадан чыккан тууган жоо, ошолордун ичинде кантип болот дениң соо.
  165. Катын — карга, бала — сагызган.
  166. Көп карынын ичинде бир бала болсө, даана болот, көп баланын ичинде бир кары болсо, бала болот.
  167. Колунда талканы бар бала — сүйгүнчүктүү.
  168. Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы.
  169. Кыз баласы — кызыктырат, уул баласы — ууктурат.
  170. Кызы жаман болсо—жаш дейт, баласы жаман болсо — мас дейт.
  171. Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт.
  172. Мал — асырагандын көз оту, бала — асырагандын боор эти.
  173. Мал маарап өсөт, бала ыйлап өсөт.
  174. Малга — ээ, балага — ата керек.
  175. Ойногон бала от басат.
  176. Ойноп жатып ыйлаган бала таз болот.
  177. Оолукмалуу балага ээликмелүү жин тиет.
  178. Орозойдун баласы отузга чыкканча жаш.
  179. Өгөй эне — өөнчүл, жетим бала — кекчил.
  180. Өз балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  181. Өзү тийген бала ыйлабайт.
  182. Өлөр карга бүркүт менен ойнойт, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
  183. Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү.
  184. Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
  185. Сагызгандын баласы агынан көп карасы.
  186. Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
  187. Уккан бала тарбия алат, укпаса талаада калат.
  188. Уурулук кесип эмес, энелүү бала жетим эмес.
  189. Чуркаган баланы көрүп, чалдын буту зыркырайт.
  190. Ыйлабаган балага эмчек жок.
  191. Ыймандуу уул болбосо, баланын баласына кор экен.
  192. Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай, ыйманы жок боз бала, жакын да болсо ыраактай.
  193. Ымыркай бала куштун көлөкөсүнө тоңот.
  194. Ырксыз үйдүн баласы тентек, баштуу үйдүн карысы жөнтөк.
  195. Эне — тоодогу булак, бала — чөлдөгү кулан.
  196. Эне көөнү —бешикте, бала көөнү — эшикте.
  197. Эне элжиресе — өпкө — боорун чабат, баласы акылдуу болсо — ысык мээрим табат.
  198. Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток.
  199. Эрке бала — туз, ташбоор бала — муз.
  200. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
  201. Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
  202. Эркек бала туулганда намыс үчүн жараткан.
  203. Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 + 1 =