Балдарга Мекен жөнүндө ырлар жыйнагы. Балаңыз менен Мекен жөнүндө патриоттук ырларды окуңуз.

ТУУГАН ЖЕР

Созу: Ш. Сариевдики
Обону: К. Дуйсекеевдики

Жайлоо гүлгө жамынган,
Атам, апам айылдан.
Мен айылды, мен айылды сагынам.
Мен айылды, мен айылды сагынам.

Көчөгүлгө жамынган,
Папам, мамам калаадан,
Мен каланы, мен каланы сагынам.
Мен каланы, мен каланы сагынам.

Атам, апам Мекени,
Папам, мамам Мекени –
Тууган жерди, тууган жерди сүйөмүн.
Тууган жерди, тууган жерди сүйөмүн.

ЗАМАНА БИЗГЕ КУБАНСЫН

Созу: М. Алыбаевдики
Обону: Ж. Малдыбаеваныкы

Жыргалдуу биздин өлкөдө,
Кыраан күлкү, каткырык.
Тарбиялайт, өстүрөт,
Замана бизди, замана
бизди шат кылып.

Укмуштан укмуш туудурган,
Уландар өсүп жетилсин.
Кызыктан кызык чыгарган,
Кыздардан көп сыр, кыздардан
көп сыр чечилсин.

Окуйлу балдар тырышып,
Жеңишке жеңиш улансын.
Азамат, деп балдарым,
Замана бизге, замана
бизге кубансын.

Айланайын кен Мекен

Созу: А. Рыскуловдуку
Обону: А. Жээнбайдыкы

Турмуш озу ушундай,
Алга жургуч неме экен.
Алпештеген дилибиз,
Айланайын кен Мекен!

Кайырма:
Ай, кен Мекен, кен Мекен!
Ай, кен Мекен, кен Мекен!
Айланайын кен Мекен!

Омур озу ушундай,
Оропкугон неме экен.
Эленсимде турасын,
Жылдызданып кен Мекен!

Кайырма:

\







Бабалардай болгум келет

Созу: Ж. Боконбаевдики
Обону: А. Жээнбайдыкы

Атам Манас сыяктуу,
Эр болсом деп тилеймин.
Душман кечип ото албас,
Шер болсом деп тилеймин.
Кайырма:
Элге кызмат кылгын деп,
Энем мени тородун.
Чолпонбайдай шер болуп,
Копко тийсин керегим.

Кожожаштай козго атаар,
Мерген болсом жазбаган.
Баатыр болсом Чубактай,
Эч бир жоодон качпаган.
Кайырма:

Кыргын салсам душманга,
Дуйшонкулдай тайманбай.
Шумкар болуп качырсам,
Сейтек жоону сайгандай.
Кайырма:







Кыргыздын Ала-Тоосу

Жайы-кышы кетпеген,
Мөңгүсү бар Ала-Тоо.
Асман менен тирешкен,
Белгиси бар Ала-Тоо.
Балдан ширин туптунук,
Булагы бар Ала-Тоо.
Тукабадай кулпурган,
Тулаңы бар.
Ала-Тоонун арасын,
Айбандары жойлогон.
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Аралашып ойногон.

Ж. Бөкөнбаев

Мекен

Учу-кыйры кең мекен,
Алдейлеген энем сен.
Бүт дүйнөнү кыдырсам да
Табалбаймын сага тең.

Булагындан суу ичем,
Гулзарындан гүл үзем.
Балдан таттуу сезилет,
Бак алманды мен жесем.

Жатка ыраа көрбөймүн,
Көз артканга бербеймин.
Зордукчуга тарттырбай,
Жергем сени жердеймин.

Т. Уметалиев

Актаймын

Мекеним, мен да актаймын
Эмизген аппак сүтүңдү.
Ушунум бир уул болсо деп,
Өстүрдүң жумшап күчүңдү.
Каруу-күч толсун карап тур,
Чайытам айга жүзүңдү.

Талпынган азыр түлөкмүн
Соңунан түшкөн тилектин.
Мекеним болуп бүт аалам
Кай жерде жүрсөм тиет күн.
Дүйнө эли бизди ээрчишмек
Арадан жылдар, күн өтсүн!

Өзүңдөн шоола чачырап,
Тартылат бардык алыстык.
Эркиндик күткөн эмгекчи эл
Умтулду сага – ырыс кут!
Анткени коммунизм,- бул
Жашоодо жалгыз калыстык!

Түбөлүк жарык мекеним
Түбөлүк жарык-Мекеним,
Түз кармап мени жетегиң.
Алдыга зуулап баратам,
Айчылык калып кечегим.

Чаңкасам кана жутууга,
Чаалыксам талбай учууга,
Булак да, күч да өзүңсүң
Бузулбас бактым – ушу да!

Таңындай Ысык-Көлүмүң,
Таптаза жаштык көңүлүм.
Анткени сендик эмеспи
Ак эмгек, кымбат өмүрүм.

Медерим менин мекеним


Мекеним, өмүрүмсүң, күнүм сенде,
Мен сакчың, көз ирмебес тынчтык коргоп.
Жорудай жортуул жасап душман келсе,
Жүрөгүм бек түйүлгөн муштум болмок!

Мекеним

Туулган жер
Карачы,
Жүрөгүмдүн ачышканын…
Өзүңдү
Дагы ойлонуп олтурамын.
Ушундай
Учурларда жетип барып,
Жыңайлак
Баскым келет көктөмдөрдү,
Жыңайлак
Кечким келет сууларыңды
Эзилген
Эжигейдей чаптарыңды,
Чаңдарың
Буртулдаган талаалардын,
Өпкүлөп,
Борпоң кара топурагың.

Карачы,
Жашылданган туш-тарапты!
Жаз дагы
Жагалданып, келген экен
Ааламдын
Түбөлүктүү кооздугу
Жашоонун
Жаз айдагы жаңырыгы,
Өмүрдүн,
Өлбөстүктүн гимни бекен!

Бир түндө
Жүз өзгөрөт көргөн түшүм
Карачы!
Тууган жердин укмуш күчүн!
Боюма
Толуп келет сагынычтар…
Оюма
Толуп келет кусалыктар…
Борборун
Көңүлүмдүн ээлеп бүтүн
Кочуштап,
тоо сууларын жуткум келет,
Эртеңки
Жашоолордун урматы үчүн!
Бүгүнкү
Өмүрлөрдүн урматы үчүн!
Асылым,
Өзүң үчүн, өзүм үчүн!

Кыргызстан


Балдары баатыр эр чыккан,
Балбан билек шер чыккан.
Ат дайныңды эл уккан.
Өрүшкө малы жайлаган,
Өзөнгө жылкы байлаган.
Ышкыбоз келип баарысы,
Ырыскы баштан тайбаган.

Суулары ашып сай-сайдан,
Өзөнгө куюп ар жайдан.
Жээгинде түркүн гүлү бар,
Кубанбай коёт кандай жан.

Суусуну шекер, чөбү бал,
Семирип малы дардайган.
Аскасы бийик кар чалган,
Аягын токой курчаган.

Арасы түрлүү кайберен,
Аярлап түнөп тынчыган.
Агала барчын шаңшыса,
Ак калтар качат бурчунан.

Аргымак күлүк байлаган,
Алыска чаап айдаган.
Төрт түлүктүү мал багып,
Төр-төрдүн башын жайлаган.
Белгилүү болуп кыргыз эл,
Береке ашып жайнаган.

Келин менен кыздары,
Келтирип чолпу тагынган.
Кээ бир жигит суктанып,
Кезиккенче сагынган.
Элечек башта калкайып,
Энелер ичик жамынган.

Дүйнөгө чыгып атагы,
Дүркүрөп кыргыз байыды.
Жайлоосу мал, бөксөдө,
Жаркырап конгон айылы.
Кыйкырып короо кайтарып,
Кыз-келиндин шайыры.

Жерлери сонун кыргыздын
Атырдай жыты буркурап,
Салкын жел согуп зыркырап.
Абасы таза, тунук суу,
Жайлоосу сонун кыргыздын!

Кайыштай тилип чымдарын,
Себип бермет дандары.
Мол түшүм берген өстүрүп,
Жери сонун кыргыздын.

Ыйык мекен


Алмаштыргыс өмүргө,
Алмаштыргыс алтынга.
Өзүң кыйып өлүмгө
Мекен калар артыңда.

Мен баскан жол чай жарып,
Сен от жаккан кемеге,
Мен атага айланып,
Сен айланган энеге…

Ыйык мекен мына ошо,
Ырыскың да сыймыгың.
Таза сакта жүрөктө
Тагдырыңдын сыйлыгын…

Тууган жер


Кой жайып кокту жылгаңдан,
Канча ыр сенде ырдалган.
Гүл жыттап четин түбүндө,
Көмүскө далай сыр калган.

Гүл көрсөм шаардан күнүгө,
Окшотом сенин гүлүңө.
Музыка уксам жагымдуу,
Мукамдаш сууңун үнүнө.

Анткени, жерим сеп мага,
Айрылгыс доссуң сырдана.
Жаш күнүм белек калтыргам,
Жыбытың менен жылгаңа.

Элим, жерим – Сатин Абдыкеримова


Элим-жерим карааныңдан кагылам,
Эки ай катар көрбөй калсам сагынам.
Ата-энем жашап өткөн алтын жер,
Айтсам чынын артык көрөм жаныман.

Топурагың торко болуп көрүнөт.
Токсон түркүн көңүл чиркин бөлүнөт.
Абаң таза мээлүүн желдүү, жыпар жыт,
Апта күндө арык малдар семирет.

Айланайын элим-жерим берекем,
Айланайын ак сүт берген энекем.
Элим-жерим, энем-атам кечирчи,
Эмгегим аз, менде акыңар көп экен.

Мекенди сүйүү жөнүндө – Ташмат Арыков


“Мекеним,
Сени жандай сүйөм” — деген,
“Мекеним,
Сага аябай күйөм” — деген.
“Мекеним,
Сени унутпай жүрөм” — деген,
Сөздөрдүн далайларын угуп келем.

Айтаарын бул сөздөрдү айтып алып,
Жүрүшөт шаан-шөкөттүн күүсүн чалып.
Мекенди сүйүү деген алар үчүн
Сезилет оңой болуп ушунчалык.

Алардай сүйөм дебейм Мекенимди,
Мендеги ак сүйүүдөн ушул белги:
Колуман келе турган ишти аткарып,
Ар убак төгө берем маңдай терди.

О,Ата журт! – Ташмат Арыков


Мен адаммын саа таза,
Менден өзүң кереметтүү жаа жаса.
Барып туруп сайылайын көзүнө,
Эгерде ким кан согушту кааласа.

Ашып-ташып кубат берип жаш жанга,
Көргөн сайын, көңүл учат асманга.
Эмнегедир мен жашара түшөмүн,
Тууган жердин топурагын басканда.

Мени ысытпайт айылымдын аптабы,
Мени үшүтпөйт кыштын ызгаар чачканы.
Айылыма барып калган кездерде,
Билбей калам ырахаттан башканы.

Бала кезде мен ойногон сай мына,
Жаштыгыма күбө болгон жай мына.
Нe касиет бар экенин билбеймин,
Барган сайын баргым келет айлыма.

Тууган жерге кеткен жол
Басам аны күндүзүндө көңүл жай,
Басам аны турган кезде асманда ай.
Тажабастан баса берем бу жолду,
Ысыгынан, суугунан жазганбай.

Гүлдөр жайнап мага таазим кылгансыйт,
Торгой сайрап мага шаттык кургансыйт.
Теңдеши жок кымбат нерсе мен үчүн
Ушул жолдун аягында тургансыйт.

Аталар -Мар Алиев


Коргоп Мекен — Энесин,
Канга боёп денесин.
Ата журтум унутпайт,
Окко учкандар элесин.

Эстеп үйдө балдарын,
Эңсеп үйдө алганын.
Төргө өткөрбөй душманды,
Төкпөдүңбү кандарын.

Ойлоп-ойлоп күлгөнүн,
Ойноп эркин жүргөнүн.
Канчасын кийди аталар,
Кан жыттанган күрмөнүн.

Адырга кою жайылган,
Аскерге кетип айылдач.
Алыска жөнөп кетээрде,
Ала-Тоом, сага тайынган.

Жондордон жылкы кайырган,
Жоокерлеп кетип айылдан.
Жергемде азыр куунаган,
Жеңиштин туусу сайылган.

Душмандын мизин майтарып,
Дууладык, азыр айталык!
Ак жолтой балдар атасы,
Тынчтыкты берген кайтарып.

Айлым бар – Камбаралы Бобулов


Айлым бар, менин айлым 6ар,
Шаңкыган дайра боюнда.
Элеси турар жаркырап,
Ар дайым көңүл — оюмда.

Айлым бар, менин айлым бар,
Көгүлтүр тоонун койнунда.
Эстеген сайын зымырап,
Жетемин учкул оюма.
(Камбаралы Бобулов)

Туулган айлым өсөрүм
Туулган айлым өсөрүм,
Турумтай кезден көтөрдүң.
Турмушум түгөл бүткүчө,
Туу кылып сени өтөрмүн.

Көркөмсүң мага, көркөмсүң,
Көп эле көргөн айылдан.
Балалык калган өлкөмсүң,
Баш учу жоктой жайылган.

Мекеним барда мен бармын – Камбаралы Бобулов


Мекеним барда, мен бармын,
Мекеним барда Камбармын.
Мекеним сүйүп өссө экен,
Жанымдай көргөн балдарым.

Мекеним барда мен бармын,
Мекеним барда Камбармын.
Унутпай жүрөр мекеним,
Артымда калса ырларым.

Басканымда кызыл аянт үстүнөн,
Кубат алам кызыл туудай түсүнөн.
Тилеги бир эмгекчилер дүйнөлүк,
Шыктанышат Кремлдин күүсүнөн.

Чарчап келсең көсөм жаткан аянтка,
Ээ болосуң талыбаган канатка.
Ушул жерге жетсек дешип умтулат,
Индус, немец, эрк талашкан араб да.

Ушул жерде душман турса апкарып,
Ушул жерде достор турат катарга.
Качан келсең Ленин сүйлөп жаткансыйт,
Жол көрсөтүп кары менен жаштарга.

Ата-журттун жамалы – Жумадил Бектуров


Көк теңирдин
Көркүн бузба, сур булут,
Көчүп-конуп
Көчүң коштоп удургуп.
Жаркыратып мөмөлөрүн бакыттын
Дайым таза,
Ачык турсун Ата Журт.

Кабак бүркөп
Көк кудайы пир болуп,
Ыйлап турсаң
Бир басаңдап, бир толуп
Калабы деп
Корком Ата Журтумдун Каш-кирпиги,
Этек-жеңи кир болуп.

Бейкутчулук
Сенден бир аз тажады,
Көп күчөнбө,
Ай-ааламдын шамалы, Улуп-уңшуп,
Чаң учуруп сен турсаң
Бекеринен
Тотугат деп аяймын
Тоолук эмес,
Ата Журттун жамалы!

Ата-журт – Кулунбек Адамкулов


Ар намыс, адал эмгек, ата мекен,
Жүрөктөн конуш жайлап орноп бекем.
Астыртан ой жүгүртсөм бул үчөөнө,
Кадырлап баштагандан жылыйт чекем.
Сүйөмүн жаным бирге деген менен,
Билгенге сыры терең татаал экен.

Бакыттын ачкычы го адал эмгек,
Бүтсө иш бирогу бар жыйып термек.
Жумуштун көзүн таанып тилин билип,
Зоболом көтөрүлүп көңүл сергек.
Турмуштун нечен ой-дөң тоскоолдорун,
Кечмек парз, кыйналса да чыдап жеңмек.

Машыгып төгүлдүбөйм колдон көөрүм,
Кеткендей тагы калбай тилден сөөлүм.
Устаттан шакирт өтүп чыга келдим,
Боз атчан сыр билгендей алсыз жөөнүн.
Чет элге жумшашты эле кеттим каалап,
Баскандай күбөлөнтүп тагдыр мөөрүн.

Адистик таянычым арка жөлөк,
Меймандай сыйлатса да атай бөлөк.
Башымдан ылдый алтын куйса дагы,
Кетсем дейм ата журтка андан көрөк.
Кош өмүр уласа да тойдум кечтим,
Сунса да кере жутар мелт-калт мүрөк.

Чет элде кунарсыздай бакыт-дөөлөт
Койгондой жамаачылал тепчип төөнөп.
Ал жарда кадыр-барктын бийлиги акча,
Зөөкүрлүк кете бермей акты көөлөп.
Бармакты кесе тиштеп чыдайсың го,
Чоюлуп узаргансыйт үч жыл мөөнөт.

Кетүүнү чыдамсыздан күткөн кезим,
Мөңкүйбу жүрөктү кой туйлап безим.
Дал чектен бери өтөрдө кысынсам да,
Каректи чымчыгансып ички сезим.
Эреркеп эске түшүп элестепмин,
Керимсел ата журттун жайлоо кечин.

Тууган эл жөнүндө толгоо – Т. Байзаков


Менден жашы кичүүлөр,
Менден жашы улуулар,
Киндик кескен ушул жер-
Баарыбызды сулуулар.

Арманын айтып бүтпөгөн,
Аталар өткөн жер дечи.
Ойлосоң жүрөк түтпөгөн
Апанын мында мүрзөсү.

Келиндин кыйбас төркүнү,
Жигиттин туулган жергеси –
Тагдыр үчүн күн-түнү
Күрөштө өскөн эр дечи!

Гүлүңө окшоп кырдагы
Кыздарың бар көрк үчүн.
Аскаңа окшоп бүт баары
Уландар туулган эрк үчүн.

Уялап алган көңүлгө
Урматың артык өмүрдөн.
Үйрөнгөн жанбыз жеңүүгө,
Уулум деп сүйбө, жеңилсем.

Жапырбас бирөө дит чыдап,
Шүүдүрүм мончок чөбүңдү.
Досумдай сени кучактап,
Шаттыкка бөлөйм көңүлдү.

Баркыңды кантип сүйбөйлү,
Балындай татыйт сууң да.
Кадырың кантип билбейли,
Каныбыз бар го тууңда!

Мекен жөнүндө ой – Жапаркул Алыбаев


Ата-Журтту сүйүш ардактап,
Адамдардын дилинде, канында.
Ашык сүйлөп, көппөй дардактап,
Ак эмгегим арнадым дайыма.

Жер айдадым иштеп баш салып,
Жел ойноду тиккен багымда.
Өлүм жетсе, өмүргө таш салып,
Өкүнбөстөн өткүм бар тагдырга.

Чын пейилден эркин жашадым,
Ак сүйүүмдү арнадым балдарга.
Мактоо сөздү ыксыз айтпадым
Калбайт экен, эмгек далдада.

Ак санадым баарын тең көрүп,
Сындырбадым бир тал чырпыгын.
Калаар болсо Мекен, мен өлүп,
Кайгырбастан келет тынчыгым…

Ата журт – Жапаркул Алыбаев


Канынан бөлүп жараткан,
Кайтканда байкуш, жан апам,
Жаш жетип араң он бирге
Жап-жалгыз, үйдө таң аткам.
“Ала жат мени кошо” деп
Армандуу көздөн кан аккан.

Ойлосом тура, жан башка,
Өлмөк түгул өмургө
Өчөшүп жашап баратам.
Атамдан анан айрылгам,
Анда да, канат кайрылган.

Эл ичи уя турбайбы,
Эр жетип, көнүл жай кылган.
Тил албай кетсем кээ жылы,
Тизгиним тартып, бар кылган,
Жан бирге бүткөн Ата-Журт,
Жашоомду бүгүн шар кылган.

Эне өлсө, кошо өлбөдүм.
Ата өлдү, ырас мөгдөдүм.
Баарынан кымбат Ата-Журт,
Айнысам сүйөп, жөлөдүн.

Кылымдар бою картайбас,
Кымбатты сендей көрбөдүм.
Айрылсам сенден Мекеним
Анда эле, чыны өлгөнүм!

Тууган жерге – Жапаркул Алыбаев


Арасында жүрөмүн калың топтун,
Аарыдай бал ташыдым, жаткан жокмун.
Азбы, көппү, берген бал кечирип кой,
Азды көптөй көрсөтүп айткан жокмун.

Коюу чаңын аралап, калың топтун,
Кумурскадай кыбырап, жаткан жокмун.
Куурай сүйрөп келсем да кээ күндөрү,
“Дөңгөч түртүп келдим” деп айткан жокмун.

Ысыгыңа күйөйүн, кактанамын,
Суугуңа чыдайын, тапталамын,
Ууз жыттуу койнуңда мен төрөлүп,
Уулуң болуп калганга, мактанамын!

Ата-журт жана мен – Жапаркул Алыбаев

Мен бармын деп бакырбадым,
Мен жокмун деп басынбадым.
Кыйындыктан жашынбадым,
Жамандыкка кагылбадым.

Бар деп айтсаң барып жүрдүм,
Жан! деп айтсаң жанып күйдүм.
Тетир кетсем кагып жүрдүн,
Мөгдүрөбөй жарык жүрдүм.

Башка жерге суктанбадым,
Башка асманда уктабадым,
Көз ачканда көргөн таным,
Сенсиң суум, сенсин, каным!

Эгер өлүм салса кылтак,
Арттан өскөн көрсүн урпак,
Бөтөн жерге чачылбастан,
Сенде болсо үйгөн турпак.