Жоомарт менен Саран

skupoy i shedryi

Күндөрдүн биринде Жоомарт менен Сараң экөө чогуу ибадат кылууну чечишти. Сараң жол бою Жоомарттын наны менен суусун пайдаланды. Акыры, Жоомарттын азыгы тугондү. Жоомарт Сараңдын азыгынан сурайт, бирок Саран Жоомарттын абалында болгусу келбей турганын, ошондуктан эч нерсе бербей турганын айтты.
Жоомарт андан ары ээрчий албай, бир үңкүрдө калып калат. Сараң жалгыз кетет.
Үңкүрдө курсагын тойгузуу үчүн Жоомарт осуп турган чөптон узуп, оозуна салат, ошол учурдан баштап ал бардык өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тилин түшүнө баштайт.
Кечке жуук үңкүргө карышкыр менен түлкү, анан сагызган учуп кирет. Түлкү сагызгандан бүгүн эмне жегенин сурады. Сагызган дале ачка экенин айтты.
-А мына бул теректин астында чычкан бар,- дейт түлкү. -Алтын тыйындар менен тынымсыз ойноп, аларга суктанып тойуп калат.

Карышкыр мандайдагы тоолорду көрсөтүп, ал жерде миң кочкору, бир алтын эчкиси бар бай бар экенин, ошонун аркасында карышкыр семирип калганын айтат. Сокур болгон адамга текенин башын берсең көзү көруп калаарын айтат.

-Ал эми тетиги дарактардын түбүндө жети падышадан калган казына сакталып турат, – дейт түлкү, – а мен болсо ушул казынанын аркасы менен семирдим,-дейт.

Таң эрте жаныбарлар үңкүрдөн чыгып кетишти. Жоомарт чычкандын тешигине барып, ал жерден алтын тыйындарды издеп таап алат.
Анан Жоомарт байга барып, андан эчки сатып алат. Жоомарт падышанын сокур кызы бар экенин билген. Ал падышага барып, өз ыктыяры менен кызмат кылат.
Падышадан кызын айыктырганга уруксаат алат. Ал текенин башын дароо кайнатып, падышанын сокур кызына сорпосун ичирип, этин жедирет. Ал жеп, дароо көрө баштайт.
Кубанган падыша кызын Жоомартка берип, той откорот. Падыша күйөө баласына анын ар бир каалоосун аткарууга даяр экенин айтат.
Жоомарт падышадан дарактардын түбүндө казына сакталган булакты сурайт. Падыша ага булакты берүүгө макул болот. Жоомарт казынасын алып, аялы менен жыргап, эч нерседен кем болбой жашап баштайт.

Сараң кайтып келип, Жоомартка көз артып, андан минтип сурайт:

-Жоомарт сен кантип байыдың? Мен болсо тентип, бирде ачка, бирде ток, суукта ушуп журдум,-дейт.

Жоомарт ага баарын жашырбай, токпой-чачпай айтып берет. Сараң шашып үңкүргө жөнөдү. Жаныбарлар менен сагызганды күтүп, жашынып калды.
Тун кирип, ункурго түлкү биринчи кирет. Ал кимдир бирөө алардын сүйлөшүүсүн угуп, бардык мүлкүн уурдап кеткенин, мындан ары сак болуулары керек экенин айтат. Түлкү үңкүрдө бирөө-жарымдын бар-жоктугун билүү үчүн үңкүрдү шимшип издөөнү сунуштайт.
Ошентип, алар ункурдун эч бир жерин калтырбай издей башташат. Бир маалда түлкү кыйкырат:

-Айтпадым беле..Уңкүрдө адам заты бар тура!

Карышкыр Сараңды кармап, баарылап аны тытмалап салышат…

Абышка менен доо

abyshka menen doo

Илгери бир абышка кемпири менен жашачу экен. Ал балык кармап, ошону менен кун откорчу. Бирок чал ушунчалык алсыз болгондуктан, жадакалса түлкү да аны жон койбой: анын кармаган балыгынын жарымын тартып алчу.
Бир жолу абышка кундогудой балык кармап отурса, ага бир доо келет.
– Сен кимсин, кандай немесин? — деп сурайт карыя.
Доо ким экенин айтып, карыяны күчүн сынап көрүүгө күрөшкө чакырат.
Эгер карыя доодон күчтүүрөөк болуп чыкса, анда доо абышкага ат башындай алтын, кочкор башындай күмүш бермей болду.

.«Мушташуунун кереги жок, — деди карыя, — урушканда бири-бирибиздин кийимибизди айрып алабыз.
Абышка күчтү башкача жол менен сынап көрүүнү сунуштады.
Доо макул болду.
Алар токойго барышат. Чал доого мындай дейт:
— Кел, бак-дарактарды жулуп алалы! Кана сенин кучунду көрөлү, сен аны жула аласыңбы?
Доо бак-дарактарды тартып жула баштады, бардыгын жулуп бутуп, бир эле чоң дарак калат.
-Болуптур, кана эми муну сууруп алчы,- дейт чал.
Дөө канча аракет кылса да, сууруп чыга албады. Анан доо чалга кайрылып:
-Эгер сен бул дарактын тамырын жулуп алсаң, анда сен менден күчтүүсүң.
Чал чон даракка жакындап келип, жер устуно чыгып калган тамырын кармалай баштады.

-Сен эмне кылып жатасың? – деп сурады доо.

-Мен бул токойдун тамыры жерге тереңдеп кеткенби деп издеп жатам”, – деп жооп берди абышка.

Абышка дарактын сыртка чыгып калган тамырын сыйпалап, тегерегин казып:
-Бул дарактын тамыры жердин жети катмарына кетиптир. Көптөгөн жаныбарлар жана курт-кумурскалар тамырга жакын жашайт. Мен бул даракты тартсам, анда ар кимдин тынчын алып коем. Ал эми бул дарак кулап калса, анда Күндун да, Айдын да көзун оюп алат. Айдын көзүн оюп алса, анда түн караңгы болот – жер бетинде уурулук күчөйт, Күндүн көзүн оюп кетсе, түбөлүк караңгылык келет.
Алп чалдын сөзүн угуп, түндөр айсыз болуп, күндүн нуру өчсө жакшы эмес дейт.
-Андан коро күчүбүздү башкача сынайлы, – дейт абышка. Кимибиз таштан суу чыгара алабыз?
Доо макул болот. Анан чал билинбей бир колуна жумуртка менен ташты алып, болгон күчү менен кысып алды. Жумуртка эзилип, дөө таштан суу агып жатат деп ойлоду.
Анан доо таш алып, сыга баштады, бирок канчалык сыкпасын бир тамчы да суу чыкпайт.

– Эми, – дейт абышка, – жердин ичеги-карынын ким сыгып чыгарат?

Чалдын уйундо союлган койдун ичегилери бар болчу. Ал аны алып, жерге көмүп салат.
Мына жердин карыны деп, доону ошол жерге алып келет. Абышка баягы белгилеп койгон жерди тебелеп, ичеги-карындарын сууруп алат.
Дөө айран-таң калды, ал мындай күчтү эч качан көргөн эмес. Анан өзү буту менен жерди жанчып кирди, бирок канчалык жерди астын-усту кылса да, эч кандай ичеги чыкпай коет. Ошентип, карыя өзүнөн күчтүү экенин моюнга алууга аргасыз болду.
Карыяга аттын башындагыдай алтын, кочкордун башындагыдай күмүш берет. Абышка алтын-күмүштөрүн которуп алып кете албасын билип, дагы бир айла менен:

-Алтын-күмүштөрдү үйгө өзүм алып келсем, балким, мени уурдадын деп айтышат. Мага бул алтын-күмүшунду үйгө барганда бер,-дейт.

Доо макул болуп, боз үйгө келишет.
Абышка кемпирине:

-Тур кемпир, уйго мейман келди, эт бышырып кел.

– Эмне деп жатасың, – деди кемпир, – бизде эч нерсе жок экенин өзүң билесиң.

-Кантип эч нерсе жок,- абышка таң калымыш болуп.

-Ой казанга кечээги доонун башын, ага кошуп мурунку доонун төшүн сал. Ал да жетишсиз болсо, бул доонун баарын сал,-дейт.
Бул сөздү уккан доо чочуп кетип, алтын-күмүшун ыргытып, боз үйдөн чуркап чыга качты.
Чуркап баратса, алдынан түлкү чыгат.

-Сен эмне, мынча кимден качып келе жатасың? – деп сурайт түлкү доодон.

Ал кемпир менен абышка доодон тамак жасагысы келгенин айтты.
Түлкү күлүп: абышканын балыгынын жарымын тартып алып атсам, чалда кайдагы күч бар экен.
Алп түлкүгө ишенген жок. Ошондо түлкү ага:

-Сен мага ишенбесең, кеттик! Мен сага көрсөтөм. Менден артта калбаш үчүн куйругумду карма.
Доо макул болду. Түлкүнүн куйругун кармап, чалга жөнөштү.
Кемпир алардын келе жатканын көрүп:

-Ой, абышка, бизге акыр заман келди! Түлкү доону биздин боз үйгө жетеле келетат. Эмне кылуу керек?

-Эч нерсе эмес,-дейт абышка, -бир нерсе ойлоп табабыз.
Абышка боз үйдөн чыгып, катуу кыйкырат:

-Эх! Сен, түлкү, биринчи карызынды доо менен төлөдүң эле, эми доону алып келдиңби! Жакшы!..

Чал доону коздой чуркады. Ал чочуп кетип, түлкүнүн куйругунан кармап, абышкадан коргонуп, аны ары-бери ыргыта баштады. Түлкүнүн башы жулунуп, соогу сопот болду. Доо болсо, абышкадан коркуп, артын карабай качып кетти. Ошентип, абышка-кемпир эч кимге кор болбой, жыргап-куунап жашап калышат экен.

АПЕНДИ ЖАНА АЧ КӨЗ КОЖО

apendi menen ach koz kojo


Илгери, илгери бир заманда бир Апенди менен ач көз кожо деген болгон экен.
Күндөрдүн бир күнүндө Апенди кожого келип: «Казаныңды берип тур, оокат
бышырып ичейин» дейт.
Оокат бышырып эртеси Апенди кожонун казанына дагы бир кичине казан
кошуп кожого келип: «Ой тобоо, кожом куданын кудурети менен казаныңыз
төрөдү. Ишенбесеңиз мына» деп, эки казанды тең кожого берет. Ач көз кожо,
Апендинин эки казан бергенине ичинен тынып, сүйүнүп алып калды.
Күндөн күн өтүп дагы бир күнү Апенди кожого келип: «Ой кожом,
казаныңызды дагы берип туруңуз» деп сурап алып үйүнө барганда казанды
сындырып таштайт. Эртеси кожого келип: «Ой кожо, казаныңыз төрөй албай,
өлүп калды» дейт. Анда кожо: «Эмне себептен казан төрөй албай өлүп калды?
Кандай болсо да таап бересиң. Таппасаң казыга чакыртам» деп ачууланып кетет.
Казы жигиттерин жиберип, Апендини чакыртат. Казы: «Кожо, кана, эмне арызың бар?» дейт. Кожо «өх!» деп жөлөнүп, чөктүшүп отура калып: «Таксыр, иштин башталышы мындай. Бир күнү Апенди келди да, казанымды сурап алып кетти.
Эртеси казаның сынып калды деп, казанымды бербеди» дейт.
Анда казы: «Ай Апенди, сен айт» деди. Анда Апенди мындай деди: «Кожонун
казанын алдым да, эртеси казаны төрөдү эле алып бардым. Кош. Андан дагы бир күнү казанды дагы алып келдим эле, казан төрөй албастан өлдү» деди.
Анда казы: «Ай кожо, казандын тууганы ырас беле?» деди.
«Ооба казанымдын тууганы ырас» деди кожо. Казы: «Аа, анда казаның
тууганы ырас болсо, өлгөнү да ырас» деп Апендинин сөзүн сөз кылып коёт.
Ошентип, Апенди кожону жеңген экен.

АПЕНДИ АЛТЫН ТАПКАНДА

apendi altyn tapkanda


Апенди бир күнү кош айдап жатып чоң бүлөөдөй болгон алтын таап алат.
Шашылып үйүнө келип, бирдемени чапанына ороп таштап коюп, өгүзүнө чөп
салды. Аялы алтын экенин таанып, алып туруп ордуна ошондой кайрак таш
салып койду. Апенди байкабай эле кандын алдына чуркап барды да: «Чогулуп
келгиле, мунун эмне экенин билели» деп кыйкырды. Кан вазирлери менен
чогулуп келсе, чапандан тултуйган кайрак таш чыкты. Апенди: «Ии мына ушуну айтам» деди. «Мунун эмнесин айтасың, бул таш» деди кан. «Жок, таксыр биздин айылдын жартысы 4 кадак, жартысы беш кадак дейт кимисиники туура, таксыр? деди Апенди. Кан Апендинин бирдеме тапканын билип: «Муну жалгыз камап койгула, акырын тыңшап, шыкаалап тургула» деди вазирлерине карап. Апенди: үйдө камалып туруп: «Ой тобоо, узуну, туурасы, чоңдугу куду эле ушундай эмес беле» деп, колу менен көлөмүн ченеп, кыймылдап кобурай берди.
Тыңшоочулар канга Апендинин таң калып жатканын айтышты. «Бирок эмне
буюм экенин айтпайт» дешти. «Эшикке алып чыгып башына улпакты сууга чылап илип койгула, анан айтат», деди кан. Апенди улпак салынган жембаштыкты алып таштайын десе, колу байлалуу, «бери кел» деп, канды ымдап чакырды. «Эми мага шыбырап айтат экен» деп, кан кулагын тоссо, тилдеп туруп: «Колумду чечип кой» деген экен.

АПЕНДИ ЖИГИТТЕР МЕНЕН

apendi jigitter menen


Бир күнү жигиттер Апендини алдайлы деп чогулуп келип: «Апенди бүгүн
алдагы жалгыз козуңду сой, эртең кыямат кайым болот экен дешти. Апенди:
«Айтканыңар жакшы, балдар, каякка алпарып соёюн» деди эле, «биякка» деп,
бирөө көлдүн жээгине ээрчитип барды. Балдар козуну союп, Апендини
«бышырып тур» деп кийимдерин чечишип, өздөрү сууга түшүүгө кетишти.
Апенди алардын кийимин бүт отко жагып, этти бышырып койду. Балдар келип, киели дешсе кийимдери жок. «Апенди кийимдерибиз кана?» деп сурашты. Анда Апенди: «Кийимди эмне кыласыңар? Эртең кыямат кайым болгуча бул этти жегиле, эт бышпай калганынан кийимди отко жактым, анын эмне кереги бар!
Эртең кыямат болот, кийимге кайгырбагыла» деди.

СҮЙЛӨБӨС КЫЗ

suilobos kyz


Өткөн заманда бир хан болуптур, анын кеңеш бергич мыкты вазири бар экен.
Хан да вазир да бала көрбөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы кандын
аялы эркек, вазирдин аялы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо ата-энелери
экөөнү үйлөнтүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең,
вазирдин кызы Акылжан акыл эстүү, токтоо киши болду.
Күндөрдүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды.
— Мен сени менен тура албайм… Мен хандын гана кызын алышым керек.
Муну угуп, Акылжан да сөздү кесе сүйлөдү:
— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Эми сага бир акыл айтайын. Үзүр
шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч жолу сүйлөтсө,
ошол алат. Эгер мыкты болсоң ошого бар.
Арадан көп күн өтпөй, Жаннат кызды издөөгө Мээнетбек жалгыз аттанып
кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арып-ачып, аты ыргайдай, өзү торгойдой болду. Күндөн күн, түндөн түн өтүп, акыры толук токсон күн дегенде Жаннат кыздын шаарына жетти. Жаннаттын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жазууну окуду: «Кимде ким Жаннатты үч сүйлөтсө, Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».
Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз
тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө алып келишти.
Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун
алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек өзү туулгандан берки
көргөн-билгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде коңгуроосу кагылды.
«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөтө алган жок, эми хан ага жаза
колдонот» деп, жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү. Ошентип бир жылдан ашык убакыт өттү.
Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап,
эркекче кийинип, жарак-жабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып, өзүнө тамак-аш берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таазим кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлөй баштады:
— Жаннат кыз, мен сүйлөгөн сөзгө кулак коюп, адилеттик кылыңыз. Менин
айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал
мындай: — жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана илимпоз— төртөө узак жолго чыгышат. Жүрүп олтурушуп, бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, кадимки кыздын кебетесин жасап, тургузуп коёт.
Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан
ал өз өнөрүн көрсөтмөкчү болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат.
Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен
булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө-билерик, сөйкө кала берсе
топчусуна чейин тагат.
Акыры кезек илимпозго келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп:
«Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп кызга жан киргизет… Эртеси «бул кыз мага тийиштүү» деп талашып-тартышып, төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры элдеги кара кылды как жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Муну биринчи ойлогон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?»
Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албады:
— Жок, кызга жан киргизген илимпоз алышы керек — деп, кыйкырып
жиберди.
Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип ошол замат коңгуроо кагылды.
— Эмки сөз мындай, — Акылжан дагы сөзгө кирди: — Бир кишинин үч баласы
болот. Бир кызга үчөө тең кызыгып калышат. Чатак ырбап кетпесин дейт да,
атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:
— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку — деп, балдарын
шаарга жөнөтөт.
Булардын эң улуусу кырк күнчөлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем,
ортончусу төгөрөктүн төрт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү
тиштесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне алганын өз ара айтып өтүштү.
— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү, — деди улуусу
ортончусуна.
Үчөө күзгүдөн караса, баары эле аман-эсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын,
анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү.
Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер
замат кыз: «Оф, ушунчалык уктаган экем» деп тура келди.
Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат»
‘дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сиз калыстык кылыңыз, кыз кимге
ылайык?»
Жаннат шашып кетти:
— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөөнүн эч нерсеси корогон
жок, — деп жиберди.
«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды берип, коңгуроо дагы кагылды.
Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:
— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк — үчөө жол жүрүп келатса,
бир жерде ата-энеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр.
Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп үч
жолдош кызды куткарып алмакчы болот. Бирок, кантип ала качат — кызды
кайтарып калышкан.
— Мен уурдап келем, — дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын киймин уурдап
кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип
чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнөйт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчөө айлына келип кызды талашып, «кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар «ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?
Жаннат дагы шашып калды:
— Жок, андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп, үчүнчү жолу сүйлөдү.
«Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми
үч угулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалим убада боюнча Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду.
Акылжан Жаннатка сыр алдырбады.
— Сени алуудан мурда эли-журтуң менен таанышайын, шаарыңды аралап
көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди.
Бир күнү талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы
менен тырмагы аябай өскөн, этин какач басып, кийми тытылып, кейпи кетип
калыптыр. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал
өзүнө окшотту.
— Сен эми мен болуп калдың… Жаннат кыз сага тиет. Бирок ал кызга эч сөз
айтпай кирип бар, — деген акылды үйрөттү, да өзү ошол жерде үйүнө кайтып
кетти. Мээнетбек Жаннатты алып, элине шаан-шөкөт менен келип түштү. Эл
чогулуп, чоң той болду. Мээнетбекке учурашыш үчүн Акылжан да келди.
Мээнетбек аны көрөр замат:
— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды.
Акылжан кайра басып, эми канга барды.
— Ханым, датым бар, Сиздин алдыңызда балаңыздан эки ооз сөз сурамак
элем… Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып сиз уксаңыз экен —
деди.
Хан макул болуп, жаш-карынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди.
Акылжан Мээнетбекке суроо бере баштады.
— Жаннат кызды сиз кандай аракет менен, кандай сөз менен сүйлөттүңүз!..
Сиз музоо кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?
Хандын уулу Мээнетбек моюн бергиси келген жок.
— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге
жолуккан да эмесмин.
Акылжандын ачуусу келди да:
— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар
кимдики? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди.
Жаннаттын ичи күйүп:
— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулунда турбайм, азыр кетем! —деди.
Хан башынан макоо уулуна нааразы. Акылжанга ыраазы болуп эли менен
кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен.
Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.

ЧАЛ МЕНЕН БЕКХАН

abyschka menen han


Бекхан алты вазири менен жол жүрүп баратып, жүк көтөрүп алдынан чыккан
чалга жолукту.
—Атсалоом алейкум, чалым!
— Оалейкум үч салам, ханым! — деп чал жооп кайтарды.
— Үчтү тогузга сатпайсыңбы?
— Ханым, сатар элем — ал жок, саттырар элем — мал жок.
— Эртең алдыңа алты арстан жиберем, арзан сатпай, кымбат сат, деди да, хан
вазирлерин ээрчитип жүрүп кетти.
Жолдо вазирлер кан менен чалдын сөзүнүн маанисин сурашты. Хан
жигиттерине:
— Силер вазирсиңер, ошондуктан бул сөздүн маанисин эртеңге чейин өзүңөр
тапкыла, эгер таппасаңар башыңарды алам, — деп каарданып койду.
Эртеси алты вазир чалга келди.
— Кечээ хан менен сүйлөшкөн сөзүнүн маанисин айтып бер. Айтпасаң биз
өлмөк болдук. Ушул ажалдан куткарсаң, каалаганыңды беребиз.
Чал ары ойлонду, бери ойлонду.
— Эми болбостур айтып берейин, бирок убададан тайбагыла. — Хандын
«атсалоом алейкум» дегени — «кудайымдын берер убактысы бир болсун» деген сөз. Менин «оалейкум үч салам» деген сөзүм — «мага бир болгонду ойлосоң, сага үч болсун» дегеним. «Үчтү тогузга сатпайсыңбы» дегени — «үч ай иштеп тогуз ай жатпайсыңбы» дегени. «Сатар элем — ал жок, саттырар элем, — мал жок» дегеним — «өз күчүм жетиштүү болсо сенин айтканыңды ойлонуп көрөр элем» деген сөзүм.
— Баса, алты арстан жиберем дегени кандай?
Чал булардын макоолугуна таң кала бырс этип күлүп койду.
— Алты арстанды жибергени — силер эмессиңерби, силер арстандан
кемсиңерби… «Арзан сатпай, кымбат сат» — деди эле — көп албай аз алдым, —
деди чал.

МАНАТ

manap


Бир падыша аял алам деп өзүнө караштуу элдин бойго жеткен кыздарынын
баарын чакыртып, «үч ооз табышмак айтам, тапканыңарды аялдыкка алам. Эгер таппасаңар башыңарды алдырам», — деп табышмакты айтат:
Биринчи табышмагы: «Ачуунун эң ачуусу эмне?»
Экинчи табышмагы: «Жамандын эң жаманы эмне?»
Үчүнчү табышмагы: «Таттуунун эң таттуусу эмне?»
Кыздар үйлөрүнө барат.
— Ачуунун эң ачуусу эки киши урушса, же чатак көп чыкса ошол болот.
— Жамандын эң жаманы — эл катары оокат кыла албаса ошол болот.
— Таттуунун эң таттуусу кант менен набат. Андан башка таттуу барбы? —
дешти кыздардын ата-энелери.
«Падыша, табышмактын чечилиши туура эмес» — дейт. Анда кыздар
убайымдан ыйлап бара жатканда бир кедей чалдын Манат деген кызы:
— Мен табамын. Мени падышага алып баргыла. Баарыңарды өлүмдөн
куткарамын. Мага сүйүнчү бергиле, — дейт.
Эртеси кыздар менен кошо Манат да падышага келет.
— Ким тапты, табышмакты? — деп падыша сурайт.
Ошондо бир кыз айтат:
— Манат деген кедейдин кызы табамын дейт. Башкабыз табалбадык, — дейт.
— Кана, айтчы, — дейт падыша.
— Суроочу жерде туруп сурайт, жооп берүүчү такка чыгып жооп берет, — деп
Манат айтат.
Падыша макул болот. Манат такка чыгып, падыша айткан табышмакты эл
алдында айтып берүүсүн сурайт. Падыша кыздарга берген үч табышмагын айтат.
Манат мындай деп жооп берет:
— Ачуунун эң ачуусу өзүңдөй падыша болот. Бирөөнү өлтүрүүгө, өкүм кылууга
жарайсың.
— Жамандын эң жаманы — өлүм.
— Таттуунун эң таттуусу — асыл жан. Өлбөсөк деп тилейбиз.
— Энди сен табышмакты таптың. Сени мен алам. Эртең атаңды жибер. Калың
алсын. Бүрсүгүнү өзүңө араба жиберем — дейт падыша.
Эртеси Манаттын атасы падышага келет. Падыша чалга тамак берип тойгузуп,
бир тоок, кырк жумуртка берет.
— Үйүңө алып бар. Кызыңа айткын эртең бастырып, бүрсүгүнү тоок менен 40
балапанды алып келсин. Болбосо кызыңдын башын аламын, — дейт падыша.
Чал ыйлап үйүнө барат.
— Ата, эмне ыйладың? — деп Манат атасынан сурайт.
— 40 жумуртканы бастырып, бүрсүгүнү 40 балапаны менен тоокту алып
келсин, — дейт. Ошого ыйлап келдим, — дейт атасы.
Кыз амалын табабыз деп тоокту союп атасы экөө жеп ,алды.
Эртесинде бир чөйчөк тарууну жоолукка салып падышанын ордосуна барат.
— Эмне келдиң аксакал, — дейт падыша.
— Ээ, мен бир жаман иш кылдым. Тоок колумдан чыгып качып кетти. Кызым
жумуртканы басып жатат. Сизге мынабу тарууну берип жиберди. Эртең айдап,
бүрсүгүнү бышырып кап-капка салып даярдап турсун тооктун балапандары ачка өлүп калат, — деп таруусунун уругун берген экен чал.
Падыша сөзгө жыгылып, увазирин чакырып, кыздын атасына акча берет.
— Эртең араба жиберем, кызың келсин, — дейт падыша.
Кыз келет. Нике кыйып, аялдыкка алат.
Күндөрдүн биринде:
— Ээ, Манат, үй мүлктү сен бил. Өрттөп жиберсең да өз эркиң. Мен падышалык ишти билейин. Падышалык ишти кандай кылсам өзүм билейин. Жакшы кылсам, жаман кылсам, өзүм билем, — дейт падыша.
Манат макул болот. Үч жыл турмуш сүрүшөт.
Күндөрдүн биринде Манаттын көчөсүндөгү бир абышка бооз бээсин минип
бир ЖЯКК9 баратып жол боюнан түшүп бээсин чалдырат. Чал уктап калат. Бээси тууйт. Жол менен бара жаткан бир арабаны ээрчип кулун кетип калат. Бээ кишенеп чалды ойготот. Чал бээсинин тууп койгонун көрөт. Кулуну ээрчип
бараткан арабаны кууп жетип:
— Ай, балам, кулунуң арабаны ээрчип баратат, деп эмне үчүн мага бир ооз
айтпадың? — дейт, чал.
— Сенин бээң тууса, бээңдин жанында турбайт беле. Менин арабам тууган. Бок
жебей кет, — дейт арабанын ээси.
Экөө чатакташып падышага келет.
— Сен бээңди мындай тарт, сен арабаңды мындай тарт. Кимин ээрчисе кулун
ошонуку — дейт падыша.
Арабаны ээрчип көнүп калган кулун арабаны ээрчип кете берди.
Анан чал Манаттан акыл жардам сурамакчы болуп ага барат.
— Кулунумду арабакечке алып берип койду. Балдарымды кандай кылам? —
дейт чал.
— Мен падышанын өкүмүнө киришпейм. Убадабыз бар, — деди Манат.
Чал жалооруйт.
— Балаңыз барбы бешиктеги, — деп Манат сурайт:
Чал:
— Бар, — дейт.
— Эмесе аке балаңызды алып аялың менен падышага кел, — деди Манат.
Чал баланы көтөрүп, аялы баланы меники деп падышага арызга келет.
— Он ай, көтөрүп омурткам сыздаган баламды чалым бербей жатат. Эмчегим
жарылып өлгөнү жатам — дейт аял.
Чал артынан кирип келет.
— Эмнеге бербей жатасың баласын?
— Бул катын тууса берет элем. Теректин жаракасынан этеги чыгып турган
нерсени тартып алсам ушу бала экен. Терек тууган баланы аял талашып жатат, — дейт чал.
— Жыгач да бала туучу беле, бок жебей бергин, — деди падыша.
Падышанын бул сөзүн угуп турган аял чалдын колунан баланы жулуп алып,
кетип калат. Анда чал олтуруп:
— Ырахмат жыгач да бала туучу беле деп менин колумдагы баланы алып
бердиң. Араба кулун тууйт беле? Араба кулун тууйт, — деп сиз деле бээм тууган кулунду арабакечке алып берип койбодуңбу? — дегенде падыша сөзгө сынып, увазирин чакырып кулунун арабакечтен алдырып берет.
Падыша ушул акылды ким айтып берди? — деп ойлоп чалды чакыртып
сурайт.
— Чал өзүм ойлогом, — деп айтпай жашырат.
Падыша чылгый төөнүн терисине оротуп, тамдын
үстүнө чыгартып коёт. Тери ката баштаганда чал сары зил куса баштайт.
— Айтайын, айтайын, — деп чал жалынат.
— Ким айтты? — дейт падыша.
Чал: Манат айткан дейт.
Ошентип падыша сөзгө сынат. Аялына жини келип чакыртат.
— Сени менин падышалык ишиме кийлигишпе, — дедим эле. Бир чалга сөзгө
сындырдың. Эми үй мүлкүңдөн каалаганыңды алып кеткин, — деди падыша.
Аялы айтты:
— Өлтүрбөгөнүңүзгө ыраазымын, бирок эки кесе көжө кылайын экөөбүз
бирге отуруп ичели, анан кетейин, — деди.
Падыша макул болду.
Манат көжө кылып, падышага берчү көжөгө уктай турган бир дарыны салып
коёт. Падыша ичип бүтөрү менен уктап калат. Манат бир сандыкка төшөк салып, падышаны ичине бекитип, увазирин чакырып:
— Падыша мага бир сандык берди, — деп арабакечке сандыкты салдырып
үйүнө келди. Падышаны сандыктан чыгарып төшөккө жаткырып жанында Манат отура берди.
Падыша ойгонуп:
— Биз кайдан келдик? — деди.
— Биз үйдөн келдик. Үй мүлкүңдөн эмне керек болсо ошону ал дедиңиз.
Сизден башканын кереги жок экен, сизди алып келдим, — дейт Манат.
— Эч ким көргөн жокпу? — деди падыша.
— Сандыкка салып келдим. Эч ким көргөн жок сизди — деди.
— Эмесе сиз менен өмүрлүк жолдош болоюн, — деп падыша үйүнө алып барды
Манатты. Ошентип экөө түбөлүккө бирге өмүр сүрүп калышты.

ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК

yrys aldy yntymak


Качандыр бир акылман карыя болуптур, анын тогуз уулу бар экен. Бирок
балдары атасы айткан акылды укпай, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт
кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, кичинеси чоңуна акырая
карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы
балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эң айла болбогон соң, чал өзү
тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгыны көтөрүп келди, балдарын чогултуп алып: — Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мына бул табылгыны тобу менен сындыргылачы — деди.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган табылгыны эч
кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты. Карыя табылганын
боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө, — деди.
Балдары табылгыны ошол замат чарт-чурт бөлүп:
«Мына, сындырдык» деп мактанышты.
Абышка балдарды отургузуп алып, нускалуу сөз баштады.
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп, капа болом, душманыңар көп, эгер
ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз табылгыдай бырча-бырча сындырып кетет. Ал эми боолагаң табылгыдай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, — деди. Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, касташкан душманды жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечарага берип ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды — ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.

АЛДАР КӨСӨНҮН ЖИН-ШАЙТАНГА ЖОЛУККАНЫ

aldar kose i cherti


Алдар Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан, адам десе адам эмес, айбан
десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар Көсө: «Кимсиң?» деп сурады эле: «Жин-шайтан дегенди уктуң беле, ошол мен болом» деди. Алдар Көсө: «Укканым бар, мага жолдош бол, эки киши бирге басканда жол кыскарат дечү эле» деп ээрчитип алып, жүрүп отурду. Келе жатып шайтан кол башындай алтын таап алды да: «Мен таптым бөлүп алалы» деди. Көсө: «Жалгыз мен алам» деп макул болбой койду. Шайтан: «Эмесе жарышып чыкканыбыз алалы» деди. Жарышып шайтан чыгып келсе, Көсө, «мен бир жерде буйдалып калсам, чыгып кеттиң» деп дагы болбой койду. Шайтан: «Эми эмне кылалы» деп сураса, Көсө: «Кимибиз жаш жагынан улуу болсок, ошонубуз алалы» деди. Шайтан бул шартка да макул болду.
Кезекти биринчи Көсө алып, шайтандан «кайсы убакта туулдуң эле?» деп сурады. Ага шайтан: «Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде төрөлгөмүн» деп жооп берди.
Аны укканда Көсө өңгүрөп ыйлап кирди. Шайтан: «Эмне ыйлайсың?» деди эле:
«Так сен төрөлгөн убакта менин алты жашар балам өлүп калган, ошого ыйлап
жатам» деди. Анда шайтан: «Эмесе, сен улуу экенсиң» деп, алтынды ага берип,
Көсөдөн коркуп кетиптир.

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН МЕНЕН АЛДАР КӨСӨ

aldar kosoo menen jeerenche chechen 1


Күндөрдүн биринде Жээренче чечен жана Азиз Жаныбек вазирлери болуп
ордонун ичинде отурганда Алдар Көсө эшиктен кирип, «Ассалоом алейкум, кан ордосу» дейт. Жээренче чечен: «Алекима ассалам, эл жоргосу» дейт. Алдар Көсө отургандан кийин Алдар Жээренче чечен ишарат кылып колу менен башын кагат. Алдар көсөө колунун учу менен тилин кагат да, эшикке чыгып кетет.
Ал чыгып кеткенден кийин Жээренче чечен Жаныбек канга: «Мени эч ким
жыга алуучу эмес эле, ушул кирген Көсөө жыгып кетти» деди эле, кан: «Жээренче чечен сени Көсө кантип жыкты», Көсө эшиктен кирип «кан ордосу» деп салам айтты, сен «эл жоргосу» деп жооп бердиң. Андан башка эч кандай жыгылыш боло турган сөз болгон жок го деди.
Анда Жээренче чечен: «Көсө эшиктен салам айтып кирип отурганда колум
менен башымды кагып, «балаа башка кайдан келет?» деп сурадым эле, Көсө колу менен тилин кагып, «балаа башка тилден келет деп жеңип кетти» деди.
Жээренче чечендин бул сөзүн угуп кандын кыйынсынган бир вазири: «Алдар
Көсөнү мен жеңем» деп кан менен убада кылышат. Жеңип келсе, кандан
тилегенин алмакчы. Жеңилсе, «жеңем» деп барган кандын кыйынсынган вазири жанынан айрылып дайнын таппай калмакчы. Аттан тандап минип алып, Көсөнү издеп чыгат. Колуна таягын таянып алып, Көсө шыпылдап бара жатканда вазир аркасынан жетип, салам айтты эле, Көсө алик алып: «Ээ балам, кайдан келе жатасың?» деди. Вазир: «Сизди издеп келе жатам» дейт. Көсө: «Жумушуң бар беле менде?» дейт. Анда вазир: «Жер ортосун таба албай сизден сурайын деп келдим, — бул бир суроом, акыр заман качан келет, ал экинчи суроом?» деди.
Көсө токтолбостон туруп: «Арзан эле жумуш турбайбы, балам» деди да,
таягын колуна алып, көзүн алаңдатып эки жакты караган болду. «Атаганат ай,
боюм жапысыраак болуп жатат» деди эле, вазир: «Эмесе менин атымды минип алып караңыз? деп атын бере койду. Көсө атты минип алып, таягы менен шарт камчыланып: «Атаа балам ай, көпкөн убагың экен, акыр заманды да сураган турасыңбы?» деди. Анда вазир: «Кыйын болсоң экөөн тең таап берчи» деп демитти. Көсө ары-бери чапкылап, алак-булак эки жагын караган болуп, «таптым, таптым» деп вазирге кайта чаап келди. Вазир: «Тапсаң айтчы?» деди эле, Алдар Көсө: «Отурган жериң жер ортосу, акыр заман атынан айрылган кишиде» деп, чапкан бойдон кете берди.

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН КАРА КАНГА ЭЛЧИГЕ БАРГАНЫ


Кара кан деген кан Сырдын боюнда турган ойдун каны экен. Азиз Жаныбек
кан тоонун каны экен. Бир убакта Кара кан Азиз Жаныбек канга тийишип, каары келип: «Ээ кызыталак Жаныбек, катындары эгизден эркек тууп, жасоолу көбөйсө, мени менен урушууга келсин. Тоодон айгырлары кишенеп, ойдон кырк чаар тулпар бээлерим кулун салды. Эгер уруша албай турган болсо, кырк чаар тулпардын кулунун төлөсүн» деп элчи жиберет.
Азиз Жаныбек кан элин үч күнү кечке чогултуп, кеңеш кылып Кара канга
кандай жооп берерин биле албай айласы кетип, күндө жыйын топ кылды. Үчүнчү күнү кандын алдынан тарап келе жаткан элди боз тумак кийген, жээрде тай минген, эчкиси көп, кою аз бир адамдын баласы тосуп туруп: «Ой, акелер, күндө эле эртең менен канды көздөй чубайсыңар, кечинде дүбүрөп тарайсыңар. Эмне ишиңер бар, мага да бир айткылачы, угайын? деп сурай турган болду. Бирок бала эч кимден жооп ала албады. Ошондо бир киши: «Бул бала үч күндөн бери жолубуздан тосуп туруп сурай турган болду, укканыбызды айталык» деп иштин
жөнүн айтты эле, бала: «Оо кокуй, мен бул иштин жообун Кара канга оңой эле
берем» деди. Эл баланы ээрчитип Азиз Жаныбектин алдына алпарышып:
«Каным, ушул бала Кара канга жооп берем» деди, дешти. Анда Жаныбек кан: «Бул бала барса барсын, бир билгени бардыр» деп макул болду. Бала: «Каным, мага бир төө, бир теке жана жаа бериңиз» деп сурап алып, Кара канды көздөй жүрүп кетти.
Бала жолдо кетип бара жатса, эки адам урушуп жатат. Экөөнүн жанында жаа
менен атып алган бир коён жатат. Бала салам берип токтой калды эле, мушташып жаткан эки кишинин бири: «Жолоочум, сага жол болсун, кайдан келе жатасың?» деди. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин, Кара канга баратам. Сен экөөң эмне болуп мушташып жатасыңар?» деди.
Анда экинчиси: «Эртең менен жатактагы коёнду көрүп кетип, жаа алып
келгенимче бул атып алыптыр. Көрүп кеткен коёнду аламын деп мен айтам, атып алдым, меники деп бул айтат. Сен Азиз Жаныбек кандын элчиси экенсиң, калыс болуп коёнду бирибизге алып берчи» деди. Жаныбек кандын элчиси: «Ой, коёнду атып алган, сен коёнду башыңа кармап тур, көрүп кеткен сен жааң менен ат.
Коёнго тийсе сен ал, мунун башын жара атып өлтүрүп койсоң, кунун төлөйсүң» деди. Муну укканда экөөнүн да төбө чачы тик туруп: «Ээ жолоочу, сага ишибизди
салбайбыз, Кара канга барып, калыстыкка түшөбүз» деп, элчини ээрчип жөнөп калышты.
Булар кетип бара жатса, жолдун боюнда калың эл чогулуп турат. Бала салам
берип токтоп тура калып, чырдын жайын сурады эле: «Ээ, жолоочум, мына бул адамдар калың жылкы айдап айылдын үстүнөн өтүп, боюнда бар катындарды боюнан түшүрдү, ошонун чатагы болуп жатат, өзүң кайдан келе жатасың?» дешти. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин» деди эле, кандын элчиси болсоң, биздин ишти сага салдык дешти. Анда бала: «Казанга толтура суу куюп тулгага аскыла да, жылкыларды айылдын четинен айдап өткүлө. Казандагы суу жылкылардын дүбүртүнөн чайпалып төгүлсө, боюнан түшкөн баланын кунун берсин, төгүлбөсө буга эмне кун болсун?» деди. Ээ балам, сага ишибизди салбадык. Кара кандын өзүнө салабыз деп, булар да кошо жөнөдү. Топ адам жүрүп отуруп Кара кандын капкасына кирип барды. Бала капканын ортосунда желип бараткан кара тайганды көрүп: «Бу кимдин тайганы?» деп сурады. Турган адамдар: «Кандын тайганы, жылына алтымыш түлкү, кыркы бөрүдөн тиштейт» деп жооп беришти эле, Жаныбек кандын элчи баласы тайганды жаа менен атып өлтүрүп салды. Карап тургандар: «Кандын тайганын өлтүргөн бул кандай эме» деп таң калышты. Ошентип элчи бала топ адам менен кандын сарайына кирип барды. Анын кабарын Кара канга айтышты эле: «Бул кимдин элчиси, ким экен?» деди. Жигиттери: «Азиз Жаныбек кандын элчиси экен» деп жооп беришти.
Кара кан: «Элчи болсо мейманканага алпарып киргизип койгула» деп буюрду.
Эртеси элчини кандын алдына алып келишти эле, Кара кан балага карап: «Ээ
бала, Жаныбек кандын бул кандай шылдыңы. Менин алдыма элчи кылып
аттуу-баштуу чоң киши жибербей, бала жибергени эмнеси, айлыңарда чоң киши жок беле?» деди. Бала тура калып кулдук уруп: «Каным, сизге чоң керек болсо төө жетелеп келдим» деди. Анда кан: «Жаныңды жеген бала, айлыңда сакалдуу карың жок беле?» деди. «Сакалдуу десең, теке жетелеп келдим, кеп-сөз билген адам керек десең, өзүм келдим» деди. Кара кан баланын жөн бала эмес экендигин биле калды, жөн ийги суроо салды: «Эй бала, тайганымды не атып салдың?». Анда бала: «Мен биякка чыгардын алдында сиздин тайганыңыз тоодогу аңды ойго кууп, ойдон тоого кууп жүрүп кырды. Ой-тоо кыйкырык, ызы-чууга толду.
Ошондон биздин иттерибиз күчүк таштап койду. Ошон үчүн тайганыңызды атып салдым» деди. Өзүнүн айтканы эсинен чыгып кеткен Кара кан: «Ээ, кызыталак бала, менин жеримдеги ызы-чууну сенин тоодогу иттериң кайдан угат?» деп чочуп кетти.
Элчи ордунан тура калып: «Таксыр, сөзүңүзгө кулдугум бар, биздин тоодогу
айгырыбыздын кишенегени сиздин ойдо жаткан кырк чаарыңызга кантип
угулат?» деди. Кара кан сөзгө жыгылып: «Ээ чунак бала, келген дооң ошол беле, кечтим» деди. Андан кийин Кара кан берки чатактуу эки иштин жөнүн сурап, «баланын жолдогу чечкени туура» деп тапты да, келгендерди кайтарып жиберди.
Кара кан баланы жактырып: «Балам, атың ким?» деди. Бала: «Атым Жээрен»
деди. Анда кан: «Балам, сен чечен экенсиң, сенин атың мындан ары — Жээрен
чечен болсун» деп ат мингизип, тон кийгизип, эки элдин чатагын басып, айлына жиберди. Ошондон улам бала Жээрен чечен аталып, кепке-сөзгө алынып, эки эл арасында доо болсо да, жоо болсо да, Жээрен чечен арага түшүп, ыраакты жуук кылган чечен болот дешет.

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН АЯЛЫН УГУЗУУ

jeerenche chechendin aialyn uguzuu


Илгери көрө билген көсөм, сүйлөсө чечен бир киши өткөн экен. Ал кез, бир эл
менен экинчи эл жоолашып, каршылашып, урушуп өткөн учур болгон экен.
Жээренче чечен канга акыл-насаат сөз үйрөтүп жүргөн кеменгер кишиси экен.
Күндөрдүн биринде Чечендин элине бир күчтүү душман келип кол салат.
Ошол согушта Чечен кол башчы болуп душманды кубалап өз жеринен алыс бир жерде көпкө дейре жүрүп калат.
Чечен согушта жүргөндө Чечендин алган байбичеси каза таап калган экен
Чечендин жеңиштүү болуп кайра элине келе жаткан кабарын угуп, өз элинин
карыя акылмандары баш кошуп отуруп жолдон угузмак болот. Түшчүлүк жерден тосуп, Жээрен чечендин алдынан чыгат. Ары жактан чечен келет. Бардыгы аман-эсен көрүшүп, чоң кубанычта болушуп, эли-журтунун,
барып-келгендигинин ал-абалын сурашат, мейкин талаада олтурушат. Ошондо чеченге теңтуш бир карыясы сөз баштап, чеченден бир топ тамсил сөз сурайт.
«Чеченим көптү көрдүң, көп жашадың, ушу олтурган ага-инилериңе калгыдай сөз айтып бер» деди да, төмөнкүдөй соболду койду.
— Атасы өлгөн не болот?
— Атасы өлгөн кишинин аскар тоосу ураган менен тең болот. Кузгундай көзүн
кызартып, сакалын аппак кубартып, жараткан алла тил ал деп, баламдан мурун мени ал деп, атаң турса кашыңда, туу эле болор башында.
— Энеси өлгөн не болот?
— Энеси өлгөн кишинин, дарыя чалкар көлү соолгон менен тең болот. Чачы
куудай болгуча, тиши буудай болгуча, ал ак байбиче энекең, бары-жокту тең
санап, төрдө олтурса берекең.
— Агасы өлгөн не болот?
— Агасы өлгөн кишинин айтарга сөзү кем болот.
— Иниси өлгөн не болот?
— Иниси өлгөн кишинин чабарга камчысы кем болот. Бет алышып жоо келсе,
жан салышып доо келсе, жаман да болсо ага-иниң артыңда турса дем болот.
— Жеңеси өлгөн не болот?
— Жеңеси өлгөн кишинин жеңи желден жыртылат, жакасы кирден кырылат.
— Келини өлгөн не болот?
— Келини өлгөн кишинин кермеден аты бошонгон менен тең болот.
— Эжеси өлгөн не болот?
— Эжеси өлгөн кишинин эркелер жери аз болот.
— Карындашы өлгөн не болот?
— Карындашы өлгөн кишинин барып конорго жери аз болот.
— Баласы өлгөн не болот?
— Баласы өлгөн кишинин өзөгүн өрт алган менен тең болот.
— Катыны өлгөн не болот?
— Ой, аттигини ай ээ!.. Кудайдын буйругу экен, менин байбичем өлгөн экен ээ!
Бир төшөктө төрт баш киши жатып калыптырбыз. Кайыр кантейин! Катын өлсө капкалуу шаар бузулган менен тең болуп, күндө ойрон, мүлк ойрон деген ойронго жолугат» деп камчы сабын таянганда, камчы сабы сынып кеткен экен.
Жайланышып отургандан кийин баягы киши дагы: «Чеченим, бир төшөктө
төрт баш киши жатып калыптырбыз дегениң эмнең?» деп сурады. Анда Жээренче чечен: «Мурунку байбичем абысын-ажынга, ага-иниге, сөөк-тамырга жана өзүмө жыты сиңишип калган киши эле. Азыр дагы бирди алармын, ошол мурунку байбичемдей болобу?» деп, мурунку байбичемди самап жүрүп, мен оюм менен эки баш, алганым чечендин кайсы жеринен жазып, жаңылар экенмин деп, ал өзүнүн ою менен эки баш. Мына ушинтип, бир төшөктө төрт баш жатып калдык» деп жооп берген экен.

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН

jeerenche chechen


Өткөн бир заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче чечен деген киши болуп,
анын Төлөмырза деген уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала»
деген сөздү Жээренче чечен күн сайын элден угуучу болду. Бир күнү
Төлөмырзаны сынамак үчүн караңгы түндө ээрчитип келе жатып: «Балам,
менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы, мага аркарга окшош
бирдеме көрүнөт» деди. Анда Төлөмырза: «Аркар экен, козусун эмизип турат»
деди. Ошондо Жээренче чечен: «Жаның чыккан баламдын жалганчысы чын экен» деп өкүндү. Төлөмырза карга атса кийик аттым деп элге мактанат.
Төлөмырзанын колунан эчтеке келбейт, бул иш эл үчүн да, атасы үчүн да маалым болду. Төлөмырза бир күнү көпчүлүк элге адатынча калп айтып калды, «баягы күнү бир кийикти атып жиберсем, кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти» деди.
Анда Жээренче чечен: «Ата балам ай, туягы менен кулагын кашынып турганда
аткан экенсиң ээ» деди. Төлөмырзанын калптыгына айран калып турган элге
Жээренче чечендин сөзү орун болуп бастырып кетти. Үйүнө келгенден кийин:
«Ата жаның чыккан балам, эпсиз жерден калп айтып, эбине келтире албай эсим кетпедиби, мындан кийин адам болом десең, калп айтпа. Калп айтсаң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет» деп, жалгыз баласынын жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, жаман бала чыгып калганына капаланды.
Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келе жатып: «Ат жалына казан ас» деди.
Төлөмырза түшө калып аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен:
«Ээ, балам, ат жалына казан ас» деген канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз болот» деди. Дагы бир топ узагандан кийин: «Балам, узун жолду кыскарт» деди. Төлөмырза түшө калып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен:
«Кетмен менен кыскарта албайсың, балам, «узун жолду кыскарт» деген
өткөн-кеткенден кеп сал деген сөз. Кеп эрмек болот, адамга жолдун кандай
өткөнү билинбей калат, узун жолду жүрүштүү ат менен, кызык сөз кыскартат»
деди. «Бул боюнча калганда жалгыз уулум, Төлөмырзам, мырза да болбойт, тукум да, туяк да болбойт экен, «аял жакшы болсо — эр жакшы болот, акыл кошот, ырыскы жугушат» деген эл сөзү бар эмеспи. Дүйнө жүзүнөн издеп, бир жакшы колукту алып берейин» деп, Жээренче чечен атты келтирип минип, тонду кийип, элди аралап кыз издөөгө жөнөдү… Барбаган эли калбай, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы жок.
Элдин баарын карап жүрүп капаланып-кайгыланып, Жээренче чечен үй
жагына кайтмак болду. «Баламдын бактысы жок жаралган экен да, ушунча
журттан бир ылайыктуу кыз табылбаганы» деп келе жатса, айылдын четинен
бир топ кыз-келиндердин отун көтөрүп келе жатканын көрдү. Ал аңгыча күн
жаады.
Келиндер алы келгендери музоосун жетелей, отунун көтөрө үйлөрүнө
качышты. Кыздардын баары музоосун эмизип, отунун таштап үйүн көздөй
чуркап кетишти. Бир кыз музоосун эмизбей кармап, отунун чапаны менен жаап, өзү отундун астына олтуруп калды. Жээренче чечен кыздын жанына келип: «Ээ балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйлөрүнө кетти, сен эмне себеп менен жаанды тосуп олтуруп калдың?» деди. Кыз: «Ээ ата, ал кыздардын төрт зыяны бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар» деди. Жээренче чечен: «Пайдаң кайсы?» деп сурап калды. Кыз: «Музоом эмген жок, отунум кургак калды, өзүм суу болгонум жок, энем үйгө барганда урбайт, бул үч пайдам, чапаным суу болду, бир зыяным ушу. Кыздардын музоосу эмди, отуну суу болду, кийими да суу болду, музоону эмиздиң деп кыздардын энеси урат, төрт жагынан тең качып кеткен кыздарга зыян болду» деди.
Жээренче чечен: «Жарадың балам, силердин үйүңөр, кайсы?» деп сурады. Кыз:
«Ээ, ата, айылга барсаңыз эле таап аласыз, келиштирип кырк найза сайган үй
биздики» деди. «Издегеним табылды» деп, сүйүнүп, айылды аралап жүрүп кырк найза сайган үй жок болгондуктан, кыз мага табышмак кылып айткан экен кырк найзасы үзүгүнөн кырк уук көрүнүп турганы го» деп, Жээренче чечен ойлонуп баягы үйгө барып түштү. Ата-энеси дагы жакшы адамдар экен. Алынча сыйлап сүйлөшүп отурушту, аңгыча күн ачылды, отунду көтөрүп, музоону жетелеп кызы келди. Кыздын аты — Карачач экен, конок тамагын жеп, эл жатар мезгилде Жээренче чечен Карачачтын ата-энесине сөз баштады: «Менин жалгыз уулум бар эле, өзүмдүн атым Жээренче чечен, баламдын аты Төлөмырза, балама элден кыз жакпай алты ай болду жолго чыгып кыз издегениме. Ушул сиздин балаңызга көңүлүм түштү, кудай буйруп, куда болсом, балам экөөнүн бактысы ачылса деген талабым турат. Эгер силерге бул сөзүм эп болсо» деди.
Кыздын ата-энеси: «Сиздин айтканыңыз жакшы кеп, биз өзүбүз бечара
адамбыз, бир жаман жалгыз кызыбыз бар, сиз айтылуу Жээренче чечен деген
Жаныбек кандын чечени болсоңуз балаңыз Төлөмырза элден-журттан кыз
жактырбай тандап жүрсө менин кызым көңүлүнө жакпас бекен? Буга жоопту
кызым өзү билип берсин» деди.
Карачач атасынын сөзүнө карата: «Бул киши алыстан келген азиз конок экен,
кызым билет деп мага шылтаганыңар туура эмес, кадимден калган нускаңар,
нарк-санатыңар бар, бир кызды ата билип берет, бир кызды эне билип берет,
акыры иш ордуна келет, берер болсоңор мага шылтоо кылбай эле, абийирдүү
киши көрүнөт, түз жооп бербейсиңерби» деди. Бул кыздын айтканына Жээренче чечендин ичи ысып сөзгө кирди. «Кана кудагый оозум батып айталбай отурдум эле, мага балам өзү жооп берди. Карачачтын аты — Акыл Карачач болсун, бактысы ашык болсун, жей турган калыңыңарды айткыла, эл көзүнө көркөмдүү түшкөнүм жакшы болот, төөдөн, уйдан, жылкыдан, канча менен келейин, атабыз кыргыз болгон соң, салтыбыз, наркыбыз орду менен өткөнү жакшы, жакшылык талап өмүр соодасы эмеспи» деп, Жээренче чечен айтып калды. Буга кыздын энеси: «Жалгыз кызымдын калыңын айтып, башына аркан салгансып малга кантип, айырбаштайын, жол-жобосун, наркын-салтын кызым өзү эле билсин» деди. Акыл Карачач: «Менин ата-энем бечара киши, кызын малга сатууга алы келбейт. Кызы малга сатылып барбайт, орду табылса, Карачач кадыр көңүл түз келген жерге барат, калың мал деп каржалбаңыз» деди.
Бул сөздү айтканда Жээренче чечен таң калып, үйүнө барды. Төлөмырзаны
келтирип кийинтип алып, күнү оңдуулап, кудасы Токсонбайга барып калды.
«Адам Токсонбайдын кызын Жээренче чечендин Төлөмырза деген уулуна алып берет дейт» деп айылдагыларга кабар тарады.
«Адам, эй, Карачач атасына калың жедирбей Жээренче чечендин уулуна барганы жатат дейт, калыңсыз кыз болсо болот, каадасыз кыз болбойт дептир, барып жеңкетай алып, тоюн жеп келебиз» деп айыл-ападагы келиндери чогулуп келишти.
Тойго Жээренче чечен чоң жыгылыштуу болуп, малды арбын союп, башына
той башкаруучу коюп, жети кун той берип, сегизинчи күнү Жээренче чечен Акыл Карачачты үйүнө алып кетти. Акыл Карачач келгенден тартып Жээренче чечендин иши оңоло баштады. Мунун кабары Жаныбек канга угулду: «Келини келишимдүү жакшы болгон экен, баягы жаман Төлөмырза жок, атайын киши болуп калыптыр» деп уккандан кийин барып келинин көрөйүн деп, Жаныбек кан келди. Жээренче чечен алынын бардыгынча кызмат кылып, Жаныбектин келгенине сүйүнүп конок кылды. Жаныбек Төлөмырзанын колуктусун үстүнө чакыртып алып ичинен «муну алуучу аял экен» деп ойлонуп: «Келинде төрт суроом бар. Акыл Карачач жооп бересиң» деп, кепке кармады. Акыл Карачач: «Эби келсе сурооңузга жооп берейин, сурооңузду сураңыз» деп айтып калды.
Жаныбек кан: «Тулпарды уйга сатса не болот? Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот? Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот?
Ушул сөзүмдүн жообун таап койгун, эртең кабар аламын» деп Жаныбек кан
аттанып кете берди.
Бул сөзгө Жээренче чечен капа болуп калды. Акыл Карачач: «Атаке, бул сөзгө
эмне үчүн капа болосуз, жооп табылар, «кандын пейли бузулса, калкына бүлүк түшөт, башына чүлүк түшөт» дептир, кан Жаныбек жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман болсоңуз аны көзүңүз менен көрөрсүз, мен анын сөзүнө жооп берем» деди.
Кан Жаныбек эртеси энтелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган
Карачачтын Жаныбекке берген жообу:
«Жаныбек каным, бузулду заңың,
Бул кандай жорук, тынчыбаган жаның.
Тулпар тушунда, күлүк күнүндө, күч бербеген тулпардан — сүтүн берген уй
жакшы, пайдасы жок туугандан пайдасы тийген кыйыр жакшы.
Чабал аттан — чарчабаган эшек жакшы.
Жаш жыгач отундан — жаркырап күйгөн тезек жакшы.
Канаты жок туйгундан — канаттуу карга жакшы.
Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун
оңчубу, эртеки салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу? Каным, менин тапканым ушу, сиздин укканыңыз ушу» деп, Акыл Карачач басып кетти. Кан Жаныбек арданып үйүнө кайтты.
Кан Жаныбек Акыл Карачачты алууга ойлонуп, каарын төгүп, ар түрдүү
кыстоо салмакчы болуп, Жээренче чеченге желдет жиберди. «Эртең Жээренче
чечен алдыма келсин, келгенде ат минбесин, төө да минбесин, жөө да келбесин, жол менен да келбесин, жолсуз жер менен да келбесин» деп буйрук кылды. Желдет буйрукту угузганда Жээренче чечен убайымга түшүп, келини менен кеңешти. Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге мындай деди:
«Эрте туруп текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыры менен
барыңыз, кан суроо сураса: ат, төө мингеним жок, теке минип келдим, жол менен да, талаа менен да келгеним жок, кыр менен келдим деп жооп бериңиз, кан Жаныбек сөзгө жыгылат».
Жээренче чечен тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип,
кан Жаныбектин ордосуна барды. «Каным, буйругуңузду аткарып келдим, ат, төө мингеним жок, жөө да келгеним жок, теке минип келдим. Адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим, каным, каарыңа калгандай көрүнөм, кайгылуу сыр, калың чер менен келдим» деди. Жаныбек бул сөзгө токтолуп, Жээренче чечендин алдына кырк ирик салып берип: «Кырк күндүн ичинде көзүн жоготпой кырк козу козулатып бересиң» деди. Кырк ирикти айдап капа болуп Жээренче чечен үйүнө келди. Акыл Карачач алдынан тосуп чыгып: «Ата, бүгүн койлуу болуп калыпсыз го» деди. «Ээ, балам, атаңдын өлбөгөн жаны курусун, караган каны курусун, ушул ириктин көзүн бурбай козулатып бер дейт, айла барбы, айдап келдим» деди. «Ата, капа болбоңуз, бул арзан иш турбайбы» деп, кырк күнгө чейин Акыл Карачач койду бирден союп бере берди. Жээренче чечен «эрте өлгөн кулмун» деп этин жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин кан Жаныбек салтанат менен аттанып, койдун жообун алмакка Жээренче чечендин үйүн көздөй жөнөдү.
Келер күнүндө Карачач отун алымыш болуп кан Жаныбектин жолун тосуп
чыкты. Көңүлү кызып калган кан Жаныбек Карачачты көрө салып, бура тартып: «Келиним отун алып жүрүпсүң, атаң эмне кылып жатат?» деп сурады. Карачач: «Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Атам болсо үйдө толготуп төрөгөнү жатат» деди. «Жаның чыккан Карачач, эркек киши дагы төрөчү беле» деди.
«Каным, сөзүңүзгө кулдук, кан сөзү эки эмес, сиздин эркек коюңуз да туучу беле?» деди.
Кан Жаныбек өзүнүн сөзүнө өзү байланып, сөзгө жыгылып кайтты. Кан
кетери менен Акыл Карачач үйүнө келип канга берген жообун кайнатасына
айтып берди. Бул сөзгө Жээренче чечен өтө ыраазы болуп: «Бир өлүмдөн
калдым» деп кубанды. Эртесинде кандын дагы бир жигити келип: «Бул буйругум эки эмес, отуз күндүн ичинде, таштан тарамыш кылып, кумдан өтүк тигип
берсин» деген кандын буйругун айтты: Жээренче чечен мойнуна жүк түшкөнсүп:
«Иш кыйын, таштан тарамыш кумдан өтүк болчубу, кулак угуп көз көрбөгөн
мындай иш болчубу, мындан көрө каарына албай, мынчалык азаптабай, колунан келип турам өлтүрүп салып, бир жолу жанымды тындырбайсыңбы» деди. Анда Акыл Карачач: «Ата, сабыр кылыңыз, сабырдын түбү сары алтын,
сабыры жок, Жаныбек саманын сапырып жатат, өз калкын өзү кыстап напсисин бузуп жатат, аман болсоңуз, мындан арзан кутуласыз, шашпай сабыр кылып отуруңуз, мен сизге айтпадым беле:
Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлөт мас кылат,
Тумшугу таштай катарда
Тууганы менен кас кылат.
Жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыры ашып кетти. Жетим,
жесирдин ыйлаган үнү жетер, ашыгып сабырсыздык кылбаңыз» деп, Акыл
Карачач атасы Жээренче чеченге насаат айтты.
Жаныбек убада кылган күнүнө чейин Акыл Карачач оокатын кылып жүрө
берди. Убадасы бүткөн күнү башкача кийинип, түсүн буруп жооп алмакка
Жаныбектин алдына барды: «Кан азиретим, бечарачылык кыйын экен, кумдан бир өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбады, сиздин казынаңызда бардыр деп сурап келдим эле», деди.
Айтканы эсинен чыгып калган Жаныбек кан: «Сен кандай акмаксың, соосуңбу,
же жиндисиңби, кумдан өтүк, таштан тарамыш болуучу беле, калжырабай кет» деди. Акыл Карачач бетине түшүрө салынган жоолугун өөдө тартып, түсүн көрсөтүп: «Каным, оюңузга кулдук, сиз буюрган кум өтүктүн таш тарамышынын камында жүрдүм эле, андай болсо кандын буйругунан кутулган турбайбызбы» деп жүгүнүп тура калды. Жаныбек айтылуу Карачач экенин билип, токтолуп башка сөз айта албай жерди карады. Акыл Карачач үйүнө келип, Жээренче чеченге окуяны айтып берди. Жээренче чечен Акыл Карачачтын акылына ыраазы болуп, «кайырлуу жакшы өмүр сүргүн, канча бир өлүм ажалдан аман алып калдың» деди.
Ал аңгыча болбоду, камынып турган Жаныбек кан Жээренче чечендин колун
байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асан Кайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын каны булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге таратып, бөлүп жиберди.
Жаныбек Төлөмырзанын жан ордуна көрбөй жабыркатып, ишке салып,
Карачачты алайын деп кашына көчүрүп алды. Бирок, Акыл Карачачты ала албай бир жыл өттү. Акыл Карачач жакшы сөз менен Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп, «Жаныбектен жан адамга пайда болбойт, бир агаңды өлтүрүп, калкыңа кан болгун, мен сенин койнуңдагы зайыбың, колундагы айымың болоюн» деп, Бердибекти кепке көндүрүп алды. Бул кабар тарап, Алтайдагы туткунга байланган Жээренче чеченге угулду.
Кабарды уккандан кийин Жээренче чечен жалпы элине табышмак менен
кабар салды: «Эгиниңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум, орокчуңар шай экен, кыштын арты кандай болот? Кышка калтырбай эрте оруп бүтүрүп алгыла.
Толубай, Токтогул Асанга кабар салыңар. Бир сокур кара кашка текем бар,
сакалынан байлап көзүн оюп, көлгө салыңар, бир тик мүйүз кара эркечим бар, кой баштатып ала келгиле. Болор-болбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын» деп, жазып жиберди.
Кат тийген соң сөздүн түйүнүн казак, кыргыз жалпы түрк балдары кепке
канып келтирип, чече албай айран калышты, акырында Жээренче чечендин
өзүнүн келини айтылуу Карачач чечет го деп катты алып барышып, калктын
мыктысы, чоңдору башында карап турду.
Катты окуп, Карачач бир баштан айтып, табышмак сөзүн таап чече баштады:
«Айдаган аштыгыңар бышты» дегенди душманыңар болушунча болду,
толушунча толду — дегени. Орокчулар шай экен, кышка калтырбай оруп бүтүрүп алыңар дегени — мынчалык кайрат кылыпсыңар, эми катылыңар, орок менен буудайды оргондой кылыңар деп, айтканы. Кыштын арты кандай болот дегени — иштин арты кандай болот дегени. Толубай, Токтогул, Асан Кайгыга кабар салыңар дегени — элдин карыялары иштин убагы келди, жаштарга сөзүңүрдү айткыла дегени. Сокур текем бар эле, сакалынан байлап, көзүн оюп көлгө салыңар дегени — Жаныбек канды өлтүрүп, сакалын кыркып көзүн чукуп көлгө салгыла дептир. Тик мүйүз кара эркечим бар, муну кой баштатып ала келгиле дегени — Жаныбектин иниси Бердибекти колуңарга алып, калкка кан көтөрүп койгула дептир. Болор-болбос бычагым деп — Төлөмырзаны айтыптыр, мизи курч кестигим дегени Акыл Карачач — мени айтыптыр. Көчкөн журтта калып кор болбосун» дегени — кептен-сөздөн калып кемчилик тартпасын, кеп-кеңештен калтырбай ала жүрүңөр дептир.
Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер кайрат кылып, кара сокурга
тезинен катылыңар» деп, Акыл Карачач айтып өттү.
Бул сөздү угуп «залимдин айтканын угуп, айдаганына көнүп жүрүп да
мүйүзүбүз чыккан жок» деп элдин кыжыры кайнап Жаныбектин иниси
Бердибекке өлтүртүп, Бердибекти кандыкка көтөрүп, Алтайга айдалып кеткен
Жээренче чеченди жолдоштору менен алдыртып чоң той берип өз жеринде туруп калышат. Ошол убакта ушу убакка чейин эл оозунда:
«Толубайдай сынчыны айт,
Токтогулдай ырчыны айт,
Жээренчедей чеченди айт,
Алдар көсөө кесепти айт»
деген сөз сакталып калган экен.

АСАН КАЙГЫ МЕНЕН АЗИЗ ЖАНЫБЕК КАН

bukalardyn suzushu 1


Илгери, илгери Асан Кайгы аттуу акылман Сырдын боюнда жашаган экен.
Күндөрдүн биринде Азиз Жаныбек кан: «Ээ Асан аке, дүнүйөдө малга киришпей турган адам болобу?» деп сураптыр. Анда Асан Кайгы: «Биздин бала — Төлөн мырза малга киришпейт» деп жооп бериптир. Акылман кеткенден кийин Жаныбек кан эки жигитин чакырып: «Асан Кайгынын эки туу бээсин жайдак минип кара терге чумултуп, Төлөндүн астынан чыккыла. Эмне дегенин мага айтып келгиле» деп буюрат. Ошондо эки жигит кандын айтканындай, эки туу бээни терге чумултуп Төлөндүн алдынан чыккан экен. Төлөн мырза карап туруп:
«Ээ азаматтар, астыңарга тердик салып минсеңер болбойбу, жайдак минип
көчүгүңөр жоорубайбы» деп бастырып кетиптир. Жигиттер келип Төлөндүн
сөзүн Жаныбек канга айтып беришти.
Азиз Жаныбек кан дагы бир күнү Асан Кайгыны чакыртып алып: «Ээ Асан аке,
алдыдан миң кол качырып чыкса, ошо миң колго айбыкпай качырып кирүүчү
азамат чыгабы?» деди. Асан Кайгы: «Биздин Төлөн мырза качырып чыгат» деди.
Азиз Жаныбек кан жигиттерин чакырып жарак-жабдыктары менен миң кол
даярдап, «Төлөн келе жатканда капыстан качырып чыккыла» деп буюрду.
Жарак-жабдыктуу миң кол Төлөндү качырып алдынан чыкты эле, Төлөн мырза колундагы кушту асманга ыргытып, мылтыгын колуна алып, миң колго бөрүдөй тийип, төртөө-бешөөн атып жиберди.
Кол Жаныбек канга көргөндөрүн айтып келди. Жаныбек кан: «Төлөн мырзаны
чакырып кел» деп, жигитин жумшайт да, Төлөн мырза келгенде: «Мага эмне
киришпейсиң?» деди. Анда Төлөн: «Бери караса маңдайы ысык, нары караса
соорусу суук, кыйкырса жоо алат, ышкырса жут алат, малга карабайын, эр
азаматтын көөнү калбасын деп ойлочу элем» деп жооп берди. «Асан Кайгынын уулу, сен миң кишиге жалтанбай качырып тиет дейт, бул кандайча? Миң киши сенин саныңды сапат, устаканыңды упат кылбайбы? мындан эмне качпайсың?»
деди эле, Төлөн мырза: «Жок, каным, ажалым жетпесе, миңи да мени өлтүрө
албайт. Ажалым жетсе бирөөнөн гана өлөм» деди.
— Аны кайдан билесиң?
— Бир убактарда бир сан миң кол аттандык эле. Ошол бир сандан миңибиз
мылтыкчан элек. Аңгыча табылганын түбүндө жаткан бир коён алдыбыздан
качып өтө берди. Коёнду миң мылтыкчан атты эле, миңинин огу тең тийген жок.
Эң аягында мен барып атканда, боор терисинен алакандай жери түшүп калып,
ошондо да өлбөй жүгүрүп кетти. Менин атканым жаза кетчү эмес эле, ажалы
жогунан, миң бир октон коён өлбөй кеткен. Ошондон улам билемин» деп жооп берди. Жаныбек Төлөнгө ыраазы болуп, бир сарпайы жаптырды.
Дагы бир күнү Азиз Жаныбек кан жигиттерине Асан Кайгыны чакыртып
алып: «Асан аке, мен күнүгө куш салсам, асманда бир муштумдай сары неме учуп чыгып, жолтоо болчу болду, ошону атып берчү адам бар бекен?» деди. Асан Кайгы: «Аны биздин Төлөн мырза атып берет» деди. Кан: «Эртең балаңызды жиберип ийиңиз» деп калып калды.
Асан Кайгы үйүнө барып: «Балам, сен эртең канга барасың. Кан кушун алып
сени менен талаага чыгат. Ошол кушту саларда асмандан учуп буудайык келет, келе жатканда дүрмөттөп туруп бөтөгөсүн жара ат, жара ата албасаң, өзүңдү зыян кылат.
Аны атып берсең кан: «Балам, сенин башыңан ылдый дилде куяйын» дейт.
«Ага ыраазымын» де, «Эки кызымдын бирөөн берейин» дейт, ага дагы
«ыраазымын» деп болбой койгун» деди. Эртеси Төлөн мырза жөнөмөк болуп
атасынын алдына келип: «Ата, эмне сурайын?» деди эле, Асан Кайгы:
«Теминдидей жер сура, жырындыдай суу сура» деди.
Төлөн Жаныбек канга келет. Атасы айткандай, Жаныбек колуна кушун
кондуруп, жигиттерин ээрчитип талаага чыгат. Аңгыча бир муштумдай сары
неме асманга атылып чыгат. Аны Төлөн мырза атып түшүрдү эле, кан ыраазы
болуп: «Өз боюңдай дилде ал» деди. Төлөн: «Ыраазымын» дейт. «Кызымдын
бирөөн ал» дейт. Төлөн ага да, «Ыраазымын» деп болбой коёт. Акыры Төлөн
атасынын айтканын айтып, теминдидей жер, жырындыдай суу сурады эле, Азиз Жаныбек «Сүйгөн жериңди алгын» деп балага уруксат кылган экен.
Төлөн атасына келип «сиздин айтканыңызга уруксат алып келдим» дептир.
Ошондо Асан Кайгы Сырдан көчүп Чүйгө келет да, Чүйдү көрүп: «Бул Чүй эмес,
Чуу экен» деп, Чүйдөн көчүп Кочкорго түшөт. Кочкорду көрүп: «Кочкор эмес
кокуй экен, тогуз жолдун тоому, бөрү койдун чаркы экен» деп, Асан Кайгы
мындан көчүп нары түшүп желмаян минип Жумгалга келет. Жумгалды көрүп:
«Табын тапса алтын көмүркөй деген жер экен, табын таппаса колун жумган жер экен» деп, андан көчүп Нарынга келет. Нарынды көрүп: «Нарын эмес кайгыр» деп, андан көчүп Текеске түштү. Мындан көчүп отуруп Үч-Күбөккө келди да, Төлөнгө бир жерди көрсөтүп, «казчы» деди. Бала казды эле, «топурагын тебелеп туруп, кайра салчы» деди. Тебелеп туруп, топурагын кайра салса топурагы батпай калды. Анда Асан Кайгы Төлөнгө: «Ушу жерден не кармасаң, алтын болот, жайы-кышы отурууга жайлуу Үч-Күбөк деген жер ушул» деди. Үч-Күбөк аңга бай, берекелүү жер экен, сууга барган катындар кундузду челек менен тоголото коюп алчу экен. Ошондо Асан Кайгы «Жаныбек кан ар убак мени эрмектегенин койбойт экен» деп бирин таш, бирин чалма менен Үч-Күбөктүн үч жолун бекитип салган экен. Ошо убактан ушу күнгө Асан Кайгынын эли Үч-Күбөктө калган экен.

КАН БУКАСЫ МЕНЕН ЖАРДЫНЫН БУКАСЫНЫН СҮЗҮШКӨНҮ

bukalardyn suzushu 1


Кан бир табактан дилде мөөрөй сайып: «Мени менен ким бука сүзүштүрөт?»
деп калкына жардык кылды. «Кандын сөзү эки болбойт» деп, калкы жардыкты
уккандан кийин букаларын алып келе баштады. Көп эл чогулгандан кийин чоң кылып тегерек чийим чийдирди. «Кимдин букасы ушул чийимден сүзүп чыгарса, мөөрөй ошонуку болот» деди. Букаларды сүзүштүрө баштады.
Кандын ээликтирип эркин өстүргөн букасы букаранын арык тарбайган жаман
букасын койсунбу? Ары челип, бери челип, чийимден сүрүп чыгарып жатты. Кан дилдеге карк болду. Арадан бир нече күндөр өттү. «Кой, эми биздин бука кандын букасын сүрүп чыгара албайт, арыктыгы бул болсо, кайдан күчү болот дешип тарай турган болушту. Ошентип үмүтүн үзгөн кезде бир жардынын букасы ээсине айтты:
— Сен мени арык, жаман деп, тиги калк чогулган мелдешке алып барып
салганың жок. Кеп арык-семиз, жаманда эмес, кеп кайрат менен качырып алууда. Кой сен мени алпарып бир сынап көр, — деди. Анда ээси: «Мен бир табак дилдени кайдан табамын?» деди.
Анда бука: «Сен мени алпаргын да канга: мен букамдын башын саяйын. Сиз
букаңыздын башын сайбай, баягы айткан дилдеңизди сайыңыз» деп айт, кан
макул болот» деди.
Жарды бир далай ойго калып туруп, оокат кылып турган жалгыз букасын
кандын букасы менен сүзүштүрөм деп алып барды. «Дилдең жок, мөөрөйгө эмне саясың?» деп кан сурады. Жарды: «Мүмкүн болсо, мен букамдын кара башын сайдым» деди. Кан мурутунан күлүп жардынын сунушуна макул болду.
Баягы жыйналган калк: «Ай байкуш, тим эле койбой, оокат кылып турган
жалгыз букасын канга алдырып жиберип, андан кийин кантип жан сактаар экен» дешип турду. Кандын букасы мындай жаман бука эмес, мындай эки келген букаларды качырып жатат дешти.
Жарды букасын алып келип, ыраактан мурунтугун туруп, агытып жиберип
туруп калды. Бука жер чапчып өкүрүп, кандын букасын качырды. Кандын букасы сүзүшмөк тургай, кандын дарбазасын талкалап короосуна кире качып кетти. Эл таңданды. Кан оозун ачып калды. Эмне балакет болгонун эч ким түшүнбөдү.
«Бу түгөнгүр өкүрүп койсо эле, кандын букасы дарбазасын бузуп кире качты.
Деги бир табак дилдени кудай ушуга буюрган экен» дешип калк тарады.
Жарды бир табак дилде алганына сүйүнүп, кудуңдап букасын минип алып
үйүнө кайтты.
Жолдо келе жатып жарды букасынан сыр сурайт: «Ээ, досум, кандын килейген
букасы сенден эмне болуп качты?»
— Анын эмнесине таң каласың, мен аны музоо кезегинде аябай эсин оодара
сүзгөм. Ошондон кийин: «Музоосунда сүздүргөн, өгүз болгондо да коркот» деген сөз калыптыр.

ДЫЙКАН МЕНЕН КАН


Илгери бир байдын малын багып, эгинин айдап, чөбүн чаап, оокат кылган
дыйкан болгон экен. Ал жаздын күнү эки өгүзгө буурусун кошуп, жер айдап
жүрсө, бир убакта буурусунду эки өгүзү тарта албай туруп калды. «Буга эмне
болду?» деп эңкейип караса, ага ат башындай алтын такалып калыптыр. Дыйкан:
«Киши көрбөсө катып алайын» деп, эки жагын караса, чоң жол менен бир атчан киши чаап бара жатат. Анда дыйкан: «Тиги киши менин алтынды катып алганымды көрүп, канга айтканы бараткан экен, андан көрө ачыгын айтып канга өзүм алып барып берейин» деп чакырып калат. «Оо, бери келе бериңиз», чоочун адам бастырып келип: «Эмне дейсиң?» дейт. Дыйкан: «Балким алтынды көрбөгөн чыгар» деп амалданып: «Мен кызыл өгүз күчтүү дейм, катыным кара өгүз күчтүү дейт, мунун кайсынысы күчтүү?» деди. Анда тиги киши: «Ой, акмак десе, кудай урган сөздү айтат, ушул үчүн да адамды убара кыласыңбы?» деп бура тартты, дыйкан: «Жөн эле билмексен болуп жатат, эми чындап канга айта турган болду жана эле чынын айтпай» деп ойлонуп, кайта чакырат: «Ой, бери кел!.. Кайрыла кет, эми чынымды айтайын» дейт. Чоочун киши «ай ушунукун уга кетейинчи, балким бир маанилүү сөз болбосун» деп, кайрадан кайрылат. Дыйкан
кайтадан кууланып: «Бул айдалган жерге мен таруу себейин дейм, катыным
буудай сепкиниң дейт, кайсынысын сепсек жакшы чыгат?» деди эле, анда
жолоочу:
— Айтканың ушубу?
— Ооба, ушу.
— Башка сөзүң жокпу?
— Жок.
— Анда сен, жеткен акмак экенсиң — деп, бастырып кете берди.
Дыйкан эми чындап коркуп: «Кой, эми бул ачуусу менен барып канга айтса,
кан мени өлтүрөт, андан көрө мындан мурун өзүм алып барайын» деп, өгүздөрүн
чыгарып, алтынды капка салып көтөрүп үйүнө келди да: «Ой, катын бол, мен
канга барам, тезирээк тамак бер» деди.
— Канга эмнеге барасың?
— Өзүмчө жумуштап эле.
— Кан чакыртыптырбы?
— Жок.
Анын сөзүнө катыны каткырып күлүп: «Бар, жолуңдан калба, кан сага кызын
берип калса ажап эмес» деп тамак берип коюп, эшикке чыгып: «Эмне алып
келдиң?» деп, каптын ичин ачып караса, ат башындай алтын жатат. Катын
алтынды катып коюп, ошончолук чийдин дүмүрүн капка салып коёт да,
билмексен болуп кайта үйгө кирет. Дыйкан шашып-бушуп тамак ичип, эшикке чыгат да капты көтөрүп жөнөп калат. Канга келип кирейин десе кароолчу жигит киргизбейт.
— Кайда барасың?
— Канда жумушум бар.
Анда жигит: «Сен туруп тур, мен канга барып айтайын» деп кирип кетет да:
«Таксыр каным, сизге бир адам келди, көтөргөн кабы бар, кирүүгө уруксат
сурайт» деди. Кан «Кирсин!» деп, уруксат берди. Дыйкан кирип келип, таасим
кылып, эмне айтарын билбей делдиреп кандын маңдайына туруп калды. Кан:
«Эмне келдиң?» деп сурады эле, «Сизге муну алып келдим» деп, кабындагысын
силкип жиберсе, чийдин дүмүрү тоголонуп, топурак-мопурагы менен кандын
алдына түштү. Аны көрүп: «Мен алтын алып келдим десем, чийдин дүмүрү болуп чыкса, кан мени чындап өлтүрөт экен» деп, дыйкандын эси чыгып кетти. Кандын чындап эле ачуусу келип каарданып: «Эй акмак, сен эмне үчүн тактымды булгайсың? Буга окшогон чийдин дүмүрү талаада азбы, мунун эмнеси таңсык, желдеттерди чакырып башыңды алдыртайынбы?» деди. Дыйкан шашкан бойдон:
«Кулдугум бар, каным, кандын акылы миң кишиге барабар» деген сөз бар эмеспи.
Бул чийдин дүмүрүн мен беш кадак десем, катыным сегиз кадак дейт. Канча
экенин биле албай, чечсе да кан чечет деп, сизге алып келдим» деди. Анда кан:
«Кууланып жаткан баш кесер болуп жүрбөсүн, сынап көрөйүнчү» деп, ойлоп: «Бул итти эшикке чыгарып сабап туруп, камап салгыла» деп жигиттерине буйрук берди.
Дыйканды эшикке алып чыгып сабап туруп, камап салышты эле: «Канда сөзүм
бар, эми бир эле алып баргыла» деп кыйкырды. Жигиттер ээрчитип канга алып барды эле, кан: «Эмне сөзүң бар?» деди. Анда дыйкан: «Бул топуракты мен семиз жердики десем, катыным арык жердин топурагы дейт, экөөбүздүн кимибиздики туура, адилет кан эмессиңби, эртерээк чечип берип үйүмө жөнөтчү» деди. Кан:
«Бул бир келжиреген келесоо эме көрүнөт, уруп туруп, сарайдан чыгарып
таштагыла деп, жигиттерине буйрук берди. Дыйкан сенделе басып үйүнө араңдан зорго кечинде жетти. Катыны алдынан тосуп, каткырып күлүп: «Ии, кандын күйөөсү Канбача, кадырлуу конок болуп, кайткан түрүң бар» деп, үйгө киргизип майлуу эт, казы-карта алдына койду эле, дыйкан көрүп турган көзүнө ишенбей:
«Катын мен бир балаага жолуккандай көрүнөм. Көрүнчүсү көзүмө көрүнүп
жаткан окшойт. Буурусун айдап жүрүп, аттын башындай алтын таап алдым.
Канга алып барсам чийдин дүмүрү болуп чыкты. Кан сабаттырып коё берди. Үйгө келсем, нанга кенен жетчү эмес элек, казы картаны алдыма коюп отурасың. Бу да кудайдын көрсөткөн бир сырыбы деп, көзүмө ишене албай отурам» деди. Анда катыны күлүп: «Алтын тапканың да чын, алтын деп чийдин дүмүрүн канга алып барып таяк жегениң да чын, азыр жей турган казы, карта экени да чын, көзүңө көрүнгөн эч нерсе жок, коркпой колуңду салып жей бер» деди. Дыйкан иштин жайына түшүнүп: «Катын сен акылдуу, кан экөөбүз акмак экенбиз, мен канды алдасам, экөөбүздү Тең сен алдапсың, бирок аз гана таяк жегеним болбосо, иштин баары биздин пайдабызга чечилиптир» деп катынына аябай ыраазы болду.
Ошентип дыйкан алтынды четинен сатып, керегине жумшап, жыргап жатып
калган экен.

АМАЛДУУ КЕДЕЙ

akylduu kedei

Илгери бир кан: «Кимде ким мага жыл маалында Кыдырды көрсөтсө, бир
табак дилде берем, көрсөтпөсө башын аламын» деп жар салат. Бир кедейдин
аялы: «Барып кандын дилдесин алып келгин» деп күйөөсүн уруша берет. Кедей:
«Жыл маалында өлүп калайынбы, барбаймын. Анда аялы: «Үстүбүздө тиккен
үйүбүз болбосо, кийерге кийим, ичерге тамак жок болсо, баары бир жыл
маалында өлөбүз, андан көрө ичип-жеп бир жыл болсо да жашап туралы, барып алып келгин» дейт. Аялынын тилине уугуп, айласы кеткен кедей канга барып; «Менин азыркы абалым да өлгөн менен тең, дилдеңизди бериңиз, жыл маалына чейин кудайдан тилеп көрөйүн» дейт. Кандын дилдесин алып келип, ичип-жеп жата беришет.
Бир күнү эсептешсе, жыл маалына жети күн калыптыр. Ошондо кедейдин
аялы: «Жети күндөн кийин вазир келет, мен сени Кыдырды издеп кеткен
деймин» деп, күйөөсүн качырып тоого чыгарып жиберет. Тоо-ташты аралап
жүрүп, кедейдин чокоюу бат эле түшүп калат. Үйүнө келсе, аялы кайра кубалайт.
Бир күнү «Эмне болсо да үйгө барып өлөйүн» деп келе жатса, алдынан бир киши чыгат. Андан качайын десе, артынан бир киши чыгат. Андан качайын деп, алдынан келаткан кишиге капталып калат. Салам берип токтоп туруп ага чын сырын айтат: «Жокчулуктун айынан убактысынча болсо да ичип-жеп туралы деп, жыл маалында Кыдырды көрсөтмөк болуп кандан миң дилде алдым эле. Дилде болсо түгөндү, бирок, Кыдырдын көрүнөр түрү жок. Тоо-ташта баш калкалап жүргөнүмдүн себеби ушул». Тиги чоочун киши: «Оо жолуң болгур, кандан качып кутула албайсың, кан сени өлтүрүп эмне кылсын, андан көрө: «Каным, жокчулуктун айынан бир табак дилде алганым чын эле, Кыдырды таппадым» деп эле алдына баргын» дейт. Анда Кедей «Канга да барар элем, бирок аялыма баруудан корком. Жок дегенде үйүмө киргизип эле койсоңуз» дейт. Чоочун киши кедейдин сөзүн кыйбай аялына ээрчитип келет. Кедей жан-маны калбай, колунан келишинче сыйлап конок кылат.
Эртеси тиги киши: «Эми чочубай эле канга бара бер, мен кетейин» деди эле,
кедей: «Жок дегенде кандын дарбазасына чейин узатып койсоңуз, жүрөгүм
даабай жатат» деп, туткактап кетирбей койду. Кандын дарбазасынын жанына
келгенде, «киргизип койсоңуз, коркуп жатамын» дейт. Кедей кишини
кароолчуларга ээрчитип: «Канга айткыла, мен убада боюнча Кыдырды
көрсөткөнү алып келдим, тосуп алсын» деди. Аны угуп, кандын сарайы бүлгүнгө түшүп калат. Муну укканда тиги кишинин эси чыгып, кетенчиктеп кетмек болду эле, кедей: «Баары бир, эми сен да өлөсүң, мен да өлөм, ажалдан кутулуунун бир гана жолу бар, кан кирип келип: «Ассалом алейкум, Кыдыр ата» деп салам берет.
Алик алба. Саламын дагы кайталайт, унчукпай тура бер, акыры Кыдыр ата эмне унчукпайт» деп менден сурайт. Андан аркы жоопту мен берем. Сен белги
бергенде гана эшикке чыгып жок бол» деди.
Аңгыча кан кирип келип, эки колун бооруна алып, «Ассалом алейкум, Кыдыр
ата» дейт. Тиги алик албайт. Кан тизесин бүгүп саламын дагы кайталады. Чоочун киши унчукпай тура берет. Кандын тынчы кетип: «Касиеттүү Кыдыр ата, эмне унчукпайт» деп кедейден сурады эле, ал «Кыдыр ата адамдардын көзү ачык турганда сүйлөбөй да, касиетин көрсөтпөй да коёт деп уккамын» дей салды. Кан токтолбостон бүтүндөй сарайындагыларына көзүн жуумп турууга буйрук берди.
Ошол мезгилде кедей жигит «чыгып кет» деп кол шилтеди эле, тиги киши жылып жоголду. Кан күтө-күтө чарчап көзүн ачса, Кыдыр түгүл карааны да жок. Кедей болсо: «Бир көрөөрүн көрдүң эми каным, ыраазысың го» деп, басып кеткен экен.

КӨСӨӨ

kosoo


Илгери бир кандын жалгыз уулу болгон экен. Ал бир күнү жатып түш көрөт,
түшүндө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок бир кыз көрүп, ага ашык болот.
Эртеси баланын эч нерсеге көңүлү чаппай, сырын эч кимге айтпай, бүк түшүп
жатып калат. Бул кабар канга жетип, ал келип: «Балам, сага эмне болду? Көңүлүңө
кандай кайгы толду?» деп, сыр сурайт. Анда баласы: «Ата бир ажайып түш
көрдүм, ай десе аркы, күн десе көркү жок бир кыз көрдүм» дептир. Кан иштин
жайына түшүнүп: «Түшүндө көрүп ашык болгон кызыңды издеп тапкын» деп
баласына уруксат берет. Бала атасынын калкын бүт кыдырып түшүндө көргөн
кызды таппайт. Нечен сулуу кыз көрөт, бирок, бир да бирөө көңүлүнө жакпайт.
Акыры атасынан кырк төөлүк дилде алып, шайдоот жигиттерден кырк жигит
ээрчитип, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып чыккан экен. Бирок, издеген кызы
табылбай, арып ачат. Акыры кырк төөлүк дилде түгөнүп, аттарынан ажырап,
мусапырчылык баштарына түшөт. Ошондо кырк жигит өз ара акылдашып:
«Таксыр каным, кырк төөлүк дилдени да түгөттүк, аттардан да ажырап,
мусапырчылык башка түштү, аман-сообузда элди көздөй кайталык» дешти. Анда
бала: «Кырк жигитим силерге уруксат элге, кайткыла, атама кабар айткыла, кырк
төөлүк пулдан жок, же аттан жок, же издеген кызымды таппай, элге кантип
барамын, мен ошол түшүмдө көргөн кызды издеп, жер кезип тентип кетемин»
деген экен.
Бала аларды жөнөтүп жиберет да, эки этегин кайра кыстарып, колуна темир
таяк алып, бутуна темирден чарык тартып, жолго жалгыз өзү чыккан экен.
Барбаган эли калбай, баспаган жери калбай, кыдырып отуруп, ыргайдай болуп
арып-ачып, араң дегенде бир шаардын четине келип калат. Эртеси шаардын
четиндеги бир чөп алачыкка кирсе, бир чал-кемпир отурат. Бала кирип барып:
«Ассалом алейкум!» дейт. «Алекима ассалоом, о балам, кайдан, эрдиң кеберсиңки,
этегиң түгөнүңкү, алыс жолдон келе жаткан түрүң бар» дейт. Бала: «Ата, баласы
жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөмүн». Ага баласы жок бечаралар
кубанышып, «жакшы болот» деп бала кылып алышат. Кемпир, чалдын бир
эшегинен башка эч нерсеси жок, күнүгө эки тең отунду базарга сатып, ошону
менен жан сактаган бечаралар экен. Бала күнүнө эки тең отунду базарга алып
барып сатып, түшкөн тыйынга кант, чай алып кемпир, чалды багып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде бала каадасынча эшекке эки тең отун артып базарга
келсе, базар тарап калган кези экен. Отунун эптеп бир теңгеге өткөрүп кайра
келатса, жанына кырк кыз ээрчитип, сурнай-керней тарттырып, шаан-шөкөт
менен баягы түшүндө көргөн сулуу кыз алдынан чыгат. Бала кызды көрүп, эстен
танат. Эсин жыйып жанына барайын десе, желдеттер кубалап жибербейт.
Ошентип, ыйлай-ыйлай, үйүнө кайтат. Үйүнө келсе кемпир, чал: «Ээ балам, аман
эсенсиңби?» дешип башынан суу айландырып, чачып басып жыгылышат. «Ээ ата,
жарыктык, мынчалык эмне кабатыр болдуңуз, барып жүргөн эле базарым,
эмеспи, келет элем да?» дейт. Анда чал: «Ээ балам, бу дүйнөдө бирөө шапар тээп,
жан жыргатат бирөө биз сыяктуу бир тойгон тамагына курсант болуп күн
өткөрөт. Бүгүнкү күнү кандын кызы кырк кызын ээрчитип, керней-сурнай
тарттырып базарга чыкмак. Сага эскертпей унутуп калыптырмын, ал күнү эч бир
эркек базарга чыгууга тийиш эмес. Жума күнү базарга барган эркекти кан
өлтүрүп койчу эле, ажалың жок экен» деп сүйүнүшүп, баласын караса, эки көзү
шишиген, кемпирдин эптеп кайнаткан чайына да табыты тартпай бүк түшүп
жатып калат.
Кемпир менен чалдын шаштысы эми чындап кетип: «Айланайын балам, бизди
кыйнабачы, бирөөдөн запкы көрдүңбү, же бирөөдөн жаман сөз уктуңбу, эмне
болду?» дешти. Бала башынан өткөргөндөрүн бүт айтып берди: «Мен кандын
баласы элем, түшүмдө бир кыз көрүп, ага ашык болуп, издеп чыкканыма жети
жыл толду. Ошол кызды ушул шаардан таптым. Же силерде каруу-күч жок, же
өзүмдө айла жок, ошого капа болуп жатамын» деди. Кемпир-чал муну угуп,
аябай кейишет. Акырында чал: «Балам, урушта туруш жок, эртерээк аракет жаса.
Бир айланы тапса: «Көсөө» деген эл табат, ал элдин атасынан баласына дейре
айлакер чыгып, амалдуу келет. «Айыгаар оорунун дабасы өзү табылат» дегендей,
эбепке-себеп болуп калса ажеп эмес» деди.
Бала кемпир-чал менен коштошуп, жөнөй турган болгондо баягы чал: «Ээ
балам, бала-бото болуп калдың эле, жөө жүрбөй мына бул эшекти минип кет»
деди. Бала: «Ата, мен жалгыз эшегиңерди минип кеткенде күнүңөр эмне болот,
оокатыңар өтпөй калбайбы?» деп болбой койду. Чал: «Балам, аз да болсо
анча-мынча күнгө жол азык болоор» деп баягы бала отун сатып алып келген бир
теңгени чөнтөгүнө салып берип, жөнөтүп жиберди. Ошентип, бала эки этегин
кайра түрүнүп «көсөө» деген калкты издеп жүрүп отуруп, жолдо жер айдап
жаткан бир дыйканга жолукту. Дыйкан өгүздү жетелесе, буурсунду кармоого
киши жок, буурусунун кармаса, өгүздү жетелеген киши жок, аябай кыйналып, жер
айдап жаткан экен. Баланы көрө коюп сүйүнүп: «Ай, жигит, кел ортоктошуп жер
айдайлы, же буурсунду карма, же өгүздү жетеле» деп чакырып калды. Бала:
«Зарыл иш менен жүрөт элем, дүнүйөнүн кереги жок» деди. Анда дыйкан: «Ээ,
балам, эрдиң кеберсиңки, этегиң түгөтүңкү, жабыр тарткан адам экенсиң,
издегениң эмне?» деди. «Аке, «көсөө» деген калкты издеп чыктым эле». «Бол эми
батыраак, ишке кир, «көсөө» деген элдин өзү чыгарбыз. Болгондо да эки көзү
чыгарбыз, жетеле дегенде жетеле, өгүздү» деп дыйкан ачуулана баштады.
Бала издегени оңой табылганына кубанып, дароо чечинип кош өгүздү келип
жетеледи. Экөө бат эле жерди айдап бүтүрүшүп жайланышып отурганда,
дыйкан-көсөө баладан сыр сурады:
«Кана, балам, эмне сырың бар? башыңан өткөн-кеткенди сүйлөчү?» деди.
Бала түшүндө бир кызды көрүп, ага ашык болуп издеп чыккандыгын, бир
шаардан ошол кызды көргөндүгүн төкпөй-чачпай дыйканга айтып берди да:
«Эми аке, бир үмүтүм сизде калды. Эптеп кызды алып бериңиз» деди.
Көсөө муну угуп: «Канча пулуң бар?» деп сурады. Бала: «Бир теңгемден башка
эч нерсе жок» деп жооп берди. Дыйкан: «Ошол жетет» деп, баланы ээрчитип алып,
бир топ койчуларга келди да, кызык окуялардан кеп салып, сөзгө уютуп отуруп
«эми мырзалар, бир теңге берейин, бир жандык саткыла» деди.
Койчулар бирин-бири карашып туруп, бир серке жетелеп келишти эле,
дыйкан серкени бир колуна, теңгени бир колуна кармап туруп, дагы кызык
аңгеме салып, койчуларды кыраан-каткы күлдүрүп отуруп, кеч киргизди.
Койчулар кетмек болуп камынып калышты эле, Көсөө: «Ээ, мырзалар менин бир
серке, бир теңге пулум бар, экөөн тең берейин, бир токту саткыла» деди.
Койчулар бир теңгени, серкени алып, бир токту беришти. Эртеси күнгө жума
экен. Көсөө токтуну балага жетелетип алып базарга чыкты. Аңгыча
керней-сурнай тартылып, кандын кызы кырк кызы менен базарга келип кирди
эле, Көсөө балага: «Мен эмне кылсам ошону жасап мени туурай бергин» деди да,
койду жерге көтөрүп уруп, арт жагынан мууздап кирди. Кыздар муну көрүп таң
калышты. Аңгыча бир кыз: «Ой, адамдар, аягынан мууздабай, башынан
мууздагыла» деп, көрсөтүп бере койду. Бала койду мууздады эле, Көсөө жонунан
жирей баштады. Анда экинчи кыз: «Ой, жонунан жиребей, бут жагынан
жирегиле» деди. Ал аңгыча болбоду, «эмне эл үймөлөктөшөт» деп кандын сулуу
кызы да келип калды. «Кайдан келген, эмне болгон жансыңар?» деп суроо салды.
Анда Көсөө: «Ээ: биз бир жүргөн мусапырбыз, береги койду бирөөдөн кудайы
сурап алып, союп жейли деп жаттык эле» деди. Кандын кызы бир нөөкөр кызына:
«Булар бир бечаралар экен, казан, тулга алып келип бере сал, бышырып жешсин»
деп буюрду.
Ал кыз келгенче Көсөө кыздарга кызык кептерден салып, күлдүрүп отурду.
Аңгыча болбой казан, тулга алып, кыз келди. Көсөө тура калып тулганы коё
койду эле, бала казанды көмкөрөсүнөн аса салды. Көсөө карап турсунбу,
көмкөрөсүнөн аскан казанга суу куюп киргенде, карап турган кыздар: «Андай
аспай, мындай аскыла» деп, казанды асып, суу куюп, эт салып беришти. Аңгыча
бала тезекти алып келип, капкактын үстүнө калай баштады. Муну көргөндө
кандын кызынын боору ачып үч кызга: «Бул бечаралардын этин бышырып
берип, тойгузуп койгула сообу тиер» деди. Бул учурда Көсөө кыздарды кызык
аңгемеге кызыктырып, кыраан-каткы күлдүрүп, алаксытып кечке калтыруунун
амалында болду. Анткени кандын уруксаты боюнча кыздар бешимге чейин гана
базарламак; эгер бешимден калса, кан алардын башын алмак.
Кыйлада барып койдун эти бышты. Кыздар этти чарага чыгарып, эки байкуштун
алдына коюшту эле, экөө этти үзүп алышып, биринин оозуна экинчисин салып
кирди. Кандын кызы: «Ар кимиңер өз-өзүңүр жегиле» деди. Алар: «Биз өз
оозубузду көрө албайбыз, ошондуктан бири-бирибиздин оозубузга салып
жатабыз » деп коюшту.
Ошентип, эрмектеп отуруп, этти жеп бүткөнчө убакыт өтүп, кыздардын
тынчы кетип, дүрбөлөңгө түшүп калышты. Көсөө болсо бешим окуп, кыйкырып
кирди. Кандын кызынын жаны чыгып: «Айланайын, соопчулукка акырын окуй
көр, кан угуп калса биз да өлдүк, силер да өлдүңөр» деди. Анда Көсөө: «Мен өлөт
элем деп, намазымды таштамак белем» деп, ого бетер үнүн бек чыгарып окуй
берди. Акыры кыздардын айласы кетип: «Эмне кааласаң ошону ал, деги акырын
окуй көр» деп суранышты эле, Көсөө: «Бизди ортоңорго жашырып, өзүңөр менен
бирге сарайга ала киргиле» деди. Кыздар макул болушуп, аларды ортого алып
көрсөтпөй, кандын сарайына алып кирип кетишти. Аңгыча дигер окуй турган
убакыт болду. Көсөө адатынча заңгырап кыйкырып киргенде кандын кызы бир
вазир кызын ээрчите чыгып: «Ой, жана эле айтпадым беле, акырын окусаң боло,
кан укса мени да сени да өлтүрөт» деди эле, Көсөө: «Оо, каныша жана мен бешим
намазымды саткам, азыр мен дигер намазымды окуп жатамын» деп жооп берди.
«Кудай жалгагыр, деги каалаганыңды ал, анчалык озондобочу» деди. «Эми
бир баштык алтын берсең экен». Каныша: «Бир баштык алтын алып келип
бергиле» деп кыздарына буюрганда, кыздар дароо бир баштык алтын алып келип
беришти. Аңгыча намаз шам болду. Көсөө намаз окуган болуп дагы да, кыйкырып
киргенде кандын кызынын вазири чыгып: «Дагы эмне кемтигиң бар, акырын
окуй албайсыңбы?» деди эле, Көсөө: «Биз бул жерден коркуп жатабыз, өзүңөрдүн
үстүңөргө алсаңар экен» деди. Кыздар: «Кан угуп калат экен» деп жандарынан
коркушуп, үстүлөрүнө киргизип коюшту эле, Көсөөнүн тынч алар көзү жок, дагы
бир куптан окуп заңгырады. «Кайдагы эмелерге кезиктик эле» деп кандын
кызынын чындап айласы кетип: «Ээ, бөөдө мерт боло турган болдук, максатыңар
эмне?» деди. Муну укканда Көсөө ордунан ыргып туруп, баланын башынан өткөн
окуясын баяндап келип: «Ушунча жер кезип, сен үчүн тентиреп жүргөн баланын
көңүлүн жубатып, жок дегенде өзүң жаткан үйгө кийирип койсоң» деп суранды.
Кыз макул болуп, баланы өзү жаткан үйгө кийирип алып, жөн-жайын сурап
билип, ашык болуп калат. Таң атып келаткан мезгилде Көсөө баланы чакырып
чыгып, коргондун түбүнө ээрчитип келет да, адегенде аны дубалдан секиртип
түшүртүп андан кийин алтынды алып берет. Акыры өзү түшмөк болуп жатканда
кандын кароолчусу ойгонуп калып, Көсөөнү зым камчы менен бутка үч чабат.
Ошондо Көсөө дубалдын кырында туруп: «Ээ, ит, алсак кандын алтынын алдык,
жатсак кандын кызынын жанына жаттык, кызталак сенин эмнең кетти, акыры
сага үч кылбасам» деп дубалдын сыртына кулап түшүп кеткен экен.
Экөө бир баштык алтынды көтөрүп алып Көсөөнүн үйүнө келишет. Эртеси
Көсөө базарга чыгып, аялдын жасалгалуу кийим кечегин, атыр-упа, эндик, жыпар
сатып келет да, кечинде аялча кийинип, атырдан куюнуп, эндикти сүйкөнүп
сулууланып алып, кандын сарайынын астынан өтүп баратканда баягы кароолчу:
«Ой, беймаал убакта өткөн ким, бери кайрыл» деп кыйкырып калды эле, Көсөө
үнүн аялдардыкындай жасап ичке чыгарып, «ии ботом, мен эле» деди.
«Беймаалда кайда баратасың?». «Бир байбачанын зайыбы элем, күйөөм үстүмө
токол алам дегенинен ызама чыдабай төркүнүмө кетип баратамын». Күзөтчү
жыпардын аңкыган жытына мас болуп, кыйшалактап: «Азыр бирөөлөр беймаза
кылаар, бул жерде конуп ал, эртең таң эрте жолго салайын» дейт. Көсөө макул
болуп күзөтчү менен сарайга кирсе, кире бериште төрт казык кагылып туруптур.
Аны көрө сала ойсоктоп: «Ии ботом, бул эмне деген казык?» деп сурады. Күзөтчү:
«Күнөөкөр болгон адамды керип сабай турган жай» деди. Көсөө түшүнбөгөн
киши болуп: «Ии, ботом, кантип кересиңер?» дегенде кароолчу: «Мунун эмнесине
түшүнбөйсүң?» деп, баягы жерге жата калып, колу-бутун төрт казыкка керип
түшүндүрө баштады эле, Көсөө: «Ии ботом, мындай-мындай турбайбы» деп,
кароолчунун колу-бутун керип, төрт казыкка байлап: «Ээ ит, алсам кандын
алтынын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, сен мени дүрө камчы
менен үч чапкандай эмне жаздым» деп, күзөтчүнү дүрө камчы менен сабай
баштайт. Аябай эсин оодарып, бир кулагын чырт кесип алып, бир өчүмдү алдым,
«экөө сенин мойнуңда» деп кете берет.
Үйүнө барып кулакты кебезге оротуп каттырып коёт да, эртеси ат сатып
алмак болуп, баланы ээрчитип алып базарга чыгат. Базарда не бир тулпар, не бир
жорго, не бир аргымактарга Көсөө көңүл бурбайт. Акыры кечке убара болуп
жүрүшүп бир кыска, бир узун эки ак кийим, куйругу сопол соңк-соңк желген бир
коңкойгон чаар атты, бал китеп, түрлүү дары-дармектерди сатып алып үйлөрүнө
кайтышты. Кечинде Көсөө узун кыскалуу ак кийим кийип, селде оронуп, бир
куржундун бир жак көзүнө китептерин, бир жагына дарыларын салып намаз
шамдан өткөн убакта чаар ат менен соңк-соңк желип, кандын эшигинин алдынан
өттү эле кан: «Бу беймаалда өтүп бара жаткан ким тарт бери!» деди. Көсөө аттан
түшүп, эки колун бооруна алып: «Таксыр каным береги жактагы бир ооруу
кишиге дары-дармегимди, бал китебимди алып бараттым эле, кеч чыгып
калыпмын» деди. Кан: «Андай эле олуя болсоң, менин кандыгымда эмне окуя
болуп жатат айтып берчи?» деди. Көсөө: «Куп болот, таксыр» деп бал китепти
ачып, окуган болуп болгон окуяны баяндады да: «Сиздин элде бир оору бар экен,
ал киши кулагынан оор жарадар экен, азыр кыйын абалда жатса керек» деди. Кан
анын көз менен көргөндөй таамай айтканына таң калып: «Олуям, ошол бечараны
айыктырып бербейсиңби, жарасы кудум сиз айткандай» деди. Кандын сөзүнө
макул болуп: «Таң атканча окуп чыгып, таң атканда жаратына дары сыйпайм,
айыгып кетер, бирок, менин айтканым орундалбаса, эмим конбой калышы да
мүмкүн» деди.
Анда кан: «Эмне болсо да орундатайын, айтыңыз» деди. «Эмесе үч боз үйдү
катар тиктирип, жыйырма жигитке үч үйдү курчап кыйкырып турууга буйрук
бериңиз. «Алар мен болду дегенде гана үндөрүн бассын» деди. Кан макул болуп,
Көсөөнүн айтканындай жыйырма жигит камдап, үйдү тегеректетип койду. Көсөө
болсо атын үйдүн жанына байлап, кандын жигиттерин: «Таң саарында бир боо
чөп алып келип салып койгула» деди да, оорулуунун үстүнө кирип кетти. Элдин
алды жатканда жыйырма жигит кыйкырып кирди. Ошентип, күрүү-күү, чуру-чуу
түшүп жатканда Көсөө: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым, жатсам кандын
кызынын жанына жаттым, сен үч чапкандай мен эмне кылдым?» деп, таң атканча
күзөтчүнү тепкилеп, экинчи кулагын да кесип алып кете берет.
Таң саарында кандын жигиттери бир боо чөп алып келип атка салып, оору
жаткан үйгө кирсе, эч ким жок. Күзөтчү айыкмак тургай тулуптай шишип, экинчи
кулагынан да ажыраган, канга боёлуп, араң эле жаны калыптыр.
Жигит кыйкырыкты араңдан зорго басып канга чуркап келип: «Каным,
күзөтчүнү айыктырмак тургай, айласын кетириптир, араң эле жаны жатат,
олуяңыздан дайын жок» деди. Көсөө болсо үйүнө келип, экинчи кулакты да
балага каттырып койду.
Кан каарына катуу алып: «Миң башы жүз башына айтсын, жүз башы элүү
башына, элүү башы элге айтсын, бир кишини калтырбай жыйып берсин, мен аны
тааныймын» деп буйрук берип, элди чогултту. Муну угуп баланы ээрчитип Көсөө
келди да: «Капырай кандын керемети болот дечү эле, таанып койбосун, сен
барып байкап келчи» деп баланы жумшап жиберип, өзү элдин четирээк жагында
карап турду.
Аңгыча башка шаардан келаткан бир байбача жигит желмаян минип,
Көсөөнүн алдынан чыгып: «Бул эмне деген чаң-тополоң?» деп сурады эле, Көсөө:
«Оо жигит, желмаянды такымга бир салып, кандын алдынан: «Бакырыңа эки
кылган мен элем» деп өтсөң, кан тактысын да, кызын да сага берет, өзүңдү «кан
күйөө, бек күйөө» деп, кадырлап, тактыга отургузушат. Кудайдан корксоң,
бирөөнү мага берерсиң» деди. Ала көөдөн байбача желмаянды такымга бир
салып: «Бакырыңа эки ирет кылган мен элем» деп, желмаяндын оозун коё берип,
кандын алдынан өттү. Кан: «Кармагыла» деп буйрук берди. Кандын жигиттери
анын артынан жөнөп калды. Желмаян жеткирүүчүдөй эмес, жел менен кошо
закымдап, учуп отурду. Ал эми ала көөдөн байбача: «Качан мага жетишип, «кан
күйөө, бек күйөө» деп кулак, мурдумдан чоюшат, деп, желмаяндын оозун тартып
кылчактап жүрүп отурду. Кандын жигиттери байбачаны кууп кеткенде, Көсөө
баягы күзөтчү жаткан үйгө кирип: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым,
жатсам кандын кызынын жанына жаттым, үч чапкандай мен сага эмне жаздым?»
деп аябай сабап, эсин оодарып, мурдун кесип кете берет.
Кандын жигиттери байбачаны кууп, жетип кармап, кандын алдына алып
келишти. Кан: «Кана, жигит, эки ирет кылганыңдын жөнүн айтчы?» деди эле байбача жигит коркуп калтаарып, «минтип айт» деп ушул жерден бир жигит айтты
эле, мен өзүм башка шаардан келе жаткан бир жолоочумун» деп, чынын айтып
берип кутулду. Аңгыча болбой эшиктен бир жигит кирип келип: «Таксыр кан,
баягы бечаранын мурдун да кесип кетиптир» деди. Ошондо кан элине жар
чакыртты: «Кимде-ким ушул кылган ишин жашырбай айтып берсе, мен ошого
кандык тактымды, таажымды, казынамды жана кызымды да беремин» деди. Бала
муну угуп энтеңдеп Көсөөгө жүгүрүп барды да: «Жүрүңүз эртерээк, канга барып
чыныбызды айтып, кызын да тактысын да, таажысын да алалы» деди.
Аңгыча Көсөө: «Кан өз оозу менен айттыбы, сен өз кулагың менен уктуңбу?»
деп сурады эле, бала: «Кан өз оозу менен айтты, мен өз кулагым менен уктум»
деди.
Көсөө арыдан бери эки кулак, бир мурунду жанына салып, жакшы кийим
кийгизип, баланы ээрчитип канды көздөй жөнөп калды. Келишсе эл чуру-чуу,
күрү-күү: «Мен кылдым» деген чуудан кулак тунат. Ар ким ошентип жатканда
Көсөө баланы кандын алдына жетелеп келип: «Таксыр каным, кечсең күнөөм
мына, кессең башым мына» деп, бардык окуяны баяндап берди.
Кан Көсөөнүн сөзүн угуп отуруп: «Ушул айткандарыңды кантип
далилдейсиң?» деп сурады. Көсөө күзөтчүнү алдырып, кулагын кулагына, мурдун
мурдуна коё койду эле, кадимкидей кыналышып ордуна келди. Кан Көсөөгө
жыгылып, тактысын, таажысын балага берип, кызын да ага берген экен. Ошентип
бала тилегине жетип, кан болуп, түшүндө көргөн кызын алат. Баягы бечара
кемпир-чалды алдырып өргөө көтөрүп берет да, Көсөөнү үйлөндүрүп өзүнө
башкы вазир кылып алат.
Ошол кезде баланын өз атасы күйүткө алдырып, кандыктан ажырап,
жакырланып бүткөн экен. Бала өз атасын дагы көчүрүп алып, эки элдин башын
курап бардыгы жыргап жатып калышкан экен.

КАН МЕНЕН САЯТЧЫ

kan menen saiatchy


Бир күнү Чомотой саятчынын кабары каардуу кан Алдаярканга жетип калды.
Чомотой дүйнөдө эмне куш болсо ошол куштун тилин билет экен. Кай жерде
катылган казына болсо, чачылган алтын, күмүш, каухар болсо куштарды жумшап жыйдырып алат экен, азыр Чомотой саятчынын байлыгындай эч бир кандын байлыгы да жок имиш.
Дүйнөнү ажыдаардай соргон ач көз кандын сугу саятчынын өнөрүнө эмес,
анын дүнүйөсүнө катуу түштү. «Эптеп айыпка жыгып, байлыгын тартып алууга баш кесер желдеттерин «тез алып кел» деп саятчыга жөнөттү. Кан буйругу көз ачып жумганча аткарылды. Саятчы канга баш урунуп сурагынан өттү: «Алдаяр каным, биринчи намыр алланыкы, экинчи сиздики, кулдук уруу биздики, чакыртыпсыз келип калдым, буга айып этпеңиз». Мурунтан суроо берүүгө камынган кан кардуу жүзү менен: «Сен акмак куштардын тилин кайдан жана кимден үйрөндүң, ушуну айтчы?» Анда саятчы сабырдуулук менен жай гана:
«Алдаяр каным, муну өзүм да билбеймин, тилим чыкканда эле адамча жана кушча сүйлөп чыкты. Ата-энемден сурабай калыптырмын, алар илгери заманда эле а дүйнөгө кеткен, азыр менин эмне үчүн адамча да, кушча да сүйлөп калганымдын сырын билген киши жок. Бул жообума ыраазы болуңуз, каным, эми менин суроомо жооп берер бекенсиз?» деди саятчы. Саятчынын тубаса кушка тилмер экенине кандын көзү жетти, так берген жообуна кошумча суроо берүүгө чамасы келбей калды да, «кана, эмне сурамакчысың?» деди. «Алдаяр каным, мен сиз менен ушу жашка келгени көрүшкөнүм ушул, ооз ачып сүйлөшкөнүм да ушул. Сиз сөз баштаганда эле мени акмак дедиңиз, мунун жайы кандайча?» деди. Кандын эки көзүнөн чаар чыгып катуу ачуусу эми кайнады: «Сен чыныгы акмаксың» деди кан. «Акмактыгың ушул менин алтын, күмүш, каухарымды уурдап жатасың, куштарды жумшап ташытып алдың, ал күнөөңдү билбейсиңби? Башың менин кылычымдын мизинде турганын түшүнбөйсүңбү, акмак? Акмактыгыңды эми билдиңби?»
— «Кечирим, Алдаяр каным, — деди саятчы. Аларды мен уурдап алган
жокмун, менин дос куштарым сиздин өлкөнүн чегинен эмес, али да жапайы
айбандан башка адам изин сала элек, сырт өлкөдөн алып келишкен. Мен ал
өлкөнүн кай тарапта экенин айтсам, сиз таң калбаңыз. Сиздин жерди чегин
жакшы күлүк ат менен бир жумада кыдырып чыгууга болот, ал эми тиги бай
өлкөгө куштун учкуну кузгун бир жумада түз учуп жетип, кайра экинчи жумада гана келет». Саятчы сөзүн бүткөнчө кан чыдап тура алган жок. «Акмак» деди кан:
«Сен ууру эмесмин деп актанба, жеткен ууру экениңди мойнуңа аласың.
Биринчиден, менин чегимди буздуң, экинчиден, менин чегиме келген барлык
нерсе жалгыз гана меники, мага айтпай катып алганың үчүн башың алынат».
Саятчыга дагы башка күнөө таап жабайын деди эле, анда саятчы озунуп мындай деди: «Алдаяр каным, менин башымды кескенде эмне чыгат, болгон дүнүйөмдү сиз алыңыз, өз башым калса эле болгону. Бирок, Алдаяр каным, ошол алып, келген дүнүйөнү элге таратып ийдим эле, үйүмдө жарым кадак да жок, болсо, да анын мага кереги жок.
«Акмак» деди кан: «Сен жөн эле мага дүнүйөңдү кыйгың келбей жатат, сенин
дүнүйө казынаң меникинен да көп деп эл бекер айткан жок, казынаң кайда? Азыр жигиттериме айтып көргөзүп бергин, бир сөзүм эки эмес» деди кан. Саятчы:
«Эгер дагы жок десем башым кесилип калбасын, андан көрө болгон дүнүйөмдү
көргөзүп берейин» деп жигиттерди ээрчитип үйүнө жөнөдү. Кан болсо казынам эми толот деп каткырып ордодо калды. Кандын жигиттери саятчынын короо жайын нечен күн, нечен түн тинтип алтын, күмүш таба алышпады. «Сен эмне кан менен ойногуң келеби, казына кайда, айтпайсыңбы?» деди жигит башчысы.
«Мен аларды элге таратып жибергем» деди саятчы. Болгон окуя канга түгөл
айтылды. Чомотой саятчыны зынданга салдырып, кан бүт элге: «Кимде ким
Чомотой саятчыдан алтын, күмүш, каухар алса, кандын казынасына жеткирсин.
Эгер жеткирбей жашырса, баары бир билинет, саятчы менен кошо зынданга
түшөт, башы алынат» деп буйрук бердирди. Эл өз ара кеңешип: «Казына канга
гана ылайык, биздей букарага алтын, күмүштүн эмне кереги бар, кандын
казынасына жыйнап берели да, саятчынын өмүрүн сурайлык » дешип, алтын,
күмүш, каухарларын алып келишти. Чынында эле кандын казынасынан алда
канча ашып түштү. Кан ага да болбой, «дүнүйөнү элге таратып, элдин көөнүнө
жагып алып, куштарга да, элге падыша болгону жүргөн неме экен» деп, саятчыны катуу жазага тартмай болду.
Саятчы өлөрүн билип, желдеттен бир гана нерсе өтүндү: «Канга бир кезигип
өлсөм арман жок эле» деди. Каардуу кан акыркы жолу бир сөз сурап калууга өзү да макул эле.
«Алдаяр каным, менин өтүнүчүм ушул, башымды кечиңиз, бирок менин
денемди жерге көмдүрбөңүз, тетиги ак кар баскан Ала-Тоого таштатыңыз, бүт
канаттуу талап жеп кеткендей болсун, себеби мен ал канаттуулардын акысынан кутулган жокмун, жалгыз гана өз денем менен кутулбасам, менин колумда алардын керегине жарачу эч нерсе жок. Ушуну аткарсаңыз, мен чексиз ыраазымын, аткарууга «ооба» деген бир гана сөз айтыңыз да, менин башымды кесе бериңиз. Менде башка сөз жок, балким, каным, сизде болуп жүрбөсүн, айта бериңиз билсем, жооп берейин, билбесем дагы күнөөлүү болуп кете беремин».
Кан саятчынын өлүм алдындагы өтө зор кайратына жана камырабастыгына
таңданды. Кексе кан өзү ичинен аяган менен айтканынан кайтпаска тырышты, бирок саятчыга суроо берди: «Буга жооп берсең да, бербесең да башың алынат, ойлонуп туруп жооп бергин. Сенин тилегиң орундалат. Кана, акмагым, дүйнөдө кайсы жаныбар узун өмүр сүрөт жана анын себеби эмнеде?» деди. Саятчы кенедей да токтогон жок: «Дүйнөдө узун жашаган кузгун, анын себеби кузгун учкул канаттуу эмеспи талбай учат экен жана мүрөктүн суусун кайдан чыгарын билет экен. Ошондон ичет экен да миңге чыгат экен. Узун өмүрдүн дабаасы ошол, каным, ыраазы болгонуңузду билгизсеңиз мен да көңүлүмдү жайлап алайын» деди саятчы. Кан ыраазы же ыраазы эмес экенин айтпастан: «Мүрөктүн суусу кайда болорун билесиңби?» деди.
Саятчы: «Билем, бирок, өзүм өлүм алдында туруп, дүшманымдын узун
жашашын каалабаймын, сизге мен эртеңки күнкү өмүрдү да кыйгым келбейт. Сиз жазыксызды айыптап, эч сураксыз башын алдырып, алсызга күчүңүздү көргөзүп, өкүмүңүздү аткарып жатасыз. Ошондуктан, ал сыр менин каным менен жерге төгүлүп сиңип жок болушу мүмкүн».
Кан ойлоно түштү: «Чын эле саятчы акмак эмес, мен акмак болуп
жатпаймынбы, өз башы кесилген жатса, мага мүрөктүн суусун таап бермек беле? Андан көрө саятчыны мүрөктүн суусун таап бергенче өлүмдөн куткарып турсам, иш өңү эмеспи, акыры менин кылычымдын мизинен кутулбасы айдан ачык да».
Буга кур ачуунун кереги жок экенин сезген кан кекселик менен куру жылмайып күлүп: «Саятчы досум, сени кайраттуу жана акылман адам дегендиктен, өз көзүм менен бир көрүп сынайын дегенмин, эми сыныма толдуң, өмүрүң азат. Жанагы мен койгон айып куру жалаа, элден жыйган дүнүйө кайра таратылат, кабагың ачып күлүп, катын балаңа баргын жана кандын сени көп убара кылганын көңүлүңө албагын» деп, кан бурулуп ордосуна кирип кетти, саятчыны сакчылар үйүнө кое беришти. Саятчы түнөрүп үйүнө келди, эл кубанышты бирок, карыя кубанган жок. Эми токтоосуз кандын акыркы каардуу касабынан кутулуунун амалын издеди. Карыя өзүнүн конушуна конуп ары-бери өткөн канаттууларга сырын айтып, кандан кутулуунун амалын сурады эле, бардык куштар: «Адамзат менен кезикмей тургай жанына баргандан коркобуз» дешти. Акыры амалды бир жылкы окуяны, алдын ала мурун билген Соно куш ойлоп тапты. «Саятчым, — деди Соно — эч нерсеге капа болбо, каныңдын алты айлык гана өмүрү калыптыр, мүрөк суусу келерки ушул күнү даяр болот дегин, ага чейин кан өлүп калат, сен күткөн жыргал заман келет, кан өзү өлө койбой ага кошуна кан кол салат, камылгасыз жатканда басып алат, ал кан сендейди урматтаган эл баккан адилет кан».
Бир күн кан саятчыны чакырып мүрөктүн суусун алдырып бер деди. Саятчы
кыйылымыш болуп туруп:
«Ал алыс жерде бир жылсыз колго тийбейт» деди. Кан ага сүйүнүп макул болду. Көңүлү жайланды. Саятчыны коноктоп жолго салды.
Күткөн күн да келди, согушта арсыз кан жеңилди, эл согушка катышпай
качып-житип жок болушту. Жеңген кан элди жыйып Чомотойду элге башчы
кылып, кайра өз жерине кайткан экен. Чомотой куштун да, элдин да падышасы болуп көп жыл жыргап өмүр сүргөн экен.

ЖООМАРТТЫК


Мурунку өткөн заманда бир падыша болуптур. Анын кырк вазири бар экен.
Бир күнү падыша:
— Жоомарттык мал менен болобу же баш менен болобу? — деп вазирлеринен
кеп сурайт.
— Жоомарттык мал менен болот да, малы жок болсо кантип жоомарттык
болот, — дешет вазирлер.
— Жоомарттык мал менен болсо да силерде, дүйнө да силерде, үчөөң биригип
бир падыша элге той бергиле. Тоюңар кырк күндө тарасын — дейт падыша.
Ушуну менен той башталат экен. Тойду башкарган үч вазир болду. Той аяктар
күнү падыша думананын киймин кийип, башына күлө кийип, колуна аса таяк
алып, ийнине куржун салып, ак уруп биринчи вазир башкарып жаткан тойго
барат. Вазир көрүп: «Думанага кайыр алып чык!» деп, үйдөгүлөргө айтат. Тойдун түрлүү тамагынан табакка салып чыгышат. Думана куржунуна салып алып, экинчи вазир башкарып жаткан шаан-шөкөткө барат. Ал дагы думананы үйгө киргизбестен, кайыр садагасын берип сырттан жөнөтөт. Думана үчүнчү вазирге барат. «Үү» деп кайыр-садага сурап, үйгө конуп кетүүнү суранат. Бирок вазир:
«Үйдө төрө, мырзалар бар. Сен жатууга орун жок» деп жөнөтөт.
Ошондо думана караңгы киргенине карабастан көчө менен жүрүп отуруп, бир
кемпир менен баланын кара алачыгына дуушар болот.
Бала сыртка чыгып, думананы көрүп: «Думананы үйгө кондуралыбы?» деп
энесине айтат. Энеси: «Макул, айланайын, думана болсо үйгө кийир» дейт. Думана үйгө кирет. Бала бир байга үч жылы малай жүрүп, ошо күнү үйүнө акысына он кой алып келген экен. Бала энесине:
— Конокко бир кой соёлу — дейт. Энеси макул болуп коюн союшат. Ошондо
думана:
— Мага эки эле бөйрөгү керек, башка этин жебейм — дейт.
— Эки бөйрөккө да тоёбу! Андан көрө он койдун баарын соёюн. Жыйырма
бөйрөк болот, деп бала койлорунун баарын союп, думанага 20 бөйрөгүн берет.
Думана ак батасын берип, конбостон жүрүп кетет.
Эртеси кан өзүнүн падышалык таажысын кийип, той башкарып узаткан үч
вазирин чакыртып:
— Тойду кандай тараттыңар. Бай, кедей кылып бөлгөн жоксуңарбы? Тойго
думаналар келдиби? Жакшы коноктоп узаттыңарбы? — деп сурайт.
— Тойду абдан жакшы өткөрдүк, келген коноктордун баарын бирдей көрдүк.
Думаналарга кайыр-садага, чапан берип узаттык. Абдан ыраазы болуп кетишти,— дейт вазирлери.
— Менин байлаткан он коюм бар эле. Түндө жок. Уурдаган ууруну таап
келгиле — деп вазирлерине буюрат. Вазирлери чапкылап акыры базарга
барышат. Он койдун этин жаңыдан сата баштаган баланы көрүшүп, «падышанын коюн уурдаган ушул экен» деп, аны падышанын алдына алып келишет.
— Кой табылды. Ууруну алып келдик — дейт вазирлери. Бала малай жүрүп үч
жылдык эмгегине он кой алгандыгын, үйүнө жаңы эле келгенде бир думананын келгендигин, ага он коюн союп бөйрөктөрүн бергендигин айтат. Падыша вазирлерине баягы кайыр садагасын көрсөтүп «ушуларды тааныйсыңарбы?» дейт.
Вазирлер: «Биздин дасторкондон берилген жемиштер турбайбы. Думана
тойго келгенде бергенбиз» дешет. Ошондо падыша өзү думана болуп барганын,
коноюн десе «төрөлөр, мырзалар бар, үйгө батпайсың» деп, кондурбагандарын
айтып: «Жоомарттык мал менен болот бекен, же баш менен болот бекен?
Жоомарттык баш менен болот » мына деп вазирлерине көрсөткөн экен. Он коюн бир думанага бүт сойгон бала жоомарт, деп вазирлерин уят кылган экен. Падыша ошондо баланы биринчи вазир кылып алыптыр.

ХАНДЫН КЫЗЫ

handyn kyzy

Телегейи тегиз, бары жокко бийлик кылып турган бир атактуу кан болот.
Анын бир акылдуу кызы болот. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, кыз атасына «жакшы болмок миң күндө да, жаман болмок бир күндө» дейт. Анда эч кимдин айтканына көнбөгөн, өз билгенин бербеген кан ачууланат. Кантип эле миң күн жакшы болуп жүрүп, бир күндө жаман болуп калсын. Андай кыйын экенсиң, сени баягы «туурук таманга» берейин, ошону миң күндө жакшы кылып алчы, — дейт да, өмүрүндө жакшылык көрбөгөн, айткан сөзгө көнбөгөн, жыңайлак жүрүп, эти күйүп «туурук таман» аталган, бир бечарага кызын берип жиберет. Кыз ага кайгырбастан, күлүп-жайнап «туурук тамандын» үйүнө барат. Короонун ортосунда чалдыбары чыккан бир там турат. Тегерегине чөп-куурайлар өскөн, өмүрүндө шыпырылбаган, көрсө көңүл айныган ушундай жаман там.
Кыз келер менен: «Мен сиздин кабарыңызды алда качан билем, атайы сиз
менен бирге тиричилик кылууга келдим. Өлбөсөк турмушту улап кетербиз. Мен үй ичиндеги кызматты кылайын, сиз сырттагы кызматты кылыңыз. Менин да алып келген эчтекем жок, убакыт өткөрбөй жумушка киришели. Сиз барып бир көтөрүп отун алыңыз да, базарга алып барып сатып, келишинче ун жана бир-эки татым туз алып келиңиз» дейт. Анда «туурук таман» таң калган бойдон айтканын аткарууга жөнөп кетет. Ал жөнөп кеткенден кийин чалдыбардын жыртык-тешигине кесек коюп, ылай менен шыбап бүтөйт. Үй ичин абдан тазалап, шыпырып, чөптөн оруп келип кийиз ордуна салат. Эшиктин алдын дагы айнектей кылып тазалап коёт.
Үйдү тазалагандан кийин короодон куурай жыйнап, от жагып суу ысытып
даярдап турат.
Күн батар ченде айткандарын аткарып «Туурук таман» келет. Аны сууга
киринтип, чачын алдырып, «туурук таманды» аябай тазалайт. Алып келген
унунан жакшылап оокат жасайт. Эртеси күнү дагы отунга жиберет.
Анда дагы көбүрөөк отун сатып, тамактын артканына жибек, ийне ала кел деп
тапшырат. Андан кийинки күнү кездеме ала кел деп тапшырат. Кийинки күнү
отун алып келгенче, жоолук, кол жоолук сайып коёт. Анан аларды саттырып
күндөн-күнгө оокаттары оңолуп, тыңый беришет. Үй турмушун оңоп алгандан
кийин, жоолук сайган акчасынан арткан акчаларын жыйнап жүрүп, бир күнү
«туурук таманга» мындай деген тапшырма берип базарга жиберет: «Базарга
барсаң бир чолок куйрук боз куш, бир чолок куйрук көк ат жолугат. Экөөн тең
сураганын берип алып кел» дейт. «Туурук таман» кыздын айтканындай кылат да, куш менен атты алып келет. Кыз аларды таптап кулпунтуп коёт. Шумкар илгир, тулпар жорго болот.
«Туурук таман» куш салып, сайрандай баштайт. Күндөрдүн биринде «туурук
таман» туруп мындай дейт:
«Сен үй тиричилигин курсаң, мен сырттан аракет кылып дүнүйө тапсам
болбойбу» дейт. Анда кыз: «Жакшы болот, жол азыгыңды камдайын, калаадан
чыккан кербендерге кошул, атыңды минип, кушуңду кондуруп алып ошолор
конгон жерге кон. Жолдогу чөлдө бир кудук бар, ал «барса келбес кудук» деп
аталат. Андан суу алып чыгууга эч ким макул болбойт. Мен алып чыгам дегин
дагы, аркан байлатып алып түш. Түбүнө жеткен кезде эки ургаачы, бир эркек:
«Ким сулуу» деп талашып жаткан болот. Анда: «Суу берсеңер, мен чечип берем» деп айткын. Алар макул болушат. «Сулуу, сулуу эмес, сүйгөн сулуу, ар кимдин алганы өзүнө сулуу» деп айткын».
Ошентип айтсаң алар суу беришет. Сууну кербендерге берсең алар жүктөгөн
мүлктөрүнөн берет да, соода кылып келесиң.
«Туурук таман» аялынын айтканындай кылат. Ал сууну ал алып чыкканда
кербендер таң калышат. Анткени ал кудукка түшкөн киши кайра чыкпасын
билүүчү эле. Жигиттин эсен чыгып жана аларды суу менен камсыз
кылгандыгына өтө ыраазы болгондуктан, ал жүз төөлүү кербендер ортодон үч
төөнү жүктөрү менен жигитке беришет. Жигит кербендер менен барып, соода,
кылат, дагы аябаган көп байлык менен үйүнө кайтат.
Ошентип байып алышкандан кийин, калаадан издеп жүрүп, эң биринчи
усталарды таап, так падышанын үйүндөй жай салдырып, ар бир үйдүн эшигинин алдына: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок
бир күндө» деген сөздү жаздырат. Камылгасы бүткөндөн кийин, аялы күйөөсүн падышанын уу кыла турган жерине жиберет да, мындай деген тапшырма берет.
— Падыша жолукканда атың менен кушуңа кызыгат да сурайт, аларыңды
бербе, өзүң конокко чакыр. Ал сенден мурун чакыра турган болсо «тон жакасынан кийилет» сиз кан болгондуктан биринчи мен чакыруум керек деп айт. Бир жарым болуп келиңиз де.
Жигит ууга чыкканда аялынын айтканынын баары туура келет. Кан менен
жолугушканда аялы айткандардын бардыгын аткарат. Кан терең ойго түшөт,
барбайын десе ат менен кушка ошончолук кызыгат. Экинчиден, бир жарым болуп келиңиз дегени дагы сырдуу, айткан күнү барайын деп сөз берет.
Кан үйүнө баргандан кийин вазирлерин чакырып алып бир жарым киши
деген эмнеси деген суроону берет. Вазирлер ойлонуп отурушуп: «Аялыңызды да алып жана 150 киши менен баралы» дешет. Ошентип — айткан күнү келишет.
Коноктордун ар бирин бирден үйгө кийирип, аябай сыйлайт. Конок күткөнү
кандыкынан да артып кетет. Чогулуп отурушкандан кийин, ар бир үйдүн
эшигине жазылган: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок бир күндө» деген жазууну окушат. Кандын оюна кызы түшүп катуу уялат. Ал кызына чоң алкыш айтып, кандыгын күйөө баласына берет. Ошентип, жакшы аял жаман эркекти миң
күндө жакшы кылып, кандык даражага жеткирген экен.

УБАДАГА БЕК ЖИГИТ

ubadaga bek jigit


Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден
эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен.
Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле
жерге топ кара чыйырчыктар келип конуп калат. Биринен бири озуп оттоп
жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу:
— Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини
иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөөр элем, — дейт, кичинекей чокчо сакалын
сылап.
Анда ортончусу туруп:
— Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу
кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе, кой союп, аларды ар дайым сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат.
Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо
эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы. «Менби, менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем» деп жооп берет. Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат. Сакалы тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең орундарынан атып турушат. Ошондо карыя туруп:
— Менин атым Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп
турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөргө турсаңар, мен силердин тилегиңерди
орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп.
— Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз — дешти үч
бир тууган.
— Эмесе силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер,
тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир
короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң
агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды. Экөө
чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки
короо кой жайылып жүрөт. Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет.
Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап:
— Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең, тилеген үйүң, өмүрлүк
жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак сакалын сылап коюп көздөн кайым болду.
Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине
жетип, жашап калышат.
Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт. Бир күнү баякы карыя Убада
жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип: «Ошол жигиттердин барып сынап
көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» деп жолго чыгышат. Алай-дүлөй
бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет.
— Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат — отуңа
жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт,
дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп.
Малына ээ боло албай убара болгон бай:
— Ушундай кым-куутта, койлор суука чыдабай кырылып жатканда, конок
эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат.
Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу
байдыкына келет. Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет.
Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү. Аларды көрүп жан алы
калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө
киргизип, аттарын отко коёт. Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак ашын берип аябай, жакшылап сыйлайт.
Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп: «Балам, урмат сыйыңа чоң
ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз
дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тиги агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн!» дейт таягын силкип. Баягы жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп жашап калган экен.

АЛЫМКУЛ ТҮШЧҮ


Илгери Өмүрзак аттуу кан казынасын уурдатып элине мындай деп жар салат:
«Ууруну ким таба турган болсо малымдын теңин берем, таппасаңар баарыңарды күнөөгө тартам». Элдин айласы кетип, кандын каарынан коркуп, «Алымкултүшчү деген киши таап берет» деп бир кишини көрсөтүшөт. Алымкул айылдан алыс үй тиктирип, таап бермекке кырк күн убакыт алды. Кан кырк күнгө чейин кырк кой союп, Алымкулду бакмак болду. Алымкул: «Баары бир кан өлтүрөт, андан көрө кырк күнүм бүткөнгө чейин койду союп жеп жыргап жата берейин» деп, кырк өрүк алып баштыкка салды. Бир күн өткөндө бир өрүктөн жеп коюп, кырк күндү эсептеп жата берди.
Кандын казынасын алган кырк ууру экен. Кырк УУРУ: «Кан казынамды
уурдаган ууруну таптырам» деп, түшчү Алымкулга үй тиктирип койду. «Алымкул эмне түш көрүп жаткан экен, бирибиз аңдып келели» деп, бир уурусун жиберди.
Ууру келип, үйдүн артынан тыңшап турду. Алымкул түн киргенде жатмакчы
болуп баягы өрүктүн бирин алып туруп: «Кырк элең бирөөң келдиң деп, жеп
жатып алды. Үйдүн артында тыңшап турган ууру Алымкулдун сөзүн угуп, коркуп кетти. Ал ууру жолдошторуна барып «кокуй биздин өлөрүбүз калыптыр, мен барсам: «Кырк элең, бирөөң келдиң» деп, жатып алды» деди. Эртеси дагы бир ууруну тыңшоого жиберди. Алымкул уурунун тыңшаганын кайдан билсин: «Эки күнүм бүтүп кетти» деп коркуп, өрүктүн бирин алып туруп «Кырк элең экөөң келдиң» деп экинчисин жеди.
Ууру: «Келгенимди билип койду» деп, жолдошторуна айтты. Үчүнчү күнү
уурулар бир чолок уурусун жиберди. Алымкул жатарында өрүгүнөн бирди алса, курт жеген өрүк колуна тийиптир: «Кырк элең, үчөөң келдиң, келгенде да, майрыгың келдиң» деди. Эшикте турган чолок ууру коркуп: «Билерин деги билип алыптыр, мен качканымда деле кармабайбы, баары бир канга айтып өлтүртөт, андан көрө өзүм айтайын» деп, салам айтып кирип келди. Алымкул сыр билгизбей, «келгин» деди. Ууру: «Түшчү аке, менин эмне келгенимди билип тургандырсыз?» деди. Алымкул: «Билип турам, билбегенде анан» деди.
Чолок ууру: «Кандын казынасын биз уурдаган элек, мурунку күндөрдө экөө
келгенде ал экөөн билип койдуңуз, бүгүн мен келдим эле, мени дагы билип:
«Кырк элең үчөөң келдиң, келгенде дагы майрыгың келдиң» дедиңиз. Эми
бизден эмне алсаңыз дагы канга бизди айта көрбөңүз, жаныбызды алып
калыңыз, уурдаган буюмдарды жардын түбүнө көмгөнбүз, эчтекесин
коротконубуз жок» деди.
Алымкул ичинен сүйүнүп: «Ээ, болуптур, балдар, бүгүн келбесеңер, эртең
канга айтмакчы элем, келгениңер жакшы болду. Силерди мен сактап калайын, бирок, экинчи бул кандын казынасынан жана айлынан бир жапырык чамынды дагы уурдабагыла, кандын казынасынан уурдаган буюмга кол тийгизбестен, өзүңөр суунун ары жагына өтүп, бул элден кеткиле. Эгер экинчи жолу айылдан чычкак улак жоголсо дагы силерди башыңарды канга кармап берем» деди.
Ууру сүйүнгөн бойдон жолдошторуна барып, түнү менен кырк ууру башка
жакка качып кетишти. Экинчи бул айылдан ууру кылбаска ант беришти.
Алымкул: «Өлүмдөн калдым» деп, уурулар оңой жерден табылганына сүйүндү.
Кырк күнгө чейин кандын коюн жеп, чайын ичип жата берди. Кырк күн бүткөндө эрте туруп канга салам айтып кирип келди: «Каным, казынаңыз бүт бойдон жардын түбүндө жатат, барып каздырып алыңыз. Казынаңызды кырк ууру уурдаган экен. Алар суудан өтө качышты. Эми табалбайсыз. Бирок мындан кийин айлыңыздын чычкан улагын да ууру албайт» деди.
Кан жардын түбүнөн дүнүйөсүн каздырып ташытып алды. Алымкулга
убадасы менен малынын теңин бөлүп берди. Арадан көп күн өтпөй жылкычылар бир бээ жок дешип келди. Кан Алымкул түшчүгө айтты. Алымкул түш көрөм деп жатты. Ошол мезгилде бир жылкычы бээнин суу жээгинде кулундаганын түшчүгө айтып келди. Эртеси Алымкул канга: «Каным, бээңиз бооз экен, сууга жылкыларды сугарганы барганда ичинде жүргөн экен, суунун боюнда кулундап калса керек» деди. Кан жылкычысын сууга жиберсе бээси суунун боюнда кулунун ээрчитип жүргөн экен.
Эки-үч күндөн кийин кан ойлонуп олтуруп, Алымкулду сынамакчы болду. Топ
чымындарды кармайын деп эки жолу колун жумду эле, чымын эки ирет да учуп кетти. Үчүнчү жолу кармап алып, Алымкулга алып келди да, «Алымкул, менин колумда эмне бар? Эгер тапкыч болсоң тапчы? деди. Алымкул эми чындап өлгөн экенмин, деп коркуп, өзүнүн абалын түшүндүрүп канга кыскача мындай деди:
«Биринчи жолу кутулду, экинчи жолу кутулду, байкуш чымын жан үчүнчү жолу тутулду» деди. Кан колумдагы чымынды айткан экен деп ойлоп калды. Алымкул түшчү айткан сөзүнүн дал келгенине сүйүндү. Кан Алымкулду «Чын олуя экен» деп, таң калды.
Бир күнү кан Алымкулду ээрчитип мончого келди. Алымкул канткенде кандан кутуларын билбей амал ойлоду. Бир убакта кан суу көтөрүп келе жатканда Алымкул жинди болумуш болуп, канды жетелеген бойдон кышкы суукта эшикке алып чыкты. Чыгып келе жатканда кандын башы мончонун босогосуна катуу тийди. Эскилиги жетип араң турган мончонун төбөсү оюлуп жерге күр дей түштү.
Кан эшикке чыгып «Бали Алымкулум, сен болбосоң, мончо мени басып калмакчы экен да, сен төбөсү түшөөрүн билип, эшикке алып чыккан экенсиң го» деди. Анда Алымкул: Мен ошону билип, сизди майып болуп калбасын деп, алып чыкпадымбы» деди. Кан ыраазы болуп: «Бир ажалдан алып калдың, эми башың азат» деп, Алымкулду бошотуптур. Алымкул айла менен кандан кутулганына сүйүнүп, өз оокатын өзү кылып туруп калган экен.

СУЛАЙМАН БАЙ

sulaiman bai


Илгери Сулайман аттуу байдын маңдайына кармаган жалгыз уулу болуптур.
Ал уулуна «андай бол, мындай бол» деп, акыл насаатты ар дайым көп айтуучу
экен. Сулайман бай өзүнүн уулунун жакшы киши болушун каалайт. Бирок, уулу атасынын сөзүн сөз ордуна көрбөй, кулак какпай жүрүп бой тартат. Күндөрдүн биринде атасы чакырып алып: «Балам, мен болсом карып баратам, өлөрүм калды, өсөрүм калган жок. Сенин жалгыз жүргөнүң болбойт. Жашың жетти, эл-журттан карап жүрүп, менин көзүмдүн барында колукту алгын. Бирок жаштык кылып өңү-түсүнө кызыкпагын, балам. Пейлине карап, акыл-эсине карап алгын. Атанын сөзүн эске алып жүргөн жакшы болот» деди. Баласы атасынын сөзүн укмаксан болду. Өзүнө киши теңебей, эл тааныбай, тулпар ойнотуп, чаң ызгытып, көөп жүрдү. Бул убакта бир келиндин сулуулугуна кызыгып, өзүнөн бир нече жаш улуураак жубанды алды. Атасы: «Балам, эми ат тердетип алыстан алдың, айткан сөзүмдү укпадың, алдыңкы турмушуңдун кандай болооруна көзүм жетпейт.
«Атанын тилин албаган бала дүйнөдө карыпчылыкты көп көрөт» деп, илгерки
карыялар айтчу экен. Артың кайрылуу болсо болду» деп атасы тим болду. Бир
күнү Сулайман бай ооруп калат. Өзүнүн өлөрүн билип, келинин кашына
чакыртып алып, балама эч жамандык кылбас деген ой менен келинине: «Сага
айта турган аманат сөзүм көп, балам болсо жаш калды. Мен өлсөм жакшы менен да жаман менен да жүрөр. Ошону менен кагылып, өз оокатын өзү кылууга жарар, жер астында жети казынам бар. Балам аркы-беркини көрүп кагылганда алып оокат кыларсыңар» деп, казынасынын ачкычтарын келинине берди.
Атасы өлгөндөн кийин, баласы жаман менен дагы, жакшы менен дагы жүрдү.
«Ай-кой» деген киши болбоду, арак ичти, кумар ойноду, эки жылдын ичинде
атасынан калган малын, дүнүйөсүн түгөтүп бүттү. Аялы казына жөнүндө
күйөөсүнө билгизген жок. Колундагы акчасы, малы түгөнгөндөн кийин, күндө
бир шылтоо таап уруша берди. Башка күйөөгө чыгып, казынаны бүт бойдон өзүнө калтыргысы келип, бир күнү күйөөсүнө айтты: «Малды болсо түгөттүң, эми эптеп жан сактоо үчүн короо-жайды саткын» деди. Күйөөсү короону сатууга макул болду. Аялы дагы амалын таап: «Башка кишиге сатсак, арзан алышат. Сен барып Байбатча деген кишини конокко чакырып келгин. Ошого айтсак, короону кымбатка сатып алат, бай киши эмеспи» деди. Күйөөсү Байбатчаны чакырып келип коноктой баштады. Аялы күйөөсүн мас кылууга аракеттенип, аракты куюп суна берди. Күйөөсү мындан шек алып, мас болумуш болуп жатып калды.
Аялы Байбатчага: «Биздин короону күйөөмө саттырганы жатам. Анын
баасынан качпай сатып алыңыз, ичинде жети казына бар. Күйөөм билбейт,
ачкычтары менде» деди. Байбатча: «Казынаны ачып көрсөткүн» деди.
Аялы колуна чырак алып, Байбатчаны ээрчитип, казынанын оозун ачып
көрсөтө баштады. Күйөөсү артынан аңдып барып, казынаны көрүп, ошондо
атасынын айткан сөзүн эстеген экен. «Ушул үчүн атам мени акыл-эсине карап ал деген экен го? » Эгер акылдуу аял болсо, менин кедей болгон убагымда жамандык кылбайт эле» деп, кайра келип, ордуна жатып калды. Аял менен Байбатча үйгө кирип кеңеше башташты. Байбатча аялга мындай деди: «Сен короону күйөөңө саттырткын, мен сатып алайын, анан күйөөңөн чыгып мага тийгин». Аял буга макул болду. Сөздү бүтүрүп, Байбатча үйүнө кайтты. Эртеси аялы: «Короону саталы, Байбатча алмак болду, эми баасын коёлу» деди. Күйөөсү сыр билгизбей короону сатмак болду. Мунун кабарын билген карыя адамдар баасын ашырып алмак болуп жатты. Эң аягында Байбатча он миңге чыгарып, акчасын санап берди. «Кире турган короо жай таап алып, короону бошотуп берейин» деп, бала бир ай мөөнөт сурады. Байбатча көңүлү жай болуп, балага бир ай мөөнөт берди.
Эки-үч күн өткөндөн кийин аялы уруш чыгарды: «Короодон дагы айрылдык,
малдан дагы айрылдык. Эмки көргөн оокат кандай болот? Мен тура албайм,
кетемин» деди. Күйөөсү: «Кетсең кете кой, жолуң болсун» деп, коё берди. Бала
атасынын акыреттик досуна барып: «Атамдан калган казынаны ташып алайын» деп, эки жүз төө сурады. Аяш атасы эки жүз төө берди, бул казынадагы алтын, күмүштүн баарын ташып алды. Казынанын ичин суу менен чириген саманга толтуруп, Байбатчага: «Короо-жайыңыз бошоду», деп айтты да, өзү аяш атасыныкына көчүп кетти.
Аял бир айдан кийин Байбатчага тийип, үйүнө көчүп келишти. Байбатча
короодогу казынага таянып, колундагы болгон малы менен акчасынын
түгөнүшүнө шашылды. Көңүлү жай болуп жатып да туруп да, арак-бозону иче
берди. Кумар ойноп чөнтөгүндөгү акчасын түгөттү. Байбатча «менин байлыгым түгөнбөс байлык» деп, кумарга уттуруп, чачынан көп карыздар болду. Байбатча бир күнү алтын алып, карыздарына бермек болуп, казынага кирди. Казынанын ичинде чирик саман, суу көңдөн башка эчтеке жок экенин көрүп, күйбөгөн жери күл болду: «Элге-журтка шерменде кылдың, мени алдап, малымдан ажыраттың» деп, аялды чачтан алып тепкиледи. Байбатча баланын үстүнөн арыз кылып канга барды. Кан үчөөн чакырып сурап олтуруп: «Соода кылганда короону соодалашкансыңар, эми короосунун ичинде казынасы жок дейсиңер» деп, Байбатча менен аялды сөгүп кетирди. Байбатча аялынын чачын кыркып, байталга сүйрөтүп, төркүнүнө жеткирди.
Балага аяш атасы өзүнүн жалгыз кызын алып берип, үйүнө кийирип, экөөн
бала кылып алды. Бир жылдан кийин бала кайын атасынан шаарга барып, соода кылып келүүнү сураган соң, барууга уруксат берип, кербен башчыларынан он
чактысын чакырып, «биринчи кудайга аманат» деп тапшырып жиберди. Бала жүз төөнүн булун1 алып, кербен башчылары менен бирге шаарга жүрүп кетти.
Булар нечен күн, нечен түн суусуз, чөпсүз жүрүштү. Бир убакта кербендер:
«Мындан жарым күндүк жерден бир ак өргөө көрүнөт, андан бир кемпир чыгып, бизди конгула дейт, биз конбойлу» дешти.
Баягы үйдүн тушуна келгенде кербендер айткандай кемпир алдынан чыгып:
«Бүгүн конуп унааларыңарды тыныктырып кетиңиздер» деп шапылдады. Кербен башчылар тил албастан кете беришти. Бала алардын сөзүнө карабастан конуп калды. Кемпирдин буту-бутуна тийбестен жүгүрүп, төөлөрүн чөгөрүп, унаалардын жүгүн түшүрүп, коюн союп, чайын кайнатып, кызматын кылып, сыйлай баштады. Намаз шам болгондо, кемпир бир шам менен мышыгын колуна кармап келип: «Менин ушул мышыгым таң атканча шамды кармап отурат» деди.
Бала ал сөзгө ишенген жок. Кемпир «эгерде ушул мышыгым таң атканча шамды кармап чыкса, жүз төө булуңузду бересизби? Кармап чыга албаса мен жүз төөнүн булу менен берейин» дегенде, бала сүйүнүп, кемпир менен мелдешти. Кемпир мышыкка шамды карматып коюп отурду. Таң атканча мышык талбастан шамды кармап чыкты. Эртеси убадасы менен кемпир жүз төөнү булу менен алып калды.
Бала жалгыз аты менен кербен башчылардын артынан жүрүп олтуруп, шаарга
жетти. Кербендер соодасын бүтүрүшүп, үйгө кайра кетмекчи болду. Бала
кетпеске ойлоду: «Жүз төөнүн булун уттуруп жиберип, кантип атамдын жүзүн
көрөмүн, андан көрө барбаймын» деп, калып калды. Кербендер өз элин көздөй
жол тартышты. Кербендер элине жеткенде баланын атасына баштан-аяк
көргөндөрүнүн баарын айтышты. Атасы малга кайгырбастан, баланын өзүнүн
келбегендигине көп капаланды. Бала баягы шаарда жүрүп, кийерге кийими жок, ичерге тамагы жок болгондуктан, ашпозчуга малай болду.
Күндөр өтүп, ай жылга айланды. Бир күнү баланын колуктусу атасынан: «Мен
шаарга барып соода кылып келейин» деп, жүз төөнүн булун сурады. Атасы
жалгыз кызына айласыздан «барсаң баргын» деп жооп берди. Колуктусунун
багып жүргөн бир чычканы болуптур. Ошол чычкан менен жүз төөнүн булун
алып, эркекче кийинип, белине кылычты байланып, күлкүсү шаңк этип, маңдайы жарк этип, кербендер менен жүрүп кетти.
Бир нече күндүк жолго баргандан кийин баягы кемпирдин үйүнө кез болду.
Ошондо кербендер конбостон жүрүп кетишти. Баланын колуктусу жигиттери
менен конуп калды. Кемпир кубанып, мурункудан бетер барбалактап кызматын кылып жүрдү. Тамак-аш ичип болгон соң кемпир баягы мышык менен шамын алып келди. Келин: «Мунуңуз эмне энеке?» деп сурай калды.
«Бул мышыгым, мына бул шамды таң атканча кармап олтурат деди. Келин:
«Капыр кемпир, мышык кантип таң атканча шамды кармап олтурсун» деди. Анда кемпир: «Ушул мышыгым шамды таң атканча кармап чыкса, эмне бересиң» деди.
Келин: «Кармап чыкса жүз төөмдү пулу менен берейин, кармап чыга албаса, сиз жүз төөнү булу менен бересизби?» деди. Кемпир бул сөзгө кубанып «ичимдеги оюмду тапты» деп мелдешип, шамды мышыкка карматып койду. Жарым түн болгондо, кемпирге көрсөтпөстөн чычканды коё берди. Мышык чычканды көргөндө, көзү кызарып, шамды таштап чычканды көздөй чуркады, чычкан үйдөн чыга качты. Мышык эшиктин түбүнөн чычканды аңдып отурду. Келин кемпирге карап: «Мышыгың кайда, шамың кайда? Алдынан чычкан качса артынан кууп барып, эшиктин түбүнөн аңдып карап отурат» деди. Кемпир пулу менен жүз төөсүн уттуруп жиберди.
Келин шаарга келип, булун сатты, эки жүз төөнүн булу, төрт жүз төөнүн булу
болду. Ошондо атка минип, күйөөсүн издеп, көчөнү кыдырып келе жатса, күйөөсү бир ашпоздун эшигинде от жагып олтурган экен. Келин күйөөсүн карап туруп, көзүнөн тааныды. Күйөөсүн чакырып, беш сомдук алтын берип «Менин жаткан жерим тетиги чоң алтын сарай, ошого кечинде мантуу алып баргын» деп кете берди. Күйөөсү аялын кайдан таанысын, кеч киргенде убадасы менен мантуу алып келип үйгө кирбестен эшикти ачып туруп, колун сунуп мантууну берди.
Колуктусу: «Үйгө кирсин» деп, буйрук кылган соң, айласыздан үйгө кирип,
жыртык чапанынын этеги менен тизесин жаап, бүрүшүп олтурду. Колуктусу аны өзүнүн жанына олтургузуп, тамакты бирге жеп: «Эртең дагы алып келгин» деди.
Күйөөсү эртеси кечинде дагы алып келди. Колуктусу бала менен бирге тамакты жеп олтуруп: «Сен кайдан келген баласың? Бул жердин адамы эмессиң го?» деп
сураганда бала башынан өткөргөндөрүнүн бардыгын сүйлөп өттү.
— Аялың барбы?
— Балам, аялым бар эле.
— Аялыңды жакшы көрүүчү белең?
— Жакшы эле көрүүчү элем, бирок, айла канча.
— Колуктуңду жакшы көрсөң эмне үчүн барбайсың?
— Кантип барамын? деп бала мукактанды.
Колуктусу балага карап:
— Сага сооп кылып, жүз төөнүн булун берейин, барасыңбы? деди.
— Барар элем, анан барганда кандай кылып төлөп беремин, мурункудан
бешбетер ошондо шерменде болбоймунбу? — деди.
Колуктусу: «Элиңе баргын, булумду албаймын, кудай үчүн берейин» деди.
«Андай болсо макул» деп, бала кожоюнунан бошотууну сурады. Кожоюну:
«Мойнуңа түшкөн булуңду төлөмөйүнчө жибербейм» деди.
Колуктусу күйөөсүнүн кожоюнуна барып, чыгымдарынын баарын төлөп,
чыгарып алды. Андан кийин балага өзүн таанытты. Күйөөсүн мончого түшүрүп, атты мингизип, тонду кийгизип, экөө төрт жүз төөнүн булу менен үйүн көздөй жол тартты. Жолдо малды жалдаган жигиттерге айдатып, өздөрү алдыга түшүп, кабагы ачык, карды ток, байлыгы көп болуп, өз үйүнө олжосу менен келип түшүштү.
Кыз атасына: «Балаңыз соода кылып, эки жүз төөнүн булу менен келмекчи
болуп жаткан кезде, үстүнөн чыктым» деди. Атасы балдарынын келгенине
сүйүнүп, кубанычы көлдөй балкып, майдай калкып, жатып калды. Бир убакта
кайыр тилеп жүргөн бир дубана аял келди. Караса баланын мурунку аялы экен.
Бала: «Менден кайтпаса, кудайдан кайтсын» деп, аялга бир сыйра кийим жана
бир айлык оокатын берип, жолуна кайтарды.
Өзүнүн кийинки аялы менен кабагы ачык, тийген күндөй, ачылган кызыл
гүлдөй болуп өмүр сүрүп жатып калышыптыр.

АТА СӨЗҮ

ata sozu


Илгери бир Ашымкан аттуу байдын жалгыз уулу болгон экен. Ашымкан
анчалык атагы чыккан чоң бай болбогону менен жүздөн ашкан майда жандыгы бар, элүүдөй жылкысы бар адам экен. Бай өлөр алдында баласына мындай осуят калтырыптыр: «Балам, мен өлгөндө менден калган дүнүйө сага опаз болбойт.
Сага калтырарым жети осуят: биринчи — кандын вазири менен дос болбо,
экинчи — жаңы байып келаткан адамга карыз болбо. Үчүнчү — долу аялга сыр
айтпа, төртүнчү — туз арамы кылба, бешинчи — эртеңки ашка күйсөң күй, кечки ашка күйбө, алтынчы — тобокелге бел байла, жетинчиси — калыстыгыңдан жанба!» деп, дүйнөдөн кайтат. Бала атасынын өлгөнүнө санааркап өңдөн азат.
Күндөрдүн биринде «атамдын жети осуятын» сынайынчы» деп, кандын
вазирине миң дилде берип дос болот: «Атам өлүп жалгыз калдым, өйдө бассам
өбөк, ылдый түшсөм жөлөк бол. Атамдын калтырып кеткен мал-мүлкү, дүнүйөсү сага да, мага да жетет» дейт. Бала дагы бир күнү отуруп «атамдын экинчи осуятын сынайынчы» деп, жаңы байып келаткан байдан «үч күнгө» деп миң дилде карыз алат. Бир күнү жай отуруп аялына сыр айтат: «Менин баланча байдын уулу — байбачадан1 өчүм бар. Барып ошонун башын кесип келем, сен жүктүн астына ор каздырып кой» деп үйдөн чыгып кетип, караңгылатып кызыл ала бир нерсени алып келип орго көөмп таштайт. Эртеси вазирдин келе жатканын көрүп, «атамдын осуятынын биринчисин сынап көрөйүн» деп, аялын ура баштайт. Вазир арага түштү эле, арачы бербей койду. Аялы: «Кечээ эле байбачаны өлтүрүп келген кан ичкич» дейт. Бала муну угуп «аттигиниң атамдын айтканы чын экен» деп, кетенчиктеп барып отуруп калган экен. Вазир досу «айуй» дегенге көнбөстөн, баланы канга айдап жөнөмөк болду. Үйдөн чыга элек жатса, баягы миң дилде берген бай келип, «дилдемди бергин» деп жакадан алып, мен да канга барчумун» деп ээрчип алды. Ошентип төртөө канга барышат. Кан вазирдин сөзүн угуп отуруп баладан: «Байбачаны өлтүргөнүң чынбы?» деп сурады.
Бала болгон окуяны башынан аягына чейин айтып келип: «Ошол байбачаны
чакыртсаңыз эле, сөздүн калп, чынына көзүңүз жетет» деди. Кан баягы өлдү
деген байбачаны чакыртты эле, сопсоо, салам айтып кирип келди. Ал эми аялы айткан чуңкурду каздырса, эчкинин башы чыкты. Кан байдын карыз дилдесин кечип, вазир менен аялды кууп жиберди да баягы баланы өзүнө баш вазир кылып дайындады.
Арадан ай өтпөй, кандын аялы өлүп, бир жаш кызга үйлөндү. Аялдын балага
көзү түшүп калып, аркы-беркиден сөз салды эле ал: «Атам туз арамы кылба
дебеди беле» деп, анын алдоосуна көнбөй койду. Анда аял баладан өч алмак
1 Байбача — фарсы тилинен, бача-бала, демек байдын уулу дегенди түшүндүрөт. болуп: «Таксыр каным, ушул вазириңдин көзүндө оту, сөзүндө мурчу бар мага сөз айтып жүрөт, акыры өзүңө зыян кылбасын» деп чагым салат. Кан аялдын сөзүнө ишенип, аны өлтүрмөк болот да, наабайчысын чакырып: «Эртең менен үрөң-бараңда биздин үйдөн ким барса да дандырга салып ий» деп, буйрук берет.
Эртеси кан баланы «наабайчыга барып нан алып кел» дейт. Бала эчтекеден
капары жок келе жатса, саардан бир үйдөн түтүн булап, бир кемпир түндүк
тартып жол карап туруптур. Кемпир баланы көрүп сүйүнүп: «Балам, бүгүн күнгө жума, жалгыз балам өлдү эле, ошого куран окуп, даам сыза кет» деди. Бала отурайын десе, нандан кечигип кала турган. Кандын каарынан коркот,
отурбайын десе, кемпирдин көңүлүн кыйбайт. Ошондо атасынын: «Эртеңки ашка күйсөң күй, кечки ашка күйбө» деген сөзүн эстеп, макул болуп, кемпирди ээрчий үйгө кирет. Кандын аялы бала нанга кеткенден кийин «өлөр алдында бир көрүп, табалап калайын» деп артынан кошо чыгат. Наабайчы «Кан айткан киши ушул экен» деп дандырга салып, өрттөп жиберет.
Бала антип-минтип тамак ичип, куран окуганча күн шашке болуп калат. Андан чыгып шашкан бойдон наабайчыга келип, нанды алып канга келет. Кан анын аман-эсен келгенин көрүп, аябай таң калып, «көз көрүнө өлүмдөн аман калган адам бекер адам эместир» деп, сөздүн чынын айтып, аялын чакыртса аялы жок болуп чыкты. Бала болгон иштин жагдайын канга төкпөй-чачпай айтып берип:
«Атам туз арамы кылба» деди эле, «туз арамы кылган жокмун» деди, кан балага аябай ыраазы болуп, өзүнүн кылган ишине уялып калды.
Күндөрдүн биринде эл арасына «Мисир шаарына соода кылууга барган киши,
алып барган мал-мүлкүн жакшы соодалап келет имиш» деген сөз тарады. Бул
кабар канга да жетет. Кан бир чети жер көрмөк, бир чети соода кылмак болуп,
жанына баягы вазир баланы, жигиттерин алып, Мисир шаарын көздөй жөнөп
калат. Ой менен, чөл менен жүрүп отурушат, бирок суу жок, мал да, жан да суудан аябай тукулжурап, чаалыгып чаңкашат. Акыры жүрүп отуруп, чөлдөгү бир кудукка келишет.
Суу алмак болуп кудукка түшкөндөрдүн башы жок, тулку бою эле чыгат. Муну
көрүп кандын жигиттери дүрбөлөңгө түшүп калат. Бала тобокелге бел байлап
«кудукка мен түшөм» деди. Кан кыйылып жатып макул болду. Ал кудукка түшүп суу сузуп алайын десе, кудуктун түбүндө отурган эки аялдын бири: «Сууну алчудан мурда биздин табышмагыбызды чечип бер» деди. Бала: «Талашыңар эмне?» деп караса, бирөөнүн алдында бака, бирөөнүн алдында жылан жатат.
Бирөө жыланды түртүп коюп, ийрилип жатып калса эле жалынып жалбарып
калат. Экинчиси бакага үйрүлүп түшөт. Аңгыча аялдын экинчиси: «Жылан менин балам, бака мунун баласы. Экөөнүн кайсынысы жакшы?» деди.
Бала ойлонуп туруп: «Атам калыстыгыңдан жанба» дебеди беле», деди да: «Ар
кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» деген экен.
Ошондо эки аялдын тең жарпы жазылып: «Оп бали, сөзүң сөз эмес бекен, бая
эле ушинтип айтышпайбы?» деп кудуктан суу алууга уруксат бериптир.
Бала сууну алып, аман-эсен кудуктан чыгып келет. Андан жүрүп отурушуп,
Мисир шаарына барышып, бир пулун эки эсе пулдап кайра тартышат. Элге
келгенден кийин кан: «Сен кан болууга ылайык калыс экенсиң» деп балага
кандыгынан түшүп берген экен.

КАН МЕНЕН ВАЗИР

4700e40270ff36a874b11ca598749886 1
4700e40270ff36a874b11ca598749886

Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот.
Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:

Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин
билип келбесең, башыңды алам,-дейт.

Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса,
мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне
чаап бара жатасың?-деп сурайт.
Вазир:
-Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип
келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара
жатамын,-дейт.
Кандын кызы айтат:
-Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан
билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз
“Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын
жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир
жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди.
-Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана
тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,-
дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле
албай:
-Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат.
Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы,
эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге:
-Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин
канга келип:
-Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына
каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип,
жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет:
-Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып,
“келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат.
Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет.
Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз
“Барсамбы, барбасамбы”-деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын
алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи
болот.
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин
билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине
алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан
кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат
кыл,-деп айтат.
Кыз:
-Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир
суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт.
Кан:
-Макул болот,-дегенде кыз айтат:
-Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде
чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиздеди.
-Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан.
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып
барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол
жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
-Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга
жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө
келет. Кыз:
-Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт.
-Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз
ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе
жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай
жатканын көрүп, кыз барып:
-Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ
дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип:
-Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет.
“Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп
келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууптазалап бага берет.
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе
жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң
калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат.
Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп:
“Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо
адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып:
-Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул
үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт.
Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт.
-Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл
айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт.
Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат:
-Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен
керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз.
Үчөө кобурашып:
-Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип
таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет.
Кыз үчөөнү карап туруп:
-Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат:
-Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,-
деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе
жатканда үчөө тең кетишет.
Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү
жигитке:
-Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул
болот.
Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына
келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө:
-Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын
бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде
чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып
келгенде кыз күйөөсүнө айтат:
-Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын
кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп
кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын.
Кан:
“Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин
кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң
аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде,
ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде:
“Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч
айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп
отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына
коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат”
деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө
алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын
жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого
отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени
алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин,
ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак
ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги
жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт.
Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп,
аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип,
колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын
айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти
өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой
баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн
ичинде чырак жактырууга уруксат кылат.
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң
калып, кээси бата берет.

Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан
бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп
билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер
таң калып жүрүшөт.
Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат.
Кыз бир күнү күйөөсүнө:
-“Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып
кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн
канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө
тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп
ойлоп, кан:
-Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат.
-Азыр келет,-деп жигит отура берет.
-Качан келет?-деп улам-улам шаштырат.
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан
кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан
кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз
элине тараган экен.

КАН МЕНЕН ВАЗИР (2-вариант)

han menen vazir2

Илгери бир кан болуптур. Ал вазири экөө дос экен. Экөөнүн тең 40 жашка
чыкканча баласы жок, аялдары төрөбөй нечен аял алып, алар да төрөбөй жүрөт.
Ал экөө ар дайым тоого барып мергенчилик кылуучу экен. Бир күнү экөө «кайра ушул жолдон жолугушалы» деп экөө эки жол менен кетип калат.
Кан барган жер токойлуу, шаркырап аккан суусу бар, адырлуу аскалуу тоонун
этеги экен. Кан минип барган атына чидер салып коюп, аскалардан кийик караса эч нерсе көрүнбөйт. Күн кеч кирет. «Бүгүн эч жолум болгон жок» деп, үйүн көздөй кайтайын деп келе жатса, чоң асканын түбүндө бир эчки турат. Атайын деп мылтыгын таптаса, жанында жаш улагы бар экен. Анда кан: «Кой, мен балага жетпей жүрсөм, мунун баласын жетим таштап атканым болбойт» деп атпай атына келип минип эки жолдун айрылышына келсе, жолдошу жок. Буга эмне болду деп күтүп турса, бир топтон кийин ал да куру келет. Кан жолдошунан «жол кандай?» деп сураса, ал дагы баягы кандын айтканын айтат. Анда кан:
«Экөөбүздүн тең оюбуз, тилегибиз бир экен, мага да ошондой улактуу эчки
жолукту, жүрү эми кетели», үйлөрүн’ көздөй кайтып келе жатса, ыраактан көп
караан көрүнөт. «Бул эмне караан, эмне шаарга жоо тийгенби?» деп чочуп, экөө ылдамдап бастырышат. Жакындап калган кезде аларга кыйкырып, сүйүнчү дешип чабышат.
Кан менен вазир эмнеге «Сүйүнчү!» деп жатканын түшүнүшпөйт. Кан бир
убакта: «Болсун, айткылачы» дейт. Сүйүнчүлөгөн адамдар: «Экөөңөрдүн тең
аялыңардын үч айлык боюнда бар экен. Бир олуя кемпир көрүп айтты» дешет.
Анда: «Андай болсо сүйүнчүңөргө ар бириң бирден ат, бирден чапан алгыла» деп кетирет.
Кан менен вазир жолдо келе жатып: «Эгер экөөбүздүн аялыбыз тең эркек
төрөсө, дос болсун, кыз болсо да дос болсун, бири эркек, бири кыз болсо, куда
бололу» деп катуу убада кылышат.
Айдан ай өтүп, тогуз ай, тогуз күндө экөөнүн тең аялы эркек төрөп чоң той
берип, экөөнү дос кылып, бирдей кийим кийгизип багып жүрүшөт. Балдар сегиз жашка чыккандан кийин ар бирине кырк жигит берип ойнотуп, экөө тең ит агытып, куш салып жүрөт. Ошол учурда кандын вазири өлөт.
Вазирдин баласынын аты — Саагат, кандын баласынын аты — Самат. Бир
мезгилдерде обозгердин кырк жигити ойлойт: «Эмне үчүн биздей эле обозгердин баласына жигит болгудай кандай жөнүбүз бар, муну өлтүрүш керек». Бирок, аны кан билип калып, кырк жигитти таратып жиберет. Саагатты музоо кайтартып коёт. Самат болсо ит агытып, куш салып ойноп жүрө берет.
Бир күнү көлдүн жээгине сейилдикке барып, кандын баласы кырк жигити
менен ойноп отурса, көлдүн аягына кайык менен бир келин келип, колун жогору көтөрүп, кайра ылдый түшүрүп, чачын алдына салып, колун ылдый шилтеп, кайра кайык менен кетип калат. Кандын баласы баягы келиндин сулуулугунан эси ооп жатып калат. Эмне деп жандаганын эч ким түшүнбөйт.
Ошол жерден Самат өкүргөн бойдон үйүнө келет. «Сага эмне болду?» деп,
атасы сураса, «бир келинге ашык болдум» дейт. «Кайдагы келин экен?» деп
сураса, «көлдүн аягынан келип, кайра кетти» дейт. Келиндин көрсөткөн
белгилерин айтат. Кан эртеси элди бүтүн чакыртып алып: «Көлдүн аягынан бир келин келип ушундай дептир. Ошол келинди ким билет?» деп жар салат. Бирок, эч ким билбейт. Кандын баласы болсо «мага ошо келинди алып бербесеңер болбойт» деп өксөп ыйлап жата берип өңүнөн азат. Мына ошол кездерде бир күнү кечинде кан дөбөдө отурса, Саагат музоо айдап келе жатат.
Анда кан ичинен: «Атаа, бекер кылган окшойм, бул бала канча кылса да бала
экен. Кырк жигиттен ажырап музоо кайтарып калдым деп капарына албайт»
деген ойго келет да, Саагатты чакырып «Эмне кылып жүрөсүң?» деп сурайт.
Саагат күлүп: «Музоо кайтарып жүрөм» дейт.
Анда кан: «Досуң беш-алты күндөн бери капа болуп ыйлап жатат. Бир келин
табышмак айтыптыр, табалбай жатат. Досуңдун капасын ачпайсыңбы?» дейт.
Анда Саагат: «Курусун, анын капасын мен табам» дейт. Кан сүйүнүп: «Каалаган дүнүйөңдү берем» дейт. Саагат: «Дүнүйөнүн кереги жок. Бизге эки жакшы ат, жүз дилде болсо болду» дейт. Кан Саагаттын баркын көтөрүү үчүн: «Келиндин табышмагынын жандырмагын Саагат тапты» деп, элин бүтүн чогултуп алып, «бу баланын сөзүн угуп тургула» деп жар салат. Ошондо Саагат жандырмагын айта баштайт. «Келиндин колду жогору көтөргөнү — ал бир кандын келини экен, кандын ордосунун жанында узун терек бар экен, колун ылдый түшүргөнү — күйөөсү жаман неме экен, колун булгаганы — ары чети беш күн, бери чети төрт күндө жетсең алдың, жетпесең калдың дегени. Колун ылдый шилтегени — үйүбүз көлдүн аягында дегени» деп, Саагат айтып, бүтөт. Элдин баары таң калып:
«Өзү жаш болсо, муну кантип билди? деп калышат. Саагат менен Самат экөө эки жакшы ат минип алып, күн-түн дебей жол жүрүп отуруп, аты ыргайдай, өздөрү торгойдой болуп, баягы келиндин бакчасынын жанындагы бир дубалга атын байлап коюп, бакчага кирип жатышат. Бир убакта бир кемпир келип: «Силер ким? Кеткиле!» деп кыйкыра баштаганда, Саагат апа «андай-мындай» деп он дилде берип, баягынын кыйкырганын басат. Сураса алиги кемпир кандын келининин кызматчысы экен. Ал бакчадагы жер жемиш бышып калганда ооз тийгизиш үчүн келинге барып бергени жатыптыр. Саагат биз да теришип жиберели» деп теришет. Ошондо Саагат кемпирге «эмне эрте келдиң» деп келин сураса, «өзүң көргөндөр теришип берди де, башка эч сөз айтпа» дейт.
Кемпир баягыларын көтөрүп алып барды эле, келин: «Эмне эрте келдиң?» деп
сурады. Кемпир: «Өзүң көргөндөр теришип берди» дейт. Анда келин: «Өзүм
көргөндөр деген эмне?» деп кемпирди кууп чыгат. Кемпир кайра келип
кыйкырып: «Кеткиле, өзүм көргөндөр жок деди, кеткиле!» дейт.
Саагат кемпирге он дилде берип дагы жемиш теришип тез жөнөтүп жиберет.
Кемпирге: «Дагы эле баягы өзүң көргөндөр теришип берди деп айт, сураса» деди.
«Макул» деп, кемпир дагы үйүнө келет. «Эмне ылдам келдиң?» деп, келин сурап калды. Анда кемпир: «Дагы эле өзүң көргөндөр теришип берди» деди. Келин кемпирди дагы тилдеп уруп кууп чыгат. Кемпир кайра келип, дагы: «Кеткиле!» деп аябай урушат. Саагат кемпирге дагы жыйырма дилде берип гүлдөн бир кучак теришип берип жиберди.
Кемпир үчүнчү жолу келгенде, келин короодо калбырга көмүр калбырлап
жаткан болот. Кемпирге унчуккан жок. Кемпир кайра эки балага келди эле,
Саагат: «Эмне деди?» дейт, кемпир: «Унчуккан жок» деди. Саагат Саматка мындай дейт: «Ал көмүр баягы жалгыз терек өрттөнүп кетсе керек, ошол теректин көмүрүн калбырлап жаткан турбайбы? Анын анткени — ал түндө сени ошол жерге барсын деп жатканы» кеч киргенде: «Уктабай жатып, жакшы сүйлөшүп кел» деп, Саматты келинге жиберет. Ал түнү Самат уктап калып, келин келип ары бери басып жүрүп, чөнтөгүнө бир чүкө салып коюп, кайра кете берди. Самат кайта келгенде «Эмне болду? деп, Саагат сураса, «келген жок» дейт. «Самат, уктап калба?» «Жок, уктаган жокмун, келген жок» деп карганат. Бирок, анын уктап калганын Саатат билет. Чөнтөгүнө карап, чүкөнү көрүп: «Сени чүкө ойногон жаш бала» дептир дейт.
Экинчи түнү «жат» деп, Саматты дагы жиберет. Экинчи түнү жатып дагы
күтүп отуруп, Самат уктап калат. Келин келип, ары-бери басып ойгонбогондон
кийин чөнтөгүнө алма салып коюп, дагы кайра кете берди. Самат кайра дагы
келет. «Эмне болду?» «Келген жок». «Уктап калба?» «Жок уктаган жокмун» дейт Самат. Бирок, уктаганын Саагат билет. Уктабасаң чөнтөгүңдү карачы» дейт. Чөнтөгүн караса, алма жүрөт. Алма жеген жаш бала дептир дейт. Саагат, Самат уялып калат.
Анда Саагат мындай дейт. «Биринчи күнү кечээ чүкө ойноп жүргөн бала экен
деп, чүкө салып кетти. Андан кийин алма терип жеп жүргөн бала экен деп алма салып кетти. Эми уят, бүгүн уктабай жат» деп Саматты дагы жибермей болуп дагы акыл үйрөтөт. «Келин келгенден кийин эмне үчүн эки күндөн бери уктап калдың десе, мындай де: «Сен деп беш-алты күн жол жүрүп, атым ыргайдай, өзүм торгойдой болуп чарчап келсем, ойготууга жарабайсың де».
Бир убакта келин “келип ары-бери басат. Бирок, Самат сүрдөп, эмне айтарын
билбей, бир топко чейин уктамыш болуп жата берет. Келин кете береринде араң баягы Саагат үйрөткөн сөздөрдөн айтып, акыры келинди кармады.
Экөө ошол жерде көпкө сүйлөшүп олтуруп уктап калып, кароолчуларга
карматып коёт. Кароолчулар: «Кандын келининин койнунан эр кармадык» деп, зынданга салуу үчүн айдап бара жатканда келин Саматтан: «Куткаруучу кишиң барбы?» деди. Самат: «Мендей эле жаш бала, башка жолдошум жок» дейт. Анда келин: Саматты минтип кыйкыр дейт: «Жылкычы эле, жылкычы, жылкың эгинге кирип кетти, куткарсаң куткарып ал, куткарбасаң кой деп, жинди немече кыйкыр» дейт. Самат келиндин айткан сөзүн кайталап кыйкыра кетти. Саагат аны угуп, колго түшкөн экен дейт да, куткаруу үчүн акыл ойлой баштады.
Кароолчулар Самат менен келинди орго салып коёт. Саагат базарга барып,
аялдын кийимин сатып алып кийинип, төрт нан көтөрүп кайтаргандарга келет да, аларга мындай дейт: «Мен алты ай ооруп айыктым эле. Ошондо өлүмгө бара турган адамдарга даам ооз тийгизейин деп чоң убада кылдым эле. Мүмкүн болсо өз колум менен кирип берүүнү уруксат этиңиздер». Алар уруксат этет. Саагат кирип келинди чыгарып жиберип, өзү ордо калат.
Ким чыкканын алар билбейт. Түштө даргага асуу үчүн экөөнү алып барат.
Кандын келини болсо үйүндө жүргөн. Ал жерден Саагат туруп: «Бул экөөбүз бир тууган элек. Бул менин карындашым эле. Шаарыбызды жоо чаап качып келе жатып, талаага уктап калыптырбыз. Ал жерден бизди ууру деп камап салды.
Бизде эч күнөө жок. Ишенбесеңер карагылачы» деп, паранжысын ачса эле башка.
Ал жерден кан ак жерден УУРУ Деп кармап жана кандын келинин жаманатты
кылгандары үчүн алтымыш кишини даргага асмак болот, бирок Саагат астырбай коёт. Мына ошентип Самат болсо кыз болуп, Саагат жигит болуп, ак жеринен аларды кармагандыгы үчүн кароолчулар уятка калышты, кан болсо:
«Карындашың үйдө келин менен жүрө берсин, сен болсоң жигиттер менен бирге жүрө бер» дейт.
Бир күнү кан көп жигиттер менен талаага аңчылыкка бармай болуп, Саагатты
да «кошо жүргүн» дейт. Саагат: «Макул, карындашыма бир ооз сөзүм бар эле,
сүйлөшөйүн» деп барып, Саматка мындай дейт: «Сен бүгүн түштө өз кийимиңди кийип алып, боз кайкыдан биздин астыбыздан жолуккун». Аны айтып коюп, Саагат бир кендир алып чыгып кетет.
Баягы эл менен кандын баласы да кошо барган. Таалада ит агытып куш салып
ойноп жүрүшөт. Бир убакта кандын баласы жалгыз бөлүнүп бир чолок коёнду
кубалап кетет. Жолдо боз кайкыдан бир сонун кийинген, сонун ат минген жигит менен Саагат көрүшүп ыйлап жатып калат.
Кан: «Бул ким?» деп сурайт. Саагат: «Бул менин карындашымдын күйөөсү,
бизди издеп келиптир. Эми мен барып учураштырайын» деп карындашын
чакырып келүүгө чыгып кетет. Карындашына барып, кайра сабыры суз кирип
келип, кандын жанына отуруп калат. «Эмне болду?» дейт кан: «Эмнеңиз курусун, менин карындашым менен сиздин балаңыз жок» дейт. Кан: «Акылсыз неме ала качып кеткен го» деп ичинен ойлоп, балага жыгылып: «Балам, кызымды да, келинимди да алгыла» деп, аларга кошуп, дагы кырк төөгө дүнүйөсүн жүктөп жөнөткөн экен.
Саагат менен Самат үйлөрүнө келишип, чоң той өткөрүп жатып калышкан
экен.

АКЫЛМАН ВАЗИР

1 11


Илгери, илгери бир кан болгон экен. Ал кандын атагы элге жайылып, айткан
сөзү эм болуп туруптур. Ал кан өзүн акылман деп ойлочу экен. Бирок «аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — кан жакшы» дегендей кандын жакшылыгы вазиринин акылмандуулугунан болгон. Кан аны түшүнгөн эмес. Бир күнү кан менен вазир ууга чыгат. Уудан кеч кайтып, айлына жете албай калат. Ошондо кан менен вазир алдынан жолуккан үйгө түнөп кетүүнү ойлошот. Алар келатса бир жыбытта бир ак үй, бир кара үй тигилип турган экен. Эки үйдөн эки ит үрүп чыгат. Вазир айбандын да, чөп-чардын да тилин билген неме экен. Ак үйдүн ити:
«Кан менен вазир бүгүн биздикине конот. Менин ээм бир кой соёт, мен
кан-жинине тоём, таң атканча ыксырап уктайм» деп мактанып, үрөт.
Кара үйдүн ити үрөт дейт: «Кан менен вазир биздикине конот. Менин ээм
жалгыз ак токтуну соёт, мен кан жинине тоём. Кан менен вазирдин атын таң
атканча кайтарып чыгам. Сен уктап калып, кан менен вазирдин атын ууруга
алдырасың».
Кан менен вазир кара үй менен ак үйгө жакындап келгенде кан ак үй жакка
бастырат. Вазир чылбырдан алып, кара үйгө түшүрөт. Кандын ачуусу келет. Үйгө барганда сүйлөшөрмүн деп ойлойт. Кан менен вазир кара үйгө түшкөндөн кийин кембагал дыйкан чайын берип, жетине албай, жалгыз коюунун козусун алып келет. Ошондо сырттан кой маарайт: «Атаңдын көрү ай, он бирди туудум, бири дагы тукум болгон жок. Ушунумду калтырса болот эле. Миң төлдүн башы ак токту деген болот эле, андан көрө мени сойсочу». Аны вазир түшүнөт да мыйыгынан жылмайып, бата тилегени турган дыйканга кайрылып, «кой, алдагы козуңду сойбо. Бизге сыртта маараган коюңду сой» дейт. Үйдүн ээси макул болуп, козуну коё берип, энесин соёт. Мында да кандын ачуусу келип: «Мунун эмне кылганы?» деп ойлойт. Үйгө барганда сүйлөшөйүн, мунуку өттү. Козу сойдурбай, кой сойдурат дегени эмнеси?» деп ичинен кек түйүп калат.
Өткөн-кеткенди сүйлөшүп, эт желгенден кийин, жомок айтуу башталат.
Үйдүн ээси бир канча кызык жомокторду айтат. Вазир күлкүлүү жомокторду
айтып берет. Кандын эрксизден капасы жазылып, өзүнүн билген үч жомогун
айтып берүүнү ойлойт. Бирок, «ушул жаман кара үйгө жомогумду кайдан айтып берейин» деп айтпай коёт. Анда кандын үч жомогу кеңешет. Биринчи жомогу айтат: «Мени бул ызалады. Мени ушул үйдө эле айтса болмок. Мен эртең менен буга көрсөтөм. Кара курт болуп өтүгүнүн башына кирем да муну чагып өлтүрөм.
Анда экинчи жомогу айтат: «Эгер сенден аман калса, жолдон кан чаңкаган кезде уу булак болуп алдынан чыгам. Бир ууртаганда кан өлөт».
Анда үчүнчү жомок айтат: «Эгер силерден аман калса, мен уктап жатканда
жабыктан ажыдаар болуп түшөм. Андан аман калбайт. Жомоктордун
сүйлөшкөнүн вазир билет. Эртең менен кан өтүгүн кийгени жатканда, вазир
өтүгүнүн башын чарт кесип алат да өзүнүн өтүгүн бере салат. Кандын ого бетер жини келип: «Сени үйгө барганда даргага тарттырбасам» деп ойлойт.
Эртең менен чай ичип аттанышат. Жолдон кетип бара жатышып,
сүйлөшүшпөйт. Кандын кабагы карыш түйүлүп, эптеп үйгө жетип ачуусун
чыгаргысы келет.
Күн ысып, кан менен вазир чаңкайт. Кетип баратса эле, алдынан бир булак
агып жатат. Кан аттан түшкөнчө болбой вазир булактын көзүн ат менен
тепсетип, атын зааралатып жиберет. Кандын дагы ачуусу келет. Ошол ачууланган боюнча үйүнө жетет. Күн батып кетет. Эртеси вазирди даргага асмакчы болуп кан жатып калат. Кан аялы менен жаткан өргөөдө вазир таң атканча күзөт кылууну ойлойт. Кылычын кармап, көзүн ирмебей эшиктин алдында турат. Даяр турган вазир ажыдаардын башын ыргыта чабат. Ошондо ажыдаардын бир тамчы каны төшөктөн ачылып жаткан кандын аялынын төшүнө таамп калат. «Ажыдаардын каны уу болчу эле» деп ошол жерден вазир аялдын көкүрөгүндөгү канды соруп салат. Ошол кезде кан ойгонуп кетип: «Вазирдин шиши толгон экен. Тиякта кылганы тигил, эми койнумдагы аялга кол салганы турбайбы?» Кармагыла жигиттер, муну!» деп кыйкырат. Кандын жигиттери вазирди таңып таштайт.
Эртеси элдин көзүнчө кан аны даргага асмакчы болот.
Эл чогулуп келгенде, вазирди жакшы көргөн карыялар: «Алдаяр каным,
вазирдин кылмышы эмне?» дейт. Анда кан: «Мунун кылбаганы жок. Өтүгүмдүн башын кести, ичээр суумду булгады. Аягында аялымдын койнуна кол салды.
Мындан да ашык кылмыш болобу?» деди.
Анда карыялар: «Кандын айтканы туурабы?» деп, вазирден сурашат. Вазир:
«Кандын айтканынын баары туура. Бирок болгонун болгондой угуп алгыла» деп, болгон тарыхын айтат. Экөөнүн ууга чыкканын, адашканын, ак үй менен кара үйгө жолукканын, козу сойдурбай кой сойдурган себебин, кандын үч жомогунун максатын айтып, өтүктүн башындагы кара куртту, жолдогу уу сууну, үйдөгү ажыдаардын баардыгын көрсөтөт. Кандын аялынын көкүрөгүнө ажыдаардын каны таамп калганын айтат. Вазирдин сөзүнүн чындыгына кандын көзү жетип, катуу уят болуп, «кандык мага ылайык эмес экен» деп ойлойт да, кандыгын вазирине берет. Ошентип, вазир акылмандуулугу менен кандык даражага жетиптир.

АКЫЛМАН СЫНЧЫ

akylman synchy


Бир адам жолоочу жүрүп келе жатса, жолдон бир киши жете келет да: «Бизден
мурун кеткен из төөнүн изи экен, бир жак көзү сокур экен» дейт. Жолоочу ага
көңүл бөлө бербейт. Андан ары жүрө бергенде: «Бир жагына таруу, бир жагына
буудай жүктөп алыптыр» дейт. Андан ары жүрө бергенде: «Үстүнө мингени кош бойлуу аял экен, артында ээрчиткен куйругу чолок сары ити бар» дейт. Жолоочу: «Сен жинди болсоң керек, буларды кайдан билдиң?» дейт. Анда тиги киши: «Мен жинди эмесмин, шаарга жете баралы, анан менин сөзүмдүн чындыгын өз көзүң менен көрөсүң» дейт. Шаарга жакындаганда «далилдесем болот эле, бирок шашып баратам» деп жөнөп кетет.
Жолоочу жүрүп отуруп, бир кандыкына келип конуп калат. Кан чай
ичилгенден кийин, «алыстан келе жатыпсыз, көргөн билгенден, өйдө-төмөндөн сөз сала отуруңуз» дейт. Анда жолоочу: «Жолдон бир кишиге жолуктум. Жинди десем, жинди эмес, кебете-кешпири кадимкидей, соо дейин десем, жинди кишинин кебин салат, ошого таң болуп отурмун» дейт. Кан: «А кандай кеп?» дейт.
«Айта турган деле кеп эмес, дөөдүрөп жатат да. Жолдо келе жатып, «бизден
мурун шаарга кеткен из төөнүн изи экен деп койду. Дагы бир аз жол жүрүп келип:
«Төөнүн сол көзү сокур экен, үстүнө мингени кош бойлуу аял экен, ээрчиткен
сары ити бар экен, бир жагына таруу, бир жагына буудай жүктөп алыптыр» деди.
Мен ишенген жокмун. Шаарга жакындаганда: «Далилдесем болот эле, шашып
баратам» деп жөнөп кетти» деди. Кан арыдан бери эки жигитти чаптырып,
жолоочунун таптырып келди да: «Кечээ эмне дедиң, аны кайдан билдиң?» деди.
Анда тиги киши: «Мунун билүү оңой эле иш, бизден мурун кеткен төө экенин
изинен билдим, сокур экендигин чөп жешинен билдим, анткени сол тарабындагы чөптү сыдырып жеп отуруптур, оң жагына тийбептир, аял жерге түшүп заара ушатып, боортоктоп төөгө араң минген экен, андан кош бойлуу экендигин билдим, жумшак кумда сайылган из бар, сары жүн түшүп калыптыр, андан куйругу чолок сары ити бар экендигин билдим, жолдун бир жагына таруу, бир жагына буудай чачылыптыр, андан бир жагына таруу, бир жагына буудай артынган экен деп ойлодум. Таксыр каным, аялды издеп таптырып алып келиңиз, эгер айтканым калп болсо башымды алдыртыңыз» деди.
Аңгыча кандын жигиттери сол көзү сокур, төө минген, куйругу чолок сары ит
ээрчиткен кош бойлуу аялды алып келип калышты. Кан тиги кишинин
тапкычтыгына аябай таң калат.
Кан тулпарын сынатмакчы болуп жигиттерине алдыртып келет. Сынчы көрүп
туруп: «Уй эти, сөөгү тулпар экен» дейт. Кандын эми чындап ачуусу келип,
тулпарды таптаган кишини чакыртып: «Чыныңды айт, сынчынын айтканы
туурабы?» дейт. Анда саяпкер киши: «Каным, бул сынчынын айтканы чындык,
тулпар туулушу менен энеси өлүп кулунду уйга эмизгенибиз чын эле» дейт.
«Менин ата-тегимди билип бер?» дейт. Анда сынчы: «Сиз кулсуз, аялыңыз
кандын кызы» дейт. Кан каарданып: «Дөөдүрөбө, жети атамдан бери кан болсо, мен кайдан кул болмокчумун» дейт.
Кан «эми энемди чакыргыла» дейт. Анда энеси: «Балам өсөрүм калбай, өлөрүм
калган чагымда бир кишинин канына ортоктош болгум келбейт. Муну бир кудай, бир вазир, бир сенин энең, бир мен билчү элем. Вазир менен сенин энең эчак аркы дүйнөгө кетишти. Эми биздин сырыбыз дагы бир кишиге маалим болсо, кудайдын кудурети ушул экен, кулак салып ук, чынын айтып берейин. Сенин атаң жети аял алган экен, жетөөнөн тең бала көрбөй, сегизинчи кылып мени алат.
Бат эле менин боюма бүтүп, төрөр күнүм жакындаганда кан: «Чыр эткен баланын үнүн уга элек элем, жүрөгүм жарылып кетпесин, эркек төрөсө, сүйүнчү жибергиле, кыз төрөсө, көзүмө көрүнбөсүн» деп, кырк жигити менен ууга чыгып кетти. Айлам кетип, күнү-түнү ыйладым, чымындай жандан күдөр үзүп жакшы көргөн вазир менен акылдаштым. Вазир мени эч кимге көрсөтпөстөн, сарайга алып келип камап койду. Мен кыз төрөдүм. Вазир болсо үч күнгө чейин эч кимге билдирбей, чар тараптан эркек төрөгөн аялды издеп жүрүп, үч күн дегенде сени таап алып келди. Мен сарайда кызымды сага айырбаш кылып, кедейдин аялына дүр-дүйнө берип узаттым. Кийин өз каным алыстап кетпесин деп кызымды сага үйлөнттүм» дейт. Муну угуп, кан сынчыга ыраазы болуп, ат мингизип, тон кийгизип узаткан экен.

КАНДЫН КЫЗЫ


Илгери бир кан вазири менен ууга чыгыптыр. Аңгыча кайдан жайдан келгени
белгисиз ызгаардуу шамал согуп, суук боло түшөт. Аттары чыйрыгып, өздөрү
калчылдап үшүп кетишкенде вазир: «Таксыр, үй жакка барып түштөнүп алалы» деди. Кан: «Ии, үйүң жакын жерде болсо барса баралы» деп жөнөп калды.
Вазирдин аялы, ары сулуу, ары жылдыздуу адам экен, түр-түркүн тамак менен
коноктоп, кандын купулуна толду. Кан болсо аялды көрүп «канга ылайык аялы бар экен, мага ушул үчүн көрсөтпөй жүргөн турбайбы, кандай да болсо, тартып алышым керек» деп көңүлү бузулуп, ичинен тынды.
Эртеси күнү кан менен вазир экөө дагы ууга чыгышат, ит агытып, куш салып,
көңүл ачышат. Аңгыча «карк-курк» деп, жети каз учуп өтөт. Анда кан: «Тетиги
каздар эмне деп баратышат, айтып бергин, айтпасаң, башыңды аламын» дейт.
Вазир эртеңге чейин ойлонууга уруксат алып, үйүнө барып, оозуна наар албай, капаланып жатып калды. Вазирдин кичүү кызы: «Атам капа болуп келди, билип бергин» деп энесине барды. Вазирдин аялы барып, кыздын суроосун күйөөсүнө айтты эле, вазир болгон иштин жайын аялына баяндады. Өзү беш жашка өтө элек, саамайы өрүмгө жете элек вазирдин кызы атасынын сөзүн угуп, бир балага өңөртүп алып акылдуулугу менен даңкы чыккан кандын кызын көздөй жөнөп
калды. Кандын кызы: «Ии айланайын, караңгыда эмне кылып жүрөсүң, башыңа кандай иш түштү?» деп, кичине кызды кепке салды. Анда кыз: «Эже, башыма иш түшүп, сизден бир иш сурап келдим, сураган ишимди берсеңиз айтайын, бербесеңиз убара болбой кайтайын» деди. Кандын кызы үч жолу «бердим» деп айтып жиберди. Анда вазирдин кызы: «Сиздин атаңыз менин атамды кыйыктаптыр. Эртең асмандагы «карк-курк» деп учкан жети каздын эмне дегенин чечпесе, атамдын башы алынмакчы, ошого капа болуп жатып калды.
Ушуну чечип берсеңиз?» деди.
Кандын кызы «мен билбейт элем» деди. Анда кичине кыз: «Тилиңизге,
тишиңиз күбө, «бердим» деп үч жолу айттыңыз эле» деди. Кыз ары ойлонуп, бери ойлонуп сөз карматып койгонуна оңтойсузданып туруп, «мынча болду айтпаса болбос, каздар: «Обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы» деп учуп баратышат десе кутулат. Кичине кыз кубанган бойдон үйүнө келип, атасына кандын кызынын сөзүн айтып берди. Эртеси вазир ушул сөздү айтып, кандан кутулуп кетти.
Бир күнү кан вазирди дагы соного ээрчитип алып чыгат. Аңгыча жел жүрүп
бир камгак учуп өтүп кетет. Кан: «Камгак эмне деп баратат?» деп вазирден
сурайт. Вазир: «Таксыр, каным, жансыз немеде кайдан тил болсун?» дейт. «Жок, «дың-дың» деп баратат, эртеңге чейин билип кел, билбесең башыңды аламын» дейт. Вазирдин айласы куруп: «Бая күнкү каздарда да үн бар эле, эми муну кантип билүүгө болот, ажалымдын жеткени ушул экен» деп, жашоодон түңүлүп, үйүнө капа болуп түшүп калат. Вазирдин кичүү кызы дагы кандын кызына барып:
«Эжеке, башыма кайгы түштү, сиздин атаңыз менин атамды дагы кыйыктаптыр, учуп бара жаткан камгактын «эмне дегенин» эртеңге чейин билип кел, антпесе башыңды алам деп кыйнаптыр, атам бүк түшүп жатып калды» дейт.
Кандын кызы ары кетип, бери кетип, акыры кичине кыздын көңүлүн кыя
албай: «Конгонумду кокту билбейт, желгенимди жел билбейт, муну сураткан
каның да акмак, сураган сен да акмак» деп кетип баратат деп айтсын деди. Вазир эртеси канга келип жогорку сөздү айтып берип кутулган экен. Кан болсо сөздү кызынын үйрөткөнүн түшүнүп: «Ии, аттиң ай» деп, бармагын тиштептир.
Эртеси кан бардык миң башчыларын чакырып, «менин кызым эр тандайт, эл
чогулткула» деп буйрук берет. Эл ары чубайт, бери чубайт, кыз бир да бирине
көңүл бөлбөйт. «Кан бизди шылдың кылганы чакырткан экен» деп келгендер
нааразы боло баштаганда кан: «Келбей дагы ким калды?» деди. Анда бир абышка:
«Суунун эки аралында бир жан бар. Өзү же жинди эмес, же адам эмес. Башы таз, жегени чөп, ошол гана калды. Кан жигиттерине баягы аралдагы кишини
алдырып келип, кызына нике кыйып, тамак-ашы менен бир тоонун арасына
жеткиртип таштады. «Аял жакшы — эр жакшы» дегениңди көрөйүн». Адамдарды каттоого тыюу салды, бир жумада гана өзү дудук, кулагы кер бир чалды тамак-аш ташысын деп буюрду. Бир күнү кыздын энеси ичи түтпөй, кандан кызына барып келүүгө уруксат сурады эле, кан макул болду. Энеси келип «Күйөөң кана?» деди.
Кыз «мына» деп, тактанын алдында малчасынан жер аяктап уктап жаткан
ылжыраган кунарсыз тазды көрсөтө берди. Кыздын энеси тактанын алдында
жаткан күйөө баласын көрүп күйбөгөн жери күл болду, ыйлап-сыктап: «Ушундан көрө же качып же муунуп өлбөйсүңбү, муну кантип, күйөө кылмакчысың? Же муну өлтүрүп кой, эл-журтка шерменде болбой» деди. Ага кыздын ачуусу келип:
«Өзүм да өлбөйм, муну да өлтүрбөйм, бул бир мусапыр, мунун убалы кимге?
Колумдан келишинче багып, адам катарына кошомун. Ал эми чын-чынына
келгенде мен шерменде эмес, атам шерменде болду. Мени шерменде кылайын
десе, тогуз жолдун тоомуна алып барып таштасын, ары-бери өткөн жолоочу
көрөт, бул кабар бүткүл элге тарайт» деди.
Энеси канга келип, кыздын айтканын айтып берди эле, кан кыздын
айтканындай кылып, таз күйөөсү менен тогуз жолдун тоомуна алып барып
таштады. Кыз мурункусундай эле тазды тактанын алдына жаткырып жүк
жапкычты жаап коет да, бээнин казысына бөлөп бага берет. Акыры жараты
айыгып, жалгыз гана башынын тазы калганда тазга «бир чоң ороо каз» деп,
каздыртып, анын эки колун ылдый каратып топурак менен шилеп көөмп
таштайт. Андан кийин жаш козунун жаагын алып келип, башын таза кылып
кырып жууйт. Бир күнү караса, таздын башына сары чолок жаман чач чыгып
калыптыр. Кыз дагы топуракка көөмп туруп, жаман чачын искек менен терип
таштайт. Бир күнү караса, башына кундуздай кара чач чыгыптыр. Ошондо кыз
кооздоп бир топу сайып таздын колуна берип «ушуну базарга алып барып, ичи толтура тузга сат, кайта келатып чачып ий. Ошо сенин шоруң» деди Таз кыздын айтканындай, топуну ичи толтура тузга сатып жолдон чачып ийип, үйүнө келди.
Эртеси кыз баланы базарга ээрчитип келип кийим-кечек, боз жорго сатып
берди да: «Сага илээшкениме жети жыл болду, эми сен эр болдуң, атты минип,
камчылана алдыга түш» деди. Үйүнө келгенден кийин кыз жигитти атасына
жумшады. Кыз: «Сен атты минип канга барып кел. Кандын эшигине барганда,
«менин канда жумушум бар» деп, бек-бек унчук. «Кириңиз» деп эшик ачат. Үйгө салам берип киргенден кийин киши көргөн киши кишиге жакын отурат, кандын өңүрүн баса отур. Ошондо кан: «Балам, эмне жумуштап келдиң эле?» деп сурайт.
Анда «бир кандын баласы элем, жети жылдан бери ушул жерде соода кылдым.
Быйыл элиме кетейин деп,’ сизден бата алайын дедим эле де. Кан: «Кандай
жардам керек?» деп сурайт. «Жардамдын кереги жок, кырк жигитиңиз менен
конокко келиңиз, тогуз жолдун тоомунда жалгыз үйбүз. Келгендердин көбү
эшиктен келип, эшиктен кайтат де. Бир гана сурарым, шаарыңызда жети күн от жагылбасын, сегизинчи күнү кырк жигитиңиз менен аттанып чыгыңыз» деп убадасын бек алып кете бер».
Жигит канга барып убадасын бек алып кайра келет. Кан жети күнү менин
кандыгымда от жагылып, казан асылбасын» деп буюрат. Ошентип, кандын
айлында жети күнү от жагылбай, казан асылбай караңгылык өкүм сүрөт.
Ал эми баягы жигит аялынын айтуусу менен керели-кечке отун алат, кечинде
алган отундарын жагып алышат. Ошентип, бешинчи күн бүтүп, алтынчы күн
болгондо бир аксакал киши эшиктен кирип; «Кандын буйругуна баш ийбеген
кандай жансыңар. Шаардын эли жети күндөн бери казан асып от жакпайт. Силер болсо, кандын жеринде отуруп, анын жардыгына каршы чыкканыңар кандай?
Беш түндөн бери эл кыдырам, жалгыз гана силердин үйдөн от чыгат, эмне болгон жансыңар?» деди.
Келип ийилип ордунан тура калып чоочун кишиге ызаат көрсөтүп: «Аке, ушул
элге от жактырбай, казан астырбай кандын убадасын алган биз элек. Кан жети
күн бүтүп сегизинчи күнгө караганда жигиттери менен конокко келмек. Бүгүн алтынчы күн. Берерге ашыбыз жок, кан башыбызды кестирип, жаман
алачыгыбызды өрттөп кетеби деп коркуп отурабыз. Кечке отун алып, кечинде
жагып алабыз» деди эле, тиги киши башын көтөрүп: «Эмне тилейсиңер» деди.
Келин: «Ашыбызды берекелүү, өзүбүз абийирдүү болсок» деген эле ой дегенде
чоочун киши: «Өзүңөр абийирдүү, тамагыңар берекелүү болсун» деп, батасын
берип чыгып кетти. Аксакал киши чыгып кетери менен аялы: «Бак карады,
Кыдыр даарыды. Биздин үйгө Кыдырдын өзү баш бакты. Эми отунуңду камдай
бер. Кудайдын бизге бергени ушул» деп, отту өчүрүп жатып калышты. Келин кан келер күнү бир казан эт асып, бир казан нан жаап, бир самоор чай кайнатты. Күн шашкеде кан кырк жигити, вазирлери, бай-бектери менен келип түшүп калды эле, тамактары ашып-ташып, берекелүү болуп, артып да калды. Кан ошондо кызын таанып, келишимдүү жигит баягы кызын баш байлаган таз экенин билип, кемчилигин мойнуна алып, сөзгө жыгылды. Кыз-күйөөсүн көчүрүп барып, кандыгын тазга берди.
Ошондон улам эл арасында «обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы —
эр жакшы» деген ылакап сөз калыптыр.

КЫДЫР, АКЫЛ, ЫРЫС


Мурунку бир заманда Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө жолдош болушат. Бир күнү
үчөө жолоочу жүрүшүп баратып, жолдо бир нерсени талашышат. Акыл
мактангансып: «Экөөңдөн мен кыйынмын, акылга баймын. Силер мага баш
ийгиле» дейт. «Жок силер мага баш ийгиле. Менин ырысым көп, силердин
ырысыңар жок» дейт, — Ырыс, Кыдыр экинчи жактан: «Экөөңдөн мен
кыйынмын, силер мага баш ийгиле, элдин баары мага баш иет» дейт. Ушинтип үчөө талашып отуруп, кош айдап жаткан бир дыйканга жолугушту. Дыйканды көрүп, Кыдыр алаканын жайып, сакалын сыйпап: «Айдап жаткан жериңе жалаң алтын менен күмүш чыксын» деп батасын берди.
Айтканындай эле ошол замат айдаган жеринен эгин ордуна алтын, чөп ордуна күмүш чыгыптыр. Кыдырдын бул ишине каршы, Акыл дыйкандын башын тегеретип, акылын алып койду. Дыйкан акылынан ажырап калгандан кийин, айлындагы бир чоң байга барып: «Менин жериме эгин чыкпай эле, какыраган таш чыгып жатат» деди. Бай дыйкандын жерин көрүп: «Эмесе мен жериңе жер берейин, жериңдин үч бөлүгүнүн бир бөлүгүн мага бергин» дейт. Дыйкан байдын айтканына макул болуп сүйүндү. Дыйкандын алтын-күмүшүн бай ташып алды эле, анын казынасына батпай ашып-ташып толуп чыкты. Акылы жок дыйкандын көзүнө алтын менен күмүш какыраган таш болуп көрүндү. Дыйкан алтын менен күмүштү эки жакка чачып, ыргыта берди. Дыйкандын бул абалын Ырыс көрүп, ичи күйүп, боору ооруп, дыйканга ырыс берди. Ырыстуу болгондон кийин жолдон бир топ кербенчилер өтүп бара жатып дыйканга жолугушту. «Бул кудай жакшы көргөн киши экен. Мындагы алтын, күмүштүн баарын алалык, дыйкандын өзүн аксакал кылалык, алыбыздын келишинче ак сакалды баарыбыз сыйлайлык» деди. Кербенчилер макул болушуп, алтын менен күмүштү төөлөрүнө жүктөп алышты. Дыйкандын сакалын тарап, башына суусар тебетей кийгизип үстүнө алтын жакалуу ичик кийгизип, чоң боз жорго мингизип, эки жагынан эки
жигитти жөлөттүрүп алиги дыйканды алып кетишти.
Булар жүрүп отуруп, бир байдын айлына келип түшүштү. Бай айыл-апасы
менен таң калышып: «Ушунча сөөлөттүү, ушунчалык да ырыстуу соодагер
болот экен» деп, шыпшынышты. Кечки күүгүм кирип, намаз шам болгондо
кербен башы байга кеп салды. «Бай, сиздин бойго жеткен сулүу кызыңыз бар
экен, эгер ылайыгы келсе, биздин аксакалга куда түшсөк кандай болор экен?»
деди.
Бай бул сөздү уккандан кийин төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп: «Эгер сиздин
аксакал биздин кызды көңүлүнө жактырса, менин сүйүнчүмдөн башка
каршылыгым жок, болор эле, мен мындай сөөлөттүү, ырыстуу кишиге кызымды бербегенде, кимге бермекчи элем?» деди. Кербен башы байдын сөзүн урматтап, аксакалды алып келмекчи болду. Бай өргөө көтөрүп, күйөө күтүп, айлы менен кымкуутка түштү. Эртеси аксакалды эки жигит эки жагынан жөлөп кандын үйүнө кийирди. Айыл-ападагы кыз-келиндер «Кымбаттуу күйөөнү көрөбүз» дешип, үйдүн жабуусун сыйырып жиберип, биринен соң бири жол талашып, төрдөгү олтурган ак сакалга көз түшүрүштү. Күйөөнүн сөөлөтү болгон менен акылы жок, сүйлөйүн десе сөз билбейт. Кыздын жеңелеринин жандары калбай, «кокуй биздин кызыбызды чанып жатат го, бир ооз дагы сөз сүйлөбөйт» дешип, экиден-үчтөн болуп күбүр-шыбыр, ал сөз үйдөн-үйгө жетти, аягы кыздын атасы байга угулду.
Кабарды бай уккандан кийин ңамызданып: «Менин кызыма сүйлөбөгөнү
эмнеси? Мени шылдың кылгысы келеби?» деп, эртеңкиге чейин сынамакчы
болду. Эртеси дагы күйөө сүйлөгөн жок. Бай аялына сүйлөнүп: «Кызымды чанып кетет деген эмне жакшылык? » деп, элинин баарын короосуна жыйды. Эртеси кечке катырган дөңгөчкө окшоп кыздын жанында олтурган аксакалды даргага асып өлтүрмөкчү болду. Турган эл-журттар байга нааразы болушуп: «Ушунчалык сөөлөттүү кишини дарга асканыңыз жакшы иш эмес го» дешип, байга даттанышты. Бай эч бирөөнүн сөзүн укпады.
Ушул убакта жол менен Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө кетип бара жатып,
дыйканды дарга асканы жатканын көрүштү. Кыдыр менен Ырыс ошондо Акылга баш ийип, жалынып: «Эми ушул дыйкандын акылын берип, жанын сактап калгын» дешти. Акыл ошондо дыйканга өзүнүн мурунку акылынан эки эсе ашырып акыл берген экен. Ошо жерден дыйканга акыл кирип, көзүн ачты.
Байдын даргага асканы жатканын көрөөр менен түшүнүп: «Байым, эки ооз сөзгө уруксат этсеңиз экен» деди.
Короодо турган эл бут дүргүй түштү. «Айтсын, сөзгө уруксат берсеңиз» дешип,
туш-туш жактан чурулдашты. Бай бөйрөгүн таянып туруп: «Кана, эки ооз сөзүңдү айтып көрчү, аксакал күйөөм!» деди. Аксакал тебетейин алып, элди карап сөзүн баштады. «Мен жаш чакта, элибизди жоо чаап, ашуудан ашып качып бара жатканда, айлыбыздагы бир кандын кызы чачын төбөсүнө түйүп, башына калпак кийип, эркекче шымаланып, жарак-жабдыктарын байлап, атты тандап жоонун астынан бетме-бет жалгыз чыкты. Жоо менен чабышып, беш жүздөй кишини бүт бойдон кырды. Андан келгенден кийин качып бара жаткан элибизди токтотуп, чачылган калкты жыйып, катылган жоонун жазасын берип турган эле. Ошол убакта кан кандыгынан түшүп, өзүнүн кызына берди. Мен кечээтен бери сиздин кызыңызды ошол кыздай баатыр болор бекен деп мүнөздөп ойлоп жаттым, каным» деди.
Бай: «Андай болсо иш жакшы болуптур. Мен кызымды шылдыңдап жаткан
экен дедим эле», деп, дыйканды көтөрүп келип үйүнө кийирди. Элин чакырып
кызына той берди. Кызды алып, дыйкан кербенчилерге аксакал болуп, соодасын башкарып, сөөлөтүн күтүп туруп калды. Ошондон кийин эл арасына: «Акыл жок жерде ырыс менен дөөлөт да жок» деген сөз калган экен.

АККӨҢҮЛ МЕНЕН КАРАКӨҢҮЛ


Аккөңүл менен Каракөңүл эл кыдырып, жер кезип жүрүүгө сапарга чыгышты.
Аккөңүл бир атка сылай күл азык, Каракөңүл бир атка сылай күл азык жүктөп, кулак угуп, көз көргүс башка чет жерге жүрүп кетишет. Арасынан бир ай, эки ай өттү. Бирок, жолдо азык түлүктүн бары да Аккөңүлдөн болду. Каракөңүл азыгын да, акчасын коротпой Аккөңүлдөн жеп-ичип жүрө берди.
Каракөңүлдүн: «Качан сенин азыгың, каражатың түгөнгөндө меникин жейбиз, ага чейин сеникин гана түгөтөлүк» деген убадасы бар эле. Аккөңүл эчтемеден кабары жок бейкам жүрдү.
Бир убакта Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Кезек Каракөңүлгө
келди. Бирок, Каракөңүл ага азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болду, алы куруду.
Каракөңүлгө: «Баатыр, убадаңыз ошондой беле? Меникин түгөткөндө, сенин
азыгыңды жемек эмес белек? » деди Аккөңүл.
Анда Каракөңүл айтты: «Жок, сенин азыгың бүт түгөнгөн жок. Жетелеп
жүргөн атыңды сой! Атты жеп болгондон соң, менин азыгымды жейбиз».
Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти
түгөнгөндө, Аккөңүл: «Кана, Каракөңүл жол азыгыңды алып кел! Баатыр,
убадабыз ушундай беле?» деди. Анда Каракөңүл: «Сенин азыгың дагы бар, бир
көзүңдү оюп берсең, токоч берем» деди. Бербеске айласы жок, ачкачылыкка
чыдабай, Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Аккөңүл алдан тайыды: «Ээ
баатыр азыгыңды алып кел, ортоктош бололу» деди. Анда Каракөңүл: «Жок,
сенин азыгың дагы бар. Эми бир көзүңдү чукуп берсең бир токоч беремин» деди.
Бербеске ылаажысы жок, Аккөңүл калган көзүн дагы чукуп берип, бир токоч
алды. Аккөңүл тамагы үчүн эки көздөн айрылып, темселеп калды. Каракөңүл:
«Кош, Аккөңүл өзүңдү карга кузгун жесин» деп атын шарт камчыланып жөнөп кете берди.
Мен үйүмдөн чыкканы
Алты ай, он беш күн болду.
Эки көздөн айрылып
Жүрөккө кайгы чер толду.
Жарык шоола көрө албай,
Ай караңгы түн болду.
Сары чачтуу шайтандай
Азгырган шайтан ким болду?
Же көргөндөй көзүм жок,
Же бир тыйын бөзүм жок,
Азыгым жеп көз чукуп,
Каракөңүл бачагар,
Кете берди көңүл ток.
Тирүүлөй берип жалгандан,
Талаада тентип мен калдым.
Кутула албай армандан
Уялбадың таш көңүл,
Көзүмдү чукуп алгандан.
Кулак угуп, көз көрбөйт,
Ызгардуу шамал жел болдуң.
Карга кузгун тил билбейт,
Мен буларга жем болдум.
Эл кыдырып, жел кезип,
Жолоочу жүрүп келгенче,
Каракөңүл каапырга,
Көзүмдү чукуп бергенче,
Күндөп-түндөп жол жүрүп,
Намыс кылып келгенче,
Өткөн айдын ичинде,
Кайта кетпей не болдум,
деп өксүп-өксүп ыйлап зарлап жатып уйкуга кетти. Уктап жатып түш көрдү.
Туулган жеринде, көнгөн элинде алты саны аман, эки көзү бүтүн баштагысынан эки эсе жыргап жаткан кезде кимдир бирөө: «Тур өйдө!» дегендей болду.
Аккөңүл чочуп тура калса эчтеке билинбейт. Эки көзү ордунда, жүрөгү алапта,
көңүлү сүйүнчүлүктүү эки эсе кубаттанып калган, Курсагы ток, кайгысы жок.
Түндө түшүнө кирген керемет, алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат
берген эки көзү ордуна келген. Аккөңүл күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир ээн
талаа, эрме чөлгө кез келет. Ал жерден жаңыдан тууган беш баласы бар канчыкты көрөт. Канчыктын азыгы жок. Балдары жаш. Баштыгын аңтарып бир жарым нандын кагынчыгын таап, таштын бетине салып, канчыктын астына койду да;
«Сен да мендей карыпсың» деп, бир-эки сөз айтты:
Берейин десем азык жок,
Шекер-шербет жем чачып,
Үлбүрөйсүң алың жок.
Беш балалуу жаш канчык,
Эл кыдырып, жер кезип,
Мен да сендей байкушмун.
Муңканып ыйлап жүргөндө
Арманым угар болсоңчу,
Тирүүлөй отко күйгөнчө Сураганым берсеңчи! деп көзүнүн жашын төгүп
жиберди. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчийин десе, балдарын
таштай албай кала берди.
Аккөңүл жолго түштү. Күндү күн дебей, түндү түн дебей жүрүп отуруп, бир
күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго кез болду. «Бул тегеректе эл бар экен.
Эмне болсо да ушул коргондун арасына коноюн, эртең менен эки жактан эл
карайын» деп, ой кылды да, төбөсү түшкөн бир көрдүн ичине кирип жатты.
Уйкусу да келбейт, жүрөгү дегдейт. Түн ортосу болгон кезде тарсылдаган дабыш угулат. Дабыш уламдан-улам жакындап, кобур-күбүр адамдын үнү чыкты. Аттын дабышы анык билинди. Калың коргонду аралап тигилер да коно турган болду.
Аттарын байлап коюп, алоолонтуп от жагышты. Бирок, Аккөңүл өзүнүн
бардыгын билдирбеди. Тигилердин арасынан бирөө бакылдап сүйлөп чыкты:
— Туугандар, тогузубуздун тең катын, балдарыбыз жок. Үй-жайыбыз жок.
Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби?
— Аның ырас, оокатты кыла тургандын акылын мен таптым, менин акылыма
киресиңерби? деди экинчи бирөө. Башкалары: Айт, айт, акылыңа киребиз —
дешти.
— Ушул өзүбүз турган коргондун арасында бир далай мал бар. Тетиги
коргондун арт жагында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар.
Күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин күнгө сергитет. Аңдып туруп
муну алсак, бул мал эмеспи, ал оокат эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар.
Ошол калаада баланча көчөдө Кунакун сарттын короосунда ат башындай жамбы бар. Короомду сатам деп жүрүүчү эле. Анын короосун сатып алсак, ал мал эмеспи, оокат эмеспи. Жана ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын:
«Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңме-тең кызмат
акысына берип, теңин өзүм алам» деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып,
алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, ал оокат эмеспи?» деди.
Калгандары бул акылды макул көрдү. «Ушундай кылалы» — деп убадага
токтошту. Аккөңүл бул сөздөрдүн барын тыңшап жатып абыдан угуп, анык
билди, түшүндү. Таң атып, күн чыккандан кийин, Ак-көңүл баякы кишилерди
байкап караса, эч дайыны жок. Жымжырт. Түшкөн ордуна барса адамдын изи,
аттын такасынын тагы түгүл түндөгү жаккан оттун күлү да жок. Кадимкидей
мунун бир керемет экенин билди. «Кудай мага берген экен. Мен бул жердин
баарын издейин, карайын, табайын» деп, коргондун арт жагына чыкса, бир
чычкан дилде ташып жүрөт. Аккөңүл аңдып туруп тогуз дилдени алып,
чөнтөгүнө салды.
Анан шаар бар деген жакка жөнөдү. Жакын арадагы шаарга жетип,
Кунакундун короосун алты дилдеге сатып алды. Бир дилдеге жалаң жабдык,
кетмен, күрөк алды. Бир күнү короону аңтарып, баякы жамбыны карап жүрдү.
Бир күнү кетмен «чак» деп кайта ыргыды. Караса, ат башындай жамбы чыкты.
Аккөңүл аны да алып, жакшы оокаттанып калды. Бир күнү бул шаардын каны:«Кимде ким менин алтын казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем» деп жар салды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан ылдый жер астында экен. Ошол себептен эч адам чыкпады. Аккөңүл: «Мен алып чыгамын» деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белинен алты жүз кулач арканды улаштырып байлап алтын орго салды. Аккөңүл алтын кенге жеткенде, койнуна да, кончуна да катты. Койнуна бир бутка жакын алтын батыптыр. Арканды солкулдатты эле, кан кайра тартып алды. Кан убадасы менен тең бөлүп берди. Ошол күндөн баштап кан Аккөңүлдү чакырып алтын, күмүшүн
алдыра турган болду. Аккөңүлдүн байлыгы, кадыры кандан аша баштады. Акыры ал ошол шаардан чыккан чоң бай, төрт түлүгү шай болду, катын балалуу болду.
Аягы барып чоң жакшылыкка айланып, Аккөңүл муратына жетти.
Эми Аккөңүл ушул жыргалы менен тура турсун. Төмөндө Каракөңүлдүн
аңгемесин айталы: «Баягы Аккөңүлдөн айрылгандан бери далай жер кыдырып, эл көрүп жүрүп, аягында калың малга кез болду. Малчыдан: «Бул ким дегендин малы?» деп сурады эле, «Аккөңүл дегендин малы» деди.
— Тетиги алтын чатыр кимдики?
— Аккөңүл байдыкы.
Бул ким болду экен деп анын жайын сурады. Малчы Аккөңүлдүн көргөн
кордук, азабын бул абалга жеткен себебин аныктап айтып берди.
Ошондо Каракөңүл Аккөңүлгө барып башын ылдый салып уялганына
чыдабай төмөндөгү сөздөрдү айтып салам берди:
— Ассалоом алейкум Аккөңүл бай
Бал шимип, казы кертип жегениң май.
Мал күтүп төрт түлүктүү доорон сүрүп,
Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай.
Ичкениң кант сапырып кыпкызыл чай,
Билбеймин, элебеймин акмак болуп,
Кечиргин бир күнөөмдү теңизим ай,
Качсам да, узабаймын мен кутулуп,
Бир кезде шайтандаймын жин кутуруп,
Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө,
Мен келдим алдыңызга кол куушуруп,
Башыңда сапар тартып бирге чыгып,
Аягы мен жаңылдым иттик кылып,
Канчалык ит болсом да сизге кулдук,
Алик ал, саламымды жарык кылып.
деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл «битке теңелип
көйнөгүңдү отко салба» деген макалды оюна алды да, саламын алик алды.
Аккөңүл Каракөңүлдү жакшылап конок кылат. Көргөн билгенинин баарын,
баякы коргондон көргөн кереметин, кандайча бай болгонун айтып берди.
Каракөңүл да ошол көп коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп бир күнү
баягы Аккөңүл көргөн коргонду көздөй жөнөдү. Ал жүрүп отуруп коргонго жетип, баягы төбөсү жок көрдүн ичине кирип жатты. Бир кезде дабыш угулуп тогуз адам келди. Каракөңүл өзүнүн бардыгын билгизбей, кудайга сыйынып жата берди.
Тиги кишилер мурункудай кеп сала башташты. Баякы бакылдап сүйлөгөн адам дагы бакылдап сүйлөп чыкты: «Туугандар, тогузубуз тең эле ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? Мал күтүп, катын алып, оокат кылып бир жерге туруп алсак болбойбу?» деди. «Качан да болсо кайгыланып жүрүп, бизди түгөтө турган болдуң. Бул коргондун арт жагында тогуз дилде бар эле, кайгыланып жүрүп, андан да айрыдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айрыдың. Былтыр келгенибизде эле тетиги көрдүн ичинде бир киши тыңшап жаткан окшойт.
Биздин түбүбүзгө ошол киши чыга турган болду. «Кана» деп жабыла чуркап,
Каракөңүлдү жаткан жеринен таап алып өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, күлүн сапырып жиберишти. Аккөңүлгө казган оруна аягы барып өзү түштү.

ЖЕКЕ ТАЗ МЕНЕН ЖЕТИ ТАЗ

images 18


Илгери бир жеке таз жана жети таз бар экен. Жети таздын жети кара торпогу,
жеке таздын жалгыз кара торпогу, жети таздын жети энеси, жеке таздын жалгыз энеси бар экен. Жеке тазды жети таз жеткен жерден жердеп жекелеп уруп, тазын сүрүп койчу экен.
Жеке таз ушул жети таздан кантип кутуларын билбей жүрдү. Бир күнү бир
байдын баласы жети өгүз айдап келе жатыптыр. Жеке таз: «Ой, байдын баласы
жети өгүздү кайда айдап барасың? деди. «Кайтарып жүрөмүн, жеке таз баатыр» деди.
«Байдын баласы, ушул жети өгүзүңдү сайып мелдешесиңби? Мен жердин
мээсин, ичеги кардын чыгара муштайын» деди. «Макул» сен ошондой кылсаң,
жети өгүзүмдү берейин, антелбасаң, сен мага эмне бересиң?» деди алиги байдын
баласы. «Анда мен баш отум менен кул болуп берейин» деди таз. «Сен эртең дагы өгүзүңдү ушундай кайтарып кел, эртең мушташалы» деди. Байдын баласы «макул» деп жеке таз менен убадалашып кетти. Жеке таз жалгыз торпогун сойду, дагы мээсин алып, бир жерге, ичеги-кардын алып, бир жерге көөмп, этин үйүнө
илип койду. Эртеси баягы байдын баласы өгүздөрүн жайып чыгып келди. «Кана эми, жеке таз баатыр, жердин мээсин, ичегисин чыгара муштаймын дебедиң беле, муштагын» деди. Жеке таз ары-бери кайсалап туруп, анан мээ көмгөн жерди катуу муштады эле, мээ чыкты, ичеги көмгөн жерди муштады эле, ичеги чыкты.
Баягы жерден байдын баласынын жети өгүзүн мелдешке алып койду. Жеке таз
жети өгүздү айдап алып кечинде баякы жети тазга келди. Аны көргөн жети таз: «Ээ жеке, таз баатыр, бул өгүздөрдү кайдан алып келдиң деп сурашты. «Ой баякы жалгыз торпогум гана, ошону союп жети бөлүп жерге көөмп, ар бириң бирден өгүз болуп тур десем эле, жети өгүз болуп калышты» деди.
Жеке таз кетип калгандан кийин: «Атаң көрү, биз деле жети торпогубузду
союп, ошентсек ар бирибиздики жетиден өгүз болсо көп эле өгүз болбойбу»
дешти. Анан баягы торпокторун союп, жетиге бөлүп коюп, «өгүз бөлүп тур» десе эчтеке жок. Жетөө жети торпогунан айрылып, жеке тазга келип: «Сен эмне бизди алдайсың?» деп уруп, тазын ташка сүрүп, өгүздөрүн тартып алып, жетөөнү жетөө бөлүп алды.
«Ай атаңдын көрү, буларга дагы эмне кылсам экен» деп жеке таз ойлонуп
калды. Анан бир күнү бир байдан «көмүр жүктөп алайын» деп, бир төөсүнүн
күчүн сурап алып кандын ордосуна барды. «Ой жеке таз баатыр, тартынып
жүргөнүң эмне?» деп ордодогу кыздар сурады. «Ой, бул кандын алтын, күмүшү
ушундай сейилдикке арттырып койду. Ар кайсы жерге барып жүргүн деди» деп жооп берди.
«Ой, баатыр, көрсөтсөң көрөлүк, ал кандын алтын, күмүшү кандай болот
экен?» деди кыздар. Анда жөкө таз: «Кой көрсөтпөймүн, көрсө көмүр, күлсө күл
болуп калат» деди. «Кой баатыр, көрсөтсөң күл, көмүр болсо бизде деле алтын,
күмүш бар, ошондой биз деле салып беребиз» деп болбой жатып түшүрдү.
Көмүр жагын чечти дагы, «көрсө көмүр болуп калат дебедим беле? Мына
көмүр болуп калыптыр. Эми эмне кылам?» — деп алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп ыйлап калды эле, баягы кыздар шылдыңдап күлүштү. «А күлүп койдуңар, эми биягы күл болуп калды, мени өлтүргүлө, эми мени жуткула» деп эле ыйлай берди. Анан баякы кандын кыздары көмүр жагына алтын, күл жагына күмүш салып артып берип, жеке тазды кетиришти.
Алтын менен күмүштү төөгө артынып алып, жеке таз баягы жети тазга келди.
Жети таз: «Ой, жеке таз баатыр, бул артынып жүргөнүң эмне?» деп сурашты. «Бул артынып жүргөнүм алтын менен күмүш». «Аны кайдан алдың?» дешти. «Муну кандын кыздарынан алдым, баягы жаман алачыгымды өрттөп жиберип, күлүн бир жагына көмүрүн бир жагына артынып: «Күлгө күмүш, көмүргө алтын бересиңерби? десем эле берди» деди. «Кана, баатыр алтын, күмүшүңдү көрсөтчү?» дешти. Жети таздын көрүп көөнү жайланды. «Биз дагы ушундай кылалы» деп, алачыктарын өрттөп, жетөө жети өгүзүнө артып алып, кандын кыздарынын ордосуна жөнөштү. Кандын кыздарынын ордосуна баргандан кийин кыздар чыгып: «Жети таз, бул эмнеңер?» деп сурашты эле, «күлгө күмүш, көмүргө алтын бересиңерби?» дешти. «Булар жинди болгонбу?» деп, кыздар таздарды кармап алып тазын сүртүп кое беришти.
Жети таз кайта келип: «Сен калп айтыптырсың» деп жеке тазды карсылдатып
сабап алтын, күмүшүн тартып алышты.
Жеке таз: «Атаңдын көрү, булар мени, ар качандан бир качан уруп жүрүп жок
кылмак болду, буларды бир жолу өлтүрүп жаным тынбаса болбойт» деди.
Бир күнү жеке таздын энеси өлүп калыптыр. Энеси өлгөндөн кийин, бир
байдын атынын күчүн сурап минип, энесин кымкап менен жаап өңөрүп алып,
кандын кыздарынын ордосуна барды.
— «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөрүп жүргөнүң эмне?». «Бул кандын кызы,
сейилдикке өңөртүп жүрөт» деди, жеке таз. «Бизге көрсөтчү, жеке таз баатыр»
деди кыздар. «Ой, кокуй, атым азоо үркүп жыгып кетет, өлүп калса кандын
кызынын кунуна калбаймынбы?» деди.
«Ой, өлүп калса, бизде деле кызга жарагыдай кыз бар, алып кел, көрөбүз»
дешти. «Ай, силер ар качан эле ушинтип каласыңар, эми атым үркүп өлтүрөт»
деди, жеке таз. Анда кыздар: «Ой, түгөнгүр, өгүнү деле алтын, күмүшүңдү төлөп бербедик беле, өлсө төлөп берели» дешти. Анан баягы кыздар тегеректеп келип түшүрө турган болгондо, жеке таз согончогунда бир шибегеси бар экен, теминип-теминип койгондо эле ат мөңкүп-мөңкүп келип, аны көтөрүп урду.
«Атаны кокуй, наалат күн ай, кандын кызы өлүп калды, эми эмне арга кылам?» деп жеке таз боздоп ыйлай берди. «Кой, эми буга бир кыз берели» деп, ордодогу кыздан бир кыз беришти. Жеке таз энесин бир жерге көөмп коюп, кызды өңөрүп алып, жети тазга келди. «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөргөнүң эмне?». «Бул өңөргөнүм кандын ордо кызы, энемди өлтүрүп алып, «өлүү кызга тирүү кыз бересиңерби?» десем, энемди алар алып калып, ушуну берди» деди.
«Атаңдын көрү, биз деле энебизди өлтүрүп алып, ошентип барып бирден
катын алып алсак болбойбу» дешти, дагы жетөө жети энесин өлтүрүп алып:
«Өлүү кызга тирүү кыз бересиңерби?» деп кандын кыздарынын ордосуна
барышты. Кыздар кармап алып: «Өлүү кызга тирүү кыз дагы берүүчү беле?» деп, тазын сүртүп, бетин тытып кое беришти. Андан ыза болуп келген жети таз: «Сен бизди алдап энебизди өлтүрттүң, өзүбүздү ургуздуң», дешип жеке тазды өлтүрмөк болушту. Жеке таздын мойнуна сыйыртмак салып токойдун четиндеги чынар терекке сүйрөп барып чытырата таңып, өрттөш үчүн өздөрү отунга кетишти. Ошол учурда сур жорго минген, суусар тебетей кийген, бир көзү сокур, алдында айдаган отуздай чаар аты бар байдын баласы келатат. Аны көрө коюп байланган чынарды сүзгүлөп; «Көзүмдү бер, көзүмдү бер» деп жеке таз кыйкырат. Байдын баласы таңыркап токтой калат. Ошондо гана жаңы көрө калган болуп: «Ой бай, болгур көзүм ордуна келиптирби, карап койчу» дейт.
«Көзүңүз ордунда эле турат, эмне болду эле? дейт. «Эмнеси курусун, көзүм
кыйшайып көрбөй калган, эми көрө түштүм, касиеттүү чынар деген эле» дейт.
«Ой айланайын аке, менин дагы көзүм сокур, бир жардам кыл? Жеке таз
кыйылгансып туруп: «Болуптур эми, менин кийимимди кий, аркан менен таңып коем, бир чай кайнамда көзүң оңолот. Теректи үч жолу: «Көзүмдү бер, көзүмдү бер?» деп үч жолу сүз» дейт. Жеке таз байдын баласын терекке таңып, кийимин кийип, жоргону минип чаар жылкыларды айдап жолго түшөт.
Ал аңгыча жети таз отун көтөрүп жетип келишет да теректин түбүнө отунду
үйүп өрттөй баштайт. — Өл курган таз — дешет.
— Ой, айланайын акелер мен ал эмесмин, байдын уулумун аман калтыргыла,
сураганыңарды берейин ,— деп байдын баласы жалбарат.
— Ии, куусун мунун дагы алдаган турасың, — деп болбой коюшат. Чучуктай
чыңырып жатып бай баласы күйүп бүтөт. Анын күлүн кудукка салып көңүлдөрү куунак жети таз, жеке таздын катынын алып келелик деп, үйүнө келсе жеке таз суусар тебетейди кийип төрдө отурат. Үйдүн тегереги толгон чаар жылкы. Жети таз айран таң калат.
— Ой, жеке таз баатыр, кайдан?
— Ээ, кайданды эмне кыласыңар. Мен силерге ыраазымын. Силер мени өрттөп
күлүмдү салбасаңар мындай бай болбойт элем. Кудуктун түбү толгон мал, чоң
энеме жолуктум. Силердин чоң атаңар салам айтты.
— Эми биз кантип жолугабыз, аларга, — деп жети таз жалбарды.
— Иттен арзан, колдоруңарга узун чырпык алып кудукка салсаңар чырпык
айланса, чакырганы, анда шар кире бергиле.
Жети таз колдоруна узун чырпык алып кудукка барышат. Эң улуусу кудукка
түшкөндө колундагы чырпык айланып кетет. Бизди чакырып жатат деп
калгандары сууга кирет. Ошентип, жеке таз айла-амал менен душмандарынан
кутулган экен.

ЗАР МЕНЕН МЭЭР

zar menen mer


Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Күндөрдүн биринде вазири экөө куш
салып ууга чыкса, башка падышалар жанына балдарын ээрчитип, куш салып
жүргөнүн көрөт.
Падышанын көңүлү бузулуп, вазирине: «Кудайым бизге эмне үчүн бала
бербеди, биздин катындарыбыз эмне үчүн туубайт?» деп капа болуп үйлөрүнө
келип, катындарын сабап кирет. Бечара катындар бала үчүн зарланышат, тилек тилешет. Алардын зары өткөнбү, үч-төрт айдан кийин катындарынын боюна бүтөт экен.
Падыша дагы бир жолу куш салып жүрүп: «Эми кудай берсе, катындарыбыз
туумак болду. Менин катыным эркек тууп, сенин катының кыз тууса, кызыңды менин балама бер, сенин катының эркек тууп, менин катыным кыз тууса, кызымды сенин уулуңа берем, эгер экөө тең эркек болсо экөө акыреттик дос болсун» деп экөө баталашып, ант кылышат.
Айлар өтүп, күндөрү жетип, катындары толготордо: «Жүрү куш салалы,
төрөгөндө бир киши сүйүнчүлөп, барар» дешип, экөө жүрүп кетишти. Буйрук
менен вазирдин катыны эркек, кандын катыны кыз төрөдү. Бир мастан кемпир сүйүнчүлөп вазир менен падышага: «Аман-эсен катындарыңар төрөдү, вазирдин катыны эркек падышанын катыны кыз төрөдү» дейт. Экөө сүйүнгөн бойдон жарышып келе жатып, вазир атынан жыгылып, арка-мойну астында калып өлөт.
Падыша той жасап, кыздын атын Мээр, уулдун атын Зар койду.
Зар менен Мээр бир жүрүп, бир ойноп 16 жашка чыгышты. Мээрдин сулуулугу
жандан ашып, ар кайсы падышалардын балдары ашык болуп, куда түшүүгө
суратты. Кээ бир падышалардын балдары «Мээрди албасак да, жүзүн бир көрөлү» дешип, ашык болуп, ак боз аттары менен жыландай ойнотуп, Мээрдин астынан өтөр эле. «Куда түшөм» деп келгендерди падыша: «Кызым күйөөдөн жутаган жок, күйөөсү бар, убара болуп келе бербегиле» деп, кайтара турган.
Падыша элден коркуп, адам эшигин тапкысыз бир сарай жасатып, Мээрди
киргизип, эшигин бир мастан кемпирге кайтартып койду. Зар ары жактан карап, бери жактан карап, Мээрди эч таба албай, ичи күйүп: «Куда түшөм деп жүргөн падышалардын бирөө ала качып кеттиби?» деп ичинен сызып ыйлайт. «Эне, менин курдашым, акыреттик жарым Мээр жок. Кайда экенин билесиңби? Же падышалардын балдары менен качып кеттиби?» деп Зар энесинен сурайт экен.
Энеси чуркап барып, баласынын башын көтөрүп: «Зар балам, башыңды көтөр,
ыйлаба. Кайнатаң жаңыдан салган сарай үйдүн терезесин барып карачы көңүлү болсо Мээр сага бир сөз айтар» дейт экен. Энесинин сөзүнө кубанып, Зар чуркап барып терезени карап турса, Мээр терезени ачып, күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын Зарга каратып, терезени жаап кетип калды. Зар капаланып энесине келди да:
«Эне, менин досум, акыреттик жарым менден күдөрүн үзүптүр. Күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын мага каратып кетип калды. Кулдун баласы деп, мени теңине албагандыгы үчүн мен бул дүйнөдө турбаймын» деп дагы ыйлады. Анда энеси:
«Андай эмес күзгүнүн артын көрсөткөнү күндүз эмес, түнкүсүн кел дегени
эмеспи» деди.
Зар сүйүнүп, ордунан ыргып туруп барып терезеден карап турду. Ары басты
бери басты, күндүн кеч кирмеги кыямат кайымдай болду. Намаз шам менен
куптан арасында Мээр Зарды чакырып алып: «Сүйүктүү досум, сен чоң ак чийдин түбүнөн кетпе. Эл жатарда мен атамдан уурданып, сандыктагы ак бараң менен көк бараңды, акырдагы ак тулпар менен көк тулпарды алып чыгамын. Экөөбүз качабыз. Сен даяр тур» деди.
Бул экөөнүн сүйлөшүп жатканын мастан кемпир угуп: «Силерге бирди
кылайын» деп кекенип калат.
Ушуну менен Зар барып, ак чийдин түбүнө Мээрди күтүп олтурду. Мастан
кемпир акырын келип караса, Зар уктап калыптыр.
Зарды ордунан көтөрүп башка жерге коюп, ордуна өзү чүкөдөй болуп олтуруп
калды. Мээр аттарды алып келип: «Мингин тулпарга» деди. Мастан кемпир
тулпарга минди. Түн бою экөө жүрүп отуруп, күн шашке болгондо арт жагын
караса, Зардын ордуна мастан кемпир аргымакка минип келе жатат. «Кылмакчы элең кылдың, жемекчи элең жедиң, ушинтип кууратмаксың? Канча кылганың менен көптү көргөн эмессиңби, жол башта» деди Мээр.
Мастан ак тулпар менен кыя тартып, алдына түшүп бара жатат. Мээр ак
бараңды колго алып, астында бара жаткан кемпирди шыкаалап: «Эки далынын ортосу, так жүрөктүн толтосу, өлөр жериң ушул» деп, атты эле, мастан чыңырып кулап түштү.
Канча кылганы менен акылы бар эмеспи, тулпардын изи менен Зар таап келер деген ой менен Мээр ошол жерде үч күнгө чейин күтүп жатты.
Зар уктап бир убакта турса, эч ким жок. Жалгыз өзү калган. Күн алда качан
шашке болуптур. Эки жагын караса, анда-санда аяктай жерди томура баскан
тулпардын изи жатат. «Кой, мени алдап уктатып коюп, качып жоголгон экен.
Тулпардын изи менен таап, канчалык сен деп жүрсөм да карабайсың, эң жок
дегенде жолдоштук акымдан кеч дейин» деген ою менен артына түштү. Узак
жүрүп отуруп, акыры Мээрге жетти. «Акыреттик досум, келдиңби, мастан кемпир экөөбүздү ажыратып кое жаздады. Эмне болуп адаштың?» деди Мээр. «Бу да болсо мастандын азгырып уктатканы» деди Зар.
Мээр Зарды атка мингизип жүрүп олтуруп, бир теректин түбүнө келип,
тамактанышты да, ошол жерге түнөмөкчү болушту. «Зар, сен уктап ал, аттарды мен карап турайын» деди Мээр. Зар уктап болгондон кийин Мээр уктады. Зар аттарды карап турат. Ал үч күн тамаксыз жөө келгендиктен көзү уйкуга кетти. Бир убакта шылдыр-шылдыр этип, теректен түшкөн жалбырак Мээрдин бетине тийди. Көзүн ачып караса, бир кара чаар жолборс теректин башына чыгып бара жаткан экен. Акырын тура калып ак бараң менен атып жиберди эле, жолборс
жерге кулап түшөт. Терисин сыйрып алып, экөө андан ары жүрүп кетишти. Бир шаарга жакындаганда аттары боругуп өлүп, өздөрү жөө калып, дагы илгери жүргөндө жолунан чоң суу кез болду. Жөө өтө албай, сууну бойлоп жүрүштү эле, бир кайык көрүндү. Анда бир сокур абышка отурат. Мээр: «Айланайын аке, бизди аркы өйүзгө чыгарып коюңузчу» деди эле, абышка: «Чыгарсам бирден чыгарам экөөнү кемем көтөрө албайт» деди. Мээр чалдын ойлогонун билип кемеге ыргып түшүп жүрүп кетти. Суунун ортосуна барганда чал Мээрдин бетинен жыттап, асылып калды. Мээр абышканы кармашып жатып сууга түртүп жиберип, кемени кайта айдап келсе Зар жок. Ары карады, бери карады, эч таба албады. Зарды жоготуп, кайдан табарын билбей, акыры чарчап бүтүп, бир теректин түбүнө уктап калды.
Таймас деген падыша куш салып жүрсө, кушу Мээр жаткан терекке конду.
Падыша келип, Мээрди көрөр замат ашык болуп калды. Падышанын тогуз
катыны бар экен. Мээрди онунчу аялдыкка алмак болуп чоң той берди. Мээр:
«Таймас падыша, мен да бир падышанын кызы элем, кудай никемди сизге
буюруптур. Эми сиз мени, тогуз катыныңызды кошуп сейилдикке жибериңиз.
Баарыбыздын аттарыбыз, кийимдерибиз бирдей болсун, анан кимибиздин
өнөрүбүз ашык болсо, ошонубуз эрке катын бололу» дейт.
Таймас падыша макул болуп, Мээрдин айтканынын баарын оюндагыдай
орундатты. Бир күнү тогуз катынды ээрчитип келсе, баягы кемеси ордунда
турган экен. Тогуз катынга кемени көрсөтүп: «Ар жакка чыгып ойноп келелиби?» дейт.
Катындар сүйүнүп кемеге түшүштү. Мээр кемени айдап суунун агымы менен
бара жатып, суунун көлгө куйган жеринде ары-бери өткөндөрдү карактап турган он каракчыга кармалып калды. Каракчылар «өзү келген олжо» деп кубанышат.
Мээр каракчыларды «той кылгыла» дейт. Каракчылар той жасап нике кыйып,
катындарды алмак болду. Алар той камылгасын көрүп жүргөндө Мээр аялдар
менен сүйлөшүп: «Чайга уу кошуп берип буларды уулантып өлтүрөлү» деди.
Айтканындай чай менен кошуп уу берип, каракчылардын баарын өлтүрүп,
эркекче кийинип, чачтарын төбөлөрүнө түйүп, кылычтарын жана мылтыктарын асынып, аттарын минип, жүрүп кетишти.
Катындар жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир шаарга жетишти. Ал шаардын
падышасы өлүп, падыша кылууга баласы, же жакын туугандары болбогондуктан, талаш болуп жаткан экен. Өлгөн падышанын бир кушу бар экен. Ошо кушту учуруп, кимдин башына консо, ошону падыша кылабыз деп жатышыптыр.
Катындар жыйылган элдин ичине барышат. Бир убакта эл кушту учурду эле, куш Мээрдин башына конуп калды. Элдин баарысы келип Мээрди караса, жанында тогуз жигити бар, жарак-жабдыгы келишкен бир сулуу жигитти көрүп: «Өзү деле падыша экен» деп, Мээрди көтөргөн бойдон алып барып такка олтургузушту.
Мээр падыша болуп, Зарды табуу үчүн бүтүн шаарындагы жыгач усталарды
чакырып: «Менин сүрөтүмдү өзүмдөй кылып жыгачтан жасагыла» деп буйрук
кылды. Усталар бир-эки күндүн ичинде жасап, аларды падышага алып келип
берди. Мээр сүрөттөрдү көчөгө койдуруп, бүтүн журтуна, ар кайдагы
падышаларга кабар берет. «Биринчиден, менин сүрөтүмдү эл көрсүн, экинчиден, менде ушундай усталар бар экенин эл билсин деп иштеттим» деди сурагандарга.
Шаарындагы адамдар жыйналып, көчөдөгү сүрөттөрдү карап өтүп жатты. Түш
ченде бир сокур абышка сүрөттү көрүп тура калып: «Атаганат, жыгачтыгы
болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны чакыртып алып, бир үйгө кийиртип койду. Журт чубап өтүп жатты. Эртеси түштө орто бойлуу, отуз кырк жаштагы бир киши дагы: «Атаганат, жыгачтыгы болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны да өзүнчө бир үйгө кийирттирди.
Журт өтүп жатты. Эртеси кечке жуук, этеги тизесине жетпеген бир бала өтүп
бара жатып, сүрөттү карап: «Айланайын Мээрсиңби? деп, келип сүрөттү кучактай калды.
Мээр: «Алып келгиле чунак баланы!» деп аны да каматып койду.
Эртеси Мээр келип, сокур абышкадан: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп
сурады. Абышка калп жеринен: «Мээр менин катыным эле чанып качып кеткен» деди. Сокур абышканын калп айтып отурганына Мээр ачууланып, сокур көзүнүн үстүнө соо көзүн чукуп, таза сокур кылып кое берди.
Андан чыгып орто бойлуу кишиден: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп сурады.
Бул киши Таймас падыша экен: «Мээр эмнем болсун талаадан таап келип, алайын деп турганда сейилдикке чыгамын деп, тогуз катынымды алдап ээрчитип кетип, ошо бойдон жок» деди.
Мээр: «Эми Мээрди кошо алар белеңиз?» деди. Анда алиги киши: «Дегеле
Мээрге ыраазы элем, тогуз катыным гана табылса болду эле» деди. Тогуз катыны эркекче кийинип, Мээрдин жанында сурак сурап турганын билбеди.
Мээр чыгып балага келди. Бала көрсө Зар экен. Экөө кучакташып көрүштү.
Зарды жуундуруп тазалап, падышалык кийимдерин кийиндирип, падыша кылып койду. Мээр менен Зар кошулуп, Таймас падышага: «Адам баласы канаат кылбайбы, чүрөктөй катыны турса, мени алам дедиң. Мына менин өмүрлүк жолдошум. Мына катындарың, мен сатып жиберген жокмун» деп, Таймас падышанын катындарын берип, конок кылып узатып жиберет. Ошентип, Зар менен Мээр максаттарына жетип, түбөлүк жыргап куунап жатып калышкан экен.

ОБОЗГЕРДИН КЫЗЫ


Илгери бир кан өзүнүн обозгери менен күнүнө ит агытып, куш салып, талаага
чыгуучу экен. Күндөрдүн биринде экөө адатынча уудан келе жатканда, кан
обозгерине: «Экөөбүздө тең бала жок, кудай берип аялдарыбыздын боюна бүтүп,бири эркек, бири кыз төрөсө, куда бололу, экөө тең кыз, же уул болсо,
достоштуралы» дейт. Обозгер макул болуп, жакшы тилекке кошулат.
Айтканынд ай экөөнүн тең аялынын боюна бүтүп, кандын аялы эркек,
обозгердики кыз төрөйт экен. Анан экөө молдодон окуп, кат таанып, чоң молдо болуп чыгышат. Бала менен кыз окуп жүргөндө чатыраш ойногонду үйрөнүшөт.
Экөө тең бойго жеткенден кийин кан менен обозгер эски убадаларын эске
алышып, бала менен кызды баш коштуруп коюшат.
Күндөрдүн биринде кандын уулу ит агытып, куш салып сейилдикке чыгат.
Көлгө барып өрдөккө кушун салса, куш өрдөккө карабастан, токойдун
арасындагы чөптөн жасалган алачыкка учуп барып конуп калат экен. Кандын
уулу куштун артынан сабап келип «үйдө киши барбы?» дейт. «Үйдө киши бар»
деп, бир зайып эшикке чыга калганда, кандын уулу: «Үйдүн үстүндөгү кушту
алып бер» дейт.
Анда тиги: «Сен андай эле кушуңду кишиге алдырып ала турган мырза болсоң,
өзүңдүн кол алдыңдагы обозгердин кызын албай эле койбойсуңбу? Кандын
уулуна кан кызы ылайык. Алыскы бир шаарда Сыйпа деген кыздын, бир түндө үч сүйлөткөн кишиге тиемин деген убадасы бар. Аралыгы бир айлык жол, ошону барып албайсыңбы? дейт. Кандын уулу кушун алдырып, колуна кондурат да, үндөбөстөн бастырып кетет.
Ошондон баштап кандын уулунун көңүлү бузула баштады. Катынын жаман
көрүп: «Кет эле, кет» деп, ур-бериге көп алуучу болду. Акыры бир күнү кандын
уулу жигиттерин ээрчитип, азык-түлүгүн мол алып, Сыйпа кыз деген падыша
кыздын шаарын көздөй жөнөп калат.
Жолдон азык-түлүгү түгөнүп, айлалары кеткенде, кандын баласы: «Буларды
ээрчитип жүрүп, талаада өлтүрсөм убал болор, андан көрө аты-тону аманыңда
кайтарып жиберейин» деп акыл ойлонуп, жигиттерине: «Эми мындан ары өзүм барайын, силер элге кайткыла» деп уруксат берет.
Жигиттери элине кайтып, өзү андан ары тобокелге салып жалгыз жөнөйт.
Бала жүрүп отуруп, азык-түлүгү такыр түгөнүп, акыры минген атын союп жейт.
Эки этекти кайра кыстарып, жөө-жалаңдап жүрүп отурат. Арып-ачып, өңдөн азат.
Аңгыча бел ашып, бир дөңгө
чыкса, бир шаардын чети көрүнөт. Ал күнү талаага конуп, эртеси керели кечке
жүрүп отуруп, өлдүм-талдым дегенде шаарга араң жетип, шаардын четиндеги уй баккан бир чалга кездешет. Чал:
— Ээ балам, кайдан жүрөсүң, эрдиң кеберсиген, этегиң түрүлгөн, сен ыраак
жерден келе жаткан баласың го?
— Ооба, ата ыраактан келе жатамын. Мен бир кандын баласы элем. Сыйпа кыз
деген падыша кыз бар дейт, ошону алайын дедим эле.
Чал баланы тамакка тойгузуп: «Оо, кокуй, аны сен ала албайсың, тетиги
Мунараны көрүп турасыңбы? Ал жалаң кишинин башынан куралып чыккан
Мунара. Эки-үч күн эс алып ал да кайра кет. Балам, тил алсаң койгун, бөйдө өлүм болосуң, ал кызды бир түндө үч сүйлөткөн киши гана алат. Бир түндө үч сүйлөтүп алабыз деп, нечен кандын сен өңдөнгөн балдары келип сүйлөтө албай, баштары алынып, жалаң баштан бир Мунара болгонун көрүп турбайсыңбы? Сен аны сүйлөтө албайсың» деди. Анда бала: «Ошонун кабарын угуп, сүйлөбөс Сыйпа кызды сүйлөтүп, аны аялдыкка алууга атайын келдим».
«Сыйпа кызга беттешпей кайра элге кантип барамын» деп чын сырын айтты.
Чал: «Айткан тилимди албай койдуң, эми кандын дарбазасынын алдына барып унчукпай тура бер. Бир убакта «эмне кылып жүргөн жансың» деп, ары жактан желдеттер келет. Ошондо өзүңдүн жумушуңду айт» деди.
Бала дарбазанын алдына барып турары менен эле эки желдет келди: — «Ой,
бала эмне кылып турасың? Сөзүң болсо айт? — Сыйпа кызды сүйлөтүп алайын
деп келдим! — Желдеттердин бири Сыйпа кызга келип: — «Таксыр каным, тиги турган кандын баласы экен, сизди үч сүйлөтүп алмакка келиптир» дейт. Сыйпа кыз:
— Мейманды үйгө кийирип, төшөк салып, ар түрдүү тамак аштардан алдына
койгула. Жакшы оокаттанып, ошол жерде эс ала берсин.
Желдеттер баланы ээрчитип барып, падыша Сыйпа кыздын айтканындай
жайгаштырышты. Болжолдуу убакыты болгон кезде «баланы чакырып кел» деп, Сыйпа кыз бир желдетти жиберди. Баланы Сыйпа кыздын алдына алып келет.
Бала ар түрдүү сөздөрдөн кеп урат, кыз унчукпайт. Ошентип, бала менен кыз таң атканча отура беришти. Баланын жини келип: «Жиндисиңби? Дудуксуңбу? Келесоосуңбу? дейт. Кыз такыр унчукпайт. Бала сүйлөтүүгө аракет кылып:
«Сенин ата-тегиң ким? Сени ким падыша койду? Кудай үчүн бир сүйлөсөң боло» дейт. Кыз такыр сүйлөбөй таң атырат.
Сыйпа кыз таң аткан соң желдеттерин чакырып: — Бу баланын башын алып
Мунарага кошкула, тулкусун баягы өргө таштагыла, — деп буйрук кылды. Эки
желдет баланы эки колунан алып дегдеңдетип баш алчу жерге алып бара
жатканда падыша кыздын музоо кайтарчу кемпири көрүп: — Муну кайда
алпарасыңар? деп сурайт. Желдеттер: «Өлтүрөбүз» дегенде кемпир:
«Айланайындар, кичине токтоп тургула, мен Сыйпа кыздан сурап музоо
кайтартып алайын, — деп жүгүрүп кетти. Кемпир Сыйпа кызга келип: «Ушу
баланы мага бер, музоо кайтартып алайын» дейт. Сыйпа кыз макул болот.
Кемпир баланы үйүнө ээрчитип келип, музоо кайтартып койду. Бала өлбөй,
аман калганына сүйүнүп, музоо кайтарып жүрүп: «Мен катын чанганды эмне
кылам, ит агытып, куш салып жүрө бербей эмне болдум?» деп, өз башын өзү
койгулап арман кылат. Бала ошентип, музоо багып жүрө турсун, эми сөз баягы
обозгердин кызы жөнүндө болсун. Баланын аялы бир күн ойлонуп отуруп: «Мени күйөөм жаман көрсө да, аз күнү жолдош болуп калдым эле, ошонун өлүүсүн же тирүүсүн билейин» деп, чачты төбөсүнө түйүп, эркекче кийим кийип, күлазыкты мол алып, бир жакшы атты минип алып, күйөөсүн издеп жөнөйт.
Обозгердин кызы нечен күн, нечен ай жол жүрүп, акыры аттан ажырайт да,
жарагын колуна көтөрүп алып, жөө жүрүп отуруп бир бийик белге чыгып эс алат.
Ошол жерде эки жакты карап отурса, чоң өзөндүн боюнда бүлбүл болуп бир
шаардын чети көрүндү. Ал күнү керели кечке жол жүрүп, күн батканда бир
терекке коноюн деп кайрылса, анын түбүндө алтындан оюп жасалган төрт
орундук, ортосунда бир чатырташ турат. «Эмнеси болсо да ушунда бир чоң окуя бар го, байкап билейин» деп ойлоп, теректин башына чыгып кетет. Жылдыз толгон убакта көлдөн эки эркек жанаша коюлган орундукка, кыз жалгыз орундукка келип отура кетишет. Аңгыча кыз: «Адам ээй, адамзаттын жыты жыттанат да», деп калды эле, анда берки экөө: «Адамзат биерге кайдан келмек эле, кудай тиккен чатырташ» деп коюшту.
Ошентип, баягы экөө чатырташка киришти. Бир канча убакыт өткөндөн
кийин, көпкө ойноп отурушуп, кыз эки эркекти утуп алат. Бирок тиги экөө
чырдашып, «оюндун шартын туура аткарган жоксуң» деп моюн беришпей турган болгондо обозгердин кызы:
— Ой, жигиттер, чырдашпагыла, кыз оюндун шартын туура аткарды, — дейт.
Үчөө чочуп кетип, теректин башын карай коюшса, бир адам отурат. Анда үчөө:
«Түш бери, сен эмне болгон жансың?» дешти.
— Мен адамзатмын, — деп обозгердин кызы теректен түшүп, үчөөнүн жанына
келет: Мен жайымды түшүндүрдүм, силер өзүңөр кимсиңер?
— Биз жиндин падышаларыбыз, үчөөбүз менен чатыраш ойнойсуңбу?
— Ии, ойносо ойнойлу, байге эмне?
— Биз утсак, башыңды алабыз, сен утсаң, тилеген тилегиңди айт, ошого
жеткиребиз.
Төртөө ойной башташат. Көпкө ойноп отуруп, баягы баланын аялы үчөөнү
чатыраштан утуп алат. Анда берки үчөө: — Эмне максатың бар, айткының,
орундаталы, — дешти.
— Сыйпа деген падышаны бир түндө үч сүйлөткөн киши алат деген кабарды
угуп, аны алсам деп, алыстан келдим эле, ошол кызды үч сүйлөтүүгө жардам
бергиле.
Тигилер: «Макул, жардам берели, сен бир табышмактуу окуя айтып, Сыйпадан
сура, ал сүйлөбөйт, ошондо биз тактанын астына жашынып жатып, тескерисин айтабыз, калыс кан эмеспи, чочуп кетип туурасын айтат. Ошондой акыл менен сүйлөтпөсөк, ал сүйлөбөйт, керек мезгилде биз даяр болобуз» дешип көлгө кирип кетишти.
Баланын келинчеги дагы бир күн жол жүрүп, араңдан зорго өлдүм-талдым
дегенде шаардын четине жетип, баягы чалдын чөп алачыгына кайрылат. Чалга салам айтат.
— Балам, бул элдин баласындай эмессиң, алыстан келаткандай түрүң бар, жол
болсун.
— Ата, Сыйпа деген падыша кыз бар экен. Ошонун шаары кайда ошол кызды
үч сүйлөтүп туруп алайын деп келе жаттым эле.
— «О, уу-у балам, ал кыздын керемети да, касиети да көп, Сыйпанын шаары
ушул, сен аны да ала албайсың, сага окшогон нечен төрөнүн, кандын өздөрү жана балдары келип сүйлөтө албай, жалаң баштан Мунара
жасалды. Кой, балам, тил алгын, да, бир топ күнү эс алып, кайра кет».
Аял чалга болбостон кан дарбазасынын эшигинин алдына барып турду эле,
бир убакта эки желдет чыга келди:
— Эмне кылып жүргөн жансың? Жумушуң болсо айт, анчейин жүрсөң айлыңа
кайт. Эркекче кийинген келинчек келген жөнүн айтып, Сыйпага жолуксам деп суранды. Эки жигит дарбазанын алдындагы чоочун адам сүйлөтөм деп алыстан келгенин Сыйпага билдиришти.
— Анда конок үйгө алпарып, тамактандырып, орунду жакшылап салып
бергиле, эс алсын. Күн баткандан кийин аны ордого алып келгиле, — деп буйрук кылды. Эки желдет Сыйпанын айтуусу боюнча мейманды жакшылап
жайгаштырышты. Аңгыча күн да батты. Мейман уктап, сергип алды. Бир маалда эки желдет келди:
— Сыйпа кыз сени чакырып жатат. Мейман «макул» деди да ыргып туруп, эки
желдеттин артынан жөнөдү. Жалаң каухар таштан салынган үйгө алып барса,
падыша кыз келип күтүп калган экен.
Мейман Сыйпа менен учурашып, аны алганы келгендигин айтты. Анда кыз
астейдил күлүп койду: «Мени бир түндө үч сүйлөткөн киши алат. Мени үч
сүйлөтө албасаңыз, башыңыз алынат». Берки: ал шартты билем, — деди. Кыз:
«Эмесе сүйлөтүүчү бөлмөгө киргин» дейт. Ошондо мейман мурда барып, кире
бериштеги кооз тактага отурду.
— Сыйпа кыз: — Ал такта меники, сиз тигинде өтүп отуруңуз, — деди.
Мейман: «Мен өлүүчү, же күйөө болуучу кишимин, ошон үчүн бир түн каалаган ордума отурамын — деп, көшөрүп отуруп алды. Ошентип Сыйпа падыша үн чыгарбай отуруп калды. Мейман ар түрдүү кептен баштады. Сыйпа түк унчукпайт. Түн ортосу жакын калганда «баякылар келгендир» деп болжоп,
аңгемени мындайча баштады: Илгери-илгери бир жыгач уста, бир темир уста, бир кийим тигүүчү, бир молдо болуп төрт адам жолоочу жүрөт экен. Ууру-бөрү күчтүү болгондуктан, кезек менен аттарды күзөтмөк болушат. Биринчи кезек жыгач устага тиет, ал эригип отуруп, жыгачтан кишинин түспөлүн жасап коюп, кезекти темир устага бериптир.
Темир уста аттардын жанына барса, бир киши турат, киши деп караса жыгач.
«Бул жыгач устанын көрсөткөн өнөрү экен» деп темир уста ага сөйкө, билерик,
шакек, мойнуна мончок жасап кооздоп туруп, кийим тигүүчүнү ойготуп, кезекти өткөрүп берет. Тикмечи барса бир кыз турат. Байкаса жыгач. «Жыгач уста менен темир устанын жасаган өнөрү экен» деп, мен да силерден калбайм деп не бир кооз кийимдерди тигип кийгизип жасалгалап, акыры кезекти молдого өткөзүп, уктап калат.
Молдо туруп аттарды аралап жүрүп, тикесинен турган бир адамды көрөт.
Чукул барса кыз, түртсө жыгылып калат. Ошондо молдо: «бул мага тигил үчөөнүн көрсөткөн керемети экен» деп дем салса, баягы жыгач кызга жан кирип, тил бүтөт экен. Эртеси «мен алам, сен албайсың» дешип, катуу талашып калышат.
Сыйпа падыша, айтыңызчы, кызды төртөөнүн кимиси алат? деп сурап калды эле, падыша кыз унчуккан жок.
Анда мейман: «Жандуу Сыйпа айтпаса, жансыз такта сен айтчы?» деп тактаны
бир салды эле, «Кызды жыгач уста алат» деген күңгүрөнгөн добуш чыкты. Ал
добуштан Сыйпа чочуп кетип: «Андай эмес, ал кызды жан салган молдо алат»,
деп жиберди. Сыйпа кыз «бир сүйлөдү» деп коңгуроо угулду. Бул кабар шаарга
дүңк дей түштү.
Экинчи аңгеме мындайча башталды. Илгери бир байдын жалгыз кызы
болуптур. Ошол кызга бир күндө үч кандын баласы жуучу жиберишиптир.
Кыздын атасы кимисине берерин билбей башы катып, ары-бери ойлонуп
туруп, үч күйөөгө: «Үчөөң үч түрдүү буюм алып келгиле, кимиңки артык болсо, ошонуңа беремин» деп үч күйөөнү кайра кайтартып жиберген экен.
Арадан нечен айлар, жылдар өттү. Акыры үчөө үч түрдүү буюм сатып келе
жатышып, бир жолдон кездешип калышат да, ар бири өзүнүн сатып алган
буюмунун касиеттерин айтышып мактана кетишет. Көрсө алардын бири алма,
бири килем, бири күзгү сатып алган экен. Алманын ээси: «Мунун касиети өлгөндү тиргизет» деди. Килемдин ээси: «Килемге олтурсаң, каалаган жериңе дароо жеткизет» деди. Күзгүнүн ээси: «Дүйнөдө эмне болуп жатса, ошону даана көрсөтөт» деди.
Анда үчөө: «Кана көрөлүчү, колуктубуз эмне болуп жатат?» деп, күзгүнүн
бетин ача койсо, үчөөнүн талашкан кызы өлүп, мүрзөгө койгону жатыптыр.
«Кана килемдин өнөрүн көрөлү» деп, үчөө килемге отуруп, дароо жетип
келишти да: «Токтогула, койбогула» деп, кызды мүрзөгө койдуртушпай, кайра
көтөрүп үйүнө алдырып келип, алманы мурдуна тийгизсе, кыз тирилип тура
калды. Ал жерден: «Мен аламын, сен албайсың» деп, талаш чыгыптыр. Кана
падыша кыз, айтыңызчы, аны үчөөнүн кимиси алат? деди эле, Сыйпа дагы
унчуккан жок. Анда обозгердин кызы: «Жандуу Сыйпа айтпаса, айткыла деп дагы тактаны бир салды. Ошондо: Жеткизген килемдин ээси алат» деп, тактадан үн чыкты. Анда Сыйпа падыша чочуп кетип: — Андай эмес, кызды тиргизген алманын ээси алат, деп сүйлөп жиберет. Аңгыча «Сыйпа кыз сүйлөдү» деп, экинчи жолу коңгуроо кагылып шаардагылар бүлүк түшүп калды.
Кандын баласынын келинчеги үчүнчү аңгемесин айта баштады.
Илгери бир кемпир кандын уюн саап, күнүнө канга эртең менен эрте сүт алып
барып берүүчү экен. Күндөрдүн биринде баягы уй саачу кемпир адатынча таң
заарынан сүт алып бара жатып, сүттү жерге коюп, бир жакка чуркап кетет.
Дал ошол убакта бир айры куйрук келип, бир жыланды жерден эңип алып,
кемпирдин сүтүнүн үстүнөн алып өтүптүр. Ошол мезгилде жылан заарын төгүп ийсе, сүткө келип түшүп калат экен. Кемпир билбестен сүттү алып келиптир. Кан сүттү ичер менен мүрт өлүптүр. Бул кандын өлүмү үчүн үчөөнүн кимиси айыптуу? Жооп берчи, Сыйпа? десе кыз унчукпайт. Ошондо кыз: — Бул канды кудай дудук кылып жаратыптыр. Мындан жансыз сен өйдөсүң, ким айыптуу?
Кана айтчы? деп тактаны бир салды эле: — Кандын өлүмү үчүн кемпир эле
күнөөлү, — деген үн чыгат. Адилет Сыйпа чочуп кетип: — Жок андай эмес, айры куйрук күнөөлү, — деп сүйлөп иет. Ушуну менен «Сыйпа падыша үч сүйлөдү» деп, коңгуроо кагылып, калкына кабар берилет.
Эл: «Кызды сүйлөткөн кандай ырыстуу неме болду экен, же сыйкырчыбы, бат
эле таң атып, күйөөнү көрсөк экен» деп, аябай таң калышты. Аңгыча таң да атат, эл жыйылып, кандын ордосуна келе башташты. Аял болсо Сыйпа менен
аркы-беркини сүйлөшүп отурду: — Менден башка сиздин колуңуздан аман
калган пенде барбы?
— Бирөө бар, аны уй кайтарган чалдын кемпири сурап алып кеткен, ал ошондо болууга тийиш. Обозгердин кызы Сыйпага кайрылды:
— Ушул өлгөн пенделерди бир сыйра көрүп чыгууга болобу?
— Эрк сизде.
Ошентип, обозгердин кызы өлгөндөрдү бүт кыдырып чыгат, бирок,
күйөөсүнүн башы көрүнбөйт.
Андан таппагандан кийин: «Мен үч күн бир жерге барып келем» деп коюп,
баякы Сыйпа кыз айткан уйчу чалдыкына барса, күйөөсү музоо кайтарып
жүрүптүр. Чач, тырмагы өскөн, адам сыпаты кеткен. Аны таанып: «Ата, ушул
музоо кайтарган балаңды мага сатыңыз, жалгыз элем, жолдош кылып алайын» деп жабышат. Чал макул болот. Баланын зайыбы чалдын сураган дилдесин берип, күйөөсүн сатып алып, шаарга келет.
Андан кийин баланын чач, тырмагын алдырып, жуунтуп, тазалап туруп, эски
кийимдерин, чач, тырмагын бир чоң сандыкка салып бекитип, ачкычты өзү
катып алат да, «ушуну бек каткын» деп сандыкты Сыйпага алып барып берди.
Кайрадан келип, өзү кандай кийим кийсе, баланы да ошондой кийинтип,
өзүнүкүндөй окшош ат мингизип, үч күнү алып жүрүп тыңытып кол кармашып, достошот да: — Мен тез кетейин, ошондой зарыл жумуш чыгып калды, Сыйпа канышаны сүйлөткөн мен элем. Үйүмдө аялым бар, аны кыялбадым, Сыйпаны сен ал. Сыр билгизбей кызга баргын, ашык сүйлөбө, сөз айтса сөзүнө жараша жооп бер, тезирээк алып кайт, — деп бала менен коштошуп, обозгердин кызы кете берди.
Бала болсо Сыйпа кызга барат. Сыйпа каныша себин сексен төөгө жүктөтүп,
күң жана кулдарын алып, бала менен жөнөйт экен. Обозгердин кызы болсо,
мурунураак келип, жүдөңкү тартып үйүндө отуруп калат. Бир аз күндөн кийин кандын баласы Сыйпа кызды алып келип, өзүнчө өргөө көтөртүп, чоң той берет.
Мурунку аялын болсо: «Кет, селпейген каракчы десе, дале кете элек тура» деп
уруп кирет. Ошондо обозгердин кызынын ачуусу келип Сыйпага барат: — Мен
бир сандыкты аманат таштадым эле, ошону мага бериңизчи — деп, сандыктын ачкычын койнунан сууруп алат. Сыйпа кыз болсо оозун кармап, өзүн сүйлөткөн ушул келинчек экенин билет да, сандыкты алып келип, таазим кылып алдына коет. Обозгердин кызы сандыкты ачып, элден мурун баланын самтыраган кийимин сууруп чыгат. Анда бала: — Бул эски кийим меники эмес бул чач менен тырмак да меники эмес, — деп танат. Обозгердин кызы: — Сыйпаны кантип сүйлөтүп алдың айтчы? — дегенде унчуга албай жер тиктейт. Ошол жерден бала менен Сыйпа кыз экөө тең обозгердин кызынын бутуна жыгылып, бүт бийликти ага берип, үчөө ынтымактуу болуп жыргап жатып калышкан экен.

ТҮЛКҮНҮН ЖУУЧУ БОЛУШУ


Илгери бир кедей дайым тузак салып, ага түшкөн аңдар менен эптеп күн
өткөрчү экен. Бир күнү токойго тузак тартып койсо, бир түлкү түшүп калат.
Түлкүнү чыгарып алайын десе адамча сүйлөп: «Мени тоок менен бак, сени бат эле байытам, атыңды Батбайыр коем» деди. Ал киши түлкүнү үйүнө алып келип, бир тоокту союп берди. Түлкү тоюп алып тоого чыгып оонап жатса, бир карышкыр жанына келип: «Түкө, эмне оонап калгансың» деди. Анда түлкү: «Биякта бир кан чоң той берип, тамаша куруп жатат. Этти аябай жедим эле, ыксырап калыпмын» деди. Карышкыр бекер тамакка көнгөн айбан эмеспи, сүйүнүп кетип; «Анда мен да барайынбы?» «Оой кокуй, жеке эле өзүң эмес, отуз-кырк карышкыр болуп баргын» деди. Карышкыр ойдогу карышкырды ойдон, кырдагы карышкырды кырдан жыйнап, бат эле отуз-кырк карышкырды ээрчитип келип калды.
Түкөм жол баштап, карышкырларды ээрчитип канга келди да: «Таксыр каным,
бу карышкырларды сизге Батбайыр деген киши жиберди. Бир үйүңүздү бошотуп кийирип, союп талпак кылып алыңыз» деп жөнөп кете берди. Кан бир үйүн бошотуп карышкырларды кийирип алды. Түлкү андан кедейге барып: «Азыр отуз-кырк карышкырды канга алпарып келдим. Кудай буюрса, кандын кызын
алып беремин» деди да, бир тоокту бышыртып, жеп алып, тоого чыгып кетти.
Дагы баягы жерге барып оонап жатса, бир түлкү жанына келип: «Түкө, түкө
эмне оонап жатасың?» деди. Анда ал: «Биякта бир кан той берип, ошондон абдан тоюп алыпмын, ичимди көтөрө албай жатам» деди. «Мени да ала барбайсыңбы?»
«Макул, ала барайын. Жеке эле сен бармак белең, барып бир топ болуп келгиле» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон барып, бир топ сүлөөсүн, түлкүлөрдү ээрчитип жетип келди эле, берки түлкү жол баштап аларды ээрчитип канга алпарды да:
«Дагы бир үйүңүздү бошотуп кийирип алыңыз. Батбайырдын сиздин кызыңызга берген калыңы» деди. Кан түлкү, сүлөөсүндөрдү бир үйгө камап коюп, жуучу түлкүнү аябай коноктоду.
Түлкү кетерде канга «алтын ченегенге чакаңызды бере туруңуз, Батбайыр
чака менен алтын ченеймин деди эле» деди. «Чака менен алтын ченесе, бул
менден бай белем?» деп кан таң калып, чакасын берди. Түлкү аны алпарып кум менен жышып жатып жылтыратып, эртеси түбүнө бир алтын салып алпарып бергенде, кан: «Бул бир чириген бай экен го» деп ойлоду. «Эми Байбатырың келип колуктусун алып кетсин» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон жетип барып, баягы кедейди ээрчитип, кандын кызын алып бермек болуп жөнөп калды.
Жолдогу көпүрөдөн өтө берерде түлкү көпүрөнү сууга кулатып жиберип, канга
чуркап жетти да: «Күйөө балаңар көпүрөдөн өтөйүн дегенде көпүрө түшүп кетип сууда жатат. Кийим алпарып алып келгиле. Тойго жакшы эле кам менен чыктык эле, баары сууга агып кетти» деп бышактады. Кан: «Кийим кийгизип алып келгиле» деп жигиттерине буюрду. Беш-алты күнү той жасап, тамаша куруп жатып, кан кызын узатты. Кыз дүр-дүнүйө себи, нөөкөр кыздары менен аттанып чыкты. Күйөө баланын үй-жайын, камын көрмөк болуп, кан каныша да кошо жөнөдү.
Түлкү болсо «мен барып кам көрүп турайын» деп, алдыга тызылдап жөнөп
калды. Жолдо көрүнгөн койчу, уйчу, жылкычылардын баарына: «Жылкы
кимдики десе, Батбайыр деген кишиники дегиле, уй кимдики десе
Батбайырдыкы дегиле, төө кимдики десе Батбайырдыкы» дегиле антпесе, артта каардуу кан, кырк жигити, кырк вазири, жер жайнаган колу менен келатат, башыңарды алат» деп кете берди. Көрсө, жер жайнаган кой, уй, төө,
жылкылардын бардыгы жыландын падышасыныкы экен. Түлкү андан тызылдап жүгүрүп отуруп жыландын падышасына келди да, «эй, жылан, тээ тетигинде кан:
«Жыландын падышасын таап өрттөп өлтүрчүмүн» деп миң сан колу менен келе жатат. Жаныңдан үмүт кылсаң, тетиги жыгачтын башына жашынып кал,
антпесең жаның калчудай эмес. Ишенбесең өзүң деле башыңды өйдө көтөрүп
карачы?» Деди. Жылан башын көтөрүп уюлгуган чаңды көрдү да, коркуп кетип жыгачтын башына чыга качты. Түлкү жыланды жайлап коюп, канды тосуп турду. Алар үйдүн жанына келгенде чыга калып: «Батбайырдын үйү ушул, түшүңүздөр» деди.
Кан менен Батбайыр үйдүн ичине кирип, ичиндеги алтын-күмүштү, үйдүн
жасалгасын, түрдүү тамактарды көрүп аябай таң калышты. Кан бөлмөлөрдү
аралап кеткенде түлкү Батбайыр досуна мындай деди: «Айтканымды
орундаттым. Бул үй жыландын падышасынын үйү, өзү силерден коркуп
карагайдын башына жашынып отурат. Жыланды атып өлтүрсөң үй сеники
болот» деди. Кедей тура калып карагайдын башындагы жыланды атып өлтүрдү да, анын малынан арбын союп, кан менен канышаны эки-үч күн кетирбей аябай сыйлады. Кан менен каныша «Кудай буюрса кызыбыз ырас жерге туш болду» деп көңүлү жай болуп, үйүнө кайтты. Ошентип, кедей кандын кызын алып, жыргап жатып калды. Күндө тооктун этин жеп түлкү да сайрандады.

ТҮЛКҮНҮН ЖУУЧУ БОЛУШУ


Илгери бир кедей дайым тузак салып, ага түшкөн аңдар менен эптеп күн
өткөрчү экен. Бир күнү токойго тузак тартып койсо, бир түлкү түшүп калат.
Түлкүнү чыгарып алайын десе адамча сүйлөп: «Мени тоок менен бак, сени бат эле байытам, атыңды Батбайыр коем» деди. Ал киши түлкүнү үйүнө алып келип, бир тоокту союп берди. Түлкү тоюп алып тоого чыгып оонап жатса, бир карышкыр жанына келип: «Түкө, эмне оонап калгансың» деди. Анда түлкү: «Биякта бир кан чоң той берип, тамаша куруп жатат. Этти аябай жедим эле, ыксырап калыпмын» деди. Карышкыр бекер тамакка көнгөн айбан эмеспи, сүйүнүп кетип; «Анда мен да барайынбы?» «Оой кокуй, жеке эле өзүң эмес, отуз-кырк карышкыр болуп баргын» деди. Карышкыр ойдогу карышкырды ойдон, кырдагы карышкырды кырдан жыйнап, бат эле отуз-кырк карышкырды ээрчитип келип калды.
Түкөм жол баштап, карышкырларды ээрчитип канга келди да: «Таксыр каным,
бу карышкырларды сизге Батбайыр деген киши жиберди. Бир үйүңүздү бошотуп кийирип, союп талпак кылып алыңыз» деп жөнөп кете берди. Кан бир үйүн бошотуп карышкырларды кийирип алды. Түлкү андан кедейге барып: «Азыр отуз-кырк карышкырды канга алпарып келдим. Кудай буюрса, кандын кызын
алып беремин» деди да, бир тоокту бышыртып, жеп алып, тоого чыгып кетти.
Дагы баягы жерге барып оонап жатса, бир түлкү жанына келип: «Түкө, түкө
эмне оонап жатасың?» деди. Анда ал: «Биякта бир кан той берип, ошондон абдан тоюп алыпмын, ичимди көтөрө албай жатам» деди. «Мени да ала барбайсыңбы?»
«Макул, ала барайын. Жеке эле сен бармак белең, барып бир топ болуп келгиле» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон барып, бир топ сүлөөсүн, түлкүлөрдү ээрчитип жетип келди эле, берки түлкү жол баштап аларды ээрчитип канга алпарды да:
«Дагы бир үйүңүздү бошотуп кийирип алыңыз. Батбайырдын сиздин кызыңызга берген калыңы» деди. Кан түлкү, сүлөөсүндөрдү бир үйгө камап коюп, жуучу түлкүнү аябай коноктоду.
Түлкү кетерде канга «алтын ченегенге чакаңызды бере туруңуз, Батбайыр
чака менен алтын ченеймин деди эле» деди. «Чака менен алтын ченесе, бул
менден бай белем?» деп кан таң калып, чакасын берди. Түлкү аны алпарып кум менен жышып жатып жылтыратып, эртеси түбүнө бир алтын салып алпарып бергенде, кан: «Бул бир чириген бай экен го» деп ойлоду. «Эми Байбатырың келип колуктусун алып кетсин» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон жетип барып, баягы кедейди ээрчитип, кандын кызын алып бермек болуп жөнөп калды.
Жолдогу көпүрөдөн өтө берерде түлкү көпүрөнү сууга кулатып жиберип, канга
чуркап жетти да: «Күйөө балаңар көпүрөдөн өтөйүн дегенде көпүрө түшүп кетип сууда жатат. Кийим алпарып алып келгиле. Тойго жакшы эле кам менен чыктык эле, баары сууга агып кетти» деп бышактады. Кан: «Кийим кийгизип алып келгиле» деп жигиттерине буюрду. Беш-алты күнү той жасап, тамаша куруп жатып, кан кызын узатты. Кыз дүр-дүнүйө себи, нөөкөр кыздары менен аттанып чыкты. Күйөө баланын үй-жайын, камын көрмөк болуп, кан каныша да кошо жөнөдү.
Түлкү болсо «мен барып кам көрүп турайын» деп, алдыга тызылдап жөнөп
калды. Жолдо көрүнгөн койчу, уйчу, жылкычылардын баарына: «Жылкы
кимдики десе, Батбайыр деген кишиники дегиле, уй кимдики десе
Батбайырдыкы дегиле, төө кимдики десе Батбайырдыкы» дегиле антпесе, артта каардуу кан, кырк жигити, кырк вазири, жер жайнаган колу менен келатат, башыңарды алат» деп кете берди. Көрсө, жер жайнаган кой, уй, төө,
жылкылардын бардыгы жыландын падышасыныкы экен. Түлкү андан тызылдап жүгүрүп отуруп жыландын падышасына келди да, «эй, жылан, тээ тетигинде кан:
«Жыландын падышасын таап өрттөп өлтүрчүмүн» деп миң сан колу менен келе жатат. Жаныңдан үмүт кылсаң, тетиги жыгачтын башына жашынып кал,
антпесең жаның калчудай эмес. Ишенбесең өзүң деле башыңды өйдө көтөрүп
карачы?» Деди. Жылан башын көтөрүп уюлгуган чаңды көрдү да, коркуп кетип жыгачтын башына чыга качты. Түлкү жыланды жайлап коюп, канды тосуп турду. Алар үйдүн жанына келгенде чыга калып: «Батбайырдын үйү ушул, түшүңүздөр» деди.
Кан менен Батбайыр үйдүн ичине кирип, ичиндеги алтын-күмүштү, үйдүн
жасалгасын, түрдүү тамактарды көрүп аябай таң калышты. Кан бөлмөлөрдү
аралап кеткенде түлкү Батбайыр досуна мындай деди: «Айтканымды
орундаттым. Бул үй жыландын падышасынын үйү, өзү силерден коркуп
карагайдын башына жашынып отурат. Жыланды атып өлтүрсөң үй сеники
болот» деди. Кедей тура калып карагайдын башындагы жыланды атып өлтүрдү да, анын малынан арбын союп, кан менен канышаны эки-үч күн кетирбей аябай сыйлады. Кан менен каныша «Кудай буюрса кызыбыз ырас жерге туш болду» деп көңүлү жай болуп, үйүнө кайтты. Ошентип, кедей кандын кызын алып, жыргап жатып калды. Күндө тооктун этин жеп түлкү да сайрандады.

АКЫЛДУУ КЫЗ (2-вариант)

akylduu kyz2


Бир заманда Сарыбай деген кырк жыл кан болуптур. Күндөрдүн биринде элин
чогултуп; «Кырк жыл кан болдум, көрөр күнүмдү көрдүм, ичээр суумду ичтим,
өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, менде аласаңар болсо айткыла, көзүмдүн
тирүүсүндө берип кутулайын. Көзүм өткөндөн кийин баарыңар чогулуп,
ичиңерден бирөөнү кан көтөрүп алгыла» деди. Эли: «Жок, сиз өзүңүз коюп
кетиңиз, сиз бизге кырк жыл кан болдуңуз, сиздин сөзүңүздү угабыз» дешти.
Сарыбай кан: «Жок, өлүүнүн сөзүн тирүү сыйлабайт дептир, мен өлгөндөн
кийин сөзүм дагы өлөт» деди. Эл көнгөн жок: «Канды өзүңүз көтөрүп кетсеңиз
экен» деп, чуулдап туруп алышты. Ошондо Сарыбай кан: «Менин он бир жыл
жолдош болгон ак шумкарым бар, мен өлгөндөн кийин үч күнгө чейин тамак
жебей, канатын какпай жатат. Төртүнчү күнү элди жыйып, шумкарга жем берип учурсаңар ал бирөөгө конот, ошол адамды кандыкка көтөрүп; ак шумкарды канга бергиле менин арманым артымда бала калган жок, болбосо, ак шумкар элди айланып учат беле, бирөөнүн колуна өтүп барат беле?» деди.
Арадан көп күн өтпөй Сарыбай кан өлдү, ак шумкар айтканындай үч күнгө
чейин жем жебей, канат какпай аза күтүп жатты. Ошондо эли чогулуп төртүнчү күнү ак шумкарга жем берип учурушту. Ак шумкар элди айланып жүрүп акыры бир койчуга конду. Айрымдары «койчуну кандыкка көтөрбөйбүз» деп чыр кылышты. Айылдын аксакалдары «Сарыбайдын тирүүсүндө убадабызды берип сураган элек, айтканыңызды орундатабыз деп ишендиргенбиз, Сарыбай өлгөндөн кийин баштагы сөзүбүз боюнча ак шумкарды учурдук, ак шумкар койчуга конду, койчуну кандыкка көтөрөбүз» дешти. Аксакалдардын сөзүн эл жактап, койчуну кандыкка көтөрүшүп, ак шумкарды канга берди.
Койчу адилдик менен эл сураган түзүк кан болду. Колунда жок кембагал
кишилерге мал бөлүп берип, казынадагы кийимдерден таратып берип турду.
Бирок кан ар жума сайын казынага кирип ыйлап чыгуучу. Эл мунун себебин
түшүнө албай, бир күнү: «Каным эмне үчүн казынага кирип ыйлап чыгасыз?» деп сурап калышты. Ошондо кан: «Казынада көп дүнүйө бар, суйсалган түлкү ичиктер бар, жыйылган атилес, шайы бар, алтын, күмүш баары бар, ошонун ичинде менин койчу убагымда кийген, колго алгысыз жыртык жамачылуу эски кийимим да бар, мен ошону көрүп ыйлап жүрөмүн» деди. Эли: «Баракелде, кан, али ошонуңузду унутпай жүргөнүңүзгө ыракмат» дешти.
Кан бир топ жылдарга чейин эл сурап турду. Бирок аял алган жок, байлардын,
чоң кандардын кыздарын көңүлүнө жактырган жок. Эли канга келип: «Сиздин
бойдок жүргөнүңүз жакшы болбойт, артыңызда ордуңузду басар бала калсын,
бала калбаган Сарыбай канды көрбөдүкпү?» дешти. Кан бул сөзгө көнгөн жок, эли кандын оюна койгон жок.
Ошондо кан айлындагы кыздарды чогултуп, үч ооз табышмак айтты: «Күн
батыш менен күн чыгыштын ортосу нече күндүк жол, асман менен жердин ортосу нече күндүк жол, калп менен чындын ортосу нече күндүк жол? » жандырмагын жандырып келүүгө үч күн мөөнөт берип, «тапсаңар да, таппасаңар да күнүгө эки маал келип жооп айтып тургула» деди.
Кыздар табышмакты таба алышпай, күндө эки маал кандын үйүнө чубап
барып кайтып жатышты. Бир күнү талаадан отун алып жүргөн чор таман
кедейдин чолок этек кызы: «Эжекелер, күндө эки маал чубайсыңар, кайда барып жүрөсүңөр?» деп сурап калды. Анда бир кыз: «Эминеден айланасыңбы, отунуңду алганды билсеңчи» деди. Экинчи бир кыз: «Койчу, бул байкуш дагы угуп калсын деп, кандын табышмагын айта кетти. Үч күн мөөнөт берди эле, үчүнчү күнү бүттү. Таба албай бара жатабыз» деди.
Кедейдин кызы: «Эжекелер, мен дагы силерге кошулуп барайын?» деди.
Кыздар кошуп ээрчитип алышты.
Кан: «Табышмакты ким тапты?» деп сурады.
Кыздардын эч кимиси үн чыгарбастан турушту эле, кедейдин чолок этек кызы
тура калып: «Каным, табышмагыңызды мен чечтим» дегенде, кан: «Чечкениңди айтчы?» деди. Кыз: «Күн чыгыш менен Күн батыштын ортосу күн үчүн бир күндүк жол, анткени, күн эртең менен чыгып, кечинде батат, жолдо конуп-түнөп жүргөн күндү көрбөдүм. Экинчи табышмагыңыз: «Асман менен жердин ортосу каш менен кабактын ортосундай, анткени, кашыңызды көтөрүп өөдө карасаңыз асман, кабагыңызды түшүрүп ылдый карасаңыз жер көрүнөт деди. Үчүнчү табышмагыңыз: «Калп менен чындын ортосу төрт гана эли, кулак менен укса калп, көз менен көрсө чын, кулак менен көздүн ортосунда төрт эли ыраактык бар» деди.
Кан табышмагын таптырып жиберип: «Эми бир үч ооз табышмак айтайын,
ошо табышмакты тапкан кызды алам» деп, табышмагын айтты: «Кордук деген
эмине? Муңдук деген эмине? Зардык деген эмине?» Дагы үч күн мөөнөт берди.
Кыздар үйлөрүнө барып, күндө эки маал келип бир да бирөө табышмакты чече албай убара болуп кайтып жатты. Үчүнчү күнү кан кыздардан табышмагын сурап, табалбагандары үчүн кыздардын башын алмакчы болду. Ошондо мурунку табышмакты тапкан кедейдин чолок этек кызы туруп: «Каным, сөзүңүзгө кулдук, табышмагыңызды таба албай калган үчүн кыздарда эч айып жок, баарыбыздын башыбызды алганы жатасыз, ичибизден таап кетсе, бардык кыздар ажалдан калган турат, бирок ал кызды сиз чанганы турасыз» деди.
Кан: «Жок, бир сөзүм эки эмес, табышмакты туура тапкан кызды алам» деди.
Анда кедейдин чолок этек кызы: «Эмесе мен таптым» деп чече баштады: «Кордук деген — оору болот, Муңдук деген — өлүм болот, Зардык деген — жокчулук деген сөз каным» деди.
Кан табышмакты тапканына ыраазы болуп, ал кызды жанына алып калып,
калган кыздарды үйлөрүнө жиберди. Кыздар: «Ажалдан калдык» деп, сүйүнүшүп үйлөрүнө кайтышты. Кан кедейдин кызын жакшы кийиндирип, нике кыйдырып аялдыкка алып: «Эми ургаачы да болсоң, акылдуу экенсиң, башка бирөөгө акыл үйрөтпө, акыл үйрөтүп койсоң, анда экөөбүз эрди-катын болбой калабыз» деди.
Бир күнү кандын бир жигити күнөкөр болуп, айласы кетти, айылдагылар
«кандын аялына барып айтсаң, акыл таап, ошол куткарат» дешти. Жигит кандын аялына муңканып келип: «Канга күнөкөр болуп калдым» деп акыл сурады.
Аялдын боору ооруп, жигитке акыл үйрөтүп: «Кимден үйрөндүң десе, мен
экенимди айтпа» деди. Жигит аялдын үйрөткөн акылы менен кутулуп кетет. Аны кан билип: «Ким үйрөттү, айткын, айтпасаң өлтүрөмүн» дегенде, коркконунан:
«Сиздин аялыңыз айтты эле» деп, чынын айтып берди. Кан аялына келип,
«убадабыз бар эле, мен ыраазы болоюн, сен мага ыраазы болгун, аздыр-көптүр
жолдош болуп бирге турдук, эми менин тактымды кой, тажымды кой, андан
башка сүйгөнүңдү алып кет» деди.
Аялы: «Жакшы болот, бул сөзүңүзгө ыракмат, мен бир тамак жасайын, бирге
олтуруп ичели, андан соң кетейин» деп тамакты жедирип, арак берип, канды мас кылып уктатып, тактысын, тажысын калтырып, эки аргымакты арабага
коштуруп, канды арабага салып, даңгыр жол менен чаң ызгытып, коңгуроону
шарактатып алып, жөнөйт. Бир шаарга барганда кан көзүн ачса, аялы жанындаөзү бир башка шаарда жүрөт. Кан чочуп кетип: «Ой, мени эмне кыласың?» десе, аялы: «Каным, сөзүңүз эки болбосун, тактымды кой, таажымды кой, башка сүйгөнүңдү ал дедиңиз, таажыңызды, тактыңызды калтырдым, андан башка сүйгөнүм сиз экенсиз, сизди алып келдим» деди. Кан өзүнүн сөзүнө жыгылыштуу болуп, аялы менен бирге туруп калган экен.

ТҮЛКҮНҮН ЖУУЧУ БОЛУШУ


Илгери бир кедей дайым тузак салып, ага түшкөн аңдар менен эптеп күн
өткөрчү экен. Бир күнү токойго тузак тартып койсо, бир түлкү түшүп калат.
Түлкүнү чыгарып алайын десе адамча сүйлөп: «Мени тоок менен бак, сени бат эле байытам, атыңды Батбайыр коем» деди. Ал киши түлкүнү үйүнө алып келип, бир тоокту союп берди. Түлкү тоюп алып тоого чыгып оонап жатса, бир карышкыр жанына келип: «Түкө, эмне оонап калгансың» деди. Анда түлкү: «Биякта бир кан чоң той берип, тамаша куруп жатат. Этти аябай жедим эле, ыксырап калыпмын» деди. Карышкыр бекер тамакка көнгөн айбан эмеспи, сүйүнүп кетип; «Анда мен да барайынбы?» «Оой кокуй, жеке эле өзүң эмес, отуз-кырк карышкыр болуп баргын» деди. Карышкыр ойдогу карышкырды ойдон, кырдагы карышкырды кырдан жыйнап, бат эле отуз-кырк карышкырды ээрчитип келип калды.
Түкөм жол баштап, карышкырларды ээрчитип канга келди да: «Таксыр каным,
бу карышкырларды сизге Батбайыр деген киши жиберди. Бир үйүңүздү бошотуп кийирип, союп талпак кылып алыңыз» деп жөнөп кете берди. Кан бир үйүн бошотуп карышкырларды кийирип алды. Түлкү андан кедейге барып: «Азыр отуз-кырк карышкырды канга алпарып келдим. Кудай буюрса, кандын кызын
алып беремин» деди да, бир тоокту бышыртып, жеп алып, тоого чыгып кетти.
Дагы баягы жерге барып оонап жатса, бир түлкү жанына келип: «Түкө, түкө
эмне оонап жатасың?» деди. Анда ал: «Биякта бир кан той берип, ошондон абдан тоюп алыпмын, ичимди көтөрө албай жатам» деди. «Мени да ала барбайсыңбы?»
«Макул, ала барайын. Жеке эле сен бармак белең, барып бир топ болуп келгиле» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон барып, бир топ сүлөөсүн, түлкүлөрдү ээрчитип жетип келди эле, берки түлкү жол баштап аларды ээрчитип канга алпарды да:
«Дагы бир үйүңүздү бошотуп кийирип алыңыз. Батбайырдын сиздин кызыңызга берген калыңы» деди. Кан түлкү, сүлөөсүндөрдү бир үйгө камап коюп, жуучу түлкүнү аябай коноктоду.
Түлкү кетерде канга «алтын ченегенге чакаңызды бере туруңуз, Батбайыр
чака менен алтын ченеймин деди эле» деди. «Чака менен алтын ченесе, бул
менден бай белем?» деп кан таң калып, чакасын берди. Түлкү аны алпарып кум менен жышып жатып жылтыратып, эртеси түбүнө бир алтын салып алпарып бергенде, кан: «Бул бир чириген бай экен го» деп ойлоду. «Эми Байбатырың келип колуктусун алып кетсин» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон жетип барып, баягы кедейди ээрчитип, кандын кызын алып бермек болуп жөнөп калды.
Жолдогу көпүрөдөн өтө берерде түлкү көпүрөнү сууга кулатып жиберип, канга
чуркап жетти да: «Күйөө балаңар көпүрөдөн өтөйүн дегенде көпүрө түшүп кетип сууда жатат. Кийим алпарып алып келгиле. Тойго жакшы эле кам менен чыктык эле, баары сууга агып кетти» деп бышактады. Кан: «Кийим кийгизип алып келгиле» деп жигиттерине буюрду. Беш-алты күнү той жасап, тамаша куруп жатып, кан кызын узатты. Кыз дүр-дүнүйө себи, нөөкөр кыздары менен аттанып чыкты. Күйөө баланын үй-жайын, камын көрмөк болуп, кан каныша да кошо жөнөдү.
Түлкү болсо «мен барып кам көрүп турайын» деп, алдыга тызылдап жөнөп
калды. Жолдо көрүнгөн койчу, уйчу, жылкычылардын баарына: «Жылкы
кимдики десе, Батбайыр деген кишиники дегиле, уй кимдики десе
Батбайырдыкы дегиле, төө кимдики десе Батбайырдыкы» дегиле антпесе, артта каардуу кан, кырк жигити, кырк вазири, жер жайнаган колу менен келатат, башыңарды алат» деп кете берди. Көрсө, жер жайнаган кой, уй, төө,
жылкылардын бардыгы жыландын падышасыныкы экен. Түлкү андан тызылдап жүгүрүп отуруп жыландын падышасына келди да, «эй, жылан, тээ тетигинде кан:
«Жыландын падышасын таап өрттөп өлтүрчүмүн» деп миң сан колу менен келе жатат. Жаныңдан үмүт кылсаң, тетиги жыгачтын башына жашынып кал,
антпесең жаның калчудай эмес. Ишенбесең өзүң деле башыңды өйдө көтөрүп
карачы?» Деди. Жылан башын көтөрүп уюлгуган чаңды көрдү да, коркуп кетип жыгачтын башына чыга качты. Түлкү жыланды жайлап коюп, канды тосуп турду. Алар үйдүн жанына келгенде чыга калып: «Батбайырдын үйү ушул, түшүңүздөр» деди.
Кан менен Батбайыр үйдүн ичине кирип, ичиндеги алтын-күмүштү, үйдүн
жасалгасын, түрдүү тамактарды көрүп аябай таң калышты. Кан бөлмөлөрдү
аралап кеткенде түлкү Батбайыр досуна мындай деди: «Айтканымды
орундаттым. Бул үй жыландын падышасынын үйү, өзү силерден коркуп
карагайдын башына жашынып отурат. Жыланды атып өлтүрсөң үй сеники
болот» деди. Кедей тура калып карагайдын башындагы жыланды атып өлтүрдү да, анын малынан арбын союп, кан менен канышаны эки-үч күн кетирбей аябай сыйлады. Кан менен каныша «Кудай буюрса кызыбыз ырас жерге туш болду» деп көңүлү жай болуп, үйүнө кайтты. Ошентип, кедей кандын кызын алып, жыргап жатып калды. Күндө тооктун этин жеп түлкү да сайрандады.

ДӨӨТҮ УСТА МЕНЕН ИТЕЛГИ


Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр.
Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп,
түркүн буюм жасачу, алтын-күмүштөн оймо-чийме төгүүчү. Баатырларга
соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.
Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер —
өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип, үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан эч өнөрүн аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди шакирттерине, — эч убакта мактанбагыла, эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар» деди.
Шакирттеринин баары устанын айтканын эске тутушту. Ошентсе да, алардын
ичинде бирөө бар экен.
Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп
калдыңбы?» дептир. Анда ала көөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым» деди, устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Ала көөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң» деп оозун карманды.
Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип,
алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошо кезде Дөөтү уста бүт ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле, бул устасына да кезикти, бирок, дүкөнүнө барган жок жөн гана: «Балам, иш кандай?» деди. Бала уялып эч нерсе айткан жок, Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби? » деди да, артын карабай жок болду. Бала эми түшүндү дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач сокту. Ошондо баштап иши кайра жөнөдү. Экинчи мактанганды койду. Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп чегип бүтүп, суу жыгайын деп жатса, чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Сиз менен мелдешейин дедим эле, эгер мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» деди. Дөөтү уста: «Койгун, бекер убара болбо! Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Мелдеш башталды.
Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп, келип тегирмендин ташын
жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче
ташка кадоо салып сууну жыгып жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип
караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат, өз көзүнө ишенбей көпкө
таңыркап тиктеп турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына
түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш толуп калган, көзүнүн жашын ушул убакка чейин аарчыбастан ителги ичиндеги ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп кезиккенин жара тээп кете берет экен.
Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок, эгер келсе тегирменди токтотуп
чын эле эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак.
Дөөтү зергер да ушул күнгө чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүрөт
дейт.

КЫРГЫЙ МЕНЕН ҮКҮ

Жем таап жээрге жарабай турган бир оору үкү менен бир алгыр кыргый
тааныш болот. Кыргый үкүнү өзүнөн артык кылып багат. Аягында экөө
кучакташып ынтымак дос болушат. Экөө алыска сапар жүрүшөт. Кыргыйдын
эстүүлүгү, алгырлыгы менен жакшы күн көрүшөт. Үкү оорусунан бат айыгып, өз тамагын табууга жарап калат.
Бир күнү: «Эми ар кимибиз өз күнүбүздү өзүбүз көрөлүк» деп үкү менен
кыргый ууга чыгат. Нары учуп, бери учуп эчтеме таба албай калышат.
Анда үкү кыргыйды акырын чакырып алып, кармайт да: «Мен сени жеймин»
дейт. Кыргый акыреттик достугун жана кылган көп кызматын айтып ыйлайт.
Анда үкү: «Жакшылыкка жакшылык эшектин иши, жакшылыкка жамандык
эшендин иши». Дүнүйөдө жашамак — алышмак, күрөшмөк, алы жетишпесе
ылдыйламак, айла кылмак, иши кылып өзү жашамак» дейт да, кыргыйды
чыркыратып баса калат. Темир айры өңдүү өткүр текөөрү менен кыргыйды
мыжып өлтүрөт. Аны жеп тоюп алып, кагынып учуп кетет.

ТҮЛКҮ, ТАШБАКА ЖАНА ЧАПКЕНЕ


Түлкү, ташбака, чапкене үчөө шерик болуп эгин экмей болушту. Түлкү
жайлоого чыгуучу, ташбака эгин багуучу, чапкене оруучу болду.
Түлкү аштык даяр болгондо жайлоодон түшүп келип: «Буларга эгиндин эмне
кереги бар, эгинди алдап алайын» деп ойлоп: «Шериктер, мунун несин бөлүп
убара болобуз, жарышалы, кайсы мурун келгенибиз эгинди бүт алалык» деди.
Түлкү аксакалдын сөзүн ташбака менен чапкене макул көрүштү.
«Чуркайлы» деп убадалашкан жерге барышты да, үчөө катар турушту. Ал
арада чапкене түлкүгө жабышып кулагына чыгып алды. Чуркап жөнөштү.
Түлкү аштыктын жанына келип бир силкинди эле, чапкене түшүп, аштыктын
так эле төбөсүнө чыгып алды. Эми эгин меники го деп түлкү аштыкты караса,
анын үстүндө чапкене олтурат. Анын жүрөгү болк этип: «Качан келдиң?» деди.
«Мен келгенге бир далай болду, аштыктын үстүнө чыгып, силерди карап
турбайынбы?» деп койду. Ошентип, байгени кичинекей болсо да чапкене алып
кеткен экен.

ЧОМОТОЙ САЯТЧЫ


Бир күнү кузгун Чомотой саятчыга келди, салам берип күңгөй-тескейден
көргөн билгенин айтып берип, көпкө аңгемелешти. Андан соң шашып ыйлап
жиберди. Чомотой мурун шайыр отурган эле, муну көрүп,
катуу чочуп кетти. «Эмне капаң бар, Куке, батыраак айтып жиберчи, менин
колумдан келген иш болсо жардамдашайын, кимдир бирөөдөн ыза көрдүңбү, же байбичең көрүнбөй калыптыр сыркообу?» «Жок» деди кузгун. Ар жылда алты балапандуу болобуз, чоңоюп темир канат болгондо эле, уянын кырына чыгамын деп, биз жокто учуп өлүп калышат. Уяны зоого, жыгачка да салып көрдүк, эч пайда чыкпады, Чомоке. Бүгүн кемпирим кайтарып калды, кандай айла кылабыз?
Быйыл да бирөөнөн ажырадык.
Чомотой саятчы кемпирин чакырып: «Байбиче, бир түрүм шоона1 алып
келчи» деди. Кемпири алып келген шоонаны кузгунга берип: «Эси жок десе, ме
муну менен уянын кырына эч жакка жетпес кылып бутуна байлап койгун» деди.
Кузгун кубанып Чомотойдун акылына ыраазы болуп, алкыш айтып, шоонаны
алып үйүнө жөнөдү. Келди да, балапандарын жалгыздап бутунан байлап уяга
бекитип койду. Кайда барса да капарсыз учуп кете берүүчү болушту. Балапандар канатын күүлөп уча турган болгондо буттарын чечип учуруп чыгышты. Кузгун кубанып: «Эми Чомотойдун акысынан кутулуу керек» деди. Алыскы Каухар-Төрдөн балдарынын баарына чүкөдөй каухар тиштетип келип Чомотойго беришти. Карыя да кубанды. Балапандардын жонунан сылап эркелетти.
Мына ошондон кийин кузгун дайыма балапандарын аман-эсен учурат экен.

АЙБАНДАРДЫН ДОСТУГУ


Төө, аюу, түлкү, карышкыр, жолборс, улак — баары чогулуп кеңешип: «Бирге
жан багабыз» деп дос болуп жайлоого чыгышты. Төө, козу, улак үчөө чөп жеп
жакшы семиришет экен. Аюу, түлкү, карышкыр, жолборс болсо эч тамак таба
албай ачкалыктан аябай арыкташыптыр.
Бир күнү түлкү: «Баарыбыз ачка өлүп калбайлы, азырынча улак менен козуну
жей туралы» деди. Буга жолборс жана башкалары макул болушту. Улак менен
козуну эки күн азык кылышат. Дагы жээр эчтеке таба албай ачка болушту. Дагы бир күнү түлкү: «Минтип жүрүшүбүз болбойт экен, төөнү да жейли» деди. «Төө биздин төрөбүз болсо, муну кантип жейбиз?» деп жолборс сурады.
«Эгер силер макул болсоңор, төөнүн жайын өзүм табамын» деди түлкү.
Жолборс, карышкыр макул болушту.-
Түлкү төөгө барып, ар жагына бир, бер жагына бир чыгып эркелеп: «Төө аке,
тигил досторум азыр сизди союп жеп, көктөмдө кырк козулуу кой берели дейт.
Буга макул болосузбу» деди.
Төө ары ойлонуп, бери ойлонуп, бат эле байымак болду: «Көктөмдө сүйрөтпөй
жыйып берсеңер эле болду» деди. Түлкү жолдошторуна барып, карышкырды
төөнү союуга ээрчитип келди. Төө мойнун созуп, чөгүп берди. Түлкү менен
карышкыр сое башташты. Төөнүн ичин жаргандан кийин түлкү ичине кирип, ич майынын баарын жеп чыкты.
Карышкыр: «Сен жылтырап эле жеп чыктың, мен ачка каламбы» деди.
Түлкү: «Тамагы жаман кудай урган, мына муну жегин» деп өпкө, боорун алып
берди.
Карышкыр: «Тең жегенди теңирим сүйүптүр, тең жебегендин кепини
күйүптүр» деп, теңин түлкүгө берди. Өпкө, боорун бөлөм деп карышкырдын оозу бүт кан болуп калат. Түлкү бары-жогун кан кылса да, жымылдата жуунуп алат.
Төөнү союп болгон соң, аюу келип, этти бөлүштүрө баштады. Аюу: «Өпкө,
боору кана?» деп сурады. Карышкыр түлкүнү карады, түлкү карышкырды карап:
«Үңүрөйгөн митаам, өзүң жеп алып, мени эмнеге карайсың?» деди.
Аюу, жолборс, карышкырды кууган бойдон кетти. Аюу менен жолборс
келгенче, түлкү акең эттин баарын жыйып катып алды.
Баягы экөө кайтып келип: «эт кана?» деп, түлкүдөн сурады: «Мени жей электе
эле минтип чыр кылып жатасыңар, силерден эчтеке өнбөйт көрүнөт деп, туруп кетип калды» деди.
Аюу менен жолборс өкүнүп калды. Экөө кеткенден кийин, түлкү төөнүн этин
көрсөтпөй жей берди. Түлкү төөнүн этин жеп өтө семирди. Бир күнү жолборс:
«Түлкү, сен эмне жеп мынча семирдиң?» деп сурады.
Түлкү: «Ачка болгонумдан кийин ичеги-чучугумду чубап жеп жүрүп семирдим, эң эле таттуу болот экен» деди. Жолборс менен аюу ишенип, өздөрүнүн ичтерин жарып жеймин деп өлүштү. Ал экөөнүн этин да түлкү ээлеп калды.
Түлкү бир күнү карышкыр эмне болду экен деп издеп чыкты. Жол менен бара
жатса, бир жерге капкан салып коюптур, капкандын үстүнө килейген койдун
куйругун коюп коюшуптур, түлкү алып жей албай коркуп турду. Аңгыча болбой карышкыр келди. «Карышкыр аке, мына бул куйрукту сага койдум эле, алып жегин» деди. Карышкыр: «Кокустан анда капкан болуп жүрбөсүн» деди.
«Сакалдуу деп сага койсом, кудай алган жаман, жебейсиңби?» деп, түлкү тап
берип койду эле, карышкыр түлкүдөн мурун алып жейин деп, барып капканга
түшүп калды. Куйрук оозунан ыргып кетти. Түлкү куйрукту жай алып жеп: «Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып, эртең менен болгондо, ээси менен табышып», деп, түлкү желе жорто жүрүп кетти.

ТӨРТ АЗАМАТ


Коркпой суудан кечемин, Көчтү кууп жетемин; Козу-улакка кошулуп, Кулун
ойноп өсөмүн, Жалгызмын деп ыйлабайм, Ыйлап жанды кыйнабайм: Жолдош
чыгат жолуман, Жөнөйм элдин соңунан…
— деп жетим улак ырдап келатты.
Энеси өлүп, бул байкуш жетим калганда, ээси сүт берип торолткон. Бүгүн
эртең менен да сүт ичкенден кийин бир аз чөп оттоп, анан топ куурайдын түбүнө
жатып уктап калды. Элдин баары жайлоого шашып көчүп, эч ким муну эстеген
жок.
Ойгонор замат аркы-терки жүгүрүп, эки жагын элеңдеп карап эч кимди
таппай койду. Эски журтта жалгыз калганын билип, жакшы эле коркту, бирок,
ошондо да кайраттанып жолго чыкты.
Түшкө чейин ээн талаада жалгыз келатып, акыры тоо түбүндөгү төштү
таянды. Андагы чоң түп карагандыны көрүп, бир аз эс алмак болду.
Аңгыча бөлөк бирөөнүн ырдап келаткан үнүн укту:
Жолборско жолобойм, Аюудан кам санабайм, Карышкырга карматпайм, Түлкүгө түк алдатпайм, Көчтү кууп жетемин, Көп жол басып өтөмүн. Козуларга кошулуп, Күрпөң болуп өсөмүн.
Улак карагандын түбүнөн акырын гана шыкаалап көрсө, өзүнө теңтуш козу экен.
— Мэ — ээ! — деп маарап жиберди бул.
Козу да маарап, мунун жанына жүгүрүп келди. Экөө бирине бири эреркеп
ыйлап, арыз-муңун айтып көпкө чейин маарап турушту.
Акыры улак өпкө-өпкөсүнө батпай араң сүйлөп:
— Кайдан келатасың? — деп сурады.
— Эски журттан, — деди козу.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап.
— Сүттү аябай ичкенден кийинби?
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле мендей болгон турбайсыңбы, эмесе экөөбүз бирге жүрөлү… Эл азыр
кайда көчөт, билесиңби?
Улактын бул суроосуна козу бир аз ойлонуп туруп, анан жооп берди:
— Азыр жайлоого чыкчу мезгил эмеспи… Жайлоо жалаң тоодо болот. Мен
ошол тоого көчтү деп баратам.
— Таптың. Мен да ошондой ойлогом. Жат көлөкөгө. Азыраак тыныгып алып,
анан жөнөйлү.
Козу да көлөкөгө жатты.
Аңгыча дагы бирөөнүн ырдаган үнү угулду:
Тоссо душман жолуман,
Тоотпостон өтөмүн,
Тооруп мени жейм десе,
Тоголото сүзөмүн,
Мөөрөсөм кыйын үнүм бар,
Качырсам катуу сүрүм бар,
Жалгыз калып өлбөймүн,
Жашайм — көрөр күнүм бар.
Улак менен козу маараган бойдон алдынан тосо жүгүрдү, анткени ал музоо
эмес — таянар тоо сыңары көрүндү. Музоонун өзү да мөөрөп жиберди. Үчөө
бирин бири жыттап, көз жашын мөлтүрөтө бышактап ыйлап, анан бат эле
сооронуп, кепке келишти.
— Сен кайдан жүрөсүң? — деп сурады улак музоодон.
— Эски журттан.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап…
— Сүттү көп ичип койгонсуң го? — деп сурады козу.
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле биздей турбайсыңбы?.. Жүр карагандынын түбүнө бир аз
тыныгалы. Көчтү кууп жетиш үчүн анчалык кыйын эмес. Үчөөбүз бирге жүрүп,
эмнеден коркмок элек! — деп улак мурдакы ордуна кайрадан ээрчитип барды.
Аңгыча дагы бирөөнүн үнү угулду:
Маң-маң бастым, маң бастым,
Чуудамды бүт чаң бастың.
Уктап калып талаада
Өз тобуман адаштым.
Калкым кайда көчтү экен?
Кайсы жерден өттү экен?
Калганымда мен уктап,
Кантип таштап кетти экен?..
— Бул келаткан бото турбайбы, — деди улак. — Жүргүлө курбулар… Жакшы
эле эс алдык. Эми эч кимден коркпойбуз. Төө тукуму жаныбызда жүрсө, дагы
өзүбүз төртөө болсок — эмнеден коркобуз?
Үчөө келип ботонун боздогон үнүн тыйып, ага кайрат айтып, көңүлүн
көтөргөндөн кийин жолго чыгышты. Маңыроо музоо: «Сен да жетим белең» деп ботодон сурай коюп, ошондо бул ырас эле жетим экенин айтып боздогондо, улак урушуп, музоо мөөрөп жатып араң токтотушту.
— Сенин эркелей турган энең эмес, элиң да жок, эмне мынча озондойсуң?! —
деп жиберди улак. — Андан көрө оболу элди табалы, анан канчалык боздосоң
өз эркиң. А бул жерде озондоп отуруп, жырткычтарды бүт жыйнап алганы
жатпайбызбы!..
— Ырас эле, тигине жырткыч жолборс! — деп өлгүдөй коркуп кетти козу.
— Беркилер да бүт коркуп, бирок жакшылап караса, ал жолборс эмес,
жолборстун териси экен, жолдун жээгине түшүп калыптыр!
— Биздин кожоюн анык аңкоо жана эч нерсени элес албас киши экенин эми
билдим, — деди улак. Төртөөбүздүн тең энебизди так ошол байкабай жүрүп
өлтүрүп алган окшойт. Ал аз келгенсип, өзүбүздү уктаган жерде унутуп коюптур.
Азыр мында эң эле кымбат териси жатканын көр! Көч үстүнөн түшүп калган
терини бирөө да байкабаптыр. А керегеде илинип турганда, кокус чайнап коет
деп, мени мунун жанына жакын жолотчу эмес…
Ошондо гана беркилердин жүрөгү ордуна келип биринен сала бири үшкүрүп
жиберишти.
— Чөк! — деди улак, тайлакка карап, — Жолборстун терисин жамын.
Анан бизге аюу, жолборс же карышкыр тургай, арстандын өзү да кол саларын
көрөлү?
Тайлак чөктү. Үчөөлөп терини анын үстүнө жаап, эми ээн-эркин суу ичмек
болуп өзөнгө барышты.
Суунун боюндагы таш үңкүрдө уулдап-чуулдап, улуп-уңшуп, дайны жок
ырдаган үн угулду. Тайлак менен музоону жакын жерге тургузуп коюп, бул эмне болгон уу-чуу экенин билиш үчүн улак козуну ээрчитип, үңкүргө кирди.
Куу түлкү өзү корккон айбандарды конокко чакырыптыр. Төрдө жолборс, аюу
жана карышкыр олтурат. Түлкү аларга кошоматты кош айтып, тамакты ырдап
сунуп, мындай деди:
— Калк өстүргөн көп малдан,
Кагып жеген мына биз.
Эл өстүргөн көп малдан,
Илип жеген мына биз.
Жокем биздин башчыбыз,
Какем азык тапчубуз,
Аюу биздин аксакал,
Кана муну ала сал!
— деп колундагы этти аюуга берди.
Аюу аны жеп көрүп:
— Этиң сасып калыптыр, жебейм аны, андан көрө өзүм көтөрүп келген
ышкынды жейм, — деп аюу таманы менен оозу-мурдун аарчып, ышкындан
барс-барс эттире жей баштады.
— Эт эмес эле талаада жаткан тарпты таап алган окшойсуң, — деди жолборс,
карышкырга каардуу карап.
— Аттиң ай, семиз козунун жаш эти болсочу! — деп түлкү куйтулана сүйлөдү.
Ошондо улагада турган козу коркконуна чыдабай маарап жиберди.
Түлкү жалт карап, эми ого бетер шаттанып ырдады:
Экөө бирдей энтелеп,
Келген тура даяр эт,
Качыр каке козуну,
Козгол буга ылдам жет!
Козу байкуш тирилей өлүп былк этпестен туруп калды. Улак дагы эле эрдик
кылып, минтип айтты:
— Сыртта биздин сырттан бар, Бириңди соо койбойт ал: Жону жолборс, өзү нар, Сүрү катуу чын көк жал, Карышкырдын терисин, Сыйрып ичик кийебиз. Түлкү бизге чак тумак, Же тебетей кийебиз, Жолборсту жүгөндөп, Жоого каршы минебиз. Аюу болот чоң талпак, Капшыт жакка биз жайып, Канча бассак былк этпей Жатсын жерди кучактап.
— Ал анчалык эмне экен? Барып карачы түлкү! — деди жолборс.
Түлкү сыртка жүгүрүп чыгып, же жолборс, же бөлөк эмне экени билинбеген
укмушту көргөндө куйругун кыпчыган бойдон качып жөнөдү.
Анан карышкыр чыгып баратып, козуну бир карап алганда, бул байкуш ого
бетер бүрүшүп, өлүп кете жаздады.
Коркконуна чыдабай бото боздоп, музоо мөөрөп жибергенде, алардын үнүнөн
да, сүрүнөн да кошо корккон карышкыр кайрылбастан кетти.
— Жанагы экөө кайда жоголду? — Эми сен барып карачы, аюу! — деди
жолборс. Аюу да талпаңдап качты.
Акырында жолборс өзү чыгып: «Тиги турган менби же мен эмесминби?» —
деп аң-таң боло карап, бирок бото коркконунан атасы буураны туурап
буркан-шаркан түшкөндө, жолборс да булт коюп жөнөдү.
Төрт жетим үңкүрдөгү даяр ашка караган жок. Себеби, булар үчүн жайлоонун
көк жашыл чөбү ансыз да жайнап турат.
Ошондо улак минтип айтты:
— Биз азыр ач көз байдын малы эмес, көпчүлүккө таандык малбыз. Бизге
жакшылап көз салбаган кишинин жазасын көпчүлүк аябай берер. Бирок,
көпчүлүктүн пайдасы үчүн өсүп берүүгө мына ушинтип өзүбүз да аракет кылалы.
Анан көчтү кууп, жайлоого жаңы конгон элге бат эле жетип барышты. Өздөрү
аман, анын үстүнө жоголгон жолборс терисин таба келгенине буларга ыракмат айтты.
— Мен силердин алдыңарда өлгүдөй уят болдум,— деди ээси.
Ал эми көпчүлүктүн алдында мыктап жазамды тартканмын. Өзүм багып
жүргөн малдын кайда калганын мына ушинтип көрбөй же билбей калып отурсам, анда менин эмнем малчы?!

ТҮЛКҮ МЕНЕН КЕНЕ


Түлкү менен кене шерик болуп, буудай айдашты. Митаам түлкү «башым
ооруйт, ичим ооруйт, кымыз ичип келбесем» деп күндө эле жайлоого кетип калат.
Кене жалгыз өзү буудайды сугарып, оруп-жыйып, бастырды. Бир күнү түлкү
үйүлгөн кызылды көрүп, ичинен кымыңдап, кенени алдап эгинди бүт өзү алыш
үчүн:
— Кене, муну бөлүп убара болбойлу, Андан көрө жарышалы да, кимибиз
чыксак, ошонубуз буудайды бүт алалы. Артта калганыбыз куру калалы, — деди.
Кене ойлонуп туруп, түлкүнүн айтканына көндү. Жарышчу жерге барып экөө
катар турду. Түлкү «кеттик» деди да, куйругун көтөрүп, кулагын жапырып,
чуркаган бойдон жөнөдү. Кене чап түлкүнүн куйругуна жармашты. Түлкү
кырмандын четине келип: «Кене кайда келе жатат?» — деп артын карайт. Карап, анан токтой калып, силкингенде кене ыргып түшүп: үйүлгөн кызылдын үстүнө чыгып:
— Сен эмне карап турасың? — деп кыйкырды, Түлкү чочуп кетип:
— А сен качан келдиң?!
— Сени күтө берип эригип кеттим, — деди кене.
Түлкү эми айласы жок, же тапкан пайдасы жок жолго түштү.
Кене өз эмгегине өзү ээ болуп, буудайын кампага ташып төктү да,
жыргап-куунап жатып калды.

ТОРГОЙ


Учуп келаткан торгойдун топусу эрмендин арасына түшүп кетти. Торгой
эрменге карап:
— Эрмен, эрмен топумду алып берчи, — деди.
— Сенин топуң эмес, өзүм ордуман козголо албай турам, — деди эрмен.
— Анда сени эчкиге айтып жегизем, — деди да, торгой эчкиге келди.
— Тетиги жерде көп эрмен бар экен, ошону жесең болбойбу?
— Эрменди жемек тургай, улагымды көтөрө албай араң эле жүрөм, — деди
эчки.
— Сени карышкырга айтып жегизем, — деп торгой учкан бойдон карышкырга
барды:
— Карышкыр, карышкыр, төмөн жакта бир эчки турат, жесең боло.
— Эчки жемек түгүл, үңкүрүмдү каза албай жатам, — деп жооп берди
карышкыр.
— Сени жылкычыга барып айтайын, азыр чаап алсын! — деди да, торгой
сызган бойдон жылкычыга жетти:
— Жылкычы, жылкычы төмөнкү коктуда бир карышкыр үңкүр казып жатат,
чаап алсаң боло.
— Карышкыр чапмак түгүл, жоголгон жылкымды таба албай жүрөм, — деп
жылкычы сүйлөдү.
— Сени байга айтпасамбы, — деди торгой.
Анан байга келди:
— Бай, бай, жылкычың жылкыларды жоготуп, таппай жүрөт, аны урсаң боло.
— Жылкычыны урмак түгүл, казымды көтөрүп баса албай отурам, — деди бай.
— Сени чычканга айтып казыңды тештирейин, — деп торгой чычканга келди.
— Байдын казысын тешмек түгүл, балдарыма ийин каза албай жатам, — деп
чычкан чыйылдады.
— Сени тентек балага айтып, ийиниңе суу куйдурбасам! — деп торгой
кекенген бойдон тентекке барып айтты.
— Ийинге суу куймак түгүл, балдарга чүкөмдү уттуруп, музоомду кайтара
албай жүрөм, — деди тентек бала.
— Сени энеңе айтпасамбы! — деди да торгой баланын энесине учуп кетти:
— Балаң чүкөсүн уттуруп, музоосуна карабайт экен, сабасаң боло!
— Аны сабамак тургай, жүн сабай албай жатам, — деди энеси.
— Сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын, — деди да торгой куюнга барып
айтты. Анын колу-жолу бош экен, макул болду. Куюн кокту ылдый келип,
кемпирдин жүнүн учурду, кемпир баласын урду, баласы чычкандын ийнине суу куйду. Чычкан чыга калып, байдын курсагын тырмады, бай жылкычысын урду, жылкычысы карышкырды кууду, карышкыр кара эчкини кууду, эчки эрменди жеп, торгойдун топусун алып берди. Ошондон кийин торгой топусун башына түшүрбөй, дайыма баса кийип жүрүүчү болуптур.

МЫШЫК, ТҮЛКҮ, АЮУ, КАРЫШКЫР


Мышыкты бир күнү ит кубалап, иттен качып бара жатса, алдынан түлкү
чыкты. «Ой, сен кимсиң?» деп түлкү мышыктан сурады.
Мышык: «Мен азуулуу айбандардын падышасымын, сенин үйүң кайда, сага
конокко келдим» деди. «Менин үйүм мына» деп түлкү ар жагына бир чыгып, бер жагына бир чыгып, жылмаңдап бир ийинге ээрчитип барат экен. «Сен азуулуу айбандарга кабар кылгын, мени жакшылап конок кылышсын» деди мышык.
Түлкү жасоол болуп, азуулуу айбандарга бара жатса, алдынан карышкыр
чыкты. Карышкыр: «Сен кайда бара жатасың?» деп сурады. «Биздин үйгө
азуулуулардын падышасы мейманга келип калды, тамак камдагын деп жиберди» деди. Карышкыр бир кой жетелеп алды. Түлкү андан ары жүгүрүп бара жатса, алдынан аюу чыкты. «Түлкү, сен кайда чаап баратасың?» деп сурады аюу.
«Биздин үйгө азуулуулардын падышасы мейманга келип калды. Тамак
камдагын» деп түлкү аюуга айтты. Аюу бир торпогун жетелеп алды.
Аюу, карышкыр, түлкү үчөө мышыктын үстүнө келип: «Падышага үйрөнүшкөн сен тамак бергин» деп аюу менен карышкыр торпогун, коюн өлтүрүп түлкүгө беришти. «Падышаны ыраактан көрөмүн» деп аюу карагайдын башына чыгып кетти. «Мен мына бул жерден көрөмүн» деп карышкыр ийиндин оозундагы чөпкө жашынып жатты.
«Падыша аке, тышка чыгып, тамак жеңиз» деп мышыкка түлкү кабар берди
эле, ал ийинден чыгып тамакты кырылдай жей баштады.
Аюу карагайдын башында турса дагы коркуп отурду. Падышаны көрөйүн
дегендей карышкыр чөптү кыймылдатып койду эле, мышык чычкан экен деп
жутунуп калды. Карышкыр: «Мени көргөн экен» деп былк этпей калды.
Карышкыр чыдай албай дагы чөптү кыймылдатты. Мышык секирип барып басты эле, карышкыр тура качты. Баягы мени кууган ит экен деп, мышык карагайды көздөй чыга качты. Мени көрүп койгон экен деп карагайдагы аюу качам деп учуп өлүптүр.

АБЫШКА МЕНЕН ТҮЛКҮ


Бар экен, жок экен, бир түлкү бар экен, ал бир тоодо жашачу экен. Анын
барган сайын бир жагынан жей турган оокаты түгөнүп, бир жагынан аңчылар
көбөйүп, түлкүнүн турмушу кыйындай баштайт. Ары-бери караса, жан багар
жайдын ылайыгы жок, эгер аңчылар көрүнсө, кутулар чарасы жок, түлкүнүн
амалы куруйт.
Ошол түлкү жашаган тоонун этегинде дагы бир абышка-кемпир оокат кылып
туруучу экен. Бир күнү түлкү абышка-кемпирге келип: «Менин ичимде жети
балам бар, кыштан аман-эсен багып чыгарсаңар, жети баламды беремин, андан көрө мени жакшылап баккыла» деп суранды. Абышка-кемпир акылдашып:
«Айтса-айтпаса төгүнбү, жети түлкү бир ичик турбайбы, ийгиликтин эрте кечи жок, жаз жакында чыгат, түлкүнү багып алалы» деп макул болушту. Кемпир-чал күндө бир аз сөөк таштап коюшат, ага түлкү канааттанбай жүдөп кетти.
Бир күнү түлкү абышка-кемпирге: «Менин ичимдеги балдарым өлүп кала
турган болду. Мага шерик болуп жардам кылсаңар, тоодогу мыкты аңдарды
колуңарга түшүрүп беремин. Силерге териси мага эти пайда болор» деди эле
абышка: «Ал кандай аң?» деди. Түлкү: «Арстан, жолборс аюу, бөрү» деп жооп
берди. Кемпир түлкүнүн сөзүн угуп, «оо, чедирейген желмогуз, биздин түпкө
жеткени жүргөн турбайсыңбы» деп, аны как тумшукка сабоо менен бир салды.
Абышка көпкө ойлонуп отуруп, акыры түлкүнүн сөзүнө макул болду. Эртеси
түлкү тоого чыгып, кандын жигиттеринен качып жашынар жер таппай, шашып жүргөн бир каманды жолуктурду. Каман: «Түлкү досум, мени кубалап келе жатышат, жардам бергин» деди эле, түлкү: Төмөн жакта жүргөн абышкага баргын. Сени ошол аман алып калат» деди. Каман жалынып-жалбарып: «Айланайын, түкө, мени ошол абышкага ээрчитип барчы?» деп суранды. Түлкү каманды абышкага ээрчитип келди. Каман: «Мени кандын жигиттеринен аман алып кал» дегенде, абышка макул болуп, «үйгө кир» деп каманды үйгө киргизди.
Ушуну эле күтүп турган түлкү акең карап турчубу, «капка кире койгун, мен оозун байлай салайын» деп, каптын оозун ача койду. Аңгыча кандын жигиттери келип, үйгө кирип, каманды таба албай кайта кетишти. Абышка алар кеткенден кийин:
«Айдап койгон аштыкты жеп, жуп-жумуру болуп бу капырдын семиргенин
карачы, мага пайдасы тийген эмече «аңчылардан ажыратып койгун» деп
келгенин көр, деп каманды өлтүрүп, терисин сыйырып алып, этин түлкүгө берди.
Дагы бир күнү түлкү ууга чыкты. Аңгыча аңчылардан качып кайда барарын
билбей шашып жүргөн бир бөрү жолугуп: «Эптеп мени жашырып кал, досум» деп жалынып-жалбарды. Түлкү муну да алдап абышка-кемпирдин кабына түшүрдү.
Кемпир: «Былтыр көк улагымды жеп койгон көк чунак ушул болчу, эми колума түшкөн турбайбы» деп, сокбилек менен солкулдатып уруп өлтүрдү. Мунун да терисин абышка сыйрып алды, этин түлкү жеп тоюнуп калды. Түлкү дагы бир күнү тоого чыгып, бир жыгачтын башында отурган аюуну көрүп, жанына барды.
«Айланайын түкө, жолборстун аңдыганына беш күн болду. Ошондон бери коркуп, жыгачтан түшпөй отурам. Кандай айла кыламын?» деди эле: «Мында бир абышка-кемпир бар, ошолор куткарат» деп, муну да ээрчитип алып келди.
Абышка капка киргизип оозун байлап: «Жалбыр, жалбыр жалпаңдаганынан көр, салбыр, салбыр салпаңдаганыңдан көр, абышка-кемпир кой ичигине жарыбай жүрсө, мунун дүнүйөнүн ичигин жалгыз өзү кийип алганын көр», деп, чоюн баш менен уруп өлтүрдү. Ал арада жолборс келип: «Аюу ушунда келдиби?» деп сурады. Жолборсту көрүп абышка, түлкү шашып калды. Абышка алдоого тырышты, түлкү актанууга шашты. Аңгыча болбой жолборстун артынан арстан кууп келип калды. Жолборс өңдөн кетип, түлкүгө жалынып: «Айланайын түкө, бир жакшылык кылып, жашырып кал» деди. Түлкү кемпирдин көң салган кабына алып келип: «Ушунун ичине кире калгын» деди.
Жолборс каптын ичине кирер замат абышка оозун байлап кемпири тура
калып: «Бул менин агамды өлтүргөн, агамдын кунун аламын» деп, как маңдайга чоюнбаш менен чакылдатып уруп өлтүрдү.
Аңгыча арстан үйгө кирип: «Жолборс кайда кетти?» деп, айкырык салды.
Абышка-кемпир коркуп дирилдеп эстен танды, түлкү жойпуланып ар жак бер
жагына чыгып, ачуусун тарката албай, берер жообун камдай чебеленип калды.
Ошол мезгилде найзаларын жалаңдатып, мылтыктарын арбайтып, жааларын
эрбейтип, бир топ аңчылар жетип келди. Арстандын шаштысы кетип: «Эмне
кылсаң да куткар, сенин кулуң болоюн» деп абышкага жалынды. Абышка кырк бээлик сабаанын оозун тиле салып, арстанды ичине киргизип жиберди эле, кемпир ошо замат оозун тигип койду да: «Азуулуунун падышасы болбой, кудай болуп калсаң да, эми сабадан чыгар алың жок» деп, чоюнбаш менен ура баштады.
Ошентип, абышка-кемпир арстанды да өлтүрүп, жолборстун терисине кошуп
экөөнүн тең боз үйдүн ортосуна керип коюшту. Аңгыча аңчылар келип, арстанды сурап үйгө киришти эле, бирөөнүн колундагы бүркүт түлкүнү көрүп «аламын» деп жулунду. Түлкү коркконунан кирерге тешик таппай бүжүрөп калганда, кемпир чыйпылдап тура калып: «Үйдө жаткан абышка-кемпир аюу, жолборс алса, тайган ээрчитип, бүркүт алып, жарак-жабдык асынып жүрүп, кур кайтканыңарга жол болсун?! Эмне, аңды менин алты канат үйүмдүн ичинен издеп келдиңерби?
Ушунчалык жер жайнаган аңдан тырмагыңарга илинбей, үйдө жаткан түлкү
баламдын жүрөгүн түшүрүп, бүркүтүңөрдү телпеңдеткениңер кандай?» деп
сабоону алып, бүркүттү башка бир чаап өлтүрүп салды. Муну көрүп турган
аңчылар «Жолборс менен арстанды өлтүргөн мастан кемпир бизди да өлтүрөт
экен» дешип үйдөн чыга жөнөштү…
Ошентип, абышка-кемпир олжого тунуп, түлкү этке тоюп, жыргап-куунап
жатып калышкан экен.

ТАЛКАМЫШ


Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, бир кемпир чал жашаптыр. Алардын үч
кызы, бир уулу болуптур. Уулу эң улуусу, бирок үйлөнө элек кези экен. Баланынбир карындашы турмушка чыгып, эки карындашы али жаш. Ал күндөрдүн биринде колуна бир алма алып, «кимге тийсе ошону аламын» деп ант ичип, ыргытып жиберсе, алма барып өзүнүн ортончу (карындашына тиет. «Атаа, ушунча кыздын ичинен өз карындашыма тийгенин кара» деп, бала аябай кейийт. Бирок, ант ичип койгондон кийин айла жок, карындашын алмак болуп, ата-энесин айттырат.
Агасынын бул оюн карындашы билбейт, капарсыз ойноп жүрө берет. Бир күнү
кыз меке1 кайтарып отурса, бир карга учуп келип аны жей баштайт. Кыз мекени коруп, карганы кесек менен урду эле, карга:
— Ой келесоо кыз, сен жөнүндө эмне кеп болуп жатканын билбейсиңби? —
деди.
— Мен жөнүндө эмне кеп болмок эле, сөзгө алаксытып мекеден жеп алгың бар
ээ, жогол ары! — деп кубалай баштайт.
— Мен сен билбегенди билгизейин деп жатам, келесоо сени агаң алганы
жатат, — дейт.
Жогол, көзүмө көрүнбөй, карындашы агасына тийген каргаларда гана болот,
силерден бери өтпөсүн, бизге жетпесин.
— Агаңдын алма менен урганы эсиңдеби?
— Урса эмне болот экен?
— Анда сен билбесең, мен билем, акең алма кимге тийсе, ошону алам деп ант
ичип койгон, эми сени алат, — дейт да, учуп кетип калат.
Кыздын ачуусу келип, үйүнөн качып чыгат. Кете берет, кете берет. Акыры
чарчаганда бир таштын үстүнө чыгып отуруп алып аябай ыйлайт, асты1 акесине тийгиси жок, же өлгүсү жок. Ошентип, соолуган мекедей болуп отурса, кайдан-жайдан бир киши чыга калат. Кыз коркуп кетип: «Ачыл, ачыл Талкамыш, мен ичиңе кирейин» десе, таш ачылып кетет да, кыз ичине кирип, алиги кишиден жашынып калат. Кыздын ата-энеси аны издеп ойду да кыдырат, тоону да кыдырат, чөлдү да кыдырат, көлдү да карашат, такыр таба алышпайт.
Жолуккандын баарынан сурашат эч ким «көрдүм» дебейт. Издей беришип арып чарчашат. Эптеп кызын таап уулуна алып бермек болушат.
Анткени, айткан антын аткара албаса, баары бир уулу өлмөк, кызы жоголмок.
Ошондуктан «уулубуз өлбөсүн» кызыбыз жоголбосун, экөө биригип өмүр сүрсүн» деп байкуш ата-эне далбаса урушат. Ата-энеси издеп жүрүп бир кишиге жолугуп, андан кызды сурашат: «Орто бойлуу, терең ойлуу, кара каштуу, узун чачтуу, оозу оймоктой, бетинен каны тамган, эки көзү чырактай жанган кыз көрдүңбү,
жолоочум? » — Ооба, карыялар, айтпасам чындык уялар, айтсам көңүлүм кыярар, ал кыздын айласы Кызырдай эле бар, тетиги таштын үстүндө отуруптур, жакындасам көздөн кайым болду» дейт жолоочу.
Кемпир-чал таштын жанына барса, кызы көрүнбөйт. Ошондо чал мындай
дейт:
«Мен кызымды көрөйүн,
Ачыл, ачыл, Талкамыш,
Дидарыңа тоеюн?!»
Анда кыз унчугат:
«Кой, Талкамыш, ачылба,
Мен атамды көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Болду, кеткин, кайната!»
Талкамыш кыздын тилин алып ачылбайт, кемпир-чал ыйлап-ыйлап үйүнө
кайтышат, уулун аябай урушат. Кудайына даттап энеси кайрадан келет да:
«Айланайын Талкамыш,
Кылчы мага кол кабыш!
Мен кызымды көрөйүн,
Дидарына тоёюн.
Ачыла кой Талкамыш,
Коркот кызым жапжалгыз?!»
Кыз эми мурункудан да катуу кыйкырат:
«Менсиз такыр шашылба,
Кой, Талкамыш, ачылба!
Билем келди эмнеге,
Мен апамды көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Кете берсин, кайнене!»
Апасы көзүнүн жашын көл кылып, үйүнө барат, уулун өлгүчө урушуп, улуу
кызын жиберет. Эжеси келип:
«Айланайын, тартынба,
Эжең турат жаныңда
Ачыл, ачыл, Талкамыш
Ачылбасаң чоң намыс,
Мен сиңдимди көрөйүн,
Дидарына тоеюн.
Ачыла кой Талкамыш
Кел садага болоюн?!»
Кыз мурункудан да ачуулуу кыйкырат:
«Бежирейсиң сен неге,
Мен эжемди көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Кое тургун, шашылба,
Талкамыш, түк ачылба,
Кете берсин, кайынэже!»
Эжеси шолоктоп үйүнө барат, акесин аябай жемеге алат. Ошентип, үй-бүлөнүн
башына катуу кайгы түшөт, күндүз-түнгө, түн түнөрүңгө айлангандай болот.
Ошондо кайраттанып өзү жаш секелек, өрүмгө чачы жете элек сиңдиси келет да:
«Ачыл, ачыл, Талкамыш,
Айланайын балкамыш
Мен эжемди көрөйүн,
Дидарына тоеюн!» дейт.
Анын үнүн угуп, эжеси да сүйүнүп кетет да:
«Мейлиң ачыл, Талкамыш,
Мен сиңдимди көрөйүн,
Дидарына тоеюн.
Макул болсо ширин тил,
Көтөрүп алып жөнөйүн!» дейт.
Талкамыш ачылат, кыз сиңдисин кучактап алып ыйлап: «Эми сен үйгө бара
бер, мен адамдын кулагы угуп, буту жеткис алыска кетем» дейт. Сиңдиси: «Мен артыңыздан калбайм» деп болбой койгондо көтөрүп алып андан ары жөнөйт.
Кете беришет, кете беришет. Арып ачып, аябай суусашат. Бирок, такыр эле суу
жолукпайт. Бир жерге барышса, эчкинин мүйүзү сыяктанган суу агып жатат.
Сиңдиси «ушу суудан ичем» дейт. Эжеси болбойт, сиңдиси ыйлап баспай
койгондо айласы кетип, «мейлиңчи» деп тим коет. Жата калып эчки мүйүз суудан шимирет да, ошол замат кийиктин улагына айланып, таптак секирип маарап тура калат. Эжеси ага аябай өкүнөт, өкүнгөндө айласы канча? Сиңдиси кийиктин улагы болуп аркасынан ээрчийт, кете беришет. Күндүзү жүрүп, түнүндө укташат.
Капталы каркайган тоолордон азуусу аркайган аскалардан өтүшөт.
Бир кезде алдыга көз таштаса, ааламда жок ак сарай турат. Кыз улагын
мааратып, сүйүнгөн бойдон кирип барат. Ак сарайда бир бай жигит жашап турат экен. Аялы аябаган тажаал, адамга ырайымы жок таштан катуу адам экен. Кыз улагы менен анда жашап калат. Байдын оту менен кирип, күлү менен чыгып, ага жагат. Бай кыз үйгө кирсе үйгө кирип, сыртка чыкса сыртка чыгып аябай кызга кусадар болуп калат. Күндөрдүн биринде жигит кызды алмак болуп, той түшүрмөккө макулдашып, ууга чыгып кетет. Ал ууга кеткенде аялы алдап ээрчитип барып кызды сууга түртүп жиберет да, кечинде күйөөсү уудан кайтканда: «Кыздын сенде көңүлү жок, той түшүрөм дегенди угуп, эртең менен эле, кетип калган» деп коет. Жигит аябай капа болот. Аялы аяк-быягына чыгып, «улактын эти таттуу деп угам, улакты союп жаш сорпо ичпейлиби» дейт. «Соебуз» дегенди угуп, улак жүгүрүп сууга барат да: «Эжеке мени сойгону жатышат» деп үн салып ыйлап жиберет. Анда кыз: «Кагылайын чунагым, кандай күнгө туш болдуң, эми айлаңды кантем, белимден кумга басылып, чыга албай жатпаймынбы» деп кыйкырат. Бай улак менен кыздын сөзүн угуп, иштин жайын түшүнөт да, жети күн бою өзүнүн сандаган төөлөрүнө, эчкилерине, койлоруна, уйларына,
жылкыларына — төрт түлүк малына суу ичирбей туруп, сегизинчи күнү баарын айдап чыгарды эле, сай кагырап кургап калды. Ошентип, кызды суудан чыгарып алды. Көрсө баягы кыз жашынган таш кубулуп жүргөн байдын өзү экен, аты Талкамыш экен. Ошондо эле кыздын дидарын көрүп ашык болуп калыптыр. Улак сүйүнгөнүнө чыдабай ары-бери жүгүрүп, оюн салды эле, мурунку калыбына келе калды. Талкамыш кырк күнү тоюн, отуз күнү оюн кылып кызды аялдыкка алды.
Алар азыркыга чейин бактылуу жашашат экен.

АЖЫДААР АЯЛ


Илгери бир мүнүшкөр кан жигиттери менен куш салып жүрсө, кушу учуп
кетет экен. Кандын бир жигити артынан барып, таппай кайра келет. «Каным
бир укмуш, мен кушту кубалап баратсам, жолумда чоң таштын тубундө ай десе арксыз, күн десе көрксүз бир сулуу кыз туруптур, салам бергени барайын деп сулуулугунан сүрдөп жанына бара албай койдум» дейт экен жигит.
Кан бул кабарды угары менен баягы жерге келсе, жигит айткандай ааламда
жок бир сулуу кыз турат.
«Кай тараптан, кай элден келе жаткан периштесиң?» деп сурады кан. Сулуу
жылмайып: «Күн чыгыш тараптан, өзүмө теңдеш бактылуу күйөө табар бекенмин деп өңдөн азып, жер кезип келем» деди. «Андай болсо мен бир элге канмын, жактырсаң мага тийгин» деди. Сулуу бир аз ойлонду да: «Мен сизге тиемин, бирок, мен бир шарт коемун. Мен турган үйдө сиз гана болосуз. Башка адамга кирүүгө тыюу саласыз». «Сулуунун айтканын аткарбаса айнып кетеби? деп кан макул болуп, кызды жоргого миндирип алып шаарын көздөй жөнөдү.
Кан-шаан-шөкөт менен чоң той берип, аялын өзүнчө ордого коюп, айтылган
шартты толук аткарды. Ортодон күндөр өттү. Кан катуу жүдөй баштады: каны
качып арыктап, сөлөкөтү гана калды. Кандын ордосуна жан келмек турсун,
абадан куш учуп өтпөйт. Ошол убакта падыша «сыркоолоп жүрөм» деп табып
чакыртат. Адем аттуу табып кандын аялы турган ордого келип, «эмне бар экен» деп ордонун жарып аккан сууну бөгөп көл кылып агып жаткан ажыдаарды көрөт экен. Табып жүрөгүн токтотуп, «дагы эмне болор экен» деп, тиктеп турса, бир оокумда баягы ажыдаар келишкен сулуу болуп, созула басып үйүнө кирип кетет.
Адем табып кандын оорусу эмнеден болгонун эми түшүндү. Кайра канга барып:
«Үйдөн көрүп дарылайм» деп табыптыктын бардык ыгы менен кандын ден
соолугун шашпай текшерип чыкты, кандын аялы сынын бузбай созулуп гана
отура берди.
«Дартым эмне экен?» деп сурады падыша. «Дартыңыз жок, ден соолугуңуз
түзүк, жөн эле мүнүшкөрлүктү таштап коюпсуз, жигиттериңизди ээрчитип, көңүл ачсаңыз эле ордуна келет» деп табып эч нерсе ооз тийбей таазим кылып чыгып кетти.
Кан эртеси кушун кондуруп, жигиттерин ээрчитип чыкты. Кайра тартып
келатканда жолунда табыптын турганын көрдү. Кан кайрылып салам берип:
«Жол болсун, табыбым» деди. Анда Адем табып: «Каным, кече дартыңызды
тапкан менен аялыңыздан айбыгып айта албадым, ал сулуу аял эмес — ажыдаар экен» деп болгон окуяны канга айтып берди. «Анын ажыдаар экенин өз көзүмө көргөз, анан ишенейин» деди кан. «Болуптур» деди табып. Биринчиси, тирүү кекилик алып үйүңө киргин, кирери менен жан берет, себеби ал айбандардын биринчи жоосу, көрөөрү менен жүрөгү түшүп өлөт. Экинчиси: агып жаткан сууну какшытып башка бургуз! Кечинде туздуу жакшы бир тамак жасатып кадырың салсаң да, жалдап жегиз! Үйүңө бир идишке да суу койгузба, анан уктамыш болуп карап жаткын, анан билесиң, каным, андан кийинки амалды өзүм табамын» деди табып.
Айткандай үйүнө кан тирүү кекилик алып аялына көргөзмөк болду, аял
колуна алганда кекилик тырп этпей жан берди. «Куштан жүрөгү түшүп калса
керек» деп кан шек алгызбады.
Бир аз күн өткөндө кан экинчи шартты жасады. Түн ортосу ченде кан
уктамыш болуп карап жатса, төшөктөн ажыдаардын башы сойлоп чыкты, куйрук жагы кандын денесине тийип жатса да өтө созулуп ар кайсы идиштен суусаган ажыдаар суу издей баштады, бирок суу таппай айласы кетип, кайра жыйрылып мурдагы калыбына келип: «Үйдө суу жок экен, өзөндөн суу алып келе койчу» деп, канды ойготту. Кан өзөнгө барып: «Анда да суу жок экен» деп куру кайтып келди.
Аңгыча таң да атты. Аялдын тынчы кетти.

Кан ордосуна барып көргөнүн бүт жигиттерине айтып, дарыяга сууну
бурдуруп, ыраактан карап турса, аялы эки жакты абайлап сууну бөгөп, ажыдаар болуп суусуну канганча суудан шимирди.
Кан Адем табыпты дароо таптырып, ажыдаарды кантип жок кылуунун сырын
сураса: «Падышам, эми мунун 80 күндүк жашы калды, ошондон кийин чыныгы ажыдаар болот, ошого чейин жок кылбасаң бүт шаарыңды сорот. Буга темирден, терезеси жок үй салып, алдап киргизип, эшигин жаап, туш-туштан от коюп, өрттөп гана жибербесек, башка айла жок, тамакка уу кошуп берсең сен жебесең, деле ооз тийбейт. Сен шек алдырбай мурдагыдай эле жүрө бер» деди табып.
Кан бир жуманын ичинде усталарга темирден үй салдырат. Кан аялын
ээрчитип келип, баягы үйгө киргизет. Аялы үйгө кирип кылчайып канды
чакырганча, эшик шак жабылып кулпуланып калат. Даяр турган усталар көрүгүн күркүрөтүп, туш-туштан отту үйлөп кирди эле, темир үйдүн ичинен кулак-мээни жарган ажыдаардын үнү чыкты. Эртеси ачып караса үй толгон ажыдаардын күлү калыптыр. Элди азаптан куткарган, Адем табыпты падыша сарайынан орун берип, ордо кишиси кылып алган экен. Эл аман, жер аман, амалдуу ажыдаардан кутулган кан мурдагы калыбына келип, аман-эсен элин жоодон сактап көп жыл өмүр сүрүптүр.

МЕНДИРМАН


Илгери өткөн заманда Мендирман деген жигит Каракандын шаарына тентип
барат. Ал адегенде ашпозчулукка өтөт. Анын иштегени орундуу болгондуктан,
Каракан өзүнүн тулпарын бактырып коет. Ал тулпарга айына үч кап арпа берип туруучу экен. Бирок, баягы жигит тулпарды багып жүрүп, алты айга чейин жемдик арпа сурап келбейт. Анын үстүнө .кандын тулпары мурдагыдан да жакшы жүнү жылтылдап ыргыштап карматпай калат. Буга кан аябай таң калат.
Бир күнү кан баягы жигитти чакырып калат. «Атың ким?» дейт. «Атам —
Мендирман». «Мендирман, анда менин бир суроом бар, сага чейинки тулпарды баккан адамдар үч кап арпа бир айга жетпей калды деп, улам кайра сурап алып турчу эле. Эмне себептен үч кап арпаны алты айга жеткирдиң жана тулпар да семиз чыкты?» деп, кан Мендирмандан сурады. Анда Мендирман: «Ээ, каным, ач көз адамдын колунда береке болбойт. Алар тулпар менен кошо арпаны жешкен да, Экинчи бир себеби, тулпар өзү тойбогон мал болот. Ач көзүрөөк келип, арпаны чайнабай жутат. Мен ошол арпаларды заңынан кайра жууп, кургатып кайра бердим. Ошентип үч кап арпа алты айга жетти деди. «Ии, мында бир кеп бар экен» деп, кан ойлонуп калат.
Каракандын бир адаты болор эле, ал жакшы көргөн адамына ар убакта өз колу
менен нан берүүчү экен. Бул жолу да Мендирманды эркелетип, нан сындырып
берет. Андан кийин «Мендирмандын баскан турганына көз сал» деп, артынан бир жигитти аңдытып коёт. Ал жигит Мендирмандын баскан-турганын канга
жеткирип турат.
Бир күнү Мендирман кандын тулпарын сугарып жатып: «Уйга чалышкан жери бар экен» деп күбүрөп калат. Аны баягы жигит канга жеткизет. Кан
Мендирманды чакыртып: «Ээ, Мендирман, саяпкер көрүнөсүң, менин
тулпарымды сынап бер» дейт. «Жок, каным, Кан менен кандын тулпарына жок» дейт Мендирман. «Тулпарды сынайсың: Сынабасаң башыңды алам» дейт
кан.
Мендирмандын айласы кетип, тулпарды жетелеп чыгат. Суунун ары жагына
бир тартып, бери жагына бир тартып, кечирип: «Тулпарың тулпар экен, бирок, уйга чалышкан жери бар, андан башка айыбы жок» дейт.
Кан буга таң калат. Чынында эле тулпардын ысыкта элирип, салкында жакшы
жүрмөй адаты бар экен. Бирок, «мунун уйдан чалышканын кантип билди?» деп ойлойт кан. Ал жылкычысын чакырып: «Тулпардын кандай туулгандыгын айт»
дейт. Ал киши: «Мунун уйга чалынышканы чын. Мунун туулганын адегенде мен көрбөй калдым, бирок кийинчерээк барсам, уйду ээмп турган экен, чаар бээ жанында оттоп жүрүптүр, мунун уйга чалышканы ушул» дейт.
Кан Мендирманга ыраазы болуп: «Тулпардын сынын туура айттың, бирок
тиги ысыкта элирип, салкында жакшы жүргөнүн кайдан билдиң?» дейт. «Аны
билүү оңой. Төрт түлүк мал ичинен ысыкта сайгактаган уй, ылаалаган ат. Тулпар ылаалабайт, бирок элирип кетет, бул — уйдан калган адат» дейт Мендирман.
Кан: «Ээ, Мендирман, эми мени сынап көр» дейт.
«Канга сын жок» дейт Мендирман. «Мени сынабасаң башыңды аламын» дейт
кан. «Эми болбостур» дейт да, Мендирман канды «ары кара, бери кара» дейт.
«Ары карасаң кандын уулу кейиптенесиң, бери карасаң наабайчынын уулу
экенсиң» дейт.
Кандын ачуусу келип энесин чакыртат. Энеси сексенге барып калган экен.
«Эне бул жигит мени — наабайчынын уулу деди. Ачык айтып ак сүйлө, жалган айтсаң башыңды алам» дейт. Анда энеси, «өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, эми кантип калп айтайын, жазыксыз кишинин күнөөсүн тиги дүйнөгө кантип алып кетейин, мунун айтканы чын. Атаң баласыз жүрүп, карыганда боюма бүхүп, мен төрөр күнү да наабайчынын аялы да толготту, экөөбүз бир күнү төрөдүк.
Меникин карасам кыз, аныкы эркек экен. Аны кара басып эс учун билбей жаткан эле, алдымдагы кызды ага жылдырып, анын алдындагы эркек баланы өзүм алдым. Менин жазыгым ушул, кааласаң башымды ал же тиги жигитти бошот» дейт.
Кандын ачуусу келип, энесине сөз айта албай, Мендирманга дагы суроо берди:
«Менин наабайчынын уулу экенимди кантип билдиң?».
— Ал эң эле жөнөкөй, — дейт Мендирман. Ар кимдин өз иши өзүнө кымбат.
Сиз ар убакта көңүлүңүзгө жаккан кишиге нан сындырып берчү элеңиз.
Наабайчыга нандан кымбат нерсе жок. Ошон үчүн «наабайчынын баласы го»
дедим.
Кан мунун таап айтканына ыраазы болуп: «Сен мындан ары ат багуучу
болбой, кырк жигиттин бири болчу» деди.
Мендирман мындан дагы бат эле көрүнө баштады. Ал барган жердеги иштер
бат бүтүп, жигиттер да кадырлай баштады.
Аны көргөн кан адегенде оң башы, анан кырк башы кылды. Каракандын алты
шаар эли бар эле. Эл дагы Мендирманды кадырлай баштады. Муну көргөн
Каракан бир күнү аны чакырып алып: «Ата-баладай болуп калдык, мага башкы вазир бол, алты шаарды кыдыр сүйгөн кызыңды алып берейин» деди,
Мендирман ат арытып жүрүп, Гүлгаакы деген кызды жактырды. Ал ай десе
арксыз, күн десе көрксүз ашкан сулуу экен. Чоң той берип жатып, Мендирман
үйүнө алып келет… Аны көргөн кандын жигиттери канга барып: «Каным,
Гүлгаакы Мендирманга эмес, сизге ылайык» дейт. Каракандын көңүлү бузулуп, кандай жол менен аларын билбейт.
Бир күнү ага бир кемпир келип: «Алтын-күмүш мол берсеңиз, мен
Мендирмандын аялын кантип алып берүүнүн жолун табамын» дейт. Кан макул болот. Анда мындай дейт кемпир: «Карт ооруган адамга Айөкөндүн сүтү дары.
Карт ооруп калыптырмын деп Мендирманды Айөкөндүн сүтүнө жибер. Ага
барган киши көп болгон да, келген киши жок болгон. Барган кишини Айөкөн
жутуп таштайт. Андан башка Айөкөндүн жолунда кырк каракчы бар, же кырк
каракчыдан же Айөкөндөн өлөт» дейт.
Кан карт оорумуш болуп, Мендирманды чакыртып келип: «Мендирман балам,
ата-баладай болуп калдык эле, карт ооруп калдым. Айөкөндүн сүтү дары дейт,
сенден башка жигит жарай турган көрүнбөйт. Ошол Айөкөндүн сүтүн алып келип бер» дейт. Мендирман: «Барса барайын, бирок жети күнгө уруксат бер» дейт. Кан макул болот.
Мендирман кандын оюн түшүнүп, алты шаардын темир усталарын жыйнап,
жети катар темир үй салдырат. Сегизинчи күнү канга келип: «Мен Айөкөндүн
сүтүнө барууга даярмын» дейт.
«Бузукунун тилине кирип, жакшы көргөн вазиримен айрылып каламбы, сулуу аял кайда жок» деп, Каракан кайра ойлойт да: «Мендирман балам, жакшы болуп калыптырмын. Айөкөндүн сүтүнө барбай эле кой» дейт. Анда Мендирман: «Тарт колуңду тарт! Мен айтканымдан кайткан эмесмин» деп, атынын башын буруп жүрүп кетет.
Айөкөнгө барчу жол алыс экен. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Мендирмандын
аты ыргайдай, өзү торгойдой болот. Бир күнү Мендирмандын аты:
«Мен, мен, мен бийик,
Мен үстүмдө сен бийик.
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?
деп сураганда Мендирман төмөнкүдөй жооп кайтарат:
«Кара айгырдын көзүнө Калчарыңкы көрүнөт. Мендирмандын көзүнө Түк эчтеме көрүнбөйт»
Анда ат:
— Тээ алыскы көрүнгөн кара тоонун этегинде кырк каракчы жол тосуп
олтурат. Сен да өлөсүң, мен да өлөмүн — деди.
— Бара көрөбүз, ажалсыз чымын өлбөйт, ажалыбыз жетсе, качсак да өлөбүз,
куусак да өлөбүз. Тике бара бер — дейт. Мендирман.
Кырк каракчы:
— Аттан түш, башыңды алабыз, атыңды соебуз — деп Мендирманды
тизгиндер алышат.
— Өлтүрсөңөр өлтүргүлө, даарат алып алайын, уруксат бергиле, — дейт
Мендирман. Мендирман даарат алып жатканда кырк каракчы кеңешет:
«Алдыбыз ак сакал болдук, артыбыз көк сакал болдук, мындай неме көрө элек
элек, колго түшкөн кишинин баары: «Балам жаш эле, ата-энем кары эле» деп
ыйлашчу, бул тегин киши көрүнбөйт, аны айткан жок, талаалап жүрүп өлөбүзбү,
белдүү киши болсо, ушуну бел байлап, эл четине барып оокат кылсак кантет?» Ак
сакалдын сөзүнө баары макул болушат. Мендирман келгенде алжайын сурап,
кырк жигит кылып алуусун өтүнүшөт. Мендирман макул болуп, Айөкөндүн
сүтүнө бараткандыгын айтат, «кайра келатып алып кетем» дейт. Кырк каракчы
ай туяктуу бээ чалышып, курларын моюндарына салышып, кудайга жалынышып,
Мендирманды Айөкөнгө жөнөтүштү.
Бир күнү Мендирмандын аты сүйлөйт:
«Мен, мен, мен бийик Мен үстүмдө сен бийик. Мен көргөндү көрдүңбү? Мен
билгенди билдиңби?
Мендирман:
«Кара айгырдын көзүнө Калчарыңкы көрүнөт. Мендирмандын көзүнө Түк эчтеке
көрүнбөйт.
Анда ат айтат: «Тээтиги жүлүндөй жерден түтүн чыгат, ошол жерде Айөкөн
бар: «Ассалоомалейкум, энеке?» деп айт. «Салам айтпасаң саргайтат элем, балам»
дейт. «Алик албасаң алсыратат элем энеке» де. «Эмнеге келдиң, балам?» дейт.
«Сиздин сүтүңүзгө келдим» дейсиң. «Менин сүтүм ушул» деп, кырк кулачтуу
казанды тегеретет. Ошондо мен коендон жапыс болоюн, сен кыргыйдан илгич
бол. Кырк кулачтуу казанды жалыма койсоң, качып жөнөймүн. Казанды алалбай
калсак өлдүк, сени да мени да жутат. Казанды алып кетсек, «Мен жеңилдим» деп
ал чакырат, кайра барабыз ».
Ошентип, Айөкөнгө барышат. Жолдо сүйлөшкөндөй кылышат. «Менин сүтүм
ушу» деп, кырк кулактуу казанды тегеретип жиберди эле, аны лып илип алып
Мендирман казанды ат жалына коюп качып жөнөйт. «Мен жеңилдим, балам» деп,
Айөкөн кайра чакырып калды. Мендирман келсе, анда Айөкөн айтат: «Балам,
менде сүт жок, сени касташкан бирөө жиберген экен. Мага келген киши көп
болгон, кеткен киши жок болгон. Башыңа иш түшсө түтөткүн» деп мурутун жулуп
берет.
Мендирман келатса, кырк каракчы кырк дөбөнүн үстүнө туруп алып, буркурап
ыйлап отурушкан экен. Мендирманды көрүп сүйүнүшүп бээ союп, той беришет.
Мендирман Каракандын шаарына келсе, аялына жасаткан темир үйдүн алтоону
талкалап, жетинчисине киришкен экен. Кырк жигит менен Мендирман согушка
кирет. Кан көптүккө салып, Мендирмандын жигиттеринин көбүн өлтүрүп
жиберет. Мендирман чарчап-чаалыгып качып чыгат. Ошондо Айөкөндүн айтканы
эсине түшүп, анын мурутун күйгүзгөндө ал даяр болот. Ага бардык окуяны айтат.
Айөкөн үрүп чыккан итин жутуп, мөөрөгөн уюн жутуп, кандын айлын талкалап
жиберет. Кандын айласы кетип «Мендирман эле, Мендирман, жеңилдим эле,
жеңилдим, желмогузуңду алып кет, ордума кан бол» дейт.
Ошондон кийин Мендирман кан болуп жашап калган экен.

АКЧҮКӨ МЕНЕН КУУЧҮКӨ


Илгери бир кан болуптур. Ал кандын Акчүкө, Куучүкө деген эки баласы бар
экен. Күндөрдүн биринде кан кырк жигити менен ууга чыгат. Ошол убакта аялы үйүндө отурса, үйүнүн чамгарагына чабалекей уя жасап, балапандарын чыгарат экен. Чабалекей балдарына жем издеп кетсе, башка бир чабалекей келип, а чабалекейдин балдарынын башын үзүп кетет. Аны кандын аялы көрүп: «Эгерде биз жок болсок, же өлүп калсак, башка дагы бирөөлөр биздин балдарды да ушинтет го» деп капа болуп ыйлап отурса, кан келип, аялына: «Эмне капа болуп отурасың?» деп сурайт. Аялы: «Биздин үйгө чабалекей уя жасап, балапан чыгарды эле, ал балапандарды башка дагы бир чабалекей келип өлтүрүп кетти. Кокустан биз жок болуп калсак биздин балдарды да бирөөлөр ушинтет турбайбы деп ошого капа болуп отурам» деп, оюндагысын айтат. Анда кан: «Сен андай ойлобо, эгерде мен өлсөм, сен барсың, сен өлсөң, мен бармын» деп аялынын көңүлүн жооткотот.
Күндөрдүн биринде кандын аялы өлөт. Кан башка аял алат. Кан дагы эле куш
салып, ит агытып, сейилдикте жүрөт. Кандын аялына бир соодагер: «Сен мага
кандын кушун союп бер, сен экөөбүз башка шаарга кетебиз» дейт. Аял макул
болот да, канга: «Кушуңду таштап эле, ит агытып чыккын» дейт. Кан макул болуп кушун үйүнө таштап, ит агытып жигиттери менен кетет. Ошол убакта баягы кандын эки баласы тамак ичкени келсе, өгөй энеси эшикке чыгып келе жаткан экен. Балдарга: «Ушундай тургула, мен кайра келип тамак берем» дейт да сыртка чыгып кетет. Балдар энеси кеткенден кийин казанда бир нерсе кайнап жатканын көрүшөт да, Куучүкө казандын капкагын ача салат. Ачса, куштун эти бышып калыптыр. Куучүкө бөтөгөнү алып жеп, агасы Акчүкөгө башын берет. Аңгыча энеси соодагерди ээрчитип келип куштун этин чыгарса, бөтөгө менен башы жок.
Анда соодагер: «Мага артыкча бөтөгөсү менен башы керек болучу» деп, этти
жебей чыр салат. «Бөтөгө жегени кимиси экен, ошону алдап сурап өлтүр, азыр
бөтөгө эрий элек» дейт. Тигилердин сүйлөшкөнүн угушуп балдар качып кетишет.
Жүрүп отурушуп, жүрүп отурушуп, «эки адам бир жолго түшүүгө болбойт
деген эки айрылыш жолдогу кара ташты көрүшөт. Балдар жазууну окуп, эмне
кыларын билбей турушат. Бөтөгө жеген Куучүкө алтын түкүрүп калган. Эки
айрылыш жолдун бири «бири барса келгис, бири барса келүүчү жол» эле.
Ошентип эки бир тууган туруп кеңешет да, Куучүкө: «Барса келгис жолго мен
түшөйүн, шилекейимди сатсам да, жан багармын» дейт. Барса келүүчү жолго
Акчүкө түшөт. Акчүкө жүрүп отурса, алыстан чаңдатып келе жаткан көп караан көрүнөт. Акчүкө чочуп, кокус мага бир зыян кылбасын дейт да, жолдун боюндагы чолок терекке чыгып отурат. Теректин башында бир куш конуп олтуруптур. Аны кармап алат. Баягы көп киши келип эле бала отурган теректи кыя башташат.
Жыгыла турган болгондо, бала: «Мен бармын» деп кыйкырып жиберет. Көрсө,
ошол жактын каны өлгөндө анын кушун учурушуп, куш учуп келип, эмнеге консо, ошону кан көтөрүп алышчу экен. Баягы эл кушту учуруп артынан чыккан эл турбайбы. Алар баланы көрбөй, терекке конгон экен деп теректи кесип жатышыптыр. Качан гана «мен бармын» деп, доош салганда көрүшүп, ошону менен баланы алып жөнөшөт. Алып барып кан көтөрүп коюшат.
Ошентип, Акчүкө кан болуп калды. Эми Куучүкө болсо, «барса келгис» жолго
түшүп жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир абышка кемпирге кез келет. Ал
абышканын баласы жок, эки үч эчкиси бар экен. Бала абышкага: «Баласы жокко бала болоюн, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм» дейт. Абышка: «Мага бала бол» деп, бала кылып алат. Бала эчкини кайтарып жүрүп, күнүнө үстүнө бирден эчки сатып келип кошуп эчкини көбөйтүп, абышканы байытып коет.
Бир күнү кечинде бала асманды караса, асманда жанаша эки ай турат. Бала
таңыркап: «Ата, бир эле ай чыгуучу эле, эмне үчүн эки ай турат?» деп, атасынан сурайт. Анда абышка: «Ал Айдын сага кереги жок, эмне кыласың, балам?» деп айтпай коет. Экинчи күнү кечинде дагы эки ай турат. Бала дагы атасынан сурайт экен. Атасы: «Ээ балам, көп эле сурап калдың, ал биздин кырк кыз, кырк кан деген ошол. Ай менен сулуулук салыштырып турат» деди.
Эртеси Куучүкө баягы кызга кантип жетерин билбей, дөңгө чыгып отурса, үч
киши мушташып жатат. Жанына келсе үчөө бир тууган экен. Атасы өлгөндө
андан бир топу, үч таяк, бир жайыл дасторкон калган экен. Ал үчөө ошону
талашып жатышкан экен. Ал үч буюмда үч касиет бар экен. Топуну кийсе эч кимге көрүнбөй калчу экен. Жайыл дасторкондо каалаган тамактар жайнап турчу экен.
Таягын кимди «ур!» десе уруп берүүчү экен.
Бала келип: «Эмне болдуңар?» десе, атасынан калган буюмду талашып
жатканын айтышат. Анда бала: «Үчөөң жарышып келгиле, чыкканыңар жайыл дасторконду ал, андан кийинкиң топуну ал, эң аяккың үч таякты ал» деди. Үчөө макул болуп, буюмдарды балага берип жарышканы кеткенде, бала баягы топу менен жайыл дасторконду алып үч таякты минип кыз канга учуп жөнөйт.
Кыз-канга келсе, ал кырк кызы менен сейилдик куруп отурган экен. Куучүкө кыз канды алып нечен дайралардан, өзөндөрдөн, тоо-токойлордон өтүп, бир кезде тегереги арча-карагайлар менен курчалган жаркыраган кичинекей шаарга келип түшөт. Түшсө шаардын ичинде бир да басып жүргөн жан жок.
— Адамы жок бул кандай шаар? Эмнеси болсо да мынабу дарбазасы алтындан
салынган короого кирели — деп киришсе, бир да жан жок.
Эртеси таң сүрөр менен Куучүкө: «Сен отура тур, мен аң уулап келейин» деп,
кызды үйгө коюп, өзү ууга кетет.
Эми сөздү баягы кыздын жанындагы кырк кыздан баштайлы. Алар кызды
алдырып жиберип түз эле канга келишет. Болгон окуяны төкпөй-чачпай канга
айтышат. Кан каарданып, бүт элди чогултуп:
— Менин кызымды тапкыла! — деп элди кыстады. Бирок элдин ичинен мен
табам, деп бир да киши чыкпайт. Муну көргөн кан башкача ойго келет да, элге
мындай дейт.
— Кимде ким менин кызымды таап, кайра бул жерге алып келсе кызымды
ошол кишиге берем. Кандай экенине карабайм дейт. Ошондо эл ичинен бир жез кемпир чыгып, канга келди да:
— Урматтуу каным, сиздин кызыңызды мен таап келем, менин үйдөгү котур
балама бересизби? дейт.
— Иши кылып таап кел, сенин балаңдын котуруна карабай, кызымды сага
берем, кандын сөзү эки болбойт, — дейт. Жез кемпир сокусун минип, сок билегин камчыланып, түз эле кыз турган шаарга келип түшөт. Кыз жайыл дасторконго тамак-аштын түрдүүсүн коюп, жаңыдан бир чыны чайды ичкени жаткан экен.
Кемпир зордуктап кызды сокуга мингизип, сок билегин
камчыланып учуп жөнөйт. Көз ачып жумганча кандын алдында болушат.
— Мынакей каным, сиздин буйругуңузду орундадым.
Кан ага макул болот да, кызын жез кемпирден жетелетип жиберет.
Куучукө кечинде үйүнө келсе, аялы жок. Ар жак, бер жакты карайт, бирок аялы табылбайт.
Таң кылайып келе жатканда колуна жаа алып, жүрүп отурат. Нечен
белестерди, нечен тоолорду ашат. Бир кезде көгөрүп жаткан музга туш келет.
Муздан өтө берерде муз жарылып кетет да, Куучүкө сууга түшүп кетип агып
жөнөйт.
Ал канча жерге агып келгени белгисиз, бир кезде көзүн ачса суунун жээгинде
жатат. Оң тарабында бир ажыдаар, сол тарабында бир ажыдаар баланы карап
жатышат. Бирөөнү караса, экинчисине мин дегендей белги берет.
«Ии, булар, мени мингизип алып, анан бир жерге алып барып жеген жаткан го, мейли жесе, баары бир өлдүм» деп, экинчи ажыдаарга келип минет.
Экөө асмандатып алып учуп жүрүп отуруп, көз жеткис бийик зоокага келип
конушат. Биринчи ажыдаар бир чоң кара ташты куйругу менен түртүп койсо, таш кадимки эшиктей ачыла түшөт. Анан Куучүкөгө карап кир дегендей белги берет.
Куучүкө тартынбай кирет. Ал үңкүрдүн оозуна киргенде капкараңгы боло түшөт.
Караңгы жер менен бир аз басканда алтындан жасалган дагы бир эшик көрүнөт.
Ал эшикти ачып кирип келсе, төрдө бир ак сакалдуу карыя отурат. Баягы
карыянын белинен өөдө карай жагы кадим эле киши, ал эми белинен ылдый
жагы жылаан түспөлдөш экен. Куучүкө салам айтып, босогого туруп калат. Карыя алик алып, баланы өзүнө чакырып, жанынан орун көргөзөт. Куучүкө карыянын жанынан орун алат. Тамак желип бүткөндөн кийин:
— Кана, сүйлөй отур балам, кайдан болосуң, бул жерге кандайча туш болдуң?
деп кайрылды карыя.
Куучүкө башынан өткөн окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.
— Мен ажыдаарлардын падышасы Шаймерен деген болом. Өзүм көптөн бери
оорумун. Менин оорумду адам баласы гана айыктыра алат экен. Сен эми
айыктырсаң, сенден мен жардамымды аябаймын. Эки жолу жаңы төрөгөн аялдын эмчек сүтүнөн эки кашык ичсем, куландан соо болуп айыккан турам. Ал сүттү өзүң таап келбесең, башка эч ким табалбайт. Мен сага бир ажыдаарды башы менен берем. Анын тилин да үйрөтүп коем, деди падыша. Куучүкөгө ажыдаардын тилин үйрөтөт.
Падыша бир ажыдаарын Куучүкөгө берип, жолго чыгаарда: «Бул ажыдаарды
кайда уч десең ошол жакка уча берет. Кандай оюң болсо баарын аткарат. Бирок сага айтарым: мындан мурун бир адам баласына ажыдаар берсем, сен келген ээн калган шаардын эли бири-бири менен уруша кетсе, элди бүт сордуруп салыптыр.
Ошентип алиги шаар бүт элсиз калды. Сен андай кылбагын» дейт.
Бала макул болуп, сүт таап келүүгө жолго чыкты. Ажыдаар менен бала учуп
жүрүп отуруп, күүгүм кирип калганда бир кыштактын четине келип конду. Бала ажыдаарын суунун боюндагы бир чоң таштын түбүнө коюп, өзү айыл аралап келе жатса, бир үйдүн тегерегинде топураган элди көрөт. Жолдо келе жаткан кемпирден: «Ээ, эне, бул жерде эмне болуп жатат?» деп сураса, «эмне болсун балам, ушул айылдын бир келини жаңы төрөдү эле, эси ооп, эсине келе албай өтө кыйналып жатат. Айылдагы аны-муну билген молдолордун колунан да келбеди. Шордуу келин өлмөй болду» дейт.
— Мени ээрчитип барыңыз, балким колумдан келип калаар, — деди бала.
— Атаа, айланайын балам ай, дегеле, ырас болот, жүр, — деп кемпир баланы
ээрчитип алып үйгө кирет. Кирсе, келин чыдай албай жаткан кези экен. Ал колун келиндин белине тийгизди эле келин бир аз эс алып, тынчып жатып калды.
Куучүкө келиндин сүт агып жаткан эмчегинен өзүнүн алып келген идишине куюп алды да, кайра койнуна салып койду. Эл үйгө кирип келсе, келин өңүнө келип жаркырап жайнап отурат. Келиндин ата-энеси, чогулган эл балага урмат-сый көрсөтүшүп, айылдан узатышты. Бала ажыдаарга минип алып, түн бир оокум болгондо падышанын сарайына келип түштү.
Бала алып келген сүттү бир түндө эки маал берди эле, эртесинде падыша
сак-саламат айыгып, өз калыбына келди.
Падыша балага ыраазы болуп колуна бир дары берди: «Сен бул дарыны
башыңа кыйынчылык иш түшкөндө чекеңе тийгизип, эмне болом десең ошол
замат каалаган оюң аткарылат. Бул дарыны эч адамга көрсөтпө да, касиеттүү
сырын эч адамга айтпа» деп ажыдаарына мингизип Куучүкөнү жөнөттү.
Куучүкө жүрүп отуруп, баягы кыздын шаарына күүгүм кире келди.
Ажыдаардан түшүп, шаарды аралап кандын сарайын издеп келе жатса, бир
жепирейген там турат. Үйдүн терезесин шыкааласа төрдө салынган төшөктө
тырманган бирөө жатат. Терезенин түбүндө баягы кыз ыйлап отурат. Көрсө,
ыйлап отурган кыз баягы Куучүкөнүн аялы экен. Ошондо экөө кучакташып
көрүшүп, канга барышат.
Куучүкө сарайга кирип, кандын алдына келип, баш уруп ызат кылып, болгон
окуяны айтты эле, кан ачуусу келип, жигиттерине Куучүкөнүн башын алууга
буйрук берсемби деп ойлоду. Бирок кызынан чочулап Куучүкөнүн колунан келбес бир ишке жиберүүнү ойлоп:
— Сага мен бир ишти тапшырамын, эгер ал ишти аткарып келсең, кызымды
сага беремин, аткара албай калсаң, башыңды аламын, — деди кан.
— Ал кандай иш, урматтуу таксыр?
— Алты айлык алыс жолдо бир түп чоң терек бар. Ошол теректин түбүндө
арстан бар. Анын оозунда аяктай алтын бар, ошол алтынды алып келесиң. Ме сага он күндүк убакыт берем. Эгер он күндүн ичинде алып келбесең, анда
кызымдан үмүтүңдү үз, — дейт.
— Жарайт каным, айтканыңызды орундайм, — деп Куучүкө жолго түшөт.
Шаардан чыгар замат Куучүкө Шаймерен берген сыйкырдуу дарыны алып,
чекесине тийгизип ылаачын куш болуп учуп жөнөйт. Учуп жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, бир нече күн, бир нече түн дегенде баягы кан айткан терекке жетет.
Теректин түбүндө айбандардын падышасы арстан уктап жаткан экен. Уктаганда оозу ачылып, дем алганда оозундагы алтыны бирде алкымына тийип, бирде оозунун учуна келип, тиштерине тийип турат. Аны кайтарып жаткан айбандардын да уйкусу келген түрү бар. Кайтарып жаткандардын көзү уйкуга кетсе, бир чычкан келип, арстандын тиштерине илинген этти жеймин деп келип улам эле арстанды ойготуп жиберет. Куучүкө муну бир топко чейин карап туруп арстандын оозундагы алтынды кантип алуунун жолун ойлоду да, дарыны алып чекесине тийгизип мышык болуп, арстан уйкуга киргенде, чычкандын келишин күтүп жашынып турду. Бир кезде чычкан ийнинен чыгып келе жатканда, мышык илип алып жеп койду. Ошол мезгилде арстан да, аны кайтарып жаткан айбандар да мемиреп уйкуга киришти. Эми арстан оңой менен ойгоно койчу түрү жок.
Куучүкө алгыр бүркүткө айланып, арстандын жанына конду да, чеңгелин
арстандын оозуна салып, алтынды илип алып асманга атып чыкты. Арстан
ордунан ыргып туруп, асмандагы бүркүттү көрүп, теректи түбү менен жулуп
алып бүркүттү урганда, бүркүттүн куйругун чала-була жанып өттү.
— Урматтуу каным, мынакей сиз каалаган алтыныңыз, — деп Куучүкө
чөнтөгүнөн баягы алтынды алып берди.
Ошондо кан элин жыйып: «Мен эми карыдым, менин ордума күйөө балам кан
болот» деп Куучүкөнү кандыкка көтөргөн экен.
Бир күнү Куучүкө инисин эстеп, аны издетип жиберет, иниси коңшу шаарда
кан экен. Ошентип эки бир тууган эки шаарга кан болуп жыргап-куунап жатып калган экен.

АЛТЫН БАЛЫК


Илгери бир чоң шаар болуп, анын Бекжан аттуу каны болуптур.
Шаардын четинен бир чоң дарыя өтчү экен. Дарыянын жээгинде Ысмайыл
аттуу жалгыз уулу бар бир кемпир-чал жашап, жалаң балык кармоо менен
тиричилик кылчу экен. Чал бир күнү дарыяга тор салып, торун тартса
тартылбайт. Күчкө салып жатып тартып алып караса, торуна алтын балык түшүп калыптыр. «Бул балыкты мен өзүм эле чыгарып алып койсом, кан мени соо койбойт, ханга кабар кылайын» деп ордону көздөй жүгүрдү
Ушул мезгилде Ысмайыл атамдын торунан бир кабар алып өтөйүн деп, дарыя
бойлоп торго келет. Торду тартып караса, алтын балык түшүп калыптыр. «Ээ,
жаныбар, атам көп балыктын убалына калды эле, сен, жаныбар, кутулуп кетчи» деп алтын балыкты бошотуп сууга кое берди да, бир чоң ташты торго салып, коюп, үйүнө жөнөдү. Ушул мезгилде чал канга барып: «Каным, менин торума жөн балык түшпөстөн, алтын балык түшүп калыптыр, сизди чыгарып алсын деп келдим» деп кабар айтат. Хан: «Болуптур» деп он чакты жигити менен алтын балыкты чыгарып келмек болуп, чалды ээрчитип дарыяга жөнөдү. Дарыяга жетип, торду тартып караса, балык эмес эле, таш болуп чыкты. Кандын каары келип: «Ээ, акмак чал, сен кимди алдамакчысың, ташты алтын балык деп канды убара кылганды сага ким койду бар, үйүңө бара бергин, эртең үй-бүлөөң менен даргага асып өлтүрөмүн» деп, жигиттерин ээрчитип ордосуна кете бериптир.
Чал үйүнө келип, кемпири менен уулуна: «Бизди кан даргага асып өлтүрмөк
болду. Кудай мени урганда тордогу ташты «алтын балык» деп ханды алдап
коюптурмун» деди. Анда кемпири: «Өлсөк да биз өлөлүк, көрөрүбүздү көрүп,
ичерибизди ичкенбиз, балам, сен качып кутулгун» деп баласынын белине эки нан түйүп берди. Байкуш кемпир канетсин, ыйлап-сыктап: «Балам жолго чыкканда ар кандай адамга кез болосуң, жолуккан адамың мейли чоң болсун, мейли кичине болсун оокаттанып алалы деп белиңдеги нандын бирин чоң, бирин кичине сындырып алдына кой. Жанагы жолдошуң чоң сыныгын өзү алып, кичине сыныгын сага калтырса, бул киши менен жолдош болбогун. Эгер кичинесин алып, чоң сыныгын сага калтырса, аны менен жолдош болгун.
Экинчи бир айтарым: Жолдо жолуккан киши менен бара жатып, чынбы,
жалганбы, «мен бошонуп алайын» деп жолдон чыгып отургун. Эгерде сен
турганга чейин күтүп токтоп турса, аны менен жолдош болгун. Эгер күтпөсө,
жолдош болбо» деп, баласына акыл-насаат айтып коштошуп, жолго чыгарып
коюп кала берди. Ысмайыл бет алган жакка кете берди.
Кан өкүмүн бузуп, чал-кемпирди даргага тартпай бошотуп жиберет. Чал
кемпир Ысмайылды издеп таппай калышты. Ысмайыл кетип баратса, артынан бир топ киши келип кошулат. Бала баардыгын сынап көрдү, бирок, энеси айткан кишини таба албады. Жүрүп отуруп, башка бир кандын шаарына өтүп бара жатканда өзү курактуу, он алты, он жети жаштагы бир бала жете келип, салам берди. Ысмайыл алик алып бирге жүрүп отурду. Бир убакта «оокаттанып алалы» деп белиндеги нанын чечип, экиге бөлүп, алдына койду эле, тиги бала чоңун анын алдына жылдырып, кичинесин өзү алып жеди. Бала: «Энем айткан жолдошту эми таптым го» деп, ойлоду, бирок, дагы сынамакчы болуп, жолдон чыгып алып калп эле «бошонуп алайын» деп отуруп калды. Бир топ убакыт өткөндөн кийин артына караса, баягы бала дагы эле күтүп отуруптур. Энемдин айткан кишиси «ушул экен» деп, Ысмайыл жолдошуна келип «кеттик» деп жолго түшүштү. Жолдо артынан келген бала: «Атың ким, жашың канчада?» деп сурады.
«Атым — Ысмайыл, жашым он жетиде» деди. Ысмайыл: «Сенин атың ким, жашың канчада?» деп сурады эле алиги бала: «Атым — Ысрайыл, он алтыдамын, сиз мага ага болот экенсиз, мени иним деп жүрүңүз» деди.
Экөө жүрүп отуруп, бир кандын шаарына барышты. Базар аралап жүрүшсө,
бир топ көпкөн балдар: «Ээ самтыраган байкуштар, ушулар да жашадым деп
жүрөт ээ» деп боорун тырмап шылдыңдап күлүштү. Ысрайылдын ачуусу келип, биринин бутун, экинчисинин колун жулуп биринин башын кандап, дагы биринин көзүн чыгара чаап, базардан кетип калышты. Баягылардын кырк чактысы чогулуп: «Эки баланын кылганы ушул болду» деп канга арызданып барышты.
«Тынч жаткан шаардын тынчын бузган кандай немелер» деп кандын ачуусу
келип, бир вазирине он жигитти кошуп, «ошол эки баланы таап келгиле» деди.
Алар издеп келип, эки баланы жуунуп жаткан жеринен табышат. Базир: «Бери
келгиле» деди эле, тиги экөө: «Биз барбайбыз, өзүңөр келгиле» деп болбой
коюшту. Вазирдин ачуусу келип: «байлагыла» деп жигиттерине буйрук берди. Он жигит аттарынан шатыр-шутур түшө калып, эки баланы карай жөнөгөндө:
«Жакын келбегиле, келсеңер башыңар кесилет» деп Ысрайыл ордунан тура
калды. Ага болбой он жигит тиги экөөнү байламакчы болгондо, Ысрайыл бир нерсени кончунан сууруп алып тигилерге карап шилтегенде беш-алтоонун башы үзүлүп түшүп, калгандары канга барышты. «Акылман таксыр ханым, ал эки бала адам эмес, бир желмогуз көрүнөт. Бир нерсени шилтеди эле, беш-алтообуздун башыбыз үзүлүп түшүп, калганыбыз зорго качып кутулуп келдик. Буларга башка бир айла кылбасак, алышып алыбыз, күрөшүп күчүбүз жетпей турган көрүнөт» дешти. Анда хан каарына алып: «Эки баладан качып келдик дегенден уялсаңар боло, акылсыз акмактар! Бардык кошунду алып барып, колу-бутун байлап келгиле» деди. Анда акылман вазир: «Таксыр ханым, бул балдардын бизге жардамы тийчүдөй. Андан көрө буларга жакшы айтып алып келели да, өзүбүзгө эл кылып алалы» деди. Хан: «Андай болсо өзүң бил» деп, акылманга макулдугун берет. Акылман эки атты жасалгалап тиги экөөнө барды да: «Сиздерди хан мейманга чакырып жатат, сүйлөшөйүн дейт» деди. Ысмайыл менен Ысрайыл:
«Макул, барсак баралы» деди. Бирок аны ат көтөрө албай, бели сынып калды.
Анда акылман: «Ой тобо, бул кандай укмуш. Өздөрү кичине эмелер эле!» деп таң калып: «Сиздер токтоп туруңуздар» деп «чү» койгон бойдон ханга келди: «Ой, ханым, укмуштун үстүнө укмуш болуп, эки баланы ат көтөрө албай койду, эми кандай кылабыз?» деди.
Анда хан: «Кырк ат кошулган арабаны алып баргыла» дейт. Акылман кырк ат
кошулган арабаны алып барып, алыстан таазим этип, жүгүнүп: «Түшүңүздөр,
мырза жигиттер, отуруңуздар» деп отургузуп алып, кырк атты «чү» дегенде, кырк ат алка-шалка терге түшүп араңдан зорго арабаны сүйрөп, хандын ордосуна келишти.
Аттарынын түрүн көргөндө хандын үрөйү учуп, тактысынан түшүп эки колун
көкүрөгүнө алып, эки бала менен көрүшүп, гүл багынын ичиндеги
мейманканасынын ичине алып барып киргизди. Кан өз колунан даам сунуп, тиги экөөнү аябай сыйлап отуруп: «Он жигит отунчуңар, он жигит оюнчуңар болсун, гүл бак сейилге чыгып эс ала турган жайыңар болсун, ичкен-жегениңерден кам санабай, эс алып жата бергиле» деди.
Айдан ай, күндөн күн өттү, эки жигит сайрандап жата берди. Күндөрдүн
биринде кандын ордосуна тополоң түшүп, ызы-чуу болуп калды. Бул: «Кандай
окуя, барып билип келчи» деп Ысрайыл вазирди жиберди. Акылман барып көрүп келип: «Ээ улугум, иш чатак. Тетиги тоонун нар жагында көп замандан бери бир ажыдаар жашайт. Ошол ажыдаарга жыл сайын бир кой, бир кыз салык төлөп турчу элек. Айдан ай, жылдан жыл өтүп отуруп, бүгүн кезек биздин каныбызга келиптир. Кан жалгыз кызы Гүлжамалды ажыдаарга алып барып бергени жатат.
Ошондуктан, бүткүл кандын ордосу ызы-чуу түшүп, ыйлап-сыктап бүлүнгөнү
ошол» деди. Анда Ысрайыл: «Каныңызга барып айтыңыз, кыздын ордуна экөөбүз баралы» деди. Акылман барып канга айтты эле, ал сүйүнүп: «Эгерде колдорунан келип, ошол ажыдаарды өлтүрүп берсе кимиси болсо да Гүлжамалды берер элем» деди. «Андай болсо биз кеттик» деп эки бала жолго чыкты. Кан «жарым күн болсо
да Гүлжамалдын жаны калды» деп сүйүнүп турат. Экөө жүрүп отурушуп тоонун түбүнө келишти.
Ошондо Ысрайыл: «Биринчи мен барайын, сен тирүү кал» деди. «Жок, мен
барайын, сен тирүү кал» деп Ысмайыл болбоду. Экөө жол талашып, биринчи
Ысрайыл бармак болду да: «Мен тоонун башына чыгып көрүнөөрүмдө ажыдаар бир чыңырып оп тартат, оозунан жалын чыгып, тоону каптап кетет. Ошондо мен да бакырам. Ажыдаар экинчи бакырат. Мен экинчи бакырам. Ошол кезде чыгып баргын. Эгер экинчи бакырбасам, менин өлгөнүм. Анда барбагын, кайта элиңе кеткин» деп ажыдаарга бет алып жөнөп калды.
Тоонун башына чыкканда ажыдаар бир чаңырды эле, тоону жалын каптады.
Ажыдаар дагы бир чаңырганда таштар кулап, жер титиреди. Бирок Ысрайыл
экинчи жолу бакыра алган жок. Аны угуп көрүп турган Ысмайыл: «Ысрайыл өлдү, ажыдаар жутуп койду» деп ойлоп, ал өлгөндө мен калып, не кылмак элем? Мен да барып кошо өлөйүн» деп тоонун башына чыгып барса, тоодой болгон ажыдаар эки бөлүнүп, куйругунан арыктагы суудай бөлүнүп кан агып жатат. Ажыдаардын куйругунун алдында басылып, колуна кырк кес кылыч кармаган Ысрайыл өлүп жатыптыр. Ысмайыл ыйлап-сыктап Ысрайылды чоң суунун боюна көтөрүп барып, үстү-башын жууп, сууга алып жатканда үч жолу чүчкүрүп, көзүн ачып:
«Өлбөсөм сенин да ишиңе жарармын, ыракмат досум» деп тура калды.
Экөө канга көрсөтмөк болуп, ажыдаардын бир кулагын кесип алып, араңдан
зорго сүйрөшүп, кандын ордосуна келишти. Кан менен вазирин чакырып:
«Ажыдаарды өлтүрүп, кулагын сүйрөй келдик» дешти. Кан уккан кулагына
ишенбей, кырк жигитин чакырып: «Ажыдаардын өлгөнү чынбы, же калппы
барып билип келгиле, эгер өлбөсө, кыркың тең ошол жакта өлүп калгыла» деди.
Кырк жигиттин жандары чыгып, тоонун түбүнө келишти да: «Адегенде сен бар, мен бар» болуп, бир топко кажылдашты. Акырында арасындагы бир эр жүрөк баатыр атынын куйругун шарт түйүп, басмайылын бек тартып кылычын колуна туура кармап: «Эгер мен кайтпасам, силер кайтып кете бергиле» деп жолдошторуна керээзин айтып, кайрат кылып тоонун башына чыгып барса, ажыдаар эки тоодой болуп экиге бөлүнүп өлүп жаткан экен. Анан баатыр жигит:
«Ой, келе бергиле, ажыдаар өлүп калыптыр» деп кабар берди эле, калгандары
чыгып барып, өлүп жаткан ажыдаарды көрүшүп, кудайлап жакаларын кармашты.
«Кан ишенбей дагы убара кылат» деп дагы бир кулагын кесишип, кырк атка
сүйрөтүп араң ордого жеткизишти. Кан эми чындап ишенип: «Мен Гүлжамалды ушул эки жигитке бердим» деди. Биринчи ажыдаардын өлгөнүнө, экинчи кызынын аман калганына кан кырк күн той берди. Кандын эл-журту сүйүндү.
Той узагандан кийин кан бир күнү эки жигиттин алдына келип: «Гүлжамалды
кимиң алсаң, ошонуң ал» деп шаштырып калды. Ысмайыл Ысрайылды:
«Сен ал» деди. Ысрайыл: «Жок, менден улуусуң сен ал, мен ыраазымын» деди.
«Болуптур, андай болсо мен алайын» деп Ысмайыл макул болду. Кан кырк күн
той берип, улак чаптырып жатып, Гүлжамалды Ысмайылга нике кыйды.
Ысмайыл жаш аялы менен сүт көл, май көлдүн ортосунда заңгыраган ак өргөө
тигип, кырк кыз, кырк жигит жумшап, эчтемени ойлобой жатып калды. Ошентип арадан бир канча айлар өттү. Гүлжамалдын жамалына мас болуп, Ысрайылды эсинен чыгарып жиберди.
Күндөрдүн биринде Ысрайыл: «Бул Ысмайыл агам өз эл-журтун кала берсе
мени да эсинен чыгарып, кандын дүнүйөсүнө, Гүлжамалдын жамалына мас болуп жатып алганы кандай? » деп ойлоду да, мен мунун эсине салбасам болбойт деп, көчөгө чыкты. Аңгыча үймө-үй кыдырып келе жаткан дубананы көрдү. Ысрайыл кандын казынасынан бир табак дилде, бир сыйра жаңы кийим алып чыгып, дубанага берди да, кийимдерин чечтирип алып өзүн жолго салды.
Ысрайыл бул дубананын кийимин кийип, таягын алып, куржунун асынып,
Гүлжамал менен Ысмайыл жаткан өргөөнүн жанына барып: «Ата-энесин,
эли-журтун унутуп, башка элге келип жашап жүргөн адамдар араңарда барбы, бар болсо, аны ары наадан, ары жаман деп билгиле» деп көпкө ак урду. Ысмайыл балким дубананын сөзүнө көңүл бөлбөйт беле. Гүлжамал дароо сезе коюп: «Эй, Ысмайыл, мына бул дубана туура айтып жатат. Сенин да ата-энең, эли журтуң бар болсо керек. Эгер болсо, өз элибизге кетелик. Бирөөнүн эли эл болбойт, жери жер болбойт» деди. Ысмайыл ойлонуп туруп: «Анда мейли, кетсе кетелик» дептир.
Гүлжамал акылман вазирди чакыртып, «Атама барып айтыңыз, Ысмайыл
ата-энесине, эл-журтуна кетем деп уруксат сурап жатат, атама эп келсе бизди
тезирээк жөнөтсүн» деди. Акылман канга барып айтты эле: «Мейли, кетсе кетсин.
Уйдан миң, койдон миң, жылкыдан миң, төөдөн миң ак баш беремин, миң
жигитти алсын» деди. Ошентип, Ысмайыл менен Гүлжамал жөнөмөк болуп
камынып калды. Кан төрт түлүк малын айдатып, миң жигитке баштатып,
кыз-күйөөсүн жолго чыгарды.
Бирок Ысмайыл Ысрайылды оюнан чыгарып жиберет. Эки-үч күн өткөндөн
кийин Ысмайыл бир күлүктү минип, бир күлүктү жетелеп артынан жете барды.
Алар андан ары жүрүп отуруп, ээн талаа, эрме чөлдөгү бир жалгыз түп чынар
терекке кез келишти.
Теректин түбүнөн кичине булак суу ага турган. Ошондуктан ушул жерде бир-эки күн ат тыныктырып, кошун эс алдырып жатмак болушту. Үй тиктирип, Гүлжамал менен Ысмайыл уктап калышты. Ысрайыл уктабастан карап жатса, чынар теректин шагына жети кара кептер келип конду. Булар ажыдаардын арбактары экен. Аңгыча адамча сүйлөп: «Ысмайыл менен Гүлжамал ушул үйдө уктап жатышат. Кептердин тумшугу тийсе ууланып өлөт. Муну ким «угуп туруп» айтса, таш болуп калат» деди. Анда бирөө: «Мен барып уулантып келейин» деп дыр учуп түштү. Муну угуп көрүп турган Ысрайыл жүгүрүп үйгө кирсе, Гүлжамалдын бетине кептердин тумшугу жаңы гана тийген экен. «Денесине тарап кетпесин» деп, ууну соруп жатканда, Ысмайыл ойгонуп калып: «Ой, сен эмне менин катынымды өөп жатасың?» деп, чатак чыгарды. «Башында эле өзүң ал десе, болбой жатып алып бердиң эле, эми кылган ишиң бул!» деди. Ысрайыл аныгын айтайын десе, таш болуп калат, айтпайын десе Ысмайыл таарынып жатат. Акыры айласы кеткенден кийин айтмакчы болот. Жарымын айтканда белине чейин, бүтайтканда бүтүндөй таш болуп да калды.
Ысмайыл менен Гүлжамал ыйлап-ыйлап, эч натыйжа чыгара алышпады.
Ошондо Гүлжамал: «Токто мен ак тулпарды минип, кептерге жетейин. Эгер
кептерлерден колума түшсө, каны менен Ысрайылды жуунтайын айыкса ошондо
айыгат» деп ак тулпарды минип кууп жөнөйт. Ак тулпар күнчүлүк жолду бир
саатта басып жетти. Аңгыча алдынан бир кара кептер «дырр» учуп өтүп
караганга конду. Акырын билгизбей туруп кармап алды да, койнуна салып, бир аш бышкыча кайта келди. Дароо кептерди союп, каны менен Ысрайылдын башын жууп жиберди эле, үч чүчкүрүнүп кайта мурунку калыбына келди. «Кана эми камынгыла» деп, Ысрайыл жол баштап жөнөп калышты.
Ысмайылдын ата-энеси жашаган шаарга жакын келгенде бир жигитин:
«Барып Бекжан ханга айткын: же кандыкты берсин, же бери чыгып согушсун.
Ысмайыл, Ысрайыл деген жоо келди «дегин», деп, элчи кылып жиберди. Аны угуп Бекжан хандын ачуусу келип вазирлерин чакырып: «Бардык колду баштап барып согуш ачкыла, көпкөн немелерди жер менен жексен кылгыла» деп буйрук берди.
Миңден ашык аскер жарак-жабдыгы менен согуш майданына барса, бир жалгыз аттуу турат. «Согуша турган ким?», десе, ал жалгыз аттуу: «Мен» деди. Анда кол башчысы: «Жалгыз адам менен согушуп отурабызбы, байлап туруп, канга алып барып бергиле» деп буйрук кылды. Жигиттер байлап алмак болуп жабылып калды эле, Ысрайыл кончунан бир нерсени сууруп ала коюп шилтегенде бир нече жүздөгөн адамдардын башы жерге түштү. Калгандары качып, Бекжан хандын ордосуна кирип барышты. Ошондо Бекжан кан тактан түшүп: «Мына, керек болсо тактыны алсын да, менин жанымды соо койсун» деп, элчи жибергенден кийин, Ысрайылдар эч чатаксыз гана ордого кирип келип, Ысмайылды такка отургузушту.
Бир нече күндөн кийин Ысмайыл ата-энесин таап, ордого көчүрүп келди.
Бардыгы жайгашып, көңүлдөрү тынч алгандан кийин Ысрайыл отуруп:
«Ата-энеңди таап, көңүлүң жай таптыбы?» деп сурады эле, Ысмайыл: «Көңүлүм жай тапты» деди. «Андай болсо бардык дүнүйө-мүлктү дарыянын боюна топтогун» деди.
«Куп болот» деп, Ысмайыл бардыгын жыйдырып койду. «Бул дүнүйөнү
экөөбүз таптык, ошондуктан тең бөлүп алабыз» деп бардыгын теңме-тең кылып бөлүп, «нааразылыгың жокпу?» деди. Ысмайыл «жок деди. Анда Гүлжамалды алып кел. Гүлжамалды да тең бөлүп алабыз» деди. Ысмайыл тең бөлгөндө өлөт, сен эле ала бер! деп чырылдады. «Жок, мен теңин аламын» деп, «оң жагын аласыңбы, сол жагын аласыңбы» дегенде, Ысмайыл ойлонуп туруп: «Оң жагын аламын» деди. «Андай болсо оң колун карма» деп, өзү сол колунан кармап кончунан баягы кырк кес кылычты сууруп алып: «Мына чаптым» деп,
шилтегенде, Гүлжамал коркуп кетип эси ооп жыгылып калды. Аңгыча
Гүлжамалдын мурдунан чычканга окшогон бир кара нерсе чыга калып качып
берди. Ысрайыл жүгүрүп барып кескилеп өлтүрдү да: «Мына ушул зыяндуу
макулук ажыдаардын чымыны эле, эми Гүлжамал таптаза болду. Элдүү-журттуу тактуу кан болуп, максат мурасыңа жеттиң. Сенин кылган жакшылыгыңды актадым. Менин кылган жакшылыгыма сен да ыраазы бол. Мен Ысрайыл эмес, баягы сен бошоткон алтын балыкмын. Кош, эми аман бол» деп, алтын балык сууга секирип түшүп, сүзүп кетип калды. Ысмайыл ушунда гана түшүндү…

МУҢДУК МЕНЕН ЗАРЛЫК

Илгери өткөн заманда
Жанчаркан деген болуптур.
Алтымыш аял алыптыр,
Алтымышы көз жарбай,
Сөөлөттүү хан Жанчаркан
Азап менен карыптыр.
Жетимишке барыптыр,
Карылык түшүп эсине,
Жанчаркан туруп ыйлады.
Элинин баарын жыйнады,
«Эркек төрөр кыз бер» деп,
Бардык журтун кыйнады,
Канынын сөзүн кыя албай,
Вазирлер жүрөт басынып,
Жигиттер жүрөт шашылып,
Кандын кызы Карк сулуу
Бул да келди Жанчарга
Бектин кызы Бек сулуу
Бу да келди Жанчарга
Бир да бирөө жакпады,
Кандын муңун баспады.
Ошондо топ ичинде Жоодар чал «Жанчаркан издеген сулуу менин кызым
Канчайым болбосун» деп, үйүнө көздөй жөнөдү. Жоодар чал кызына келип,
мындай дейт:
Ай, ботом, менин ай-күнүм,
Журт атасы Жанчаркан
Журттун баарын жыйнады.
«Эркек туур кыз бер» деп,
Элинин баарын кыйнады.
Кашымдагы жалгыз кыз,
Касиетиң билсем да,
Берерге көзүм кыйбады.
Жоодардын кызы Канчайым,
Ойлуу тиктеп олтуруп
Оюн сөзгө толтуруп,
«Макул» деген сөз берди
Атанын оюн болтуруп.
— Сен эми канга бар, менин башым канга жагат. Мобул баштыкты алып
барып, толтура дилде бергин да, баштыктагы жамбы сага өмүр бою жетет, —
деди, кызы Канчайым.
Жоодар чал кол башындай кичине баштыкты алып, «Кызымды кудай урган
экен, канга тийүүчү көңүлүн бурган экен. Ушундагы акча кантип мага өмүр боюжетсин?» деп, аябай нааразы болуп канды көздөй жөнөйт.
Кандын вазири тосу чыгып: «Эмнеге келе жатасың?» деп сурайт. Чал: «Менин
Канчайым деген кызым бар, алтын айдары бар уул, күмүш айдары бар кыз тууйт.Кызымды берейин деп келдим» деди. Вазир Жоодар чалды ээрчитип канга алып келет. Кан чалдын сөзүнө уюп, «калыңына эмне аласың?» деди. Чал:
Каным сөзүмө кулак салыңыз
Сизге ылайык Канчайым
Ак никелеп алыңыз.
Канчайым касиеттүү нур балам
Кагылайын уз балам
Каным, сөзүмө кулак салыңыз,
Касиеттүү кызымды
Калыңсыз тегин алыңыз.
«Аларым гана бир баштык жамбы» деп, баштыгын көрсөтөт. Кан мыйыгынан
шылдыңдай күлүп, вазирлерин чакырып:
Чалдын карды ток бекен?
Үйүндө малы көп бекен?
Он сап ногой ичинде
Акча салып алгыдай
Эки эн дорбо жок бекен?
Баштыгын толтуруп бергиле» деди. Жети казынасын ачып салдырса, баштык
толбой калат. Бектерге салык салат, анда да толбойт. Эң аягында:
Кырма тазга кырк теңге,
Оймо тазга он теңге,
Берме тазга беш теңге,
Төбө тазга төрт теңге,
салык салат ага да баштык толбойт. Кандын айласы кетип, элине жар салат. Ошол кезде ысык ичкен суюк чычкан, сокусун минип, сок билегин камчыланган үч жүз жашка чыккан мастан кемпир келет. Жерден үч чымчым топурак алып, дубалап баштыкка салса, акча ашып-ташып көчөгө толот. Көрсө баштык адамдын көз тарамышынан токулган экен.
Адамдын көзү топуракка гана тоет экен. Кан бир баштык жамбыны берип,
чалды жолго салып, Канчайымды алат. Анын акылмандыгына таң калат. Бат эле боюна бүтөт. Күнү толуп, төрөр маалы болгон кезде кан: «Алтымыш аял алып, бир перзенттин үнүн уккан жок элем, жүрөгүм жарылып кетер, төрөгөндөн кийин кабар бергиле» деп, ууга чыгып кетет экен.
Канчайым толгото баштаганда чакыртып келип бир табак дилде тартуулап:
«Баланы жоготуп бергин» дешти. Мастан кемпир толготуп жаткан Канчайымды дубалап, көзүн байлап коет. Чынында эле, Канчайым алтын айдарлуу уул, күмүш айдарлуу кыз төрөйт экен. Кемпир Канчайымдын алдына эки күчүк салып, эки баланы этегине орогон бойдон алып кетет. Алтымыш аял: «Ит тууган сетер» деп кордоп, Канчайымдын бетине түкүрүштү. Мастан кемпир балдарды сууга чөктүрөйүн деп, дайранын жээгине алып барды эле, балдарга тил бүтүп:
«Таштабай суудан алыңыз,
Биз да сиздин балаңыз.
Башка чукак жаныңыз.
Биз да сизди багабыз» дешет. ,
Балдардын тилин алып, аларды сууга салбайын десе, кырк дилдеден
ажыраганы турат. «Эмне болсо ошол болсун» деп, экөөнү тең сууга ыргытып
жиберди. Сууга түшүрбөй кырк чилтен тосуп алып, кийинтип, кийиктин сүтүн эмизип бага баштайт.
Тоодон алма жегизип,
Кийикти эне дегизип,
Кийик жүрдү үч убак,
Баласындай эмизип.
Мастан кемпир келип, дубасын жандырат. Канчайым көзүн ачса, астында эки
күчүк жатат. Канчайым ботодой боздоп: «Ай менен күндөй болгон эки баланы
туудум эле дейт. Алтымыш катын биригип мастанды канга сүйүнчүгө
жиберишти. Жанчаркан караанды көрүп, вазирлерине:
Шаар жактан бир адам,
Эрбең-сербең келеди.
Бизге качан жетеди?
Касиеттүү Канчайым,
Эркек тууп койдубу,
Же эзилтип мени сойдубу?
Нурдай болгон Канчайым,
Нур кызын төрөп койдубу?
Же муңкантып мени сойдубу? дейт.
Шүкүрдүү тоонун бетинен, кемпирди көздөй чаап жөнөшөт. Кан вазирлери
менен келсе, мастан талды чеңгелдеп алып ботодой боздоп:
Ой, кан балам, карт балам,
Атыңдын башын тарт балам!
Күйгөнүмдөн ыйлаймын,
Сүйүнчү кантип сураймын
Эркек эмес кыз эмес,
Адам эмес, мал эмес,
Күчүк тапты Канчайым
деп, ыйлап жатты. Жанчаркан муну угуп аттан кулап түшөт. «Элдин бетин кантип карайм. Канчайымды адам көрбөс жерге таштагыла» деп ыйлап жатып калды.
Кандын вазирлери Канчайымды ээн чөлгө алпарып таштайт. Эки күчүк эптеп
Канчайымды бага берет.
Канчайым ушинтип жата берсин, балдардан кабар алалы. Экөө өсүп алтыга
чыгат. Кайберен, кырк чилтен кыздын атын Муңдук, баланын атын Зарлык коет. Кайберен, кырк чилтен, эне бетин көргөн жок деп Муңдукка алтымыш
өрмөктүн башын үйрөтөт. Ата бетин көргөн жок деп, Зарлыкка алтымыш эрдин күчүн берет.
Бир күнү Жанчаркан аң уулап жүрүп, таштын үстүндө уктап жаткан алтын
айдарлуу балаңы көрүп калды. Кармай калайын десе, канды бута атым ыргытып жиберип, Зарлык өзү качып кетти.
Кан үйүнө келип:
«Тоого да бердиң баланы
Ташка да бердиң баланы,
Менден эмне аядың,
Бир перзенттей паананы»
деп ыйлап жатып калды.
Алтымыш аял мастан кемпирди канга жиберет. Мастан кандын өзүнөн ошол
бала Канчайымдыкы экенин түшүндү да, Жанчарканды жооткотуп коюп, эртеси жолго чыкты. Кан айткан жерге болжолдоп келсе, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок бир кыз чачын тарап олтурат. Кемпирди көрүп, үңкүргө кире качат.
Кемпир кызды алдай баштады: «Мен силерди багып чоңойткон кайберенмин,
агаң келсе айтып кой. Ушул тоонун ары жагында Күлбөскан деген кандын
Королой сулуу деген кызы, Күлсары деген аты бар. Эчен түрлүү кийим бар. Ошол ;акка барып, Күлсары атты алып, кызына үйлөнүп, сага кийим алып келбейби?»
дейт. Кечке маал аркар атып Зарлык келет. Кемпирдин үйрөткөнүн айтып, кыз ыйлай баштады. Зарлык кийик атып келип, кызга азык калтырып, Күлбөскандын шаарына жөнөйт:
Муңдуунун үнү муңайым,
Муңдуу кылды кудайым.
Жүкүрлүү тоодо суу чайып,
Жүрөктө муңу чырмалып,
Издеди калмак элинен
Королой сулуу бир зайып
Ит ичпеген ачуу көл
Татып кетип баратат.
Какыраган кара таш
Басып кетип баратат.
Моюл-моюл моюлду,
Моюлду баскан баатырдын
Буту кантип оюлду…
Бала чарчап, бир жерге келип жатып калат. Түшүндө кайберен Күлбөскандын
шаарына жеткизип койгон болот. Көзүн ачса, бир асканын башында олтурат.
Тоодон ылдый түшүп келе жатса, астынан кырк жигити менен Күлбөскан
жолугат, Зарлык алдынан тосуп чыгып:
Көлдөн тартар курукмун
Куландан тартар бурукмун.
Ассалоом алейкум, каным,
Атыңды сурап турупмун!
дейт. Өмүр бою күлбөгөн Көлбөскан бырс күлүп жиберет, бастырып өтүп кетет.
Мындай чыкканда кырк жигити вазирлери менен «өмүр бою күлбөгөн, каным, ушул жаман баланын сөзүнө эмнеге күлдүңүз? деп сыр сурайт.
Кан: «Бул бала жөн бала эмес, касиеттүү бала, атасы жети атасынан бери кан
өткөн, ушундай тектүү жердин баласы, тентиреп калганына күлкүм келип жатат.
Атасынын акылсыздыгына боорум ачып жатат» дейт. Кандан жооп ала албай ыза болгон бала, чатак кыла баштады.
Зарлык Набайчыдан нан жеп, пулун бербейт. Ашпосчунун ашын ичип, акчасын төлөбөйт. Бул кабар бат эле Күлбөсканга жетти. Күлбөскан вазирлерин жиберип, баланы алдырып, оюн-тамаша кылдырып кызы Королой сулууну бермекчи болот. Той тамашасы бүтүп, кызды жөнөткөнү жаткан кезде, Кара дөө келип, кызды ала качып кетет экен. Зарлык кырк кулач аркан алып, Күлсары атын минип артынан жөнөйт. Беш күнчүлүк жол жүргөндө алдынан көчүп жаткан тоо көрүнөт. Тоо деп барса, дөөнүн үйү экен.
Королой сулуу Зарлыкты көрүп: «Сенин алың жетпейт, сени өлтүрүп коет,
андан көрө кет» деди. Зарлык кыздын сөзүнө ызаланып чокморуна ала коюп,
Кара дөөнү башка чапса, чымын чаккандай көргөн жок. Королойго: «Мени чымын чагып жатат окшойт коруп койчу» дейт.
Зарлык минтип өлтүрө албастыгына көзү жетип, кырк кулач арканды
мойнуна салып, Күлсары менен сүйрөтүп чыгат.
Өйдө-төмөн жел келсе,
Ырылдатып баратат.
Дөбөт иттей ырсайып
Дырылдатып баратат.
Ошентип, беш күн, беш түн Кара дөөнү сүйрөтүп жүрөт. Ат да бала да чарчайт.
Ошондо:
Кайда кетти салмагым?
Бир тырмактай баланы
Токтото албай барамын,
Ичиме кетти арманым деп,
дөө арманын айтат экен.
Бала кылчайып дөөнү караса, Кара дөөнүн сөөгү гана калыптыр. «Эми ушуну
менен кармашсам да жеңемин го» деп, аттан түшө калат. Экөө беш күн, беш түн кармашат. Баланын алы кетип, жыгылмакчы болгондо, кайберен дагы алтымыш алптын күчүн кошот. Кара дөө жеңилет. Зарлык Королойду алып, кайра кайнатасыныкына келди. Күлбөскан чоң той берип, шаан-шөкөттө жатканда Зарлыктын түшүнө карындашы кирип:
Аба, ит ичпеген ачуу көл,
Аны басып өткөндө,
Мен эсиңе келбедим.
Королой сулуу алганда,
Анда эсиңе келбедим.
Кара дөө менен кармаштың
Мында оюңа албадың, — деп
ырдайт экен. Зарлык эртеси канга барып, «элиме кетем» деди. Кан макул болуп, он беш кул, он беш күн, алты вазир берип, кызы менен күйөөсүн элине жөнөттү.
Эчен күн, эчен түн жол басып олтуруп, Зарлык карындашын таштап кеткен
үңкүргө жакындайт. Ошондо бала: «Карындашым энеден туума жылаңач эле,
жеңеге жеңил баа болбосун, эртерээк барып, кийим кийгизип, жеңесин
тостурайын» деп алдыга кетиптир. Келсе үңкүрдө карындашы жок. Баланын эси чыгып, бул тоону, ал тоону заматта арытат. Көрсө, карындашы мастандан коркуп, экинчи тоого чыгып кеткен экен. Кийимин кийгизип, экөө Королой сулуунун алдынан чыкты. Ошону менен үчөө тоону жердеп жатып калат.
Эртеси Жанчаркан алтымыш вазири менен ууга барыптыр. Бир жерге келсе,
алтымыш кийик алдынан чыгат экен. Жанчаркан: «Алтымышын тең атып
бересиңер, тетиги алтын баштуу кийикти ким качырса башын алам» деди.
Ошондо алтымыш вазир кийиктерди курчап калат. Алтын баштуу кийик ары
жүгүрүп, бери жүгүрүп акырында кандын башынан аттай качат. Кан артынан
кубалап жөнөйт. Кийик артын улам кылчактап олтуруп, канды жолдошторунан адаштырат экен. Эки үч кырды эңкейгенде кийик кубулуп тура калды да, мындай деди: «Кан, мен сенин балдарыңды аман-эсен чоңойткон кайберенмин, тетиги үңкүргө кирсең, сенин балдарыңдын жайы ошол». Алиги кайберен ушул сөздү айтып, ошо замат көздөн кайым болду. Аңгыча дүбүрттү угуп, үңкүрдөн бала чыга калат экен. Экөө таанышып, кучакташып көрүштү, «Кызымды көрөйүн» деп башбакса, кызы ыйлап үңкүрдөн чыкпай коет. «Энемди тапмайынча көзүңдү көрбөйм» дейт. «Энеге жакын кыз күйөт» деген сөз ушундан калган экен.
Хандын айласы кетип, жигиттерин туш тарапка жиберди.
Ошол күнү Канчайымдын жанындагы бир күчүгүн каман жарадар кылат.
Анын бутун байлап олтурса, экинчи күчүгү башындагы жоолугун ала качып,
чытырман токойду аралап жүгүрөт. Аял артынан жүгүрөт. Аңгыча Жанчаркан
жигиттери менен келип калат. Кан аялын, кызын, уул-келинин алып келип, ак боз бээ союп, чоң той берди.
Алтымыш катынды алтымыш аттын куйругуна сүйрөтүп өлтүрүп, мастан
кемпирдин кулагын кесип култуйтуп, мурдун кесип мултуйтуп тогуз жолдун
тоомуна илип коет,

КАНДЫН БАЛАСЫ


Илгери Айдаркан аттуу хан болгон экен. Ал кырк жигит, кырк вазир күтүп,
байлыгы артып, мартабасы жогоруласа да, алтымыш жашка келгенче «а» деген перзенттин үнүн угууга зар болот. Хан күндөрдүн биринде суу бойлоп жигиттери менен келе жатса, алдынан үч кыз жарышып чуркап чыгат. Хан: «Кайдан жүргөн кыздарсыңар?» деп сурады эле, кыздар: «Эне-атабыз жок, үчөөбүз эптеп оокат кылабыз» дешти. Хан: «Кандай өнөрүңөр бар?» деп сураганда, эң улуусу: «Мен бир түндө кырк жигитке кийим тигип бүтүрөмүн» деди. Ортончусу: «Бир чымчым талкан менен кырк жигитти тойгузууга жараймын» деди. Кичүүсү: «Көкүрөгү алтын, көчүгү күмүш, бир эркек, бир кыз төрөймүн» дейт. Хан үч кызды тең көчүрүп барып, чоң той берип, нике кыйдырып экөөнү эки вазирине алып берет да, кичүүсүн өзү алат. Айткандай кыздардын улуусу бир түндө кандын кырк жигитине адамдын көзү жалтангандай кийим тигип бүтүрөт, ортончусу бир чымчым талкан менен кырк жигитти тойгузат.
Арадан үч ай өтпөй кандын аялынын боюна бүтөт. Аялдын төрөөр мезгили
жакындап толготуп калган кезде, кан: «Төрөгөндө артыман сүйүнчүлөп келгиле» деп ууга чыгып кетет.
Кандын кырк аялы: «Эгерде бул көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын бала төрөсө,
бизди хан карабай коет» деп ичтери күйүп, «балдарды өлтүрүп бер» деп, мастан кемпирди чакырып, бир табак дилде беришет. Баягы мастан кемпир аялды төрөткөн болуп жатып, бала менен кыздын ордуна эки күчүктү сала коёт. Ал эми балдарды болсо, алып барып суурдун ийнине тыгып, оозун корумдап кете берет.
Канга: «Аялың эки күчүк тапты» деп сүйүнчү барат. Кан аябай капаланып, «аялды эки күчүгү менен суунун жээгине алпарып таштагыла» деп буюрат.
Ошол элде тоо-ташты мекендеген Акмат балбан аталган адам жашаган экен.
Ал жаш кезинде перинин шаарына барып, өзүнүн балбандыгы, баатырдыгы
менен таанылып, перилердин падышасынан Көк мылтык, Көк жорго ат алган
экен. Бирок, баласы жок, бул дүйнөдөгү бир арманы ошол экен. Күндөрдүн
биринде Акмат балбан ууга чыкмак болуп, Көк жоргосун кармап минейин десе, ат карматпай качып берет. Анын артынан ээрчип жүрүп отурса, бир ийиндин оозу таш менен корумдалып коюлган, ар жагынан ыйлаган баланын үнү чыгат, «кудай мага кайыптан бала берген го» деп, ташты оодарса, эки бала жатат. Акмат балбан балдарды жылаңач этине салып: «Байбиче эле, байбиче, кудай бизге кайыптан бала берди» деп сүйүнгөн бойдон үйүнө алып келет да, Айдаркан канды баш кылып чакырып, тогуздап мал союп, элге чоң той берип, багып алат.
Ошентип, балдар бой тартат. Бир канча жылдан кийин Акмат балбан өлөт. Бир
жыл өтпөй кемпири да өлөт. Атасынын чарбагына кыз менен бала ээ болуп
жашап жүрүшөт. Бала Көк жорго атты минип, Көк мылтыкты асынып, Акмат
балбандын баласы атанат. Өзүнүн балбандыгы, көзгө атар мергендиги менен
бакма атасынын ордун басат. Акмат балбан көңүлү тынч дүйнөдөн өтөт. Бул
кабар Айдаркан ханга да жетет.
Бир күнү бала ууга чыгат, ошо күнү хан да жигиттерин алып, ууга чыккан
болот. Бала топтоп эчки атып, текесин тере атып, канды бир кумардан чыгарат.
Кан кечинде: «Акмат балбандын ордун басар бала калыптыр, мен өлсөм, тагымды ким минет, таажымды ким киет, опасыз дүйнө ушубу?» деп, үйүнө капа болуп келип бүк түшүп жатып калат. Аны көрүп кырк катындын тынчы кетип, иштин жайын кырк жигиттен сурап билишет да, баягы мастан кемпирди чакырып алып:
«Баягы балдарды эмне кылдың эле?» деп сурашты. Кемпир: «Өлтүргөнүм жок эле, суурдун ийнине таштагам» деди. Анда кандын кырк катыны: «Ошол балдар тирүү калса керек. Акмат балбан аларды таап алган көрүнөт. Кан кечээ ууга чыгып бир жигитти жолуктуруптур, ал көзгө атар мерген экен, кечке бирге жүрүп кызыгына
баткан көрүнөт, капа болуп келип, бүк түшүп жатып калды. Ошол баланы эптеп өлтүргүн» дешет. Мастан кемпир «макул» деп дароо Акмат балбандын үйүнө жетип келет да баланын карындашына, «сиңдим, эшикти ач, мен Акмат
балбандын эжеси элем, сени менен аңгемелешип кайтайын» деди.
Үйгө кирип жайланышып отургандан кийин аркы-беркиден сөз салып,
кыздын көңүлүн жибитип: «Сиңдим, минтип отура берсең зеригип өлбөйсүңбү, мындан он беш күндүк жерде перинин шаарында бир түп көк, бир түп ак алма бар. Ал алманын касиети жыгачы менен алып келип орнотуп, үзүп жей берсе, ал улам быша берет. Ошону алдырып алсаң боло» дейт. Кемпир кош айтышып жөнөп кетет. Кечинде агасы келгенде кыз: «Ошол ак алманы алып келип бербесең, өлөмүн» деп ыйлайт.
Бала: «барса барайын», деп жоргосун минип атасынын мүрзөсүнө, барып
түнөйт. Түн ортосунда дабыш чыгат: «Ээ, балам, барам» деп калыпсың, барсаң
бар. Өзүңө өзүң сак бол. Бастырып барып алма жыгачтын жанына түшкүн да атты агытып жибер. Көк алмага тийүүчү болбо, алдынан унчукпай акырын басып өтүп, ак алмага баргын да, анын башындагы кызыл алмадан бирди үзүп жегин, анан алманы түбү менен жулуп ал. Ошол кезде акырдан жем алып, Көк жорго кайта келет. Атты жетелеп алып, жүрө берсең, жол ачык дейт. Эртеси бала жөнөп кетет.
Он беш күн жол жүрүп, перилердин шаарына келет. Алманын четине түшүп,
атын агытып жиберет да, көк алмага тийбей, ак алмадан барып үзүп жейт.
Аңгыча Көк жорго атасы айткандай, акырдан жем жеп кайта келет. Бала атын
жетелеп алып жолго түшөт. Дагы он беш күн жол жүрүп, алманы карындашына алып келип берет. Кыз аябай сүйүнүп, агасы экөө ортого коюп жеп отура берет.
Алманы жеген сайын, кайта быша берет.
Бир күнү бала «барып бир кумардан чыгып келейин» деп ууга чыгып кетет.
Ошол күнү хан да ууга чыккан болот. Кечке чейин хан бала менен бирге болуп
жарпы жазылат. Кечинде бала коштошуп үйүнө кетет, хан: «Атаганат дүйнө,
ушундай балам болгондо бейкапар көз жумбайт белем, бул дүйнөдөн перзентсиз өткөнүм ушубу?» деп, капа болуп келип бүк түшүп жатып калат. Иштин жайын түшүнгөн кандын кырк катыны дагы мастан кемпирди чакырып, бир табак дилде берип, «эптеп баланын көзүн жогот» дешет. Кемпир бала ууга чыгып кеткенде кызга келип: «Мына карачы сага жарашып калган тура. Агаңды дагы да перинин шаарына жибер. Өзү барган ак алманын ар жагында бир чынар терек бар. Анын бутагынын ылдый жагында бир чаар тоту, ортосунда кызыл тоту, эң үстүндө чыр тоту отурат. Чыр тотуну алып келсе, эки дүйнөнү тең сүйлөп берет» дейт.
Ошентип коюп кемпир кете берет. Кечинде агасы келгенде кыз ыйлап-сыктап:
«Жалгыз отуруп эриктим, чыр тотуну алып келип бергин. Сен келгенче зеригет экемин, ошону эрмектеп турамын» дейт.
Бала дагы атасынын күмбөзүнө барып отурса, түн ортосу оогон кезде үн
чыгат: «Балам, чыр тотуга барсаң баргын. Бирок, менин айткандарымды кыл.
Бастырып барып, чынар теректин жанына түшкүн да, атыңды агытып жибер.
Бирок асты чаар тотуга тийбе. Ага тийсең, шаарга кабар берет. Чаар тоту кызыл тотудан өтүп барып, чынардын эң башында отурган чыр тотуну алып, өзү баштап алып чыгат» дейт. Бала эртеси жөнөп кетет. Он беш күн дегенде болжолдуу жерге келип, атасынын айтканын боюнча чынар теректин эң баш жагындагы чыр тотуну алып, Көк жорго аттын оозун кое берсе, ал жүрүп олтуруп үйүнө алып келет. Карындашы сүйүнүп тосуп алат. Тоту жер ченегин безеп, сүйлөп, баланын да кыздын да көңүлүн ачат.
Эртеси бала ууга чыгат. Кан да ошол күнү ууга чыккан болот. Кан кечинде
дагы да капа болуп келип, жатып калат. Кырк катын кемпирди дагы чакырып
алып: «Акмат балбандын уулу келип калыптыр. Кандын уулу болгону чын болсо, биз курудук, ошону эптеп жок кыл» дешет.
Кемпир бала ууга чыгып кеткенден кийин дарбазаны ачып жыла басып үйгө
кирет. Ал киргенде тоту унчукпай коет. Кемпир жойпуланып: «Мына карачы, эми жарашып калган тура, жээриңе ак алма, эрмегиңе тоту, эми кантип жалгыз отурасың? Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок, перинин падышасынын Күланда аттуу сулуу кызы бар. Күланда сулууну жеңе кылып бергин деп агаңа айт» деп кете берет. Кечинде бала келгенде карындашы: «Жанымда адам жок зериктим.
Перинин падышасынын кызы Күланда сулууну алып келип жеңе кылып бер» деп ыйлап-сыктап агасын кыйнайт. Бала бу жолу да атасынын күмбөзүнө барып жатат. Таң бүлбүл аткан мезгилде мүрзөдөн үн чыгат: «Ай балам, кыйын ишке бел байлапсың, ага барышың кырк күндүк жол, келишиң кырк күндүк жол. Жүрүп отуруп ошол шаардын четине жеткенде Көк жоргону агытып ий. Ал сен келгенче тура берет. Көк мылтыкты асынып алып кете бер. Бардыгы сенден коркушуп, жол беришет, эч ким жолуңду тосууга даабайт. Мен балбан болуп жүргөндө Көк мылтыкты, Көк жоргону перинин шаарынан алгамын, ошон үчүн баардыгы сага жол берет. Андан ары алты каалгалуу ак сарайды көрөсүң, алты каалга тең өзү ачылгандан кийин үйгө киресиң, каухар тактанын үстүндө Күланда сулуу уктап жатат. Чачын кесип алып, кызды ойгот, ошондо сага тиет» дейт.


Бала эртеси жөнөп кетет. Шаардын четине барып, Көк жоргону агытып иет да
өзү көк мылтыкты асынып алып жүрүп отурат. Бардыгы атасынын айтканындай болот, айбаныбы, перисиби, жиниби жол тосууга даабайт. Акыры алты каалгалуу дарбазадан ак сарайга кирип, уктап жаткан Күланда сулуунун чачын кесип алат.
Кыз тура калып: «Менин никемди сага буюрган экен» деп, балага тамак-аш берип сыйлайт да: «Мен бул элдин канымын, ал эми үч бир тууганымдын талашы атам өлгөндөн бери бүтпөйт. Атамдан калган мурасты бөлүшө албай үч жылдан бери урушуунун үстүндө. Өзүм кан болсом да чече албай башым катты. Ошону чечип бер, анан сага тиемин» дейт. Бала кыздын айткан жагына барса, үч адам ой жерди дөң кылып, дөң жерди ой кылып кармашып жаткан экен.
Бала: «Ой, силер эмне болгон жансыңар, талашыңар эмне?» деди эле, анда
бирөө: «Адамзат пендеси экенсиң, бизге калыс болгун, биздин атабыз хан эле.
Атамдан үч буюм калган. Үчөөбүз бири-бирибизге ыраа көрбөй, ошону талашып урушуп жатабыз» деди.


«Көрсө, талашкан буюмдары темене, чапан, түтүк» экен. Бала: «Калыс болоюн,
ар бир буюмдун касиетин айткыла» деди. «Чапанды кийсе каалаган жерине
жетет. Теменени жакасына сайса адамга көрүнбөйт. Түтүктү силксе, жер
жайнаган кол чыгат, үч буюмдун касиети ушул» дешет. «Эмесе, үчөөңөр тетиги жерден жарышып келгиле» дейт да, өзү теменени жакасына сайып, кубулуп тура берет. Үчөө жарышып келип, жер сыйпалап таппай калышат.
Баланын үйдөн чыкканына отуз тогуз күн болгондо эсине карындашы түшөт.
Көрсө бала жөнөрдө карындашына: «Аман болсом кырк күндө келем, кырк күндө келбесем, ажалымдын жеткени, «өлдү деп сана» деген экен. Чыр тоту менен карындашы ал кырк күндө келбесе өзүн-өзү өлтүрмөк болуп антташкан экен. Көк жорго жаныбар булуттуу көктүн асты менен, муундуу чөптүн үстү менен алып жүрүп отурат. Бир убакта бала ыйлап, «кечинде карындашым менен Чыр тотунун ажалы жетет. Жетпей кала турган болдум» деди.
Күланда сулуу жин-перинин арасынан Кара дөөнү чакырып: «Акмат
балбандын уулунун шаарын көрдүң беле, канча убакытта жеткиресиң» дегенде, Кара дөө: «Көрдүм эле, таң атаарда жеткиремин» деди. Күланда сулуу каарданып: «Сен жарабайсың, дагы ким мындан батыраак жеткирет? деп сурады. Аңгыча: «Мен түн жарымында жеткиремин» деп, Көк дөө жетип келди. Күланда: «Сен да жарабайсың» деди. Акырында Ак дөө: «Көз ачып-жумганча жеткиремин» деди. Ошентип булар Ак дөөгө мингенде намаздигер, намаз шамдын ортосу болот. Алар күркүрөп жөнөп калганда, кыз менен тоту ууну эзип, ортолоруна коюп, даярданып калган мезгил экен. Ошол убакта перинин дөөсүнүн күркүрөгөн үнү угулат. Тоту: «Токтой турчу, перинин дөөсүнүн үнү угулуп калды» дегенче, бала менен Күланда сулуу дөөдөн түшүп үйгө кирип келишет. Бир аш бышым убакыт өткөн мезгилде дагы бир дабыш чыгып, Көк жорго жете келет.
Күланда менен күлүп ойноп кыз жыргап калат. Эртеси бала Көк жоргону минип алып ууга чыгат. Ал күнү да ууга чыккан Айдаркан хан кечке бала менен аң уулап, сейил куруп, жарпы жазылып, үйүнө кайтат. Ошентип арадан бир топ убакыт өтөт.
Күндөрдүн биринде Чыр тоту: «Күланда сулуу канга бир сыйра ылайык кийим
жаса, кандын кырк вазирине да асыл буюмдардан бир сыйра кийим тик, анан
канды кырк вазири менен конокко чакыр» деди. Бала менен Күланда сулуу
тотунун айтканына макул болушуп, кийим тигилип бүткөндөн кийин канды
жигиттери менен конокко чакырды. Ак алманын жыгачын ортого коюп, канга ар түркүн тамак берип сыйлашты. Алмадан алып жей беришти, ал алма кайта
кошулуп көбөйө берди. Бир убакта Күланда сулууну алып келишти эле, ай десе
аркы жок, күн десе көркү жок сулуулугун көрүп, кан менен кырк вазири аябай таң калышты. Ошондо кан жай отуруп баладан сыр сурады: «Балам, алдыда он беш күн, ортодо жыйырма күн, кийин кырк күн үйүндө жок болдуң көрүнөт, ууга чыккан жоксуң, себеби эмне?» деди. Бала: «Каным, мурунку он күн жоголушумда алманы алып келдим, кийинки жыйырма күндө тотуну алып келдим. Кырк күн жоголушумда Күланда сулууну алып келдим» деди. Кан балага ыраазы болуп:
«Төртөөң конокко келгиле» деп кеткенден кийин Тоту Күланда сулууга айтып
суунун боюндагы бала менен кыздын энесин эки күчүгү менен алдырып келди. Баягы эки күчүк эки дөбөт болуптур. Ошолор кекилик, чил тиштеп келип аялды багып турушкан экен.
Ошентип чогуусу менен ханга барышканда тоту: «Каным, бир эки ооз сөзүм
бар, калкыңды чогулт» деди. Эл бүт чогулуп бүткөндө Тоту баштан аяк окуяны
айта баштайт. Кандын эси оойт. Кан эсин жыйып мастан кемпирдин башын
алдырып, кырк аялды даргага асты. Ошентип, кан балдарын, аялын таап, нечен күн, нечен түн той берип, жыргап жатып калышкан экен.

МАДЫЛГЕН СУЛУУ


Илгери малга бай, төрт түлүгү шай Кулуке деген бир хан болуптур. Анын
Мадылген аттуу жалгыз кызы ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу
чыгыптыр. Кыздын сулуулугуна жараша колунан көөрү төгүлгөн иштүү да экен.
Ошол Мадылген сулуу бир күнү биттин ичегисинен ичик курап, атасына жабат.
Хан ары ойлонуп, бери ойлонуп, ичик эмнеден жасалгандыгын таба албаптыр.
Акыры кызы «биттин ичегисинен курап жасадым эле» дегенде, кан: «Ким
ушул ичикти тааныса, кызымды ошо кишиге беремин» деп элине жар салат.
Жасалган ичикти таанып, кандын кызын алмак болуп, төрт тараптан эл чогулат.
Келген эл тоодой этти жеп, көлдөй чыкты ичип, томуктай эт, кашыктай чык
калганда жээрде ат минген, чыйт түкүргөн, көзү кызарган бир абышка келет.
Калган томуктай этти жеп, кашыктай чыкты ичип болгондон кийин «ичик
биттин ичегисинен куралып жасалыптыр» дейт.
Хан убадасы боюнча кызды чалга бермек болот. Эки-үч күн отүп, Мадылген
сулуу жөнөй турган болгондо жылкы арасында көк бышты кызга келип:
«Мадылген сулуу, сен атаңдын элинен эл, жеринен жер бөлдүрүп алып эмне
кыласың, жылкынын ичинен мени ал, төөдөн куу ингенди, күңдөн Куйту күңдү, кийимден киш телпекти, жарактан кара болот кестикти ал, башка эч нерсе албагын, эркекче кийинип, тобокел деп жолго чык, калганын көрө жатарсың» деди. Мадылген сулуу атасына келип, көк быштынын айтканын сурады эле, кан макул болуп, кызынын каалагандарынын баарын берип жөнөтөт. Мындай узагандан кийин кызыл көз абышка Мадылгенди: «Узун тарткан жериме жүрүп кел, туура тарткан жериме конуп кел» деп кете берет. Ал кеткенден кийин адамдан акылдуу көк бышты: «Мадылген сулуу, желмогуз чал деген ушул.
Баратканда асты арт жагыңды караба. Чал адегенде кара чаар жолборс болуп
кубулуп келип, Куйту күңдү жейт. Артыңды карабай кете бер» дейт. Бир убакта
чал кара чаар жолборс болуп келип Куйту күңдү сөөк-саагы менен качыратып
жей баштайт. Мадылген сулуу артына карабай кете берет. Жеп алгандан кийин кыздын алдынан чыгып: «Келе жатасыңбы Мадылген сулуу, узун тарткан жериме жүрүп кел, туура тарткан жериме конуп кел» деп жүрүп кетет. Ошондо көк бышты: «Эми артыңдан кара чаар жолборс болуп келип куу
ингенди жеп кетет, кылчайбай кете бер» дейт. Чал бир аздан кийин кара чаар
жолборс болуп кубулуп келип, куу ингенди боздотуп сөөк-саагы менен чайнай
баштайт. Мадылген артына кылчайбай жүрүп кете берет. Аңгыча ал алдынан
чыгып: «Ии, келе жатасыңбы Мадылген сулуу, узун тарткан жериме жүрүп кел, туура тарткан жериме конуп кел» деп дагы жөнөп кете берет.
Ошоңдо көк бышты: «Эми чал жолборс болуп келип, сени алат. Ага
жеткирбейлик, атка бек отур, мага кайталап камчы сал. Булуттуу көктүн асты
менен, муундуу чөптүн үстү менен алып жүрүп кетем, эки көзүңдү бек жум,
«көзүңдү ач» дегенде жүрөктөй жерден жүлүндөй түтүн чыгып бир үй көрүнөт. Чалдын үйү ошол, түшүп отура бер» дейт. Көк быштынын айтканындай эле аздан кийин Кара чаар жолборс Мадылген сулууну качырып сала берет. Көк бышты жаныбар асманга учуп чыгат. Бир кезде Мадылген сулуу көзүн ачса, жүрөктөй жерден жүлүндөй түтүн чыгып, көк бышты бир үйдүн алдында турган экен. Көк бышты Мадылгенге: «Эми үйгө кирип отура бер. Желмогуз чал келип, эки көзү кыпкызыл болуп чыгат. Ошондо кара болот кестигин менен эки көзүн оюп алып, эшикке жүгүрүп чык, андан аркысын мага кой» дейт. Аңгыча желмогуз чал келет да көк бышты айткандай: «Мадылген сулуу сакалымды карап берчи», деп чалкасынан түшүп жатып калат. Мадылген ар кайсы жерин бир карап, эрмектеп отура берет. Бир убакта чалдын көзү кыпкызыл болуп түрүлүп чыгат. Ошол кезде Мадылген сулуу кара болот кестикти анын көзүнө тегеретип алып, эшикке
жүгүрүп чыкса, көк бышты коендон жапыс болуп күтүп турган экен. Ат Мадылгенди мингизип алып учуп жөнөйт, аттын күүсүнөн кар жаап, борошо урат, жаныбарың көк бышты аскар-аскар тоодон өтөт, эрме чөлдөн эргип өтөт.
Ошентип жүрүп олтурушуп бир шаардын четине келип, чөптөн алачык жасап
алып туруп калышат.
Ал шаардын каны кырк аялдуу Акимкан аттуу кан экен. Бирок, кырк аялынын
бири да төрөбөй, бир перзентке зар экен. Күндөрдүн биринде Акимкан
жигиттери менен ит агытып, куш салып жүрсө, кушу бир чөп алачыктын үстүнө келип конуп калат. Кан: «Алып кел» деп бир жигитин жиберет. Жигит чаап келип: «Үйдө ким бар? Кушумду алып бер» дейт. Мадылген сулуу кушун алып берейин деп үйдөн чыга калганда анын сулуулугун көрүп жигит эсинен танып калат. Анда кыз: «Адам көргөнбү, көрбөгөнбү», деп кол жоолугу менен желпип тургузуп иет.
Жигит келип: «Таксыр каным мен бир периште көрдүм, эркек дейин десем, үнү назик, жүзү жумшак, бетинен нур чачырап толгон айдай толукшуйт. Кыз дейин десем, эркекче кийинип алган. Сиз кырк аял алдыңыз, бирок бирөө да мен көргөн сулууга тең келер эмес. Мага «кушту алып берейин» деп үйдөн чыга калганда, аттан кулап түштүм. Мени желпип тургузуп, аттантып жиберди» дейт. Кан жигит дөөдүрөп жаткандыр деп ишенбейт. Эртеси күнү кан дагы куш салып чыкса, кушу учуп барып, дагы баягы чөп алачыктын үстүнө конот. Кан: «Алып кел» деп дагы бир жигитин жумшайт. Жигит чөп алачыкка келип: «Үйдө ким бар, чыгып кушту алып бер» дейт. Мадылген сулуу кушту алып бермек болуп чыга калганда ал жигиттин да эси ооп жыгылат. Мадылген бул жигитти да жоолугу менен желпип тургузуп, аттантып жиберет. Ал канга келип мурунку жигиттин сөзүн кайталады.
Баягы чөп алачыкка кандын кушу үчүнчү күнү дагы конот. Бул жолу Акимкан өзү бастырып келип, «кушту алып берем» деп чыга калган кыздын сулуулугунан эси ооп талып жатып калат. Кыз жоолугу менен желпип, эс алдырып, канды да аттантып иет. Кан Мадылген сулууну көрөр замат ашык болуп калат, бирок эркек кызын биле албай, эси кетип, үйүнө келет.
Кан үйүнө келип, кырк аялына кеңеш салса, бир аялы: «Анын эркек, кызын
таанымакка эмне? Кырк ийикке сап жасап бергин деп кырк табылгы алып барып бер. Аял болсо уңкул-чуңкул кылып жонот, эркек болсо жылма жонот, ошондон эле «билебиз» дейт.
Эртеси кан келе жатканда көк бышты: «Мадылген сулуу, кан сага «кырк ийик
сап жасап бер» дейт, кырк табылгы алып келет. Сен мени кайчы тушай салып,
кырга коё бер. Мен кыңырыңдап кетип баратканда «уча турган болду» деп
күйпөлөңдөп кал. Ошондо кан жигиттеринин бирин «алып кел» дейт. Сен «башка кишиге карматпайт» дегин да, ийик сапты жоно келейин деп кармай чык. Сабоолорду менин оң таноомдон салып, сол таноомдон сууруп алсаң, адамдын көзү тайгылгандай ийик сап болот» дейт.
Аңгыча болбой Акимкан жигиттери менен келип калат. Кан Мадылген менен
аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, «кырк аялыма кырк ийик сап керек эле» деп
кырк сабоону кыздын алдына таштайт. Мадылген сабоолорду жонуп олтурган
кезде аты Көк-Текеске чыга качат. Кыз «атымды алып келе коеюн» деп жөнөп
калат. Сабоолорду алып келип, көк быштынын айтканындай оң таноосунан
салып, сол таноосунан сууруп алды эле, көз тайгылган кырк ийик сап болуп чыга келди. Алып келип канга берди. Кан муну көргөндө айран таң калып, кырк ийик сапты алып үйүнө кайтты. Ошентип Мадылгендин кыз, эркегин биле албай айласы кетишет.
Анда кандын бир аялы: «Ээ, каным, анын эркек, кызын билбеске эмне, ат
жарышмак ойнойлу деңиз, эркек болсо этеги кетет делбиреп, кыз болсо
кымырылып чабат, ошондон эле билүүгө болот» дейт. Көк бышты Мадылген
сулууга: «Эртең кан сени менен жарышмак болду, сенин эркек кызыңды
таанымак болду. Этек-жеңиңди коё берип, атка бек отуруп, оозумду тартпай коё бер. Кайра тарткан кезде кандын тулпарын караандатпай чыгамын» деди.
Көк быштынын айтканындай эртеси кан кырк жигити менен келип: «Ии,
мырза, ат жарышмак ойнойлу» дейт. Кыз макул болот. Экөө жүрүп отурушуп, бир канча жерге баргандан кийин аттын оозун кое беришет. Көк бышты кое берген эле жерден кандын тулпарынан алдыга озуп чыгат. Кыздын этеги кетип элбиреп, жеңи кетип желбиреп, байгеден чыгып келген экен. Кан үйүнө барып: «Атка да кыйын отурат экен, этеги кетти элбиреп, жең кетти желбиреп», дейт.
Анда кандын кичүү аялы: «Ээ, каным, анын эркек, ургаачысын билбеске эмне?
Уу арак, бал арак тартып туруп, аны конокко чакырыңыз. Үйгө келгенде уу
аракты кызга, бал аракты сизге сунабыз, кыз мас болот, анан ургаачы, эркек
экендигин оңой эле билебиз» дейт. Кан макул болуп эртеси кызды конокко
чакырат. Ошондо көк бышты: «Менин тилимди алып, өзүңө өзүң бек болгун. Кан сага уу арак сундурат. Сен эки үйдүн ортосуна керме салып, ага мени аса байла да, арактын ачуусу көк быштыга, таттуусу мага деп иче бер, мен мас боломун, кирип чыккандар «капырай жаныбар, өлө турган болду» дей беришет. Сен менин сөзүмдү бек кармап, кам санабай отура бер. Аракты тартынбай ич» дейт. Кыз быштынын айтканындай кылып: «Арактын татуусу мага, ачуусу көк быштыга» деп иче берет. Кирип-чыккандар «капырай жаныбар, өлө турган болду» дей берет. Мадылген сулуу былк этпей отура берет. Бир убакта күн бешим ченде бир аксакал киши эшиктен кирип: «Капырай жаныбарга убал эмеспи, жок дегенде ээси мууздап койсо боло» деди. Муну укканда мал боор эт менен тең деген сөз туура белем, Мадылген сулуу чочуп кетип, ордунан козголгон экен. Ошол замат кыздын башынан киш телпек ыргып кетип, кундуздай чачы төгүлө түшөт. Көк бышты болсо, куландан соо болуп, «өз убалың өзүңө, эптеп ата-энеңдин жүзүн көргөзөйүн дечү элем, акыр түбү дагы бир азапка дуушар болоорсуң» деп көздөн
кайым болуптур. Акимкан чоң той берип, Мадылгенди аялдыкка алып, ага өзүнчө өргөө көтөртүп, энчи бөлүп берет. Жыл айланбай Мадылгендин боюна бүтөт. Ай күнүнө жетип төрөй турган болгондо кан: «Ушул жашка келгенче «аа» деген баланын үнүн уккан жок элем, жүрөгүм жарылып кетер» деп ит агытып, куш салып, ууга чыгып кеткен экен.
Күндөрдүн биринде Мадылген сулуу толготуп калат. Кырк аял анын
толготконун билмек болуп, «токолдун өргөөсүнөн барып от алып кел» деп
шылтоолоп үйүндөгү күңдү жумшайт. Күң от алайын деп, Мадылгенден коркот, албайын деп, кырк аялдан коркот. Айласы куруганда этегин түтөтүп чыгат. Ошентип Мадылгендин толготкондугу кырк аялга белгилүү болот. Алардын эси кетип эңгиреп, алы кетип алсырап кан эми бизди карабай кетти го деп сокусун минип, сок билегин камчыланып, туурдугун түптөгөн, туткучун теминген бир кемпирге келип: «Айланайын энеке, токолдун баласын жок кылып берсеңиз» деп жалынып жалбарып, кыркы кырк табак дилде беришет. Кемпир толготуп жаткан Мадылгенге келип анын эки көзүн байлап, жаңы төрөлгөн кыз менен баланын ордуна эки күчүктү салып коет да, эки баланы сууга ыргытып жиберерде баягы көк бышты кайып болуп келип, балдарды сууга түшүрбөй тосуп алып кетет.
Канга: «Аялың эки күчүк тапты» деп сүйүнчү барат. Акимкан арманын айтып, эки күчүгү менен Мадылгенди аралга алпартып таштайт.
Ошентип, күндөн-күн, жылдан-жыл өтөт. Күндөрдүн биринде аралда жаткан
Мадылгенге көк бышты эки баланы алып келип: «Сен суунун тиги өйүзүнө чык. Суудан кечип өтөөрдө эки көзү жок сыйкырчы чал жолугуп, учкаштырып суудан өткөрүп койчу деп сурайт. «Өткөрүп коёюн, эки кончуңа кум толтургунуң» дегин.
Чал эки кончуна кум толтурат. Эки балаңды алдыңа өңөрүп, чалды учкаштырып алгын да, аны болот кестик менен ургулап жүрүп отур. Бир убакта ал сууга түшүп кетет. Андан кийин капшытымды жара сай. Мен өлөм, ыйлап-сыктабай, этимди бышырып жеп, бата кылып, уулуңдун атын Айтомуш, кызыңдын атын Күнтомуш кой, кырк кабыргамды эптештирип кармасаң, кырк канат темир үй болом. Ошол үйдүн ичинде оокатыңды кылып жата бер, андан аркысы өзү эле келет» дейт.
Мадылген эки баласын алып аттанайын деп жатса, эки көзү сокур абышка
келип: «Мадылген сулуу, мени өйүзгө чыгарып кет?» дейт. Анда Мадылген: «Эки кончуңду кумга толтургун» дейт.
Чал Мадылген айткандай кылып, эки кончуна кумдан аябай шыкайт.
Мадылген чалды учкаштырып алып, бөйрөккө бөлөт кестик менен ургулап жүрүп отурат. Бир убакта чал сууга түшүп кетет. Жана бир сайганда аттын капшытын жара сайып таштайт. Ошентип көк бышты өлөт. Мадылген анын этин салып бышырып, эки балага ат коёт. Аттын кырк кабыргасы кырк канат темир үй болот.
Мадылген балдары менен темир үйдүн ичине кирип жатып калат.
Арадан бир топ жыл өтөт. Айтомуш айтылуу балбан болуп өсөт. Күндөрдүн
биринде Акимкан аң уулап жүрүп, балага жолугат. Аркы-беркини сүйлөшүп, ит агытып, куш салып кумардан канат. Кечинде «ай талаадан Айтомуш деген бала көрдүм» деп аялдарына айтып барат. Ошол учурда кандын элине жоо келет. Кан: «Эгер Айтомуш жоону кууп чыкса, Апал, Үпөл деген эки кызды алып беремин» деп бир жигитин Айтомушка жиберет. Анда Мадылген сулуу туруп: «Апал Үпөл — эки кыз, албайт экен Айтомуш» деп кандын жигитин кайтарып жиберет. Кан жигиттерин дагы жиберет. «Апал, Үпөл — эки кыз, албайт экен Айтомуш» деп кайтарат. Аңгыча бала ойгонуп калат да: «Апал, Үпөл эки кыз албайт дегенэмне?» деп атка минип, кандын элин жоодон ажыратат. Акимкан жигиттерин ээрчитип, Айтомушка келе жатып, баласы менен эшикке чыгып турган Мадылген сулууну таанып эси ооп аттан кулап түшөт. Аялын балдарын элине көчүрүп барат. Баягы мастан кемпирди тогуз жолдун тоомуна алып барып, жыгачка сайып коёт. Кырк катынды кара санагандыгы үчүн даргага тарттырат. Ошентип, Акимкан уулу Айтомушту, өз ордуна кан көтөрүп, Күнтомушту күйөөгө берип, жыргап куунап жатып калган экен.

ЖАННАТ

Байыркы өткөн убакта бир кан болуптур. Ал кандын үч уулу, үч кызы болгон
экен. Ал ар дайым сейилдикке ууга чыгуучу экен. Бир күнү кан кырк жигити
менен кечке маал үйүн көздөй келе жатса, алдынан алтын кийик чыга калып,
жалт берип качып жөнөйт. Кан кийикти кубалап отуруп чөлгө киргизип жиберет.
Чөлгө баргандан кийин алтын кийик төө болуп калат. Анда кан: «Төө болсо да
пайда эмеспи» деп жетелеп кетейин деп эңкейип кармарында дөө болуп калат.
Бул укмушту көргөндө кан жанынан түңүлөт. Дөө болсо: «Кана, каным, жол
болсун, сени ажал айдап келдиби, же азап айдап келдиби?» деп сурайт. Кан
коркконунан: «Жан соога, баатыр, жан соога» деп дөөгө жалынып-жалбарып
жиберет. Анда дөө: «Эгер жаныңды соо коё берсем, мага эмне берер элең?» дейт.
Кан аптыгып, «айланайын досум, башым тартуу; жаным тартуу» деп жалооруйт.
«Эмесе менин каалаганым сенин үч кызың» дейт. Кан: «Айтканыңыз эки эмес,
куп» деп жооп берет. Анда дөө: «Качан бересиң?» дейт. Кан: «Мен өлгөн күнү
келип алгын, убада ушул болсун» деп, кайтмакчы болгондо, дөө: «Ой, каным,
сенин кыздарың үчүн менин берер малым жок. Малым да ушул, тоюм да ушул,сага кылган жакшылыгым дагы, кылган жамандыгым дагы ушул, — деп канга бир кестик берет да, аты — Жаннат, кестик самаган мурасыңа жеткирет» деп канды үйүнө жиберип иет. Ошону менен кан бир топ жылга чейин эл башкарып, кандык дооронун сүрүп жүрө берет. Күндөрдүн биринде кан ооруп калат. Ооруп жатып баягы дөөгө берген убадасын эстейт. Акыры адам болбосуна көзү жетип, «кой, көзүмдүн тирүүсүндө балдарымдын энчисин бөлүп берейин» деп, ойлоп, үч уулун чакыртып алып, кеңеш салат: «Балдарым мен адам болуудан калган өңдөнөмүн. Силерге калтырарым үч нерсе — бириң
кандыгымды, бириң байлыгымды, бир ооз айтар сөзүм бар: аны бириң ал, эми
эшикке чыгып кеңешип келгиле» дейт. Үч уулу ээрчишип эшикке чыгып кеңеш курушат. Анда улуусу: «Кудайдан корксоңор, мен экөөңдөн ак сакалмын, кандыкты мага бергиле», дейт. Анда ортончусу: «Эмесе байлыкты мен алайын» дейт. Кичүүсү: «Болуптур: Атамдын бир ооз сөзүн мен алайын» дейт. Ошону менен үчөө кеңешип, бүтүрүп, атасынын алдына киришет да, улуусу: «Мен
кандыкты алмак болдум», ортончусу. «Мен байлыкты алмак болдум» дешти. Анда
атасы: «Хандыкты алганың хандыкты, байлыкты алганың байлыкты көздөп ал,
баргыла» деп эки баласын чыгарып жиберет да, кичүү уулун алып калып: «Эми
балам, сага айтарым ушул: мен эми жети күндө өлөмүн, мен өлгөндөн кийин
жакшылап койгула. Мени жай жериме алып жөнөгөндө сен үйдө кал.
«Эжелериңди алабыз» деп үч эшек минген дубана келет. Үчөөн үчөөнө кармата
бергин. «Энчиден мени кур таштады» деп, мага таарынбагын. Сенин энчиң мына
— бул. Ушул кестикти алгын, кара кашка тулпар да сеники, эч кимдин анда акысы
жок. Кестиктин аты — Жаннат. Эмне самасаң, муратыңа жеткирет, касиети —
ушул. Бул жөнүндө эч адамга билгизбе. Эгер муну адамзатка билдирсең, өз
башыңа зыян болот» деди. Баласы: «Куп болот, ата, айтканыңыздын баары
аткарылат» деп кестикти бекем катып алды.
Бир жума өткөндөн кийин атасы өлөт. Кой союп, конок алып дегендей бардык
урмат-сыйын көрсөтүшөт. Үчүнчү күнү кандын сөөгүн чыгара турган болгондо,
бала кара кашка тулпарды токуп коюп, атасынын жаназасына турат. Ошентип
кандын сөөгүн коймокчу болгондо эл жабыла барышат. Хандын кичүү баласы
атасынын сөзү боюнча үйдө калат. Атасынын сөөгүн коё турган бейит түштүк
жолдо экен.
Сөөк-чыккандан бир аз убакыт өтпөй эле бир кара эшек минип, аза-музасын
колуна алган, ак селдечен киши келип калат. «Ии, аба, жол болсун, кайдан келе
жатасыз?» деп бала сурады эле тиги киши: «Эй, балам, кайдан келгенди эмне
кыласың, атаңдын аманатын колума сал» деди. Бала: «Болуптур, аба» деп, улуу
эжесин чакырып, баягы эшекченге учкаштырып жиберет. Андан кийин дагы бир
эшекчен киши келет.
Ага ортончу эжесин берет. Андан кийин үчүнчү эшекчен киши келет, ага кичүү
эжесин берип жиберет да, тулпарын минип, сөөктүн артынан жөнөп барат. Барса
жаңыдан эле жай жерине алып койгон кез экен. Ошону менен атасын көөмп, эл
менен кошо атасын жоктоп өкүрүп үйүнө келип түшөт.
Үйдөгү калган катын-калачтар улуу агасына датка отурушат: «Апий ботом,
иниңиздин бул эмне кылганы. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, атасынын сөөгү
узай электе өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, үч эжесин үч эшек минген
дубанага учкаштырып берип жиберди» дешти. Анын бул ээнбаштыгына улуу
агасы чындап эле ирээнжип: «Эмитен мындай кылык кылып жүргөн неме бизге
оң санабайт экен го» деп ойлойт да, өзүнүн инисинин канына сабын болуп
даргага асып өлтүрмөк болот. Баланы дарганын түбүнө алып келип, элге жар
чакырып: «Өз бир тууганым болсо да, ээнбаштык кылгандыгы үчүн даргага асып
өлтүрөмүн!» Ошону менен баланы даргага тартаарда ортончу агасы кулдук уруп:
«Биз үчөөбүз бир тууган элек. Эми атабыздын топурагы сууй электе
бири-бирибизди өлтүрүшкөнүбүз ылайык эмес. Муну көргөн эл эмне демекчи?
Сизден сурарым, баланы канына сабын болбо, андан көрө кулак угуп, көз көргүс
жерге барып оокатын кылсын» деди. Жарданып карап турган элдин баардыгы
«туура сөз» деп чурулдап жиберди эле, кан да ортончу инисинин сөзүнө макул
болду.
Эртеси кан агасы жети төөгө алтын, күмүш зер артып берип жанына жети
жолдош кошуп: «Жети төөнүн пулун керек-жарагыңа жумшап, көз көргүс, кулак
уккус жерге барып оокат кыл» деп, жөнөтүп жиберет. Ошону менен жигит кайда
барарын билбей, баш оогон жакка жүрүп отурат. Акыры бир чоң шаардын
четиндеги бир чоң сазга келип, кошун түшүрүп конуп калат. Катуу уктап
жатышканда бир топ каракчылар келип, жети төөнү пулу менен Кара кашка
тулпарды жана жети жигитти ат тону менен бүтүндөй уурдап кетет. Жигит
эртеси ойгонсо, бардык пулунан, жолдошторунан, төөлөрдөн, жада калса Кара
кашка тулпардан ажырап, коколой башы жалгыз калган экен. Бала: «Мынчалык
мен кудайга не жаздым эле, жок дегенде астымда атым болсочу» деп ыйлайт. «Ай
ушу мен атамдын өз баласы эмесмин го? Эгерде өз атам болсо, мени ушунчалык
кыйынчылыкка учуратат беле?» деп, аркы-беркини ойлоп отуруп, акыры атасы
берген кестикти эсине түшүрөт. «Ушуну унуткан экенмин да, касиетин бир
байкайынчы» деп кестикти колуна алып, ары бери оодарып карап туруп: «Ушул
кантип мени мурасыма жеткирсин, атам мени алдаган экен да» деп ойлойт.
Акыры: «Баары бир башка кылар арга жок, эмнеси болсо да, ушуну менен бир
сүйлөшүп көрөйүн» деп, «Жаннат» дейт. Аңгыча күнгүрөнгөн добуш чыгат. Бала
чочуп чалкасынан кетет да, эси ооп жатып калат. Бир убакта эсин жыйып башын
көтөрсө, жанында кестиктен башка эч нерсе жок. «Бул кандай шумдук болду
экен?» деп ойлоп, «эмне болсо да дагы бир сүйлөшөйүн» деп, кестикти колуна
алып, «Жаннат» дейт. Аңгыча: «Кулдугум бар, таксыр» деген үн чыгат. Чочуп
кетип кестикти дагы ыргытып жиберет. Ошондо атамдын айтканы ушул
турбайбы, андан көрө жүрөк токтотуп, мунун бир пайдасын көрөйүн деп, үчүнчү
ирет «Жаннат» дегенде, «Кулдугум бар, таксыр» деген үн чыгат. Бала ойлонуп
туруп: «Азыр жети жолдошум, Кара кашка тулпарым жана бардык оокаттарым
түгөлү менен жанымда болсун» деп буюрат да жамбаштап үргүлөп кетет. Аңгыча
болбой дүбүрт угулат. Чочуп ойгонуп көзүн ачса, Кара кашка тулпары баш болуп,
жети жолдошу жана бардык оокаттары жанында турган болот. Бала аны көрүп
аябай сүйүнөт.
Ошондо жигит туруп: «Кой, жети жигитим бул ишти билип калса, жаныма
зыян кылар. Андан көрө буларга азаттык берип кетирейин. Ар кимиси өзү
каалаган жерге барып оокатын кылсын деп ойлонот да: «Баатырлар, силерге мен
эки дүйнөдө тең ыраазымын. Ар кимиң минген атыңды, кийген тонуңду,
жетелеген төөңдү пул-сулу менен алып, бириңе-бириң катылбай, каалаган
жериңерге барып, оокатыңарды кылгыла, мен мындан ары жалгыз кетемин»
дейт. Жигиттер угуп турган кулактарына ишенбей: «Чын айтып жатабы, же
бизди сынап атабы?» деп таң калышып: «Жок, биздин сизден бөлүнүп элге
кетишибиз болбойт. Өлсөк, тирилсек да сиз менен бирге болобуз» дешти. Бала
мурунку сөзүн дагы кайталады да: «Эгерде сыйыңар менен кетпесеңер
башыңарды аламын» деп коркутту. Жигиттер баланын чындап эле айтып
жатканын билгенден кийин сүйүнүшүп: «Эки дүйнөдө жамандык көрбө, жолуң
ачылсын» деп баталарын берип, туш тарапка жөнөп кетти.
Бала тулпарын минип алып жүрүп олтуруп, бир шаарга келип базар аралайт.
Шаарды көрүп бир чоң көчө менен келе жатса көз алдынан бир нерсе жарк дей
түшөт. «Бул эмне болду экен?» деп, эки жагын караса мунаранын башында ай
десе аркы жок, күн десе көркү жок бир сулуу кыз турат. Кызды көрө сала баланын
тулку бою эрип, ашык болуп калат. Андан жүрүп отуруп, шаардын четине чыгып
эки жагын караса, бир чөп алачык турат. Ошондо бала: «Менин бул жүрүшүм
болбойт» деп Жаннатка: «Менин кара тулпарыма киймим бөктөрүлүп, мага
кереги тийгенче адам көрбөгөн бир жайда оттоп жүрсүн. Ал эми тез арада менин
жаныма кайыш чокой, малакай жана жаргак шым, көйнөк пайда болсун» деп
буюрат. Дароо айтканынын баары орундалат.
Баягы бала кийимдерди кийип алып, чөп алачыктагы кемпир чалга барат да:
«Ассалоом алейкум, ата» дейт. Анда чал: «Алекима салам, балам, кел, ии жол
болсун, кайдан келе жатасың?» дейт. «Ээ, атаке, мен бир багар-көрөрү жок
жетиммин. Баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм». — «Ии,
балам, сөзүң дурус экен, анда бизге бала бол» деди чал. Ошентип бала
абышка-кемпирге бала болуп жүрүп калды. Абышканын мал бүткөндөн беш
эчкиси болуптур. Ал араң кымырандык сүт берет экен. Бала эчкилерди кайтарып
жүрө берет. Күндөн-күнгө сүт көбөйүп, батырап жуурат уютуп, каймак, сүт
батпай, турмуштары оңоло баштайт. Кемпир-чал буга аябай сүйүнүшөт, «баланы
ак жолтой болду» деп жандары калышпайт.
Бир күнү бала баягы чалдан «шаарга барып келейин» деп уруксат сурайт. Чал:
«Барсаң барып кел» деп, бир аз тыйын берет. Бала мындай чыгып: «Кийим кечем
менен кара тулпарым дайын болсун» деп Жаннатка буйрук берет. Айткан сөзү
эки болбостон, көз ачып жумганча кара тулпар жанына пайда болду. Бала
тулпарын минип, кийимин кийип шаарга барып, сейил куруп, кечке жүрөт. Кечке
маал үйүн көздөй келе жатып, баягы кызды дагы көрөт да, мурункудан да катуу
ашык болуп, айласы куруп, ак эткенден так этип, кызды алсам дегенде эки көзү
төрт болуп, айласыздан үйүнө кайтат.
Ошентип бала эчкилерин кайтарып жүрө берет. Бир күнү дагы шаарга барууга
атасынан уруксат сурап жөнөп кетет. Белгилүү жерге барганда: «Жанымда тулпар
болсун» деп, Жаннатка айтканда, буйругу дароо орундалат. Тулпарын минип
алып, шаарга барып,кечке сейилдеп жүрүп, кечинде келе жатып баягы кызды
терезеден дагы көрөт да, көпкө чейин карап туруп, үйүн көздөй жөнөйт.
Үйүнө жакындап калганда Жаннатты чакырып, тулпарын тапшырат да: «Азыр
бир жүк, артарга жүгөнү кендир, үзөңгүсү чүлүк ээри ыңырчак кер байтал,
салынарга жууркан-төшөк, абышка кемпирдин киерине эки сыйра кийим даяр
болсун» дейт. Ошол замат айтканы орундалат. Бала кер байталга жүгүн артып
алып үйүнө барат. Абышка-кемпир алып келген кийимин кийип, төшөгүн
салынып, аябай ыраазы болушат. Жатар мезгил болгондо бала чалга: «Сизден бир
иш сурайын, орундатасызбы?» дейт. Чал: «Эмне иш болсо да орундатам» дейт.
«Андай болсо кандын кызын мага алып бериңиз» дейт. Чал: «Макул, жакшы
болот, эртең канга барып айтайын» дейт. Эртеси канга кер байталды минип,
колуна чокмор алып, чоң шашке ченде кандын дарбазасына кирип барат. Эшик
кайтарган желдеттер абышканы кандын үстүнө кийирбей коет. Ал ага болбостон
кеч бешимге чейин чокмор менен дарбазаны койгулап тура берет. Акыры кан
жадап «кийиргиле» деп буйрук берет. Абышка канга келип: «Таксыр каным,
ырыстууга жуучу, ырысы жокко — доочу дейт. Мен сизге жуучу келдим, уулума
кызыңызды бериңиз» дейт. Кандын ачуусу келип: «Эмне дөөрүйсүң, менин
кызымдын теңи сенин уулуң эмес» деп, абышканын башын алып салмак
болгондо кандын баш вазири: «Ой, каным, ушуга короткон кайран кол, ушул
шаардагы ашкан байбачанын баласы да сиздин кызыңыздын калыңын төлөп ала
албай жүрөт. Ал эми бул абышканын кудурети канча дейсиң. Казынам толгон
алтын бер деп, күн болжоп койбойсуңбу» деди. Кан: «Айтса, айтпаса төгүнбү,
кутурган абышканын күчүн көрөйүн» деп ойлоду да: «Абышка беш күндүн
ичинде казынамды алтынга толтурасың, эгер болжогон мөөнөттөн калсаң,
өзүңдүн да, балаңдын да башы алынат» деди. Кандын сөзүн угуп, чал капаланып
үйүнө кайтты: «Ии, ата, кабагың салыңкы өңүң бозоруңку, кан эмне деди?» деди.
«Ээй, балам, кан эмне демек эле, казынам толгон алтын бер, беш күндө муну
аткара албасаң, балаңдын да, өзүңдүн да башың алынат деди» дейт. Анда бала:
«Оңой эле иш турбайбы, капа болбой жата бериңиз» деди.
Ошентип көз ачып жумгуча төрт күн өтүп кетти. Эртең бешинчи күн болот
дегендин кечинде бала беш эчкинин жанына барып Жаннатты колуна алды да:
«Эртең кырк нарга жүктөлгөн алтын, күмүш даяр болсун. Ага тартылган
танаптын бир түрү алтын, бир түрү күмүш болсун. Үстүнө жабылган килемине
алтын, күмүш, жакут берметтен түр салынган болсун. Ал кырк нарды кырк кыз
жетелеп, артынан айдаганы кырк жигит болсун» деди да, жатып уктап калды.
Эртең менен намаз окумак болуп эшикке чыгайын десе, жаркыраган нерседен
көзү уялды. Коркуп кетип эшикке чыга албай, намазды үйдүн ичине заңгыратып
окуй баштады. Кемпири: «Ой оңбогон чал, эшикке чыгып эле окусаң боло» деди.
Анда чал: «Ой, кудай, куураткан кемпир, эгер эр болсоң, эшикке чыкчы?» деди.
Кемпири тура калып чөп алачыктан шыкааласа, жаркыраган нур бетке урду эле,
чочуп кетип бакырып чалкасынан кетти. Бир топтон кийин кемпир араң эс алды.
«Бул кандай шумдук болуп кетти. Бизге көрүнчү көрүндүбү, же күндүн нурубу?
Биз болсок ичерибизди ичтик, жээрибизди жедик дегендей, эшиктеги бала эмне
болду, эшикке чыгып, жамандыгы болсо аны, эгер жакшылыгы болсо аны
көрөлүк» деп, чал-кемпир жетелешип: «сен чык, мен чык» болуп жатып эшикке
чыгышса, жаркыраган нур кырк нардын үстүнө артылган алтын, күмүштүн,
бермет, жакут менен түрлөнгөн килемдин нуру экен. Кемпир менен чал буларды
көрүп, кубанычы койнуна батпай аябай сүйүнүштү. Абышка баланы ойготуп:
«Буларды көрбөйсүңбү?» деди эле, бала күлүп: «Эми ата, буларды канга алып
барып бериңиз. Кандын жети казынасына батпай калат. Ошондо: «Мен алып
келген бир аз оокатты батырып ала албагандан кийин кандыгың кайсы,
корооңдун ортосуна жыйдырып ал» де. Кан ызаланып: «Кайта алып кет» дейт.
«Ээ каным, жетпегениңе жең, болбогонуңа бой кылып ал. Анча-мынча оокат үчүн
жаманаттуу боло койчу мен эмес. Кана, кызыңды бересиңби, жокпу?» деп, кандан
жооп ала кел» деп атасын жөнөтөт.
Абышка кандын дарбазасына жакындаганда кырк кыз, кырк жигитти
кайтарып жиберип, төөлөрдү айдап канга келет да: «Алып келген калың
малымды өткөрүп ал» дейт. Чынында эле кырк төөнүн жүгү кандын казынасына
батпай калат. Ошондо чал: «Ээ каным бир аз оокатты казынаңа батырып ала
албагандан кийин кандыгың кайсы, корооңо жыйдырып ал» дейт. Кан ызаланып:
«Кайта алып кет» дейт. Анда чал: «Жетпегениңе жең, болбогонуңа бой кылып ал.
Кана, кызыңды бересиңби, жокпу, ачыгыңды айт, кан!» деп күпүлдөйт.
Кан эмне деп жооп берерин билбей, оң кол вазиринен акыл сурап: «Бул чалдан
кантип кутулуш керек?» дейт Анда вазир: «Болуптур, эмесе күйөөнү көрөлү. Эгер
күйөө көңүлгө жакса берем. Эгер жакпай калса, балаңдын да, өзүңдүн да
башыңды аламын деңиз» дейт. Кан вазирдин сөзүн макул таап: «Үч күндө күйөө
келсин, күйөө көңүлгө жакса берем. Эгер жакпай калса, балаңдын да, өзүңдүн да
башың алынат» деп, чалды жөнөтүп жиберет.
Чал үйүнө барат. Эки күн өткөндөн кийин: «Ата, кан эмне деп айтты?» дейт.
«Ээ балам, үч күндөн кийин кайнатаң сени көрмөк болду. Жообун ошондо бермек
болду» дейт. Бала «болуптур» деп жатканы кетет. Түндүн бир маалында кестикти
сууруп: «Эртең менен шайдооттой кырк жигит жанымда болсун, Кара кашка
тулпар баштаган коендон окшош кырк тулпар мамыда байлалуу болсун. Кырк
жигитим өзүмө союп каптагандай окшош болсун. Аттардын бир ыптасы ак, бир
ыптасы кара болсун. Кийген кийимдин бир тарабы ак, бир тарабы кара болсун»
деп, буйрук берип, уктап калды. Эртең менен турса айткандары бүтүн
орундалган.
Абышка баласынан: «Канга эмне деп айтып барайын» деп, сурады эле, бала:
«Канга барып, күйөө келе жатат, күйөө көргүлө деп айт» дейт. Абышка байталын
минип алып, «Чу» коюп канга барат да: «Күйөө келатат, күйөө көргүлө» дейт. Кан
вазирлерине: «Элди көчөнүн эки жагына тизгиле, күйөө көрүшсүн» деп буюрат.
Эл жолдун эки жагына тизилип, баланын келишин күтөт.
Күн шашке ченде бала кырк жигитин алып, шаан-шөкөт менен көчөнүн
аягынан кирип, кеч бешим ченде көчөнүн башына чыгышат да кетип калышат.
Көчөдө турган эл «күйөө көрдүңбү?» деп, бири-биринен сурашат. Анда бир даары:
«Көрдүк, кара ат минип, кара кийим кийип, жанына кара кийим кийген кырк
жигит алып, өттү» дешти. Бир даары: «Жаныңарды жебегиле», ак ат минип, ак
кийим кийип, ак кийимчен ак атчан кырк жигит ээрчитип өттү» дешти. Акыры
талаш чоң чатакка айланып, эки көчөдөгү адамдар мушташып көчөдө кан төгүүгө
чейин барды. Кандын вазирлери араң дегенде эптеп чатакты басышты.
Абышка болсо: «Ээ, каным, күйөөңү болсо көрдүң, кызыңды бересиңби,
жокпу» деп, демитти. Кан вазирине акыл салды эле: «Эми мындай деп айтыңыз.
Кызымды сенин чөп алачыгыңа бере албаймын. Тетиги көрүнгөн алтын булакка
менин сарайымдай сарай салдыр, мөөнөт беш күн, ага чейин бүтпөсө өлөсүң де,
анан абышканын чындап айласы кетет» дейт. Кан абышкага: «Болуптур, сен
тетиги көрүнгөн алтын булакка менин сарайымдай сарай салдыр, ошондо берем.
Мөөнөт беш күн, андан кечиксең, кыз бермек түгүл, башыңарды алам» деди. Чал
«болуптур» деп үйүнө кайтты. Арадан төрт күн өткөндө бала атасынан сурады:
«Кан эмне деп айтты?» «Ээй балам, кан эмне деп айтсын. Алтын булакка менин
сарайымдай сарай салдыр. Эгер беш күндө бүтпөсө, башыңды аламын» деди дейт.
Анда бала: «Болуптур, кайгырбай жата бериңиз» деп, өзүнүн жата турган жерине
барды да, Жаннатка: «Эртең менен тетиги алтын булакка бардык эл таң
калгандай сарай салынсын. Ал кандын сарайы бир катар болсо, меники үч катар
болсун. Төркү үйүнүн төрүнө төөдөй алтын, эшигинин алдына аттай алтын
коюлсун» деп буйрук берип, жатып уктап калды.
Эртең менен болгондо кандын шаарын алтын булактагы ак сарайдын нуру
жаркырап каптап калган экен. Көргөн эл аң-таң калып, таңыркап калышты.
Абышка канга барып: «Кызыңды бересиңби, жокпу?” деди. Кан айласыздан
кызын берди. Баланын көңүлү жайланып, кызды баккан ата-энесин алтын
булактагы сарайга көчүрүп барып, жыргап жатып калган экен.

ЖАЛГЫЗ УУЛ ЖАНАДЫЛ


Байым-байым бай экен, төрт түлүгү шай экен. Кочкордун күңгөй-тескейине
атагы чыккан Кожомберди деген бай бар экен. Анын болгондон Жанадыл деген жалгыз уулу, Карлыгач аттуу жалгыз кызы бар экен. Жанадылдын Көктелки аты, ак шумкар кушу, ак бараң мылтыгы бар экен. Айдың-Көл деген эки көлү бар экен.
Жанадыл дайыма Айдың-Көл, Жекендүү Көл деген көлгө ит агытып, куш салчу
экен. Ал күн сайын шумкарын ары салдырып алдырып, бери салдырып илдирип, канжыгасын кара казга толтуруп үйүнө кайтуучу экен. Бир күнү карындашы Карлыгач: «Айланайын абаке, отура берип эриктим, атыңдыберчи минейин, кушуңду берчи салайын, бир тамаша кылайын» деп, сурап калат. Жанадыл:
«Айтса, айтпаса төгүнбү, ырас эле эриккен турбайбы» деп, карындашынын сөзүн макул таап, Көк телки атын мингизип, ак шумкарын колуна конгузуп, ак бараңын асып берип, «эрте бешимде үйгө кел, асты Көк-Белеске чыкпагын» деп бек эскертип, жөнөтүп жиберди.
Кыз атты минип, кушту кондуруп, Айдың-Көл, Жекендүү-Көлгө барат. Ак
шумкарын ары салып алдырып, бери салдырып илдирип, канжыгасын кара казга толтуруп, аябай тамашага батат. Бешим чен болуп калганда «Абакем атын да, кушун да, көлүн да аяган жок. Көк-Белести эмнеге аяды?» деп кыз белеске чыгып барган экен. Барса, белестин боюнда карарган калың шаар жатат. Шаардын бери четинде үч киши жүрөт, ал ит агытып, куш салып, сейил куруп жүргөн калмактын каны Чекиркан эле. Чекиркан: «Капырай, Жанадыл Белеске чыкчу эмес эле», деп, коркуп кетип, «билип келгиң деп, жанындагы куу жигитин жумшады. Жигит Белеске жетип келип: «Сен кимсиң?» дейт. Кыз: «Мен жалгыз уул Жанадылмын» дегенде, жигит: «Үнүң ичке кыңылдап, чачың майда жымылдап, болду-болбоду, Жанадылдын карындашы Карлыгач экенсиң» деп таанып койду. Белеске чыгыпкеткен жалгыз адамдын Жанадыл эмес экендигин билгенден кийин Чекиркандын обкоолжуган жүрөгү ордуна келип: «Жанадыл болсоң, жол ортосу ойдуңга түшүп кел, эки элде эмне болуп жатканын сүйлөшөлү» дейт. Кыз «жакшы
болот» деп жол ортосу ойдуңга түшүп келет. Сүйлөшүп олтуруп күн батып кетет экен. Кыз «эмесе кетейин» деп тура калганда жигит кыздын башындагын шыпырып жиберди эле, Карлыгачтын алтын чачы жарк дей түштү. Жанадыл эмес экендиги анык белгилүү болгондон кийин Чекиркан кызды үйүнө кетирбей үч күнү алып жатты да, анан экөө алмак-тиймек болуп убадалашты. Кыз жөнөөрдө Чекиркан: «Жанадылга алышсам алым, күрөшсөм күчүм жетпейт, ал мага жакшылык менен кыз бербейт, айласын кандай кыламын?» деди. Анда Карлыгач:
«Мен караңгы капчыгайга жеңемди ээрчитип келип карагат терейин, кечинде
келип, «кокуй боорум» деп, кан түкүрүп жатып калайын. Абакемдин айласы
кетип эл ичиндеги бакшы, бүбүсүн бүтүн чакырар. Алар мени соо дээр. Ошондо менин айтканым боюнча сага киши чаптырат, сен бир бүбү, бир бакшы жибер. Алар карындашыңа «Мүрөк какбаштын суусу дары» деп, айтышсын, ага барган адам көп болот, келген адам жок болот. Абакем кеткенде чаап албай жаның жокпу» дейт. Чекиркан макул болуп, кызды үйүнө жиберди. Карлыгач үйүнө келип: «Аттай болгон ак кууга кушумду салып ийсем, кушумду алып кетип, үч күнү күттүм, акырында көлдүн үстү менен барып алып келдим» деди. Жанадыл «кушту сынайын» деп алып чыкса, үч күнү буулуккан куш баягыдан да алгыр, көзүнө көрүнгөнүн койбойт. Айтканындай Карлыгач эртеси жеңеси менен карагатка барат да, кечинде, «боорум» деп жатып калат.
Жанадыл айласы кетип, бүбү, бакшысын бүтүн жыйдырды эле, дарттын дарысын таба албады. Акыры Карлыгачтын айтуусу менен Чекирканга киши чаптырды. Анын бакшы, бүбүсү: «Карындашыңдын айыгышына бир гана Мүрөк какбаштын суусу дары» деди.
Жанадыл Көктелкини минип, ак бараңын асынып, Мүрөк какбаштын суусуна
жөнөмөк болду. Жанадылдын аялы касиеттүү жан экен, ал билип койду: «Кокуй, жалгыз уул Жанадыл карындашыңдын Чекирканга карматып койгон сөзү бар: «Мүрөк какбаштын суусуна барбагын, башыңды азапка салбагын» деди. Жанадыл ага ишенбей, аялын уруп таштап кете берди. «Жалгыз уул Жанадыл кетти» деп, бүбү, бакшы кабар жеткирээри менен Чекиркан келип, Жанадылдын элин чаап кетти. Карлыгачты аялдыкка алып, атасын уй кайтаруучу кул, энесин музоо кайтаруучу күң, аялын жырык өгүз мингизип, отун алчу күң кылып койду.
Жалгыз уул Жанадыл нечен күн, нечен түн жол жүрүп отуруп ээн чөлдөгү
мунарыктаган боз талаага келип токтоду. Ошол жерге өргүү кылуу үчүн атынын жүгөнүн шыпырып, ээр токумун алса, үстү кызыл көш болуп эле түшүп калды. Ошондо атка тил бүтүп: «Жалгыз уул Жанадыл, мен билгенди, мен туйганды туйдуңбу? Кашка-Таштын арасында кызыл түлкү жатат. Ал мүрөк какбаштын түнкү кароолчусу. Сен капыстан барып кармап ал. Союп жатып андан сыр сура. Куйругунан жиреп отуруп, тумшугуна келгенде гана айтып берет» деди. Жанадыл атын токунуп минип чыкканда кызыл түлкү мант берип качып чыкты. Узатпай кармап алып, «айт, түлкүм сырыңды» дейт. Түлкү: «Жылда кербенчи келет, анын аты оонаган жерине түк-мүк, кыл-кыбыр, калдыкты жеп оокат кылам, андан башка эчтеке билбеймин» деди. «Айтарсың, түлкүм айтарсың» деп куйруктан жиреп отуруп белге келгенде да айтпады, көк желкеге келгенде да айтпады, тумшукка келгенде, «айтсам да өлдүм, айтпасам да өлдүм» деп, сырын айтты:
«Мүрөк какбаштын түнкү кароолчусу мен элем. Көз жетпеген мунарык талаадан адамзаттын тебетейин көрчү элем. Үч күндөн бери көзүм тунарып, тааный албай койдум, көрсө ажалымдын жеткени экен. Чоктой кызыл түлкү мени алдың. Менин ары жагымда ак зоодо эки кузгун бар. Ал кузгундун бирөөн өлтүрүп, бирөөн чала өлтүрүп, сыр сурасаң, бүт айтып берет, андан аркысын мен биле албаймын» деди.
Жанадыл түлкүнүн тумшугун шарт кесип, канжыгасына байланып, андан ары
жөнөдү. Алиги айткан ак зоонун бери түбүнө жеткенде, Жанадыл аттан түшүп, ээр токумун алып бош кое берди эле, Көктелки аты капка таштын астына түшүп, кызыл жоор болуп оттон чыга келди. Аны көрөр замат эки кузгун учуп келип, «Мүрөк какбашка жолуккандан бери ит менен куштун тарпын жеп курудук. Муну ага айтпай, экөөбүз тойгончо жеп бир жыргайлы» деп, жоор аттын капталына коно калышып чукуп киришти. Ат башы менен ургулап жегизбей, алаксытып отуруп кеч киргизди. Кечинде кузгундар: «Бүгүн ак зоого барып конолу, эртең ак кулжаны алып келип, арка мойнун сый сүздүрүп, андан кийин жейли деп, шарт коюп учуп кетишти.
Ошондо Жанадылдын аты: «Эртең алар келгенче өзүң баткандай үңкүр казып,
жашырынып жат, мен болсом, жоор ат болуп оттоп тура берейин. Аркар келип
мени сүзөөрдө чекеге ат. Эки кузгунду да атып өлтүр. Мылтыктын үнү чыкканда экинчиси кошо учат. Мергендигин билейин, мүрүн сыя ат, бирок өлтүрбөгүн, ошондон сыр сурайбыз» деди. Жанадыл аттын айтканындай ор казып жатып калды. Күн шашкеде эки кузгунду эки капталына кондуруп ак кулжа жетип келди. Кулжанын бели бекчейип, көзү чекчейип атты сүзүп ие турган болуп калган кезде, Жанадыл ак кулжанын жазы маңдайын жара, бир кузгунду өлтүрө атып, экинчисин оң жак канатын сыя атып, чаап ие турган болгондо ат: «Ай, баатыр эрдигиң бар, эсиң жок, өлтүрбөгүн» деди. Жанадыл кузгундан сыр сурады. Ал: «Мындан ары кетип баратканда эки буура качырып чыгат, экөөнө эки боо жантак алгын, алар жантакты сугунуп кала беришет. Андан ары «тарамышын алалы» деп, эки мастан кемпир алдыңдан чыгат, экөөнө эки бөө тарамыш алгын да, аны ыргытып коюп бастыра бергин. Андан ары ар бири торпоктой эки дөбөт чыгып: «Жаш эт жейли» деп, бура бастырбай алдыңды торойт. Аларга эки кап эт алгын. Экөөнө экөөн ыргытсаң, жолуң ачык. Андан ары жүрсөң түндүгү тартылуу, эшиги жабылуу үй бар. Эшигин ачып, түндүгүн тарт. Андан ары барсаң бир үй бар, эшиги да түндүгү да ачык, түндүгүн тартып, эшигин жаап кой. Анан гана Мүрөк какбаштын суусунан сузуп аласың» дейт.
Ошондо Жанадыл эки кап эт, эки боо тарамыш, эки боо жантак алып жөнөгөн
экен. Айтканындай жолдон эки буура качырып сала берди эки боо жантакты
ыргытты эле, «тилеген тилегиңе жет ай, тилеген тилегиңе жет ай» деп алкап кала беришти. Аңгыча жүгүрүп жата калып, жүгүнүп тура калып, эки мастан кемпир саксаңдап алдынан чыкты да, эки боо тарамышты ыргытты эле, экөө кала беришти. Андан ары түндүгү тартылуу, эшиги жабылуу үйгө кез келип, эшигин ачып, түндүгүн тартты. Экинчи боз үйдүн түндүгүн тартып, эшигин тартып, эшигин жаап, Мүрөк какбаштын суусуна жетти.
Жанадыл суудан сузуп алып кайра тартканда Мүрөк какбаш сезип калып: «Ор,
ийрегим, ор, ил, ийрегим, ил» деп, кууп калды. Ошондо ор ийреги жетип, аттын чычаңын оруп калган экен.
Жалгыз уул Жанадыл жүрүп олтуруп, өзүнүн элине келсе, катуудан ташы,
жумшактан күлү гана калыптыр. Түштө келген Жанадыл кеч бешимге чейин
өкүрдү. Бир кезде аты жанына келип, тулганын таманынан таап келген
кичинекей күзгүнү берип, «өңүңдү көрчү» дейт. Жанадыл жүзүн көрсө, он беште кеткен бала көк ала сакал чал болуптур. Ат Жанадылга Мүрөк какбаштын суусун берип, «куу арчага тамызгын» деди. Тамызганда куу арча, куу чекенден да көпкөк болуп көгөрдү. Жанадыл өзү ичип он бештеги бала болду. Атына уурттатса, кадимки кунан калыбына келе түштү. Ошондо касиеттүү Көктелки: «Карындашың мени менен куш салууга барганда калмактын каны менен убадалашып келген. Аялың кереметтүү жан экен, иштин жайын билип койду.
Сага айтса, тилин албадың. Сен кеткенден кийин калмактын каны Чекиркан
элиңди чаап кеткен. Карындашың азыр кош бойлуу, ичинде кырк кара кучкач
бар. Эгерде ошолорду жарык көрө элегинде жок кылбасаң, түбү өзүңө зыян кылат. Атаң Кожомберди үй кайтаруучу кул, энең музоо кайтаруучу күң, алардын баары алдыңдан чыгат, бара көрөрсүң» деди.
Жанадыл олбу-солбу камчыланып бара жатса, жолунан отун алган аялы
жолукту, отуну ойго кулап:
Байыркы кудай барында
Жалгыз уул Жанадыл тушунда,
Оймоктуудан уз элем,
Оюнга чыкпас нуз элем.
Түндө бир эшикке чыкпаган башым,
Түнөгөн ашты ичпеген башым — деп,
ботодой боздойт. Жанадыл барып, отунун артып берип, андан ары бастырса, эки кызыл уйга жетпей, бир абышка келе жатат. Жанадыл саламдашып: «Уй
кимдики?» деди эле, чал: «Байыркы кудай барында жалгыз уул Жанадылдын ую эле, эмки кудай барында Чекиркандын ую» дейт.
Андан ары бастырса, жыгылып туруп, эки музоого жете албай, бир кемпир
астынан чыгат. Жанадыл энесин таанып, билмексен болуп бастырып өтүп кетет.
Бешим ченде Чекиркандын үйүнө барып түшсө, карындашы Карлыгач төрдө
отурат. Бир маалда жырык кара өгүзгө отун артып, Жанадылдын аялы келди эле, «отунду эрте алып келбейсиң» деп тура калып сабап жиберди. Аңгыча уй айдап атасы, музоо кайтарып энеси келди. Карлыгач экөөнү тең үй кыдыртып сабап таштады. Жанадыл Карлыгачты атып салмак болуп обдулат да: «Коё туруп аягына чейин байкайынчы» деп, өзүн токтотуп кайра отуруп калды. Аңгыча карындашы: «Мейманды чоң өргөөгө киргизип жакшылап сыйлагыла деп буюрат. Жанадыл: «Мен мына бул бечаралардын алачыгына барып эле
түнөймүн» деп болбой, кемпир-чал менен бирге кетип калат. Бир убакта бир
семиз козунун этин алып келишет. Жанадыл арыдан бери майдалап туурап,
кемпир-чалга жегизип, эки терини салып ата-энесин жаткызып, «уруш салайын» деп турган маалда Карлыгач кирип келет да: «Жалгыз уул Жанадыл келип калгансып малжанга карабай уктап калышкан тура» деп, чөп алачыкты кайра тартып салат. Жанадыл атып салмак болуп, ак бараң мылтыгын сууруп алганда Карлыгач агасынын келгенин билип, коркконунан тилсиз болуп туруп калган экен. Жанадыл Карлыгачтын башын алып, ичин жарса, бир сандык чыгат.
Сандыктын ичиндеги кырк кучкачтын отуз тогузун өлтүрүп, бири калганда
кыркынчысы тура калып Жанадыл менен он төрт күнү күрөшөт. Акыры
Жанадылдын алы кетип жыгыла турган болгондо, Көктелки жүгүрүп келип
кучкачты такымдан жулуп алат. Ошентип Жанадыл кучкачты, ага кошуп,
Чекирканды өлтүрүп, Мүрөк какбаштын суусунан атасына, энесине, аялына
ичиргенде, кадимкисиндей жашарышыптыр. Кайра өз жерине көчүп келип,
жыргап жатып калышкан экен.

АТАНЫН КЕРЭЭЗИ


Ач экен, ток экен, бар экен, жок экен, бир чал-кемпир бар экен. Чалдын үч уулу
болуптур. Чал бир күнү ооруп дарманы куруп акыры өлүмгө моюн сунуптур.
Өлөөр алдында кичи уулун чакырып: «Сен балдарымдын кенжеси, жүрөгүмдүн эркеси элең. Мына бул канжарды алгын да, агаларыңдын бирине билгизбей бек катып ал. Канжардын жашыруун мындай сыры бар: «Кындан сууруруң менен: «Тиле тилегиңди» деп үн салат. Тилегиңди айтсаң, алеки саламда кабыл кылат. Ошентип канжардын жардамы менен бакыт-муратка жетесиң деп, осуятын айтып, касиеттүү канжарды кенже уулуна калтырып чал бу дүйнөдөн өтүп кете берет.
Күндү кубалап түн, түндүк кубалап күн келе берет. Агалары балага кой
кайтартып коет. Бала атасынан калган канжарды кыя байланып, кайгысын
талаага даттанып жүрө берет. Бир күнүн саардан туруп кой жайып кеткени жатса, көчөдөн бир аттуу киши:
«Мен жарчымын, жарчымын
Кан кабарын салчумун,
Кандын кызы күйөөгө чыгат.
Баргыла мөөрөй алуучуң!»
деп, жар чакырат. «Кандын кызы күйөөгө тиет турбайбы, андан мага эмне пайда» деп бала канжарын кыя тагынып, коюн жайып кете берет. Агалары шашкеде тойго жөнөйт. Бала кечинде тойдун кандай өткөндүгүн алардан сурады эле, улуу агасы: «Тойдун сага эмне кереги бар, андан көрө жакшылап коюңду кайтар, ууру-бөрүгө сак бол» деп кагып салды. Бала агасынын жашырып айтпай жатканын билип: «Мында бир сыр бар көрүнөт, уктабай жатып угайынчы» деп оң жамбашына оодарылып, уктамыш болуп коңурукту кош тартты. Бир убакта агасы жайын катынына баяндады: «Тиги уктаган чыгар, эми кулак сал, толуктап айтып берейин. Анын көзүнчө «айт эле айт» деп беймаза кылдың. Ал укса кетип калат, анан койду ким кайтарат. Кандын кызы Эркеайым атасына: «Ким миң тепкичтүү шаты менен менин мунарама сепилдин сыртынан чыгып барса, атам мени ошого берсин, мен ошол жигитке тиемин» деп айттырыптыр. Кан да ал шартты орундаткан кишиге Эркеайымды бермек болуп, элине жар салыптыр. Бирок кандын кызын алууга ынтызар адамдар көп болсо да, анын койгон шартын аткаруу оңой көрүнбөйт. Шатынын элүү тепкичине чыгып барып, эки адам башы айланып кулап өлдү. Мен отуз тепкичине чыгып, коркуп кайрадан түштүм».
Бала муну угуп түнү менен уктай албай чыгат. Таң да супа салып атат. Агалары тойго, бала койго жөнөйт. Түш ченде койлорун суу жээгиндеги дарактын көлөкөсүнө жуушатат да, тойго жөнөйт. Жолго чыга берип, канжарын кынынан сууруду эле, канжар жарк этип: «Тиле, тилегиңди?» деди. «Бир ажайып ат бер!»
Аңгыча алдына ажайып тулпар ойдолоп тура калды. Бала атты минет да,
тойго чаап жөнөйт. Ал алеки саамда кашаң аттары менен өпөңдөп келе жаткан агаларына жете келет. Бала аларды көрүп четке чыгып, канжарын кынынан сууруп алат. Канжар жарк этип: «Тиле тилегиңди!» деп үн салат. «Кандын баласыныкындай жарак-жабдык бер!» Ошол замат сураганындай жарак-жабдык пайда боло калат. Бала жасалгалуу кийинип, жарак-жабдыгын асынып, агаларын көрмөксөн болуп жандарынан бастырып өтүп тойго барат. Элдин баары эле жарданып аны карайт, агалары да көзүн албайт. Бала аттан түшүп, сегиз жүз тепкичке чыгып барып, кайра жерге түшөт да атына минип, чапкан бойдон артын карабай кете берет. Эл анын артынан «балилеп» кыйкырып калат.
Кечкурун өзүнүн мурунку кейпине түшүп, жаргак шымын кийип тай туягын
тартынып коюп, айдап үйүнө келет. Агалары болсо кашаң аттарын теминип,
чаалыгып-чарчап жаңы эле келишкен экен. Бала алардан кайда барганын сураса, бүгүн да тойго барганын айтышат. «Мен дагы барайын?» деп суранды эле, «кой, коюңду кайтар, сага эмне бар, кызыктуу эч нерсе жок» деп коюшту. Бала:
«Болуптур эмесе, коюмду кайтара берейин» деп, тим болот. «Шатыга чыккандар болдубу?» деп сураса, кичүү агасы: «Экөөбүздөйлөргө жол кайда? Ажайып аргымак минип, асемдүү жарак жабдык асынып бир кандын баласы келди, атаганат, сөөлөтүн коё кал! Сегиз жүз тепкичке чыгып барып, кайра түштү, көргөн эл «кожо Кыдырдын баласыбы?» деп, айран таң калышты, көбүнүн колу жакасынан али кете элек» деди.
Эртеси бала койго, агалары тойго кетти.
Чоң шашкеде койлорун дарактын түбүнө жуушатып коюп, канжарын
кынынан сууруду эле: «Тиле, тилегиңди» деди. Кечээги атым менен кийимимди азыр даяр кыл!» Көз ачып жумганча кечээги кийими менен тулпар аты дароо даяр болду. Бала алкынтып атын минди, жаркынтып киймин кийди бургутуп жолго кирди. Тойго так жетерде кашаң ат минген агалары жол бошотуп, улам-улам аттын жалына өбөктөй жүгүнүп, кала берди. Кайнаган эл баштарын ийин «Кулдук канбача, кандын Эркеайымы сизге ылайык» деп, жол бошотуп жүгүнүп калат. Бала каада менен аттан түшүп, бу сапар шатынын миң тепкичине чейин чыгып барып кайра түшөт. Эл айран-азыр калат. Аны туурап алакөөдөк бир жигит шатынын отуз тепкичине чейин чыгып барып, башы айланып кулап өлөт. Эл баланы тегеректеп мурункудан бетер жарданат. Ошондо ал четке чыгып, канжарын суурду эле, «тиле, тилегиңди!» деп үн салды. «Ушул элге бир чекседен
жеткидей күрүч даяр болсун.
Аш-паш дебей бир дөбө күрүч пайда болду. Бала канжарына: «Ар бир кишиге
бир чекседен бөлүнсүн, идишине салынсын» деп буюрду. Алеки саламда ал
айтканы да орундалды. Кандын кызы да айран-азыр калып, баланын жанына
басып келип: «Жүзүңдү бир көрсөтчү?» деди. Ал тетири карап болбогондо:
«Жүздүгүмдү берейин, жүзүңдү көрсөтчү» деп дагы сурады. Бала «эми болбостур» деп, ага караганда, кыз үшүнөн кеткенсип сендиректей түштү да: «Мына бул жүздүктү менден белек алгын. Жоготуп, же майыштырып койсоң, менден үмүт үз» деди. Бала жүздүктү алып, атка шап минип, келген жолуна түштү. Артынан ызгып чаң гана көрүнүп, бир заматта көздөн кайым болду. Бала мурунку кейпине түшүп, кечинде коюн айдап, адатынча үйүнө келсе, агаларынын кубанычы койнуна батпайт. «Ээ иним, биз сага палоолук күрүч алып желдик, палоо басып беребиз, чеңгелиң айрылганча чеңгелдеп, курсагың жарылганча жейсиң, бол тезирээк отун камдап, от жак» деп шаштырышат. «Күрүчтү ким берди акелер?»
Анда улуу агасы: «Сурап эмне кыласың, кожо Кыдырдын баласы да анчалык
мыкты болбойт, чынында кудайдын уулубу деп ойлодук. Кечеги жигит миң
тепкичтүү шатыга чыгып барып, кайта түштү. Кандын кызы өзү куштар болуп
колуна жүздүк салды. Күрүчтү да ошол март бала берди. Эртең Эркеайымдын тою башталат» деди. Бала ууртунан жылмайып, алардын айтканын аткарып тим болду. Оокат желип жатаарда: «Ушунча күн силер, той тойлодуңар, мен кой кайтардым. Кудайыңарды карасаңар, эртең тойго мен барайын, койго силер баргыла?» деди. Агалары макул болушуп: «Ээленип калыпсың, барсаң бар, бирок кан баласы келгенде делдейбей жүгүнгүн да, элге бергенинен сен да куру калбай ала кел» дешти. Бала «макул, ошентейин» деди.
Ал эртеси тойго, агалары койго жөнөдү. Бала жолдон кадимки канжарын
сууруп буйрук берип, боз аргымакты минип, буулумду кийип, тойго барды.
Аңгыча кан: «Айткан шартым аткарылды, күйөө болчу адам алдыма келсин» деп жар чакыртты. Бирок кандын күйөөсү табылбады. «Күйөө болчу менмин» деп баргандарды Эркеайым карабады. Акыры кыздын акылы менен элди колун жайдырып, Эркеайымдын алдынан чубатууга салды. Бала «эмне кылар экен» деп далдаада тура берди. Бешимге чейин бардык эл чубап бүттү. Акыры кезек балага жетип кыздын нөөкөрлөрү анын да колун жайдырып, Эркеайымдын алдынан алып өттү. Кыз колундагы өзү берген жүздүктөн баланы таанып, отуз күн оюн курдуруп, кырк күн тоюн кылдырып, балага тийди. Шаан-шөкөт менен бала Эркеайымды үйүнө көчүрүп келип, ортончу агасына кыздын эжесин алып берип, бакты-муратына жетип жашап калыптыр.

КЕМПИРДИН ЖЕТИ БАЛАСЫ


Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу бар экен. Балдары жетөө
жети түрдүү өнөр билиптир. Энеси эң мыкты жаа жасатып аны кимисине берерин билбей: «Балдарым, баарың өнөрүңөрдү айткыла, кимиңдин өнөрүң артык болсо, ошонуңа берейин» деди. Балдары өздөрүнүн билген өнөрүн айта башташты.
Эң чоңу: «Эне, алпкара куш асманда торгойдой болуп көрүнүп калганга чейин
бийик учса да ыргыта атамын» деди. Экинчи баласы: «Энеке, мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билемин» деди. Үчүнчү баласы: «Мен эки дүнүйөнү алаканга салып койгондой көрүп турам» деди. Төртүнчү баласы: «Мен ачка болгон жерде бардан жок кылып, канча адам болсо тойгузууга жараймын» деди.
Бешинчи баласы: «Мен дарыя-деңиздерден көз ачып жумгуча кеме жасап
өтөмүн» деди. Алтынчы баласы: «Мен дарыя-деңиздерден чуркасам, таманымдан, чаң чыгат» деди. Жетинчиси: «Жоо жакындап кирип келгенде кара жер жарыл десем жарылып, түбүнө түшүп, өзүм сүйгөн жерден чыгып, душманымдан кутуламын» деди.
Энеси балдарынын өнөрлөрүн уккандан соң кимисинин өнөрү артык экенин
биле албады. Ошондо балдардын колуна жасаган жаасын берип: «Балдарым,
мына муну алып барып, Болбос канга өнөрүңөрдү айткыла, кимиңердин
өнөрүңөр артык болсо, ошонуңа берсин» деп, балдарын Болбос канга жиберди.
Кемпирдин жети баласы Болбос кандын шаарына келсе, шаардын ичи
кыйкырык, чуу, калайман болуп дүрбөп жатыптыр. Булар таң калышып: «Эмне болду, шаарыңарга жоо тийдиби? » деп бир абышкадан сурашты. Анда абышка: «Ботом түндө эл жатарда кандын жалгыз кызы жок, кайда кеткени белгисиз, эми кан кызымды таап бергиле же болбосо баарыңдын башыңды аламын деп чаң салып жатат, балдарым» деди.
Жети баатыр кеңешип, кандын кызын таап бермек болушту. «Айтса айтпаса
төгүнбү, жүргүлө» дешип бара жатып: «Ой биз олуя болбосок, кайдан табабыз»
деди бирөө. «Жинди го, бая энем өнөр сураганда жети жыл мурун кеткен
кумурсканын изин билемин дебедиң беле, кайда кетиптир?» деди. Жети жыл
кеткен кумурсканын изин билчү баатыр ары-бери карап: «Асман менен
кетиптир» деди. Анда бирөө туруп: «Энем өнөр сураганда эки дүйнөнү
алаканымдагыдай билемин дебедиң беле, билбейсиңби?» деди дагы бирөөнө. Бул баатыр ары-бери карап, алаканын ачып-жуумп туруп: «Тойбос кан деген кандын алп кара кушу алып учуп бара жатат» деди. Алар кызды куткарып алууга жүрүп кетишти. Бара жатып бир чоң дарыяга капталып калды. Бир жагынан курсактары да ачып, балдардын көңүлдөрүнө кайгы түштү. «Эми дарыядан кантип өтөбүз?
Анын үстүнө ачка кайда барабыз?» деп турушканда, алардын бирөө: «Ой,
жиндилер, энем өнөр сураганда бардан-жоктон тамак таап, канчалык адамдарды тойгузам дебедиң беле, кана батыраак тамак тапчы?» деди.
Бул баатыр асманды карап, алаканын жайып койду эле, эки кой маарап түшүп
келди. Анын артынан көп токоч түштү. Булар кубанып, токочторун жеп, койлорун союп жатканда, «дарыя, деңиздерден көз ачып жумганча кеме жасап өтөм» дегени эт бышкыча эле бир чоң кемени жасап даярдап койду. Баарысы кубанып кемеге түшүп алып, дарыянын үстү менен жүрүп кетишти. Балдар күн-түн жүрүп отурушуп Тойбос кандын шаарына келди. Көрсө, Тойбос кан, Болбос кандын кызын түшүндө көрүп, ага ашык болгонунан алпкара кушка алдырган экен. Жети баатыр барып жеткен убакта Болбос кандын кызы кырк кыз менен сууга түшкөнү келе жатыптыр. Баягы балдардын «дарыянын үстүнөн чуркасам таманымдан чаң чыгат» дегени көл үстү менен барып Болбос кандын кызын, Тойбос кандын кызына кошуп, көтөрүп келип, кемеге салды.
Кыздарды алып кеткенин Тойбос кан угуп, алпкара кушту жиберди. Алпкара
куш асмандан торгойдой болуп көтөрүлгөндө баягы «Алпкара куш асманда
торгойдой болуп көрүнсө да атып түшүрөм» дегени атып жиберсе, алпкара куш буту сынып, Тойбос кандын эшигинин астына барып түштү. Балдар кыздарды алып жүрүп кетишти.
Тойбос кан муну көрөр замат кеме менен көп аскер жиберип куудурду. Бул
убакта баягы «Кара жер жарыл десем жарылып кетет» деп айтканы тебетейин
жерге кое коюп: «Кара жер жарыл» дегенде жер жарылып кетти. Балдар жердин түбүнө түшүп кетишти. Арт жагынан жете келген боз атчан аскер башчысы балдар менен кошо жер алдына түшүп кетти. Аскерлер кайра тартып, Тойбос канга көргөндөрүнүн баарын айтышты: «Таксыр, каным, кыздарды алып качкан адам эмес, азирейил экен, адам болсо дайранын үстүнөн чуркаганда кантип таманынан чаң чыксын, тоодой болгон алпкара куш торгойдой болуп калганча бийик учканда кантип ыргыта атсын, адам баласы кантип бүтүн жерди жарылтып кирип кетсин? Азирейилдер менен бирге биздин эң баатыр аскер башчыбыз өзүнүн ак боз аты менен кошо жерге кирип кетти» дешти.
Тойбос кан мындай сөздөрдү угуп, экинчи бирөөнүн кызына ач көздүк
кылбаска ант берип, өзүнүн кызынын үчүлүк, жетилик ашын берип, экинчи кыз ала качпаска кудайга тобо кылып жатып калды. Жети баатыр Болбос кандын коломтосунан чыгып келе жатса, шаардагы элдер коркуп: «Бая күнү Болбос кандын өзүн жутканы келе жатат ушинтип баарыбызды кырып түгөтөт экен» дешип, бүт бойдон тоого чыга качышты. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам деген немеден таптакыр эчтеке жок, артынан кууп келген боз атчан аскер башчыны босогого байлап, эки кызды окшоштуруп, төргө олтургузуп бир койду союп казанга салып, отту жагып жатканда, үйүнөн чыккан түтүндү көрүп: «Ким барып көрүп келет?» деп кан жар салды. Эч адам чыкпаган соң кан: «Өлсө кунсуз, сатса пулсуз» деп ата-энеси өлгөн бир жетим баланы барып келүүгө буюрду. Бала: «Барбасам башымды алат го» деп, коркконунан айласыз макул болуп келип караса, баягы кемпирдин жети баласы этти салып, отту жагып жатышат, төрдө эки кыз ойноп олтурат, улагада бир жигит байланып турат. Буларды көрөрү менен кубанып, Болбос канга келип сүйүнчүлөдү. Болбос кан көп ишенбестен, «дагы ким барып билип келет?» деп жар чакырды.
Анда бирөө: «Уруксат бериңиз, мен барып билип келейин» деди. Ал киши:
«Баланын айтканы ырас экен, каным, сүйүнчү? Бир кызыңыз эки кыз болуп
келиптир» деп, кандын үйүнөн чыкпай жатып эле бакырды. Болбос кан
эли-журту менен келип, кызына учурашты. Жети баланын кутказгандыгын кыз атасына түшүндүрдү. Жети бала өзүлөрүнүн өнөрлөрүн айткандан кийин, Болбос
кан тактысынан түшүп, кандыгын жети балага берди. Өзүнүн кызы менен Тойбос кандын кызын эки улуусуна берип, калган бешөөнө бүт элден тандатып жүрүп беш кыз алып берди.
Балдар үйлүү-жайлуу болуп, карыган энесин алдырып туруп калышты. Бирок,
«булардын ичинен эң кыйын өнөрлүүсү ким?» деп ошол убактан ушул убакка
чейин Болбос кандын башы катып жүрөт экен.

КӨЧПӨСБАЙДЫН БАЛАСЫ


Бир заманда Көчпөсбай, Көчөрбай деген эки бай болуптур. Көчөрбай ар дайым
жайлы-жайы менен жайлоого көчүп, кышты-кыштай ар кайсы кыштоого көчүп, малын багып жүрчү экен.
Көчпөсбай жайы-кышы бир жеринде олтуруп, өмүрүндө көчпөптүр. Бир жылы
жут болуп, тегерегиндеги оту түгөнгөндөн кийин, Көчпөсбай көчмөкчү болуптур.
Көчүп көнбөгөн Көчпөсбайдын аялы бир жүгүн унаага артса, бирин унутуп,
үзүгүн таңылчакка таңса кийизин унутуп, чөмүчүн салса, кашыгын унутуп жатып, күн чыккандан үйүн чечкен, күн батканда араң жыйнап бүтүшүптүр.
Ошентип, айдын жарыгы менен Көчпөсбай көчүп жөнөйт. Жолдо келе жатып
баласы: «Менин сакам журтта калган турбайбы» деди. Атасы: «Балам, чаап барып алып келе койгун» деди. Бала өзүнүн кызыл бууданын минип, журтту көздөй келе жатса, аты токтой калып балага айтты: «Эрдигиң бар эсиң жок, жаш бала, менин көргөнүмдү көрдүңбү, менин билгенимди билдиңби? Журтта жети баштуу жез кемпир отурат. Мен аттан жапыз, иттен бийик болгондо, сен амалын таап, эптеп саканы алып кач» деди.
Барса кемпир мойнун жерге салып, саканы карап шылкыйып олтуруптур.
Бала: «Энеке, сакамды алып берип коюңузчу» деди. Кемпир анткорлонуп: «Ой,
айланайын балам, өзүм араң жанмын, олтурсам тура албаймын, турсам отура
албаймын, жаш бала эмессиңби, өзүң түшө калып ала койгун» деди.
Бала кемпирдин кууланып жатканын билип: «Ээ энеке, жар боорундагы
жарганатты карачы» деди. Кемпир мойнун буруп карай салганда, бала саканы
эңип алып качып жөнөдү. Кемпир такымдап артынан кууп калды. Бала качып
отуруп, кой кайтарган абышкага жолугат. Абышка баланын качып келе жаткан жөн жайын билгенден кийин: «Мага бала болосуңбу?» дейт.
Бала: «Болоюн» деди. Ошентип, абышканын үйүнө барып олтурса бир кара ит
үч күчүктү ээрчитип жүрөт. Бала күчүктөр менен моюндашып уктап жатып түш көрөт. Түшүндө жез кемпир «сени жебесем» деп кууп жүргөн болот. Бала чочуп ойгонуп, күчүктөрүн көтөрүп жөө качып жөнөйт. Бир нече күн жол жүрүп, аябай чарчап бир жерге келип уктап калат. Күчүктөр болсо кемпирдин келе жаткан табышын бир күндүк жерден билип, баланы ойготушат. Ойгонсо күчүктөрү дөбөт болуп чоңоюп калыптыр. Ошол жерден күчүктөрүнө ат коет. Чоңун «Угар кулак», ортончусун «Көрөр көз», кичүүсүн «Жер тыңшаар» деп атайт. Аңгыча сокусун минип, сокбилегин камчыланып кемпир да келип калат. Кемпир жете бергенде бала иттерин кемпирге коё берди эле, балага жалынып «иттериңди чакырып алгың, экөөбүз жарашалык, мен сага кызымды берейин» дейт. Бала балалык кылып, кемпирди ажыратып алып, анын кызын алып туруп калат.
Бала күнүгө иттерин ээрчитип, мергенчилик кылып жүрчү экен. Бир күнү
аялы балага: «Сен өзүң эчтеке ата албайсың, иттериңдин аркасы менен аң уулап жүрөсүң, кыйын болсоң, иттерди үйгө таштап өзүң барып атып келчи» дейт. Бала: «Өзүм эле атамын» деп, тоого чыгып кетсе, баягы кемпир артынан кууп келет.
Бала «эки ача терек бол, ортосунда мен болоюн» деп мылтыгын ыргытып
жиберет. Мылтыгы эки ача терек болуп, бала теректин башына чыга качат.
Кемпир келип бир тишин сууруп алып, балта менен теректин түбүн казып кирет.
Ошол кезде бир кызыл түлкү келип: «Ой, эне, сиз чарчап калыпсыз, эс алып
туруңуз, балта, арааңызды мага бериңиз, мен кесе турайын» деди. Кемпир
сүйүнүп жарагын берип, өзү барып уктап калат. Түлкү кесимиш болуп олтуруп, жабдыгын көлгө салып, өзү качып кетет. Бир убакта кемпир туруп караса, балта, араасы жок, түлкү да жок, кемпир ачууланып дагы бир тишин сууруп балта кылып, бир тишин сууруп араа кылып, теректи чаап олтурса бир ак түлкү келип: «Ой, энеке, сиз карыган киши экенсиз, чарчап калдыңыз го, теректи мен чабайын, сиз эс ала туруңуз» деди. Кемпир: «Мени жана бир кызыл түлкү алдап, жабдыгымды сууга салып кетти, эми жабдык кылар тишим да калбай калды» деди. Анда түлкү: «Ой, энеке, сиз алжып калсаңыз керек, кызыл түлкүнүн сырын ушул убакка чейин биле элек турбайсызбы, кызыл түлкү куу болот, өзүңүз ойлонуңузчу, ак түлкү жакшыбы, кызыл түлкү жакшыбы?» деди. Кемпир: «Ак түлкү эле жакшы» деп, жабдыгын берип, дагы уктап калды. Түлкү кесимиш болуп олтуруп, жабдыгын сууга салып, өзү качып кетет.
Аңгыча асмандан бир карга учуп өттү эле, бала: «Ой карга менин иттерим бар
эле, ошолорго кабар берип койсоң» деди. Карга учуп барып үч итине кабар айтты.
Кемпирдин кызы иттерди терекке байлап койгон экен. Иттер теректи түп
тамыры менен жулуп алышып, балага жетип келишти. Ошол жерден үчөө кемпир менен алышып отуруп, көлгө түшүп кетишет. Бала болсо теректен түшүп, иттерин күтүп отурса иттери кемпирди өлтүрүп, суудан чыгышты. Бала аларды ээрчиткен бойдон үйүнө келип, аялынын кастыгын билген соң чекеге атып өлтүрөт.
«Эми жоомдон кутулдум го» деп, баягы багып алган атасына барып, бала атын
минип, үч итин ээрчитип, үйүнө кетмек болуп жолго чыгат. Айылга
жакындаганда чогулган элди көрүп, чуулдаган үндү угуп, бир койчудан: «Бул
эмнеге чогулуп жаткан эл?» деп сурады эле, анда койчу: «Ээ балам, анын эмнесин сурайсың. Мен ошол үйдүн койчусумун, чуу чыккан Көчпөсбай деген байдын үйү, өзү өмүрүндө көчүп көргөн киши эмес эле, мындан эки жыл мурун жайыты түгөнүп, тегерегинде оттой турган чөп калбай калганда, бүт өмүрүндө бир гана көчкөн болучу. Ошондо жалгыз баласынын сакасы журтта калып, «сакамды алып келемин» деп кеткен эле, ошол бойдон байдын баласы кайткан жок. Көчпөсбай ошонун ашын берип жатат» деди. Бала койчунун сөзүн угуп: «Эмесе, байга барып сүйүнчү алгын, ошол баласы менмин» деди.
Койчу тебетейин көккө ыргытып, таягын алыс ыркытып, байдын астынан
чыгып: «Сүйүнчү байым, сүйүнчү!» деди. Бай ачууланып: «Мен уулума аш берип жатсам, сен сүйүнчү дейсиң, кана айтчы, эмнеге сүйүнөм, жалгыз баламдан айрылганыма сүйүнөмбү?» деди. Анда койчу: «Байым, сүйүнчү!.. Ачууңду тыйгын, эл-журтуңду жыйгын, тойго айланткын, жалгыз уулуң кайтып келди» деди. Бай сүйүнүп, уулу менен көрүшүп, ашын тойго айландырып, жыргап жатып калган экен.

АЛТЫН КУШ


Илгери бир абышканын үч уулу жана бир чоң түп алмасы бар экен. Ар жылы
анын мөмөсүн жеп, абышка жашарып турчу экен. Бир жылы быша элек кезинде ошол алмасын белгисиз бирөө келип жеп кетет. Келерки жылы абышканын улуу баласы күзөтүп отуруп, түн ортосу ченде уктап калып, жегизип жибериптир.
Андан кийин ортончусу күзөтүп, ал дагы уктап калат. Абышка үчүнчү жылы
кичүү баласына кайтартат, ал уктабастан, куурай ойноп отура берет. Бир убакта алтын куш келип алмага конуп, алманы жей баштайт. Бала акырын барып, канаттан алганда куш учуп кетип, бир канаты үзүлүп, колунда калат. Бала эртеси атасына куштун бир канатын алып келди эле, атасы: «Канатын таапсыңар, эми өзүн тапкыла» дейт. Кушту издемек болушуп, абышканын эки уулу келишкен ат минип, келишимдүү курал алып жүрүп кетет. Ошондо абышканын кичүү баласы:
«Мен да барамын» деп атасынан уруксат сурайт. Атасы макул болуп, сары
кунанын балага токуп берет.
Бала жүрүп отуруп жол боюндагы кара ташка келип такалат. Кара ташта кара
жазуу турат: «Сол жакка баргандын өзү өлөт, оң жакка баргандын аты өлөт».
Ошондо сары кунанга тил бүтүп: «Өлсөм өлөрмүн, оң жакка бара бер» дептир.
Бала оң жакка түшүп олтуруп бир токойдун ичине киргенде бир бөрү качырып сала берет. Бала аттан түшө качат. Бөрү атты басып калат. Аттан айрылып, бир терекке жашырынып ыйлап отурган балага карышкыр жетип келет. Бала коркуп кетет. Ошондо бөрү: «Коркпо, мен сенин атыңды жедим, эми тилегиңе жеткиремин» деди. «Издегеним алтын куш эле» дейт бала. Анда карышкыр: «Эми сен менин үстүмө минип, көзүңдү жум» деди.
Бала бөрүгө минип, көзүн жумду эле, бөрү нечен тоолорду ашып, бир убакта
«көзүңдү ач!» деди. Бала көзүн ачса, бир шаарга келиптир.
Ошондо бөрү: «Куш мына бул үйдө, акырын барып бутунан албай, канатынан
кармап алып чык» дептир. Бала киргенден кийин карышкырдын сөзүн унутуп, куштун бутунан алса, бутундагы коңгуроосу шылдырап кетип, кандын жигиттери ойгонуп, баланы кармап алышат. Эртең менен канга алып келди эле, кан: «Кушту неге уурдадың?» деди. Анда бала: «Менин атамдын бир түп алмасы бар эле, ошону жеген сайын атам жашарып туруучу эле, кушуңуз үч жылдан бери алманы жеп
кетип, атам ошондон бери карып бара жатат» деди. Кан: «Атаңдын жумушунда жүргөн бала экенсиң, сенин каныңды кечтим ушу жакта бир кандын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келсең, кушту беремин» деди. Бала бөрүгө келип. «Кан бир кандын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келсең, алтын кушту беремин деп айтты» деди.
Анда бөрү: «Коркпогун, үстүмө мин да, көзүңдү жум» дейт. Бөрү бир убакта
«көзүңдү ач!» дегенде бала көзүн ачса, дагы бир шаарга келип калыптыр. Ошондо бөрү: «Кырк сарайдан кийин бир сарай бар, ошол сарайдын ичинде алтын жалдуу ат бар, чылбырдан кармабастан, акырын жалдан алып жетелеп чык» деди. Бала кирип барып карышкырдын айтканын унутуп коюп, чылбырдан жетелеп
алып чыгам деп дагы колго түшүп калат. Эртеси кандын алдына алып барганда бала эмне үчүн келгенин айтты. Анда кан: «Сен бала, атаңдын жумушунда жүргөн экенсиң. Сени жазага тартпайм. Ушул жакта Банча деген кандын бир сулуу кызы бар, ошону алып келсең, алтын жалдуу, куйруктуу атымды беремин деди» деп, бөрүгө айтты эле, анда бөрү: «Дагы үстүмө мин» деди. Бала бөрүгө минип, көзүн жумду. Бөрү жүрүп олтуруп, «ач көзүңдү» дегенде көзүн ачып эки жагын караса, таң сүрүп калыптыр. Ошондо бөрү «сен ала албайсың, эми мен барайын» деп баланы ошол жерге таштап, өзү жөнөп кетти. Кандын кызы эртең менен алдына кырк кыз, артына кырк кыз, оң жагына кырк кыз, сол жагына кырк кыз алып, бак ичине сейилдикке чыккан эле. Бөрү тамдан секирип түшүп, алма жыгачына жашынып туруп, кыздар жанынан өтө бергенде кандын кызын илип кетти.
Жолдо келатып кыз менен бала бири-бирине ашык болуп калат. Бала бөрүгө:
«Экөөбүз айрылбайбыз, ушунун ылаажысын тапсаң экен» деди.
Ошону менен шаарга келишти. Бөрү кубулуп, баягы кыздан да сулуу кыз
болду. Бала канга айткан кызың деп кубулган бөрүнү алып келди эле, кан балага ыраазы болуп, атын берди.
Кыз менен бала андан ары кете беришти. Кан кызды бир үйгө киргизип коюп,
бир убакта жанына барып отурайын десе, кыз жок, карышкыр турат. Кан коркуп чалкасынан кетип, эси ооп калганда карышкыр сыртка чыгып жолуна түшөт.
Аңгыча бөрү кыз менен баланын артынан жете келди, үчөө алтын кушу бар
кандын шаарын көздөй жөнөштү. Жолдо бала бөрүгө: «Бул аттан да айрылгым
келбейт, ушуга бир амал тап» деди. Бөрү: «Макул» деп кубулду да, келишимдүү ат болду. Бала атты канга алып барып берди эле, кан ыраазы болуп, ага алтын
кушун берди. Бала алтын кушту колуна кондуруп алтын жалдуу атты минип,
сулуу кызды алып өз үйүн көздөй андан ары жөнөп кете берди.
Кан ушул күнү уучуларын жыйнап, баягы бала алып келип берген атты минип тоого ууга чыгат. Уучулар бир түзөңгө аттарын тушап коюп, өзүлөрү кийик өңүп кетишет. Алар кетери менен ат болуп кубулган бөрү өз түрүнө келип, тушалган аттардын баарын жеп алып балага жете келет. Үчөө жүрүп олтуруп, баягы баланын атын жеген токойго келгенде токтошуп, бөрү балага бир мурутунан бир
кыл жулуп берип достошуп ошол жерде калат.
Кыз менен бала андан ары жүрүп олтурат. Бир кезде кыз: «Ушул жерде ат
чалдырып, түнөп кетели» дейт. Бала макул болуп, конуп калышат. Экөө уктап
жатканда эки агасы келип: «Атабыз бул тапты, экөөң таппадың, — деп, — бизди жаман көрөт» деп акылдашып, инисин өлтүрүп, кызын, кушун жана атын алып кете беришет.
Бир күнү баягы токойду көздөй жүргөн желден улам бөрү баланын жытын
сезип, ага жетип келет да, досунун өлүгүн каргалар чокуп жеп жатканын көрөт.
Ал жерден бөрү каргалардын пашаасын кармап алып: «Өлбөстүн суусун алып
келгиле, же болбосо коё бербеймин» дейт. Карганын пашаасы каргаларды
өлбөстүн суусуна жиберет.
Алар өлбөстүн суусун оозуна алып жетип келишет. Бөрү карганын төрөсүнүн
канын сууга аралаштырып балага сыйпайт. Бала: «Көп уктап калыптырмын» деп тура келет. Бөрү балага: «Сени агаларың өлтүрүп кетиптир. Менин үстүмө мин, үйүңө алып барып коеюн» дейт.
Барса кызды улуу агасы алганы жатыптыр. Бала: «Үйгө кирип, чоор ойноп
берүүгө уруксат сурап бер» деп, бир кемпирди атасына жиберет. Кемпир тыштан кирип: «Бир бала чоор ойноп берейин, уруксатпы деп жатат» деди. Анда атасы: «Кирсин, балким, менин кичүү баламдын күүсүн ойноор, кирсин» деди. Бала үйгө кирип чоор ойноп берет. Ошондо кыз: «Мени алган бала ушул, бул экөө муну өлтүрүп, мени мында алып келген» деди. Атасы иштин жайын түшүнүп, кызды кичүү баласына алып берди. Бир күнү баягы карышкыр кубулуп дубана болуп балага келди. Бала аны таанып, жакшылап урматтап, коноктоп узатып жиберет.
Абышка жыл сайын баягы алманын мөмөсүн жеп, жылдан-жылга жашарат экен.

КАРАЧ БААТЫР

Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур. Алардын Эгизбек Сегизбек
деген эки уулу бар экен. Жайнаган жылкысы бар экен. Эки бала эр жетип
Тайгылмандын тайгак ташы деген жерде жылкыларды жайып коюп, жата
беришет. Тайгылмандын ташына тайгаланып, эч бир адам чыгып көрбөптүр.
Ошондуктан, эки бала ээн-эркин жылкыларын жайып коюп, эртеден кечке ордо атышчу экен. Күндөрдүн биринде Буктугул жана Шуутугул деген эки дөө баягы тайгак ташты түбү менен омкоруп ташташып, эки баланы жылкылары менен алып кетишет.
Балдардын атасы жылына бир келип, балдарын көрүп кетчү экен. Бир күнү
келсе, ордосу тигилген бойдон калып, балдары жок, баягы таш болсо казылып
ташталган. Абышка балдары жоо колдуу болуп кеткенин сезип, ыйлап-сыктап
үйүнө келет. Ошентип, абышка-кемпир куу баш аталып, баладан да, малдан да
ажырап, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып калышат.
Күндөрдүн биринде абышка уктап жатып түш көрөт. Түшүндө бир аппак сакал
абышка көрүнүп: «Ыйлаган менен эч пайда таппайсың, тиги жогоруда бир булак бар, ошол булактын жанындагы мазар терекке барып, түбүнө түлөө өткөрүп, кемпириң экөөң түнөгүлө. Түн ортосунда көктөн бир ак алма түшөт, аны өзүң жегин. Таңга маал кызыл алма түшөт, аны кемпириңе бер. Арадан көп убакыт өтпөй балалуу болосуңар» деп айтып, көздөн кайым болот. Абышка чоочуп ойгонсо түшү. Ашып-шашып мазар терекке барып, түлөө өткөрүп кемпири экөө түнөп калышат. Абышканын айтканындай түн ортосу ченде асмандан ак алма түшөт. Аны абышка өзү жейт, бир убакта кызыл алма түшөт, аны кемпирине берет. Эртеси үйүнө кайтышат. Арадан көп убакыт өтпөй эле кемпиринин боюна бүтүп, тогуз айдан кийин эркек бала төрөйт.
Бала жерден боорун көтөрө баштагандан шок чыгат. Айылдагы балдарды
уруп согуп, чуу салат. Бала ошентип жүрүп, онго чыгат. Бир күнү бир кемпирдин баласын токмоктоп коет. Кемпир баланы каргап: «Сен андай эле кыйын болсоң эки агаңды таап албайсыңбы?» дейт.
Буга чейин бала эки агасынын жоголгонун билчү эмес. Кемпирдин сөзүнөн
улам капа болуп үйүнө келет. Келсе энеси үйүндө жок экен. Бала жалгыз гана
казанды калтырып, үйүндөгү идиштердин баардыгын катып коюп, энеси
келгенден кийин: «Эне мага буудай кууруп берчи» дейт. Энеси буудайды казанга кууруп жатканда бала эшиктен: «Энеке эле, энеке! Көгүчкөндөр учуп өтүп кетмек болду, мен буудай чачып тузакка илиндирип ала коеюн, кууруп жаткан буудайды алып чыга кой» деп шаштырып калат. Кемпир шашкан бойдон идиш таппайт, «Энеке, энеке, идиш жок болсо, колуңа эле уучтап чыга кал» деп, баласы дагы кыйкырат. Энеси ысык буудайды колуна уучтап чыга калат. Бала энесинин колун ысык буудай менен кабыштыра кармап: «Айт, энеке, чыныңды, менин эки агам болгонбу, же жок беле?» дейт. Колу ысык буудайга күйүп чыдабаган энеси:
«Сенин Эгизбек, Сегизбек деген эки агаң болгон. Аларды жылкы багып жүргөн
жеринен Шуутугул, Буктугул деген эки дөө алып кетти деп угабыз, анык-чынын билген адам жок дейт.
Бала энесинин сөзүн уккандан кийин: «Эмесе, энеке, мен ошол эки агамды
издеймин» дейт. Ага баланын эне-атасы: «Азыр сен жашсың, балтыр этиң толо
элек, барар чагың боло элек, койгун балам» деп болбой коюшат. Бала үч күнү
тамак ичпей таарынып жатып алат. Акыр аягында кемпир-чалдын айласы кетип, макул болушат. Баланын онго чыкканга чейин аты коюлган эмес экен: «Эми жок дегенде баланча балабыз бар деп айтып жүргөнгө атыңды коюп алалы» деп, кемпир-чал элди чакырып, той берип, баланын атын коюп берүүнү элден суранышат. Балага кандай ат коерун биле алышпай, ак сакалдар кара сакалды карады, кара сакалы кер мурутту карады, кер муруттар боз балдарды карады, боз балдар качып, качып тарады. Бирок эч кимиси ат тандай албайт. Ошентип кысталып турушканда, кайдан жайдан бир абышка пайда болду. Ошондо абышка баланы өзүнө каратып: «Баатыр болчу кебетеси бар экен, аты Карач баатыр болсун» дейт. Элдин баары Карач баатыр болсун деп батасын берип тарап кетишет.
Бала эли-журту, ата-энеси менен коштошуп, жүрүп кетет. Жүрүп келатып бир
аңга тыгылып жаткан даакысы түшө элек сары тайды көрөт. «Сен да бир шордуу өңдөнөсүң» деп, ал тайды аңдан чыгарып коюп, андан ары кете берет. Тай болсо кишенеп артынан калбай, Карачты ээрчип алат, кууса да болбойт. «Эми болбостур» деп, тайдын башына нокто катар замат, ал кунанга айланды, тердик салса, бышты болду, ээр токуганда жайкалган опол тоодой ат болду. Ошентип, бала сары тулпарга минип, сары жол менен жөнөп кетти. Жолдон атка тил бүтүп адамча сүйлөйт: «Сен ушул жол менен жүрүп отурсаң, жолдо бир терек бар, ал терекке жеткенде менин ээр токумумду алып, аса байлап кой, ошол теректин ылдый жагында бейит бар, бейиттин арасында күмбөз турат, ошол күмбөздүн ичине кирип тердигиңди астыңа салып, ээриңди башыңа жаздап, күн чыгышты беттенип, коркпой жата бер. Эртең менен бир киши келет да: «Бул жерге адамзат келчү эмес эле деп, «ой жигит тур деп ойготот. Анда турбагын. Андан барып аяк жагыңдан ойготот,
анда салам айтып тура кал да, ал адам менен достошуп кайра кайт» дейт.
Бала аттын айтканындай кылып, атты терекке аса байлап таштап, өзү
күмбөзгө барып жатып калат. Эртең менен бир адам келип: «Бул жерге адамзат келчү эмес эле», деп, ойготсо ойгонбой коёт. Аяк жагына келип ойготкондо тура калат. Белгисиз адам Карач менен достошуп, ага сырын айтат: «Мен да бир абышка кемпирдин жалгыз баласы элем. Эртең менен «жоо келди» деген кыйкырыктан улам шашып эшикке чыга калганымда бирөө ай балта менен жыга чапты. Көрсө келген жоо Буктугул менен Шуутугул деген эки дөө экен. Экөөнүн учкаштырган эки баласы бар эле, болду-болбоду сенин агаларың болуш керек.
Эгерде ошол дөөлөрдү өлтүрсөң, «Нурпери досума атадым» деп башын кесип ал.
Эки дөөнүн кырк сары ала тулпары бар, ошол кырк тулпарды тең «Нурпери
досума атадым» деп мууздагын да, аларды баккан эки кызды дагы өлтүр. Алар
тирүү калса, «адам баласына көп жабыр тарттырат, ошол эсиңде болсун» дейт.
Карач тиги адам менен коштошуп, атын токунуп, жолго чыгат. Бир жерге
келгенде аты кан сийип, баспай туруп алат. Карачтын айласы кетип, ээр токумду шыпырып алып, көтөрүп жолго чыгат. Бир аздан кийин аты артынан жетип келет. Аны минип алып, кайра жолго чыгат. Дагы бир топ баскандан кийин аты артынан дагы кан сийип баспай коёт. Ээр токумун көтөрүп алып, андан ары жөнөйт. Бир аз узагандан кийин аты артынан келди, Карач ага минбестен жөө баса берди. Ал аңгыча ат айланып көрүнбөй алдыга өтөт да: «Бул чыныгы баатыр бекен?» деп сынамак болуп камыштын арасынан кара чаар жолборс болуп, Карачты качырып калат. Карач болсо, «эки агамды жоготуп өлбөгөн, сенден өлөмбү» деп кылычын сууруп, качырып кирет. Ошондо: «баатыр сабыр кыл, жолборс менмин» деп, өз аты алдына тура калды: «Сенин эки агаңды алып кеткен эки дөөнүн бири — Буктугул сени издеп келе жатат. Анын аты менин тилимди байлап коюп, мен кан сийип баса албай жаттым. Эми мен ал аттын тилин чечилбес кылып байладым. Ал болсо менин тилимди байлай турган сыйкырын жоготуп койду. Эми мен бир сары ала ат болоюн, сен укурук сүйрөгөн жылкычы бол, аларды амал менен өлтүрбөсөк, жөн өлтүрүү кыйын. Сен барып салам айткын, ал кайда баратканыңды сураса, жылкы жоготуп, издеп жүргөнүңдү айт. Ошондо дөө: «Карач деген келатат дейт, аны билесиңби?» деп сурайт. «Билем» дегин. «Ал жоого сексен өгүздүн этин бүт жеп, жети күнү көлдөн башын чыгарып, кар жаадырып жатат. Жети күндө көлдүн үстү тоңот, ошондо муздарды асманга атылтып, Карач тура калып, жоого чыгат» дегин.
Карач макул деп, жылкычынын кейпин кийип жөнөп калат.
Аңгыча Буктугул дөө астынан чыгат. Карач токтоп салам айтат.
Анда дөө:
— Кайдан келатасың? — деп сурайт.
— Байдын жылкычысы болом, жылкы издеп келатамын.
— Карач деген неме келатат дейт, билесиңби?
— Билем.
— Ал жоого чыгардын алдында эмне кылчу эле?
— Ал сексен өгүздүн этин жеп, жети күн көлдөн башын чыгарып жатат да,
анан жоого чыгат. Жоого чыгарында көлдөгү муздар чатырап жарылып, асманга атылат.
— Андай болсо, мен да сексен өгүздүн этин жейин, өгүздү союшууга мага
жардам бер, — дейт.
Карач макул болот. Дөө экөөлөп сексен өгүздү соет. Карач этин бүтүндөй
бышырып, дөөнүн алдына коет. Бала ары-бери карап бир жилигин жегиче, дөө
сексен өгүздүн этин бүт жейт да, кар жаадырып, суук чакырып, көлгө жатып
калат. Жети күн болгондо Карачтан: «Турайынбы?» деп сурайт. Карач: «Турсаң
болот» дейт. Көлдө жаткан муздар чатырап жарыла баштайт. Анда Карач чочуп кетип: «Кокуй, мен унутуп калыпмын. Дагы жети күн, бардыгы он төрт күн жатат» дейт. Дөө дагы жети күн жатат. Он төрт күн болгондо муз дагы калыңдап катып, дөөнүн мойну гана кекеңдеп, муздан чыга албай калат. Ошондо Карач Буктугулдун башын «Нурпери досума атадым» деп туруп, кылыч менен кыя чаап салат. Аты кубанып «сени Карач дебесем, сени Карач жутпасам» деп кыйкырып өтөт. Өтүп баратканда Шуутугулдун жонунда ак кебез булактап бараткан болот.
Ошол жерге таамай сайсаң өлтүрөсүң, антпесең алышып алың, күрөшүп күчүң жетпейт дейт.
Бала жолдун жээгине Шуутугулдун келерин күтүп жатып калат. Бир убакта ач
кыйкырык салып, дөө чаап келаткан болот. Жонунан кебез булактап чаап өтүп барат. Карач аны жонго сайып өтөт. Дөө ошо замат аттан кулап түшөт. Анын башын да кесип алат. Шуутугулдун аты асманга уча бергенде Карачтын аты «муну өлтүрүү керек, антпегенде Шуутугулду кайра тирилтип алат» деп
куйруктан тиштеп жерге алып түшөт. Карач эки дөөнү өлтүрүп, алардын
сарайына барса, сарайда бири-бирине коендой окшош кырк сары ала тулпар
байланып турат. Карач кыркын тең мууздап, Нурпери досуна арнайт, эки
сыйкырчы кыздын да башын алат. Ошентип эки дөөнүн катуудан казаны,
жумшактан күлү калат.
Андан эки агасын издеп келатса, бир төөгө жүк артып учкашып келаткан эки
абышка алдынан чыгат. Алардын жөн-жайын сураштырса, эки абышка жоготкон эки агасы болуп чыгат. Бала өзүн аларга тааныштырып: «Мен силерди кармап келген дөөлөрдү өлтүрдүм, мен иниңер болом» дейт. «Эгерде инибиз болсоң, биздин эмне белгибиз бар экенин билесиңби?» дешет. «Экөөңөрдүн тең далыңарда калыңар бар» дейт. Чынында эле тиги экөөнүн далысында калы бар болуп чыгат. Ошол жерден үчөө кучакташып көрүшүп, кемпир-чалды көздөй жөнөп калышат.
Келсе алар күйүткө чыдабай, төшөккө жатып калышыптыр. Кемпир чал
балдарын көрүп, кеткени келип, кемтиги толуп, жыргап-куунап жатып калышкан экен.

СОКУРБАЙ


Илгери өткөн заманда көзү сокур, кыялы чукул, дүнүйөгө атагы чыккан, төрт
түлүгү шай, бир чоң бай болгон экен. Күндөрдүн биринде Сокурбай баласына миң дилде берип, базарга жиберет. Баласы базарга бара жатып, бир топ киши чогулуп алып, бир өлүктү сабап жатканын көрүп: «Эмне уруп жатасыңар?» десе «биздин эки жүз дилдебизди карыз алып, төлөп бере элегинде өлүп кетти, ошол карыз үчүн уруп жатабыз» дешет. Бала: «Силердин эки жүз дилдеңерди мен берейин» деп, өлүктү бошотуп алат.
Өлүктү кепиндетип көмдүрүп, дилдесин бүт зарп кылды. Кечинде үйүнө
кайтканда атасы: «Эмне алып келдиң, балам?» деп сурайт. Баласы жолдогу
көргөндөрүн, дилдесин өлгөнгө зарп кылгандыгын айтты.
Сокурбай баласынын жоругуна капаланып: «Шаарга жиберейин, жакшы жигит таап келгин» деди. Баласы базардан он эки жигит алып келди эле, Со курбай арбиринин колунан кармап көрүп: «Булар жолдоштукка жарабайт, балам» деп, чогуусу менен кетирип жиберди. Бала дагы бир күнү шаарды карай келе жатса, астынан бир жигит чыгып салам берет. Бала алик алып, жолдош боло турган жигит издеп жүргөнүн айтты эле, «эмесе мен жигит болоюн» деп, алиги чоочун жигит ээрчип келди. Сокурбай жигитти колунан кармап олтуруп «ушу жигит жарайт» деп урматтап, сыйлуу кабыл алды.
Беш-алты күндөн кийин кырк төөгө жүк артып, баягы жигитти кербен башы
кылып, өзүнүн баласын, дагы бир канча жигиттерди кошуп, соода кылып келүүгө жөнөтүп жатып: «Жүрүп олтуруп бир узак чөлгө туш келесиңер, анда жалгыз булак бар, суусасаңар дагы булакка карабай өтүп кеткиле» деп бек эскертип, батасын берип, узатып жиберди.
Жигиттер бир канчалык күн жүрүп олтуруп, баягы Сокурбай айткан чөлгө
жетишти. Баланын өтүп кетем дегенине кербен башы болбой жатып, булакка
кондурду. Кербендер жүгүн түшүрүп жатканда бир кемпир жыла басып келип
кыңылдаган үнү менен: «Жетим балдарым бар, багар-көрөөрү жок жетиммин.
Ары-бери өткөн, силерге окшогон мырзалардын кайрымы менен эптеп жан
сактап турабыз» деп, ыйламсырап олтура калды. Кербен башы кемпирдин
курсагын тойгузуп, балдарына өрүк-мейиз жана ар түрдүү тамактарды берип
узатып жиберди да, өзү көрүнбөй артынан ээрчип барды. Кемпир үңкүрүнө кирип беш баласына: «Баягы көзүн мен сокур кылган байдын балдары мына бул булактын башына келип конушту. Уу талканды жасап ошолорго берейин» деп балдарына кеңеш салды, балдары макул болду. Кемпир арыдан бери уу талканды жасап, сарала тулупка салып, үңкүрдүн төбөсүнө илип койду. Кербен башы болгон жигит кемпирдин тулубуна окшош тулупка талкан салып келип ордуна илип, кемпирдин тулубун талканы менен уурдап алып кетти.
Эртеси жүк артып жатса, кемпир жанына келип: «Айланайын балдарым,
кечеги силердин жакшылыгыңарды кантип унутайын, менин колуман келгени ушул, ооз тийип кеткиле» деп колундагы талканын берет. Кербен башы сыр билгизбей: «Ыракмат, энеке, муну балдарыңыз менен өзүңүз бөлүп жеңиз» деп уурдап алган талканын өзүнө кайра берди. Кемпир талканын алып барып, балдары менен чогуу жеп сокур болуп калышты. Артынан аңдып барган кербен башы жигит булардын баарысын өлтүрүп, үңкүрдүн ичин оодарып, эки жүз жыйырма төөнүн дүнүйөсүн таап, оозун бекемдеп бекитип коюп, кайра келди.
Алар жүрүп олтуруп беш күнчүлүк жерге келгенде кербенчилердин алдынан
бир адам чыгып: «Бул жерден алысыраак кетпесеңер болбойт, бөөдө өлүм
болосуңар» деп безеленди. Сокурбайдын баласы кетели деп кербен башчыга
жалынды. Кербен башчы анын айтканына болбой, ошол жерге жүктү түшүрүп
кондуруп, эки жагын караса, жакын жерде бир ак өргөө тигилип турганын көрдү, өргөөгө келсе, бир жак керегесинде кырк кыз, бир жагында кырк кой көгөндө байланып, төрдүн башында бир сулуу кыз ыйлап олтурат. Кербен башы тиги кыздан: «Мында эмне кылып олтурасыңар?» деп сурады.
Кыз: «Биздин шаарды ажыдаар сормок болгондо, элибиз кеңешип, жылына
кырк кыз, кырк кой бермек болушкан, убада боюнча бизди ажыдаарга беришти.
Эртең ажыдаар келип сорот. Жаш бала экенсиң, мында турбагын бекер өлүм
болосуң» деп боздоп ыйлады.
«Ажыдаар келгенде кандай түрдүү болуп келет».
«Мурун шамал болуп, андан кийин мөндүр жандырып, заарын чачып, тилин
чыгарып ышкырып келип, бизди сорот» деди. Кербен башчы жигит белин бекем байлап, таң атканча бутун серппей уктады. Эртеси түшкө чейин ажыдаарды күтүп олтурду. Түш болгон убакта кыздын айтканындай заарын чачып ышкырып ажыдаар келди. Башы эшикке кире бергенде кылыч менен башын жара чаап ажыдаарды өлтүрдү. Кырк кыз менен кырк койду бошотуп, «белги кылып баргын» деп, кыздын белине ажыдаардын терисин ороп берди. Кырк кыз, кырк кой аман-эсен шаарга чубап кирип барганда шаардын эли аң-таң калышты, «кантип аман калдыңар?» деп чурулдап жиберишти.
«Бир жигит ажыдаарды өлтүрүп бизди куткарды» деп, ажыдаардын терисин
көрсөтүштү. Кан ажыдаардын терисин көргөн соң ошол жигитти кайдан болсо
дагы таап келүүгө буйрук кылат. Анткени, кан ажыдаарды өлтүрсө, кызымды
берем деп ант берип койгон экен. Жигит: «Бир жумуш менен шаарга баратат элек, кайра келе жатканда алармын деп коштошуп жүрүп кетти.
Бир канча күн жол жүрүп араң дегенде бир шаардын четине жетип конушту.
Шаардан бир аял келип: «Жаныңардан аша кечкен адамсыңарбы, бул шаардын тышынан түнкүсүн кыбыраган жан да. мал да жүрбөйт. Мында жер бетине атанган жети каракчы бар, береги көрүнүп турган айланасы чоң шаардын баарын
алып бүтүштү. Силерди өлтүрүп коет кеткиле» деди.
«Ал каракчылар кайсы жерде?» деп, жигит сурады эле, аял: «Жаткан жери бул
жерде, жетөөнүн жети чаар аты бар, буларга бүткүл шаардын элинин алы жетпей койду, күн баткандан тартып эле шаарды кымкуутка түшүрөт» деди.
Кербен башы жигит жети каракчынын үйүнө барып түшүп, атын мамыга
байлап коюп күтүп олтурду. Бир убакта каракчылар келип: «Бул ким, кайдагы өлө албай жүргөн акмак биздин мамыга атын байлаган, үйдөн чыккын» деп,
ачуулары келип ызырынып, жетөө тең катарлашып эшикте турушту. Кербен
башы жигит: «Мен» деп акырын жай айтып: «Жалгыз каракчы элем, силерге
жолдош болоюн деп келдим, жетөөң бир шаарды ала албай жүрөт деп уктум,
силер үчүн намысыма чыдабай келдим, мен бул жакта отуз эки калааны алып
келе жатамын» деди. Жети каракчы: «Жалгыз эле кандын казынасы калды, бүт шаарды басып алып болдук» дешти. Сүйлөшүп отуруп: «Бүгүн кандын казынасын тешели» деп кеңешти. Түн кирген соң кандын казынасын тешишти. Анда кербен
башчы жигит алты каракчынын бирөөнү алып: «Биз экөөбүз эле алып келебиз» деп, кандын казынасынын ичине кирди да, ээрчите келген каракчыны өлтүрүп:
«Алыбыз келбей жатат, бирөөң батыраак келгиң, үнүңөрдү чыгара көрбөгүлө,
туюп калбасын» деп, экинчисин чакырды. Ошентип, улам бирин чакырып алып олтуруп, баарын өлтүрүп, жетөөнүн тең кулактарын кесип алды. Жети
каракчынын жети чаар атын тышка айдап чыгып агытып жиберди.
Эртеси бул кабар канга жетти. Кан: «Шаарга бүлүк түшүрүп жүргөн жети
каракчыны өлтүргөн ким болсо да кызымды беремин, алдыма келсин» деп жар чакыртты. Шаардын эли «Мен өлтүрдүм» деп бара беришти. Кан: «Белгиң кана?» десе, белги таба албай, уят болуп кайта кете беришти. Эң артында кербен башчы жигит барып: «Каным, жети каракчыны мен өлтүрдүм» деп, кулактарын көрсөттү. Кербен башы өлтүргөнүнө кан ишенип: «Кыздарымдын ичинен көңүлүңө жакканын тандап алгын» деди. Кербен башы жумуштан баратканын айтып, кайтып келе жатканда алмакчы болуп, шаардан жүрүп кетти.
Кербенчилер бара турган шаарына барып, соода кылып бүткөндөн кийин
кербен башы Сокурбайдын баласынын колуна төрт дилде берип: «Тэтиги
жердеги ээр жасаган устага баргын да ага ушул төрт дилдени берип, «ээр жасап бер» деп буюргун деди. Сокурбайдын баласы барып устага төрт дилдени берип: «Бир ээр жасап бересиз» деп буюрду.
Эртеси кербен башы Сокурбайдын баласынын колуна дагы төрт дилде берип:
«Устага барып, жасаган ээрин карап олтуруп: «Мындан дагы жакшыраак жасап бергин» деди. Уста: «Ээри да курусун, дилдеси да курусун» деп ээр менен дилдени ыргытып жиберип, капаланып атына минип бастырып кетти. Сокурбайдын баласы артынан ээрчип жүрө берди. Уста чоң сууну кечип ак өргөөгө түштү.
Артынан барган Сокурбайдын баласы уктабай түн ортосуна чейин олтуруп, түн ортосу болгондо уктап калды. Көрсө, баягы өргөө кандын кыздарынын ойной турган үйү экен. Кандын кызы уктап жаткан Сокурбайдын баласын көрүп: «Муну өлтүрсөмбү?» деп кылычын сууруп, кайра: «Койчу алтын көкүл неме экен» деп өлтүрбөй, баланын бир жак бетине так салып, таң атканда кетип калды.
Сокурбайдын баласы ойгонсо, күн шашке болуп калыптыр. Тура калса эч нерсе жок, бала «кербен башчы мени бул жакка алдап жиберип, малды бир жакка алып кеткени жүргөн экен» деп ачууланып, кайра келди. Кербен башчы баланын түрүн көрүп: «Сенин малыңды мен албаймын, ал үйгө түн ортосунан кийин кандын кызы келип ойнойт, мен ошону үчүн жибергенмин, сен уктап калып билбептирсиң, күзгүгө карачы кандын кызы так салып кетиптир. Бүгүн барып, таңга маал кыз кетеринде ичигин сурагын, ал берет» деди. Сокурбайдын баласы кийинки күнү барып олтурса, түн ортосунан кийин кандын кызы келип бала менен таң атканча ойноп, таң аткан соң кетмекчи болду. Бала кандын кызынын ичигин сурады. Кыз ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп ичигин берди.
Ичикти алып бала кербен башчыга келди. Кербен башчы кыздын ичигин кийип, кандын үйүнө конок болуп келип олтурду.
Аялы канга карап: «Бул конок кийип олтурган ичик биздин кызыбыздын
ичиги экен» дейт. Кан абайлап карап: «Менин кызымдын ичиги экен, кайдан
алдыңыз?» деди. Жигит: «Сиздин кызыңыздыкы эмес» деди. Кан: «Жок менин
кызымдыкы экен» деди. Жигит: «Туура айткан болсоңуз ичигиңизди алыңыз,
башка болуп калса эмне бересиз?» деди. «Жаңылсам кызымды берейин» деп
убада кылды. Жигит баягы кемпирдин дүнүйөсүнөн кандын кызынын ичигине окшош кырк кызыл ичикти алып келип, ага кыздын ичигин кошуп, кырк бир ичикти: «Кызыңыздын ичигин таанып алыңыз» деп, кандын алдына тартты. Кан ичикти тааныбай койгон соң, убадасы менен кызын берди. Кербен башчы кандын кызын алып кошунга келди.
Ошентип, бала менен кербен башы соода кылган мүлктөрүн алып, ичик
жөнүндө мелдешкен кандын кызын алып, жолдогу эки кызды алып, баягы
булактагы кемпирдин малын алып, эки жүз жыйырма төөнүн жүгү менен
Сокурбайдын үйүнө келип түшүшөт. Сокурбайга көз бүттү. Ал үч кызды, эки жүз жыйырма төөнүн жүгү менен соодаланган малын көрүп аябай ыраазы болду.
Анда жигит: «Эми мага руксаат бериңиз, тапшырган кызматыңызды аткарып
келдим. Мен баягыда уулуңуз базарга бара жатып, көп дилде берип, карыздан
куткарып алып көмгөн өлүк кишимин» деп коштошуп, көздөн кайым болуптур.

ЖАНЕК МЕРГЕН


Илгери өткөн заманда көргөнүн жаза атпаган Жанек деген мерген болуптур.
Ал бир күнү кийик атууга чыгып, бир жерге барганда самаган жерине жетпей
конуп калат.
Уктап жатса, таңга жуук түшүндөгүдөй болуп, бир адам келип: «Жанек, Жанек,
элдин баары кетип экөөбүз эле калдык. Жүрү, бат тур!» деп коюп эле, көздөн
кайып болуп жөнөп кетет.
Жанек чоочуп кетип башын көтөрүп тура калса, жанында киши жок. Жанек
туруп алып, ары-бери басып, эки жакты карап «мени кайып ойготкон экен го» деп таң калат. Атын токуп жөнөйт. Көзүнө кечке бир да нерсе көрүнбөдү. Жанек:
«Мен эмне болуп турам. Түшүмдө киши ойготуп кетсе, күндүз жолум болбосо»
деп, өзүнчө кайгырат.
Кетип бара жатып, кечке жуук бир жерге атын откоруп, эки жакты карап
турса, тоонун башындагы зоонун арасында бир ээр токулган кийик турат, атып жиберсе, таштын жараңкасына кире качат. Жанек кийиктин кирген жерине кошо кирет. Кирип барса бир сулуу кыз: «Алда Жанек ай мени бекер атпадыңызбы?
Эми кантейин аксап калбадымбы? Отуруңуз» дейт. Жанек кыздын сулуулугунан эсинен танып калат. Кыздын караган жагы жарык болуп тургандыгын көрөт.
Үйдүн эки жагында жыбыраган улактар байланып турат. Кыз тура калып,
эчкинин туягынан жасалган идишке Жанекке айран куят. Жанек ичип түгөтө
албайт. «Ичтим» деп кайта берсе, кыз: «Түгөтө ичиңиз» деп аякты албай коет.
Жанек туякка куйган айранды кечке араң түгөтөт. Ал күнү кыз Жанекти
кетирбей кондуруп калат. Көрсө, баягы таңга маал Жанекти ойготуп, кеткен
кайып ушул кыз экен. Эртең менен кыз Жанекке бир жайнамазын берип: «Тиги көрүнгөн кырдын ары жагында дагы эки кыр бар, ошол кырларды ашсаң, бир ээрди желки сары кыз, бир ээрди желки кара кыз келип: «Жанек жездем келиптир, деп тосуп алат» дейт да көздөн кайып болот.
Жанек эки кырды ашып, үчүнчү кырдын башына чыкканда эле, ойдогудай
аппак тигилген үйлөрдү, шарактаган кыз-келиндерди алыстан көрүп таң калат.
Баягы айткан эки кыз келип: «Жанек жездем келиптир» деп эки жагынан жөлөп алып кетишет.
Жанек баягы кайып берген жайнамазды башына коюп кыйшайып отурса,
кыз-келиндер келишип: «Бизди аралап киши келчү эмес эле. Бул адамды ээбиз
жиберген экен го, жайнамазын бериптир» деп өздөрүнчө сүйлөшөт.
Жанек болгон окуяны айтып берет. Ошентип, өргөө көтөрүлүп шаан-шөкөт
менен Жанек баягы кайыптын кызын алат. Барган түнү колуктусу: «Сен таң
аппак атканча кирпик көзүңдү какпай чык, эгер көзүңдү ирмеп койсоң эле,
менден айрылдың?» дейт. Жанек ал түнү таң сүргөнгө чейин уктабай жатып,
аялы таң сүрүп келе жатканда түндүк тартканы эшикке чыгып кетсе уктап калат.
Аялы үйгө кирсе Жанек уктап калган. Кайыптын кызы чыркырап: «Көзүңдү
ирмебе десе, уктап калган тура» деп көздөн кайып болуп көккө учуп кетет.
Эртең менен Жанек көзүн ачса аялы жок. Жанек: «Мени кудай урган экен го,
уктаба дебеди беле, мен айрылган экенмин» деп кайгырып, суунун жээгине
барып, сууга түшүп, жээкте отурса, көктөн чыңырган бир үн чыгат.
Жанек байкап тыңшап калса: «Жанек, Жанек, менин убалыма калдың го,
көзүңдү ирмебе десе, аз калганда сени кудай урдубу» деп кыйкырат. «Эмдиги
жылы так ушул жерге келип этегиңди тос» дейт. Мергенчинин айласы кетип:
«Ушунча жашка чыкканча аялым жок, же балам жок болсо, мага эч нерсе айткан эмес экен го» деп үшкүрүнүп үйүнө кайтат.
Келе жатса, эки коктунун ичи толгон аркар-кулжа, эчки-текелер. Араласа, бир
да бирөө мергенчи деп сезип койбостон жуушап жата беришти. Анда мергенчи:
«Бул жаныбарлар эмне үчүн менден сезденишпейт. Мени кайып колдогон экен.
Бул жаныбарларга тийбеймин» деп, ошол жерге түнөйт да, жуушаган
кийиктердин эң аягындагы бир аксак кийикти атып алып карагайдын түбүнө
барып, этти бышырып жей турган болгондо, аты кошкуруп калды. Аңгыча болбой эки колун тумшугуна каткан бир аял келип, отура кетти. Жанек болсо бычагын кайраштырып койсо баягы аял:
— Болотту да болотко кайрайбы? — деп үн чыгарды.
— Эт жеңиз — деп, Жанек бир кесим эт кесип берди эле, баягы аял жемиш
болуп, жеңине катып жөнөп кетти.
— Токойдо жез тумшук болот дечү эмес беле. Бул мени соо койбойт — деп
ойлоп, Жанек ээр-токумун башына жаздап чепкенин айкарасынан үстүнө жаап киши сыяктуу кылып карагайдын сыныгын жаткырып коюп, отту өчүрүп, мылтыгын октоп, карагайдын башына чыгып кетти. Түндүн бир оокумунда баягы жез тумшук: «Жанек мерген сенсиңби?» деп, кементайды жамынган карагайды мыкчып жыгылды. Жанек мерген: «Менмин» деп атып жиберди.
Жез тумшук бир чыңырды да чала жан болуп, каны чубуруп, үйүнө келет.
Жанек мерген чубурган канды кубалап, из кууп жүрүп отуруп, жез тумшуктун бир таштын жараңкасына кирип кеткенин байкайт.
Караса таштын алдындагы үңкүрдө баягы жез тумшук аял, абышка кемпир
олтурат. Жаралуу аял бутунан кан агып ыйлап жатат.
Жанек мерген үңкүрдүн жараңкасынан туруп баягылардын баарын атып
өлтүрүп, жез тырмактарын кесип алып кайтат.
Антип-минткиче арадан бир жыл убакыт өтүп, баягы аялы айткан суунун
жээгине барып этегин тосуп олтурса, балтайган эркек бала этегине түшөт.
Ал бала баягы алган аялы кайыптын кызынан экен. Жанек баласын багып
жүрүп чоңойтот. Баласы чоңоюп көзгө атар мерген жана акылдуу, балбан болуп, элине кереги тиет. Ошентип, Жанек мерген эл-журту, баласы менен
жыргап-куунап жатып калыптыр.

ЧЫНАРБАЙ


Илгери бир убакта жетишпеген кембагал кишинин аялы токойдон чырпык
терип жүрүп, бир чынар теректин түбүнө толготуп, эркек бала төрөйт да, этегине ороп, Чынар теректин түбүнө туулганы үчүн баланын атын Чынарбай коет Чынарбай чоңое баштаганда, баягы чынар теректин түбүндө ар күнү ойноп жүрүүчү экен. Бала чоңойгон сайын чынар терек дагы күндө узарып өстү.
Чынарбай күндө ойногону келип, чынар теректин күн сайын бир кулачтан
узарганын сезип жүрдү. Чынар теректин өсүшүнүн сырын билүүгө айылдагылар тегерегине кароолчу коюп, кезек менен күндө бир киши кайтаруучу болду. Бирок эч ким эч сыр биле алган жок. Бир күнү Чынарбай өзүнүн жолдош баласы менен чүкө талашып күрөшө кетип, жыгылып чалкасынан түшөт. Чынарбай жаткан
жеринен турбай, көзүн ачып чынар теректин башын бир карап алып, эси ооп
жатып калды. Жолдош баласы үйүнө барып кабар берди. Атасы келип
Чынарбайды тургузуп: «Балам сага эмне болду?» деп сурады эле, Чынарбай: «Мен жыгылып кетип өйдө карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип чынар теректин башына конду. Чынар терек ийилип барып бир кулач узарды. Кыз бир аздан кийин асманды көздөй учуп көздөн кайып болду» деп атасына айтты. Бул чынар терек «Кыздын тереги» экен деп түшүндү.
Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин Чынарбай астына ат минип, үстүнө темир
тон кийип, жанына Ашык деген досун ээрчитип, кызды издеп жолго чыкты.
Чынарбай жолдошу экөө күнү-түнү жол жүрүштү. Ээн талаа эрме чөл, как
эткен карга, кук эткен кузгун жок жерлерден өтүп аттары ыргайдай, өздөрү
торгойдой болушту. Ушул кезде балдардын алдынан бою бир карыш, сакалы миң
карыш адам чыгат. Балдар салам айтып: «Карыя, бул жол кайсы жакка алып
барат?» деп сурашты эле, анда карыя: «Балдарым атыңар ыргайдай, өзүңөр
торгойдой болупсуңар, кызыл өңүңөр самандай болуптур, ыраактан келе жаткан
окшойсуңар, издегениңер эмне?» деди. Чынарбай атынан түшө эки колун бооруна
алып, карыяга башын ийип, өзүнүн көргөн, билгенин айтып берди. Карыя
баланын сөзүн угуп туруп: «Балам жолуң болсун, жаш экенсиң, жаштын тилегин
берет, бактың ачылсын», — деп батасын берди. — Перинин аялы асман менен
учуп, жер көрүп саякат кылып жүргөндө толгоо кирип, үйүнө жетүүгө чамасы
келбей калган. Ошондо ошол чынар теректин башына конуп кыз төрөгөн. Ал
убакта сенин энең кембагалдын аялы болуп, оокаттын айласынан токойдон
чырпык терип жүрүп, толготуп сени чынар теректин түбүнө төрөгөн. Перинин
аялы астына кызын алып, кызын бир карап, сени бир карап чынар теректин
түбүндө жаткан сенин маңдайыңдан бир сылап туруп: «Тиги адамзаттын баласы
болсо дагы кызым экөө бир убакта, бир жерде кудайдын буйругу менен дүнүйөгө
бир төрөлдү. Экөөнүн бактысы, өмүрү жана өлүмү дагы бирге болсун» деп
батасын берген. Кызы чоңойгондо ар дайым чынар теректин башына ойнотчу.
Перинин кызы келген сайын чынар терек бир кулачтан өсүп турчу. Сен күндө
чынар теректин түбүнө келип чүкө ойночусуң» деди. Чынарбай угуп туруп:
«Карыя эми аны мен кайдан табар экемин» деди. Анда карыя: «Балам, жолуңдун
көбүн жүрүп, азы калды. Мындан ары жолуңардан ач бөрү чыгат, таман
алдыңардан кара чаар жылан чыгат, андан унчукпай өтүп кеткиле. Андан ары
көзгө сайса көрүнгүс караңгы калың токой кездешет, токойдогу жырткыч
айбандардын кыйкырыгынан кулагыңар тунат, ал убакта кайрылып карабастан,
атыңарды жыгып мууздап, жырткычтарга сала бергиле. Айбандар силерге
тийбейт. Андан өткөндөн кийин күн батышты карап, кара жерди тешилте
тырмагыла, таң агарып, күндүн нуру төгүлүп келе жатканда жер жарылып жол
ачылат. Ошол жол менен жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнүн өзүнөн
чыгасыңар» деп, көздөн кайып болду.
Чынарбай ээрчиткен досу экөө карыянын айтканындай жүрүп олтурушуп, кыз
уктап жатканда өргөөсүнөн чыгышат. Чынарбай менен Ашык дос кыздын чачын
белдерине беш айланта оролто байлашып, экөө эки ийнине минип, кызды араң
ойготушту. Кыз ойгонуп асманга үч көтөрүлүп, жерге үч конуп: «Эмине кылып
жүргөн жансыңар, максатыңар эмине, издегениңер эмине?» деди.
Чынарбай көп сөз айтпастан: «Мен чынар теректин түбүндө төрөлгөн
Чынарбаймын» деди. Кыз бул кабарды энесине угузду. Энеси Чынарбайдын
маңдайынан таанып, кызын берип жер үстүнө узатты.
Чынарбай колуктусу жана Ашык досу үчөө жер үстүндөгү эл жок, мал жок, бир
тоонун башына келип туруп калышты. Күндө Чынарбай менен Ашык дос экөө
кийик уулап мергенчиликке кетет, перинин кызы ар дайым үйдө жалгыз калат.
Кыз бир күнү эригип отуруп дарыяга барып чачын жууду эле, бир тал чачы
дарыяга агып кетти. Ал дарыянын аягына бир кан суу тегирмен салдырган экен.
Пери кыздын чачы агып отуруп, кандын тегирменин барасына оролуп тегирмен
токтоп калат. Кан тегирменин оодартып карап, жалгыз тал алтын чачты таап
алып, элин чогултуп: «Тегирменге оролгон перизаттын чачы экен, муну ким таап
келет?» деди. Элдин ичинен бир мастан кемпир чыгып: «Эгер тапсам, эмне
www.bizdin.kg
бересиз, каным?» деди. Кан: «Каалаганыңды беремин» деди. Кемпир сүйүнүп: «Он
бештеги балага алып бериңиз, перизатты таап келемин» деди.
Кан кемпирдин сөзүнө макул болду. Кемпир суу ылдый жүрө турган суу
кайык, суу өйдө жүрө турган жел кайык жасатып алып, суу ылдый жүрүп эч нерсе
таппады. Жел кайыкты минип суу өйдө издеп, суунун түпкү жерине барып
токтоду. Кайыгын сууга байлап коюп, өзү кызды издеди. Кечке маал кемпир
кыздын үйүн таап, ыйламсырап кирип келди. «Элибизди жоо чаап кетип, журтта
жалгыз өзүм калдым, ошондон бери тентип жүрүп, силерге дуушар болдум, багар
көрөөрүм жок, кызматыңды кылып, жаныңа эрмек болоюн, эми картайганда
кайда барамын?» деп көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлады.
Кыз: «Энеке, мында жүргөнүңүздүн ылайыгы келбес, күйөөм келгенде
акылдашып көрөйүн» деди. Кемпир: «Андай болсо акылдашып көргүн, мен
кабакка барып далдааланып жатып турайын, эриң жүрсүн десе жүрөйүн,
жүрбөсүн десе, өзүмдүн өлбөй турган оокатымды кылайын» деп кетип калды.
Бир кезде Ашык дос менен Чынарбай кийиктин этин артынып, үйгө келишти.
Эртеси эки дос дагы ууга чыкмак болушканда перинин кызы айтып калды: «Бир
мусапыр кемпир жүрөт, «эл-журтубузду жоо чаап кетип, талаада калдым,
силердин үйүңөрдө жүрүп оокат кылайын» дейт, буга кандай дейсиң» деди. Ашык
дос: «Кууланып жүргөн мастан болбосун, албай эле коёлу» деди эле, Чынарбай:
«Сага жалгыз отуруш көңүлсүз болор, өлө албай жүргөн бир мусаапыр,
кемпирдин колунан эмне келмекчи, жаныңа алып, эрмек кылып жүрөм десең
өзүң бил» деди. Бул сөздү уккандан кийин кыз кемпирди чакырып алды, кемпир
алар менен бирге туруп калды.
Арадан бир нече күн өткөндө кемпир пери кызды сууга ээрчитип келип, чачын
тарап отуруп, «кокуй, тетиги эмне?» деп кайыкты көргөзөт. Андан кийин чуркап
барып, байлаган кайыкты чечип алып, ичине түшүп алып ары-бери жүрдү да:
«Кел сен да түш, суу ылдый бир аз барып, тамаша куруп, көңүл ачып келели»
деди. Кыз эч жамандык ойлобостон кайыкка түшүп, суу ылдый жерди көрүп
кызыгып кете берди. Кемпир кызды кандын шаарына алып келип кандан
сүйүнчү алды. Кан эли-журтун жыйып перинин кызын алмакчы болуп мал союп,
тоюн берип, чачыла дасторконун чачып бүлүнүп калды.
Чынарбай менен Ашык дос кечинде үйүнө келип, пери кызды кемпир азгырып
кеткенин билип, суу бойлоп издешти. Алар таңга маал кандын шаарына жетип
тойдун үстүнөн чыгышты. Тойго жыйылган эл короого жык толуп, көчөгө батпай
кетиптир. Чынарбайга пери кызды көрүүгө мүмкүндүк болгон жок. Ал өзүнүн
келгенин билгизүү үчүн мылтыгын алып учуп бара жаткан кушту түшүрө атты
эле, үйдө олтурган пери кызы Чынарбайдын келгенин мылтыктын үнүнөн билип
кемпирден: «Тышка чыгып келейин» деп суранды. Мастан чыгарбай койгондо
кыздын ачуусу келип, кемпирди көкүрөккө жыга тээп, асманга учуп чыкты да,
Чынарбай менен Ашык досун жыйылган элдин ичинен чачы менен тартып алып,
көздөн кайым болду. Турган эл айран таң калышты, кан менен кемпир оозун
ачып, тоюн чачып кала беришти.
Ошентип булар айлын көздөй жол тартышты. Булардын келе жаткан кабары
Чынарбайдын атасына эки-үч күн мурун угулду. Чынарбай Ашык досу менен
«перинин кызын алып келе жатыптыр» деген сөз айылдан-айылга тарады.
Чынарбайдын өгөй атасы карасына алып, баласына кастык ойлой баштады:
«Менин баламды кудай урган экен, мен аламын деп жүргөн перинин кызын
алыптыр» деп, келинге көтөргөн өргөөгө уу сээп, уулуна камдаган куштун
боосуна уу сыйпап, Чынарбайды өлтүрүп, келинин өзү алуу аракетинде болду.
www.bizdin.kg
Бул убакта Ашык дос түш көрүп, Чынарбайга айтты: «Бүгүн бир түш көрдүм, сага
кийин айтып берем, бирок сенден үч нерсе сурайын, ошону аябай бергин» деди.
Чынарбай макул болду. Айлына жакындаган убакта атасынын уу сыйпап токуган
аттарын алып келишти эле, Ашык дос Чынарбайга мингизбей, аттарды мууздап,
ээр токумун өрттөп жиберди. Бир аздан кийин бир жигит Чынарбайга куш алып
келди. Ашык дос куштун боосун отко салып, кушту учуруп жиберди.
Мындан кийин бир жигит кийим алып келди. Ашык дос аны да өрттөп
жиберди. Элине келгенде атасы уулун уу сыйпаган үйүнө киргизди. Ашык дос
анын өгөй атасынын кылыгына чыдай албай, Чынарбайга айтууга оозу бата
албай жатып уктап кетти. Бир убакта ойгонуп ууктун билегине сыйпаган уунун
пери кыздын бетине тамганын көрдү да, «уу сиңбесин» деп улам соруп түкүрүп
турду.
Аңгыча Чынарбай ойгонуп, пери кыздын бетин соргон Ашык досту көрүп:
«Досум ушундай кылып жүргөн экенсиң го?» деп, көңүлүнө жаман пикир алды.
Ашык дос досунун сөзүнө таарынып, сырын айтпастан, өзүнүн үйүнө кетип калат.
Ашык досу кеткенден кийин Чынарбайга уу жайылып өлүп калды. Эртеси айылга
«Чынарбай өлдү» деген кабар угулганда, Ашык досу келип, «Сен эптеп жан сактап
тура турарсың» деп пери кыз менен коштошуп, Чынарбайды үкөккө салып,
көтөрүп алып жөнөп кетет. Пери кыз болсо «Жети кат темир үй болгун» деп жети
теменени дубалап, жерге сайды эле, айтканындай жети кабат үй болуп калды. Өзү
темир үйдүн ичине кирип, Ашык достун кайтышын күтүп жатты. Ашык дос
дөбөдө олтурса, баягы жол айтып берген сакалы миң карыш, бою бир карыш
карыя пайда болду: «Ээ балам, бул жерде эмне кылып олтурасың?» деди. Ашык
дос көзүнүн жашын төгүп, башын жерге салып: «Айланайын акебай, кичинемден
бирге жүргөн досум эле, өлүп калды, сизден пайда болор бекен деп алып келип
олтурам» деди.
Карыя: «Эмесе, тилегиң кабыл болгон экен, балам» деп сандыктан бир аттап,
таягы менен чаап койсо, Чынарбай үшкүрүп тура келди, карыяга салам айтты.
% Карыя: «Бактыңар ачылсын балдарым» деп көздөн кайым болду. Карыя
кеткенден кийин Чынарбай: «Биз бул жерге эмне келип отурдук?» деп сурады.
Ашык дос көргөнүн, атасынын кылганын айтты.
Чынарбай Ашык досун ээрчитип үйүнө келсе, атасы келинин аламын деп
темир үйдү буза албай усталардын баарын жыйып, көрүк менен үйдү ысытып
жаткан экен. Чынарбай келгенде атасы: «Келинимдин карды ачып калат го деп
темир үйдү бузуп, тамак бере албай
жатамын» деп, өлгөн баланын тирилип келгенине таң калды. Чынарбай үйдү
ачуусу менен тепкенде үй томолонуп кетип, перинин кызы чочуп кетип асманга
учуп чыкканда, Чынарбайды көрүп кайра жерге конду.
Үчөө аман-эсен кайра баш кошуп, кубанычка бөлөнүшөт. Эли Чынарбайды
кандыкка көтөрүп, ал адилеттик менен элди башкарып калган экен.

ЧЫНЫБЕК


Бар экен, жок экен, Миңбай менен Жүзбай бар экен. Миңбайдын миң кою, бир
баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду ээн жайкын эртеден түшкө чейин кырат. Бала болсо ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп: «Кудай куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби» деп баланы ойготот.
Миңбайдын баласы тура калып: «Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби,
менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым эле,
түшүмдү таап бер» деп, Жүзбайдын баласын жаака бир салат. Жүзбайдын баласы карап турсунбу, а да жаака бир салат. Ошентип экөө түштөн урушкан бешимге чейин урушушуп аябай чарчашат. Акырында Жүзбайдын баласы: «Эмне түш көрдүң? Айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?» деди. Миңбайдын баласы: «Каадалуу түш дейт тура. Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жерине Чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде карышкыр кырган кой каадалуу бекен? — деди.
Жүзбайдын баласы: «Сатасыңбы түшүңдү? деди. Миңбайдын баласы
«сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын» деп
убадалашты. Жүзбайдын баласы: «Карышкыр канча коюңду кырды экен деп
санаттырса, Миңбайдын баласынан туура жүз коюн кырыптыр. «Жүз коюмду өлтүрүптүр, жүз коюңду бердиңби?» деди. Экөө «алдым, саттым, береке» деп кол алышып, кечинде үйлөрүнө кайтып келишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды эле, атасы тура калып «кокуй балам,
коюң кайда?» деди. Баласы: «Атаке түшкө сатып жибердим», деди. Жүзбай: «Ал
эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?» деди. Анда баласы күлүп: «Башыма күн тууп, аягыма Ай тууп, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган» түшкө саттым, атаке деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жерине келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп, баласын кубалап жиберди. «Эгер койду таап келбесең ичиңди жарып, башыңды итке салбасам, Жүзбай атым өчсүн» деп, ачууланып кала берди.
Бала айлап-күндөп жүрүп отурду. Башы ылжыраган таз болду, курсагы ач
болду. Ошондо асманда учуп бараткан каргага кайрылып: «Карга аке, ынтымакка келеличи, бир табактан жешели, ачка өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун каргага сунду эле, карга: «Ошондой бол, таз балам, коюңа салган чөптөн жейин деп барсам, жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, дагы сага чала болуптур» деп өтүп кетти. Мындан кийин үстүнөн бир көгүчкөн учуп өттү.
Бала буга да кайрылып: «Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун сунду. Көгүчкөн: «Ошондой бол, таз балам, кар жаап, борошо урганда корооңдон тамак жейли деп барсак, тузак тартып, ата-энемди, бала чакамды, кармап алгансың, ата-энең: «Кое бер, убал болот» десе «убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу» деп, шишкебек кылуучу элең, эми мусапыр болдуңбу? деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондон кийин бала «өлсөм дагы адам жетпес дөбөгө
жетип өлөйүн, этимди карга кузгун жесин» деп, илкий басып андан ары жүрүп отурду. Акыркы бутун шилтей албай каруусу калбай калганда дөбөгө келип, башына таяк жазданып, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп жатып үлгүрөп уктап кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: «Ой бала, тургун, атка мингин, деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артына айланып карап түрү суук бир таз баланын атына минип келе жатканын көрдү да, атып салмак болуп саадагын сууруп алды. Бирок кайра ойлонуп, «буйрук ушул болсо бул бечаранын канына сабын болбоюн» деп кыз сабыр кылып жүрүп отуруп бир тоого келишти.
Эмки сөз кыздын тазга кандайча жолукканы жөнүндө болсун. Кыз өзү
Күлгаакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Ал Сейит чалдын Өмүраалы
деген уулуна качмак болуп убадалашыптыр. Ушу түндө адам жетпес дөбөгө
Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи экен. Жигит ал күнү дөбөгө жетпей
калып, буйрук менен кыз тазга дуушар болду. Кыз таздын башына дары сыйпады эле, жети күндө кундуздай кара чач чыкты. Ошентип Айым сулуу «кудайдын буйругу» деп таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек эле.
Күндөрдүн биринде Айым сулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке айтты:
«Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр» деди. Чыныбек: «Андан коркпо, түшүң жакшы түш экен, мен аны өлтүрөт экенмин» деп жаман сары курумшу курчанып жүрүп кетти. Барып Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казандын ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Аңгыча Өмүраалы кырк жигити менен келип: «Кокуй, куйка таз ушу, тегеректен карсылдатып сабагыла» деди эле, жигиттери: «Таксыр, куйка тазыңыз адамбы?» деп сурашты.
Өмүраалы: «Ооба, адам» деди. Анда жигиттер: «Адам болсо кантип тигилүү үй,
жагылган от, кайнаган эт болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин
тамагынан жебей кетсек, жолубуз болбойт» деп, түшө калып, кырк кулактан
кармап чыгаралы дегенде казан жарылып кетип, Өмүраалы баштап кырк бир
киши күйүп өлүп калды. Чыныбек таз аларды кандайча айла менен өлтүргөнүн Айым сулууга айтып берди.
Арадан бир жума өтүп, жуманын түнүндө Айым сулуу түш көрүп, эртең менен
тура калып: «Түндө түшүмдө Сейит чал баламды тиргизип, келинимди тапкызып алып, Чыныбекти өлтүрөм деп келе жатыптыр» деди. Чыныбек таз муну угуп, «экинчи үйүн көргүсүз кылайын» деп, курумшу курун курчанып жүрүп кетти.
Барып Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп боздоп жүрдү.
Сейит чал көрөрү менен куйка таз экенин билип, кармап алды.
Үйүнө алып барып чөгөрүп коюп, темир казыкты өркөчүнө кагып;
«Келинимди таап бергиң, баламды тирилтип бергиң» деп боздотуп кыйнай
баштады. Куйка таз тайлак болуп муңданып эки көзүнүн жашын мончоктотуп, төгүп ыйлап турганда, Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип:
«Айланайын атаке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын
кыйнабасаңар, бул деле кудайдын бир макулугу турбайбы» дешти.
Сейит чал: «Жок баламдын түбүнө жеткен чунак ушу» деп, ансайын ура
баштады. Таз тайлак андан бетер көзүнүн жашын мончок-мончоктотуп төккөндө, эки кыз: «Атаке, ушу тайлагыңды бизге бериңиз» Ит Ичпестин ала көлүнөн сугаралы, эгер суудан ичсе төө экени, ичпесе адам экени, анык куйка таздын өзү.
Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз, бербесеңиз мойнубузга аркан
салып муунуп өлөбүз» дешип коркутушту. Чал: «Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын» деп корккон бойдон бере салды. Эки кыз жетелеп алып, көлдү көздөй жөнөп калды. Тайлак жолдо секирип, ойноп тамаша салды. Кыздар каткырып күлүшүп, кумарга канды. Ошентип, Ит-Ичпестин ала көлүнө жетишип тайлакты сугарайын деди эле таз акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп кетти. Эки кыз тилдерин жебиретип, бойлорун кибиретип, алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, атасына: «Ырас эле куйка таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти» деп ыйлап барышты. Сейит чал «эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле» деп, эки кызын ээрчитип сууга келди. Суунун баарын ууртап, коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек таз жөргөмүш болуп кубулуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүштү эми тиштейин дегенде Чыныбек асманга турумтай болуп учуп жылкычы чымчыкты тырпыратып басып, мээсин чукуп өлтүрүп, учуп кетти.
Чыныбек келип, Сейит чалды кантип өлтүргөнүн айтты эле, Айым сулуу кубанып: «Эң жакшы кылыпсың, эми эл-журту бар жерге барып оокат кылалы» деди. Булар жүрүп отуруп, Кара хандын жерине келип, кандын айлынын жанына чөптөн алачык жасап туруп калышат. Бир күнү хан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Кушун бир түлкүгө салса албастан айланып учуп, таздын чөп алачыгына барып конуп олтуруп алды. Кан келип: «Ой, үйдө адам болсо, чыгып кушумду алып бергилечи» деди. Айым сулуу тазды карап: «Кан келди, баатыраак чыгып кушун алып берчи» деди. Таз: «Өзүң эле алып бере салбайсыңбы, кан жутуп коймок беле» деп урушуп койду. Айым сулуу кушту алып берейин деп чыга
калганда кан аялдын сулуулугунан эси ооп, аттан кулап түштү. Айым сулуу:
«Ушунчалык кан болуп туруп, киши көрбөгөн экенсиз» деп алтын жоолук менен аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Кан Айым сулууну көргөн жерден ашык болуп калат. Айым сулууну кантип
алуунун амалын таппай, бир күнү тазды чакырып алып: «Чыныбек баатыр, сага эп болсо бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да э рсиң, көптөн бери тим жатып мен да эриктим» деди. Чыныбек таз: «Кандай тамашасалсаңыз да мени качат экен деп ойлобоңуз» деди. Кара хан: «Катын сайышып, жашынмак ойнойлу» деди. Таз: «Макул нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?» деди. Кан: «Үч күндөй болсун, менден башталсын» деди. Биринчи болуп кан жашынды. Таздын ары-бери күйпөлөңдөп жүгүрүп жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди эле, «Канды карап жүрөмүн» деди.
«Кайдан карайсың?», «Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын» деди.
Анда Айым сулуу: «Булардан таба албайсың, ат байлаган сарайда чоң ак эркеч
турат. Ошону сакалынан алып бакылдатып сабасаң, өзү туруп келет» деди.
Чыныбек келип эркечти бакылдатып сабады эле, кан: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» деп тура калды.
Экинчи күнү кан дагы жашынды. Таздын ары-бери карап таба албай жүгүрүп
жүргөнүн Айым сулуу көрүп чакырып алып: «Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессең, кан өзү туруп келет» деди. Таз чуркап барып, теректин өзөгүнө чейин кести эле, «мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» деп кан ордунан туруп келди.
Үчүнчү күнү кан дагы жашынды. Айым сулуу таба албай жүргөн күйөөсүн
чакырып: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди. Таз: «Канды таба албай жүрөмүн» деди.
Анда Айым сулуу: «Кандын эшигинин алдында өсүп турган жалгыз гүлдү үзүп
алсаң өзү туруп келет» деди. Таз кандын эшигинин алдына барып: «Жалгыз сага
эмне бар?» деп, гүлдү үзүп алды эле, кан: «Таз мөөрөй сеники» деп тура келди.
Кан үч жашынып үчөөнү тең таптырып койгон соң: «Эми бир жашынайын,
меники төрт болсун» деди. Таз макул болду. Кан төртүнчү жолу жашынды.
Таздын дагы ары-бери чуркап жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып
жүрөсүң?» деп сурады эле, таз: «Канды карап жүрөмүн» деди. Айым сулуу:
«Кайдан табасың?» деди. Таз анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти
сабасам, жардын алдындагы теректи кессем, эшигинин алдына чыккан гүлдү
үзсөм, туруп келбейби» деди. Анда Айым сулуу: «Ай кудай алгыр, кан бүгүн
жакын арада жок. Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп жатат. Он эки четин таякты суусунан кесип алып, ошол жыйырма төрт таягын сынганча сабасаң, кан өзү туруп келет. Болбосо канды алты издесең да таба албайсың» деди. Таз Айым сулуунун айтканындай он эки четин, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда
жаткан кара буураны бакылдатып, жыйырма төрт таягы сынганча сабады эле:
«Чыныбек баатыр, мөөрөй сеники» деп ордунан тура келди.
Кан: «Эми Чыныбек баатыр, сен жашын», деди. Таз макул болуп чуркап кетти.
Катыны караса, бир кап менен кементайды көтөрүп чуркап жүрөт. Айым сулуу:
«Эмне кылып жүрөсүң» деди. «Кандан жашынганы жүрөмүн». «Кайда
жашынасың?» — «Кементай жамынып бир жерге жата каламын» деди. Анда
Айым сулуу: «Атаны каран күн ай, бер кел, кууратканы жүргөн турбайсыңбы», деп чакырып алып, оймок кылып сөөмөйүнө салып, таздын көрпөчөсүн кайып отуруп алды. Кан ары карап, бери карап таба албай айласы кетип акырында: «Мөөрөй
сеники, бери кел» деп чакырды. Анда Чыныбек: «Каным, канткенде мунун сулуу катынын алам деп, жүрүп көзүңүз боз ала болуп калган экен го? Мен ушу жерде катынымдын жанында отурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды. Экинчи күнү жашынганда Айым сулуу тазды колундагы ийне сапталган жиптин учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Кан ары-бери карап таба албай айласы куруп:
«Чыныбек баатыр мөөрөй сеники» деп чакырды. Таз: «Мен катынымдын
жанында отурсам, мени көрбөйсүз» деп тура калды. Үчүнчү күнү жашырганда,
Айым сулуу тазды ийне кылып жакасына сайып алды. Кан ары-бери таба албай, айласы кетип: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр кел» деди. Таз дагы: «Мен катыным менен кучакташып олтурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды.
Ошентип кан жеңилип, катынын уттуруп ага ичи күйүп, бирок кандыгына салып, бербей койду.
Кан Айым сулууда бир керемет бар экенин билип дагы бир да ашык отко
күйүп чыдабай, эли-журтун жыйнап: «Ким ушу таздын катынын алып берет?» деп жарлык кылды. Ошондо оозунда тиши жок алтымыш жаштагы бир мастан кемпир: «Таксыр каным, мени он бештеги балага алып берсең, мен сени Айым сулууга жеткиземин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң?» деди. Анда кемпир: «Аны Ит Ичпестин ала көлүнөн суу алып кел, хан ооруп калды, ошол дары экен, үч күндөн калбай келгин, үч күндөн кала турган болсоң, катының кандыкы дейбиз. Ал сууга бара турган болсо, үч күн эмес, үч жылда да келбейт» деди.
Кан макул болуп, тазды чакырып алып, колуна бир көнөк берип «Ит Ичпестин
ала көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң, катының меники болот» деп буюрду. Таз макул болуп, көнөктү алып чуркап бара жатканын Айым сулуу көрүп: «Кайда барасың» деди. Таз: «Каным катуу келди, кара жаным таттуу келди, Ит Ичпестин ала көлүнөн канга суу алып келейин» деди. Айым сулуу: «Качан кел деди?» деп сурады. Таз: «Үч күндөн калбагын» деди,
деп жооп берди. Айым сулуу «Үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын
жыйып, анан канга алып баргын да, «Ит Ичпестин ала көлү жылжып агып, суусу сары болот экен деп айт» деди. Таз Айымдын айтканын жасап, үч күндөн кийин көнөктү канга алып барды да: «Ит Ичпесин ала көлү жылжып агып суусу сары болот экен, таксыр» деди. Кан Ит Ичпестин ала көлүнүн суусу» деп ичип, соо жанын оору кылып алды. Ошентип төшөктө жатып кан калкына жарлык салды:
«Ким таздын катынын алып берет, алып берген адамды эмне тилесе тилегине
жеткиземин» деди. Анда бир чал: «Каным, мага он бештеги кызды алып берсең, мен алып беремин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң? Эгерде
айтканымды орундатсаң, сенин каалаганыңды аткарам, сөзүм эки эмес» деди.
Чал: «Чыныбекти жаян балыкка жиберели, балыктын кабыргасын алтын уук
кылып, бир жак ыптасын сөгүп жети күндө кел, жети күндө келбесең, катының кандыкы болот дейбиз. Ал жаян балыкка барса, жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе да жаян балык жутуп коёт» деди.
Кан тазды чакырып алып: «Жаян балыктын бир жак өңүрүн сөгүп кел, жети
күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, катының биздики болот» деди. Таз бул
сөздү катынына барып айтты эле, Айым сулуу тору атты, чолок кара кылычты,
алтын коңгуроону, алтын шакекти Чыныбекке берип, асман менен учуруп жиберди. Ал учуп отуруп жети күндө жетти. Жаян балык кудай жалгап суунун
түбүндө ойноп жүргөн экен. Ошондо Тору тулпарга тил бүтүп: «Мен, жаян балык, аксак атыңды ал» деп чакырайын, чыгып келгенде башын кылыч менен жара чап» деди. Таз макул болуп, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп узарды. Аңгыча Тору ат: «Жаян балык, аксак тору атыңды ал» деп күңгүрөндү.
Жаян балык тору атымды аламын» деп чыгып келе жатканда таз кылыч менен башын жара чапты. Тору тулпар балыкты алып чыкмак болуп сууга кирип кетти.
Бир топтоп кийин балыкты желкеден тиштеп суудан тышка алып чыгып, өзү
сулк жатып калды. Таздын айласы кетип, ары чуркап, ыйлап, бери чуркап ыйлап, бир убакта бир колтук бетеге жулуп келип, аттын оозуна тыгып олтурса, тору тулпар жаныбар ыргып тура калып, «Ат кадырын билбеген куйка таз, жети күндүн ичинде асмандан учуп, келип жана да жаян балыкты тоодой кылып суудан чыгарып отурсам, ачка болгондур, жаныбар» деп бир тутам чөп, бир ууртам суу бербестен; балыктын бир жак ыптасын сөгөсүң. Өлгөн бойдон кайра тирилбеймин дедим эле, бу да болсо Айым сулуунун кадыры» деп чөптү жеп,
сууну ичти. Тору ат антип-минтип тойгончо таз балыкты союп бир ыптасын
тулпарга кырк бүктөп салып, асман менен учуп, жети күндө кайта келип түштү.
Таздын кеткени жети күндөн ашкандан кийин кан Айым сулууну аламын деп,
калкын жыйнап, нике кыймакчы болуп жатканда, Айым сулуу жети катар темир үй болуп жатып калган эле. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай, акыры от менен чыгар деп тегерете карагайды үйүп темирди ысытты. Таздын келген убагында жети катар үйдүн алты кабаты күйүп, жетинчиси ысый баштаган экен. Аңгыча алтын коңгуроонун үнү чыгып калат. Айым сулуу таздын келгенин билип, сыйкырын жандырды эле, темир үй да жок, от да жок болуп, катын таз менен бирге отуруп калды.
Кан таздын катынын кандай кылып алууну билбей жинди болуп кала
жаздады. Дагы акыл сурап, калкка жар салса, анда бирөө: «Ушу жакта көчүгү
күмүш, башы алтын элик бар, ошону алып кел деп жиберсек, кудай албаса да
өлөт, жолдо ажыдаарлар көп» деди. Чыныбек таздын катыны алардын сөзүн
керемети менен билип, эрин чакырып: «Кан сени көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын эликти алып кел деп жумшайт. Канча күндө келесиң десе, «күнү-түнү он күндө келейин дегин, ат алсаң, жылкынын артына сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал» деди. Аңгыча кандын жигити келип, Чыныбек баатырды алып кетти. Чыныбек баатыр үстүнө кирер менен кан ага: «Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жароочу киши жок, канча күндө келесиң?» деп сурады. Чыныбек баатыр: «Күнү-түнү он күндө келемин» деди. Кан:
«ат алгын» деди. Чыныбек баатыр баягы жылкынын артында сүйрөлгөн жаман кунанды алып, катынына жетелеп келди. Ал жүдөө көрүнгөнү менен тулпар эле.
Айым сулуу багып, тулпар алына келтирди да: «Тулпарды минип жолго чык,
кечкисин барып эс алгың да, эртең менен мойнуңа куруңду салып, элик жуушап жаткан чынар теректин түбүнө бар. Бул арканды үч тегеретип ыргытып, кайра чуу койгуң, элик болсо артыңдан кошо жөнөйт» деди. Баатыр тулпарын минип закымдап жүрүп отурат. Нечен ажыдаарлар тулпардын туягын чагып өттү, бирок тулпар былк этпеди. Кечкисин түнөп, эртеси эликке барса, ал чынар теректин түбүндө жаткан экен. Чыныбек Айым сулуунун айтканын жасап, арканын үч тегеретип, кайрадан чуу койду. Аңгыча элик барпаңдап артынан кошо жөнөдү.
Чыныбек үйүнө келерине бир күн, бир түн калганда Айым сулууга кандын вазири келип: «Жүрүңүз, баатырдын ашын берели» деди. Айым сулуу: «Бара бериңиз эртең келбесе, өзүм барамын» деди. Эртеси Чыныбек эликти алып келип берди эле, кан эми эмне кыларын билбей калды.
Ошондо кандын бир вазири: «Сиз оорумуш болуп калыңыз, Чыныбек
баатырды Күлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберели, анда барса кудай албаса да өлөт» деди. Айым сулуу муну керемети менен билди да күйөөсүн чакырып: «Каныңыз оорумуш болуп жатат, сени «Күлгаакынын гүлү дары» деп ошого жиберет. Сен «барбаймын» дебегин «барамын дегин» деди. Аңгыча кандын жигити келип Чыныбекти алып кетти.
Барса кан ооруп төшөктө жатыптыр: «Мен ооруп калдым. Бул ооруга
Күлгаакынын гүлү дары дейт, ошону барып алып келгиң, сенден башка жарай
турган жигит жок, экен» деди эле, Чыныбек макул деп, баягы Тору тулпарды
алып, үйүнө келди. Эртеси Айым сулуу кат жазып чөнтөгүнө салып берди да:
«Нечен күн, нечен түн жүрүп отурганда жар боорунан бир жарты
алачык көрүнөт. Анда бир кемпир жашайт. Кирип салам бер, ал сага туякка айран куюп берет. Оң колуң менен айранды алгың да, сол колуң менен катты алып бер» деди. Чыныбек баатыр макул деп жүрүп кетет. Жүрүп отуруп баягы жарты алачыкка келсе, бир кемпир туякка айран куюп берди. Айранды оң колу менен алып, сол колу менен катты сунду эле, кемпир катты окуп: «Айымдын айтканын бербеске ылаажым жок. Сенин албаска ылаажың жок экен, күндүн танабын тартып, азыр үч кызымды чакырамын, сен кудуктун жанына жашынып жаткың.
Аңгыча үч кызым үч көгүчкөн болуп учуп келет, кичүүсү бардыгынан кийин
келет, ошол кичүүсүнүн кийимин катып алып «тиемин» деп убадасын
бермейинче түк бербегин» деди. Бир убакта кемпир күндүн танабын тартты эле, айтканындай үч көгүчкөн учуп келди. Кичүүсү кийин келди. Ошондо жашынып жаткан Чыныбек кичүүсүнүн киймин катып алып, канчалык жалынса да бербей:
«Мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин» деди. Акыры кыз «тиемин» деп
убадасын бергенде кемпир келди да, төрт шакекти төрт жагына ыргытып
жиберди эле, тиги жактан дале, бу жактан дале «той болот экен» чуулдашып
кишилер келе башташты. Кемпир чоң той жасап, Күлгаакынын гүлүн берип,
Чыныбек менен кызын узатты. Орто жолго келгенде кыз: «Жүрү кайра баралы,
энемдин баягы төрт шакегин албай; мен кетпеймин деймин, сен да алмайынча кетпейбиз деп жатып ал. Айласы куруганда шакегин берет» деди. Ошентип кайра үйүнө келишти.
Кыз энесине: «Шакегиңди бермейинче, барбаймын» деди. Баатыр да:
«Алмайынча кетпеймин» деди. Кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп
кыйылып туруп төрт шакегин берди. Экөө шакекти алып жүрүп кетишти.
Чыныбек үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Айым сулууга келип: «Жүрүңүз баатырдын ашын берели» деди.
Анда баатырдын катыны: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди. Ошол
күндүн эртеси колуктусун алып, баатыр келип калды. Кийинки күнү гүлдү алып барып, сууга чайкап канга берди эле, кан ичкен болуп, айыгып кетти. Бирок таздын сулуу колуктусун көрүп, андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды.
Чыныбек баягы төрт шакекти төрт бурчка ыргытты эле, баягыдай кишилер
чогулуп келе башташты. Аларды көрүп кандын тынчы кетип: «Бул эмне деген
кишилериң, шаарды алабыз деп келгенби?» деди. Анда Чыныбек баатыр: «Элиңе эл, журтуңа журт кошомун, залал болбос» деди. Кан сөзгө жыгылып калды. Бирок «таздын катындарын кантип аламын» деп вазирине акыл салды. Анда вазир: «Сен өлгөн атамдан кат алып келгиң деп жибер, андан кудай албаса да өлөт» деди. Муну баатырдын катыны дагы керемети менен билип, эрине айтты: «Кан өлгөн атамдан кат алып келгин деп жумшайт. Сен барбаймын дебегин, барамын дегин» деди. Ошол чакта кандын вазири келип Чыныбекти алып кетти. «Атам бейиште бекен же кейиште бекен, барып кабарын билип келгин, кат алып келгин» деди. г Чыныбек макул болду. «Канча күндө келесиң?» деди.
«Күнү-түнү он күндө келемин» деди да, бир дөңгөч он аркан даярдатып, алып
кайта үйүнө келди. Катыны өзүндөй кылып Чыныбектин сүрөтүн тартып,
дөңгөчкө байлап караңгыда аркан менен учуруп жиберди да, күнү бүткөнчө
күйөөсүн катып койду. Тогуз күн болгондо кандын вазири келип: «Жүрүңүз
Чыныбек баатырдын ашын берели» деди. Анда таздын катыны: «Эртең келбесе өзүм барамын» деди. Вазир кеткенден кийин Чыныбектин катыны кандын атасынын атынан: «Балам мен бейиштемин келип көрүп кеткиң» деп кат жазып, даярдап койду. Эртеси баатыр жазылган катты алып барып канга берди.
Кан катты окуп ыйлап: «Менин атам келип кет дептир Чыныбек мени да
өзүңдөй кылып учургун» деп кыйнады. Чыныбек өчүн алгыдай кылып, элинен кыл аркан жыйып, канды кабыргасынан кан тамганча таңып, тоонун боорунан ылдый карай тоголотуп учуруп жиберди. Бир эки күн өткөн соң, Чыныбек баатыр кандын аялына барып: «Жүрүңүз кандын ашын берели» деди. Аялы Чыныбек баатырдын Айым сулуусун туурап: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди.
Кан тоодон учуп коктуга түшүп өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш
берип, катынын алып, анын ордуна кан болуп, эл сурап туруп калды. Эли журтун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып: «Ата, башыма күн, аягыма Ай, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган түшүм ушул го» деди. Атасы кубанып аябай ыраазы болду. Бала ата-энеси, катындары менен ошол күндөн ушул күнгө чейин жыргап-куунап жатышкан экен.

МУҢДУУБАЙ


Илгери өткөн заманда бир жандан ашкан Муңдуубай деген бай бар экен.
Жерге батпас малы бар, бир балага зар экен.
Бай бир күнү тойго барат. Балалуу элди караса, баласын учкаштырып келди.
Баласы жок Муңдуубайды караса, ак айгыр минип коколой башы бастырып
келди. Балалуу элди караса, баласына атын карматып кирди. Баласы жок
Муңдуубай болсо, ал балага берсе кармабайт, бул балага берсе кармабайт,
ээринин кашын кагып туруп калды. Элдин баары тамакка киргенде бир чоң кыз
эшикке чыгып: «Баласы жок Муңдуубай эшикте калды» деп кайра үйгө кирип
кетти. Баягы сөздү уккандан кийин Муңдуубай айгырын башка бир салып кайра
тартты. Муңдуубай үйүнө: — Кемпирим, сени жебесем! деп ачуусу келип кирди.
— Эмне кылдым, какбаш? — деди кемпири.
— Мени баласы жок деп бүгүн көпчүлүк жаман өлтүрдү.
Кемпири:
Кудайың берген баланы, как баш,
Курдашың мен бакпай койдумбу?
Теңириң берген баланы как баш,
Теңтушуң мен бакпай койдумбу?
Алчалуу мазар олуя
Азыр берет деп уктум,
Төрт түлүк малдан төрт тогуз,
Алалы да Алчалуу мазар баралы, — деди.
Кемпирдин сөзүн Муңдуубай кабыл алды. Төрт түлүк малдан төрт тогуз мал
алып, бир айчылык жолго жүрдү. Темирден чокой жыртылды, ыргайдан таяк
түгөндү. Мазарга барып тобо тасым кылып жатып калды. Алып барган малды
союуга киши таппай Муңдуубай: «Ээ, кудай, пендем десең көзүмө бир караан
көргөз» деп чуркап жолго чыкты. Эки жагын караса, бир топ кербен келе жатат.
Баягынын алдын тосуп чуркап барды.
— Салам алейкум, кербен башы! — деп салам берди.
— Алейки салам, жол болсун! — дешти.
— Андай болсун кербендер. Силерди тосуп келгеним анча-мынча даамым бар
эле, ошону бүгүн конуп ичип-жеп берүүңүздү сураймын, — деди. «Макул, болот»
деп баары түшүп калышты. Жегенин жешти, жебегенин айдап кетти. Батасын
беришти, бакыт тилешти.
Таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда, кыбыладан кызыл мунар жел
болуп, эми дабыш берди дейт: «Бир эмес үч кылдың, кыйын-кыйын күч кылдың.
Мусапыр болуп бир келдим, кемпириң байкуш
канетсин, сообу тийсин байкуш» деп, бир аяк каймак бергенде, «тентип жүргөн
мусапырга аягымдын алдын, ашымдын ырыстуусун берет» деп, колумдан жулуп
алдың. Экинчи ирет келүүмдө дубана болуп бир бардым. Кемпириң байкуш
www.bizdin.kg
канетсин, «дубанам, сопум» деп, короодогу туу кара боз соолукту жетелеп
киргенде, колуман сүйрөп чыгардың. Үчүнчү ирет зээрчи болуп бир бардым.
Кемпириң байкуш канетсин, табакка этти салганда, астыма келип калганда,
астымдан табакты тартып алгансың, как оройго салгансың. Карыш жерим
айрылып, какшап куурап калгамын» деп байдын койнуна аяктай ак алманы,
байбиченин койнуна көнөктөй көп алма салып кеткенсиди. Бай энтиге тура
калганда байбичеси: «Бай, сага белги болдубу?» деп сурады. Бай: «Мага бир
жышаан болду» деди.
Кемпирдин боюна бүттү
Келберсип жолуна түштү.
— Байбиче сен үйгө бар, мен жылкыны көрүп келейин» деп, бай жылкыга
кетти. Ошондо курсактан бала сүйлөдү:
— «Айланайын энеке,
Тобулгуну кармай көр.
Тобулгу кармап түшөйүн,
Тобулгудай жаным бек болсун.
Айланайын энеке,
Ыргайды кармай көр,
Ыргай кармап түшөйүн.
Ыргайдай жаным бек болсун!»
деп чиренип-чиренип кеткенде, байбиченин белдемчисинин боосу быт-чытынан
үзүлүп кетти дейт.
Байбиче сыртка чыкты дейт,
Тобулгуну кармады,
Топ этип бала түштү дейт.
Бала жерге түшкөндө,
Эки колдун башына
Кан чеңгелдеп түштү дейт,
Асты жагын караса
Алты тутам көкүл бар,
Аркасына караса,
Аяктай кара калы бар, — экен дейт.
Үйүндө Куйту күң деген күңү бар эле. «Жан кишиге билдирбестен байдан
сүйүнчүнү өзүм алам» деп, жөнөп кетти.
— Байым сүйүнчү, түлкү ичигин кийинчи! Түрпүлөнүп сүйүнчү! Балкы ичигин
кийинчи! Бапалаңдап сүйүнчү! — деп чуркап байга барды.
— Болсун эмне экен? — деди.
— Сүйүнчүмдү бербесең айтпаймын.
— Бир тулуп дилде берейин.
— Жок албаймын.
— Анан эмне аласың?
— Менин башымды азат кылыңыз деди.
— Андай болсо башың азат, алтымыш кулач ала байтал энчиңе баскамын,
кырк кулач кара өгүз энчиңе басканым, мурду көзөлбөгөн жүз төө энчиңе
баскамын, — деди бай.
www.bizdin.kg
Куйту күң: «Аз гана айтпай көп айтчы, байым» деп туруп алды. Ошондо
Муңдуубай:
Он эки капка шаарым бар,
Куйтум, Он бештеги жигит бар Куйтум,
Өзүң билип, өзүң тий, Куйтум, —
дегенде Куйту сүйүнүп: «Байбичең алтын көкүлдүү бир эркек, күмүш көкүлдүү
бир кыз тууду деп шаарга кирип кетти.
Муңдуубай сүйүнүп, үйүн көздөй чаап кетти. Аладан бээ союп, ашыркы элди
жыйып, куладан бээ союп, кумдагы элди жыйып, тоодой эт кылып, көлдөй чык
кылып элге берди. Той тараарда Муңдуубай баласын этегине салып барды да,
«атын коюп бергиле» деди. Ак сакал көк сакалды карап, көк сакал кара сакалды
карап, кара сакал боз баланы карап, боз бала жерди карап, эл балага ат коё албай
койду. Баарысы минтип турганда эшиктен бир киши кирип: «Ассолоому алейкум,
эмне кылып жатасыңар?» деди. Ошондо үйдөгүлөрдөн бир киши: «Муңдуубай
карыганда бир перзент көрдү эле, ошонун атын кое албай жатабыз» деди.
Баягы киши: «Көкүлдүү бала турбайбы? Аты — Көкүл болсун!» деп бата берип
чыгып кетти. Ошону менен баланын аты Көкүл болуп эл тарады.
Муңдуубай эми «Кудайга шүгүр» деп жылкысына жөнөп кетти. Келсе
жылкысынын баары чөп жебейт. «Суу ичпей жылкынын баары куураган
турбайбы» деп жылкысын сууга айдады эле, жылкысы сууга барбай эле кайра
өзүн көздөй качты. «Бул эмне болду?» деп сууга барса, сууда казандай өпкө агып
келе жатат. «Бул жогорку элдин малы кара өпкө болуп жатат деди эле, кара санап
өпкөсүн сууга салып жиберген экен го» деп, укуругуна сайып, бери тартайын десе,
өпкө экиге жарылып кетти. Түшө калып алайын десе, жети баштуу желмогуз
экен. Муңдуубайды жерге көтөрүп уруп, төшүнө минип алып: «Айт Муңдуубай,
малыңды алайынбы, сенин жаныңды алайынбы?» — деп коркута баштады.
Ошондо Муңдуубай:
Желинин көрсөң казандай,
Эмчегин көрсөң камчыдай,
Мүйүздөрү жылтылдак,
Туяктары шылкылдак,
Сан-сарала сан уюм,
Сан өзөн толгон көп уюм,
Көп уюмду берейин
Өйдө тур, кемпир, өйдө тур, —
деп жалынды.
Анда кемпир: «Сен өлгөндө анын баары меники эмей кимдики?» деп желе
берди. Муңдуубайдын оозунан зил кетти. Муңдуубай:
— Ак тикен көрсө аймаган,
Тилин тикен сайбаган,
Чөк дегенде бук деген,
Тизесин жерге бүктөгөн.
Кош аркан салып жүктөгөн,
Сан-сарала сан төөм,
Сары өзөн толгон көп төөм,
Ойсул ата малым бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер кемпир колумду, —
www.bizdin.kg
деп жалынды.
Кемпир: «Сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» деп желкилдетти.
Муңдуубай:
— Кекире башын керт оттойт,
Кетмендей куйрук ал оттойт,
Тапырап башын тарт оттойт,
Табактай куйрук ал оттойт.
Сан-сарала сан коюм,
Сары өзөн толгон көп коюм.
Чолпон ата малым бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер колум, кое бер! —
деп дагы жалынды…
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп желип-желип алды эле,
Муңдуубайдан ал кетти:
— Кокту жерлер келгенде,
Койкоңдошуп оттогон,
Жылга жерлер келгенде,
Жылтылдашып оттогон,
Бооруна борколдой чычкан ийин казган
Жонуна карышкыр, түлкү жол салган,
Сан-сарала асан жылкым,
Сан өзөн толгон көп жылкым,
Муну дагы берейин,
Кое бер: кемпир, колумду, —
деп көзүнүн жашын көл кылып жалынды.
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп дагы желкилдетти.
Муңдуубай:
— «Чек дегенде мекирет,
Ташка чыгып секирет,
Сан-сарала сары эчким,
Сан өзөн толгон көп эчким,
Муну дагы берейин,
Кое, бер, кемпир, колумду! —
деп дагы жалынды.
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп ого бетер желди.
Муңдуубайдын айласы кетип:
«Таз карадай таарынып,
Такымга чачы оролуп,
Сүлөөсүндөй керилип,
Сүйлөөгө сөздөн эригип,
Алачыктай ак байбичем бар,
Муну дагы берейин
Коё бер, кемпир, колумду!» —
деп жалынды.
Анда кемпир: «Сен өлгөндө кемпириң меники эмей кимдики?» деп дагы
желип, Муңдуубайды өлтүрмөй болду.
Акыры өлөөрүнө көзү жеткенде Муңдуубай:
www.bizdin.kg
«Эми көз канамдын карасы,
Тиш канамдын сарысы,
Көзүмдү ачып көргөнүм,
Эр Көкүлдөй ботом бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер, кемпир, колумду!» —
деп жалынды.
Ошондо жез кемпир: «Алда байкуш ай, мурун эле эмне айтпадың, эми качан
бересиң?» деп алкылдатты. Чал шашканынан: «Жети күндө берейин» деди.
Ошондо желмогуз кемпир «макул» деп көздөн кайым болуп кетти.
Муңдуубай Болжомонун боз дөбөгө чыгып, өйдө карап өкүрсө, күн айрылып
кеткендей болуп мурутун булкуп ыргытып, боздоп турду. Ошондо алачыктай ак
байбиче муну кереметинен билип келип:
— Кагылайын байым, малдан кемсиңби же баштан кемсиңби? Не башыңа күн
тууду? — деп сурады.
Муңдуубай:
— Мен куруйун, байбиче, тиш канамдын сарысы, оозумду ачып өпкөнүм,
көзүмдү ачып көргөнүм, Көкүлдөй ботомду жети баштуу желмогуз кемпирге
бермек болдум, — деп буркурап, боздоп ыйлады.
Анда байбиче:
— Сен ага эмне ыйлайсың? Жаман чал, жүр үйгө, — деп үйүнө алып барып,
байтал бээнин бал кымызын баса чайкап, кунан бээнин курч кымызынан куя
чайкап берди да: «Ай, бай, сенин Кедең дос деген досуңа бар. Болсо ошондон айла
болот» деди. Муңдуубай Тору айгырды минип аркыратып учкан бойдон Кедең
досуна жөнөдү.
Ошондо Кедең дос ит агытып, куш салып, кырк жигитти бош чалып жүргөн
кези экен. Кедең дос алыстан бир караан көрүп:
— Ой жигиттер, карга десем карга эмес, караанын көрүп турам. Тетиги келе
жаткан Муңдуубай досум болбосун. Чапкыла! Эгер Муңдуубай досум болсо ак
кийизге салып, бутун жерге тийгизбей, алтын тактын үстүнө алып келип
койгула» — деди.
Кедең досу Муңдуубайды ал күнү аябай сыйлап конок кылды. Эртеси: —
Досум, айда келүүчү эмес элең, жылда келүүчү эмес элең, башыңа не күн түштү?
— деп сурады. Муңдуубай досуна жүзүн буруп, эчтемени жашырбай болгон ишти
айтып берди. Ошондо Кедең дос: «Сабыр кыл, сенин балаң Көкүлдү туулду
дегенде» жер астындагы үч алп жер үстүнө чыгып, жер үстүндөгү жети алп жер
астына түшкөн. Ошон үчүн алп энеси желмогуз кемпирди: «Боорткол жүнү
боорунда, чырымтал жүнү соорунда кезинде соолтуп кел» деп жиберген. Сенин
жылкыңда бир Кер бээ бар эле. Ошол качып Ала-Тоону ашып барып, Муздак-Төр
деген жерде үстүнө мөңгү жамынып, астына таш төшөнүп жатат. Ошону барып
жети кат ак кийизге туудур, кара уузун кер кулунуңа эмиз, сары уузун Көкүлгө
күл азык кыл.
Усталарды жыйдырып айырмач жасат. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн
казык кактырып, Кер кулунду алып келип байлап кой. Көкүлдүн башына төбөсү
карыш кара бөрк кийгизип, Кер кулунга мингизип, Боорукер кан дегенге
качыралы, деди.
Муңдуубай аттанып жөнөп кетти.
www.bizdin.kg
Баягы Кедең дос айткандай Муңдуубай Муздак-Төр деген жерге келсе, Кер бээ
жатып-туруп, кайкалактап калган экен, алдына кийиз төшөп туудурду. Кара
уузун кер кулунга эмизип, сары уузун Көкүлгө күл азык кылып, Кер бээни алдына
салып, айдап үйүнө келди. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн казык кактырып
Кер кулунду байлатты.
Кедең дос болоттон канжар кылдырып, алтынчы күнү келди. Кер кулунга
айырмач токуп, Көкүлдү мингизип, өзү Кер бээни минип учуп кетти.
Экөө жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эки жолдун айрылышына барганда, Кер бээ
бээлик кылып жүрбөй турган болду. Ошондо Кедең дос:
— Алты чуркап койгондон, Кер бээ,
Атаң өлүп калдыбы, Кер бээ?
Жети чуркап койгондон, Кер бээ,
Жети атаң өлүп калдыбы, Кер бээ?
— деп, таш токмок менен бир, куу токмок менен бир урса:
— Айланайын, Кедең дос,
Кагылайын, Кедең дос,
Каңгыратпа башымды,
Даңгыратпа башымды,
Жаңы тууп, белимди бууй электе,
минип алдың, менин күчүмдү Кер кулундан сурагын! — деп баспай койду. Кедең
дос:
— Ай, Кер кулун, жаныбар,
Мындан ары сен барсаң,
Кулан, бөкөн көп болот.
Кулан, бөкөн көрбөгөн бала,
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң;
Кыз-келини көп болот.
Кыз көрбөгөн жаш бала,
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң,
Боорукер эле Карахан,
Кан ичме Карач деген бар.
Караханга алпарсаң,
Кер Кулун, кудайдын жалгаганы.
Кан ичмейге алпарсаң,
Кудайдын каргаганы, —
деди да, Кер кулунду учуруп коё берди. Өзү Кер бээ менен үйдү көздөй жол
тартты.
Бир күндүк жерге барганда, Кер кулунга тил кирип, Көкүлдү карай сүйлөдү:
— Төш олоңду бош тарткың,
Чап олоңду бек тарткың,
www.bizdin.kg
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы сала көр,
Такым этти бөлө көр,
Көкүлжан, тарак-тарак кыла көр! — деди.
Ошондо Көкүл:
Төш олоңду бош тартты,
Чап олоңду бек тартты,
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы салды дейт,
Такым этти бөлдү дейт,
Тарак-тарак кылды дейт,
Булуттуу көктүн асты менен
Муңдуу чөптүн үстү менен учуп жөнөдү.
Эми баягы желмогуз кемпир Муңдуубайга келип:
— Баламды бер! — дейт. Муңдуубай эси чыгып:
— Балаң качып кетти. Ишенбесең мынакей! — деп, Кер кулундун изин
көргөздү. Ошондо кемпир үстүңкү эрди менен көк шыпырып: «Сары изиңе чөп
салып, саргая катып куубасам. Куу изиңе чөп салып, кубара катып куубасам
желмогуз атым өчсүн», — деп кууп жөнөдү.
Желмогуз кемпир жүрүп отуруп, баланын жети күн жүргөн жерине күн
шашкеде жетип келди. Баягы Кер кулун уктабаптыр. Кер кулун кырга чыкса,
карга десе карга эмес, түлкү десе түлкү эмес, бир кааран көрүндү. Ошондо Кер
кулунга тил кирип:
— Мен көргөндү көрдүңбү, Көкүл,
Мен билгенди билдиңби, Көкүл? — деди.
Анда Көкүл:
— Түнөргөндүн көзүнө
Түн чалынкы көрүнөт.
Карайгырдын көзүнө
Кан чалынкы көрүнөт.
Түк эчтеке көрүнбөйт! — деди.
Кер кулун:
— Жыбыр-жыбыр жер бийик, Көкүл,
Жер үстүндө мен бийик Көкүл,
Тиги желмогуз кемпир көрүнөт, Көкүл,— деди.
Бала эси чыгып ыйлап жиберди. Кер кулун:
Куюшканын кыскартып, Көкүл,
Көмөлдүрүк бош тартып, Көкүл,
Катыра камчы салсаңчы, Көкүл
Коёндой этим бөлүнсүн,
Томуктай этим көрүнсүн, Көкүл
Тайгандай бутум түзөлсүн, Көкүл, — деди.
Көкүл айтканын кылып, учуп жөнөдү, желмогуз кемпир жете албай калды.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Көкүл түшүп, азыкты жеп,
атын чалдырып отурса, Кер кулунга тил кирип:
www.bizdin.kg
Жер-жер бийик, жер бийик, Көкүл,
Жер үстүндө мен бийик, Көкүл,
Кар шыңгыдай көрүнөт, Көкүл.
Түптүү бир немедей көрүнөт, Көкүл,
Билгениң болсо айта тур, Көкүл,
Сени бир жерден кутказдым эле
Эми кан ичме Карачка туш келдик, Көкүл, — деди.
Көкүл тескери карап ыйлап жиберди. Ошондо Кер кулун: «Сен менин боорума
ач кене болуп жабыш, мен боосу жок боз турумтай болуп, асмандан «чыр» деп
алып учайын. Мени көрбөй калса, Боорукер Карахандын дал эшигинин алдына
алып барып түшөйүн. Көрүп калса, төшкө таяк салаарда, этиме тоердо салам
айтып тура кал» деди.
Кер кулун боз турумтай болуп «чыр» этип учарда кан ичме Карач качырып
калды. Төшкө таяк саларда, этине тоердо, Көкүл салам айтып тура калды. Караса
ушундай сонун бала. «Алыстан» качып келаткан бала экен, каны качып келаткан
бала экен. Үйгө алып барып, бир нече күн коюп, канын толтуруп ичейин» деп кан
ичме Карач Көкүлдү алып үйүн көздөй жөнөдү.
Ошондо желмогуз кемпир: «Ийирдим ди кийирдим да, Карач, качкынымды
сага кийирдим, Карач. Качкынымды берип кет, Карач! деп жетип келди. Анда
Карач: «Аңкылдаган желмогуз, сага кантип берейин» деди. Ошондо кемпир «оп»
деп келип жутту эле, Карач, Көкүл, Кер кулун ичине кирип кетти. Тоо каранын
төрт буту желмогуз кемпирдин бутуна илинип калды. Кан ичме Карач
жанындагы болот канжарын алып, кабыргадан жарып сыртка чыгып, кемпирдин
беш башын айра чапты. Бир башы асманга чыкты, бир башы жерге түштү. Ошодо
жерге түшкөнү: «Жети күндө, жети миң кол алып, сени чаап албасам, Карач» деп
көздөн кайым болду.
Анда Карач: «Жети күн олтуруп, жети миң ок куюп, сени сага кылбасам» деп
Көкүлдү бөктөрүп, Кер кулунду жетелеп намаз шамда үйүнө барды.
Карач баягы Боорукер Карахандын баласы эле. Баланы алып келгенин
малчысы көрүп, ханга айтып барган экен. Хан кокуйлап: «Эмдигиче канын ичип
койду го» деп, таң сүргөндө Карачтын үйүнө келди.
Карач балам, үйдөбү?
Үйдө болсоң үн бергиң.
Үйдөн чыкпай бат бергиң!
Керүүлөй чаап, кенч алдың,
Кетменчисин кошо алдың,
Мындан олжо бербедиң,
Өөдөлөп чаап, олжо алдың,
Мындан олжо бербедиң! — деди.
Карач тебетейи жок, топучан, чапаны жок, көйнөкчөн, кепичи жок, маасычан
чыга келди.
— Кечээ бир бала таап алды дейт. Ошону сурап келдим — деди атасы.
— Мен да эл четине жоо келип калган окшойт дегенмин. Эчак эле канын ичип
алгамын, — деп үйүнө кирип кетти баласы.
www.bizdin.kg
— Тар коргондон өтпөсөм, кең коргонго жетпесем, оозуна таш бекитип
салбасам, аскадан алыс учуп өлбөсөм, жаман аты сага калабы, маа калабы? — деп,
кайра тартты атасы.
— Айтса, айтпаса төгүнбү? — деп, Карач: — Балаңды ал! — деп, баланы
түндүктөн ыргытты.
Боорукер хан баланы жерге түшүрбөй тосуп алды. Анан «ушунун жаман
олпогу жеңиме жамаачы болобу?» деп, Көкүлдүн ак олпогун ыргытты, Боорукер
хан аны да тосуп алды. «Бир буту майрык Кер кулун мага ат болобу?» деп аны да
ыргытты. Аны да тосуп алып, хан үйүн көздөй жөнөп баратып:
Кемпирим эле, кемпирим,
Кудайың бербес баланы,
Курдашың Мен таап келатам.
Теңириң бербес баланы,
Теңтушуң мен таап келатам, —
деп кыйкырып үйүнө келди. Тоодой эт, көлдөй чык кылып той берди. Элдин
баары этти жеди. «Балага ат койгула» деди эле, чогулуп отурган эл: «Алтын
көкүлү жайнаган жаш бала экен, аты Көкүл болсун» деп эски атын коюшту.
Ошонун ортосунда алты күн өттү. Баягы Карач алты күн тынбай ок куйду.
Ошондо атасы Боорукер ханга: «Ата, менин колум тийбей жатат, баягы
Ак-Дөбөдөн кароол кара» деди. Атасы тоо Карага минип алып кароолго чыгып
барса, эчтеме жолуккан жок. Дигер шамда же кумурска экени билинбейт, же адам
экени билинбейт, жердин жүзүн каптап, бирдемелер келатат. Атасы үйүнө
келгенде, Карач: «Ээ ата, эмне көрдүң?» деди эле, «эч эчтеме көргөнүм жок балам.
Дигер шамдын ортосунда же кумурска экени билинбейт, жердин жүзүн бербей
каптап келатат» деди атасы.
«Ой ата, билбесең жанагы баланы жети баштуу желмогуз кемпирден
ажыратып алгамын. Бир башы асманга учуп чыгып, кеткен эле бир башы: «Мен
жерге кирбесем, жети күндө келбесем, сени чаап албасам, Карач» деп жерге кирип
кеткен эле. Ата, жанагы балаңды бер, эртең урушка барайын» деди Карач.
Боорукер хан: «Оо атаңдын көрү жаман арам, элиңди чогултуп урушка
барбайсыңбы, менин балама асылбай» деп баласын кагып койду.
Карач ак мылтыкка уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп, «Карач, Карач» деп
кыйкырып жоого тийди. Көрсө желмогуз Экей, Текей, Бозбармак, Бозой алптары
менен келиптир. Кылычтын мизи тийдиби, найзанын учу тийдиби, Карач араң
качып кутулду. Карач атасына келип «жаныма караан болсун» деп дагы Көкүлдү
сурады. Боорукер хан ары карап ыйлап, бери карап күлүп, Көкүлдү Карачка кошуп
берди.
Карач ак мылтыкка кош уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп, Көкүлдү
ээрчитип: «Карач, Карач!» деп жоого тийди. Калың колду жапырып кирди.
Ошондо желмогуздун Боз коен деген аты бар экен, анын тилин Кер кулун
билет экен. Кер кулун Боз коёндун тилин озунуп байлап коюп: «Карач, сен аттан
түш да, Тоо Караны жыгып эчкиче бууп, артыма бөктөр. Көкүл экөөң учкаша
мингиле да катыра камчы салгыла. Аркар ашпас Ала-Тоону аттап түшөйүн» деди.
Карач Кер кулундун айтканынын баардыгын жасады. Кер кулун асман менен
алып учуп бара жатып, туман салды». Сасык туман эч көрсөтпөй басып калды.
«Мен Көкүлдү кармадым, мен Көкүлдү кармадым» деп, бир бири менен сайышып
тумандын ичинде далайы кырылып, Бозбармак, Бозой, Экей, Текей, желмогуз
www.bizdin.kg
бешөө эле калды. Ошондо Боз коендун тили бошонуп: «Бешөөң беш атыңды жыга
сал, эчкиче туягын бууп сал да, салбыратып артып ал. Өзүңөр учкашып алгыла.
Буларды кууп жетелик» деди. Айтканын кылышты. Боз коен кууп жөнөдү.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Боз коен Кер кулунга жетти. Кер кулун акылы
менен каркыраган кара ташка түштү. Берки көйкөлгөн көк шиберге түштү.
Кер кулун Көкүл менен Карачка кайрылып: «Эми мени агыткыла, Боз коенду
мага кудай берсе, тигилерди силерге бергени. Силер үйүңөрдү көрөсүңөр, мен
үйүмдү көрөм. Эми мени агыткыла» деди. Баягылар Кер кулунду агытышты.
Ары башын каккылап, бери башын каккылап Боз коен шиберди жеп: — Акылы
жок, менден мурун келип түшкөн жерин көр, — деп таба кылып жата берди.
— Ээ, Боз коён, экөөбүзгө эмне жок? Силердин алптар алса, сени минип, мени
жетелеп алат. Биздин алптар алса, мени минип, сени жетелеп алат. Чөбүбүздү
оттоп, суубузду суулап бирге жүрө берели, деди Кер кулун.
— Ай, чөптү, сууну аяп жатамбы? Кел бирге оттоп, бирге суулап туралы, —
деди Боз коен.
Уламдан-улам жакындап, кашынымыш болуп алдап туруп, Кер кулун Боз
коендун ооз омурткасын сый тиштеди. Маңдайын жара тээп, баса берди. Муну
көрүп турган Карач: «Кана, бир-бирден билек түрүп, күч сынашалы» деп чыга
келди. Желмогуз: «Бозбармак, барчы» деди. Бозбармак чыкты эле, Карач аны
ары-бери жыгып башын кесип алды. Желмогуз Бозойду жиберди. Карач аны да
жыгып башын кести. «Дагы кел!» деп Карач кайта барды. Экей чыкты, Карач
анын да башын кесип ыргытайын деп жатканда: «Ойногон Карач десем, оюлган
Карач турбайбы» деп, Текей менен Желмогуз кемпир чуркап келди. Карачты
экөөлөп жатканда, Көкүл келип, Текейди шыйрактан алып туруп башын ташка
чапты. Карач экөөлөп Желмогузду да өлтүрүп, үйлөрүнө жөнөштү. Ошондо
Боорукер хан: «Балдарым аман-эсен келер бекен?» деп, жолду карап көзүнүн
жашын көл кылып, ыйлап турган экен. Көкүл: «Атам сага кейир бекен, же мага
кейир бекен? Сен мурун барып атама учурашкын» деп, Карачты алдыга жиберди.
Карач атасына келип салам айтты. Боорукер хан чоочуп: «Ой, балам, Карач,
нары жагыңды караймын, бери жагыңды караймын. Менин Көкүл балам
канакей?» деди. Карач: «Кечээ алптар менен алышып, күчтүү менен күрөшүп
жүргөндө, Көкүл уулуңа ок жаңылып калыптыр» деп жооп берди. Карахан
ишенбей сыртка чыгып караса, Көкүл көп жылкыны айдап келе жатат. Боорукер
хан калың элди жыйып, жамбы аттырып, улак тарттырып чоң той берди. Эл
Көкүлдүн эрдигине ыраазы болуп. «Балаңдын өмүрү узун болсун!» деп, жабыла
бата берип, ошону менен тынч жатып калды. Бала күндөн күнгө чоңойду. Бир
күнү Көкүл Карачтын аялына барып:
— Эр эрдигин бук болдук, жеңе,
Эр кумарын ким жазат, жеңе,
Ат семирип лык болду, жеңе,
Ат кумарын ким жазат, жеңе? — деди.
Анда жеңеси:
— Эр эригип бул болсо, уул,
Эр кумарын куш жазат, уул.
Ат семирип лык болсо, уул,
Ат кумарын туз жазат, уул. —
www.bizdin.kg
деп Көкүлдүн атына туз берди. «Өзүң бир куш кармап кел, ошону мен таптап
берем, эриккениң жазылар» деди. Көкүл куш кармап келди эле, жеңеси Күлайым
мүнүшкөр киши экен. Кушун бир күндүн ичинде таптап берди. Аңга чыгып, Көкүл
кушун салса, күнүгө бирден гана алат, ашык албайт.
Он беш күндөн кийин Көкүл «күнүгө бирден аласың» деп шыйрагынан кармап
ташка бир чапты эле, куш өлүп калды. Күндөрдөн күн өттү, айлардан ай өттү.
Бала чоңоюп калды. Бир күнү жеңесине дагы эриккендиги жөнүндө айтты эле,
анда жеңеси: «Ушундан жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң бети тик бийик аска бар.
Ошол жалама зооканын башында Агыйын деген бүркүт бар. Эки гана балапаны
бар. Бирөөсү эң сындуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман, ошол жаманын алып кел,
таптап берейин» деди.
Көкүл Кер кулунга болоттон така кактырып, өзүнө болоттон тай туяк
кылдырып, Кер кулунга минип баягы зооканын жанына келди. Көкүл кулжанын
буту токтобос, кудай урган как таскак. Текенин буту токтобос, теңир урган көк
тоскок зоонун башына чыкса, баягы жеңеси айткандай, бүркүттүн эки балапаны
жатат. Бирөөсү эң сулуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман. Жакшысын алайын деп
жеңесинен коркуп, жаманын алып үйүнө келди. Келсе, жеңеси кебезден уя жасап
отурган экен. Бүркүттүн балапанын көрүп: «Жумуртка чагында сары суу басып
калган турбайбы, үйдөй болгон уюткан коргошунду үстүнө алып койгула» деди.
Карач коёмун деп коё албады. Көкүл жалгыз колу менен алып койду. Карач
арданып катынынын бетин айра тепти. Көкүл жеңесине болуша албай, же
агасына болуша албай, эшикти тарс коюп, эшикке чыгып кетти. Жеңеси: «Эрдүү
катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт, токто, уул!» чуркап чыкты.
Жеңеси Көкүлдүн жанына барды да:
— Үч күндөн кийин кел, бүркүттү таптап коёюн — деди.
Жеңеси айткан күнү Көкүл бир атка кымыз жүктөп, алып келди. Баягы бүркүт
сонун болуп калган экен. Карач менен жайылмакка чыкты. Карач өз бүркүтүн
алды. Көкүл Агыйынын алды. Экөө жайылтып жүрдү. Көкүлдүн бүркүтү көзүнө
эмне көрүнсө, ошону алды. Карачтын бүркүтү эч нерсе алган жок. Кечинде үйдү
көздөй кайтып келе жатып Карач: «Көкүл сенден бир нерсе сурайын», деди
Көкүл:
— Үстүмдөгү кишмиш тон,
Сурасаң чечип берейин.
Колумдагы Агыйын,
Сурасаң муну берейин,
Астымдагы Кер кулун,
Сурасаң түшүп берейин, — деди.
Анда Карач: «Астындагы Кер кулун, аны сурап, сени кантип жөө коёюн.
Үстүндөгү кишмиш тон, аны сурап, сени жылаңач кантип коёюн? Алдагы
колундагы Агыйын бүркүттү сурайын» деди. Көкүл кыя албастан кыңырылып
туруп берди. Эки бүркүттү Карач эки колуна кондуруп, Көкүл анын атынын
тизгинин мойнуна түрүп жетелеп алды. Үйгө барганда эшикке чыгып: «Эки колуң
байлоодо, эки көзүң жайлоодо, төрөм, эри өлгөн катындай эмне болдуң?» деп
сурады.
Карач: «Көкүл сурасам эле берди» деди.
Бир күнү Кер кулун: — «Жүрү атам боз айгыр, энем кер бээ көзүн кан басып,
жылкыга жетпей калыптыр. Сенин атаң Муңдуубай, энең Ак байбиче жүктүн
алдынан турбай калыптыр» деди.
www.bizdin.kg
Көкүл Боорукер ханга келип:
— Мага уруксат кылыңыз. Менин да ата-энем бар эле, эмне болгонун бир
билип келейин — деди.
— Уруксат, балам, мени эсиңден чыгарбай, бир кайрылып келип кет, — деди
Боорукер хан.
Көкүл жүрүп отурса, жүрүп отурса бир тоо турат, жөн турбай жылып турат.
«Оо бияктын тоосу жылып турат экен ээ» деп жанына барса, Көк дөө экен. Аны
менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, көтөрүп чаап, өлтүрдү да, ошону
менен Көкүл дагы жөнөдү.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, Көкүл Ак дөөгө жолугат. Аны менен үч күн, үч
түн кармашып, акыры Көкүл жеңет.
Көкүл дагы жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Кызыл дөөгө туш келет. Муну менен
он беш күн, он беш түн күрөшөт. Кер кулун он беш күн, он беш түн чөп жебей, суу ичпей карап турат. Алышып алга толо элек, күрөшүп күчкө толо элек Көкүлдүн каруусу кетип шалдырап калганда, Кер кулун биле коюп, Кызыл дөөнүн омурткасын бириктире тиштеп койду эле, Көкүл көтөрүп чапты. Кызыл дөөнүн денесинин жармысы жерге киргенде ал: «Ой, Көкүл, менин батегимдин астында, байпагымдын башында жети бүктөм ак болот бар, ошону алып, типтик көтөрүп бек шилтесең, ошондо башым аласың, антпесең башымды кесе албайсың» деди.
Көкүл баягы жети бүктөм ак болотту алып, шилтээрде Кер кулун:
— Болотту чаппай кармап турсаң, дөөнүн башы өзү түшүп калат деп токтотуп
коёт. Көкүл: «Болотту чапса эмне болот эле» десе, «анда өз башыңды кошо ала
кетип, акыр кыямат болмок» — дейт. Кер кулун Көкүл болотту дөөгө
жакындатканда Кызыл дөөнүн башын алып түшөт. Көк дөөнүн башы: —
Жүрөгүңдү жүрөгүмө бас — дейт. Көкүл: «Кой, бул мени дагы өлтүргөн турат
окшойт» деп дөөнүн жүрөгүн Ит Ичпестин ала көлүнө салып жиберсе, көл соолуп калды. Дөөнүн башы:
— Ичегимди алып белиңе курчап, балбан болоруңа жакшы, — дейт.
Көкүл дөөнүн ичегисин алып курчанайын деп жатса, Кер кулун:
— Ичегиси менен курусун, үйдөй кара ташка ыргыт, — деди. Көкүл Кызыл
дөөнүн ичегисин ыргытты эле, кара таш как жарылып, таруудай быркыранып
кетти.
Көкүл атын токуп минип алып, дагы жолго чыкты. Күндөн күн өтөт, айдан ай
өтөт. Бир жерден кетип бара жатса, бир айыл турат, Көкүл «Бул кимдин айлы
болду экен?» деп барса, баягы атасы Муңдуубайдын айылы. Муңдуубай Көкүлдү таанып:
«Башымдагы куу булут кеттиби?» деп, баласын басып жыгылат. Кемпир, чал,
карындашы Көкүл менен көрүшүп, коргошун болуп эрип кетерде кырчоосун үзүп, Кер кулун үйгө кирип, бир чака сууну ортосуна куюп жиберди. Төртөө төрт башка болуп үшкүрүп отуруп калышты. Ошентип Көкүл эне-атасын таап, эли-журту менен жыргап-куунап жатып калышкан экен.

АЛНАЗАР БАКЫ


Илгери-илгери Жаныбек хан деген хан бар экен. Анын сегиз уулу болуптур.
Сегиз уулунун алды агала сакал болгончо катын алып берген эмес экен. Байдынсегиз уулу чогулуп үч күнү кеңеш кылып: «Атабызга катын алып бер деп кантип айттырабыз?» дейт экен. Алар ары ойлонуп, бери ойлонуп Алназар Бакыны алдырат экен. Алназар Бакы келип: «Мени эмне үчүн чакырдыңар?» десе, алар:
«Биз бир энеден сегиз экенбиз, алдыбыз ак ала сакал, артыбыз кара сакал
болуптурбуз. Сен бир энеден жалгыз экенсиң. Кер мурут болупсуң. Ушул убакка чейин бирөөбүздүн да катыныбыз жок. Бир жака барсак «Жаныбек байдын сегиз аңгиси» келе жатат деп жаман аттуу болдук. Атабызга катын алып бер деп кантип айттырарды билбей, сени чакырдык» дешет. «Силер айыл-айылды кыдырып, кыз карай берсеңер, атаңарга бир теңтушу кеп айтар, анан силерди эсине алып катын алып берер» деп, Алназар Бакы кеңеш берген экен.
Сегиз ага-иниси айткандай кыз издейт экен. Байдын теңтушу келип
балдарынын кыз издеп жүргөнүн айтат. Ошондо Жаныбек хан: «Атаганат, мен
эмнени унуттум десем, балдарыма катын алып бербей унуткан экенмин» деп,
санын бир чапкан экен.
Хан: «Сегизине сегиз жерден кайындап, башка-башка кыз алып бергиче
өмүрүм өтүп кетер, андан көрө сегизине бир жерден кыз алып берейин» деп кыз издеп жөнөйт экен.
Бай төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып, сегиз кыздуу киши издеп таппай кечке
маал бөлгөндө бир байдын үйүнө келип отуруп, эки жакты караса керегенин
башында жети сөйкө илинип турганын көрүп, «атаа бир балама жетпей калды», деп, оң карап ыйлап, сол карап күлгөн экен. Ошондо байдын байбичеси көрүп:
«Атаа, оозуңа кап толгур, айт жөнүңдү эмне ыйлайсың?» деп ханды жакасынан кармап туруп, эки жаакка эки чабат.
«Атаа, байбиче сегиз уулум бар эле. Керегенин башындагы жети сөйкөнү
көрүп, ыйлаганым да, күлгөнүм да ушул эле» дейт экен.
Анда байбиче: «Оозуңа кара кан толгур, менин тогуз кызым бар. Экөөсү
сөйкөнү салбай кеткен тура» дейт экен. Кан токолунун баласы Алназар Бакыны унутуп калган экен: «Атаа, байбиче, менин да тогуз уулум бар эле» дейт экен.
Бай: «Мен кыздарымдын калыңына мал албаймын, эшигимдин алдына бир
май көл, бир сүт көл орнот. Биринин чабагы бирине ыргып түшсүн, бир алтын
терек, бир күмүш терек орнот. Биринин булбулу сайрап, бирине конуп турсун.
Көчүгүмдү коюп отургудай алтын так болсун. Эшигимдин алдынан өзөн суу агыз. Өйүз-бүйүзүмө мамы тизилсин. Ошону тегиз жериме жеткирсең, кыздарымды ал» деди.
Жаныбек хан үйүнө кетип баратып: «Май көл, сүт көлдү орнотсом, чабакты
кайдан табам? Теректи орнотсом, булбулду кайдан табам. Өзөн сууну бурдурсам, мамыны кайдан тиздирип бүтүрөм?» деп Жаныбек хан үйүнө кайгыланып түштү.
Ошол учурда Алназар Бакы уктап жаткан экен. «Тур Алназар Бакы, жанындагы жүгөндү алып, атаңдын кашка жоргосун кармап минип, ары-бери чапкылап, кара сууга чөмүлтүп барып, атаңа салам бер. Ар жакка карап кетет. Ар жагынан салам бер, бер жакка карап кетет. Бер жагынан салам берсең, ал: «кысталактын башын ал!» дейт.
«Таксыр, арыз» дегиң. «Айт» дейт. «Кайгырып келген ишиңди мага бериңиз.
Үч күнгө чейин бүтүрөмүн» деп түшүндө аян берет экен.
Алназар Бакы түшүнөн ойгонуп тура калса, жанында бир жүгөн жатат.
Жүгөндү алып, жүгүрүп барып, атасынын кашка жоргосун кармап терге
чөмүлтүп, атасына барып, салам берсе, атасы ары карап кетет экен. Бер жагынан барып салам берсе, «кысталактын башын ал!» дейт. Аны укканда Алназар Бакы:
«Таксыр арыз» дейт экен. «Айт арызыңды» десе, «ушу кыжалат кылып аткан
ишти мага берсең үч күндө бүтүрөмүн» дейт экен. «Бүтүрбөсөң башыңды
аламын!» деп Жаныбек хан уруксат берет.
Бала үч күнгө чейин бир кетмен топурак чаппай: «Мага чын көрүндүңбү, калп
көрүндүңбү?» деп үчүнчү күндө баягы дөңгө чыгып уктап жатса: «Тур Алназар
Бакы! Атаңдын көк өгүзүнүн бир көзүн чукуп, сүт көл бол деп ыргыт, бир мүйүзүн алтын терек бол деп ыргыт, бир мүйүзүн чынар терек бол деп ыргыт, биринин булбулу бирине консун деп ыргыт, ичегисин үйүн айланган алтын болсун деп ыргыт, тогуз кашык канын көчүк коюп отургандай сокудай алтын болсун деп ыргыт. Жанындагы куу таякты алып, чуу деп жүрүп отур. Эки жагыңа караба, тизилген мамыны санаба, өзөн суу агып, өйүз-бүйүзгө мамы тизилет» деп дагы түшүндө аян берет. Бала ойгонуп түшүндө көргөндөрүн аткарат. Баары бүткөндөн кийин бай: «Баары бүттү. Келиндерин алып алсын» деп Жаныбек ханга киши жиберет. Жаныбек хан сегиз уулун ээрчитип, Алназар Бакыны дагы унутуп таштайт экен. Мындай чыгып эстеп: «Бардык баламдын башы, толгон балам толугу, ушул ишти бүтүргөн. Алназар Бакыга өзүм барбасам келбес» деп үйүнө келет. «Алназар Бакы кайда? » деп энесинен сураса: Бая эле атам менен барам деп кетип калган» дейт экен. Атасы үйүнө барып караса Алназар Бакы тактысына минип отурган экен. «Балам жүрбөйсүңбү?» десе, «сен да кетсең, мен да кетсем, мында сиздин тактыңыз куру калабы? Балдарыңыздын улуусу улуусун, кичүүсү кичүүсүн алар, мага кенже кызы Кенжекени берет. Кайнатам мага кара болот өгөөсүн берет. Ошону мага сактап алып келип бериңиз. Кайта келе жатканда көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган бир булагы бар. Ошого конбоңуз!» дейт экен Алназар Бакы.
Жаныбек хан кудасына барып, отуз күн ойнотуп, кырк күн кыңшылатып
байдын кыздарын алат экен. Кудасы улуу кызын улуусуна, кичүү кызын
кичүүсүнө, кенже кызын, Кенжекени Алназар Бакыга берет экен.
Жаныбек хан келиндерин алып, кайта үйүнө келе жатканда баягы баласы
айткан көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган булакка келет экен. Ошондо Кенжеке: «Ушул жер жин пери ойногон жер экен, атам конбосун» дейт экен. Баягы сегиз уулу: «Как баш келинин ээрчитип кете берсин, атка жайлуу жер экен түшөбүз» деп түшүп калышат.
Эртең менен балдары келиндери уктап жатканда Жаныбек хан «аттарды
сугарып келейин деп, сууга барат. Аттарын сууга айдап келсе сууда казандай өпкө калкып турган экен. Аттары кошкурук атып, суу ичпей үркөт экен. «Ай жылас болгон жылкычылар жылкынын баарын союп өпкөсүн сууга таштап жиберген экен го» деп, атынан түшө калып, өпкөнү суудан алып ыргытайын дегенде, жети баштуу жез кемпир тура калып, байды чап билектен алып көмөрүп уруп, көөдөнгө минип: «Ай как баш, мага эмне бересиң? дегенде: «Өрүш толгон жылкым бар, муну берейин» деди. «Ай как баш, сен өлгөндөн кийин ал жылкылар меники эмей кимдики» деп дагы желип койду эле, Жаныбек өлүп кете жаздап;
«Дүнүйө толгон төөм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» деп дагы желип-желип койду. Акылынан шашкан бай:
«Короо толгон коюм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» «Үңкүр толгон үйүм бар, муну берейин». «Ай как баш, сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?»
— Сегиз уулум, сегиз келинимди берейин.
— Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?
Өлөрүнө көзү жетип, акыры айласы кетип: «Бардык баламдын башы, толгон
балам толугу, Алназар Бакымды берейин» — деди Жаныбек хан. «Ай курган чал, бая эле ушуну айтпайсыңбы?» деди желмогуз кемпир. «Алназар Бакыны мага кантип бересиң?» десе, анда Жаныбек хан: «Кайнатасы берген кара болот өгөөсү бар эле, ушуну эптеп алып, түп тулганын түбүнө жөлөп кетейин. Андан аркысын өзүң эптеп аларсың» деди.
Жаныбек хан аттарын айдап барып: «Балам, өгөөнү алып таштачы, ат
кургурдун бутуна чөңөр кириптир» десе келини ары карап ыйлап, бери карап
күлүп, өгөөнү алып таштады.
Бай балдарын жөнөтүп өзү атынын бутундагы чөңөрүн алып, өгөөнү түп
тулганын түбүнө жөлөп коюп, үйүнө барып жатты.
Кенжеке үйүнө барып түшкөндөн кийин Алназар Бакы Кенжекеден «Кайнатам берген кара болот өгөө кана?» деп сураса, Кенжеке өгөөнү атаң алды» дейт.
Алназар Бакы атасына барып: «Ата менин кайнатам берген кара болот өгөөм
кайда?» десе: «Алда эсиң алгыр ай! Аты кургурдун бутуна чөңөр кирип, ошону
өгөп алып туруп, түп тулганын түбүнө жөлөп койдум эле, унутуп калган экем да» деди.
Алназар Бакы ошондон кийин үйүнө келип, жөнөмөк болгондо келинчеги
Кенжеке: «Бүгүн жатып, эртең барарсың» деп токтотуп, ал күнү жатып, эртесине өгөө калган журтка жөнөдү. Барса, таш тулганын түбүндө шилби шыйрак, шиш аяк, түлкү тумшук, бөрү көз бир жадыгер кемпир отурат.
— Ассалоом алейкум, энекеш! деди.
— А-алейкум ассалам, балакеш! Балам, саламың болбосо саргартар элем ээ!
— Энеке алигиң болбосо алсыратар элем ээ.
— Эмне келдиң балам?
— Өгөөм калыптыр* эне, өгөөгө келдим эле.
— Эй, балам өгөөңдү мен алып калгамын. Сени бир жумушка жумшайын —
деди.
— Ээ эне атым жок, тонум жок, жарак-жабдыгым жок. Сенин ишиңе кайдан
жараймын? Жутуучу болсоң жут. Жутпасаң өгөөмдү бер!
— Атаа балам, сени жутпайт элем. Сен ушул ишиме жарайт элең, — деп
кынжыла берди.
— Атаа, эми болбостур деп, өгөөсүн алып, Алназар Бакы кемпирди ээрчип
жөнөдү.
Кемпир темирден капка шаарына баланы алып барып: «Жер астында
Айгандын кызын алып келип бер» деп жумшады. Алназар Бакы Айгандын кызы Алтынай сулууну карай жөнөдү. Кетип бара жатса, бир жолборстун бутуна чегедек кадалып калыптыр. Алназар Бакы жолборстун бутунан чегедекти сууруп алды эле, капчыгайдын ичин ириң каптап кетти. Жолборс: «Эмне башыңа иш түшсө, отко куйкалагың» деп, бир мурутун жулуп берди. Бала мурутту жанына салып алып, андан ары жүрүп кете берди. Андан ары бара жатса, бир адам тегирмендин ташын көчүгүнө байланып алып, ал жейренди барып бир тебет.
Алназар Бакы карап туруп таң калат да: «Эй тегирмендин ташын көчүгүнө
байланган аке, ушул өнөрүңө баракелде» деди. «Эй, балам ай, ушул өнөрүмдү
карыгыча бирөө баракелде деген эмес эле. Мен да сага жолдошмун» деп ээрчип алып жөнөдү.
Андан ары кетип бара жатса, бир киши бир көлдүн суусун бир көлгө ууртап,
куят. «Эй, көл ууртар аке, карап турсам бир көлдү ууртап, бир көлгө куясың. Ушул өнөрүңө баракелде» деди.
— Эй, балам ай, карыганча ушул өнөрүмдү бирөө: «Бали! — деп айткан жок
эле. Мен да сага жолдошмун» деп ал да ээрчип алды. Андан жүрүп отуруп Алназар Бакы жер астына түшүп кетти.
Жер астында кетип бара жатса, бир ийин казган чычканды бир күйкө аңдып
калыптыр. Алназар Бакы чырпыктан жаа, чийден ок кылып күйкөнү атып салды.
Чычкан жүгүрүп келип: «Досум, сен жакшылык кылдың, башыңа кыйынчылык түшсө куйкалап койсоң мен даярмын» деп, бир кирпигин жулуп берди.
Андан жөнөп кетип бара жатса, бир жерде жүз кумурсканын бир жагынан өрт
кысып, бир жагынан суу кысып өлө турган болуп жаткан экен. Алназар Бакы
этегин тосуп кумурскаларды өткөрүп жиберди эле, «Башыңа кыйын иш түшсө
куйкалап кой» деп, бирөө бир бутун жулуп берди. Андан ары Айгандын
шаарынын четине барып: «Үчөөбүз бир жерде жата албайбыз. Бири-бирибизге
кабардар бололу» деп, туш-туш жакка тарап кетишти.
Алназар Бакы бир абышка кемпирге бала болду. Антип-минтип абышка
кемпир бала баргандан кийин малданып кетти. Бир күнү Алназар Бакы
чычкандын мурутун куйкалап койду эле, чычкан келип: «Башыңа эмне мүшкүл түштү досум?» деди. «Ушул мен жаткан жерден Айгандын кызы Алтынайдын үйүнөн чыга турган кылып, бир киши баткандай жер алды менен жол казып бер» деди Алназар Бакы. Чычкан: «Жакшы болот, досум» деп, күндөп-түндөп казып, «бүтүрдүм» деп кабар берди.
Алназар Жердин алды менен түн ичинде барып, уктап жаткан Алтынай
сулуунун оң бетинен бир сылап, оң чачынан бир сылап, бир тал чачы жулунуп калды эле, катып алып жүрө берди.
Алтынай кырк кызы менен кошо күндө таразага түшүүчү экен. Эртесинде
таразага түшсө, бир тал чачы жок. Алтынайдын бир тал чачынын оордугунан
кырк кызды оодарып түшүүчү экен. Ал күнү таразага түшсө, Алтынай кырк кызга тең келип калат экен. Алтынай: «Киши ичсе уктабай турган тамак бар бекен?» деп сурады эле, бир кемпир: «Киши ичсе уктабай турган тамак жок. Тырмагыңды таза алып койсоң уктабайсың» деди. Алтынай тырмагын алып отуруп, бир тырмагын таза жулуп коюп, ошол колунан кан чыгып кетсе, чочуган бойдон алиги кемпирди
жүрөккө муштап жиберсе, жүрөгү үзүлүп кетип, өлүп калат. Кыз уктабай карап отурса, алды калдыр-кулдур этет. Карап турса бир жигит чыгып келди, сол бетинен бир өөп, сол чачынан бир сылаарда Алтынай кармай калып: «Сен эмне кылып жүргөн жансың?» деди.
Мен ушундай жер үстүндөгү Жаныбек хан дегендин уулумун. Сиздин
даңкыңызды угуп, атайын келдим эле. Кечээ сизге келип ойгото албай, оң
бетиңизден өөп, оң чачыңыздын бир талын алып кеттим эле» деди Алназар Бакы.
Кыз: «Мен эрге тийбей жерге тиемби? Жер үстүндө Жаныбек хандын баласы
болсоң, мен сага тийбегенде кимге тием? Мени алчу болсоң ата-энеме айт» деди.
Бала үйүнө барып, алиги багып алган атасына: «Айгандын кызы Алтынайга
жуучу бол. Мен Алтынайды аламын» деди. Анда атасы: «Оо кокуй балам, хан
биздин эмнебизди алат, эмнебизге кызыгып берет? Жеке өтүктүү жете албай,
жоор өтүктүү бата албай жүрсө, балам, бизге эмне деп берет» деди. «Сиз жуучу
болуп барбай турган болсоңуз, мен мындан көрө житип жоголом» деди. «Ушул
баламдан оңолдук эле. Таздын көөнү болбосо, таза кыздын көөнү эмеспи
дегендей, баламдын көөнү эмеспи? барсаң боло» деп кемпири абышкага айтты.
«Макул болот» деп, атасы көк өгүзүн минип алып: «Мен элчимин, жуучумун
ханым. Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок, ханым» деп барды. «Эй,
каңгыган абышка, эмне дейт? Өгүзүнүн куйругуна сүйрөтүп кое бергиле!» деди
хан. Абышканы жыга чаап, өгүзүнө артып кое берди. Кемпири көрө коюп: «Кокуй,
уулум, катының менен куруп кал, абышканы өлтүрүп, өгүзүнө артып кое
бериптир» деди.
— Деги эне көөдөнү бүтүн барбы? деди.
— Ооба.
— Эмесе кейибе, — деди да: «Эртең атам куландан соо болуп турсун деп
жатып калды. Эртең менен атасы азанын айтып турду.
— Ата, барасыңбы? деди.
— Эй, балам, барам, деп чал ханды карай жөнөдү.
— Мен элчимин, жуучумун, ханым! Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук
жок, ханым! — деп жанына барды.

Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое бергиле! деди
хан жигиттерине. Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое беришти.
Кечинде өгүз дагы келди! Кемпири көрүп: «Айланайын уулум, абышканы
жилик-жилик кылып кое бериптир» деди. «Эй, эне! Иши кылып мүчөсү келсе
болду» деп бала чалдын жилигин эптеп, кийимин жаап коюп: «Эртең менин атам, азанын айтып турсун» деп жатып калды.
Атасы эртең менен азанын айтып турду.
— Эй, ата, ханга барасыңбы? деди баласы.
— Эй, балам, барамын, — деп көк өгүздү минип алып, мурунку айткан сөзүн
айтып дагы барды. «Абышканы өлтүрүп, сөөгүн өрттөп күлүн артып жибергиле» деди хан. Абышканы өлтүрүп сөөгүн өрттөгөнү жатканда Алтынай бир күңүн жумшап: «Томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна байлап жибергиле» деди эле, алар томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна байлап жиберди.
«Кокуй, уулум, өгүз келе жатат. Абышка жок» деп кемпир дагы чыйпыйы
чыкты. Бала өгүздүн куйругундагы томукту таап алып, кийимин жаап: «Атам
эртең менен азанын айтып турсун» деди. Атасы эртең менен азанын айтып турду. Абышкага баласы: «Дагы барасыңбы?» деди эле, ал: «Барамын» деп жөнөп кетти.
Абышка ханга келип: «Мен элчи жуучумун, ханым. Элчиликке өлүм жок,
жуучулукка кордук жок» деп дагы айтты эле хан: «Бул тегин чал эмес экен го» деп ойлоп: «Сенин эмнеңди жейин, малың жок болсо, төрт-беш мөөрөй кылам. Ушу мөөрөйдү бүтүрсөң ал. Уулуңду кечинде жибер» деди.
Абышка үйүнө келгенден кийин Алназар Бакы жолдоштору менен кечинде
хандыкына келишти.
«Келсеңер тамда эки бакма жолборс бар, ошону сойгула» деди хан.
Алназар жолборстун мурутун куйкалап койду эле, баягы дос болгон жолборс
даяр болду. Ал жолборстун төрөсү экен, сарайга кирип, экөөнүн мойнун сый
тиштеп чыга калды. Алназар Бакы жилик-жилик кылып союп, текче-текчеге
алып коюп, биринин терисин жамынып, биринин терисин салынып жатып алды.
Эртең менен хан ойгонуп туруп: «Эй желдеттер барсыңарбы? Бая жолборстун
үйүн сасытпай баланын өлүгүн сүйрөп таштагыла!» деди. Бир желдет барып: «Эй, таксыр, жолборсту өлтүрүп коюптур» деди. Падыша калп айтты деп ойлоп, жана бир желдетти жиберди эле, ал дагы: «Эй таксыр, айтсам да өлдүм, айтпасам да өлдүм, жолборсту жилик-жилик кылып таштаптыр, биринин терисин жамынып, биринин терисин салынып алыптыр деди.
Эртеси хан жүз теңгени камыштын арасына чачтырып: «Ушу теңгени таап
бер!» деди.
Алназар Бакы баягы кумурсканын бутун куйкалап койду эле, жүз кумурска
даяр болуп тура калды. «Мына бул камыштын арасына хан жүз теңге чачтыртты.
Ошону таап алып чыккыла» деди Алназар Бакы.
Кумурскалар акчаны бир-бирден сүйрөп чыгышты. Санаса бир теңге жок.
Кумурскаларды кайта жабылтты. Кайта жабылтканда караса баягы бир бутун
үзүп берген кумурска сүйрөй албай жүргөн экен. Алназар Бакы хандын акчасын кумурскаларга бүт жыйнаттырып келип берди эле, хан: «Эми эртең менен бир киши чыгарамын, Алназар Бакы бир киши чыгарсын. Экөөнүн колуна эки чайнек беребиз. Алар көз көргүз жерден суу алып келет. Анын кишиси мурун келсе, мөөрөй аныкы» деди.
Алназар Бакы тегирмендин ташын көчүгүнө байлаган кишисин жиберди. Хан
бир киши кошту. Хандын кишиси сууну чөмөрүп алып жолдун как ортосуна чейин
жеткизбей келе жатат. Ошондо берки тегирмен ташты ыргытып жиберип безип жөнөдү. Хандын кишиси чалкасынан кетти, тигил киши кайра барып, сууну алып келгиче, Алназар Бакынын адамы алда качан ханга алып барып берди. «Эми кечинде жолдош-жороң менен ушу тамга кирип отур. Тамдын төбөсүнө жеткиче көмүр төктүрөмүн. Туш-туштан көрүк менен бастырамын. Чыдап бересиңер — деди.
«Көл ууртар, бир-эки көлдү ууртап кел!» деди Алназар Бакы. Хандын вазири
туш-тушунан усталарды жыйнап келип көрүктү бастырды. Темир ысып боз ала болуп, ичиндегилердин демдери кысылып: «Төксөңчү сууну» дей беришти. Улам «төк» деген сайын көл ууртар окшуп келип, «басып тура тургула!» деди. Бирөө:
«Ой бизди күйдүрүп өлтүрөсүңбү? » деп тура калып далыга бир муштады эле, көл ууртардын оозунан суу атып чыгып, хандын шаарынын бир жагын кошо каптап кетти.
Түнүндө Алназар Бакы кызга жүгүрүп келип, «эми эмне мөөрөй кылат?» деп
сурады, эле кыз: «Эртең кемегени казат, бир койду союп туруп, этин казанга
салат. Бир тутам шыбакты колуна берет. Ошону менен «этти бышыр» дейт. Кудай берериңе алса, шыбак эт бышкыча күйүп турат, кудай бербесине алса, дүр этип тамат да, өчүп калат. Кашыктагы кара суудан ууртатып, нике кыйып мени сага алып берет. Тоюң ошо болот» деди.
Эртең менен койду союп, казанды асып, бир тутам шыбакты Алназардын
колуна берди. Алназар Бакы отту жакты. От күйүп, эт бышып жатты. Эт бышкан убакта от өчтү.
Хан бир кашык кара сууга нике кыйып, Алназарга кызын берди. Алназар
кайнатасынын берген дүнүйөсүн үчөөнө бөлүп берип: «Эми жер үстүнө ким
чыгат» дегенде: «Алпкаракуш чыгат» дешти. «Алпкаракуш кайда болот» деди
бала. «Адырда бир булак бар. Ошол булакты өрдөп чыксаң, баш жагында калың терек бар. Алпкаракуш так ошондо» дешти.
Бала эртең менен чыгып жүрүп отуруп, баягы булакка барды. Барса теректин
башында эки балапан: «Жеди эле жеди, жутту эле жутту» дейт.
Караса, тереке бир ажыдаар оролуп чыгып бара жаткан экен. Ошондо Алназар
Алтынайдын алтын шакегин колунан чыгарып алып: «Сен Алтынайдын шакеги болсоң, ушул ажыдаарды мага өлтүрүп бергиң» деп урду эле, шакек бир жагынан тийип, бир жагынан чыгып, ажыдаар бир убакта жерге шалак деп жыгылды.
Алназар кылыч менен ажыдаарды бөлө чаап алып, айбалта менен теректи
тепкичтеп отуруп, башына чыгып барды.
Барса эки балапан «Жутту эле жутту, жеди эле жеди» деп чыңырып жаткан
экен. Алназар: «Силер эмне кылып жаткан жансыңар?» деп сурады. «Биздин
энебиз чабыттап кетти эле. Ажыдаар келип жеймин дегенде, чыңырдык эле»
дешти. Алназар ажыдаардын куйругун эки балапанга бөлүп берип: «Энең кайсы маалда келет?» деп сурады.
— Энем күүгүмдө келет.
— Кандай келет?
— Жолу болгондо, үйдөй таш үдүрөңдөп, койдой таш кодураңдап келет. Жолу
болбогондо, кызыл шамал ышкырык менен, бороон-чапкын менен келет.
Бир убакта балапандардын энеси келет. Келгенде бороон-чапкын менен узун
терекке келип конот. Узун терек чайпалып токтобой, кыска терекке келип конду. «Жылда тууганымда балдарымды ажыдаар жеп кетүүчү эле. Бул маалга калмак эмес эле. Башыма балаа балдарсыңарбы?» деп чыркырады. «Эй, энеке, башыңа балаа эмеспиз. Жаныңа жапаа балдарбыз» деди балдары.
— Жакшылыкты көргөзөлүбү, жамандыкты көргөзөлүбү?
— Эй балам, жамандыкты көргөзчү! дегенде балдары ажыдаардын көкүрөгүн
көрсөттү эле, Алпкаракуш жутуп жиберди.
— Эй балам, эми жакшылыкты көрсөткүлө! дегенде, балдары баланы көрсөттү
эле, аны да жутуп жиберди.
«Кокуй, как баш, сал эле сал, ташта эле ташта!» десе кулгуп коюп таштабайт.
«Кой, как баш, ичинде ирип кетет, ташта эле ташта» дегенде: «Атаа, балдарым,
кое турсаңар болот эле. Баштагысынан эки эсе артык эр кылдым эле. Эми
биртике кое турсаңар, бүткөн боюн чылк темир кылат элем» деди. Жерге таштап жибергенден кийин Алпкаракуш баладан: «Сен эмне кылып жүргөн жансың? деп сурады эле, Алназар Бакы: «Мен үстүндөгү адам элем. Сени жер үстүнө чыгат дегенинен келдим эле» деди. «Эми бүгүн балдарымдын кайгысы менен чабытым аз болуп калды эле. Эртең чабыттап алайын. Бүрсүгүнкүгө кел. Кырк кашык суу, кырк торгой ал», деди. «Бер дегенде бир кашык суу, бир торгойдон берип тур».
Убадалуу күнүндө Алназар Бакы Алтынайды алып келди. Алпкаракуш даяр
болуп турган экен. Алпкаракуш Алназарды үстүнө мингизип алып учуп жөнөдү.
Бер деген жеринен суу берип, эт берип жүрүп отурду. Бир жерге келгенде
Алпкаракуш: «Келе суу?» деди. «Суу түгөнүп калды», «Келе эт?» деди. «Эт түгөнүп калды эле» деди Алназар.
Алы кеткен Алпкаракуш ылдыйлай баштады. Алназар ыйлап туруп ийри
такымынан кесип берди. «Келе суу» деди. Бир көзүн чегип берди. Жер үстүнө
чыкканда Алпкаракуш тамшанып: «Кийинки берген этиң менен сууң аябай
таттуу экен» деди. «Эт түгөнүп эңиштеп баратканда, ийри такымымдан кесип
бердим, суу дегенде көзүмдү чегип бердим» деди Алназар. «Эми далда жердеги
такымың турар деп, — көзүн бүркүпжиберген экен. «Жакшылыкка жакшылык, ал өлгөнчө жакшылык, жамандыкка-жамандык, ал өлгөнчө жамандык» деп, Алпкаракуш коштошуп алып, жерин карай учуп кетти. Алназар Бакы келинчегин ээрчитип алып, жез кемпирди карай жөнөдү. Бир нече күн жол жүрүп, Алназар Бакы бир күнү үшкүрүндү. «Сен эмне үчүн үшкүрүндүң?» деп сурады Алтынай.
«Эми мен сага жок, сен мага жок» деди Алназар Бакы.
— Эмне үчүн биз бири-бирибизден ажырайбыз?
— Бир жез кемпир сага жумшады эле, ошонун күчү менен сага бардым эле.
— Атаганат, аны атамдын төрүндө экенде айтсаңчы! Атамдын Мыка деген
кушу бар эле. Ошону алып келип, көзүн чокутуп өлтүрөт элек. Адамга жай
бербеген желмогуз абышкасынын көзүн чокутуп өлтүрттүм эле. Өчөштүк менен мага жиберген экен. Анын өзү качып кутулуп кетти эле. Эми илгери барсак, бир түптүү көк таш бар. Ошого барганда мен жибектен аркан эшейин, мени ошо ташка бек таңып байлап кой. Анан сен баргын: «Алып келдиңби?» дегенде, «алып келдим» деп айткын. «Кайда?» дегенде, «балан жерде» деп айтарсың. Ошондо жылан болуп мени карай окторулуп сойлоп жөнөр. «Атаңдын көрү, түбү куртка жакшылык кылган оңбосун» дегин. Ошондо «эмне болду» деп кылчайып тура калат. «Менин карыным ач» деп айтсаң, «ме ачкыч, тамакты өзүң барып ич» деп ачкычты ыргытып жиберер. Дарбазаны ачып, коргондун ичине кирсең, төрүндө бир боз там бар. Ичине кирсең, тыягы сандык, быягы сандык, орто жеринде койдой боз сандык. Ошону бат жара теп. Аны жара тепсең ичинде кол башындай сандык бар. Кол башындай сандыкты жара тепсең, ичинде жети кара кучкач жаны бар. Ошолордун башын бат-бат үзүп өлтүр» деди. Алназар жез кемпирге барды. «Алып келдиңби?» — деди.
— Алып келдим, палан жерде турат — деди. Кемпир жылан болуп окторулуп
сойлоп жөнөдү.
— Атаа, деги куртка жакшылык кылган оңбосун. Мен ачып-арып,
жөө-жалаңдап келсем, тамак жөнүн айтпастан кетип баратасың.
— Мына тамакты өзүң алып ич, деп кемпир ачкычты ыргытып жиберди.
Алназар дарбазаны ачып, төрдөгү боз тамга кирип, койдой боз сандыкты жара
тээп, ичиндеги кол башындай сандыкты жара тээп, ичиндеги жети баштуу
кучкачтын башын үзүп, кайта кызды карай жөнөдү.
Кызды карап жүрүп келсе, бута атым жерде ажыдаар жыгылган экен. Кызга
жүгүрүп эси ооп жаткан экен. Кызды таштан чечип, сууга салып эс алдырып,
кемпирдин шаарына келишти. Экөө эзилишип, «бизге оңой менен мындай шаар, мындай дүнүйө табылбайт» деп жатты. Алтынайдын боюна бүтүп, эгиз эркек бала төрөдү. Агасынын атын Асан, инисинин атын Үсөн койду.
Бир күнү каалганы бекитип койсо, бир киши келип, каалганы кагат. Алтынай
нан бышырып, Алназар Бакы үйдө олтурган экен.
Алназар Бакы тура калайын деди эле, зайыбы басып койду. Өзү барып эшик
ачты. Ал киши Алтынайдын сулуулугунан чалкасынан кетти. Алтынай жоолук менен желпип эс алдырып, бир нан берип, кошунуна жиберди. Көрсө, жаңыдан келип конгон кербен экен. Ал кайрылып кошунуна: Эй кербен башы, бир сулуу айым көрдүм. Ошону сага алып берсем мага эмне берер элең? деди.
— Ушу жолго алып чыккан малымдын жартысын берер элем. Айымды мага
кандай кылып алып бересиң?
— Адам өлтүрө турган уу таап бериңиз. Бир аттын жүгүн бериңиз. Калган
айласын өзүм табамын.
Кербендерди жөнөтүп жиберип, алиги кербенчи Алназар үнүн угардай жерге
келип: «Как жүрөгүм, кара боорум» деп чыңырып жатты. Алназар Бакы: «Ушул кудай урганды жөнөтүп жиберейинчи, кишинин кулак-мээсин жеди» деп кербенчинин жанына келип жайын сурады.
— Эй садагаң кетейин. Бир аттын жүгү менен жолдошторум таштап кетти.
Кара боорум, как жүрөгүм ооруйт.
Анда Алназар Бакы мен эле жүктөп берейин деп, бир жаккы жүгүн жөлөтүп
туруп, экинчи жагын жаңы коюп жатканда кербенчи ууну үйлөп жиберди.
Алназар Бакы ошол замат чалкасынан кетти. Аңгыча кыйкырык чуу чыгып,
кербенчилер шаарга кирип келди. Коркуп кеткен Алтынай эки баласын бир
чуңкурга тыга салып, үстүн бир курмушу менен жаба салып, бир карын майды үстүнө таштай салды. Кербенчилер дүнүйөсүн алып, Алтынайды олжо кылып жөнөдү.
Баягы кербенчи Алназар Бакыга ууну чала үйлөгөн экен, эс алып үйүнө келсе,
эч нерсе жок экен. Карап турса, бир чуңкурда кың-кың үн чыгат. Ача салса бир
карын май менен эки баласы. Алназар Бакы баласын көтөрүп алып, мурунку
келген эски жолун карап жөнөдү. Жөнөп кетип бара жатса, алдынан бир өзөн суу жолукту. Улуу баласын жээкке коюп, кичүүсүн көтөрүп алып суудан кечти.
Суунун ортосуна келгенде сыйгаланып, жыгылып сууга түшүп агып кетти.
Жээктеги баласын карышкыр ала качты. Алназар Бакы эки баласынан ажырап аябай ыйлап, тентип жөнөдү.
Ошол учурда бир шаардын ханы өлгөн экен. Хандын эркек баласы
болбогондон кийин керээз калтырыптыр. «Кушумду учургула кимге консо, ошол хан болсун!» дейт. Хандын кушу үч күнгө чейин эч кимге конбойт экен. Үчүнчү күнүндө шаардан чыга учуп баягы Алназар Бакы жаткан терекке конду. Терекке келип кессе, ичинен Алназар Бакы түшүп келди. «Мына хан, мына бек» деп Алназар Бакыны хан көтөрүштү.
Алназар Бакы хан болуп, ит агытып куш салып жатып калды…
Эмки сөз Алтынайдан. Алтынайды кербендер алып баргандан кийин «мен
алам, сен аласың» болуп талашып калышты. Алтынай: «Эй, кербен-башчылар, мен бир ой кылсам, силер көнөсүңөрбү? деди.
— Эй, садага кетейин айым! Сиздин айтканыңызга биз көнбөгөндө эмне
кылабыз?
— Эми көнө турган болсоңор, баарың кийимиңерди чечип, көйнөк дамбалчан
болуп, көйнөгүңөрдүн этегин байлаштырып алып жарышып келгиле, кимиңер мурун келсеңер ошонуңарга тием.
Баары: «Эй таза адилет адам экен да» дешип жарышканы кетишти. Алар
кеткенден кийин Алтынай бир атын минип алып, башка аттарын айдап алып,
баягы шаарга кирип кетти. Калаага барып аттарды жоготуп жаман кийим
кийинип алып, калаанын ичин кыдырып жүрдү.
Баягы карышкыр ала качкан баланы койчу ажыратып, чоңойтуп, кой
кайтартып алат. Берки сууга аккан бала балыкчынын торуна түшүп балыкчы
багып алат. Койчу ажыратып алган бала кой жайып келсе, бир бала суудан балык алып жатат. «А баатыр бир балык берчи?» десе, «эмине деп берем?» деп, балыгын көтөрүп жөнөйт.
— А баатыр токтой турчу, атың ким?
— Атым Үсөн.
— Эмесе менин атым Асан. Экөөбүз Алназар Бакы дегендин баласы экенбиз.
Мени карышкыр ала качып, койчу ажыратып алып, койчунун баласы болуп
жүрөм. Сен сууга агып, балыкчы кармап алып, сен чоочундун баласы болуп
жүрөсүң. Биз минтип жүргөнчө кетели ,— деп апасы кирген калаага кол
кармашып кирип келишет.
Алназар Бакы бир күнү отуруп үшкүрөт. Аялы сураса айтпайт. Анда Алназар
Бакы ит агытып, куш салып кеткенде, зайыбы Куйту күң деген күңүнө «ушул
Алназар Бакыда чоң күйүт бар, ага түспөлдүү бала болсо, же азган-тозгон катын болсо карай жүргүлө» дейт.
«Макул» деп издемек болду. Куйту күң эртесинде калааны кыдырып жүрсө,
Алназар Бакыга окшош эки бала ар кимден нан сурап жүрөт. Куйту күң: «Кимдин балдарысыңар?» деп сурады. «Алназар Бакы дегендин балдарыбыз. Атабыз кайда экенин билбейбиз» деди.
Куйту күң баланы чакырып алып, жакшы кийим кийгизип, үйүнө отургузуп
койду. Алназар Бакы ит агытып, куш салып, үйүнө кечинде келсе, эки баласы
үйүндө олтурат. Алназар Бакы балдарын көрүп бакырып ыйласа, балдары атасын көрүп бакырып ыйлап, кучакташып калды.
Алназар Бакы дагы бир күнү балдарын ээрчитип, ит агытып, куш салып
кыдырып кетти. Нечен күн, нечен түн жүрүп үйүнө келип үшкүрдү. Зайыбы:
«Балдары болсо табылды, эми ушу балдарынын энеси бар го» деп ойлоп, Куйту
күңгө: «Бир азган-тозгон катын болсо карай жүр» деди.
Күң калааны карап жүрсө, бери караса киши көргүдөй эмес, ары караса сөөгү
таза аял чүмкөнүп жүрөт. Күң аны чакырып алып:
— Бери кел, балам, баш карашып алалы, — деди.
— Эне сиздин башыңызды карап берейин. Менин башым таза эле, — деди. Күң
башын каратып атып байкаса, бети жарк-журк этет.
— Сени падышанын катыны ээрчитип кел, кайыр берем деди эле, жүр, — деп
Алтынайды хандын үйүнө алып келет.
Кечинде Алназар Бакы үйүнө келсе, Алтынай үйүндө отурат. Ошентип,
Алназар эли-журту, бала-бакырасы менен жыргап-куунап жатып калган экен.

ЖООДАРБЕШИМ


Илгери-илгери Кебез-Тоонун кең жайлоосунда ажыдаар менен арбашкан,
желмогуз менен кармашкан, ааламдын жүзүн кыдырган Төштүк деген баатыр
болгон экен. Ал сакалы агарып карыганча балалуу болбоптур.
Төштүк: «Ушул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе, ким калкалайт жеримди калың
кыпчак элимди» деп кайгыланып жүргөндө, байбичеси Кенжекенин боюна бүтүп, жолборстун этине талгак болуп, маңдайында калы бар, арстандай жалы бар, күмүш көкүлдүү бала төрөйт экен. Төштүктүн сүйүнүчү койнуна батпай, бүт кыргызды чакырып, тоюна токсон союп, баласынын атын Жоодарбешим коет экен.
Жоодарбешим беш айында каз туруп, алты айында басат экен. Ошондо атасы:
«Балама көз тийип калбасын» деп, Жоодарбешимди тогуз жашар болгончо ээн
жерге бактырат экен.
Жоодарбешим тогуз жашар болгондо атасы эр кийимин кийгизип, Кылкара
деген атын мингизип, жоонун жайын үйрөтө баштайт экен.
Күн өтөт, ай өтөт, жылдар өтөт. Жоодарбешимдин балтыр эти толуп, атасын
тарткан тоодой баатыр болот экен. Бир күнү атасы Жоодарбешимди мергендикке алып чыгып, ак аркар атып, бөкөн кууп жүрүп: «Балам мен сага бир сыр айтайын»
дейт экен. Жоодарбешим: «Ал эмне сыр? Айткын ата»,— десе, Төштүк: «Ушул
жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп нечен дайра, нечен көлдөн өтүп, бир алтын булакка келесиң. Ошол алтын булактан алтын баштуу Ак аркар суу ичет. Мен дагы атайын издеп барып Ак аркарды кармай албай келгем. Ошол Ак аркарды атып келип берсең, бул дүйнөдө ыраазымын» дейт экен.
Ошондо Жоодарбешим: «Ай жылдан жол бассам да, сага Ак аркарды алып
келип беремин» деп, үйүнө келип, жолго даярдана баштайт.
Энеси Кенжеке: «Быйылча токтой туруп, келерки жылы бар. Алыскы жолго
аттана турган убагың боло элек» десе, Жоодарбешим: «Мен ит көйнөгүм мойнума иле түшкөн баламын. Мен аруу тонум жонума кие түшкөн баламын. Мен атам алп Төштүктүн казабына калбаймын» деп болбой коет.
Ошондо Кенжеке көл башындай ак баштыкты уулуна берип:
— Балам, ушул жерден күн чыгышты көздөй жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң,
Оң оюл деген жер келет, он периште тең келет. Андан кантип өтөсүң? — деди.
— Анын онун он жерге чаап таштайм — деди Жоодарбешим.
— «Андан эптеп өтөм» деди Жоодарбешим.
Кайгылуу деген жер келет, Кырк жарактуу тең келет. Мындан кантип өтөсүң
балам? — деди энеси.
— Анын кыркын кырк жерге кыйрата чабамын. Андан эптеп өтөмүн энеке, —
деди Жоодарбешим.
— Эчен дайра суу келет, эчен кабат тоо келет, чытырман токой чер келет,
андан кантип өтөсүң? — деди энеси.
— Аны бир чагым кууну коюп өтөмүн — деди Жоодарбешим.
— Балам, андан ары сен барсаң, тогуз жолдун тоому бар. Андан ары сен
барсаң, бир боз дөбө турат. Ошого барсаң, таятаңдын боз ордосу бар. Алачыктай кызыл кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит, кулун салып турат. Таенең: — «Балам, сен кимдин баласысың, бат айтчы» деп сурайт. Анда:
«Суусап келген балага, суусун берип туруп кеп сурагың де. Бир чоң кесе кымыз
берет. Ошону ичкенден кийин: «Мен Кенжекенин ботосу, Төштүктүн баласы
Жоодарбешиммин де. Анда үчөө басып жатып калат. Токмок жалдуу боз айгырды минип жигит сүйүнчүгө чабат. Орусканды ээрчитип жигит келет. Айтылуу Алтын-Булактагы Ак аркарга аттанып бара жатканыңды айткын. Ошондо таятаң:
«Төштүк дагы курусун, Кенжеке дагы курусун, балага кийим камдабайт,
жарак-жабдык, ээр токум камдабайт» деп, жоого кийчү жарак-жабдык, ээр берет. Ал ээрди албагын. Атамда капталы алтын, кашы күмүш, Төштүк мага күйөөлөп барганда, сурап калган ээр бар, ошону сурасаң бербейт. Өзүң кирип эле: «Өзүмдүн ээримди өзүмдөн аяйсыңбы? » деп алып чыгып аны токуп ал. Эми сени Кылкарага тапшырдым, Кылкара экөөңдү бир кудайга тапшырдым» деп Кенжеке оң батасын берип, Жоодарбешимди оң жолго салып жиберди.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, баягы энеси айткан эчен дайра
суу, эчен кабат тоону ашып, Боз-Дөбө деген жерге келет. Келсе, баягы Кенжеке
айткан кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик
кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит кулун салып
турат. Жоодарбешимдин ким экенин билгенден кийин баягы кызыл тору жаш
жигит Орусканга сүйүнчүгө чапты. Таятасы келип Жоодарбешимди басып
жыгылат.
Жай сурашып далай отургандан кийин, Жоодарбешим айтылуу
Алтын-Булакка бара жатканын айтат.
Ошондо Орускандын кемпири көзүнүн жашын көл кылып; «Ээ абышка,
Төштүк менен Кенжеке курусун, ушундай дагы жибереби, же жоого жарай турган жарак жабдыгы жок, же ээри жок? деди.
Эми Орускан кишилерин жиберип, акбула алдырды. Уз кыздардан,
келиндерден алып келип, акбуланы эритип алды.
Мергенчилерин «Тоо текенин мүйүзүн алып келгиле» деп буюрду. Ошентип
Орускан мергенчилерге тоо текенин мүйүзүн алдырып келип чеберлерин бүт
жыйнап, алтын жаак, сыр жебе жасатты.
Алтымыш текемин терисин малмага малдырып, кандагай жасатты. Алты
аяктуу ала атын токуп, Жоодарбешимди мингизип: «Эми балам сен калкагардын как ыргайын алып кел» деп жумшады. Бала баягы жерге барып, атка артынып алып келди. Баягыны уста ийрип, ак олпок жасады. Жоодарбешимдин бардык жарак-жабдыгы бүттү.
Ошондо Орускан жети аяктуу жээрде атты токутуп: «Эми балам, жолуң
шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!» деп батасын берди. Анда Жоодарбешим:
«Таята, Төштүк атам энеме күйөөлөп келгенде, сага капталы алтын, кашы күмүш ээр берген экен. Ошо ээриңдин күчүн берип тур» деди эле, таятасы берген жок.
Жоодарбешим: «Өз ээримди өзүмөн аяйсыңбы?» деп үйдөн алып чыгып
Кылкарага токуп алды.
Желенин башындагы Кылкаранын башына жүгөн салганда кунан болду,
жонуна тердик салганда, бышты болду Кылкара, куюшкан салганда куру ат
болду. Олоң тартканда опол тоодой ат болду.
Чыбаш баскан куйругу
Жан жибектей созулду.
Чүрүшүп калган туягы
Айтабактай жазылды.
Кемпир-чал балага оң батасын берип узатып чыгышты. Балдар жарлап карап
турушту. Баланын карааны жоголгондо, үйгө киришти.
Ошентип жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде, Кылкара бугудай
мойнун буруп, Жоодарбешимге кайрылып:
Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Энөө баатыр экенсиң
Мен билгенди билдиңби,
Мен туйганды туйдуңбу?
деди анда Жоодарбешим: «Мен эчтекени билген жокмун, батыраак айтчы
Кылкарам!» деди.
Кылкара: «Кайнардын Кара-Көлүнө ара күндүк жол калды. Ошол жерде
жандан ашкан Жанаалы деген дөө бар. Анын Куу кулан деген аты, куу жебе деген жаасы бар. Ал аңгыча канды өлтүрүп, Аксаамай деген кызын тартып алган. Ошол Аксаамай сени түшүндө көрүп, сүйүп калган экен. «Эми Жоодарым келет» деп сени күтүп жүргөн кези. Жанаалы дөөнү өлтүрсөң, сага кудай бергени. Аны өлтүрө албасаң, сен үйүңдү көрбөйсүң, мен үйрүмдү көрбөймүн» деди…
Андан ары аттанып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жоодарбешим баягы
Жанаалынын айлына жакындап калган кези экен. Ошондо Жанаалы аялына:
«Куюккан кула талаада карга десем, кагындай кагын десем, каакымдай канаттуу десем, аяктуудай бир нерсе көрүнөт» деди. Аңгыча Жоодарбешим да жетип келди. Жоодарбешим Жанаалы менен бир нече күн бир нече түн күрөшүп, дөөнүн башын кыя чапты. Аксаамайды өзү никелеп алып, андан ары Ак аркардын сары изине түшүп, саргара кууп жөнөйт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Кылкара: Ак аркар булак
суулап, күмүш күнгөй оттоп, Чаар-Арчанын башында жатат. Бутуңду чечип,
байпакчан болуп жанына өңүп бар! Менин ооздугумду чыгарып отко кое бер,
суулугумду чыгарып сууга кое бер!» деди. Жоодарбешим шашып Кылкараны кесе байлап, кең тушап салат.
Ал Чаар-Арчанын башына келип, шыкаалап туруп жааны чоюп бир кезде
тартып жиберди эле, аркардын башын жаа үзүп кетет. Аркардын башын алып,
Кылкарага жакындап келгенде, асмандан бир кара неме Жоодарбешимди эңип кетет. Көрсө бул Жоодарга ашык болуп жүргөн Нуркандын кызы Нурпери экен. Нурпери Жоодарды үйүнө алып барып, жатып калат.
Күндөн күн өтөт, айдан ай өтөт. Ошентип жыл маалы болгондо бир күнү
Нурпери: «Жоодарбешим, сенин бир күйүмдүү нерсең бар беле, ошонун
периштеси келип, мени тебелеп жаман кылды» дейт.
Ошондо Жоодарбешимдин эсине Кылкара түшөт да:
Алаканын шак коюп,
Артын жерге так коюп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Ичкен тамагын кайта кусуп, бүк түшүп жатып калат. Нурпери: «Эми сен,
Кылкараны алып кел!» деп, Жоодарбешимди Кылкарага жиберет. Жоодарбешим
келсе, баягы атынын ордуна бир тери жатат. Көрсө, Кылкара ошол экен.
Өлбөс-өлбөс жаны бар экен. Кылкара Жоодарбешимди таанып:
Айтсам тилим албаган
Аңкоого башым не коштум.
Сүйлөсөм тилим албаган,
Шүмшүккө башым не коштум?
«Ооздугумду чыгарып, эми мени отко коё бер! Суулугумду чыгарып сууга коё
бер» деди.
Жоодарбешим Кылкаранын ээрин алганда териси куюшкан менен кошо кетет.
Ошондо Кылкара: Эми мен үч жыл оттоюн, үч жылсыз келбе» деп, Жоодарбешимди кайра Нурпериге жиберет. Жоодарбешим Нуркандын элинде дагы үч жыл жашайт. Бир күнү Нуркан кызына чоң той берип, аткармакчы болот да, отуз күнү ойнотту, тогуз күнү тойлотту. Ошондо Кылкара өзү келет.
Нуркан алтын өргөө, ар шайманды элүү төөгө жүктөтүп, алтын жамбы, ак
күмүштү атан төөгө арттырып Асмайыл жана Ысмайыл деген эки жигитти кошуп, Нурпери менен Жоодарбешимди жөнөтөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жыламыштын тоосуна келгенде Нурпери менен
Жоодарбешим эс алмак болушуп, ак өргөө көтөрүшөт. Ак өргөө көтөртүп, алты
күн конгондон кийин бир күнү Жоодарбешим менен Нурпери сейилдеп токойго чыгып кетишет. Алар токойдо жүргөндө баягы Асмайыл менен Ысмайыл:
«Экөөбүз уу коргошундан өлбөгөндөй жеп алып, ооруп калдык деп жатып
калалык. Жоодарбешим менен Нурпери кандай дары берсе да, «Эски оорубуз
кармап калды. Биз айыксак Гүлгаакынын гүлүнөн гана айыгабыз» деп жата
берели. Ит Ичпестин көлүнө барган киши келчү эмес. Жоодарбешим барса
келбейт. Ошентип Нурпери бизге калат» деп акылдашышат.
Жоодарбешим менен Нурпери келсе, Асмайыл менен Ысмайыл ооруп онтолоп
чыдай албай жатат. «Эмне болдуңар» десе: «Биздин эски оорубуз кармап
калыптыр. Эч кандай дары жардам бербейт. Бир жардам болсо, Гүлгаакынын гүлү дары болот» деп ого бетер онтолошот.
Ошондо Жоодарбешим Кылкараны токунуп, Кынсыз кылыч байланып алтын
жаак сыр жебени акырекке илип Гүлгаакынын гүлүнө жөнөйт.
Жоодарбешим эчен белес тоо, эчки жүрбөс зоо, адам зат келип көрбөс жер
менен жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир эле жер жайнаган мыкка жолугат. Андан Кылкара бутун мыкка тийгизбей өтүп кетет.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир желмогуз кемпирге жолугат.
Ал: «Жут ийрегим, жут карт ийрегим, карт» деп Жоодарбешимди жутканда
кекиртегине токтоп калат. Ошондо кемпир: «Сен кекиртегиме токтоп калдың,
менин бир жакынымсың го» деп сурады эле, Жоодарбешим: «Мен Төштүктүн
баласы, Кенжекенин ботосумун» деди. Кемпир: «Кенжеке менен мен карын бөлө элем» деп кайта кусуп алды. «Гүлгаакынын гүлүнө бара жаткандардын жолун тоскон элем. Ушуга чейин эч кимди өткөргөн эмесмин. Ал жерге барган кайтпайт.
Менин тилим алсаң кайт!» дейт. Жоодарбешим болбой жөнөп кетет.
Жоодарбешимдин кеткенине кыйла күн болгондо, Асмайыл менен Ысмайыл
Нурпериге «сени алабыз» дешет. Ошондо Нурпери: «Мен экөөңө тең тиймек
белем, бириңди бириң өлтүр, тирүү калганыңа тием, сен мынабу кудукка түшүп жуун! Сен тарт дегенде тартып алам» деди.
Ысмайыл сууга киргенде Нурпери көтөрмөнү кыркып жиберип, Ысмайылды
өлтүрөт.
Эми сөздү баягы Кылкарадан баштайлы. Бир күнү Кылкара: «Эми
Гүлгаакынын гүлүнө жакын келдик. Эртең түшкө жакын жетебиз. Гүлгаакынын үч кызы бар, алар көлгө түшүп тамаша кылышат. Сууга түшөөрдө кептерин алып коюшат. Ошол учурда мен кырк канатымды жайып боз коёндой жапыз болуп, аткан октой жетем, сен боз карчыгадан илгир болуп кептерин иле көр! Сен жөнөгөндө төөдөй таш төкүрөңдөп, уйдай таш утураңдап, жылкыдай таш жылмаңдап, койдой таш кодураңдап, куушат. Кызыл жалын өрт да кууйт, ошондо артыңа караба! Атаң Төштүк да «кайрыл балам, кайрыл» дейт, мен канатымды жайып качам, энең таятаң — баары «кайрыл!» дейт. Ошондо да караба. Ак көгүчкөн учуп алдыңа чыгып, колдорун маңдайыңа тийгизет, шерт ошол, ошондо гана токто, көгүчкөндүн кебин бер. Алар кебин кийип, гүлдү алып келип берет!» дейт.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эртеси түшкө жакын баягы
Кылкара айткан жерге келет. Келсе, Гүлгаакынын үч кызы кийимдерин чечип
коюп, сууга түшүп жатышыптыр. Кылкара коендой жапыз болуп Жоодарбешим боз карчыгадан илгир болуп, кыздардын киймин илип жөнөдү. Жоодарбешимди уйдай таш утураңдап, койдой таш кодураңдап кууйт. Жоодарбешим эч кайрылбайт. Ак көгүчкөн учуп алдына чыгып, колдорун маңдайына тийгизгенде гана Жоодарбешим токтоп, көгүчкөндүн кебин берет. Алар кебин кийип алып, баягы гүлдү Жоодарбешимге алып келип беришет. Гүлгаакынын гүлү кышында соолубас, жыты аңкыган, көркү адамды таң калтырган гүл экен.
Жоодарбешим, Гүлгаакынын гүлүн алып келсе, баягы эки жигит жок. «Булар
кайда кетишкен?» деп сураса, Нурпери:
Асмайыл менен Ысмайыл,
Адамдан ашкан куу экен.
Акылын эч ким билбеген.
Ашып түшкөн шум экен.
Асмайыл менен Ысмайыл,
Кыял менен ооруптур,
Көңүлүн тетир буруптур,
Көрүнөө амал кылыптыр.
Ит Ичпестин көлүнө барган кайра келбесин билип, сени жиберишкен экен»
деп болгон окуяны айтып берет.
Ошондо айлап, жылдап жүрүп отуруп Жоодарбешим Нурпери менен
ата-энесине келсе, Чоюндун уулу Темир алп чоң бүлүктү салып айлын чаап,
атасын орго салып койгон экен.
Жоодарбешим Темир алп менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, акыры
жеңет.
Ошентип, Жоодарбешим элине хан болуп, ата-энеси, аялы менен жыргап
жатып калган экен.

ТӨШТҮК


Илгери-илгери, кыргыз элинин кыпчак уруусунан Элеман аттуу адам болуп, ал Опол тоо жакты жердеген экен. Өзү аябаган бай экен, төрт тарабы шай экен, тогуз уулу бар экен. Айдан-ай, жылдан-жыл өтөт, а-бу дегиче Элемандын тогуз уулу бой тартып, эрезеге жетет. Ошондо «Уул үйлөндүрмөк парс, кыз узатмак карыз» деген эмеспи деп Элеман алты кулач ала атын минип, алты жылдык күл азык алып, тогуз кыздуу киши таап, тогуз уулун үйлөндүрмөк болуп, кыз издеп жолго чыгат.
Элеман төгөрөктүн төрт бурчун айлана кыдырып, эже-сиңдилүү тогуз кыз
таппай, айласы кетет. Акыры арып-ачып, чаалыгып-чарчап, аты ыргайдай, өзү
торгойдой болгондо Орускан аттуу хандын шаарына кез келип, конок айттырып, анын үйүнө келип түшөт. Элеман илинип турган сегиз сөйкөнү көрүп, «аттиң ай» деп бармагын тиштейт. Кайра ойлонуп үйдүн ичин тегерете караса, жүктүн бурчунда жалгыз сөйкө илинип турат. Аны көрө сала «бырс» этип күлүп жиберет.
Элеманды байкап турган Орускандын алачыктай байбичеси «аягымдан кир,
ашымдан кыл таптыңбы, эмне күлдүң?» деп сурады эле, анда бай: «Ээ байбиче
күлдү деп айып этпе, издегеним ушул үйдөн табылды. Менин да тогуз уулум бар, бир кишинин тогуз кызы болсо алып берейин деп издеп жүргөм. Сегиз сөйкөнү көрүп, бирин таба албай капаланып отурдум эле, дагы бир сөйкөнү көрүп, ошого кубанып күлдүм. Сегиз кызыңызга сегиз уулум, балдарымдын кенжеси, Төштүк касиеттүү кул эле, ага кичүү кызыңызды баш байлайын» — деди.
Куш салып кеткен Орускан кечинде үйүнө келип, Элеман байды жакшылап
конок кылды. Элеман бай ага жөн-жайын түшүндүрүп, «менин тогуз уулум бар, тогуз кызыңызга куда түшөйүн» — деди. Анда Орускан — «Элеман, куда болоруң чын болсо, кудалыкка жарагын, жай жайлоочу жайымды, кыш кыштоочу кыштоомду малга толтур. Эшигимдин алдына эки чынар терек орнот, бири күмүш, бири алтын болсун, биринин булбулу экинчисине сайрап учуп конуп турсун. Андан башка эшигимдин алдына бир май көл, бир сүт көл орнот. Биринин чабагы экинчисине секирип ыргып түшүп турсун. Ушуну аткарсаң, тогуз кызымды тогуз уулуңа беремин» — деди.
Бул калыңды угуп, Элеман бай алдырап: «Балдарыма кеңешейин, ошондон
кийин жооп берейин», — деп, үйүн көздөй жөнөдү. Балдарына барып,
Орускандын жөнүн айтты. Элемандын балдары «малды го эптеп табабыз, май
көл, сүт көл, чынар теректи кантип орнотобуз? Булбулду кантип табабыз?» —
дешип, таң болуп отурушту. Ошондо Төштүк «баарын мен табам, бул оңой эле иш.
Жылкы атасы Боз айгыр менен жылкы энеси Боз Бээни Орускандын өрүшүнө
алып барып союп, каны менен жинин чачып ийсеңер, айтканынын баары
орундалат» — деди.
Төштүктүн сөзү менен Элемандын балдары касиеттүү айгыр менен бээни
алып, түн ичинде Орускандын өрүшүнө союп, Төштүктүн айтканындай кылып канын чачып кайтышты. Орускан эртең менен турса айтканынын баары орундалып, ой да, тоо да малга толуп, май көл, сүт көл орноп, алардын балыктары биринен-бирине секирип түшүп турат. Чынар терек асман тиреп, булбулдары сайрап жатат.
Элеман бай кабар алууга келди. Айтканынын баары орундап, көңүлү
жайланган Орускан: «Элеман бай, эми коюңду союп, келиндериңди алып кет»
деди. Элеман бай тогуздап мал союп, Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык
кылып, чоң той берип, ач-арыктарды тоюнтту, тойго келген балдар торпокко
жүктөп эт алды, эл арасында «Элемандын тоюндай» деп кеп калды.
Ошондо Элемандын эр Төштүгү тойго келбей үйүндө калыптыр. Ошондон
улам кыргыз элинде «Төштүкчө катынды үйүндө алабы?» деген лакап айтылып, калган экен. Кырк күн дегенде тойдун тамашасы бүтөт. Эртеси Элеман сегиз келинин көчүрүп жөнөйт. Ал эми сегиз кыздын кенжеси, бир кудайдын эркеси, Кенжеке атасына алаамат салды. Чаар ингенге себимди артпай, Чалкуйрукту алдыма минбей, Куйту күңдү жаныма албай, ок өтпөгөн Кыл торко тонду, Көк жеке өтүктү кийбей атамдын байлыгын, мартабасын эл билбей, үйдөн чыкпаймын деп бүк түшүп ыйлап, көчтү токтотуп, өргөөсүнүн түндүгүн тартпай жатып калды. Орускан ары чалып кепке салды, бери чалып кепке салды. Акыры аялына мындай деп акыл салды: «Барып кызыңды көндүр, мени элге күлкү кылбай тезирээк аттансын. Кыз бала душман дегени чын белем, жылкымдын атасы — Чалкуйрук, төөмдүн куту — Чаар инген, аларды коюп, калган малымдан канча кааласа алсын. Жоого аттансам, жолдош болор, көзүм өтсө, атадан балага калар мурас, Кыл торко менен Көк жекени таштап, жети кабат казынамдан каалаган буюмун алсын, душманчылыгын көрсөтпөсүн» деди. Энеси барып кызына атасынын сөзүн айтты эле, Кенжеке ыйлап туруп: «Атам мени эрге берген жок, шорго берди. Төштүк менен жети күнү жолдош болбой, жети жылга айрылып, жети жылы жесир отурам. Ошондо Төштүккө адамдан эстүү Чал куйрук арка болор деп суратып жатам» деди. Орускан муну угуп, кызымдын сураганы жөн экен, ыйлаганы эп экен деп, тогуз кыздын кенжеси Кенжекеге ок жетпеген,
кырк эки жандуу Чалкуйрук атты мингизип, Чаар ингенге жүк артып, Кер
байталга мингизип, Куйту күндү көч менен кошо жөнөтөт. Көч узай бергенде
Элеман Төштүк берип жиберген болот өгөөнү кичи келинине тапшырды. Ал өгөө жөнөкөй өгөө эмес, касиеттүү өгөө эле. Төштүк төрөлгөндө энесинин курсагынан кошо түшкөн болучу. Кенжеке аны бек катып алды. Ошентип көч жүрүп отуруп бир суунун жээгине келет. Ал күнү суунун жээгине тогуз өргөө тигип, өр алышат да, эртеси андан ары жол тартышат. Ошондо сөөлөт менен көчүп келаткан ‘көч алдынан Түштүктү көрүп, ага ашык болуп калган перинин кызы Бектору тосуп чыгып, Кенжекеге тийиштик кылат:
— Минген атың Чалкуйрук,
Маарек болсун, кут болсун, Кенже!
Жетелеген Чаар инген,
Маарек болсун, кут болсун!
Ээрчиткениң Куйту күң,
Маарек болсун, кут болсун!
Үстүңдөгү Кыл торко,
Маарек болсун, кут болсун!
Бутуңдагы Көк жеке,
Маарек болсун, кут болсун!
Кошулганың алп Төштүк,
Маарек болсун, кут болсун!
Бекторунун күнүлүгү бар экенин аяр катын Кенжеке алдын ала билчү экен,
ошондо ачуусу келип:
— Минген атым Чалкуйрук,
Атакем берди, мен миндим.
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Жетелеген Чаар инген,
Атакем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Ээрчиткеним Куйту күң,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Үстүмдөгү Кыл торко,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Бутумдагы Көк жөкө.
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу? —
деп кагып салып бастырып кетет.
Көч жүрүп отуруп, намаздигер ченде бир чоң сууга келип жетет. Элеман:
«Жүктү түшүрүп, өргөө көтөргүлө», — деп буюрат. Кенжекенин чый-пыйы
чыгып: «Атакеме айт, ушул жерден өтүп барып өрүш алсын» деп киши жиберет.
Элеман: «Келбей жатып, кепке-сөзгө аралашканын кара» деп болбой коет.
Кенжеке көзүнөн жашын чубуртуп, бирок айласы канча, алеки саатта өз өргөөсүн тиге салып, түтүн булатат. Элеман: «кап ушул келинде бир касиет бар көрүнөт, сөзүн угуп койсом да болмок экен. Эми болору болду» деп коюп, жатып калат.
Элеман эртеси эрте туруп, аттарды сугарып турса, сууда бир өпкө агып келе
жатат. Өпкөнү укурук менен сайгыласа, токтобойт, түшө калып колу менен
кармаса, өпкө жети баштуу желмогуз кемпир болуп абышканы көтөрүп уруп,
көөдөнүнө минип алып желе баштайт. Ошондо Элеман кемпирге жалынып:
«Үңкүр толгон пулум бар, короо толгон коюм бар, өрүш толгон жылкым бар,
жайыт толгон төөм менен уюм бар, баарын сага берейин, жанымды кой» деп
жалынат.
— Сен ошондо үңкүр толгон пулуң, короо толгон коюң, өрүш толгон жылкың
меники эмей кимдики —
деп ыгырып-ыгырып алганда чалдын оозунан буудак-буудак кан чыкты.
Элемандан ал кетти: — «Көчүрүп келе жаткан тогуз келиним бар, баарын
берейин, жанымды кой» деди. Кемпир ага дагы болбоду эле, Элеман «сегиз уулум бар, баарын берейин, жанымды кой!» деди. Кемпир ага дагы болбой
ыгырып-ыгырып алды. Ошондо Элеман ыйлап туруп мындай деди:
Тогуз уулдун кенжеси,
Бир кудайдын пендеси
Төштүгүмдү берейин.
Жез кемпир Элеманды кое берип: «Бая эле ошентпейсиңби, Төштүктү мага
кандайча кылып бересиң?» деди. Элеман: «Төштүк төрөлгөндө өзү менен бирге
энесинин курсагынан түшкөн болот өгөө бар, эртең көч жөнөгөндө өгөөнү түп
тулганын түбүнө сайып кетем. Аны издеп Төштүк келет, ошондо кармап ал» деди.
Көч жөнөрдө Элеман Кенжекеден: Жүгөнүмдүн кадаасы чыгып кетиптир,
кадап алайын, өгөөнү алып бер» деди. Кенжеке бери карап күлүп, ары карап
ыйлап туруп, өгөөнү алып берди. Аңгыча көчдүн алды узай берди. Кенжеке кете албай кылчактап; «Өгөө бошосо сандыкка салайын» деп сурады эле, Элеман: «Азыр бошой элек, бастыра бер деп койду. Кенжеке Чаар ингенди оодара жүктөп, оңдогон болуп тулганын түбүндөгү өгөөнү алсам деп аттанбады. Аны кайнатасы байкай коюп: «Келбей келин баштарбы, жер ыраак жете конобуз, бастыргыла» деди. Кенжеке кайнатасынын сөзүнө ызаа болуп: «Жетимиштеги атасынын жаны аялуу болсо, мейличи» деп чү коюп бастырып кете берет экен.
Көч жүрүп отуруп, эл четине жакындап калганда Төштүк көчтүн алдынан
тосуп чыкты эле, Кенжеке:
— Кызыл куурай кыякчы,
Кыяктын үнүн укпаймын,
Кыйкаңдатпай оолак тарт, Төштүк!
Чогоно куурай чоорчу,
Чооруңдун үнүн укпаймын,
Чойкоңдотпой оолак тарт, Төштүк!
Атакемдин төрүндө, Төштүк!
Энекемдин колунда, Төштүк!
Же шыбыраша сүйлөшүп, Төштүк!
Же шыңкылдашып күлүшүп, Төштүк,
Сенин эч урматың көрбөдүм, Төштүк! —
деп буркурап-боздоп ыйлап, Төштүктү жанына чеңдетпей койду. Кенжеке айлына барып үйүн тикти. Төштүк үйүнө кирсе да даарытпады. Буга ал капаланып: «Атам бир долуну мага алып келген экен» деп, желенин жанына барып жатып алат.
Эртеси Элеман чоң той берип, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылды. Тойго
кырк уруу журттан эл чакырылды. Ошентип, той аяктап, жети күн өтүп,
сегизинчи күнгө аяк басканда гана Кенжеке долу жибип, Төштүктү кепке-сөзгө
алып:
— Алтымышта атакең жаны аялуу,
Алдейлеген алп Төштүк,
Сенин жаның аёсуз,
Жетимиште атакең жаны аялуу,
Жетилип келген алп Төштүк
Сенин жаның аёсуз, —
деп көчкөн журттагы тулганын түбүндө калган болот өгөөнүн жайын айтты.
Эртеси Кенжеке Төштүккө: «Өгөөгө минип бара турган атыңды алып кел!» деди.
Төштүк жайытка барып алты аяктуу ала атты алып келди эле, Кенжеке атты
көрүп:
— Карган бээнин баласы,
Картасы кыска мал экен,
Алты күнү жол жүрсө
Ичи катчу неме экен.
Бул жорго жарабайт, дагы башка атың болсо алып кел дейт. Төштүк жайытка
барып, аяктуу жердени алып келди эле, ал да Кенжекеге жакпады:
— Жети аяктуу жээрде,
Байтал бээнин баласы,
Маңдайы жука мал экен,
Жети күнү жол жүрсө
Жеттигип калчу неме экен.
Эки-үч таң ашканга туруштук бере албайт. Дагы башка атың барбы?» дейт.
Төштүк «жок» дейт. Анда Кенжеке:
— Катындын аты дебесең,
Чалкуйрукту мин, Төштүк!
Катындын тону дебесең,
Кыл торкону кий Төштүк!
Катындыкы дебесең,
Көк жекени кий Төштүк! —
дегенде Төштүк макул болду. Ошентип, Кенжеке Төштүккө ок жетпеген
Чалкуйрукту токуп мингизип, ок өтпөгөн Кыл торко тонду жана Көк жекени
кийгизип: «Эрдигиң бар, эсиң жок Төштүк, элирип кете көрбөгүң, адамдан эстүү Чалкуйрук адашсаң оңго салар, алдансаң жөнгө салар. Аттын сөзү дебестен, айтканына көнө көр. Сени Чалкуйрукка тапшырдым. Чалкуйрукту кудайга тапшырдым» деп батасын берип буркурап ыйлап кала берди.
Төштүк Чалкуйрукту минип, журтта калган өгөөнү көздөй жөнөдү. Ана-мына
дегиче, ачып-көздү жумгуча, журтка жакындап калды. Ошондо адамдан эстүү
Чалкуйрук адамча сүйлөп:
«Түп тулганын түбүндө бир кемпир ийик ийрип отурат. Мен ооз жарма
үйрөнбөгөн тай болоюн, сен алты жашар бала болгун. Желмогуз кемпирге
барганда, «Ассалоом алейкум, эне киши!» де, кемпир: «Алейкима салам, алеки
бала киши. Ата балам, саламың болбосо саргартар элем» дейт. «Атаа, эне алигиң болбосо алсыратар элем» деп сен айт. «Энеке мына бул өгөөнү алып берчи, мингеним ооз жарма ылоо тай эле түшсөм аттана албайм, аттансам түшө албайм» де. Кемпир: «Олтурсам туралбаган, турсам отура албаган бир кемпир элем, өзүң түшүп ала кой» дейт. Ошондо мен боз коёндой жапыз болоюн, сен боз куштан илгир бол, кемпирдин жети башын ыргыта чаап, өгөөнү илип алсаң, бизге кудай бергени, ала албасаң бизди кудай урганы, Чалкуйрук үйрүн, сен үйүңдү көрбөйсүң» дейт.
Төштүк кемпирдин жанына барып айтышып туруп, алты башын кылыч менен кыя чапты. Кемпир качып берди. Төштүк артынан кубалап калды. Аттын туягынын дабышынан тоо жарылып, көл болду. Тоодой таштар үбөлөнүп, кумга айланды, аңгыча кара жер как жарылып кемпир жер астына кирип кетти. Төштүк кууп артынан кошо кирди. Көрсө, желмогуз кемпирдин Төштүккө келишинин себеби мындай экен. Жер алдындагы Урумкандын Узун чач аттуу кызы жер үстүндөгү тогуз уулдун кенжеси, Элемандын эркеси Төштүккө ашык болуп калат да: «Төштүктү азгырып алып кел» деп, Жети баштуу желмогуз кемпирди жиберген экен.
Төштүк жер алдын кыдырып жүрүп отурса, тээ алыстан бир тоо көрүнөт.
Жакын бастырып барса, тоо эмес, дөө көрүнөт. Көрсө ал Урумкандын Ак тулпар деген аты, алты баштуу Айкулак аттуу алпы экен. Төштүк жер алдына түшүптүр деген кабарды угуп, «аны менен кармашам» деп, анын жолун тосуп, күтүп жаткан экен. Аңгыча Айкулак алп: «Катындын атын минген, катындын тонун кийген,Төштүк сага жол болсун? Айкулак аттуу алпты уккан жок белең. Алың болсо, алышка түш, күчүң болсо күрөшкө түш» деп айкырат. Ошентип экөө ат үстүндө жети күн, жети түн кармашты. Аттары чарчап, жүрбөй калды. Атчан эч алыша албай, жөө күрөшкө түшүштү: Алышканы айры кезең, сүрүшкөнү сүйрү кезең болуп, тополоң болуп тоо көчтү, мунар болуп боз түштү. Акыры Төштүк Айкулакты көтөрүп ыргытып, алачыктай ак таш менен башын жанчып өлтүрмөк болгондо Айкулак жалынып: «Төштүк мени кыйнабай өлтүр, батегимдин алдында, көк желкенин үстүндө алты бүктөлүп ак албарсым бар, ошону бек көтөрүп, аста таштап башымды ал» дейт. Чалкуйрук «Сабыр кыл баатыр» дегиче Төштүк ач албарстыны алып катуу шилтеп калды эле, алптын башын алып, ач албарс жер алдына түшүп кетти.
Төштүк Айкулакты өлтүрүп, андан ары кетип бара жатса, жолдон бир адам
жаасын чоюп асманды карап турат. Төштүк келип, тигинин жөн-жайын сурады эле, ал: «Көзгө атар Маамыт деген менмин. Жер үстүнөн Элеман байдын эр Төштүк азып, чарчап келатат дегенди угуп, аны жети жылы туу калган казды атып конок кылайын деген элем, мени жаздырып коё жаздадың» дейт. АндаТөштүк: «Ошол сен күткөн Элемандын Төштүгү менмин» дейт. Ал жерден тиги киши асмандагы жети жылы туу калган казды атып түшүрүп, конок кылат.
Төштүк көзгө атар Маамыт менен достошуп, андан ары жөнөп кетип бара жатса,алдынан бир жейренди кубалаган адам чыгат. Ал жейренге жете келип, башынан секирип кетет да, кайта кубалап калат. Төштүк бул эмнеси деп таң калып, жанына келип: «Сен эмне кылып жүргөн адамсың?» деп алигинин жайын сурады. Анда тиги жейрен кубалаган киши: «Жейрен секиртпес Маамыт деген менмин, жер үстүнөн Элеман байдын эр Төштүгү келатат дегенинен аны конок кылайын деп, күтүп жаттым эле» деп жейренди союп, Төштүк менен достошот.
Төштүк андан жөнөп бара жатса, бир дайраны бир ууртап алып кургак жерге
төгүп коюп, бир адам жолдо отурат. Төштүк: «Сен эмне болгон адамсың?» дейт.
Анда тиги адам: «Аты арып, өзү суусап, жер үстүнөн Төштүк келатат дегенинен таза суу даярдап, күтүп отурдум эле, көл ууртар Маамыт мен болом» дейт. Төштүк көл ууртар Маамыт менен достошуп андан ары жөнөдү.
Кетип бара жатса, бир дарыянын боюндагы Чынар терекке оролушуп бир
ажыдаар теректин башына чыгып бара жатат. Төштүк теректин башын карап,
чыпылдап турган Алпкаракуштун эки балапанын көрөт да, ажыдаарды атып
өлтүрөт. Ажыдаарды бөлө-бөлө чаап, аны көтөргөн бойдон уяга чыгып барса,
Алпкаракуштун балдары сүйүнүп тосуп алышты да, мындай дешти:
«Энебиз келер маалга жакын калды. Сени катып коёлу, ачуусу таркагандан
кийин көрсөтөбүз». Ошентип балапандар ажыдаар менен Төштүктү канатынын алдына катып, коёт. Бир мезгилде күн бүркөлүп катуу шамал болуп, мөндүр төгүп өтөт. Аңгыча бир чоң кара неме чынар теректин башына келип конду эле, теректин башы үч жолу жерге тийип, үч жолу асманга көтөрүлүп барып ордуна келди. Көрсө Алп каракуш учуп келген экен, төгүлгөн мөндүр анын көзүнүн жашы экен, Алпкаракуш балдарын көрүп, алардын аман калганына сүйүнүп: «Ээ балдарым, кандайча ажыдаардан аман калдыңар?» деп сурады. Балапандар: «Эне, жакшылыкты мурун көрсөтөлүбү, же жамандыкты мурун көрсөтөлүбү?» дешти.
Алпкаракуш: «Жакшылык кылганга башым токмок, каруум казык, болгуча
жакшылык кылам. Элден мурун жамандык кылганды көрсөткүлө» деди.
Балапандар ажыдаарды көрсөттү эле, Алпкаракуш аны ап эттирип жутуп
жиберип: «Эми жакшылыкты көрсөткүлө» деди. Төштүктү көрсөткөндө аны да
жутуп жиберет. Балапандардын чыйпыйы чыгып: «Өлгөн жаныбызды тиргизген, өчкөн отубузду тамызган кишини кайра кус» деп ыйлап энесинин тамагын тыткылап жиберишет. Алпкаракуш өкүнүп: «Атаа, балдарым ай, баштагыдан да эр болот эле, ок өтпөс, кылыч кеспес кылат элем, кичине коё турбай» деп кайра кусканда Төштүк баштагыдан да нурдуу болуп түшөт. Ошондо Алпкаракуш жүнүнөн бир тал жулуп берип: «Башыңа кыйын иш түшсө ушул бир тал жүндү түтөт, мен даяр боломун» деди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, бир ак жолборсту бир кара кулак кабылан
шер такымдап кууп келе жатат. Төштүк далдааланып туруп «качканды атпай,
кууганды атайын» деп кара кулак кабыланды атып жиберди эле, ал кулап түштү.
Аңгыча качкан жолборс жүгүрүп келип: «Досум, Төштүк жакшылыккажакшылык, жардамым тиер, качан башыңа кыйын иш түшсө, түтөтсөң, мен даяр болом» деп мурутунан бир кыл жулуп берди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, алдынан калың токой чер кезигет. Черди
аралап бара жатса, аюунун үч баласы кыңылдайт. Төштүк караса буттарына
чөнөр кирип, ириңдеп кетиптир. Аны алып таштады эле, жандары жай алып
калды. Эне аюу Төштүк менен достошуп, «Башыңа кыйынчылык келсе, муну
түтөт, ошо замат мен даяр болом» деп бир мурутун жулуп берди.
Төштүк андан жөнөп олтуруп, Урумкандын шаарына барат, ханга жуучу
салып: «Узун чачын мага берсин» деп ай1*?ырат. Анда Урумкан «Мен Төштүктөн мал албайм, мөөрөй коем, ошого жараса берем. Биринчиси — менин жолборсума жолборс таап келип күрөштүрсүн» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле, жолборс досу дароо даяр болду. Ачыккан жапайы жолборс Урумкандын тоодогу жылкыларын тоодон кырды, ойдогу жылкыларын ойдон кырды. Андан эки жолборсту күрөштүрдү эле, Төштүктүн жапайы жолборсу хандын бакма жолборсунун мойнун сый тиштеп салды.
Анда У р у м к а н: «Экинчи мөөрөйдүн шарты — бул. Менин бир илбирсим бар, ошого илбирс таап келип күрөштүр» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле, илбирс досу дароо даяр болду. Ачыккан илбирс койчубу, Урумкандын ойдогу койлорун ойдон, тоодогу койлорун тоодон кырып хандын бакма илбирсинин мойнун сый тиштеп, кете берди.
У р у м к а н: «Үчүнчү мөөрөй бакма карышкырым бар, карышкыр таап келип,
кармаштыр» деди. Төштүк баягы карышкыр досу берген кылды түтөттү эле,
карышкыр досу даяр болду. Урумкандын калган каткан койлорун кырып,
беттештиргенде бакма карышкырдын мойнун сый тиштеп баса берди.
У р у м к а н: «Төртүнчү мөөрөй, бакма аюум бар, аюу алып келип кармаштыр,
төйдун эти бышкандай тоодой отун жый» деди. Төштүк кылды түтөттү эле, досу отуз аюуну айдап, аюуларга отунду жүктөй келди. Жапайы аюу Урумкандын аюусунун мойнун сый тиштеп өлүм кылды.
У р у м к а н: «Бешинчи мөөрөй, Ит ичпестин Ала-Көлүнүн түбүндө кырк
кулактуу миз казан бар, ошону алып кел, эт салып бышырабыз деди. Төштүк
көлдүн боюна барып чечинип» казанды алып чыгам деп, түшмөк болду эле,
адамдан эстүү Чалкуйрук күйүп күл болду:
Эрдигиң бар, эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Ит Ичпестин Ала-Көлү оңой жоо эмес, көлгө мен түшөм жети күнү күт. Жети
күн дегенде көлдүн үстүнөн ак көбүк оргуштап чыкса, кудай бизге бергени, ,
Чалкуйрук көлгө кирип кетти. Ал көл жээгинде жети күн күттү. Жети күн дегенде көлдүн үстүнөн кан көбүк толкуп чыкканда Төштүк коркуп:
Ит Ичпестин Ала-Көл,
Аталуу көлүм сен болсоң,
Айтылуу Төштүк мен болсом,
Жолоочунун жалгыз атын бер деймин,
Жалгыз атын бербесең,
Айры кетмен албасам,
Алты арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун
Жебелүү кетмен албасам,
Жети арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун,
Эгерде ага болбосоң,
Айры кетмен аламын,
Алты арыкка бурамын,
Жебелүү кетмен аламын,
Жети арыкка бурамын,
Түбүң менен соолтуп,
Түгөл чалчык кыламын.
Көл ууртар Маамытка ууртатып, кургак жерге куйдуруп, түбүң менен соолтуп,
ак чопо кылам деп, жерди тепкилеп турду дейт. Ошондо көл — көл башы менен эси чыгып толкуганда казандын бир кулагы көрүндү. Төштүк ачуусу менен алып ыргытканда Урумкандын шаарынын бир бөлүгүн суу басып, бир бөлүгүн казан басты. Муну көрүп Урумкандын эси чыгып: «Балам Төштүк, мөөрөй сеники казаныңды ал» деди. Төштүк казанды алып, кайта көлгө ыргытып жиберди.
Ошол кезде Чалкуйрук көлдөн чыгып келип:
«Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеме менен ишиң жок
Айтсам тилим албаган,
Аңкоого башым не коштум.
Кырк эки жаным бар эле, жети эле жаным калды, чымчып чөп бербей кочуштап суу бербей, казан менен алек болгонуң кандай?» деп таарынды. Төштүк аттын сөзүнө жыгылыштуу болуп, жетелеп тойгузуп, жейрендей секирип калганда Урумкандын шаарына алып барды.
«Урумкан: Алтынчы мөөрөй эми күрөш болот» деди. Урумкан өзү балбанга
чыгып, Төштүктөн жыгылып калды.
Урумкан: «Жетинчи мөөрөй, эми ат чабылат» деди. Төштүк Чалкуйрукту
Жейрен секиртпес Маамытка мингизип чаптырды. Баягы желмогуз кемпир жети күнчүлүк жерге ат айдап, болжогон жерге келгенде» аттар сууганча жатып эс алып алалы» деп, Маамытты алдап уктатып коюп, «чу» коюп кете берет. Кемпир кара санын камчылап бир күнчүлүк жолго барганда Чалкуйрук жерди чапчып Маамытты араң ойготот. Ал тура калса, Урумкандын аты эчак кеткен. Маамыт шашып-бушуп Чалкуйрукту көтөрүп алып чуркап, кемпир тууга жакындаганда алдыга чыгып барат экен.
Урумкан: «Сегизинчи мөөрөй, эми жамбы атыш» деди. Жамбыны көзгө атар
Маамыт атып түшүрдү.
Урумкан: «Тогузунчу мөөрөй, жер дөңгөчүм бар, ошону мүйүз саптуу шырыган
кийиз балта менен жара чап» деди. Төштүк: «Эмне арга кылам?» деп, алапайын таппай, айласы кетип Узун чачка Маамыттын бирөөн жиберди эле, Узун чач колундагы алтын шакегин чыгарып берип: «Үстүртөн теңиримдин, астыртан ата-энемдин деми, колуктум Узун чачтын деми» деп жазбай чапса, тең жарылат деп айтып жиберди. Төштүк алтын шакекти оозуна салып туруп, кыздын айткандарын айтып, мүйүз саптуу шырыган кийиз балта менен дөңгөчтү чапты эле эки бөлүнүп жатып калды.
Баардык мөөрөйдөн жеңилген соң, Урумкан: «Эми мөөрөй бүттү колуктуңду
ал» деп, Узун чачты Төштүккө нике кыйып алып берип жер үстүнө жөнөмөк
болду. Той да бүттү, кыз-күйөөнүн аттанаар маалы жакындады. Ошондо Урумкан Төштүккө: «Эми жер үстүнө кантип чыгасың?» деди. Төштүк Алпкаракуштун жүнүн түтөттү эле: «Ээ досум, башыңа не иш түштү?» деп Алпкаракуш дароо даяр болду.
Төштүк досуна иштин жайын баяндап, «эми мени жер үстүнө чыгар» деди.
Алпкаракуш макул болуп: «Мага кырк маралдын эти керек, кырк чака суу керек» деди. Көзгө атар Маамыт, Жейрен секиртпес Маамыт, көл ууртар Маамыт үчөө бир заматта кырк маралдын этин даяр кылышты. Урумкандын Узун чач кызы,
Чалкуйрук, Төштүк Алпкаракуштун үстүнө отурду. Алпкаракуш алты күндө
айланып жер үстүнө чыкты дейт. «Качан башыңа иш түшсө, мен даяр болом» деп, кайра тартты.
Ошентип, Төштүк жол тарта берсин, эмки сөз Чоюн кулак алп жөнүндө болсун.
Жер үстүндө киндиги темир, тырмагы жез, Чоюн кулак деген аттуу алп жашаган
экен. Ал адам аттууга тынчтык бербей кордук көрсөткөндөн кийин, бүткүл адам баласы чогулуп кармап келип, терең орго салыптыр. Чоюн кулак Төштүктүн дабышын угуп, «мени чыгарып ал» деп жалынып-жалбарат. Төштүктөн аялы:
«Ушуну чыгарба, акыр түбү өзүңө зыян кылат» деди эле: «Мунун колунан эмне
жамандык келет» деп, Төштүк ордон чыгарып алды. Ал дароо тоого чыгып, тоо
кийигин кырып, шиш кебектеп бүт жеди. Ойго түшүп ой кийигин шиш кебектеп бүт жеди. Тоо суусу менен оозун чайкады, дайра суусун соолто соруп, суусунун кандырды. Ошентип Чоюн кулак алп Төштүктүн атын токуп, отунун алып, отун жагып бир топко жүрүп калды.
Бир күнү Төштүк адетинче Чоюн кулакка: «Чалкуйрукту току» деди. Анда
Чоюн кулак: «Төштүктүн атын Чоюн кулак токуйбу, Чоюн кулактын атын Төштүк токуйбу?» деп, Төштүк менен кармаша кетет. Экөөнүн алышкан жери айры кезең болду, сүрүшкөн жери сүйрү кезең болду. Акыры Төштүк көтөрүп уруп, башын таш менен жанча турган болгондо Чоюн кулак: «Мен каруу-күчүм барбы? деп сизге эркеледим эле өлтүрбөңүз» деп жалынып жалбарганынан аны өлтүрбөй коё берди.
Чоюн кулак дагы бир топко Төштүктүн атын токуп жүрүп калды. Ошол арада
ой кийигин ойдон кырып, кыр кийигин кырдан кырып, дагы бир топко тамакка бордонду. Күндөрдүн күнү Төштүк «ат току» деди эле, Чоюн кулак: «Катындын атын минген кул, катындын тонун кийген кул» деп атын токубады. Экөө дагы кармаша кетти, кармаш бир аптага созулду. Төштүктүн алы кетип алдырап, шайы кетип шалдырап турду. Акыркы баардык күчүн жыйнап туруп, таш менен башын талкалап өлтүрдү да, андан ары жол тартты.
Төштүк ыкчамдай бастырып жүрүп олтурса бир төө качып келе жатат. Төө
Төштүктүн жанына келип ботолоп жиберет. Төштүк төөгө айланчыктап туруп
калды эле, артынан бир кызыл тору келинчек жете келди. Келиндин жөн-жайын сурады, келин: «Ушул ингендин ботолобогонуна быйыл жети жыл болду эле, кудайдын буйругу менен бүгүн ботолоп отурат. Жети жыл мурун желмогуз азгырып жер алдына түшүп кеткен Төштүгүмдүн келерине жакын калганбы, же өлөрүнө жакын калганбы, сизге жол болсун, жолоочум, кайдан келе жатасың?»дейт. Төштүк «жер астынан чыктым» деди эле, келин: «Жер алдынан чыксаңыз, жети жыл мурун кеткен Төштүгүмдү көрдүңбү?» деп сурады. Анда Төштүк сынамак болуп: «Өзүм көргөнүм жок, бирок Урумкандын шаарында уй кайтарып жүрөт деп укканым бар эле» деди.
Келин: «Жолоочум, бул сөзүңдү адам угар кеп эмес, Төштүгүм оңой эр эмес, уй
кайтарса, башка киши кайтаргандыр, менин Төштүгүм уй кайтарбайт:
Чаалыган боз ат болбосо,
Чалкуйругум дээр элем,
Агала сакал болбосоң,
Алп Төштүгүм дээр элем.
деп тайлакты өңөрүп, төөнү жетелеп алып, Кенжеке үйүн көздөй кетмек болду.
Келин менен кошо Төштүк да жөнөдү. «Үйүңөр кайсы?» деди эле, жепирейген
сегиз чоң алачыкты көрсөттү. Төштүк барып, «атамдын үйү го деп болжолдоп,
жепирейген кара алачыкка түшүп калды».
Кечинде Кенжеке Чаар ингенди саап, бир казан ууз бышырды да бардык
кишиге бир аяктан берип:
«Төштүктүн арбагына да бир аяк ууз атап койгулачы» деди. Кайын атасы:
«Кайдагы устуканы упат, сөөгү сөпөт болгон Төштүккө ата дейсиң» деп,
жактырбай койду. Анда Төштүк: «Ээ ата, Төштүгүңдүн кандай белгиси бар эле?» деп сурады. Абышка: «Баламдын эки далысынын ортосунда алакандын отундай кызыл меңи бар эле» деди. «Анда ошол Төштүгүң мен болом!» дегенде сегиз агасы, сегиз жеңеси, абышка кемпир баарысы Төштүктү басып жыгылып калды. Аңгыча Кенжекеге толгоо кирди. Жети күн дегенде эркек бала төрөдү. Мал союп, той берип, баланын атын Жоодарбешим койду. Төштүк азып-тонгон кыпчак элин жыйнап, үзүлгөнүн улап, бузулганын курап, жатып калды.

МАКМУТ

koza15
koza15

Илгери бир Макмут деген киши отуз эчкиси менен аялы экөө оокат
кылуучу экен. Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып,
эчкисин жайып кетет.
Ошол убакта бир карышкыр, бир түлкү болуптур. Түлкү келип
Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип, карышкыр тиштеп
жыгып алып бир эчкисин жеп кетүүчү экен. Күнүгө экөө ошентип жей
берип он беш эчкиси калат. Макмут өзү ачка болуп жүрүп, арыктап бүтөт.
Бир Кара дөө деген дөө Макмутту:
-Эртең сиз биздин үйгө конокко барыңыз,-дейт.
Дөө коркконунан эртеси бармак болот. Макмут үйүнө келип,
аялына:
-Кара дөө келгенде жакшылап чай бергин, андан кийин эшикке
чыгып: “Макмут, бул конокко эмне эт салабыз”,-деп кыйкыргын. Анда мен
коктудан:
-“Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз
келсе, алдагы дөөнүн сан этинен кесип сал” деп кыйкырам,-деп экөө
акылдашып алды.
Дөө келгенден кийин Макмуттун аялы чай берет, андан кийин
эшикке чыгып:
-Макмут, эмне эт салам бул конокко?-деп кыйкырат. Анда Макмут:
-Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз
келсе, алдагы олтурган дөөнүн сан этинен кесип сал,-деп жооп берет.
Бул сөздү угуп, Кара дөө коркконунан Макмуттун жаман кара үйүн
мойнуна илип алган боюнча качып жөнөйт.
Кара дөө кетип баратып баягы түлкүгө кезигип калат. Анын аябай
качканын көргөн түлкү:
-Эмне качып баратасын, бегим?-деп сурайт. Анда дөө:

Ушунда бир Макмут деген алптан качып баратам,-дейт. Аны
укканда түлкү кыт-кыт күлүп:
-А кокуй, анын такыр алы жок, мен куйругум менен жыга чаап
айранын ичип алчумун,-дейт.

Жок, калп айтасыз ал жанда жок күчтүү,-деп дөө коркот. Түлкү
болбой жатып ээрчитип келе жатканда, Макмут алдынан чыгып:

Кайран досум, жарайсың ишке, качкан дөөнү алдап ээрчитип келе
жаткан турбайсыңбы?-деп кыйкырат.
Дөө түлкүнү башка бир чаап өлтүрүп, өзү качып бара жатып: “Кара
дөө деген атагым болсо, ушу Макмуттан качты дегенден көрөкчө,
өлгөнүм жакшы эмеспи”, деп бийик зооканын башынан кулап өлөт.
Мына ушинтип “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү минди
жыгат” дегендей Макмут алы жок болсс да, акылы менен жоосун жеңип,
аман калган экен.

МҮНҮШКӨР

bald eagle flying drawing aloysius patrimonio
bald eagle flying drawing aloysius patrimonio

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип
консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ
байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:
-Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин
колуна тийипсиң,-деп сүйлөнөт.
Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:
-Үйдөгү конок бала бүркүттү “кайран асыл, билген кишинин колуна
тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың”-деп жатат,-дейт.
Балага келип бай:
-Бүркүттү таптап бергин,-дейт.
-Бүркүттү таптоону билбеймин,-дейт бала.
-Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин,-дейт
бай.
Ошондо бала макул болуп:
-Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн
ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин
киргиземин,-дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир
үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.
Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да
кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү
жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу
берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай
калат. Бала: “Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот” деп, таптай
баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат.
Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да,
бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен.
Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга
салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн
кишилер: “Бүркүттү эмне салбайт?” деп таң калышат.
Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү
салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору “бул бала
бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го” дешип
наалышат.
Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай
асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп
калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп
калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый
кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды
алышкандан кийин жолдоштору:
-Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү
жолу гана салдың, мунун себеби кандай?-деп баладан сурашат.
-Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү
калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят
деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп
бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал
канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш
толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт
ушул,-деди бала.
Эл: “Чынында байдын кызы балага ылайык экен” дешип, баланы
үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

АРМАН АЙ

scale 1200 1
scale 1200

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле “арман ай” деп
жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол
курдашы:
-Сен дайыма эле “арман ай” деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың?
Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай,-деген экен.
Ошондо карыя:
-Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди
чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам,-дейт.
Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары
бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:
-Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир
байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып
жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай
кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын
оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый
тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра
кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир
келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды
салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип
келин аябай убара болду. Көч-узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти
окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.
Мен эми: “Жырткычтар жеп кетеби?”-деп аябай коркуп, калтырап
жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп
шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда
чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам,
аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире
качтым.
Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

Үңкүрдөгү адам бери чык!-деди.

Жылаңачмын, уялып турам, баатыр,-дедим мен.

Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим
алып келип берем,-деп ал чапкан бойдон кайра кетти.
Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип
үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:
-Сен эмне болуп жүргөн адамсын?-деп ал-жайымды сурады. Мен
төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып
алып, бир байдыкына алып барды да, байга:
-Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин,-деп
чу коюп жөнөп кетти.
Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге
алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык
толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:

Атка мин!-деди. Атка миндим.

Эй, жигит, мен кызмын, кыз “экенимди ата-энемден башка эч ким
билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын,
менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. – деди.
Жүрүп кеттик. “Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл
башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?”-деп кете
бердим.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул
жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:
-Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы,-дедим.
Жигит:
-Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып
кетет,-деди. Мен болбой:

Киринели дей бердим.
-Мейли,мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде
жаян чыкса ат,-деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын
келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип
кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне
келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана
боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип,
кадырлуу болдум.
Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай
ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул
арманбы, жокпу? Арман, ай!-деп сөзүн аяктады.

ҮЧ УУРУ

5a8e7804a6447f8284cf1
5a8e7804a6447f8284cf1

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул
уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчиууру:
-Мен жанда жок уурумун-дейт.
Экинчи ууру:
-Мен жанда жок баатырмын-дейт.
Үчүнчү ууру:
-Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар
деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп
айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай
табам,-дейт.
Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге
келгенде ченчи жолдошторуна:
-Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп
кеткиле, кайта келиште жазбай табам,-дейт.
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп
андан ары кетишти.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи
жанда жок ууруга:
-Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын
казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,-дешет.
Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп
келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы
экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур.
Ууру келер замат кыз:
-Жүр, кеттик,-деп атка минип жөнөшөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге
келип:
-Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?
-Ата казынасы кыз,-деп жооп беришет.
Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде
ченчи:

Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!-
дейт.
-Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле
биле койдуң?-дейт.
Ченчи:
-Атыңдан түшүп, батыраак кара,-дейт. Баатыр түшүп, изин караса,
шакек жатат.
Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру
баатырга:

Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,-дейт.
Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка
оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин
жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип,
бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
-Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө
кылган жыгачты да аласыңбы?!-деп жакадан алат.
Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:
-Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,-
деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип:
“Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү”-деп казыга калыстыкка барышты. Ар
кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:
-Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,-деп кызды баатырга
берет.

ТӨЛГӨЧҮ

image 8
image 8

Илгери бир кедей болгон экен. Бир күнү аялы:

Сен эркексиңби, бир жерден ичерге тамак, киерге кийим таап
келсең боло. Агартып көйнөк кийбесем, алгылыктуу оокат ичпесем,
качанкыга чейин эле эч нерсеге жетинбей, жорудай болуп жүрөмүн,-деп
күйөөсүн, жемелейт.
-Мен кайдан оокат таап келейин, бирөөлөр мага оокатын бекер
бербесе, эмне кыл дейсиң. Айтчы, кандай кылайын –дейт күйөөсү. Аялы
күйөөсүнө бир жоолук менен кырк кумалак берди да, ушуларды алып эки
жолдун кошулган бурчуна барып олтургун. Жоолукту алдыңа жайып
койгун, кырк бир кумалакты жоолуктун үстүнө чачып таштагын. Ары
өткөн, бери өткөн кишилер:
“Ой, бул эмнең, эмңе кылып олтурасың?” деп сурашат. Ошондо сен
“ушул кумалак менен элдин жоголгон малын табамын, мына бул
чачылып жаткан кырк бир кумалакты “төлгө” дейт”, деп жооп бергин,-
деди.
-Жоголгон малын кантип табамын, эч нерсени билбесем эмнени
айтамын,-дейт күйөөсү.
-Бирөө мен кой жоготтум, коюмду таап бергин деп келсе, сен
кумалактарды колуна алып туруп жоолукка чачып таштагын да, оозуңа
эмне кирсе ошону айта бергин. Ошол айтканың үчүн алар сага акча
беришет, ошону менен оокат кылабыз! – Аялы безилдеп шакылыктады.
Аялынын сөзү менен кедей эки жолдун айрылышына келип,
жоолугун жайып коюп, ага кумалактарды чачып салып олтура берди.
Эшегин жоготкон бир киши келди:
-Бул жерде эмне олтурасың?
-Мен төлгөчүмүн, элдин жоготкон малын төлгө салып таап
беремин!
-Менин бир эшегим жоголуп кетти эле, ошону таап берчи төлгөңдү
тартып,-деп баягы киши төлгөчүгө беш тыйын берет.
Төлгөчү кумалагын жоолуктун бетине чачып ойлонуп олтуруп калат,
эмне айтарын билбей, оозуна эч нерсе кирбей, тунжурай түшөт. Төлгөчү
илгери ооруп, ага табып санаа берип, айыктырганы кылт эсине түшөт да,
эшектин ээсин:

Сен санаа ичкин,-дейт.

Менин жоголгон эшегим табылабы же табылбайбы, ошону ачык
айтпайсыңбы? Санаа ичкендей мен кесел белем, эч оорум жок,-дейт
баягы киши.
-Көп сүйлөбөй барып менин айтканымды кылгын,-деп төлгөчү аны
жөнөтүп жиберет.
Баягы эшегин жоготкон киши үйүнө барып төлгөчүнүн айтканын
кылайын деп, санаа ичет. Санаа тигинин ичин ала баштайт, тигил
шашылып камыштуу жерге барып олтура калса, аерден шабыр-шубур
деген табыш чыгат. Ал: “бул жерде эмне болду экен”-деп карай салса,
өзүнүн жоголгон эшеги ошол жерде жүрөт. Ал эшегин таап алып,
сүйүнгөндөн кайра төлгөчүгө келип:
-Сен олуя төлгөчү экенсиң, эшегимди таап бербедиңби,-деп
сүйүнүп дагы акча берет.
Ошентип кедей төлгөчү аталып кеткен экен.

ЖЭЭРЕНЧЕНИН БАЛАСЫ

image 7
image 7

Жээренченин баласы өтө жоош экен. Жаныбек хан Жээренчеге:
-Жакшыдан жаман туулабы?-деп айтат. Анда Жээренче:
-Жакшыдан жаман туулбайт,-дейт.
Мунусу кандай деп, оюна алып ойлонуп жүрүп, Жээренче чечен
өлгөндөн кийин бир нече жылдар өткөндө Жаныбек хан калмактарга
каршы жортуулга бара турган болуп, Жээренченин баласына “Душманга
каршы урушабыз, биз менен жүрсүн” деп, адам жиберип, кабар кылат.
Жээренченин баласы жаш бышты атты минип, эл менен кошо
жортуулга барат.
Урушат. Душмандары – калмактар күчтүү болуп, Жаныбек хандын
аскерлери тымтыракайы чыгып кача баштайт. Качып келе жатканда
кандын аты жүрбөй калып, колго түшө турган болот.
Ошондо Жээренченин баласы:
-Таксыр, жүрбөй калган атыңызды мага бериңиз, мен сизге атымды
тартуу кылып, биротоло беремин. Мен колго түшсөм эч нерсе эмес, сиз
колго түшсөңүз, “калмактын канын чаап аламын деп барганда, эли качып
кетип, каны колго түшүп калды” деген элди булгаган түбөлүк жаманатты
сөз калар,-деп минген атын берип, жүрбөй калган кандын атын
Жээренченин баласы минип, хан аман калыптыр.
-Жээренченин баласын жоош көрүп жүрүүчү элем, Жээренченин
айтканы дурус экен,-деп кан Жээренченин сөзүнө айран калган экен.

ЖООМАРТ

coin 3468155 1280 1
coin 3468155 1280

Илгери, илгери бир кандын үч вазири бар экен. Бир күнү
вазирлерин сынамак үчүн кан:
-Вазирлерим, менин силерге бере турган суроом бар, кандай адам
жоомарт болот? Малдуу, бай адам жоомарт болобу? Силер мага айтып
бергилечи,-деген экен.
-Дүнүйөсү көп болбосо, малы жок болсо, эч кандай адам жоомарт
боло албайт. Малдуу жоомарт болот. Колунда жок болсо, кандай мыкты
адам болсо дагы, мен жоомарт боломун деп, аракет кылганы менен
боло албайт,-дешет.
Андан көп күндөр өткөндөн кийин кан жаман кийим кийип кайырчы
болуп, “вазирлерин сынап көрөйүн деп, бир күнү түндө бир вазиринин
үйүнө барат.
Үйүнө кирип барганда эле вазири кабагын бүркөп:
-Эмне кылып жүрөсүң, кет,-деп кыйкырат. Кайырчы болгон кан
босогодо ыйлап туруп:
-Тамагым жок, батамды берейин,-дегенде вазири ичкен тамактын
калдыгы калган экен ошону берет да:
-Кеткин,-деп жиберет. Андан кан чыккандан кийин, дагы бир
вазиринин үйүнө барып, кайырчы болуп тамак сурайт. Ал вазир дагы:
-Кеткин,-деп тилдеп, кургап калган нандын калдыктарын берет.
Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир
кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур.
-Эмне кылып жүргөн кишисиң?-деп сурагаңда, кан айтат:
-Мен кайырчымын, кайыр тилеп жүрөмүн. Силердикине жатайын
деп келдим,-дегеңде жигит эшикке жүгүрүп чыгып:
-Кайырчы аке, кетпеңиз, биздин үйгө жатыңыз!-дейт. Анан жигит
энесине:
-Бүгүн алып келген койлорубуздун бирөөнү союп, кайырчыны конок
кылалы,-дегенде энеси макул болот.
Кайырчыга келип:
-Сизди сыйлап, бир коюбузду союп берели дедик эле, сиз
ыраазылыгыңызды бериңиз,-дегеңде кайырчы болгон кан:
-Койду кайдан алдыңар, коюңар көппү?-деп сураганда жигит:
-Мен бир байдын малын багып жүрүп, бир жылдык акым үчүн беш
кой аддым эле. Ошол койлорду бүгүн алып келип, койду кызык көрүп
жатпай карап олтурдук эле,-дейт.
Анда кайырчы кан:
-Мен койдун жүрөгүн гана жечү элем. Бир кой сойсоң, бир койдун
жүрөгүнө мен тойбойм, этин жебейм,-дейт.
Анда жигит, эшикке жүгүрүп чыгып, энесине:
-Эне, кайырчы жүрөк гана жейм дейт. Бир койдун жүрөгүнө тойбойм
дейт. Кайырчыга беш коюбузду тең союп, жүрөгүн берели, кайырчы
бечара тойсун, этин өзүбүз жеп, же сатарбыз,- дегенде энеси макул
болот.
Жигит беш коюн тең соёт. Беш коюнун беш жүрөгүн салып,
кайырчы ыраазы болсун деп бышырып берет. Кайырчы бир гана жүрөгүн
жеп:
-Мен өзүм жүрөктү бул жерге олтуруп жалгыз жеп алганым болбойт,
балдарым ач, балдарым менен бирге олтуруп жейин,-деп калган төрт
жүрөгүн үйүнө алып кетмекчи болот.
Анда жигит:
-Мейлиңиз, ыраазы болсоңуз болду,-дейт.
Кан түн боюнча башка кишилерге көрүнбөстөн өзүнүн кандык
ордосуна барып, жигиттин берген төрт жүрөгүн вазирлердин берген
нандын кургаган калдыктарын жана башка артып калган тамактарын
алып барып, кан отурган жериндеги сандыгына салып коет.
Бир нече күндөн кийин, кан эки вазирин чакыртып алып, кой союп
жүрөгүн берген жигитти да чакыртат.
Кан вазирлерден:
-Марттык эмнеде, дүнүйөдөбү же адамдын өзүнүн сөөгүндө бүткөн
марттык болобу?-деп сураганда вазирлери:
Марттык дүнүйөдө болот. Кимдин дүнүйөсү көп болсо, ошол март
болот,-дейт.
-Силердин дүнүйөңор барбы, же жокпу?-деген кандын суроосуна
вазирлери:
-Биздин дүнүйөбүз өзүбүзгө жетиштүү. Дүнүйөбүз арбын,- дейт.
Вазирлерине кан ачуусу келип:
-Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен
болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо,
тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет
белеңер,-деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт.
-Мына март деп, мен үйүнө барганда малай жүрүп, алып келген
беш коюн союп, жүрөгүн бышырып берген ЖИГИТТИ айт,- деп кан эки
вазирин ордунан түшүрөт:
-Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот!
Ошентип хан малай жүргөн жигитти вазир кылып алат.

ЖООМАРТ ЖАНА АДИЛ

image 6
image 6

Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде
Жоомарт жана Адил деген хандар өткөн экен. Жоомарт хан калкына
карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул хан
бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди
аралап, “ач, жылаңачтар жокпу” деп жүрүп өткөрчү экен.
Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келе жатса, суу
ичип жаткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык,
алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт “бул эшек элге кызмат кылган,
эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен”, деп ал эшекке
күмүш жүгөн катып алып барып, өз сарайына бактырып коет.
Ошол эле мезгилде Адил деген кара кылды как жарган “бул алыс,
тигил жакын” дебеген хан болгон экен. Сурак сураганда “өзүмдү көрсө
сүрдөнөт, сөзүнөн жаңылат, же кошомат кылат”, деп суракты көшөгөнүн
ичинде олтуруп алып, жүзүн элге көрсөтпөй сурачу экен. Бул эки хандын
вазирлери, кеңешчилери эки ханды бири бирине ушактап, чагымдап
олтуруп, экөөнү уруштурат.
Ошондо Жоомарт хан элине “Адил хандын колу көп экен, силер
бөөдө кырылып каласыңар, андан көрө мен качып кетейин, силер кол
көтөрүп багынып бергиле, ошондо кырылбай эсен каласыңар”,-дейт да
качып кетет. Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Ошол ыштыкка
жакын жерде бир бечара аялы менен жашайт экен. Бул экөөнүн эл
орунга олтургандагы сөзүн далдаадан уккан Жоомарт, алардын үйүнө
түн жамынып кирип келип:

Элиңерде эмне жаңылык бар?-деп сурайт. Ал бечаралар:

Эки хан урушуп, Жоомарт хан качып кетиптир. Адил хан “Жоомарт
ханды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде
беремин” деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка
жаңылык жок,-дейт. Жоомарт хан:
-Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир
митаам, же бир зөөкүр таап алып ханга алып барып, анын алтынын алып
жыргайт. Андан көрө силер менин эки колумду артыма байлап, мойнума
чылбыр салып, бириң жетелеп, бириң шыйракка чаап айдап, ханга алып
баргыла да, анын алтынын алып убай көргүлө,-дейт. Анда тиги
бечаралар:
-Сизди жалдыратып алып барып көргөн оокатыбыз курсун, ушул
эле оокатыбыз жетет,-дешет.
Жоомарт:
-Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын
болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Адил болсо менин каныма забын
болот,-дейт.
Жоомарттын сөзүнө макул болушуп, эки бечара аны бири жетелеп,
www.bizdin.kg
бири айдап ханга жөнөшөт. Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да:
-Бул ким?-дешет. Эки бечара:
-Бул баягы качып кеткен Жоомарт хан, кармап алдык, ханга алып
баратабыз,-дейт.
Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет.
Жолдо баратканда дагы башкалар алардан жулуп алып кетишет.
Ошентип олтуруп Жоомартты Адил ханга 20-чы киши жетелеп барат.
Адил хан Жоомартты зынданга салдырып:
-Ким алып келди?-деп сурак кылат.
-Жоомартты мен алып келдим,-дешип баягы биринен бири жулуп
алышкан жыйырма киши чуулдашат.
Адил хандын жигиттери Жоомартты зындандан чыгарып келишет.
Адил хан ким кармап келгенин сурайт. Мени булар алып келишкен жок,
мени кармап сизге алып келатканда мына бул кишилер кемпир, чалдан
зордуктап тартып алышкан, эмгек мына бул бечаралардыкы деп, кемпир
менен чалды көрсөттү. Адил хан кемпир, чалга Жоомарттын
салмагындай алтын берет. Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып,
кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт.
-Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат,-дейт Адил хан.
Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Адил хан “ушундай
элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды
өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган
турбайбы”, дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан
көтөрөт, өзү ага вазир болот. Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды,
митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Ошондон кийин эки
эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.

СЫЙКЫРДУУ САКА

santa vector ubisafe christmas club penguin hat hatch act 851860
santa vector ubisafe christmas club penguin hat hatch act 851860

Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна
жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой
кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке
ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат.
Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын
карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач,
ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай
коёт. Ошондо сакасын колуна алып: “Сакам, сен да жакшы конбой
койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз
келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан
сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим-кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү
ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып
жүрөр элем”,-деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап
жатып уктап кетет.
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете
койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет.
Бирок кечээ болгон окуяны ата-энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып
кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага
www.bizdin.kg
айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында
экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: “Тиги жолдош
балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да
алып кел”,-дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына
алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки
миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака,
тилегибизди бере көр» ,-деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип
көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун
бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы
отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын
арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.

ҮЧ КЫЗ

7287e30edc3d2145379870ae51d07c43
7287e30edc3d2145379870ae51d07c43

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө
каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү
кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот.
Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө
жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың
өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин
тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына
тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып,
кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат.
Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат.
Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат.
Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык
көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчапчаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртыктешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган
соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт.
Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир
кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:

Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой
жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен,-дейт. Анын кейпин көрүп, сөзүн
уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы
кемпир: “Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат”,-
деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. “Сен туурдук менен чийдин
ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт”,-деп туурдук менен
чийдин ортосуна таңып коет.
Кыздардын кичүүсүнө: “Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума
алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын”,-деп айтат.
Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын
жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы
кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты
карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир
эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен
чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип,
акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт.
Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып,
сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.
Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп
койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып
олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем
алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса
баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок
билегин камчыланын келе жатат.
Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез
кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу
күзгүсүн ала коюп:
“Сени далай карадым,
Бир керекке жарагын”,-деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге
жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына
көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки
өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат. Жез
кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден
сүзүп жөнөйт.
Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге
түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип,
эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт.
Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай
жакындап калат. Ошондо ортончу кыз:
“Тарагым, тарагым,
Бир керекке жарагын”,-деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып
жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин
айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез
кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп,
үйлөрүн көздөй жолун улантат. Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа
кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап,
ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.
Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты
качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн
чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне
кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип
келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү:
“Ийнем-ийнем, ийип кет,
Жер түбүнө кирип кет”-деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып
жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер
көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип,
сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот.
Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын
эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар
үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири
талашып айтып беришет.

ЖЕТИМ БАЛА

6FAAFE7B E602 4BD4 9975 090CDDFAAB43 w1200 r1
6FAAFE7B E602 4BD4 9975 090CDDFAAB43 w1200 r1

Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын
колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү
бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп
жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок.
Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок
эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат.
Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту
жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал
жерде үч киши отурат. Бала:
-Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага
жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат.
-Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар
баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы
көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат.
Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт
баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы
асманды көздөй алып, сызып жөнөйт.
Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала
эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын
тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт.
Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын
эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп
баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын
мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат.
Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы
көрүп:
-Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк
төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет.
Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк
төөлүк кылып кулатат да:
-Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер:
-Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп
кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет. Чарчаган бала
катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп
бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот.
Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден
билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. “Эми
тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн”, – деп бала
баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге
түшөт.
Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээнталаа, эрме чөлгө келет. Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне
кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын
жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун
жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак
секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго
түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт.
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып
көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого
жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. “Кандай
болсо да ушул жерде бир адам бардыр”, – деп бала тамдын түбүнө
жатып уктап калат.
Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка
келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып
байкап:
-Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду
экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол
жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен.
Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат.
Абышка:
-Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан
келдиң?-деп сурайт.
Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет.
Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп:
-Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул
жерден эми кетишиң кыйын,-дейт.
Анда бала:
-Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат.
Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир
бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар
түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет.
Бир күнү бала отуруп: “Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын
берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе
уурдайын”,-деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда
абышка:

Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың
чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала
болбойт.
Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап
алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, ЧатырКөл бар экен.
Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине
конуп, адамзаттай тил кирет.
Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу:
-Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу
көгүчкөн:
-Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү:
-Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын
мурунунун жыттуусун!-деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй
сулуу кыз болуп калат.
Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет.
Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин
кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен.
Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да:
-Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң.
Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып
калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык
тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат
жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да,
мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,-
деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин
алган чалга барышат.
Ошондо чал балага:
-Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден
көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасыперилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө
барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле “адамзат жыттанын
калыптырсың”, деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет.
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып,
эки эжесинин артынан кетет.
Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып,
караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап
салат.
Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып,
сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо
перилердин падышасы, кыздын атасы:
-Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан
канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди.
Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына
алып келди.
Ошондо кыздын атасы:
-Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук
берди.
Бала:
-Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,-
деди.
Анда кайын атасы:
-Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап
ак таруу берип:
-Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден
өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир
томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу
калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди.
Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет.
Колуктусу:
-Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала:
-Ээ эмнесин билейин, “ак таруу менен кара тарууну экиге бөл”, деп
буйрук кылды атаң,-деди.
Анда колуктусу:
-Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте
турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди.
Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин
кыздарына тарууну тердирип койду.
Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп
калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп:
-Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да
күчтүү кызмат берди.
-Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө
тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын
балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш
чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп,
күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө
секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып
ойноп турсун,-деди.
Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып:
-Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда
кыз:
-Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп,
иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды.
Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте
туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип:
-Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,-
деди.
Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды.
Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз
тоңуп, андан да катуу буйрук берди.
“Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал.
Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу,
кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал”-
деди кыздын атасы.
Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да
аткарды.
Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук
берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы
кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган
болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү.
Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп
чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан
болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара
ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип,
кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады.
Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты.
Ошондо кыздын атасы каарын төгүп кыздын соңунан түштү. Кыз менен
жигит атасынын келерин билип, шумкар менен көгүчкөн кебин кийип,
зымырап катуу учту. Алпкаракуш менен күркүрөп, аркырап жетээриңде,
шумкар менен көгүчкөндү куйругунан сермеп өтөрүндө, шумкар менен
көгүчкөн перилердин чегинен чыгып, адам болуп, адамзаттын эл-жерин
көрдү. Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: “эл аралап, алжайын билип келейин”-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун
арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Жигит келсе,
кыз катуу жарадар болуп жатат. Өлөрүндө кыз күйөөсүнө:

Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Мени күн чыкканча
кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм
колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң,-
деп кыз керээз айтты.
-Ошол тилиңди аткарам, таң атканча карап турам. Үстүңө алтын
күмбөз курам. Өмүрүм өткөнчө ушул жерде өзүңө кызмат кылам,-деп
жигит убадасын берген. Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө,
талыкшып көзүн жумду. Каардуу кайын ата каарданып колун сунду.
Жибек чачтан бармакка ороп, кыз менен жигитти башка урду. Ошону
менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп
тынды.

БАЙДЫН ЭРКЕ БАЛАСЫ

1089811 1
1089811 1

Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал
бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым
бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен.
Баланын колуктусу акыддуу болот.
Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын
жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок
калганда, баланын колуктусу:
-Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп
оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө.
Анда күйөөсү:
-Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо
сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт.
Анда келинчеги:
-Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл
берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса,
анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,-дейт.
Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч
бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты –
Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты – Жалын экен. Ошентип
бала оокат кылып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде Адыл:
-Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең – деп баладан
сурайт.
Анда бала:

Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса,
аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп
үйдө отурганы,-деп сырын айтат.

Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт.
Анда бала:
-Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт.
Ошондо Адыл: “А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей
мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын”,-деп
ойлонуп калат.
Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе,
баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат.
Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:

Коноктун атын жайла,-дейт.

Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:

Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа
болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт.
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой,
төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен.
Андан кийин келин балага:
-Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. “Куш коңгуроо чалбасын
муну байка”, дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен.
Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда
келин тура калып конокко карап:

Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле,
каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок
чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч
жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен
эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:

Бу да сиздин насибиңиз, – деп эки сындырым нанды конокко
таштайт.
Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл,
экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп
калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат.
Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен.
Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур
алакан үйгө келет.
-Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын
тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн
көрсөтөйүнбү?-дейт аялы.
-Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, – дейт. Анда
келин:
-Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса,
бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана
Жалынды чыгарып алат.
Ошондо баягылар:
-Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин:
-Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар:
-Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала
баканда илинип турат.
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: “Бул келин өзү сулуу болгону
менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе
көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели”, – деп түнү менен качып кетишет.
Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап
калган экен.

СУЛУУ КЕЛИН

image 5
image 5

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу
кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит:
Медийнанын беш бурчун,
Беш айланып кыдырат.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып кыдырат.
Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат.
Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу
келин олтурат.
Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп
калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын
бүктөп олтура калып:
-Экөөбүз баш кошсок кандай болот?-ден сулуу келинге кеп салса,
ал макул болот.
Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан
кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.
Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай
баштайт.
Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:
-Ай, сенин өңүң эмне саргарат?-дейт. Аңда берки жигит:
-Билбейм!-деп жооп берет. Анда дос житити:
-Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес,
карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп
келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул
шаарды сордурасың,-дейт.
Сулууну алган жигит ишенбейт: “Кантип эле ажыдаар аял болуп
калсын”,-деген ойго келет. Анда берки дос жигити:
-Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз,-дейт.
-Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга
малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик
болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин
убалына калба,-дейт.
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып,
аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз.
Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:
-Сенин айтканың чын экен,-деп досуна баягы сөздү жашырбай
айтат.
Анда досу:
-Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш
чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар.
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай,
тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо
менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип
досуна учурайт.
-Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп
баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап!-деп колуна кылыч берет.
Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо
өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал,-дейт.
Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя
чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт.
Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан
алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө
таамп калат.
Баланы ороп:
-Эмне кылам,-деп баягы досуна барат. Ошондо досу:
-Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!-
деп колуна бир куура кестик берет.
Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын
терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин
отко өрттөйт.
Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир
көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде
бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот.
Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.
-Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи
тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай?-
деп сурады.
Аңда сулуу аял алган жигит:
-Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл
оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет.
Аңда досу айтат:
-Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө
келип, конок болуп кет,-дейт.
Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир
темирден үй жасайт. “Темир үйдүн ичин кызын-тазын кооз кынат.
Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна
жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына
өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат.
Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол
үйдө калат.
Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты
карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала
бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт.
Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр
менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен
жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала
жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир
бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан
үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш
балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган
бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып
түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала
чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп
тамак ичип, адам болуп калган экен.

ОТУНЧУ ПАДЫША

14
14

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык
кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп “эки бакыр, бир тукур” болуп
оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын
кубанычы менен жылаңач-жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы
бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.
Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн “өлбөс оокат,
чыкпас жан” дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип
калаага сатуучу экен.
Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан
талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп
баш катырды. “Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек
экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды
өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап
коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!”-деп далай жерге келип калганын
да өзү билбей калыптыр.
Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, “урушарга жоо таппай,
урунарга тоо таппай” жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып
отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт.
Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: “Кой, аздан акча
жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой
алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын” деп кызык кыялга
батты.
Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү
түшөт. Ана-мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап
турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай
жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү.
Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби,
аны ордунан кайра жылдыра албады.
Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп
тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп
ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай,
казыктай болуй жолду карап туруп калды.
Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп-билип тургансып
Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:
-Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо
эмнеге куру сүйлөйсүң,-деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.
-Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды,
балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын.
Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн
жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло.
Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты
көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир
бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден
табылат.
-Аларды шаарга сатамбы?-деп Султаналы сураганда, жолоочу:
-Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол
замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп
жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге
жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы
тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака
түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын
көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен
басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү
көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол
жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир.
Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең,
сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот,-
деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.
Султаналы: “өңүмбү, түшүмбү”, деп бир топко дал болуп туруп
калып, араң-араң эсине келди.
Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп,
дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге
коркту. “Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой
кемпиримди жардам бергенге алып келейин” деди. Үйүнө барып
кемпирине сүйүнчүлөп, “жүр, кемпирим” деп, алып келди.
Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин
карматып:
-Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай
кылбасаң мен өлдүм,-деди.
Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып
кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты.
Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.
-Кемпирим эмне жегиң келет?-деп жалт карады. Умсунай:
-Сары майга бышырылган каттама болсо!
-Мен да ошону каалаймын,-дей салды Султаналы. Ичинен сары
майга бышырылган каттама чык,-деп тасторконду ачты эле, тасторкон
толду, өлгөнчө жеп тоюшту.
Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт
тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.
Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду.
Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип
барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан
чыгарып жатыптыр, “ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен,
билинбес бекен”, деп нанды алды дагы, тыяк-быякка карап көрдү. Бир аз
басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.
Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден
алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип,
оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын
көзү чалбады.
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: “Бул
адамдын акчасын алайын” деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала
берди. Бул дагы көргөн жок.
Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын
санап туруптур. “Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча”, деп анын
дагы акчасын, алды.
Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт.
Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.
Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр -тилеген
пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы
апың-упуң кылды.
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын
башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы
бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың
кылышып шермендеси чыкты.
Сыйкырдуу бешмант менен аман-эсен Султаналы үйүнө келип
болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.
Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: “Эми саканы сынайынчы”, деп
үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын
артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү.
Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып
көрдү.
Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү.
Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: “Умсунай муну
жакшы көрүүчү эле”,-деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып
келди.
Умсунай “жеп коеюн” деп, оозуна салаары менен мышык болуп
мыялап калды.
Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып,
эмне кыларды билбей жалдырап турду.
“Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым”, деп кокуйду
үстөккө-босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы
сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар,
жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды
жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.
Султаналы сүйүнүп, “Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым”,
деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы
билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга
барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга
таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын
чачты. Короо-короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин
жарпы жазыла баштады.
Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат
үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер
астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын
вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап,
аябай тан калтырды.
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин
билип, анын сырын билиш үчүн:
-Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким
кудалашып каларбыз,-деп өзөр-мазир сөзүн айтты.
Султаналы кубанычы терисине батпай:
-Кулдук-кулдук,-деп таазим кылды.
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза
көп ойной турган бодду.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы
сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.
Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап
алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып,
сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып
кетишет.
Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
-Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып
берем,-деп падыша кызына убада кылды.
Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып
келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып
таштады.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап
кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып,
түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна
илип коюшат.
Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып
берет. Атасы аябай кубанып кызына:
-Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең,-деп дагы
жумшайт.
Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон
ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка
барып, мөмөлөрдү эки-үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү
падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң-таң калып, жеп
жыргашты.
-Эртең дагы алып келем,-деп убада кылды.Султаналы бактын сол
жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Султаналы:
-Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп
тургула – дегенине падыша менен вазирлер макул болду.
-Падыша мышык, вазирлери ит болсун,-деп Султаналы шыбырап,
колун бир силкип койду.
Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына
өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырапжайнап жатып калган экен.

ЗЫЙФЫРЫМ

image 4
image 4

Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен.
Күн өткөн сайын кандын уулуна: “Өзү кандын баласы болуп туруп
вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын
алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес”,-деген
сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини
келип, аялын ура баштайт:
Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип:
-Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне
көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?-деп сурады.
Кыз мурун айтпай коюп, үчүнчү жолу сураганда араң айтат. Жеңеси
кыздын энесине айтат. Энеси:
-Сени антип жүрсө, Мисир падышасынын Зыйфырым деген атагы
чыккан кызы бар, күйөөңдү ошого барып кел деп жумша,-дейт.
Вазирдин кызы күйөөсүнө айтат. Ал эртеси бир ат минип куржунга
кымбат баалуу мүлктөрүн салып алып, жолго чыгат. Бир нече күндөн
кийин суунун жээгине келип олтурса, суудан килем жамынган эки жигит,
бир кыз болуп чатыраш ойной башташат. Муну көрүп турган кандын уулу
келип:
-Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт. Алар
бир ооздон:
-Сен деле кел кыйын болсоң жекеме жеке ойноп, бизди утуп алгын.
Эгер уттурсаң мал-мүлкүн биздики болот,-дешет.
Кандын уулу макул болуп, алар менен ойноп уттуруп жиберет.
Жөө сандалып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, араң Мисир шаарына
келип Зыйфырымдын үч шартын угат. Көрсө, падышанын кызы: “Эгер
кимде-ким мени бир түндө үч жолу сүйлөтө алса, мен алдынан кыя
өтпөй, өмүр бою кызмат кылам. Эгер «сүйлөтө албаса, өлүмгө
буйрулат”,-деп жар чакырткан экен. Кандын уулу Зыйфырымга келип,
нечен түрлүү айла-амалын кылып сүйлөтө албай коюп, шарт боюнча
дарга асылмак болот. Ошол мезгилде кыздын энеси келип:
-Кызым, көп эле кишини даргага астырдың, ушул жигиттин канын
кечирип мага бер, мен малай кылып алайын,-дейт.
Кыз ага макул болот. Ошол мезгилде жигиттин өз жеринде калган
аялына жеңеси келип:
-Өзүң вазирдин кызы болсоң, ура берүүчү күйөөң деги жок. Ээнэркин, эми неге көңүлүн пас?-деп дагы сурайт. Анда кыз:
-Жаман да болсо баркырак төөнүн бары жакшы экен. Күйөөм үйдө
эле жүрө берсечи, эми кайра аны сагынып, санаам тынбай кайгырып
жүрөмүн. Ага барып келбесем болгудай эмес эми барууга даярданып
жатамын,-дейт.
Ошентип кыз эркекче кийинип, ак калпакты баса кийип, мүлкүн
алып, атка минип, камданып алып жолго чыгат.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп баягы күйөөсү келген сууга келет.
Килемчен эки жигит менен колуна чатыраш кармаган кыз теректин
түбүнө келип, эки жигит, бир кыз болуп ойной башташат. Аны көргөн кыз
аларга карап:
-Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт.
-Андай болсо кел, сен биз менен жекеме-жеке ойноп жеңип ал,
кыйын болсоң, эгер женилсең мал-мүлкүн биздики,-дешет.
Вазирдин кызы ойноп аларды утуп алат. Утулгандан кийин алар:
-Биз үчөөбүз тең перинин уул-кыздары болобуз. Бир маал ушул
теректин түбүнө келип эс алабыз. Себеби, бизди энебиз ушул теректин
түбүндө төрөптүр,-деп сырларын айтышат. Анан алар тиги “жигиттин”
кайда, эмне иш менен баратканын сурашат. “Жигит” өзүнүн бара турган
жери менен максатын айтып берет. Ошондо баягы перинин уул-кыздары:
-Аңда сенин ишиң оор экен, ага биздин падышанын уулдары да
барып, сүйлөтө алышпай өлүмгө дуушар болушкан. Сага биз жардам
берели, балким жеңип кетерсиң, өлүмдөн калып.-дешет.
Биз үчөөбүз кыздын бөлмөсүнө кирип бирөөбүз керебет, бирибиз
олтургуч, бирибиз сандык болуп кубулабыз. Сен кирип кызды сүйлөтө
албаган соң:
-Зыйфырым, капкалуу шаарымды, туулган жерим менен өскөн
элимди таштап, атайын бир өзүң үчүн келсем неге унчукпайсың,
ушунчалык жүрөгүң таш беле, жок дегенде, Керебет, сен сүйлөсөң боло!-
деп мени таягың менен бир чаап койгун. Ошондо мен сага сөз сүйлөйм.
Аны тескери чеч. Ошентип калган экөөнүкүн дагы оң чечпей, тескери
чечип жооп бер,-дешет.
Алар айткандай эле кызга келип сүйлөтө албаган соң, керебетти
бир чаап перинин кызынын сөзүн кайталайт. Керебет сүйлөй баштайт:
-Мурун Мухарам деген падыша болгон экен. Анын үч уулу болуп,
күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: “Силер мага кымбат
баалуу бир нерсе сатып келгиле. Мен алардан силердин акылыңарды
билгендей болоюн”,-дейт. Үч уулу Шам шаарына келип, улуусу жер үстүн
заматта айланып чыга ала турган ат, ортончусу бүт аалам көрүнүп
тургудай көзгө, кичүүсү жыттатып койсо, өлгөн адамды тирилтчү алма
алып келишет. Алар:”Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип
көрөлү”-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп,
жаңыдан койгону даярдап жаткан экен. Кандын балдары кеңешип:
“Алдыбызда ааламды айланып уча турган ат, өлгөндү тирилте турган
алмабыз турса, биз падышанын кызын тирилтип алып келбейбизби”,
дешет. Үчөө туура көрүшүп падышанын кызына барып тирилтип алышат.
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет.
Кызды ким алышы керек?-деп керебет суроо менен бүтүрөт.
-Андай болсо, кызды күзгүнүн ээси алышы керек, ал болбосо
көрүшмөк эмес,-дейт бала. Ошондо Зыйфырым чыдай албай:
-Жок, кызды алманын ээси алышы керек, күзгүдөн көрүп ат менен
келген менен алма болбосо ал тирилмек эмес -деп жиберди.
Ошол замат он эки капкасынан тең Зыйфырым дын бир жолу
сүйлөгөндүгү жөнүндө кабар берилет.
Экинчи жолу бала отургучту чаап сөзүн кайталайт. Ал да сүйлөй
баштайт:
-Бир кемпирдин балтыр бешик баласы болуптур. Күндөрдүн
биринде уулунун сүтү түгөнүп калып, кемпир базарга барып, сүт алып
чуркап келатса, бир айры куйрук жыланды илип алып, көтөрүп учуп бара
жаткан болот. Жылан уусун кулгуп, бир тамчысы кемпирдин алып бара
жаткан сүтүнө таамп калат. Муну кемпир билбейт.
Үйүнө келип баласына берер замат баласы өлөт. Күнөө кимде?-деп
отургуч сөзүн суроо менен бүтөт. Бала дароо:
-Күнөө кемпирде. Себеби ал сүттүн үстүн жаап койгондо уу түшмөк
эмес,-деди. Анда Зыйфырым:
-Жок, күнөө айры куйрукта. Ал жыланды асманга алып учпаса,
сүткө уу таммак эмес,-деп жиберди.
Шаардын бардык тарабына Зыйфырымдын экинчи жолу сүйлөгөн
жөнүндө кабар берилет. Бала үчүнчү жолу сандыкты чаап сөзүн
кайталаганда, ал да сүйлөй баштайт.
-Бир токойду баш кесер каракчылар уюктаган. Ошол жердин каны
менен вазиринин балдары бир күнү каракчылардын колуна түшүп
калышат. Кандын баласы эч нерсе билбеген, вазирдин баласы кыйын
айлакер болот. Алар ал жерден эптеп амалын таап бошонуп чыгышат.
Ал жерден ким алып чыкты, кимисинин эмгеги көбүрөөк экен?-деп
сандык сөзүн суроо менен бүтөрөт.

Кантсе да кандын баласы эмеспи, аны өлтүрө да алышмак эмес,
ошол үчүн кое беришти,-деди бала.
Анда Зыйфырым үчүнчү жолу:
-Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч
нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак,-деди.
Ошол замат кандын кызынын үч жолу тең сүйлөгөндүгү жөнүндө
шаардын капкасына чейин кабар угулуп, Зыйфырым баягы убадасы
боюнча жигитке тиймек болду. Ошондо вазирдин кызы элди жыйып:
-Тойго шаардын ичинен бир да адам калбай келсин,-деди.
Эл жыйналгаңда:

Бир да адам калган жокпу?-дейт Зыйфырым.
-Баягы энем өлүмдөн алып калган кызматчы жигит калды,- деди.
Жигит аны да алдырып келип, өзүнүн күйөөсү экенин тааныды.
Анын чачын алдырып, алган чачын жоолукка түйүп, сууга түшүртүп,
самсаалап жыртылган кийимин чечиндирип, аны да куржунга салып,
жаңы кийим кийгиздирди. Зыйфырымды жигитке бермек болду. Бирок
вазирдин кызы кайрылып:
-Менин жеримде өзүмдүн зайыбым бар. Мен бул жерге
Зыйфырымга келгендерди өлүмдөн куткарып калыш үчүн гана келгемин.
Көп жигиттердин арасынан аман калган мына бул жигитке Зыйфырымды
берели,-дейт.
Кан макул болот. Кыз күйөөсүнөн мурун келип, эркек кийимин
чечип, өзүнүн кейпине келет. Кандын уулу Зыйфырым менен жашап
калат. Кыз билмексен болуп жүрөт.
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө
берет. Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын
көзүнчө.
-Кана, сен бул жерден кеткенде жалгыз ат, бир куржун оокат менен
кеттиң эле, эми кандын кызын кантип алып келдиң?-деп күйөөсүнө суроо
берет.
Анда күйөөсү:
-Кыздын шартын аткарып, бир түндө үч сапар сүйлөтүп алдым,-
дейт.
Аялы:
-Кантип сүйлөттүң?-дегенде жооп бере албай калат. Ошондо туруп
элге куржундагы баланын чачы менен кийимдерин көрсөтүп, болгон
окуяны айтып берди. Зыйфырым муну угуп:
-Мен өз антым боюнча үч жолу сүйлөткөн кишинин айтканын
аткарып, кызматын кылам, мындан ары буга аял болбойм, өмүр бою
кызга жолдош болуп кызматын кылам,-деди.
Ошентип, алар өмүр бою эң жакшы жолдош катары өз өмүрүн
өткөрүп жашап калышкан экен.

ЖЕЗ КЕМПИР

image 3
image 3

Илгери-илгери бир эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө
оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол
колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет.
Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын
түшүндүрүп:
-Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп
кетүүтө уруксат берер бекенсиз,-дейт.
-Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,-дейт кемпир. Ошондон кийин
алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери
жамынып жата берет. Аял болсо, күнү-түнү менен жаны тынбай оокат
кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
-Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп
келинди токойго алып келет. Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде
кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят. Отту чоң кылып
жагып, баягы келинди шишкебек кылып жеп коёт. Көрсө, ал кемпир киши
жегич экен.
Кемпир алачыкка кирер замат кыздар:
-Апабыз кайда?-деп сурашат. Анда кемпир:
-Камырабай эле койгула, силердин энеңер өтүгүңөрдүн таманына
салгандай чөп жулуп жүрөт, жакында келер,-деп коёт.
Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Кыздар ары
оодарылышып, бери оодарылышып уйкулары келбей жатышат. Күтүп
отурушуп, күтүп отурушуп, бир маалда кыздардын улуусу:
-Эмне энем кечикти,-деп тынчсызданып, токойду көздөй жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп токойго барса, бир жаңы эле өчкөн
оттун ичинде адамдын сөөктөрү жатат. Ошол жерден энеси байланып
жүргөн бүлөөнү, оттукту жана энесинин тарагын табат. Кыздар өпкөөпкөсүнө батпай ыйлап, энесинин бүлөөсүн, оттугун жана тарагын алып
кайра алачыкка келет. Жолдо келатып эки чымчык кармай келет. Кыздар
чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп,
тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт.
Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда
ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. “Кыздар ордунда экен”-деп
кемпир кайрадан уйкуга кирет. Кемпир жети күн, жети түн уктайт. Бир
маалда курсагы ачканынан ойгонот. “Эми кыздарды жейин”-деп,
көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Ошол жерден
кемпирдин ачуусу аябай келип, баягы кыздардын аркасынан кууп
жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп кууп жетип кармай турган болгондо
улуу кыз:
-Эне, энекебай бизге жардам бер!-деп бүлөөнү ийнинен алыс
таштап жиберет.
Бүлөө түшкөн жерге чоң дарыя болот. Кыздар бир өйүзүндө, кемпир
экинчи өйүзүндө калат. Кемпир сууга киргенден коркуп, өкүрүп,
ачууланган бойдон кала берет. Кыздар артын карабай алдыга кетишет.
Дарыя жети күн агат да, андан кийин кургап, ал эми бүлөө болсо, улуу
кызга кайра барып калат.
Кемпир кайра кыздардын артынан түшөт. Анын жакын калганын
укканда улуу кыз:
-Эне, энекебай, бизге жардам бер!-дейт да, оттукту ийнинен алыс
ыргытып жиберет. Бир паста түптүз талаада бийик зоо пайда болот, тоо
жети күн турат. Ошентип кемпир жете албай кала берет. Эже-синди
артын карабай жүрүп олтурушат.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы эки кыз бир аралга туш келет.
Аралдын наркы өйүзүндөгү алачыкта жашаган бир кара кемпирди көрүп,
эки кыз:
-Эне, бизге жардам берип коюңуз,-деп чакырышат. Анда баягы
кемпир:
-Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен?-дейт. Кыздар:
-Биз көптөн бери адам көрө элекпиз, бизге өңүңүз күндөн да жарык,
колуңуз биздин энебиздин колундай жумшак көрүнөт,- дешет.
Ошентип кемпир кыздарды суудан көтөрүп чыгат. Кыздарды кемпир
өз кыздарындай багып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:
-Менин эки балам бар, алар мергенчилеп кеткенине бир нече жыл
болду, ошол экөөнү таап келгиле. Токойго барсаңар бугуга чана
сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн
көрсөткүлө. Колуңардагы бугунун терисинин өңүн көрөр замат менин
балдарым силерди ээрчип жөнөйт,-дейт.
Ошентип кыздар кемпирдин эки баласын издеп жөнөп, жүрүп
олтуруп токойго келишет. Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды
тартып, акыры бир күнү араң табышат. Балдар кыздардын койнундагы
бугунун терисин көрүшүп, “апам бул кыздарды бизге жиберсе керек” деп
кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып
беришет.
Үйлөрүнө келип улуусу улуу кызды, кичүүсү кичүү кызды алып,
жыргап жатып калышкан экен.

КАРЫШКЫРДЫН КАМКОРДУГҮ

57iy1w bd0 1 1024x1351 1
57iy1w bd0 1

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур.
Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын атыОрмон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен.
Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан
бирден алма жоголо берет.
Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон,
Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор
жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп
кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына
болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн
канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:
-Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап
келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле,-дейт.
Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен
коштошуп жолго чыгышат.
Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга
келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:
-Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол
менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз
кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз,-деп
акыл айтат.
Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет.
Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон
чыгышка карап жол жүрүп кетишет.
Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип
чогуу жол улантышат.
Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.
Жолго көзүн салып караса: “Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол
жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес”-деген
жазуу бар экен.
Болгон ойлонуп: “Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса,
барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди
көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын”-деп аты
өлөр жолго түшөт.
Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир
карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп
алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.
Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай
сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне
кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:
-Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей
атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай
керегиңди таап берейин,-дейт.
Болгон эмне кыларын билбей турганда:
-Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин,-дейт дагы
Карышкыр.
Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең
сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:
-Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң,
үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып
аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп
турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул
жерден күтүп турамын – дейт.
Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта
бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн
капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат
карышкыр “каңк” эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп
келишип Болгонду кармап алышат да:
-Сен мында эмне үчүн келдиң?-деп сурашат. Болгон:
-Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген,-дейт. Анда
кайтаруучулар:
-Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз,-
дешет. Болгон:
-Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын,-дейт.
-Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол
сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону
бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз,-дешти кайтаруучулар.
Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип
айтат.
Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы
сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш
жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:
-Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу
айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген
жерден кайра ошол изиң менен чыккын,-дейт.
Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын
куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка
кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду
кармап алышат. Кароолчулар:
-Эмне кылып жүргөн жансың?-деп сурашат. Болгон аны
кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды
алып барса, алтын кушту аларын айтат.
Кароолчулар:
-Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен
теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол
үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол
кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага
беребиз,-дешет.
Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып
берет. Карышкыр ачууланып:
-Айткан тилди албайсың, аркама мингин!-деп баланы аркасына
мингизип жүрүп кетет.
Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен
карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет.
Карышкыр Болгонго карап:
-Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки
жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам,-дейт.
Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр
баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса,
кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен
көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы
аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган
сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:
-Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын,-дейт.
Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр
бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: “Сен мени таштап,
күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга
отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем”,-дейт.
Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын
куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу,
алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.
Ошондо карышкыр:
-Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени
минип бар дагы берип, кушту алгын,-дейт.
Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу
айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир
аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан
чыгат да, кыз менен Болгонго келет.
Экөөнү бир топ жерге узатып келип:
-Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө
аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан
ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат,
канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү
чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң
соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың,-
деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына
кетет.
Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык
тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо “сууну кайдан из-деп табамын”-деп
ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын
сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал
өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.
Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы
келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет.
Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот,
бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап
жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.
Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки
жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп
калат.
Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:
-Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың,-деп бир ууч
топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны
карышкыр угуп мындай дейт:
-Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин – деп
баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.
Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан
өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди
ошол жерден карышкыр таап берип:
-Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын
же сени азыр жеймин,-деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:
-Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы,
кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун
жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар,-дейт.
Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын
издеп жөнөшөт.
Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман
тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз
кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:
-Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка
болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына
кирип коркуп жатып калды,-дейт.
Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын
куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып,
колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:
-Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин,-деп жалынат.
Анда карышкыр:
-Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге
кайрымы жок,-деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап
жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин
Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет.
Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:
Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда
жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң
ошону алгын,-дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:

Кысылган жерде керек болор,-деп жүнүнөн жулуп,-керек болсом
ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун,-деп убадасын
берет.
Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз
жайына кетти.
Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына
үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн
оюн, кырк күн той өткөрөт.
Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн,
кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө,
бир желмогуз кемпир жолугуп:
-Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган
кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн,-деп
тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт.
Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, “Эми кутулдум го” деп артын
караса, кемпир жетип калыптыр.
Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп
астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп
турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.
Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда
болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.
Болгон Карышкырга:
Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул,-деп
желмогуз кемпирди көрсөтөт.
Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат.
Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр
конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп
жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бакдөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

БАЛА МЕНЕН СЫЙКЫРЧЫ

image 2
image 2

Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын
жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери
карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты.
Баланы алууга эч ким чыккан жок. Ошентип арадан бир топ күн өттү.
Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт
бурчтуу кара таштын үстүнө отуруп:
-Үф!-деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал
пайда боло калып:
-Мени эмне чакырдың?-деди.
-Мен сени чакырган жокмун, чарчаганыман жөн гана үшкүрдүм,-деп
абышка жооп берди.
-Эмесе менин атым Өкүш… Бул балаңды жетелеп кайда барасың?-
деди чал.
-Оокатым өтпөй, баламды бирөөгө күчүн берейин деп эл кыдырып
жүрөм.
-Эмесе балаңды мага бергин, мен окутайын, келерки жылы дал
ушул убакта келип аласын.
Ошентип абышкага бир дилде берип, баланы жетелээр замат
көздөн кайым болду.
Бала Өкүш чалда окуп жүрүп, анын кызы менен таанышып калды.
Кыз баланы ээн чакырып алып:
-Атам сыйкырчы, бирок менин бир өнөрүм андан артык. Бул жерден
сени эч кайда кетирбейт. Түбөлүк кул болуп жүрө бересиң. Мен сага
ошол өнөрүмдү үйрөтөйүн,-деди да, атасына билгизбей балага өнөр
үйрөтүп жүрдү.
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип:
-Убакыт өттү, баламды бергин,-деди.
Сыйкырчы өзүнчө кобурап койгондо, жети кара мышык даяр болду.
-Мына ушунун ичинен балаңды таанып ал,-деди сыйкырчы.
-Абышка тааный албай, көз жашын көл кылган бойдон жолуна
түштү.
Келерки жылы дагы келди. Сыйкырчы дагы кобурап койгондо эле,
жети кызыл түлкү даяр болду. Абышка баласын тааный албай дагы
кетти.
Ошентип арадан беш жыл өттү. Абышка баласын тааный албады.
Сыйкырчы абышкага:
-Алты жылдан бери баланды тааный албадың. Эгер эмдиги жылы
тааныбасаң балаң баш-оту менен меники,-деди.
Абышка ыйлап жолдо келе жатса, аркасынан кара аргымак жете
келип токтотуп:
-Сенин балаң менмин. Эмки жыпы бизди жети кара ат кылып
чыгарат. Бизди азыр ошого үйрөтүп жатат. Оң жактан санаганда үчүнчү
болуп мен турам, жаңылбай карма,-деди да, сызган бойдон кетти.
Айткан маалыңда атасы сыйкырчыга келди. Сыйкырчы оозун
бүлкүлдөтүп койду эле, жети кара аргымак тизилип тура калды. Абышка
ары карап, бери карап, оң жактан санаганда үчүнчү кара аргымакты
тизгинден кармап:
-Менин балам ушул,-деди.
Сыйкырчынын амалы кетип, баланы абышкага берди. Үйүнө
келгенден кийин бала атасына:
-Мен ат болуп кубулайын, сен базарга саткын. Бирок жүгөнүмдү
бербегин,-деди.
Абышка, атты бир шаарга алып келип, көп акчага сатты, да,
жүгөнүн белине курчанып, үйүнө кайтты. Бала кубулуп куш болуп,
атасынан мурда үйүнө келди.
Абышка баланы базарга экинчи жолу алып барды. Баасына эч ким
чыдай алган жок. Бир убакта чоң соодагер чал келип, атты миң дилдеге
сатып алып, жүгөнүн кошо сатасын деп жабышты. Абышка ары-бери
карап туруп, миң дилдеге жүгөндү кошо сатып, үйүнө кетти.
Көрсө, атты сатып алган Өкүш сыйкырчы экен. Ал үйүнө келип,
кызына:
-Атты сарайга аса байлап кой,-деп тапшырды. Кыз макул болуп,
жетелеп жөнөгөндө бала:
-Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер,-деди. Кыз
аргымакты кое берип, атасына келип:
-Ат колумдан чыгып качып кетти,-деди.
Сыйкырчы Өкүш кара аргымак болуп, баланын артынан жетип
барганда, бала илбирс болуп кубулду. Өкүш жолборс болуп кууп
жеткенде, бала суу жээгинде колун жууп отурган эки кыздын алдына
шакек болуп түшүп калды. Кыздын бирөө шакекти көрө коюп, колуна
салып алды да, үйлөрүнө келишти. Өкүш сыйкырчы жигит болуп кубулуп,
алардын артынан байдын үйүнө келди. Бай Өкүш сыйкырчыдан:
-Жол болсун, балам, кайдан жүргөн эмесиң?-деп сурады.
-Ушул жактан келе жатам, сууга киринип жатып, шакегимди
чыгарып койдум эле, унутуп кете, берипмин. Сиздин кызыңыздын
колундагы шакек меники, алып берсеңиз,-деди.
-Кана, кызым, шакекти алсаң, ээсине бер,-деди бай.
Кыз шакекти чыгарып, Өкүш сыйкырчыга бермек болгондо шакек
буудай болуп чачылып кетти. Өкүш сыйкырчы тоок болуп терип кирди.
Тоок бутунун алдында калган жалгыз данды жемекчи болгондо, ал
кубулуп таруу болду. Өкүш сыйкырчы таранчы болуп терип кирди.
Байдын кепичинин ичине түшкөн таруу кыргый болуп учту да, айланып
келип таранчынын башын жара тепти.
Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын
алып, өз үйүндө аябаган чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап
калган экен.

АСЫЛ ТАШ

c350c832aa9948070828a5be75155e7b
c350c832aa9948070828a5be75155e7b

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун
эки капчыгайын ээлеп жанаша жашаган эки байдын толгон малы бар
экен. Байлар бирин бири жакшы көрбөй: “Ушунун малын мен ээлеп
калсам” деп, экөө тең өз ичинен ойлоп жүрдү.
Арадан көп жыл өтүп, эки байдын бирөө өлдү, Анын артынан зайбы
да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыккан кезинде тоголок
жетим калды. Жанаша турган экинчи бай ушундан пайдаланып,
жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон алмакчы болуп, жетимге:

Сен, балам, жарык дүйнөдө жалгыз досумдан калган жалгыз
жетимсиң. Ал эми жалгыз уулум болсо, чоң кербенчилер менен бирге
алыскы сапарга кетип, ошол бойдон, кайтпады, балам өлгөн окшойт.
Ошондуктан сен менин уулум бол. Өз атандан кем бакпасмын,-деди.
Мына ушинтип, “жетимди бала кылып алдым” деп, бай бүт айлына
жар чакыртты. Жетимдин малы менен мүлкүн өзүнө бүт бойдон кошуп
алды. Ушуну менен бул байдын байлыгы эки эсе көбөйдү, анан бай
жетимден кантип кутулуунул жолун издей баштады.
Бөлөк байдын балдары менен бирге жетим молдонун колунда окуп
жүрдү. Бир жолу окуудан келатып, жолдо буту сынып калган баканы
көрөт. Бала аны колуна алып, үйүнө алып кетмекчи болду.
Бир аз баса түшкөндөн кийин алды жагында баткакка тыгылып
калган арабаны көрдү. Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал
ушул араба го деп ойлоду. Бала арабанын жанына келип, анын ээсине:
-Сен эмне, сокур болуп калгансыңбы? Мына бул байкуштун бутун
неге сындырып кеттиң?-деди.
-Мына кызык! Баканы жактай турган киши табылган турбайбы!
Мунун сага эмне кереги бар?-деп, арабанын ээси баланы катуу каарып,
камчысы менен жондон ары тартып жиберди. Бала ыйлаган жок, баканы
өзүнүн үйүнө көтөрүп келип, бутун таңып, тойгузуп, короонун ичинен
кичинекей чуңкур казып, ал чуңкурга суу толтуруп, бакасын ошол сууга
кое берди. Андан кийин күн сайын баканы жакшылап карап, курсагын
ачырган жок.
Кийин бай асыранды баласынын короонун ичиндеги көлчүккө күн
сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап, бул бала эмне үчүн
минтип жүргөнүн билмекчи болот. Бир күнү бала окууга кеткенден кийин,
бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин караса, бака аркытерки сүзүп жүргөн экен. “Бул бака мында кайдан келди? Муну менин
асыранды балам алып келдиби?”-деп ойлоду бай.
Кечке жуук бала окуусунан келип, короонун ичиндеги көлчүккө дагы
барды. Анын артынан бай кошо аңдып чыкты. Акырын гана карап турса,
көлчүктөн бака чыга келип, баланын берген азыгын жеп, кайра чулп этип
сууга кирип кетти.
Бай буга аябай ачууланып, асыранды баласына;
-Мен сени бала кылып бактым эле, сени киши болобу деп ойлогом.
Бирок сен менин кызматымды барктаган жоксуң. Өзүмө жакшылык
кылбай, мына бул жаман бакага жакшылык кылып, күн сайын эки маал
тойгузуп жүргөн экенсиң. “Мал арыгын сактасаң – ооз майлайт, киши
арыгын сактасаң – төбө каңдайт” деген ушул. Сен эми менден таптакыр
кеткин. Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбөй жогол!-деди бай
каарданып.
Бала баканы колуна алып башы оогон жакка кете берди. Ал ээн
талаа, эрме чөлдө жүрүп отуруп, жолдо бир көлгө жолукту.
“Ушул көлгө баканы кое берейинчи, бул байкуш, да эптеп оокат
кылсын”, деп ойлоп, бала баканы көлгө кое берди. Бака көлгө түшүп,
бала менен коштошуп:
-Сен мени ажалдан куткарып калдың. Мен дагы сага ошончолук
жакшылык кылышым керек. Мына бул асыл ташты алгын. Эмнени
кааласаң, бул таш ошол тилегиңе жеткирет,-деп адамча сүйлөдү.
Ушинтип айтып бака кусуп жибергенде, оозунан кичинекей көк-жашыл
таш ыргып кетти.
-Ал эми сенин мындан ары жолуңду айтсам, мына мындай болот:
көп күн жол жүргөндөн кийин, жолдун айрылышына кезигесиң: эгер
андагы чоң жолго түшсөң, алты ай бою басышың керек, бирок ал жол
тынч жана сага зыян кылган эч нерсе болбойт! Анын жанындагы тар
жолго түшсөң, үч ай басасың, бирок ал жол эң эле коркунучтуу. Тар
жолдон коркпогун. Сенин колуңда көк-жашыл асыл таш бар эмеспи. Бул
таш бар кезинде, сен эч нерседен кор болбойсуң,-деди бака.
Бала бака менен жакшылап коштошуп, тынбай жүрүп отуруп, баягы
жолдун эки айрылышына барды. Ырас эле бири чоң, экинчиси тар жол
экен. Баканын айтканын эске алып, тар жолго түштү. Жолунан ар кыл
жырткыч айбандар чыгып, баланы качырып келип, бирок эч кандай зыян
кылбастан кайра кайтып турушту. Ошентип бала узак жол жүрдү. Анан
бир жерге барып, бир аз тынмакчы болду. Дал ошол жерден жыландын
сыйрылып калган кабыгын көрдү.
“Колумдагы асыл таштын күчү канчалык экен, ушуну бир сынап
көрөйүнчү”,-деп бала колундагы көк жашыл ташты жыландын кабыгына
тийгизди. Жылан ошол замат тирилип чыга келди. Анан балага карап:
-Сен мени тирилтип алдың. Дал ушул күндөн тартып мен сага
түбөлүк дос болом. Менин айткан сөзүмдү көкүрөгүңө түйүп ал, качан
мен керек болсом: “кел, жыланым”, дейсиң, ошондо мен сага жетип
келем,-деди.
Мына ошентип, жылан өз сырын балага бүт бойдон айтып берип,
жолдон алыс сойлоп кетти. Бала өз жолун улантты. Жолдо баратса, өлүп
калган аары жатыптыр. Бала өзүнүн асыл ташын ошол аарыга тийгизип,
аны да тирилтип алды. Аары мурутунан бирди үзүп берип, балага:
-Эгер башыңа кыйын иш түшсө, мурутумдун учун отко күйгүзгүн,
ошол замат сага жардам бериш үчүн учуп жетем,-деди.
Бала дагы көп күн жол жүрдү. Жолдун боюнда адамдын куурап
калган башы жатыптыр. Бала ага өзүнүн асыл ташын тийгизди эле, ал
куу баш татынакай мырза жигит болуп тура келди. Өзүнүн асыл
ташынын күчү аркылуу адамды да тирилтип алганы үчүн бала аябай
кубанып, аны өз агасындай көрүп дагы жүрүп отурду.
Бир күнү:
-Сен мени кантип тирилтип алдың?-деп сурады мырза жигит, жолдо
келе жатып баладан. Бала баканы кандай кылып бакканын, ал бака буга
көк жашыл асыл ташты бергенин, ошол асыл таш колунда жүргөнүн
чыпчыргасын коротпой, айтып берди.
Жигит да атасы аябаган чоң бай болгонун, атасынын баланы алыс
жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибергенин, жолдо
каракчылар кол салып, кербенчилердин малы-мүлкүн бүт бойдон тартып
алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишкенин айтып берди.
Ушул сөздөрдү айткандан кийин жигит балага өзүнүн ыразылыгын
билдирип, мындан ары бала менен түбөлүк дос болууга убадасын
берди.
Экөө дагы узак жол жүрдү. Бир түнү тыныгып жатканда мырза жигит
балага:
-Сен мага чыныгы дос экенинди аныктап көрсөт: койнуңдагы асыл
ташты менин колума бер, эртең кайра өзүңө берем,-деди.
Бала эч шек алган жок, көк жашыл ташты койнунан сууруп,
жигиттин колуна кармата салды. Эртесинде бала ташты кайра сурады,
жигит ташты бермек түгүл, жылмайып гана күлүп койду.
Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талаа, эрме чөлгө
жетишти. Аябай суусап, каны катып баратканда, асманда учуп жүргөн
карганы көрүштү.
-Суу жок жерде карга да жашабайт, жакын эле жерде суу болушу
керек!-деп бала кубанычтуу кыйкырып жиберди. Ырас эле бир аздан
кийин терең кудукка жетип барышты. Кудуктун жанында узун аркан
жатыптыр, чака жок экен. Жигит балага:
-Сен менден кичүү эмессиңби жана жеңилсиң, кудукка түшүп,
калпагыңа толтура суу сузуп чыкккын! Мен сени белиңен арканга байлап
түшүрүп жиберип, кайра тартып алам,-деди.
-Менин калпагымдагы суу экөөбүзгө жетеби?-деп сурады бала.
-Жетет, андан көп суунун кереги деле жок,-деп жигит бырс күлүп
койду. Бала оюна эч жамандык албай, ошол замат макул болуп кудукка
түшүп кетти. Анын калпакка толтуруп алып чыккаң суусун жигит ала
коюп, арканды кое берди, бала чулп этип кайра кудукка түштү.
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер
келишти. Кербенчилер да суусаган экен. Кудукка чаканы салып суу
алмакчы болгондо, кудуктун түбүндө жаткан баланы көрүп калышты.
“Бул кандай бала?”-деп кербенчилер аң-таң болуп турган кезде,
алардын башчысы:
-Бул баланы кудуктун ичинен алып чыккыла. Буга кимдир бирөө
кастык кылып, кудуктун ичине таштап кеткен окшойт,-деди.
Кербенчилер баланы кудуктан чыгарышып, тамак беришип, көңүлүн
ачып жүктүү төөнү мингизип өздөрү менен ала кетишти.
Жүрүп отурушуп, кербенчилер бир чоң шаарга жетишип, соодасын
кылып жүргөн кезде, бала шаардын ичин көрүп чыкмакчы болуп адашып
кетти. Кербенчилер ошол бойдон аны таппай, өз жерине кайтышып, бала
чоң шаарда тентип, жалгыз калды.
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы
теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген,
сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат.
Бала карай салса, ал жигит баягы өзү тирилтип алган досу экен. Бала
сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы
уруп, чү деген боюнча кетти.
Баягы жигит асыл ташты алгандан кийин ушул шаарга келип, ташты
ханга берип, вазир болуп алыптыр. Жанагы жерде атына камчы басып,
чапкан бойдон кеткен жигит кайра өзүнүн ханына келип:
-Биздин шаарга балакеттүү бала пайда болду. Аны сиз кандай да
болсо жоготушуңуз керек. Ал баладан эч кандай жакшылык чыкпайт,-
деди.
-Баланы зындандын түбүнө таштагыла,-деп хан буйрук берди.
Мына ошентип бала зындандын түбүнө жатып калды. Бала
зынданда жатып, баягы жыландын айткан кеби эсине түштү. Бала:
“Кел, жыланым” деди эле, бир заматта жылан соймоңдоп келип,
баладан эмне үчүн чакырганын сурады.
-Мен зындандын түбүнө түшүп калдым. Ушундан куткарбайсынбы?-
деп сурады бала.
-Бир кезде мени сен өлгөн жеримден тирилтип албадың беле. Эми
мен да сага жардам кылайын. Хандын кызы катуу ооруп жатканын
уккандырсын. Менин айткан дубамды эсиңе тутуп койгун. Ошол дуба
менен сен хандын кызын айыктырасың. Ал кызды сенден бөлөк эч ким
айыктыра албайт. Анын үстүнө мен азыр барып, ал кызды чагып алам.
Ошону менен ал кыз өлмөк болот. Так ошондо сенин пайдаң тиет. “Бул
кызды мен айыктырам!” деп ушул зындандын ичинде кыйкыра бергин.
Ошондо сени мындан чыгарып алып, хандын кызын көрсөтүшөт,-деп
дубасын үйрөтүп, жылан зындандан чыгып кетти.
Жылан хандын ордосуна сойлоп барып, төшөктө ооруп жаткан
кызды чагып, ого бетер катуу оорутту. Хандын кызы эми өлгүдөй онтой
баштады. Эл туш-туштан чуркап келип, хандын кызынын оорусу
катуулап калганын байкашып, аны сактап калыш үчүн дарыгерлерди
издөөгө киришти. Дарыгерлер баары келип, ар кимиси өз билген
аракетин кылышты, хандын кызы уламдан улам оор онтоп, өлүүгө
жакындап калды. Ошондо хандын айласы кетип, элин чогултуп:
-Менин кызымды ким айыктырчу болсо, ошол кишиге дал ушул
ооруп жаткан кызымды сөзсүз берем!-деди хан.
Бул кабар элдин баарына угулду, ошонун ичинде кабарды койчу да
укту, ал өзүнүн койлорун зындандын жанынан жайып өтүп баратып,
хандын кызын айыктыра ала турган киши табылар бекен деп ойлоду.
Ошентип кетип бара жатса, зындандагы бала:
-Хандын кызын мен айыктырам!-деп кыйкырып жатыптыр. Койчу
токтой калып, зынданга аркан салып, баланы сыртка чыгарып алды да:
-Сенин аны айыктыра аларың чынбы?-деп сурады. Бала айыктыра
ала тургандыгын айтты.
Ошондо баланы хандын ордосуна алып келип, ханга:
-Бул бала сиздин кызыңызды айыктырам деп жатат,-деди.
Хан:
-Сен менин кызымды айыктыра аласыңбы?-деп сурады баладан.
-Айыктыра алам,-деди бала.
-Эгер айыктырчу болсоң, мен сага так ушул кызымды берем,-деп
хан баланы ооруп жаткан кызынын үстүнө алып кирди.
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткөн дубасын
окуду эле, ошол замат кыз төшөктөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан
кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган
бөлмөгө жаткыртып койду.
Бул кабар хандын вазири болуп калган жигитке жетти. Ал ханга
келип, даттанган түрдө минтип айтты:
-Таксыр ханым, сиз өзүңүздүн кызыңызды тентип келген балага
бересизби? Бала дайыны жок кайырчынын бири эмеспи?
-Мен өзүмдүн кызымды ким айыктырса, ошого бермек эмес белем.
Бул убадам элдин баарына белгилүү. Ушул бала айыктырды, эми ушуга
беришим керек,-деп хан терең күрсүнүп койду.
-Мунун айласын дагы эле болсо табабыз,-деди жигит. Ошондой
айланы тапкандан кийин, сиз өз кызыңызды өзүңүз каалаган бөлөк
кишиге бересиз. Ал эми менин оюм мындай: бул шаардан сиздин
кызыңызга окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүмбөт жаап,
төртөөн төрт арабага отургузуп коюңуз. Арабаларда, кыздардын үстүнө
жабылган чүмбөттөр да, ал түгүл чегилген аттар да бирине бири окшош
болсун. Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен
сиздин кызыңызды таап алсын,эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз
кайра кайткан болот да,кызыңызды өзү каалаган кишиңизге бересиз.
Митайым вазирдин бул ою ханга өтө жагып, ошол замат макул
болуп, эмесе ушундай болсун деп айтты.
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзүнүн досторун
чакырды. Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты эле, аары
учуп келди. Бала ага өзүнүн ал-абалын айтты эле, ал:

Кыздарды арабага түшүрүп, көчөгө алып чыккандан кийин, мени
байкап тургун, мен хандын кызынын үстүнөн учам, ошондо ызылдап сага
үн берем. Сен түптүз басып келип, хандын кызынын арабасын токтот.
Ошону менен хандын кызы сеники болот,-деди. Мына ошентип, көчөгө
төрт араба чыкты. Баланы жаңылтыш үчүн бир арабаны дагы кошушту.
Кыздарды арабага түшүрүп, үстүнө чүмбөт жаап, орто ченде хандын
кызын жөнөтүштү. Аары ызылдап так ортоңку арабанын үстүндө учуп
бара жатты. Бала токтолбостон жүгүрүп барып, ортоңку арабаны кармап,
арабанын үстүнө секирип түшүп, кыздар менен бирге жол жүрүп, анан
хандын ордосуна барып токтоду.
-Тагдыр ушул экен,-деди хан. Менин кызымды ушул балага
буйруптур, бөлөк эч айла жок.
Ошону менен хан балага атайы жаңы үй тиктирип, аны ошондо
кийрип койду.
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир
келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын
сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Хан вазирди өзүнө чакырып:
-Сен менин күйөө балама эмне деп жалындың?-деп сурады.
-Сиздин күйөө балаңыз мен сизге берген асыл ташты “мени-ки” деп
чатак чыгарып жатат, ошол себептүү аны менен айтыша кеттим,-деп
вазир жооп берди.
-Эмесе аны менен өзүм сүйлөшүп көрөйүнчү,-деп хан баланы
чакыртты.
Бала хандын аддына келип баканы аман алып калганың, ал бака
көк жашыл кичинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен
капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирилтип алганын, анан
ошол тирилген жигит бул баланы кудуктун түбүнө таштап кеткенин,
андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт бойдон баяндап
өттү. Бул сөздөрдү айтып бергенден кийин вазир чыдап тура албай:
-Мунун баары калп! Бул бала жеткен митайым!-деп кыйкырды.
Ошондо хан асыл ташты койнунан сууруп чыгып, вазирге:
-Сөмөйүңдү ушул ташка тийгиз,-деп буйрук кылды. Вазир сөөмөйүн
ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп күйүп калды.
-Эми сен тийгиз бала,-деди хан балага карап. Эгер сенин колуң
көмүр болуп күйүп кетпесе, анда бул таш сеники. Ошондо мына бул
вазирдин колу кайра өз калыбына келет.
Бала колун ташка тийгизер замат, вазирдин капкара көмүр болуп
калган сөөмөйү кайра өз калыбына келди. Ал эми баланын колу болсо,
өзүнүн мурдагы калыбында турду. Ошондо хан вазирдин калп айтканын
түшүнүп, аны зындандын түбүнө салдырып койду. Балага өзүнүн кызын
берди.

КАН МЕНЕН ВАЗИР

4700e40270ff36a874b11ca598749886 1
4700e40270ff36a874b11ca598749886

Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот.
Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:

Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин
билип келбесең, башыңды алам,-дейт.

Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса,
мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне
чаап бара жатасың?-деп сурайт.
Вазир:
-Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип
келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара
жатамын,-дейт.
Кандын кызы айтат:
-Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан
билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз
“Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын
жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир
жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди.
-Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана
тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,-
дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле
албай:
-Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат.
Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы,
эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге:
-Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин
канга келип:
-Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына
каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип,
жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет:
-Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып,
“келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат.
Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет.
Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз
“Барсамбы, барбасамбы”-деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын
алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи
болот.
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин
билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине
алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан
кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат
кыл,-деп айтат.
Кыз:
-Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир
суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт.
Кан:
-Макул болот,-дегенде кыз айтат:
-Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде
чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиздеди.
-Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан.
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып
барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол
жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
-Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга
жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө
келет. Кыз:
-Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт.
-Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз
ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе
жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай
жатканын көрүп, кыз барып:
-Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ
дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип:
-Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет.
“Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп
келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууптазалап бага берет.
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе
жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң
калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат.
Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп:
“Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо
адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып:
-Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул
үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт.
Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт.
-Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл
айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт.
Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат:
-Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен
керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз.
Үчөө кобурашып:
-Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип
таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет.
Кыз үчөөнү карап туруп:
-Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат:
-Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,-
деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе
жатканда үчөө тең кетишет.
Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү
жигитке:
-Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул
болот.
Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына
келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө:
-Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын
бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде
чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып
келгенде кыз күйөөсүнө айтат:
-Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын
кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп
кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын.
Кан:
“Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин
кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң
аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде,
ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде:
“Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч
айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп
отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына
коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат”
деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө
алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын
жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого
отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени
алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин,
ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак
ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги
жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт.
Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп,
аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип,
колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын
айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти
өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой
баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн
ичинде чырак жактырууга уруксат кылат.
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң
калып, кээси бата берет.

Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан
бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп
билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер
таң калып жүрүшөт.
Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат.
Кыз бир күнү күйөөсүнө:
-“Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып
кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн
канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө
тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп
ойлоп, кан:
-Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат.
-Азыр келет,-деп жигит отура берет.
-Качан келет?-деп улам-улам шаштырат.
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан
кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан
кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз
элине тараган экен.

ЭКИ БИР ТУУГАН

Bezymyannyj
image 1

Илгери өткөн заманда бир хандын катыны өлүп, андан эки бала
калыптыр. Хан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас
болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы
кеткенде, хандын аялы:
-Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,-деп ханга даттана баштайт.
Хан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай
сабатып, эки жигитине:
-Ыраак барып башын алып салгыла!-деген буйрук берет. Эки жигит
баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет.
“Атаңа көрүнбө, эгер көрүнсөң, бизди өлтүрүп коёт. Биз өлтүрдүк деп
кийимиңди алып баралы”,-деп эки жигит жөнөп кетишет.
Байкуш бала айласыздан ыйлап кала берет. Бир убакта агасы оюна
түшөт да, анын кеткен жагын, көздөй жөнөйт. Бала ыйлап бара жатса,
агасы астынан чыгып, болгон иштин баарын ага айтып берет. Агасы
аябай жаны кейип инисин кучактап алып ыйлап, “экөөбүз мындан көрө
тентип өлөлүк” дейт дагы атын кырк жигитке берип, экөө ыраакы жолго
түшүшөт.
Жүрүп олтурса, жакын жерден эч бир айыл көрүнбөйт. Тоого жетип,
бир чоң таштын түбүнөн суу таап ичип, эс алып уктап калышат.
Уктап калып турса, иниси такыр ойгонбойт. Көрсө өлүп калыптыр.
Агасы баягы жерде ыйлап, эмне кылар айласын таппай, башына бир
чүкөдөй алтын коюп: баланы ким көмсө, ошол алсын, – деп жазып жүрүп
кете берет.
Жүрүп отуруп жолдон бир абышка-кемпирге кезигет. Ал абышка
кемпирдин тамагына тоюп, бир аз эс алат да, баягы абышкага:
-Менин жолдогу инимди чамаңар келсе, көөмп кетсеңер экен,-деп
жалынат.
-Макул деп абышка ал балага жол көрсөтүп берет.
Бала жүрүп олтуруп бир шаарга барса, элдин баары кейип ыйлап
олтурушат.
-Эмне кейип жатасыңар?-деп сураса:
-Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп
жатат,-дейт.
-Мен ажыдаардан силерди сактап калсам, ханыңар мага
хандыгынан түшүп береби?-дейт.
Баланы ханга алып барса, хан макул дейт. Ал балага ажыдаардын
тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот.
Ошентип ажыдаарды көндүрөт. Бала хандын тагына отуруп калат.
Эми абышка-кемпир жөнүндө сөз кетсин.
Алар өлгөн баланын жанына келгенде, бир жылан чыгып, абышка
менен арбаша кетет. Абышка жыланды өлтүргөндө тиги балага жан
кирет да:
-Катуу уктап калган экемин,-деп тура келет.
-Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы,-деп абышка
түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат.
Бала жүрүп олтуруп, агасы келген шаарга туш болот. Шаардын
четиндеги бир алачыкка келип, шыкаалап караса, бир абышка-кемпир,
бир кызды алмак-салмак өөп, ыйлап олтурушат. Бала салам айтып
кирип барат. Барып сураса, “ушул шаарда бир ажыдаар бар, ошого түтүн
сайын бир кыз, бир койдон берүүчү элек, эми кезек бизге келди”,-деп
ыйлашат.
-Эмесе мага тамак бергиле, мен барайын, бир кылыч таап келгиле,-
дейт.
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип,
ажыдаарга алып барганда ал сорот. Бала кылычты туурасынан кармай
берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Эртең менен хандын эки жигити тамагын алып келсе, ажыдаар
өлүп, жанында бир бала жатат. Ал тамак алып келген эки жигит баланы
чала-була өлтүрүп, көлдүн жээгине алып барып көөмп салып,
“ажыдаарды биз өлтүрдүк” деп ханга чаап барышса, хан көп алтын
берет.
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып
барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып
жатат. Кемпир абышкасын чакырып, экөө сууруп алса – баягы бала.
Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы
көпкө, багып жүрүшөт.
Бир күнү базарга барса, баягы эки жасоол аны көрөт да, ханга:
-Бизди бир бала тилдеди,-дейт.
-Анда бул баланы дарга астырып ташта,-дейт. Баланы асмак
болгондо, көп кербенчилер,кезигип:
-Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок
бизди астырып өлтүрөт,-деп баланы акчага сатып алып барып сууга
соердо, бала:
-Мен силерди өзүм алып чыгайын,-дейт.
Кербен башы макул болот. Бала чыпалагын канатып, аларды
суудан өткөзөт.
Кенбенчилер балага төрт төөнүн жүгүн беришет. Ал андан ары
карай жүрүп олтуруп, бир шаардын базарына барса,бир бала:
-Төрт төөнүн жүгү,-деп бир үкөктү арабага салып жүрөт. Бала баягы
үкөктү сатып алып ачса, бир сулуу кыз олтурат.
Ал сулуу кыз баягы баланын башынан өткөргөндөрүнүн баарын
сурап, жазып алат.
Кербенчилер менен четке чыкканда, алар:
-Сен эмне алдың?-деп сурашат.
Бала кызды көрсөтөт. Кызды көргөндө, алардын арасында талаш
болуп, баланы үкөккө салып, сууга агызып жиберишет. Бала агып бара
жаткан жеринен бир абышка кармап, үкөктү ачса – бала, аны бала кылып
алат.
Кербенчилер кызды талашып олтуруп, ханга барышат. Ханга
барышса, кыз баягы жазып алган кагазын ханга берет. Хан байкап, эки
жасоолчу жана кербенчилерди жонунан кайыш тилдирип, дарга астырып
өлтүрүп, баланы издетип, кызга таптырып берет.

КАМЫР БАЛБАН

kamyr balban
kamyr balban

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир-чал болгон экен. Бир күнү
кемпир камыр жуурганда: “Алда кудай ай, ушул менин камырым бала
болуп калсачы” деп арманын айтып, тышка, чыгат.
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда
баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта
болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан
балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң
кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан
саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби,
таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл “жоо келе жатабы” деп качат
экен.
Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат.
Андан Камыр балбан:
-Эмне өнөрүң бар?-деп сурайт.
-Балбандыгым бар,-деп жооп берет.
-Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу,-деп ээрчитип алып жүрүп
олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:
-Эмне өнөрүң бар?-деп сурашат.
-Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым
менен токтотомун,-дейт.
Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат.
Андан:
-Эмне өнөрүң бар?-деп сураса:
-Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам,
өлбөй калбайт,-дейт.
Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы
болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы
болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай
тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп,
өзүн аябай сабап кетет.
Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук
мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.
Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук
келип:
-Эт берчи!-деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:
-Эт жебей, чок же!-дейт.
Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы
менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал
кара үңкүргө кирип кетет.
Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып
үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз
ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы
менен бир-эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай
отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан
сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.
Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып
үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга
берет. Айалпаң кур калат. “Үч кызды үчөөбүзгө бербейт”,-деп үчөөнүн
ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан
билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып
кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.
Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан
түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп
карыган ата-энесин багып калыптыр.

БУЛАРДЫН КАЙСЫНЫСЫ ЧОҢ

94e977162ce1e9205a06a661cdab11a6

94e977162ce1e9205a06a661cdab11a6

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү
дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып,
улуу баласына: Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,-деп кичүү
баласына:
-А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,-дейт да, өзү
жүрүп кетет.
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду.
Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.
-Буга эмне болду?. Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?-
деп сурады агасы инисинен.
-Жок, муну атам гана билет.
Эки бир тууган жолдун боюнда өткөн-кеткенден өгүз канткенде чөп
жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка өтүп:
-Өгүзүңөр чөп жебесе, суусап калганы ошол, эртең Ала-Көлгө
жетелеп барып сугаргыла,-деди.
Атасынын тапшырган ишин аткарбаганын кичүүсү ошондо гана
эстеди. Көрсө, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир.
Эртеси өгүздү Ала-Көлгө алып барып сугарды эле, ал көлдү бүт
ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак
болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү.
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал
таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда,
кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты
зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан
суу дарыядай ташкындап акты.
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине
куюлганда, чал чочуп ойгонуп: “Күн азыр ачык эмес беле” деп күндү
караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Абышка
үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап көзүнүн
кычыгынан бир нерсени алып ыргытты. Көрсө, көлдү жуткан өгүздүн
далыcы экен.
Арадан бир нече күн өткөндө кербенчилер:

Ушул жер түз жер экен,-дешип кыз ыргыткан далынын үстүнө
жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып
баратканын сезишти. Карашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен
тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү
атып жибергенде, түлкү жыгылып калды.
Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул
ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү.
Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту.
Аңгыча жолоочу катын жетип келди да:
-Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен
сыйрып алайын. Жаңы төрөлгөн балам бар, ошого тумак чыгар,-деди.
Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жеткен
кербенчилер:
-Ала коюңуз,-дешти.
Катын ат үстүнөн туруп эңип алды да, бастырып кетти. Кана,
ойлонуп көргүлөчү: өгүз, көл, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы
төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?

ТААН ПАДЫША

1 62
1

Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар
болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Бир күнү кылтагына
таан түшүп калат. Бала барып таанды чыгарып алайын десе, таан
кадимки кишиче балага карап:
-Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең берейин мени
бошот. Атам падыша. Төрт түлүктүү малы бар. Азыр коеберсең, жети
белес ашам, ошого чейин карап тургун да, мен ашкан белес менен бара
бергиң. Төрт белес ашкандан кийин биздин жылкыга жетесиң. Ал жерге
түнөп алып, андан ары сурай-сурай бара бергин. Атамдын жайыл
супарасы бар. Анын мааниси, касиети “жайыл, супарам, жайыл” десең
түрдүү оокат даяр болот. Ошону атамдан сурап алсаң, энең экөөң ошону
менен оокат кыласың,-дейт.
Ошентип бала таанды кое берип, кылтагын көтөрүп алып, энесине
айтпастан, Таан падышаны көздөй жөнөйт.Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп
төрт белеске келет. Төрт белестен ашкандан кийин жылкычыларга
жетет. Ал жерге түнөп, эртеси уюн коюн, эчкисин, төөсүн көрүп, көңүлү
тоюп, күн бата Таан падышанын үйүнө кирип барат. Бала салам айтып,
Таан падышанын очогунун боюна отурат. Ошондо Таан падыша
баладан:
-Кайдан “келдиң, атың ким, атаң ким?-деп сурайт.
Анын сөзүнө жооп бергиче, кылтакка түшкөн Таан баланы тааный
коюп:
-Мени өлүмдөн куткарган ушул бала болучу. Эмнени сураса, ошону
бергин,-дейт атасына.
Бала “жайыл супараны” сурайт. Таан падыша бергиси келбей:
-Төрт түлүктүү малдан ар биринен тогуздан берейин,-дейт. Бала
болбостон тура берет. Таан падыша:
-Бербеймин,-деп башын чайкаганда, Бала Таан:
-Менин досума сураганын бербейсиң!-деп күйүп турган отко түшө
калат. Ошондо Таан падыша ары карап ыйлап, бери карап күлүп
аргасыздан “жайыл супараны” балага берет.
Бала коштошуп, жайыл супараны көтөрүп алып, энесине келип,
“Жайыл супара, жайыл!” десе, бардык оокат супарада даяр болот.
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап
калган экен.

НААБАТ

scale 1200
scale 1200

Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу
менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир
нече жыл жашаптыр. Бирок, оп тартканда үйдөй таштарды жутуп алуучу
ажыдаар сууну бөгөп жатып алат. Ал эми ажыдаардын өзүнүн шарты
боюнча күнүгө бир кыз бербесе суу берүүчү эмес экен.
Күндөрдүн биринде кезек Азил кандын улуу кызына келет. Кан элин
чогултуп:
-Калайык-калк, ушул ажыдаардан куткаруучу күч элдин арасынан
чыкпайт бекен? Эгерде кимде ким ажыдаардан өз элин куткарып алса
каалаганын орундатам. Мейли кандыгымды алсын же үч кызымдын
жактырганын алсын, мен сөзсүз убадамды орундатам. Кана, ким барып
берет, элимдин керегине-дейт.
-Мен!-деп кылычын көтөрүп Наабат деген жигит кандын астына
келет.
Наабатка көпчүлүк эл батасын берип, ажыдаарга жиберишет.
Наабат үйүнө келип энесинен кыздын кийимин таптырып, кызча кийинип
ажыдаарга барат. Ажыдаар оп тартканда Наабат кылычын көкүрөгүнө
такап кармай салып, ажыдаарды экиге бөлүп салат. Жалаң ажыдаардын
каны суу менен эки күн, эки түн агып, араң дегенде суу тазаланат.
Наабат канга келип, таазим кылат.
Ошондо кан:
-Кана уулум, эмнени каалайсың?
-Таксыр каным, сиздин үч кызыңыз бар экен. Биз үч бир тууганбыз.
Айып этпесеңиз үч кызыңызды бизге бериңиз.
-Болуптур, уулум, жакшы болот.
Ошентип кандын ордосунда кырк күнү-түнү менен той болуп,
кыздары турмушка чыгат.
Бул жыргалдуу турмуш, көпкө узабайт. Анткени Ак дөө, Кара дөө
деген чыгып, элдин байлыгын, мал-салын талап ала баштайт.
Кан элге дагы кайрылат:
-Буга менин кичүү күйөөм жана ага кошулуп эки күйөө балам барып
дөөлөрдү өлтүрүп мал-салды кайрып келишсин,-деп кан буйрук кылат.
Ошентип үч бир тууган сапарга аттанат. Эки улуусу кетет. Ал эми
Наабат эки күндөн кийин барса, эки агасы жолдук азыгы түгөнүп, малдын
кыгын талашып жатышкан экен. Наабат өзүнүн тамагынан берип, эки
агасын калтырып, өзү жалгыз жортуулга жөнөйт.
-Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп тогуз канат өргөгө келет. Ага кирип
барса, бир кемпир отурган экен. Ал:
-Кел балам, жол болсун! Бизге адам эмес, чымын учуп келчү эмес
эле, өлгөнү келген турбайсыңбы. Азыр менин уулум келип сенин
сазайыңды берет,-дейт.
Көрсө, бул баягы Ак дөөнүн энеси экен. Наабат:
-Балаң кайда жүрөт?-деп сураса, кемпир:
-Айтпаймын эле, айтпаймын,-деп Наабатты жулмалап баштайт.
Наабат кемпирди чачынан кармап туруп чапканда бакырып ыйлап:

Өлтүрбө эле, өлтүрбө, жанымды кой,-деп жалынат. Ошондо
Наабат:
-Андай болсо Ак дөөнүн кайда экенин айтып бер,-дейт.
-Ал ууга кетти эле, келээр маалы болуп калды. Жолу болсо
тайгандары кубалашып келет, жолу болбой калса, тайгандары бөлөкбөлөк келишет,-дейт кемпир.
Аңгыча болбой тайгандар желип-жортуп өз-өзүнчө келишет.
Дөөнүн келерин билип, Наабат жолунан тосуп чыгат.
-Кана дөөм, биздин элдин мал-салын алган сенсиңби?

Ооба.
-Андай болсо мен сени менен кармашканы келдим.
-Кармашса кармашалы. Ошентип Наабат менен дөө үч күн, үч түн
кармашат. Дөө Наабатты көтөрүп урганда, кызыл ашыгына чейин жерге
кирип кетет. Наабат кайра оңдонуп дагы үч күн, үч түн кармашып, дөөнү
мүдүрүлтүп жерге жыгып, кылыч менен жарып салат.
Андан ары жүрүп отуруп, жүрүп отуруп дагы бир тогуз канат ак
өргөөгө кез болот. Ага кирип барса, бир сулуу келин ыйлап олтурат.
Келиндин жөн-жайын сураса, ал:

Кара дөө мени туткундаганына бир нече жыл болду. Элиме жете
албай зарлап жүрөм. Кара дөө эртең менен кетип, кечинде келет. Ал
келгенче мен тамагын жасап, оокатын кылып отурам. Бул жерге келген
адам кайра айланып элине жетпейт. Кара дөө нечен, нечен мыкты
жигиттерди өлтүрүп, сөөгүн сөпөт, устаканын упат кылды. Кайдан келе
жатасың? Кокуй, Кара дөө келээр маалы болуп калды, бул жерден
батыраак кет, сени өлтүрүп койбосун,-дейт.
Наабат:

Коркпо, мен азыр эле Ак дөөнү жайлап келдим, мунун дагы
айласын табам,-деп Кара дөөнүн келер жолун тосуп жашынып жатат.
Бир убакта Кара дөө күшүлдөп-бышылдап келет. Наабат муну да
чекеге атып өлтүрүп, талап алган малын, баягы келинди, эки агасын
ээрчитип элине келет. Ошентип кайрадан эл жыргалдуу турмушта
жашап калган экен.

АСАН

259 0059
259 0059

Илгери, илгери бир кандын улуу катынынан эки бала, кичүү
катынынан Асан деген баласы болуптур. Бир күнү кан түш көрүп,
түшүндө булбулдун сайраган үнүн угуп, ошол булбулга ашык болуп
калат. Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Атасы
эмнеден ооруп жатканын балдары билишпейт.
Бир күнү кан үч баласын чакыртып:
-Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукаммукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп,
ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң
алып келип бересиңер?-дейт.
Улуу катындын эки уулу:
-Биз алып келип беребиз,-дешет. Ошол кезде Асан жаш болот.
-Булбулду алып келүү Асандын колунан келет эле, бирок ал
“жаштык кылат, силердин колуңардан келбейт”,-дейт кан.
-Бизди Асандан кемсинтет,-деп эки уулу атасына таарынышат. Кан:
-Кой, таарынбагыла, үчөөң тең баргыла,-деп үчөөнү тең жиберет.
Баягы кандын эки уулу Асанды ээрчитип алып, жүрүп олтуруп, бир
тактай кудукка барышат. Ал кудуктун жанында эки жол жатат. Бир жолго
“барса келет”, бир жолго “барса келбес жол” деп, жазылып коюлган.
“Барса келет жолго” эки агасы түшөт, “барса келбес жолго” Асан түшөт.
Бул үчөө жолго чыга электен мурун Асан:-үчөөбүз кудуктун тактасын үч
аталы, кимибиз келсек, тактадан өзүбүздүн огубузду сууруп алалы,
келгенибизди ошондон билели,-дейт.
Тактаны үчөө үч атат да, жолдоруна түшүп жүрүп кетишет.
Асан жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир күмбөзгө жолугат. Кирип
барса түрдүү тамактар бышып турат, эки жагын караса, эч ким жок,
курсагы ачкан Асан тамакты иче баштайт. Күмбөздүн төбөсүндө аңдып
жаткан мастен кемпир:
-Бейжооп тамакты ичип жаткан ким?-деп кыйкырып түшүп келет да,
Асанды кийик кылып коет. Ал кийик мени бирөөлөр атып жеп коёт деп
мастен кемпирге жалына берет. Мастен кемпир кийиктен жадап, анын
тилин дубалап байлап коет. Кийик мастен кемпирден түңүлүп андан ары
кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп дагы бир күмбөзгө жолугат, кирип
барса, баягындай түрдүү тамактар бышып турат, бирок Асан коркуп
такыр жебейт. Бир маалда күмбөздүн төбөсүнөн бир кыз:
-Бул жерде бейжооп жүргөн ким?-деп түшүп келет. Кийик бүрүшүп,
корголоп калат. Кыз кийиктин адамзат экенин билет да, “Мастен кемпир
кылгылыкты кылган экен” деп кийикти дубалайт. Кийик адамзат болуп
чыга келет. Кыз:
-Сен кайдан жүргөн баласың?-деп сурайт.
Асан тили жок, дудукча колу менен жаңсайт. Кыз “Асандын тилин
да байлап койгон экен” деп, тилге келтирет. Асанга тил кирет, ал кызга
жол жүрүп баратып мастен кемпирдин үйүнө туш келгенин, ач
болгондуктан тамактарын жеп койгонун, мастен кемпир тамагын
кызганып, кийик кылганын жана башкаларды айтып түшүндүрөт. Кыз
Асандын эрдигине ыраазы болуп, түрдүү-түрдүү тамак-аштарды коюп
сыйлайт. Ошентип экөө турмуш куруп, жыргап жатып калышат.
Күндөрдүн биринде Асан:
-Атам кан эле, бир мукам сайраган булбулдун үнүнө ашык болуп
калып, ошол булбулду таап келгин деп жиберди эле, мен ошол булбулду
издеп жүрөмүн,-деп кызга чын сырын айтат.
Кыз:
-Ал булбул жин перинин падышасынын кызынын колунда турат.
Тоонун башында бир кара куш бар, ал жыл сайын тууйт, бирок жыл
сайын балдарын ажыдаар жеп коёт, ошонун балдарын ажыдаардан
аман куткарсаң, сени булбулга ошол кара куш жеткирет. Анын
балапандары темир канат болуп учар убагында уянын түбүнө чуңкур
казып, ошол чуңкурда жааңды алып, андып жаткын, ажыдаар келгенде
атып өлтүргүн,-дейт.
Асан тоонун башына барып, баягы келинчеги айткандай жаасын
алып, кара куштун балапандары жаткан уяны аңдып жатат.
Бир убакта ажыдаар келип, уяга чыга баштайт, балапандары
чырылдап, чыркырашат. Асан ажыдаарды тең бөлө атат. Аңгыча болбой
үйдөй ташты үтүрөндөтүп, койдой ташты котураңдатып, бороон-чапкын
менен кара куш келет. Келсе, балдары аман-эсен. Сүйүнүчү койнуна
батпай, балапандарынан:
-Ажыдаардан кантип кутулдуңар?-деп сурайт. Балдары:
-Ажыдаар бизди жутам деп уяга чыгып келатканда мына бул киши
атып өлтүрдү,-деп жооп беришет.
Ошондо кара куш:
-Сен мага аябай чоң жардам кылган экенсиң. Эми сенин эмне
мүдөөң бар?-дейт. Асан:
-Жин перинин падышасынын кызынын колундагы булбулду алып
бер,-дейт.
Кара куш булбул кушка кантип баруунун жолун бардык куштардан
сурайт. Ошондо жин перинин падышасына үч жыл туткун болгон көөдөнү
адам, көчүгү куш киши кара кушка:
-Жин перилер удаасы менен үч күн уктайт, ошол уктап жаткан кезде
барсаңар кудайдын жалгаганы, уктабаган убакта барсаңар кудайдын
каргаганы,-дейт.
Кара куш Асанды алып жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп
алардын уктаганына бир күн калганда барышат. Ал күнү токойдун
ичинде жашынып жатып, эртеси Асан алтын туурда олтурган булбулду
алып, келинчегине келип, үчөө жөнөп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы такталуу кудукка келишет.
Асан үч окту караса, үчөө тен, тактада кадалган бойдон турат. Асан эки
агасынын кетпегенин билет да, келинчеги менен булбулду ошол жерге
коюп, өзү эки агасын издеп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир айылга келет. Келсе, бир агасы
Чокой деген байга, бир агасы Кепич деген байга малай болуп жүргөн
жеринен табат. Асан агаларын алып кетемин десе, байлар:
-Бул экөөнүн ичкен-жегениң төлөмөйүнчө, кое бербейбиз,-деп чатак
кылышат.
Асан эки агасынын ичкен-жегенин бүт төлөп, куткарып кудукка
барат. Ошол жерден эки агасы Асандын келинчегин, булбулду көрүп
көңүлдөрү бузулат. “Уялбай кантип барабыз” деп, Асандын эки көзүн
чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет. Булбул Асандын
эки көзүн кебезге ороп, эки канатынын алдына катып коёт. Асандын
келинчеги карматпай качып кетет.
Баягы Асандын эки агасы:
-Булбулду биз алып келдик,-деп атасына алып барышат. Кан эки
уулунан:
-Булбулду кантип таап келдиңер?-дегенде, бирөө:
-Күлүк ат минип караңгыда уурдап келдик,-дейт. Экинчиси:
-Караңгыда жөө эле уурдап келдик,-дейт. Балдарынын сөзүнүн эки
ачалык билингенден кийин:
-Сени ким алып келди?-деп булбулдан сурайт. Ошондо булбул:
-Бул экөөнүн иниси Асан деген алып келген, бирок бул экөө намыс
кылып, Асандын эки көзүн чукуп, такталуу кудукка салып жиберишти, эки
көзү менин эки канатымдын алдында турат, Асан өлгөн жок, тирүү эле
кудуктун түбүндө жатат,-дейт.
Кан кудуктан Асанды алып келдирип, эки көзүн жылуусунда
салдырып, мүрөктүн суусун куйдуруп айыктырат. Ал эми берки эки
баласын даргага тарттырып өлтүрөт.
Кан каалаган булбулуна жетип, Асан келинчегин алып келип, элине
кан болуп, жыргап-куунап жатып калат.

КААРДУУ ХАН

main P80620 144720
main P80620 144720

Илгери бир хан элине абдан ырайымсыздык менен карап,
алтымыш жашка чыкканча перзент көрбөйт. Мунун карамагында эки
вазир болот. Бир күнү хан ойлонуп отуруп, биринчи вазирин чакырат:
-Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Менден эч кандай
перзент жок. Эгерде ажалым жетип өлүп кетсем, артымдагы малмүлкүмдү ким ээлейт?-деп биринчи вазирден сурайт.
Анда биринчи вазири:
Эгерде ажалыңыз жетип, көзүңүз өтүп кетсе, балам жок эч кандай
капа болбоңуз, биз деле ээлейбиз,-дейт.
Хан вазиринин башын алдырып таштайт. Экинчи күнү экинчи
вазирин чакыртып, хан жогорку сөзүн кайталайт. Анда ал вазири:
-Ханым, эч кандай капа болбоңуз, бир айласын табабыз, -дейт.
-Айласын тап,-дейт хан.
-Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык
таап бериңиз.
Хан вазирдин айтканынын бардыгын берет. Вазир буларды алып,
ханга бала тилеш үчүн жолго чыгат. Айлап-жылдап жол жүрүп отуруп,
бир күнү эки жолдун айрылышына барганда бир аксакал кишиге жолугат.
Вазир салам айтат. Аксакал киши алик алып:
-Кайда барат элең, балам?-деп калды.
-Биздин ханыбыз алтымышка чыкканча перзент көрбөгөндүктөн,
мен ханга бала тилеп чыктым эле,-дейт.
Анда аксакал киши:
-Сен ханга бала тилеп чыга турган болсоң, мен бир сөз айтамын:
Сенин ханың абдан ырайымсыз, элге каардуу, жетим-жесирге кайыр
санабайт. Элдин муң-зарын түшүнбөйт. Ошондуктан перзент көргөн жок,
силер чын ыкласыңар менен бала тилей турган болсоңор, дайындуу бир
адам каттай турган тогуз жолдун тоомуна бир дүкөн, бир сарай, бир
чайкана куруп, ошол жолдон өткөн-кеткендердин бардыгына, ач калган,
кеч калгандарга оокатты, кийимди акысыз берип, адамдарды жети жылга
чейин түнөтүп, өткөрүп турасыңар. Жети жыл өткөндөн кийин да
жолугушарбыз, башка айтарым жок, -деп аксакал киши көздөн кайым
болду.
Ушуну менен вазир жолго түшөт. Кайра дагы ошончолук жол жүрүп,
жерине келет. Келгенде хан вазирди чакыртып:
-Кандай, айласын таптыңбы?-дегенде, вазир ошол сөздүн
бардыгын ханга айтат. Хан макул болуп, тогуз жолдун тоомуна баягы
аксакал кишинин айтканынын бардыгын куруп, иреттейт. Жети жыл бою
жолоочулардын бардыгын багып, кийим, оокат менен камсыз кылат,
Жети жыл бүтүп, сеегиз жылга айланганда хан кургандарын
көчүрүп, өзү алдында келе берет. Хан жалгыз келе жатса, жолдо бир
аксакал киши жолугат. Ал ак сакал кишиге салам айтат. Ал алик алып
туруп:
-Баякыларды аткардыңбы?-деп туюк гана сурайт. Хан ал сөзгө
түшүнө коюп:
-Толук аткардым, таксыр,-дейт.
-Анда сен бул сөздү толук аткара турган болсоң, жакшы болуптур,
алтымышка чыкканча перзент көргөн эмес элең. Сен мына бул алманы
ал – деп, бир алма берет. – Бул алманы алып барып, кечке маал тышкы
кабыгын аарчып кара бээге бер, алманы тең жарып, байбичең экөөн
бөлүп же. Байбичеңдин боюна эгиз эркек бала бүтөт. Таптакыр туубаган
кара бээң бооз болот. Ал эми эгиз эки бала төрөлгөндө бирөө сага,
бирөө мага. Өзүндө калган баланын атын, Шааысмайыл коёсуң. Бээң
тууганда кулундун атын Камыртай коёсуң,-дейт.
Ошону менен экөө ажырашып кете берет. Үйүнө келип, ордосунда
иштерди жайлаштырып жүрүп, койнундагы алма эсинен чыгып калат.
Чай ичкенде эсине келбейт. Чечинип жатар мезгилде койнуңдагы алма
түшүп кеткенде гана эсине келет. Хан алманы аарчып, байбичеси экөө
бөлүп жеп, ак сакалдын айтканын аткарат, ушундан баштап байбиченин
да, бээсинин да боюна бүтөт. Тогуз ай, тогуз күн болгондо хандын
байбичеси эгиз эркек бала төрөйт. Бээси да эгиз эркек кулун тууйт.
Эгиз эркек баланы эч кимге көрсөтпөй, бир кемпирге каратып, кара
бээни жер үстүнө чыгарбастан, жер астына орун жасап, ошол жерге
бактырат. Төрт күн болот дегенде, кечки тамакты ичип жаткан убакта
эшиктен салам айтып, бир ак сакал киши кирет. Хан алик алып, төр
жактан орун берет.
-Кандай, аялың төрөдүбү, бээң туудубу?-деп сөзгө келет. Анда хан.
-Аялым эгиз эркек, бээм эркек кулун тууду-дейт.
-Балдар кайда?-дейт ак сакал.
-Балдарды бир кемпирге бактырып жатам,-дейт хан. Ак сакал киши
эки баланы алдырып келип, бир баланы ханга берип, бирөөнү өзү
астына алып олтурат.
-Сенин алдында отурган баланын аты, Шааысмайыл, кулундун аты
Камыртай болсун, кулун Шааысмайылдын келечекте мине турган аты –
деп, бир баланы алып, көздөн кайым болот.
Ошондон баштап хан баланы бага баштайт. Молдого берип кат
таанытат. Бала сегиз жашка чыгат. Ал дайым сууга барып, кайырмак
салып жүрөт.
Ошол мезгилде суунун боюна бир боз үй пайда болот. Андан бир
кыз дайыма суу алып кетет. Бала кызды көрүп, сүйүп калат. Бала бир
күнү энесине:
-Мага аял алып бергиле,-дейт. Энеси ханга айтат. Хан:
-Шааысмайыл али жаш, аял алгыдай боло элек, кое турсун,-дейт.
Ага, Шааысмайыл болбойт. Хандын айласы кеткенде вазирлерин
чакыртып, Шааысмайылга кыз тандатып жөнөтмөк болот. Муну
Шааысмайыл угуп:
-Атам убаракерчилик тартып, башка жакка киши жөнөтпөсүн. Ушул
жерде бир кыз бар, ошону алып берсин,-дейт.
-Мен өзүм хан болуп, эл бийлеп туруп, ушул кызды балама кантип
алып беремин,-деп хан болбойт.
Мында бала сүйлөбөстөн, тамак ичпестен, эки күн жатып калат.
Хандын айласы кетип, суунун боюндагы боз үйгө жуучу жиберет. Жуучу
суунун жээгинен бул үйдү таппай кайта келет. Бала энесине:
-Камыртайды бир көрөйүн,-дейт. Энесинин болбогонуна койбостон,
атты жетелеп чыгып, минип алып, ары-бери бастырып:
-Апа, атты менин атым дедиңер эле, “камдалган жоо-жарак, кийимкечек бар дедиңер эле, мага көрсөтүңүзчү, кийип көрөйүн, жарашар
бекен, жарашпас бекен?-дейт.
Энеси жоо-жарагын, кийим-кечесин, ээр токумун алып берет. Бала
жарагын асынып, кийимин кийинип, атка минип ары-бери бастырып
көрсө, ат жер баспайт, учкан сыяктуу болуп көрүнөт. Ары-бери бастырып
келип, энесине:
-Мен кеттим, эне,-дейт.
Энеси чачын жулуп ыйлайт. Ага да болбойт. Анда энеси;
-Түгөнбөстүн күл азыгын көп кылып камдап берейин, анан кеткин,-
дейт.
Бала ага да болбойт. Күн жүрүп, түн жүрүп, ай жүрүп, жыл жүрүп
бир жерге барса, бир боз үйдүн орду турат. Бул журтта бир кеседей таш
жатат. Ташты аңтара салса, таштын астында Гүлдүзардын жазган каты
бар экен. Ал катта мындай деп жазылган: “Шааысмайыл, сен анык эр
жүрөк, туруктуу жигит болсоң, мени издеп келерсиң. Биз Мисир шаарына
көчүп кеттик. Жок, коркок жигит болсоң, ушул жерден кайра тартарсың”
деп казылган.
Катты окуп, Шааысмайыл андан ары жолун уланта берет.
Дагы эки күн жүрүп, түн жүрүп, ай жүрүп, жыл жүрүп, бир жерге
барса эки жагында жол жок бир капчыгайга туш келди. Ал капчыгайдын
өндүрүндө жалан гана адамдын башынан бүткөн, эч бир жан өтө алгыс
бир чоң дубал турат. Ары-бери бастырса, жол жок, айласы куруп
турганда Камыртайга тил бүтүп сүйлөйт:

Мен жүгүрүп бара жатып токтоймун, ошол учурда кылычың менен
дубалды колуң жетсе жетпесе да шилтеп өт. Ошондо дубал урап түшөт.
Андан ары дубалдын ичине киргенден кийинкисин өзүң билесиң,-дейт.
Ат айтканындай бир жерге келип токтойт. Шааысмайыл кылыч
менен чаап өтсө, дубал кулайт. Бул дубал жалаң гана кишинин башынан
курулуп, бир кишинин башынын гана орду калыптыр. Ал дубалдын ичине
кирсе, бир чаар тулпар Камыртайды көргөндө кишенеп тизесине чейин,
дагы арыраак бастыра түшсө, көзүнө чейин жерге батты. Далдаага
Камыртайды байлап, арыраак барат.
Эч кандай адам жок. Бирок, коргондун ичинде абдан сонун кооз бак
асман тирейт. Ал бактын ортосундагы көлдүн четинде бир терек бар.
Аяк-быягына көз жүгүртсө, эч ким билинбегендиктен, Шааысмайыл
теректин башына чыгып кетет да, уктап калат. Ошол мезгилде үч кыз
келип, көлдөн суу алайын десе, сууда бир абдан сулуу жигиттин сүрөтү
турат. Кыздар ал жигитти кармап алабыз деп, көпкө убара болушат.
Чакаларына суу сузуп алышса, анда да жигиттин сүрөтү түшөт. Кармап
алалы дешсе, колго илинбейт. Кыздардын айласы кетип чарчаганда
кетип калышат.
Кыздардын падышасы:
-Эмне кечиктиңер! Силердин башыңарды аламын,-деп кысымга
алат.
Кыздар көргөнүн айтып беришет. Аны уккан падыша кыз:
-Биздин коргонго кандай киши келди экен? Дубалга бир кишинин
башы жетпей турат эле, жакшы болду,-деп падыша кыз кыздарды
ээрчитип чыгат. Барса, кыздар айткандай сууда бир сүрөт турат. Ал дагы
кармап алайын деп аракеттенсе, колго илинбейт. Аяк-быягын айланып
караса, теректин үстүндө бир жигит уктап жатат.

Муну өлтүрбөстөн тирүү кармап алсак, зыян келтириши мүмкүн.
Ошондуктан жарадар кылып, сууга түшүрүп, башын алып, дубалды
бүтүрөлү,-деп падыша кыз эки кызын жумшап, теректи аралата баштайт.
Терек солкулдаган кезде, Шааысмайыл ойгонуп кетип, түшүп келет.
Падыша кыз:
-Жигит, мага келдиңби?-дейт.
-Жолоочунун жолу ушундай экен,-деп бала жооп берет. Анда кыз:
-Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Тетиги дубал сага окшогон
жигиттердин башынан бүткөн,-деп дубалды көрсөтөт. Ал падыша кыздын
аты Рабизаңга болот. Кыз:
-Менин шартым бар, күрөшөм, мен жыксам башыңды алам, сен
жыксаң сага тиемин,-дейт. Атайын койгон калыстарын чакыртып,
каратып коёт. Экөө күрөшүп, Шааысмайыл жыгып алат.
Падыша кыз кайрадан күрөшөт. Шааысмайыл дагы жыгат. Эки жолу
жыкканда кыз таажысын тартып жиберет. Тартып жибергенде кыз экени
көрүнө түшөт.
-Эркек башым менен кыз менен күрөшүп эмне пайда таптым-деп
Шааысмайыл кыздын үстүнөн ооп түшөт.
Ооптүшкөндөн кийин кыз Шааысмайылдын үстүнө минип, канжарын
алып, башын алмак болот. Бул учурда турган калыстар:
-Ээ, Рабизаңга, наамарттык кылбагын, бул жигит сени бир эмес, эки
жолу жыкты. Жеңиш бул жигиттики,-дейт.
Ушул сөздү уккандан кийин, ордунан ыргып туруп, жигитке жүгүнүп:
-Жеңиш сиздики, мен да сиздики,-дейт. Шааысмайыл андан ары
жолун улантмак болот. Рабизаңга уруксат бербейт.
Кеч курун бир күндүк той жасап, экөө бирге жатмак болот.
Шааысмайыл кылычын экөөнүн ортосуна коюп коёт. Анда кыз:
-Шааысмайыл, сен эмне үчүн мындай ишти жасайсың, эмне үчүн
унчукпайсың, же сага менин сулуулугум жакпайбы, же баатырлыгым
жакпайбы? Менден көңүлүң калдыбы?-дейт.
Анда Шааысмайыл айтат:
-Мен үйдөн аттанып чыкканда бөлөк максат менен чыкканмын.
Менин сүйгөн кызым бар болучу. Сиз меники, мен сеники болдум. Сизди
мен аламын. Бирок экөөбүздүн ким-кимибиздин ниетибиз ишибиз
кылычтын мизиндей курч болсун деген ой менен койдум. Мен азыр
сапар кетип бара жатамын. Ошол сапарымды туура аткарыш үчүн мен
түз жана туура жолдо болоюн. Кайра келе жатып, той жасап, анан
сүйлөшөбүз,-дейт. Эртеси андан жөнөп кете берет.
Мында да ай жүрүп, күн жүрүп, түн жүрүп, жыл жүрүп, бир
капчыгайга туш келет. Капчыгайда бир чоң таш жатат. Өтүп кетүүгө жол
жок. Ары-бери бастырат. Ошол кезде Камыртайга тил бүтөт.
-Ээ, Шааысмайыл, камчы сап менен ташты көтөр. Ал таш
ачылгандан кийин каалга, каалгада кулпу бар. Ал кулпунун ачкычы
ошонун үстүндө турат. Ал эми ачып киргенди өзүң билесиң.
Аты айткан ишти жасаганда жол ачылат да, атын жетелеп кирип
жатса, оң жактан дагы бир кичине каалганы көрөт. Ал каалганы ачып
кирсе, караңгы үй, төрдө бир кыз чачын сылап отурат.
Анын сулуулугунан үй жарык көрүнөт. Баягы кызга сүйлөшүүдөн
сүрдөп, кичинекей майда таштарды кызды көздөй ыргытат.
Анда ал кыз:
-Ой, сен кандай бей тартип жансың? Жырткыч карышкыр болсоң,
мени жегин. Жок, сөз түшүнгөн адам баласы болсоң, жолуңа түшкүн,-
дейт.
Анда Шааысмайыл:
-Мен жырткыч эмесмин, адам баласымын. Караңгы жердин
астында жашаган өзүң кандай жансың?
-Эгерде сиз муну уккуңуз келсе, тарыхымды айтып берейин. Жети
эркек бир туугандын ичинде бир жалгыз кыз элем. Атым Гүлпаары. Эң
кенжеси болучумун. Биздин ханыбыз мени аламын деп агаларыма
айттырат. Бирок, агаларым болбой коёт. Болбогондо хан уруш ачты,
быйыл жети жыл толот. Ошондон бери эки акем өлүп бешөө калды.
Мындан ары жүрүп олтурсаңыз, жолдо бир жагында көп киши, бир
жагында беш киши эки тарап болуп согушуп жатканын көрөсүз. Ошол
беш киши менин бир туугандарым. Ошондуктан ханга бербес үчүн мени
ушундай караңгы жайга сактап турушат,-дейт кыз.
Сөздүн маанисине түшүнгөндөн кийин Шааысмайыл жолуна түшүп
кете берет. Жүрүп отуруп барса, жолдун бир тарабында көп киши, бир
тарабында беш киши болуп согушуп жатат. Кетип бара жатып,
Шааысмайыл жакын келгенде эки жактагыларды карабай туруп салам
айтайын, кайсы жагы алик алса, ошол жагына кошулайын деген ойго
келет. Ойлогондой салам берсе, беш киши алик алат, көп киши тарабы
унчукпайт. Шааысмайыл бешөөнө кошулуп согушка кирет. Ошентип,
падышанын аскерлерин кырат, жеңишке ээ болушат.
Бирок, беш бир тууган сүйлөшүп Шааысмайылды кетирбей,
үйлөрүнө алып барышып, карындашын ага бермекчи болушат.
Ал кечеси той жасап, карындашын Шааысмайылга беришет. Бирок,
түндөсү бирге жаткырганда Шааысмайыл ортосуна кылычын жылаңач
коюп коёт. Анда кыз кылычтын ортого коюлушунун жайын сурайт.
Менин сулуулугум көңүлүңө толбодубу, же беш бир тууганымдын
баатырлыгы жакпадыбы?-дейт.
Силер жөнүндө эч кандай нааразычылыгым жок. Мен үйдөн
жөнөгөнүмдө бир максат менен чыккамын. Ошол максатым
аткарылмайынча, менин сиз менен сүйлөшүүм туура келбейт. Бул
кылычтын коюлушунун себеби – экөөбүздүн сүйлөшүүбүздүн маңызы,
мына ушундай курч болсун. Заар менен сапарымдан калбай жөнөп
кетейин. Мен сизден айныбайм,-дейт Шааысмайыл.
Ошону айтып кайта келишке убада кылып жөнөп кетет. Ошентип
күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир шаардын четине жетип, бир жесир
аялдын үйүнө түшөт. Ал аялдан:

Элиңерде эмне кеп бар?-дейт.

Бизде эч деле кеп жок, бир гана жаңылык, падышабыз Гүлдүзар
деген кызды аламын деп, тою болуп жатат. Бүтүшүнө эки гана күн калды!

Андай болсо жакшы. Сиз мына бул акчага базарга барып,
жууркан-төшөк, жемиш алып келиңиз,-дейт.
Акчаны алып, аял базардан айткандардын баарын алып келет. Кеч
киргенде аялга Шааысмайып айтат:
-Сиз ханга жакшылап оокат жасаңыз. Мына бул шакекти кошуп
алып барасыз да, тасмалды хандын астына коесуз. Сиз өзүңүздү
Гүлдүзардын эжесимин деп, ханга билдирбестен туруп шакекти
Гүлдүзарга көрсөтөсүз. Анда Гүлдүзар сизге эмне десе, мага айтып
келесиз.
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Анда Гүлдүзар:
-Сиздин үйүңүзгө ким келди?-деп сурайт.
-Менин үйүмө бир жигит келип, ушундай жасагын деди,-дейт аял.
Анда Гүлдүзар:
-Андай болсо мен ханга айтып тойду токтото турайын. Заар менен
көчөгө бир киши чыгарбас үчүн буйрук бердирейин. Өзүм кырк кызды
ээрчитип бакка барайын. Ошол жерден мени алып кетсин. Ушундай деп
айтып барыңыз,-дейт кыз.
Аял бардыгын Шааысмайылга айтса:
-Жок, сиз кайра барыңыз да мындай деңиз: мейли тоюн токтото
турсун, заар менен көчүрүп жөнөсүн. Мен хандан тартып алып кетем,
кудурети болсо тартып калсын,-дейт.
Хан Гүлдүзарды алып келе жаткандыгын көрүп, Шааысмайыл
алдынан тосуп чыгат да, Гүлдүзарды ала качат.
Хан кабарды катуу салып, артынан куугунтукташып, хандын
тулпарлары да кууп жетпейт.
Шааысмайыл менен Гүлдүзар аттан түшүп эс алышат. Артынан
хандын аскерлеринин келгендерин Шааысмайыл жеңе берет. Ошентип,
төрт-беш күн ошол жерде согуш болот.
Алар жолдон Гүлпаарыга келет. Анда жети күн той жасап,
сегизинчи күнү Гүлпаарыны алып жөнөйт. Гүлпаарыга агалары эки
тулпар, үч куржун алтын, жана үчөөнө тиешелүү кийимдер, Гүлпаарынын
бала кезинен бирге жүргөн күчүгүн кошо беришет. Күчүк бардык жаман,
жакшылыкты алдын билет экен. Андан жүрүп отуруп, Рабизаңгага
келишет.
Рабизаңга аябаган баатыр кыз болгон экен. Ал карамагындагы
элди, шаарды бүт Шааысмайылга бүтүн өткөрүп берет. Ал жерден
алынын келишинче алтын-күмүштөрдү, кымбат баалуу таштарды жүктөп
алып жөнөйт.
Айылга жакын келгенде Гүлдүзар:
-Биз кайнатабыздыкына барбастан, ушул жерге жай салып туралыдейт.
Шааысмайыл макул болуп, атасынын айлынан он беш, жыйырма
алыстыкта үй салдырат. Анын жайлары кымбат баалуу таштар менен
бүтөт.
Хан бир күнү саякатка чыгып, кеч калып келе жатса бир канча
алыстыкта абдан жаркыраган кооз жай көрүнөт. Эртеси хан изилдетип
жиберсе, уулу Шааысмайылдын жайы болот. Эртеси атасын үйүнө
чакырат. Гүлдүзар:
-Кайнатабыз үйгө келсе, бизди көрсөтпө,-дейт.
Хан баласы менен кошо жөнөйт. Шааысмайыл атты жайлаганча хан
үйүнө кирип барат да, тамак даярдап жаткан үч аялды көрүп калат. Хан:
-Мен жетимиш-сексен жыл хандык доорон сүрүп, ушул жашка
келгиче мындай сулуу аялдарды көргөн эмес элем. Чыныгы аялдар
ушулар турбайбы!-деп баласын өлтүрүп, келиндерин алмакчы болот.
Ошол жерден калп ооруп калат. Баласына:
-Мен ооруп калдым, күн сайын келип кабар алып тургун,-деп тамак
ичпестен аттанып кетет. Кемпирине барып:
-Балабыз динден чыгыптыр, каапырды алыптыр. Жети ата-быздан
бери тозокко түшө турган болдук. Уулду эптеп өлтүрөлү,-дейт.
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Баланы чакыртат. Бала жөнөөрдө Гүлдүзар күчүктү кошуп берип:
-Атаңкына барганда күчүктүн кылганын кыл, баскан изин бас,-дейт.
Бала барса, атасы кыңкыстап жаткан болот. Ошол мезгилде энеси
бир пиялага бал алып келип, ханга сунат, экинчи пияладагы ууну
баласына сунат. Хан балды ичип жиберет. Шааысмайыл ичейин десе
күчүк колдон тырмалап ичирбей коёт. Анда атасы менен энеси:
-Эмне үчүн ичпейсиң?-деп сурайт. Мындай оокатты ичип көргөн
эмесмин, мага жакпайт,-дейт Шааысмайыл.
Бул сапар өлүмдөн калып, үйүнө кайтат. Экинчи жолу дагы
чакыртат. Энеси палоо басып, бир жагына май аралаш, бир жагына уу
аралаш палоону экиге бөлүп алып келет. Хан жей баштайт. Күчүк
Шааысмайылга жегизбей коёт. Шааысмайыл өлүмдөн экинчи жолу
калып, үйүнө кайтат.
Үчүнчү күнү чал ордосунун эшигинен тартып, төрүнө чейиин килем
менен төшөйт. Эшигинен төрүнө чейин терең чункур каздырат. Бул
чуңкурдун ичине учун жогору каратып, эки шиш темир кактырат. Ал
темир шиштердин учу ууланган болот. Ушинтип даярдатып коюп,
баласын дагы чакыртат. Шааысмайыл күчүктү астына кое берет. Күчүк
килемдин ортосун баспастан чети менен басат, күчүктүн изи менен
Шааысмайыл да жүрүп отурат.
Барганда ууланган күрүч берет. Аны да жебей коёт. Ошентип,
үйүнө дагы аман-эсен кайтат.
Төртүнчү жолу дагы баласын чакыртат. Хан:
-Балам, мен сени өлгөндө-талганда ак деп, так деп-көрдүм эле. Сен
мага ишенбей, күчүктүн бир баласына ишенип калыпсын. Чын сырыңды
айтчы, сенин күчүң эмнеде?-дейт.
-Менин эки колумду алтымыш кулач аркан менен артыма байласа,
күчүм ошондо, ошону чече албаймын,-дейт бала.
Айткандай хан алтымыш кулач аркан менен Шааысмайылдын колун
байлап:
-Башын алгыла!-деп кыйкырат.
Шааысмайыл күйшөнүп койсо, аркан бытырап, үзүлүп кетет. Хан:
-Ии, балам, мен сени катыксын деп жатам,-дейт. Хан экинчи жолу
дагы сурайт.
-Алтымыш кулач чынжыр менен колумду аркага байласа, менин
күчүм ошондо,-дейт бала.
Хан Шааысмайылды байлатып:
-Алгыла, жигиттер, башын!-деп кыйкырат. Ал күйшөнүп койсо,
чынжырдын көзү сайын үзүлөт.
Үчүнчү жолу таарынычтуу, ырайымдуу сөздөр менен баласынан
сурайт:
-Менин өлөрүм калып, өсөрүм калган жок, чын сырыңды айт, күчүң
эмнеде?-дейт.
Бул сөзгө бала эрип кетип:
-Мен чын сырымды айтайын, Камыртайдын куйругунан биртал
кылын алып, эки чыпалагымды бириктирип байласаңыз, менин күчүм
ошондо,-дейт.
Аны менен байлатып, хан:
-Алгыла башын!-деп кыйкырганда, Шааысмайыл үзө албай калат.
Хан эки көзүн чукутуп, көзүн көлгө салдырат да, өзүн орго
салдырат.
Хан үч келинине: “Шааысмайыл болсо ордо, мага тийсин”-деп
кабар айттырат.
-Биз тирүүбүздө тийбейбиз, күчү жетсе, бизди өлтүрүп алсын,-деп
келиндери жооп кайтарат.
Ошондо согуш башталат. Хандын аскерлери жеңиле берет. Алар
согуша берсин, биз ордо жаткан Шааысмайылдан кабар алалы.
Бул ордо жаткан Шааысмайылга кайдан-жайдан тамак таап, күчүк
алпарып таштай берет.
Күндөрдүн биринде бир чоң соодагер келип, ордонун туурасында
бир-эки чакырым алыстыкта түнөп калышат. Ал соодагердин жанында
дайыма күчүк болот дагы, күчүккө канчалык оокат берсе дагы аны
жебестен, тиштеп алып кете берет.
Акырында соодагерлер:
-Бул кандай күчүк?-деп аңдып калышат. Күчүктүн артынан пайчы
коёт. Пайчы күчүктүн артынан барса, тиштеп алган оокатты бир жерге
алып барып эле таштап жиберет.
Артынан барып караса, бир чоң ордун ичинен бир кишинин добушу
чыгат.
-Сен кандай жансың?-дейт.
-Мени ордон чыгарып койгула!-деп суранат.
Бул сөздү угуп, баягы кербен башы соодагерге айтат. Алар төрт
качыр менен аркандарды алып, орго барышат. Арканды таштап, качыр
менен сүйрөтүп чыгарат.
Ордон чыкканда Шааысмайылдын эки көзү көр, сакал муруту өскөн
болот. Аны алып булакка келишет. Ал булактын суусу менен бети-колун,
көзүн чайкап отура берет. Күчүк көлгө барып, Шааысмайылдын эки көзүн
алып келип берет. Ошол кезде Шааысмайылга түбүндө отурган талдын
башына эки көгүчкөн келип конот. Алар кишиче мындай деп сүйлөйт:
-Көздү жакшылап жууп туруп, өз көзүңө сал. Көзгө салгандан кийин
экөөбүз куйругубуздан эки тал таштайбыз. Талды эки колуңа ал да, оң
колуңдагың менен сол көзүндү, сол колундагы менен оң көзүңдү
сыйпайсың. Анда көзүң кадимкидей таза болот.
Шааысмайыл көгүчкөндөр айтканын кылат. Күчүктү ээрчитип кете
берет. Жүрүп отуруп эки өгүз менен кош айдап жаткан дыйканга жолугат.
Дыйкан:
-Падышабыз согушуп жатат. Алардын катары мага жакындап
калды. Согушка барсам, келемби, келбеймби деп эгин айдап жатам. Сен
кимсиң?-дейт.
-Мен баласызга бала болоюн, ботосузга бото болоюн деп жүргөн
жанмын,-дейт. Аңгыча эки өгүзү чарчап калат. Бала эки өгүздү чыгарып
коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап
таштайт.
Анан дыйканга:
-Сиздин ордуңузга мен барамын, “менин балам бар, ошол барат”
деп айта бергин,-дейт.
Дыйкан:
-Болуптур,-деп баланы үйүнө ээрчитип жөнөйт. Үйүнө келип, үйүндө
болгон бар тамагын берип:
-Балам, сен эмне оокат жейсиң?-дейт.
-Мен кочкор, теке, бука, айгырдын этин жеймин. Дыйкан ал түнү бир
кочкору бар экен, ошону союп берет. Аны бүт жеп жатат. Саар менен бир
текенин этин жейт. Дыйкан кечте бир букасын союп берет. Бала аны эки
күн жейт.
Ошол мезгилде хандан чакыруу кагаз келет да дыйкан
Шааысмайылды жөнөтөт. Аялдары Шааысмайылдын келатканын,
согушка кирерин билет. Баатыр аял Рабизаңгиге беркилер:
-Шааысмайыл келип азыр согушка кирет. Бирок, алдан-күчтөн
тайыган немени этияттагын,-дейт.
Шааысмайыл барып:
-Биз бул хандын баатыр баласынын аты бар деп уктук эле.Ошону
берсе, душманын сөзсүз жеңип берем,-деп ханга айттырат.
Атасы Шааысмайылды тааныбай калат. Анткени күчүк көзүн таап
келгенде, көздөрүн алмашып салып койгон экен.
Хан бул Шааысмайылдын суроосун канааттандырып атын берди.
Атты минип, согушка киргенде, аялы Рабизаңги дароо тааныйт да кача
берет. Шааысмайыл Рабизаңгини эңип, хандын астына алып келет. Хан
Рабизаңгини желдеттерге башын алганга буйрук кылат. Муну угуп турган
Шааысмайыл.
-Ханды кармагыла!-деген буйрукту берет.
Ошентип нисапсыз хандын ниети өз башын жоготкон экен.

МИҢБАЙ, ЖҮЗБАЙ

maxresdefault 6

Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен.
Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар
экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап
калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала
ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп,
Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту:
-Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби,-деди.
Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат.
-Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң коюм бар,
эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым але, түшүмү таап бер,-
деп урушту. Жүзбайдын баласы да карап турбастан экөө бешимден
урушкан кечке чейин урушту. Акырында Жүзбайдын баласы:
-Эмне түш көрдүң, айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?-деди.
Миңбайдың баласы:
-Каадалуу түш дейт тура, башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто
жериме чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде,
карышкыр кырган кой каадалуу бекен?-деди. Жүзбайдын баласы:
-Сатасыңбы түшүңдү,-деди. Миңбайдын баласы:
-Сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип
алгын,-деп убадалашты.
Жүзбайдын баласы:
-Карышкыр канчалык коюңду кырды экен, батырак санагын,-деп
санаттырды. Миңбайдын баласы коюн санаса туура жүз коюн кырыптыр.
-Жүз коюм өлүптүр, жүз коюңду берип аласыңбы?-дейт.
-Алдым, саттым береке,-деп кол алышып кечинде үйлөрүнө кайтып
кетишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды. Жүзбай тура калып:
-Кокуй балам, коюң кана?-деди. Баласы:
-Атаке, түшкө сатып жибердим,-деди. Жүзбай:
-Ал эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?-десе,
баласы күлүп жиберип:
-Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз
тууган түшкө саттым, атаке,-деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен
жеринде келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп баласын
кубалады.
-Эгер койду таппай үйгө келе турган болсоң, ичиңди жарып,
башынды итке салбасам менин Жүзбай атым өчсүн – деп атасы
ачууланып кала берди. Бала айлап, күндөп жүрүп олтурду. Башы таз
болду, курсагы ач болду, ошондо асманда учуп бара жаткан каргага
карап айтты:
-Карга аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп
баратам, бир кайыр этиңиз,-деп колун каргага сунган убакта, карга айтат:
-Ошондой бол, таз балам! Коюңа салган чөптү жейин десем жата
калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, сага чала,-деп өтүп
кетти.
Мындан кийин үстүнөн бир топ көгүчкөндөр өттү. Буга да:
-Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан
өлүп баратам, сен бир кылчы кайырды,-деп колун сунду.Көгүчкөн:
-Ошондой бол, таз балам, кар буркандап жамгыр жааганда, жем
издеп кокус мен барсам, тузак тартып ата энемди, бала-чакамды кармап
алгансың. Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал
кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми
көргөнүң!-деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондой кийин бала жүрүп олтуруп, бутун
шилтей албай, каруусу калбаганда “өлсөм дагы адам жатпас дөбө деген
дөбөгө жетип этимди карга, кузгун жесин” деп, башына таяк жасап, көзү
чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Таң агарып атканда
бир адам келип: “Тур, атка мингин”, деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш
болгондо баягы адам артын караса түрү суук бир таз бала атына минип
келе жатканын көрүп, саадагын сууруп атайын деп, кайра ойлонуп:
“Никем ушуга буюрган экен” деп тура калып башына дары сыйпап, жети
күндө капкара кундуздай чач чыгарды. Бул адам Күлгакы деген
сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Сейит чал дегендин Өмүраалы деген
уулуна тиймек болуп, убадасын берип, ушу түнү адам жатпас дөбөгө
Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи болгон экен. Өмүраалы бир күн
эсебинен жаңылып калып, ал күнү келбей калыптыр. Кыздын аты
Айымсулуу экен. Ал буйрук экен деп баягы таз балага тийди. Баланын
аты Чыныбек. Бир нече күндөн кийин Айымсулуу түш көрүп, эртең менен
Чыныбекке:
-Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп,
колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр,-деди.Чыныбек:
-Анда эң жакшы түш, эмесе мен аны өлтүрөт экемин,-деп
Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк
кулактуу казан болуп, ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Өмүраалы
кырк жигити менен келип:
-Кокуй, Чыныбек таз ушул окшойт, сабагыла – десе, жигиттери:
-Адам баласы кантип үй, от болуп калсын, жолдогу бышып турган
бейиштин тамагынан жебей кетсек жолубуз болбойт,-деп түшө калып
казандын кырк кулагынан кармап чыгарайын дегенде, казан жарылып
кетип, Өмүраалы баш болуп кырк жигити күйүп өлүп калышты. Чыныбек
так үшүнтүп, айла менен өлтүргөнүн Айымсулууга айтып берди.
-Эми уулунун артынан Сейит чал келет,-деп Чыныбек таз Сейит
чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп кубулуп жүрдү. Сейит
чал көрөрү менен Чыныбек таз экенин билип, тайлакты кармап алып
үйүнө алып барып чөгөрүп, темир казыкты еркөчүнө кагып:
-Келинимди таап, баламды тиргизип бергин,-деп боздотуп кыйнай
баштады. Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын
мончоктотуп төгүп, боздоп турду. Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан
деген эки кызы келип:
-Айланайын аке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер
жанын кыйнабасаң, бу деле кудайдын бир макулугу турбайбы,-дешти.
Сейит чал:
-Кыздарым, баламдын түбүнө жеткен чунак ушу,-деп ансайын
тайлакты ура баштады. Эки кызы:
-Атаке, тайлагыңызды бизге бериңиз, Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө
сугаралы, эгер суудан ичсе тайлак экени чын, ичпесе адам баласы –
Чыныбек таздын нак өзү болот. Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз
билиңиз,-дешти.
Сейит чал тайлакты кыздарына бербей койду эле, эки кызы
таарынып мойнуна аркан тагып “муунуп өлөбүз” дешип атасын
коркутушту. “Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын”, деп
тайлакты кыздарга бере салды.
Кыздар жетелеп Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө жетишти. Тайлакты
сугармакчы болгондо Чыныбек акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп
кетти. Эки кыз алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, тилдерин
жебиретип, атасына ыйлап келишти.
-Ырас эле куйту таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп
кетти,-деди.
-Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну
кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле,-деп эки кызын
ээрчитип Сейит чал сууга келип, сууну ууртап коргошунду тиштеп
алайын дегенде, Чыныбек жөргөмуш болуп, бир теректин башына
жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту
эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту.
Жылкычы чымчыкты тырпыратып, кыздарын кыңшылатып, мээсин чукуп,
көзүн оюп өлтүрүп таштады. Чыныбек турумтай болуп учуп кетти.
Чыныбек Айымсулууга келип:

Эми эл-журттуу жерге барып, оокат кылалы,-деп Кара хан
дегендин жерине келишти.
Экөө чөп алачык кылып алып, айылдын четинде турушту. Бир күнү
хан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Хан кушун бир коёнго
салса, албастан айланып учуп, Чыныбектин чөп алачыгына конуп
олтуруп алды. Хан келип:
-Ой, үйдө адам болсо чыгып кушумду алып бергилечи,-деди.
Айымсулуу Чыныбекти карап:
-Хан келди, батыраак чыгып кушун алып берчи,-деди. Чыныбек:
-Өзүң деле алып бере койбойсуңбу, хан жутуп коймок беле сени,-
деп кекетип койду. Айымсулуу кушту алып бере коеюн деп, эшикке чыга
калды. Хан Чыныбектин аялынын сулуулугуна эси ооп аттан кулап
түштү.
Айымсулуу:
-Ушунча хан болуп туруп киши көрбөгөн экенсиз,-деп аттантып,
колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Хан Айымсулууга ашык болуп, кандайча колго түшүрөрүн билбей,
бир күнү Чыныбекти чакырып алып:
-Чыныбек баатыр, бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз
жатып сен да эриккендирсиң, көптөн бери тим жатып мен да эриктим. Ат
сайышып жашынмак ойнойлу,-деди. Чыныбек:
-Макул, нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?-деди. Хан:
-Үч күндөн болсун, менден башталсын,-деди. Хан жашырынды, таз
ары-бери күйпөлөңдөп чуркап жүргөнүн Айымсулуу көрүп:
-Эмне кылып жүрөсүң?-десе,
-Ханды карап жүрөмүн-деди.
-Кайдан карайсын?
-Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын да! Айымсулуу
наараазылык сөз катты:
-Булардан таба албайсың, ат байланган сарайда чоң ак эркеч
турат, ушуну сакалдан алып сабасаң, хан өзү туруп келет.
Айтканыңдай ал эчкини сабаса, “Чыныбек баатыр, мөрөй сеники”
деп тура келди. Хан экинчи күнү жашынганда Чыныбек ары карап, бери
карап, таба албай жүргөндө, Айымсулуу чакырып алып:
-Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессең өзү туруп келет,-
деди.
Чыныбек чуркап барып, өзөгүнө чейин теректи кессе, “мөрөй сеники
Чыныбек баатыр” деп, хан ордунан туруп келди. Үчүнчү күнү хан
жашынганда Айымсулуу Чыныбектен:
-Ханды кайдан табасың?- деп калат.
-Анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти сабап, жардын
алдындагы теректи кессем өзү эле келбейби!-деди.
Айымсулуу:
-Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында
кара буура болуп чөгүп жатат. Он эки кайың таякты суусунан кесип алып,
ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Үйдүн
тегерегинен ханды алты жыл издесең да табалбайсың,-деди.
Чыныбек он эки четин таяк, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда
жаткан кара буураны бакылдатып жыйырма төрт таягы сынганча
сабаганда:
-Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп ордунан туруп келди. Хан:
-Эми Чыныбек баатыр сен жашынган,-деди.
Чыныбек кап менен кементайды көтөрүп алып чуркаган бойдон
Айымсулууга келди да:
-Мен алачыктын артына жашынайын, сен ханга айтпагын,-деди.
Анда Айымсулуу:
-Кокуй, сен кууратканы жүргөн турбайсыңбы?-деп, Чыныбекти
оймок кылып сөөмөйүнө салынып, көйнөгүнүн этегин кайып олтуруп
алды. Хан ары карап, бери карап таба албай, айласы кеткенде:
-Чыныбек баатыр, мөрөй сеники, бери кел,-деп чакырды. Чыныбек
колдон түшүп, хандын жанына келди. Экинчи күнү жашынганда
Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы
түйүнгө кошо түйүп жашырды. Хан ары-бери карап таба албай, айласы
кетти.
Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп чакырды. Чыныбек:
Жаныңызда олтурсам көрбөйсүз,-деп тура келди. Үчүнчү жашынганда
Айымсулуу ийне кылып Чыныбекти жакасына сайып койду Хан ары-бери
карап, таба албай айласы кеткен соң:

Мөрөй сеники, Чыныбек баатыр, кел,-деди. Чыныбек дагы
оодунан туруп келди. Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек
жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып
аялын бербей койду. Хан бир күнү эли-журтун жыйнап:
-Ким Чыныбектин аялын алып берет?-деп жар чакырды. Ошондо
оозунда тиши жок, алтымыш жаштагы бир кемпир:
-Таксыр, ханым, мени он беш жаштагы балага алып берсеңиз, мен
алып берейин, аны “Ит-Ичпестин Ала Көлүнөн суу алып кел, хан ооруп
жатат, дарысы ошол суу экен,-десек барат,- үч күндөн калбай келгин,
кала турган болсоң, аялың хандыкы дейбиз. Ал сууга барган соң үч күн
эмес, үч жылда да келбейт,-деди.
Хан бул ойду туура көрүп, Чыныбекти чакырып, бир көнөк берип:

Ит-Ичпестин Ала-Көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч
күндөн калба, үч күндөн калсаң, аялың меники болот,-деп буюрду.
Чыныбек макул болуп көнөктү алып, үйүнө келип, Айымсулуу менен
акылдашып, үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын жыйып, күнү
бүткөндө ханга алып-барып берди. Хан Ит-ичпестин Ала-Көлүнүн суусу
деп ичип, соо жанын оорутуп алды.
Кан төшөктө жатып, элдин тынчын алып күндө жыйын, күндө той
кылып жар салды.

Ким Чыныбектин аялын алып берсе, ошону тилегине жеткизем,-
деди. Анда бир чал:

Каным, мага он бештеги кызды алып берсеңиз мен алып беремин.
Чыныбекти жаян балыкты өлтүрүп, бир жак кабыргасын алтын уук
кылып, жети күндө кел, жети күндө келбесең аялың хандыкы болот
дейбиз. Жаян балыкка жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе
да, жаян балык жутуп коёт,-деди.
Хан тазды чакыртып алып:
-Жаян балыктын бир жак кабыргасын алтын уук кылып кел, жети
күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, аялың биздики болот,-деди.
Чыныбек бул сөздү дагы аялы менен акылдашты. Айымсулуу жаян
балыктын аксак тору атын семиртүү үчүн алган экен, ошол атты
Чыныбекке миңгизип:
-Чолок кара кылычты, алтын сепкен жоолукту, алтын коңгуроону,
алтын шакекти алып бар,-деди. Чыныбек макул деп айткандарынын
баарын алды. Айымсулуу асман менен түн ичинде учуруп жиберди.
Чыныбек барса, жаян балык суунун түбүндө ойноп жүргөн экен.
Жеткенде алтын коңгуроонун үнү чыкканда жаян балык тору атымды
аламын деп, суудан башын чыгарганда, кылычты кынынан чыгарса, жети
кулач болуп узарды. Кылыч менен жаян балыктын башын жара чапты.
Бир жак өрөөнүн торуатка кырк бүктөп салып, асман менен учуп,
сегизинчи күндө үйүнө келип түштү. Жети күндөн ашкандан кийин:

Айымсулууну аламын,-деп хан калкын жыйнап нике кыймакчы
болуп жатканда, Айымсулуу жети катар темир үй болуп, жатып калган
экен. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен
чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда,
Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды. Айымсулуу угуп, сыйкыры
менен жаккан отту хандын үйүнө көчүрүп, өзү Чыныбектин жанына бирге
отуруп калды. Бүткүл эл журт таң калып, эси кетип коркушту.
Мындан эки-үч күн өткөндөн кийин дагы хан калкына жар салды,
анда бирөө:
-“Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар, ошону алып
кел”, деп жиберсек, Чыныбек сөзсүз өлөт, жолдо ажыдаарлар көп,-деди.
Чыныбектин аялы алардын сөзүн угуп, күйөөсүнө айтты:
-“Хан канча күндө келесиң” десе, “күнү-түнү он күндө келемин” деп,
жылкынын артында сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал,-деди. Эртеси
эле хан Чыныбекти дагы жумшады.
-Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону
алып келгин, сенден башка жарай турган киши жок, канча күндө
келесиң?-деп сурады. Чыныбек баатыр:
Күнү-түнү он күндө келейин,-деп баягы жылкынын артындагы
жаман кунанды алды. Ал тулпар экен, кунанын аялына алып кедди.
Аялы багып тулпар алына келтирип:
-Кечинде жатып эртең менен мойнуңа куруңду салынып баргын, ал
элик чынар теректин түбүндө жуушап жатат. Арканыңды үч тегеретип
ыргытып, өзүң көрүнбөй келе берсең, элик өзү барпаңдап алдыңан
чыгат,-деди.
Баатыр тулпарын минип кетти. Тулпар күчүнө келип, ар тоонун
башын бир аттап басып отуруп жетти. Нечен ажыдаарлар, тулпардын
туягын чагып өттү. Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин
түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип,
көрүнбөй кете берди. Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан
чыкты. Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды. Чыныбектин
келерине бир күн калганда, хандын бир вазири келип Айымсулууга:
-Жүрүңүз, баатырдын ашын берели,-деди.
Эртеси баатыр эликти жетелеп келип хандын колуна берди.
Хан айласы кетип, оорумуш болуп төшөккө жатып, Чыныбекти
чакырып, Гүлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберди. Айымсулуу бир кат
жазып! Чыныбекке берди:
-Жолуңан бир кемпир жолугуп туякка айран куюп берет. Оң колуң
менен айранды алгын, сол колуң менен катты бер,-деп айтты. Бир нече
күндүк жолдон кийин кемпирге жолугуп, оң колу менен айранын алып,
сол колу менен катты берди. Кемпир окуп:
-Менин үч кызым бар эле, бербеске ылаажым жок, сенин албаска
ылаажың жок экен,-деди.
-Эми мен кыздарымды чакырам,-деп бир кудуктун жанын көрсөттү.
-Ушу жерге менин үч кызым учуп келет, кичүүсү кийин келет,
кичүүсүн өн кийиминен таанып алсаң болгону,-деди.
Кемпир ышкырып кыздарын чакырды. Үч көгүчкөн учуп өттү.
Кичүүсү артынан келди, Чыныбек кичүүсүнүн кийимин жаасы менен
түшүрө атты. Кыз Чыныбектин жанына учуп келип, кийимин сурады эле
Чыныбек бербеди.
-Эгер сен мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин,-деп Чыныбек
туруп алды. Айласы кеткенде кыз макул болду. Кемпир төрт шакекти
төрт жагына ыргытты эле, тиги жактан, бу жактан тегереги тең жактан
“той болот” деп чуулдашып көп кишилер келди. Той берип, элди ыраазы
кылып, батасын алып, калкына күйөөсүнүн даңкын жайып Гүлгаакынын
гүлүн берип узатмакчы болду. Узатаарында кыз энесине:
-Төрт шакегимди бермейинче барбаймын,-деп, ордунан турбай
жатып алды. Айласы кеткенде кыйылып туруп, кемпир ары карап ыйлап,
бери карап күлүп, кызын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп араң
берди. Кызы алгандан кийин Чыныбек менен жолго түштү. Үйүнө жетерге
бир күн калганда кандын вазири Чыныбектин Айымсулуусуна келип:
-Жүрүңүз, Чыныбек баатырдын ашын берели,-деди. Айымсулуу:
-Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди.
Эртеси Чыныбек баатыр колуктусун алып келип калды.
Гүлгаакынын гүлүн ханга берди. Хан Чыныбектин колуктусун көрүп андан
бетер эси кетип, оорусу чынга айланды. Колуктусу алып келген төрт
шакегин төрт бурчка ыргытты. Эл батпай баягыдай чогулду, келген
кишилерди хан көрүп “бу кайдагы эл” деп чочуду. Чыныбек баатырдын
колуктусу ханга:
-Сиздин элиңизге эл, журтуңузга журт коштук, зыяны болбос,-деди.
Хан элди көрүп:
-Эми ушуларымды өлгөн атам көрсө, эч болбогондо өз кулагы
менен укса, менин ушунчалык көп элимдин бар экенин жана хан
экенимди билдирейин,-деп Чыныбек баатырды жибермек болду.
-Чыныбек баатырым, сен элден-журттан ашкан баатыр болдуң, мен
белгилүү, акылдуу ханың болдум. Бул дүйнө жүзү бизди билет. Эми тиги
дүйнөдөгү элдер дагы бизди билсин, сен менин өлгөн атама барып,
менин хан болуп турганымды, элимдин көптүгүн айтып атамын өзүнүн
колунан кат жаздырып алып кел,- деди.
Чыныбек:
-Бир дөңгөч, он аркан даярдап бериңиз, күнү-түнү менен барып
келем,-деди. Үйүнө келип өзүнүн сүрөтүн тартып дөңгөчкө байлап, ай
батып, жылдыз толуп турганда аркан менен дөңгөчтү учуруп жиберди.
Убагы бүткөнчө хандын атасынын жазуусундай кылып Айымсулуу менен
кийинки колуктусу үчөөлөп катты жазып, ханга алып барып берди.
Хан катты окуп ыйлап:
-Мени атам келип кет дептир. Чыныбек өзүңдөй кылып мени
учургун,-деп кыйнады. Чыныбек элинен кыл аркан жыйып, ханды
кабыргасынан кан тамганча катуу таңып, тоонун башынан ылдый карай
учурду. Бир күн-эки күн өткөн соң Чыныбек баатыр хандын аялына
барып:
-Жүрүңүз хандын ашын берели,-деди. Аялы Чыныбек баатырдын
Айымсулуусун туурап:
-Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди.
Ханы тоодон учуп коктуга түшүп, атасынын барган жерине барып
өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш берип, аялын алып, элижуртун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып жүз койго алган
түшүн айтты.
-Башыма күн, аягыма ай, орто жериме чолпон жылдыз чоң тууган
түш,-деп айтып берип, ата-энеси менен жыргап ушул убакка чейин
дүйнөнүн түбүндө, жер жүзүнүн үстүндө жашап жатышкан экен.

АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

little refugees greek orphans sefedin stafa
little refugees greek orphans sefedin stafa

Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек
баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү
энесинен:

Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт.
-О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.
Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү
жетти.
-Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле?
-Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу.
-Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип,
мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем.
-Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып
сүйүнүп келди.
-Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси.
-Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле?
-Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып
берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону
баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө
балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан
балыкчы болуп калды..
Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси
сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр.
Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга
ойной баштады.
-Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго
түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир.
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып,
канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага
жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай,
көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм,
мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары
Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери
издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири
каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга:
-Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт
экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын
колунан келет,-дейт.
Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти.
-Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди.
Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди.
Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала
саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй
торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган
жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде
алып үйүнө кайтты.
Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу
ыраахаттануучу болду.
Күндөрдүн биринде вазир канга кедди:
-Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек,
балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл
чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай
казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул
кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай
жетимдин гана колунан келет. Анда кан:
Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин
кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди.
Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды.
Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө
жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл
азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын
берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар,
жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда
бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны
толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын
берди.

Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген
Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана
жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө
перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол
дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп
келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп
жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай
көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң.
Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн
кайым болду.
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды.
Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң
дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры
жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара
жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү,
коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү.
Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу
карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок.
Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап
алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты.
Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай
алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду.
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго
чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө
электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый
алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар
жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы
көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты.
-Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын
Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот,
бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат.
Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың
болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн
сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн
сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай
жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып,
Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче
арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси
Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди.
-Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга
энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,-
дейт энеси.
Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп
жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап
калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда
жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун
өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө:
-Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана
толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди.
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө
майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:
-Бул эмне тамак?- деди Абылай:
-Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Дөө муну укканда айран калды.
-Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп
калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга
келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун
мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду.
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип
алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес
жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту.
Саламдашкандан кийин:

Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко
бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты.
Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир
дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала
кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды.
Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү,
күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо
Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады.
-Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну
аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди.
Чал катуу чочуду.

Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал
болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу.
Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип
жүрбөсүн?

О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир
жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң
билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди.
Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп,
канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна
келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим
менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген
жок.

Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз,
уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып
кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин.
Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды.
Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып
бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага
келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага
көргөздү.
-Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо
башың кесилет,-деп кайталады падыша.
Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн
жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл:
-Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди.
Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга
салынды.
-Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди.
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү.
Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы
досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди.
Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок
бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду.
Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын
калганына кан чатак кылды. Анда бала:
-Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо
сугунуп деле жиберем,-деди.
Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан:
-Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз
тоңдурасың,-деди.
Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды
эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну
сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок.
Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди.
-Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар.
Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны
бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам
керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң.
Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч
сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды
алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон
убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар
жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан
алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп
жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй
болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан
албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч
эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан
кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай,
нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган
эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп
Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара
мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр.
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу
болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.

РУМ ПАДЫША, ТУРУМ ПАДЫША

IMG 7895 1
IMG 7895

Илгери, илгери бир Турум деген падышанын баласы куш салып
кечинде үйүнө кайра келатса, ак тайлак минген бир кыз алдынан чыгат.
Бала:
-Кайдан келе жатасың, атың ким?-десе, кыз:
-Мен Рум падышанын Каракөз айым деген кызы боломун, мени
издеп таап ал,-деп ак тайлакка камчы салып жөнөйт.
-Кара кашка аргымагым куусам жетет, кармап эле алайын -дейт да
бала кызды кууйт. Бирок ал жерден чаң бурк этип, булжерден чаң бурк
этип, бала жетпей калат.
Турум падышанын баласы кырк жигити менен эртеси дагы ууга
чыгып, кечинде үйүнө келатса, баягы кыз дагы алдынан жолугат. Бала
дагы кууп жетпей калат. Бала сары санаа тартып, убайым менен өңү аза
түшөт.
Турум курдаштарына:
-Менин балам өңүнөн азып кетти, эмне болгонун сураштырып
бергилечи,-дейт.
Ал кишилер:

Эмне болуп өңүңөн азып бара жатасың?-деп сураса, бала:

Рум падышанын Каракөз айым деген кызы мага эки жолу жолугуп,
эки жолу кууп жетпей калдым, Каракөз айымды аламын, атама айткыла,
Каракөз айымды алууга уруксат берсин, ошол кызды ойлоп азып кеттим,
башка эч бир да оорум жок,-дейт.
Баланын сөзүн тиги кишилер Турум падышага төкпөй-чачпай айтып
барышат.
-Алса алсын,-деп Турум падыша баласына курал-жарактуу кырк
жигитин кошуп, кырк бээни союп, кырк төөгө азык, кырк төөгө пул артып
Румдун шаарына жөнөтөт.
Бала бир нече күндөр жол жүрүп олтуруп, Румдун шаарынын
четине жетип конот, жигиттерин кароолго коюп, өзү жатат. Бир оокумда
чурулдаган чуу чыгат, чочуп ойгонуп кетип караса:
-Тос эле тос, карма эле карма!- деп бирөөнү бир нече киши кууп
келатат. Бала качып келаткан кишини кармап алат да:

Сен эмне болгон жансың?-деп сурайт.
Баягы киши:

Мен Рум падышанын колуна түшкөн Кыраанкара деген ууру элем,
ал эми сен кимсиң?-дейт.
-Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз
айым деген кызын издеп келатамын,-дейт бала.
Кыраанкара:
-Мени куткарып алсаң, мен Каракөз айымды алып келип беремин.
Анда бала:
-Эмне берип куткарып аламын?
Кыраанкара:
-Кырк төөңдү пулу менен берсең, куткарып аласың.
Бала кууп келгендерге кырк төөнү пулу менен берип, Кыраанкараны
куткарып алат.
Кыраанкара:-Каракөз айым менен Жансүйөр деген кызды мен өзүм
эле алып келемин, кырк жигитинди үйүнө жибер,-дейт. Кырк жигит
үйлөрүнө кетет. Кыраанкара тоодогу токойду аралап балтасы менен
токойду кыркып жол ачып баратса, алдынан бир кыз чыгат, ал кызды:
-Кайда баратасың?-десе:
-Рум падышанын Каракөз айым деген кызы тоодо чоң сарайда
жашайт, аны кырк кыз, кырк жигит болуп кайтарабыз, мен ата-энеме чай
кайнатып берейин деп кетип баратамын,-дейт.
Кыраанкара баягы кызга:
-Эмесе, Каракөз айымдын ашык болгон жигити алыстан келиптир,
анын турган жерин көрсөтүп кой,-деп ээрчитип алат. Токойду аралап
жүрүп олтуруп, бир мезгилде араң жетишет. Ал жерден Кыраанкара
Каракөз айымды чоң куржундун бир көзүнө, Жансүйөрдү экинчи көзүнө
салып көтөрүп жөнөйт. Күзөтчүлөр байкап калып кууйт.
Кыраанкара канаттуулардын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн тилин
билген, бир уктаса кырк күн уктап, кырк күнге чейин уктабаган күлүк киши
болгон зкен. Ал:
-Бүгүн үйгө жетебиз, мен кырк күн уктаймын, менин кырк бөлмөлүү
үйүм бар, силерге бир аял кырк бөлмөлүү үйдү бирден кыдыртып чыгат,
ичиндеги дүнүйөлөрдү көрсөтүп кайра жыйнаганча кырк күндүн өткөнү
билинбей калат дейт,
Ошол күнү Кыраанкара тигилерди ийнине көтерүп алып үйүнө
келип, баягы өзү айткандай уктайт. Бир аял үйпөрдү ачып ичиндеги
шаан-шөкөттөрдү тигилерге көрсөтө баштайт. Кыркынчы бөлмөнү ачып
көрсөтөт, анда эки окшош тулпар турат. Аял эки тулпарды Каракөз айым
менен Жансүйөргө жетелетип сугартат. Аңгыча бир калдайган кара
булут келип, эки тулпар менен эки кызды көтөрүп алып кетет. Ошол күнү
Кыраанкара ойгонот.
-Ага эки тулпарды, эки кызды бир кара булут келип көтөрүп кетти,-
дейт бала.
Анда Кыраанкара:
-Бир Тулпар меники, бир тулпар Алп кара куштуку болучу, экөөбүз
мелдешип жарышканбыз, ал асманда учкан, мен жерде жүгүргөнмүн,
ошондо Алп кара куштан мен чыгып, анын тулпарын утуп алганмын. Ал
ошого ичи күйүп алып кеткен турбайбы,-дейт да, чоң балтасын көтөрүп
барып, бир чоң теректи кыя баштайт. Көрсө, Алп кара куштун жаны ошол
жерде экен, ал:
-Кара жаным, кыйба, ой жаным ай, жаным! Мына аманаты?,-деп эки
кызды, эки тулпарды алып, түшүп келет.
Эртеси Кыраанкара баланы бир ийнине, кыздарды бир ийнине
көтөрүп, баланын үйүнө жөнөйт. Ошол күнү анын үйүнө жетпей, бир
токойго конуп калышат. Кыраанкара уктамыш болуп жатса, бир маалда
дарактын башына үч көгүчкөн конот, бир көгүчкөн:
-Бул баланын атасы ушул кызды алганына капа болуп, балам
ууланып өлсүн деп, уудан куш, уудан ээр токумдуу ат, уудан тайган алып
атасы эртең тосуп чыгат,-дейт.
Эртең менен турушкандай кийин Кыраанкара балага:
-Сенин атаң сенин келинчек алып келатканыңды билип, алдыңдан
ат-куш жана тайган алып чыгат, досум, ошол үчөөнү тең мага бергин,-
дейт.
-Берейин,-алар сага аздык кылат, андан дагы көп нерсе берсем
болот эле,-дейт бала.
Эртеси баягы Кыраанкара айткандай баланын атасы атын, кушун
жана тайганын алып, баланын алдынан чыгат. Атасы:
-Балам, мына бул атты минип, кушту алып, тайганды ээрчитип ууга
чыгып, көңүлүңдү ачкын, сенин келинчек алганыңа кубанып алып
келдим,-дейт.
Бала аларды алат да бүт досуна берет. Досу атты, кушту жана
тайганды алып токойго барат да, баарын өрттөп, күлдөрүн сууга салып
жиберет.
Атасынын айласы кетип, бир күнү баласы уктап жатканда:
-Баламды чагып өлтүргүн,-деп ажыдаарды жиберет. Кыраанкара
аны билип, уктабай кылычын алып, аңдып жатат.
Ажыдаар эшиктен жылып, үйгө белчесинен киргенде Кыраанкара
ажыдаарды бөлө чабат. Кан чачырап Каракөз айымдын бетине тиет.
Каракөз айым ууланып калбасын деп, анын бетине жоолук жаап, тамган
канды Кыраанкара соро баштайт. Бала ойгонуп, ичинен нааразы болуп
калат. Кыраанкара;
-Досум, мен сага жакшылык кылып жатам, сырымды айтпаймын.
Айтсам таш болуп каламын, жакшылыкты билбейт турбай-сыңбы?-дейт.
Бирок бала:
-Жок, сен дос эмес экенсиң, кас экенсиң,-деп такыр болбойт.
Кыраанкара:
-Эми, досум, сен үчүн таш болсом болоюн, сырымды айтайын, атаң
сенин Каракөз айымды алганыңды жаман көрүп жактырбай, өлтүрүү үчүн
ууланган ат, куш, ууланган тайган алып келип тосподубу. Алар менен
ууга чыкканда сен ууланып өлмөксуң, ошондуктан мен аларды алып
өрттөп жоготтум. Кийин чагып өлтүр деп ажыдаарды жиберди,
кылычымды даярдап түнү менен карап жатып, ал үйгө кирип келгенде
аны бөлө чаптым, анын каны Каракөз айымдын бетине чачырап калды
эле, ууланып калбасын деп канын соруп жатат элем,-дээр замат
Кыраанкара белине чейин көк таш болуп катып калат.
-Айткандай, бул көп жакшылык кылган эле, мунун жакшылыгынан
кантип кутулам,-деп бала Кыраанкараны көтөрүп алып жөнөйт.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бала бир жерге барып жатып калат.
Ак кийинген, ак боз ат минген ак сакал киши келип:
-Ой, балам, эмне жатасың?-деп ойготуп тургузат да:
-Сен барып Кара тоону тап, анда капкактуу кара булак бар, аны сен
“кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле” деп туруп,
Кыраанкаранын эң мурун буттарын салгын. Буту тыбырайт, кийин
булакка бүт денесин малгын, “ушунча уктаган экен-мин” деп тура калат,-
дейт.
Бала Кыраанкараны көтөрүп алып, Кара тоого жөнөйт, барып
капкактуу кара булакты табат, анын капкагын ачып:
-Сен кайдан табылчу элең, капкагың кайдан ачылчу эле!-деп эң,
мурун эки бутун салганда эки буту тыбырайт. Кийин денесин бүт салат.
-Ох!-деп Кыраанкара тура келет.
Бир аз эс алгандан кийин Кыраанкара баланы көтөрүп алып, бир
күндө үч айлык жолду басып, анын элине жөнөйт. Бала “Кы-раанкара
жолду мурункуга караганда кандай басып калды экен, сынап көрөйүн”,
деп тебетейин жерге түшүрүп коёт да:
-Ой, досум, тебетейим түшүп калды!-дегендин ортосунда
Кыраанкара жарым күндүк жолго жүрүп кеткен экен.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баланын айлына келсе, көп элдин
карааны көрүнөт. Кара кементай кийген, кара өгүз минген бир койчу
жолугуп калат. Андан сураса, ал койчу:
-Балам болсо өлдү, анын досу Кыраанкара болсо таш болуп калды
деп ашын берип, эми кан эки кызды аламындеп той берип жатат. Бул эл
ошол тойго келген эл,-дейт. Муну угуп Кыраанкара койчуга:
-Сен канга барып “акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна
сал” дегин,-дейт.
Койчу канга барып:
-Эй кан, акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна сал, – дейт.
-Бул жаман койчу эмне дейт?-деп кандын жигиттери койчуну
тызылдатып кууп калышат. Ал Кыраанкараны көздөй качат. Кыраанкара
кылычын алып келгендерди кууп, чаңын асманга чыгарып, кыргын салат,
канды туткундап, дарга асат.
Ошентип бала таажы кийип, такка олтуруп, атасынын ордуна кан
болот. Чоң той берип Каракөз айымды алат, берки кызды Кыраанкарага
берип, кош айтышып, аны элине жөнөтөт.

АСАН МЕНЕН ҮСӨН

kartinki gnezdo 23
kartinki gnezdo 23

Илгери, илгери бир чал-кемпирдин Асан, Үсөн деген эки баласы
бар экен. Бир күнү чал отун алып жатса, калың куурайдын ичинен бир
тоок учуп чыгат. Ал тооктун жаткан жерин караса, уя толгон жумуртка.
Чал тузак тартып коюп базарга кетет. Отунун сатып, кайра келип караса,
тузагына баягы тоок түшүп калган. Чал жумурткасын этегине салып,
тоогун көтөрүп үйүнө келет. Тоокту жүк жыйчу тактанын алдына бутунан
байлап бактырып коет.
Бир күнү чал беш-алты жумурткасын алып, “падышанын тоогунун
жумурткасына салыштырамын”, деп падышанын сарайына барат. Чалды
падышанын жигиттери кармап, падышага алып барат. Падыша чалдын
жумурткасын көрүп, алты дилде берип, алты жумурткасын сатып алат
да:

Жумурткаң болсо алып келгин, дагы дилде беремин,-дейт. Кийин
чал бир этек жумуртка алып барып, падышадан бир этек дилде алып
келет. Чал дилдеге мал алып байып кетет. Арадан көп убакыт өтпөй,
чалдын кемпири өлүп калат да жаш катын алат.
Күндөрдүн биринде чал базарга сатамын деп, бир короо ириктерин
айдап, шаарга барат. Ошол шаардын каны бул кедей чал тез эле кантип
байып кетти деп таң калат да, чалдын үйүн тегерете карап эч нерсе
байкабайт. Эми кетейин деп эшикке чыгып бара жатып, жүк жыйгыч
тактанын алдындагы байланып турган тоокту көрөт.
Кан:
“Ырыс мунун мал тегинде эмес, ушул тоокто экен. Бул тооктун
канатын жеген токсон күндө кандыкка, башын жеген киши кырк күндө
падышалыкка жетет. Мен мунун башын жеп, түшпөс падыша болоюн”
деп ойлойт да, чалдын жаш катынына:
-Мен сени аламын. Сен тиги тоокту союп, башы менен канатын
бышырып кой, бир аздан кийин келемин,-деп үйүнө кетет:
Аял тоокту союп, казанга салып, баягы канды күтүп, күтүп
кечиккенинен:
-Кан эмне кечикти? Мен барып ээрчитип келейин, силер этти
бышырып тургула, – деп Асан, Үсөнгө тапшырып, канга кетет.
Асан менен Үсөн баягы тооктун этин бышырып жатып башы менен
канатын жеп коет. Кан этти караса, канат менен баш жок.
-Бул этти жебеймин, мага тооктун канаты менен башы керек болчу,-
деп тоокту жебей коет.
Анда аял:
-Иий, тооктун канаты менен башын Асан менен Үсөн жеп койгон
турбайбы,-дейт.
Анда кан:
-Балдардын өпкө-боорун бышырып кой, мен эртең менен келип
жеймин,-деп үйүнө кетет.
-Эртең менен баддар медресеге кеткенден кийин жолунан тосуп
Асан, Үсөндү өлтүрүп, өпкө-боорун алып кел,-деп аял үйүндө оокатка
жардам кылып жүргөн чалды жиберет.
Чал мектепке барып, Асан, Үсөндү чакырып алып:
-Өгөй энеңер силерди өлтүрүп, өпкө-бооруңарды алып келгин деп
мени жиберди. Силер бир күчүк, бир мышык таап келгиле,ал экөөнү
өлтүрүп, өпкө-боорун көйнөгүнөргө ороп койгула, меншаарга барып
силерге көйнөк, оокат алып келемин. Көйнөк кечекти кийип, азыгыңарды
көтөрүп алып качкыла,-дейт.
Асан менен Үсөн бир күчүк, бир мышык алып келишет, баягы чал
айткандай кылат.
Чал балдарга кийим-кечек, азыктарын алып келип:
-Эми силер качкыла, мен “өлтүрдүм” деп кан болгон көйнөгүңөрдү
жана ит менен мышыктын өпкө-боорун аялга алып барып беремин.
Силер ушул жол менен жүрүп олтурсаңар, жүрүп олтурсаңар эки
айрылыш жолго кез келесиңер, Чоң жолуна улууң, кичинесине кичүүң
түш,-дейт да, жолду көрсөтүп өзү кайра кетет.
Чал аялга келип, баягы өпкө-боорду берет. Кан ошол өпкө-боорду,
жеп ууланып өлөт.
Асан, Үсөндүн атасы базардан келсе, балдар жок. Болгон окуяны
баягы чал толугу менен айтып берет, Асан, Үсөндүн атасы катынын кырк
кысырактын куйругуна байлап, сүйрөтүп жүрүп өлтүрөт.
Асан, Үсөн болсо баягы чал айткандай, эки айрылыш жолго түшүп
кетет.
Асан жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир калың элге жолугат.
Асан:
-Бул эмне болгон эл?-деп бир карыядан сураса, ал:
-Кан шайлашканы жаткан эл,-деп жооп берет.
Ошондо бир аксакал адам бөлүнүп чыгып:
-Мен кан боломун, мен кан боломун деп талашпагыла, андан көрө
кандын кушун учургула, ал кимдин башына барып консо, ошол киши кан
болсун,-деп кенеш берет.
Эл кандын кушун учурат. Куш Асандын төбөүне конот. Асан тажы
кийип, такка олтуруп кан болуп калат.
Үсөн жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир үйгө келет. Ал үйдө бир
кызы бар чал-кемпир бар экен. Чал:
-Кайдан жүргөн баласың?-деп сурайт Үсөндөн. Анда Үсөн:
-Баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм!-дейт.
-Мага бала болгун, балам!-дейт чал.
-Болсо, болоюн.
Үсөн баягы үйдө жатып калат. Эртеси чал менен кемпир эртең
менен эрте туруп:
Бул эмне болгон бала болду экен?-деп карашса, Үсөндүн башында
бир шише дилде турат.
Кемпир ал шише дилдени катып коет. Ар күнү Үсөндүн башында
дилде боло берет, аны кемпир алып ката берет.
Ошол элде бай жана дубакөй, эри жок, Шатырадолу деген аял
болот. Ал Үсөндүн ичинде тооктун канат эти бар экенин билип, ошол
тооктун канат этин алуу үчүн:
-Ким чыгып келсе, мен ошого чыгамын,-деп балдарды жарыштырат.
Үсөн балдар менен жарышып биринчи болуп чыгып келет.
-Жарыштан чаңкап келдиң,-деп, Шатырадолу туз чыланган суу
берет. Үсөн ичип жиберип, кайра жүрөгү айланып кусат, ичинен тооктун
канаты чыгат.
Шатырадолу канатты көрөр замат жутуп жиберип, үйүнө кирип
жатып алат. Үсөн үйүнө келип жатат, бирок эртең менен турса баягыдай
күндө чыгып турчу дилде жок. Ал бардыгын түшүнүп:
-Кой, бул үйдөн кетишим керек,-деп жөнөп кетет. Жүрүп олтуруп,
жүрүп олтуруп бир жерге келсе эле үч киши мушташып жатат. Үсөн:

Эмне мушташып жатасыңар?-деп сураса, алар:
-Биз жайыл тасторконду, ур токмокту жана аса-мусаны талашып
урушуп жатабыз, дешет.
Үсөн:
-Жайыл тасторконуң эмне?
-“Жайыл тасторкон, жайыл” десе дүйүм тамак даяр болот.
-Ур токмогуң эмне?
-Кимге каршы болсоң, ошону “ур, токмок, ур” десе, аны селейте
коет экен.
-Аса-муса дегениң эмне?
-“Каалаган жериме жеткир” деп минсең, каалаган жериңе жеткирет.
Биз аса-мусаны талашкан элек!

Эми урушпагыла, үчөөң жарышып келгиле, кимиңер чыксаңар
ошонуңар алгыла, мен Аса-мусаны кармап турайын,-дейт бала.
Ошентип Аса-мусаны Үсөнгө карматып коюп, баягы үчөө бул
айтылган сөздү ырас көрүшүп жарышат, узап кетер замат Үсөн
тасторконду курчанып, токмокту белине кыстарып, Аса-мусаны минип:
-Эми, Аса-муса, мени бир жакшы жерге жеткир,-деп көзүн жумат.
Бир маалда көзүн ачса, тунжураган токойдун ичиндеги көлөкөлүү
чынар теректин түбүндө жатат, Үсөн баягы тасторконду жайып алып,
тамак ичет да, теректин түбүнө жатып уктап калат, ойгонсо түш болуп
калыптыр. “Ии, мен ушул жерге, Шатырадолуну алып келсем, жакшы
болгон турат”-деп бала баягы аялга барат. Шатырадолуну ээрчитип
келип, Үсөн жайыл тасторконду жайып, Шатырадолуга тамак берет,
аябай сыйлайт. Ошол жерде Үсөн бир маалда уктап кетет. Шатырадолу
жайыл тасторконду, токмокту алып, Аса-мусаны минип үйүнө кетип
калат. Үсөн ойгонуп караса, жайыл тасторкон, ур токмок, Аса-муса жана,
Шатырадолу жок. Үсөн аябай капа болуп, ары чуркайт, бери чуркайт,
бирок, Шатырадолудан кабар жок, акыры чарчап чаалыгып уктапкалат.
Бир маалда ойгонсо:
-Ой, бала, тургун! Чынар теректин жоонураак бутагынан кескин,
анын баш аягын таарыгын да минип алып, Шатырадолунукуна жеткир
десең, ал жеткирет. Ага барганда, Шартырадолуну көк эшек бол деп,
ошол терек менен башка ур, ал эшек болуп калат деген үн чыгат.
Үсөн туруп чынар теректен кыркып, баш-аягын кесип минет да:
Шатырадолуга жеткир!-дейт.
Чынар теректин бутагы Үсөндү Шатырадолуга жеткирет. Үсөн,
Шатырадолунун үйүнө кирип барып:
-Көк эшек бол,-деп башка бир коет. Шатырадолу ошол замат көк
эшек болуп калат.
Бир күнү Үсөндүн үйүнө отун алып саткан үч жетим келет. Үсөн
аларга:
-Силер мынабу эшекке отунуңарды жүктөп, оокатыңарды кылгыла,
бирок дайыма мойнунан байлап жүргүлө, болбосо качып кетет,-деп
эшекти берет.
Балдар отун жүктөп бир күнү эшекти качырып жиберишет. Ал
барып падышанын жигиттеринин колуна түшүп калат.
Эртеси балдар эшегин издеп такыр таба алышпайт. Издеп жүрүп,
издеп жүрүп Асан падышанын жигиттери байлап койгон жерден
табышат. Асан падыша жигиттерине:
-Бул эшек тегин эшек эмес, ээси келсе, менден уруксатсыз
бербегиле,-дейт.
Баягы үч жетим эшекти таанып алып кетебиз десе, падышанын
жигиттери такыр бербей коюшат. Ал үчөөнү ээрчитип алып падышага
алып барат, падыша:
-Бул кимдин эшеги эле?-деп балдардан сураса, алар:
-Үсөн мырзаныкы,-дешет.
-Үсөн менин иним окшойт, ээсин алып келмейинче бербейм,-деп
эшекти Асан балдарга бербей коёт.
Үч жетим Үсөндү падышага алып келсе, өзүнүн бир тууганы. Ошол
жерден Асан менен Үсөн табышып, атасын алдырып, экөө эки жерге
падыша болуп жатып калган экен.

ЖАГАЛЫМ

maxresdefault 5

Илгери, илгери бир кан болгон экен, анын аялы өлүп, андан
Жагалым деген уул, Карчыга деген кыз калат. Күндөрдүн биринде кан
бир сулуу аялга үйлөнөт. Аялы балдарга аябай өч чыгат.
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга
толтурат. Бир күнү кандын аялы:
-Үйдө эт, майга толтуруп балаң үйдү сасытып жиберди, бул
баланды жогот, же өлтүр, болбосо мен кетем,-деп ыйлай баштайт.
Кандын айласы кетип, баланы өлтүрмөкчү болот. Муну Карчыга
билип калып, агасын кайтарып калат.
Бир күнү Карчыганын башка бир жеңеси келип:

Кыз, бүгүн биздин үйгө барып, мага бир кемсел бычып берчи –
дейт. Карчыга: “Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп
коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын” дейт да, жеңесине:
-Баралбайм, колум бошобойт,-деп барбай коет.
-Эртеси баягы жеңеси келип, Карчыганы акидей асылып жатып,
үйүнө ээрчитип кетет. Кан менен аялы көк уйду туюк союп, Жагалымды
өлтүрүп ага салып, оозун бекем бууп, көлгө салып жиберишет.
Жагалымдын кийимдерин жүктүн артына катып коюшат.
Карчыга үйүнө келсе агасы жок, “Жагалымды өлтүрүшкөн экен”
дейт да, аны издей баштайт. Жүктүн артынан агасынын кийимдерин
таап, аларды өзү кийип, атын минип, талаага чыгып, ар кимден сурап
жүрүп олтурат. Эч бир көргөн, билген киши жок, табалбай кыйналат.
Карчыганын атына тил бүтүп: “Агаң көлдө жатат”,-дейт.
Карчыга бир койчуга барып:

Койчу, койчу дешелик, бир табактан жешелик, тар төшөктө
жаталык, Карчыгадай кара беттин кара башы сүйүнчү, ушул көлдөн
Жагалымды алып чыгып бергин,-дейт.
Койчу кочкорун минип көлгө түшөт, кочкору сууга кетет, өзү өлдүмталдым дегенде араң чыгат.
Карчыга андан кийин уйчуга, төөчүгө, жылкычыга барат, алар да
алып чыга албайт. Айласы кеткенде сууга өзүм түшөйүн, бир
тууганымдан ажыраганча, өлгөнүм жакшы деп сууга түшмөкчү болгондо
атына тил бүтүп:
-Сен түшпөгүн, мен алып чыгамын,-деп сууга түшөт да, суудан
Жагалымды алып чыгат.
Карчыга “агамды курт-кумурска жебей турган жерге көмөйүн,” деп
көзүнүн жашын көл кылып, өңөрүп алып кетип баратып, кара ташка
жолугат.
-Жарылгырдын кара таш, жарылып кетсең не болот, Жагалымдай
жалгызды, коюп кетсем не болот?-дейт,
Ошенткенде кара таш чарт тең бөлүнөт, бирок ичи курт-кумурскага
жык толгонун көрүп, ага көмбөй андан ары кетет. Андан ары жүрүп
отурса алдынан ак таш көрүнөт, ага кайрылып Карчыга:
-Жарылгырдын ак ташы, жарылып кетсең не болот, Жагалымдай
жалгызды көөмп кетсем не болот?-дейт.
Ак таш жарылат. Курт-кумурскалар жок, ичи таптаза экен. Карчыга
агасын көмөт да, андан ары өзү кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга “Ким жамбыны атып
түшүрсө, кызымды ошол жигитке беремин”,-деп Кара кан элин жыйып
алып, той берип жаткан жерге барып калат. Жамбы аткандарды карап
турса, аны эч ким атып түшүрө албайт.
-Мен атып көрөйүнчү, тээ атымдын жанындагы мылтыгымды алып
келе койчу,-деп Карчыга бир баланы жумшайт.
Ал бала барып мылтыгын көтөрө албайт. Карчыга барып мылтыгын
чыпалагы менен көтөрүп келет да, жамбыны атып түшүрөт. Эл
Карчыганы:
-Кан күйөө, бек күйөө,-деп көтөрүп кетишет.
-Бир агам жолоочу жүрүп кеткен эле. Ошол атамды таап келейин,-
деп Карчыга колуктусун алгандан кийин, андан ары жөнөп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп, Карчыга “Ким жамбыны атып
түшүрсө, кызымды ошого беремин” деп элин жыйып алып, жамбы
аттырып жаткан Кызыл кандын тоюна кез келет. Карап турса,
жигиттердин эч кимиси ата алышпайт.
-Мен атып көрөйүнчү,-деп Карчыга мылтыгын алат да жамбыны
байлап койгон жибин үзө атат. Эл Карчыганы:
-Кан күйөө, бек күйөө деп, топтолгон элдер көтөрүп кетишет.
Карчыга Кызыл кандын кызын алат да:
-Менин жолоочу жүрүп кеткен бир агам бар эле, ошол агамды таап
келейин,-деп дагы издеп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп Карчыга “Ким жамбыны атып
түшүрсө, ошого кызымды беремин”, деп той берип жаткан Ак кандын
тоюна туш келет. Карчыга карап турса жамбыны эч кимиси ата албайт.
Карчыга жамбыны саландата байлап койгон жибин үзө атат.
-Кан күйөө, бек күйөө,-деп Карчыганы топ элдин ичинен көтөрүп
кетишет.
Ошентип Карчыга Ак кандын да кызын алат. Бирок Ак кандын кызы:
“Бул эркек эмес – аял, мунун эркек же аял экенин билиш үчүн буга ийик
саптаталы. Эгерде эркек болсо, ийикти сулуу кылып саптайт”,-деп
Карчыгага ийик берет.
-Ийикти кантип сулуу саптаймын?- дейт Карчыга атына. Аты
ийиктин сабын оозуна салып туруп кайра таштап коет, ийиктин сабы
жылмаланып түшөт. Карчыга ийикти саптап бере салат. Кыздын
жеңелери сапталган ийикти көрүп:
-Сонун саптаган турбайбы, койчу ботом эркек эле экен, аял болсо
ушундай сулуу саптамак беле?-дешет.
Ак кандын кызы буга ишенбейт да, үйдүн эки капшытына бир
эркектин ээр токумун, бир аялдын ээр токумун коет. Эгерде эркек болсо –
эркектин ээр токумун, аял болсо – аялдын ээр токумун карап өтөт дейт
да, Карчыганы:
-Үйгө кирип үйдөгү ээр токумдарды көрүп чык,-дейт.Карчыга дагы
атына кеңешет. Аты “Эркектин ээр токумун карап, аны кармалап өт”,-
дейт. Карчыга эркектин ээр токумун карап өтөт.
-Эркек эле турбайбы, кыздын ээр токумун карабастан, эркектикин
карап өттү го, курулай эле сүйлөй бересиңби?-дейт кыздын жеңелери.
Кыз буга да ишенбей өңчөй эркектерди жарыштырып сынаймын,
“кыз болсо – этегин кымтырынып жүгүрөт, эгерде эркек болсо –
кымтырынбай жүгүрөт” дейт да, Карчыганы жарышкын дейт. Карчыга
атыга айтат: Аты: “этегинди кымтырынбай жүгүргүн”-дейт.
Карчыга жарышка катышып, этегин кымтырынбай жүгүрөт. Кыздын
жеңелеринин айтканы чын болуп чыгат, кыз да эркек экен деп ишенип
калат.
Карчыга үч аялынан:
-Атаңардын кандай жакшы буюму бар, ошону мага сурап бергиле,-
дейт.
Ак кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо аласалып кетет деп,
атасынын алтын чокморун сурап берет. Кызыл кандын кызы өлгөн
кишиге тийгизип койсо, күңгүрөнүп калат деп атасынын күмүш чокморун
сурап берет. Кара кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо, ал үшкүрүп
тура келет деп, атасынын жез чокморун сурап берет. Карчыга үч
чокморду алып, үч аялын үч жол менен көчүрөт, мен агамды издеп таап
келейин деп, өзү андан ары жөнөп кетет.
Үч аял көчүп барып баягы белгилеп койгон жерге конушат.
Карчыга ак ташка барат, башынан өткөндөрүн, көргөн-билгендерин
бүт жазып туруп, ээрдин алдынкы кашына жабыштырып коет да:
-Жарылгырдын ташы жарылып кетсең болбойбу, мен бир боорум
Жагалымды алып кетсем болбойбу?-дейт.
Ак таш жарк деп ачылат. Карчыга ак чокморду агасына тийгизип
койду эле, агасы аласалып кетти, күмүш чокморду тийгизип койду эле,
агасы күңгүрөнүп сүйлөдү, жез чокморду тийгизип коюп, өзү коен болот
да жылт коет.
-Өх, көпкө уктап калган турбаймынбы,-деп агасы үшкүрүп тура
калат. Жагалым кийимин кийинип, атын минейин десе кат жатат, ал
катты окуп бардык болгон ишти түшүнөт, анан атын минип алып жөнөйт.
Кетип баратса бир топ киши бир коёнду тызылдатып кууп келе жатат. Ал
коен чымылдап келип эле Жагалымдын койнуна кире качат. Кууп
келаткан кишилер коёнду таба албай калышат. Жагалым болсо, аны
Кара кандын кызына алып барып:
-Ушул коёнду жакшы бак,-деп колуна берет.

Бирок Кара кандын кызы жакшы карабай, коёнду арыктатып
жиберет. Жагалым андан коёнду алып, Кызыл кандын кызына:
-Ушул коёнду арыктатпай жакшы бак,- деп дайындап берет. Бирок
ал дагы жакшы бакпай андан бетер жүдөтөт.
Жагалым андан коёнду алып, “жакшы бак, жакшы кара” дебей эле
Ак кандын кызына алып барып берет. Ал аялы коёнду убагы менен
тамагын, суусун берип жакшы багып, жакшы карайт.
Коен он чакты күндөн кийин эттенип, кулпунуп өңүнө чыга келет. Ак
кандын кызы анын адамзат экенин билип:
-Сен коен эмессиң, сен адамзатсың, чыныңды айт,-деп өпкүлөп,
жыттагылап, бооруна кысса, бир маалда баягы коен кызгүрүнө келет.
“Ак кандын кызы коёнду жакшы багып жүрүп кыз түрүнө
айландырыптыр” деген сөз тигил эки аялына угулат. Эки күндөш Ак
кандын кызын көрө албай, кайынсиңдисин багалбай өлтүрүп алыптыр
деген жаманаттыга калтырыш үчүн “кыздын башын сен кара, ошондо
мен мээсине темене кагайын, ошентип кызды өлтүрөлү”,-деп кеңешип,
Ак кандын кызыныкына келишет.
Эки күндөш кызды боюна тарта башташат, бири жүйрө олтуруп
кыздын башын карайт. Экинчиси:
-Иий, мына бит, иий, мына сирке,-демиш болуп олтуруп, кыздын
мээсине теменесин кагып жиберет.
Жагалым ыйлап-сыктайт, айласы канча-көнөт. Жагалым алтындан
көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет. Жапайы бугуну
карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки
мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен
аркандатып коет. Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо
качып кетет.
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк
таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт.
Баягы бугу качып жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп капкан салып, тузак
тартып оокат кылып жүргөн кемпир-чаддын капканына түшүп калат. Чал
капканына түшкөн бугуну союп, көтөрүп жүргөн көмүркөйүн алып үйүнө
келет. Көмүркөйдү ачса, андан айдай сулуу кыз чыгат. Аны көмүүгө ыраа
көрбөй башын сылап отурушса, бир маалда колдоруна баягы темене
урунат. Ал теменени сууруп алышса, кыз тирилип кетет.
Чал эртеси тузагына барса, бир карга жатат, алып соеюн десе,
карга адамдын тили менен:

Мени сойбогун, Карабай деген бай мен боломун, менден
каалаганынды алгын,-деп жалынат.

Мен сени кое берейин, кийин сага барганда сураганымды
бересиң,-деп чал Карабайды кое берет.
Чал бир күнү Карабайдыкына барып келейин деп барса, кой, уй,
жылкы жер бетин бербей жайылып жүрөт. Чал малчылардан:
-Бул кимдин малы?-дейт.
-Бул төрт түлүк Карабайдыкы!
-Карабай менин тузагыма түшкөндө “эмне алсаң, ал” деди эле, эми
малынан сурап алайын,-дейт чал малчыларга.
Анда малчылар:
-Сен бул малды алып эмне кыласың, андан көрө Карабайдын
жайыл тасторкон деген тасторкону бар, аны “жайыл тасторкон”десең,
бүт тамак-аш, дүйүм жемиштер даяр болот. “Чыч чебич” деген чебичи
бар, аны чыч чебич десе, өрүк мейиз чычат, “бышсабасы” бар, аны “быш
саба, быш” десе, кымыз бышышы даяр болот. Ур токмогу бар, аны “ур
токмок” десе, душманыңды токмоктоп талкалайт, сен ошолорду сурап
ал,-дешет.
Чал барып Карабайдан жайыл дасторконун, чыч чебичин, быш
сабасын, ур токмогун сурайт. Карабай ары карап ыйлап, бери карап
күлүп баягыларды берет. Чал жайыл тасторконду, чыч чебичти, быш
сабаны, ур токмокту алып үйүнө келип байып жатып калат.
Чалдын бул буюмдарын көрүп жана анын байып кеткенине ичи
тарланган айылындагы кескилер токмоктон башкасын уур-дап кетишет.
Эртеси чал айылындагыларга барып:
-Менин жайыл тасторконумду, чыч чебичимди, быш сабамды
уурдап кетиптир, ким уурдаганын көрдүңөрбү?-деп сурайт.
Айылындагылар:

Көргөн жокпуз, билген жокпуз,-деп коюшат.
Чал:
-Силер эле уурдадыңар, алыстан ууру келмек беле, ур токмогум
ур,-дейт.
Ур токмок бир асманга чыгып, бир жерге тийип элдин башы-көзүн,
колу-бутун сындырып, тос-тополоң кылат.
-Берели эле берели, биз алганбыз, деги токмогуңду токтотчу бөөдө
өлүп калбайлы,-дешип уурулар чалга жалынышат.
-Урба, токмогум, урба,-деп чал токмогун араң токтотот. Уурулар
уурдап алгандарын чалга беришет.
Ошол күндөрдө бир кан жигиттерин ээрчитип куш салып чыгат, ал
куш чалдын алачыгынын түндүгүнө келип конуп калат. Кандын жигити
келип:
-Үйдө ким бар, кушту алып бергин,-дейт.
Үйдөгү кыз кушту алып эшикке чыгат. Ал кызды көрүп сулуулугуна
суктанып, жигиттин эси ооп калат да, кушун камчыланып чапкан бойдон
канга барат. Караса, колундагы куш өлүп калыптыр.
Кан үйүнө барып башка куш алып келип дагы салат. Ал кушу дагы
баягы алачыктын түндүгүнө барып конот. Кандын бир жигити келип:
-Кушту алып бер!-дейт.
Карчыга кушту алып чыгат. Жигит кызды көрүп эси ооп, кушун
камчыланган бойдон канга барат, кушу дагы өлүп калат.
Кан үйүнөн куш алдырып, эми өзү салып чыгат. Бул жолу да куш
баягы чалдын алачыгына барып конот. Кан өзү барып:
-Кушту алып бер,-дейт.
Карчыга кушту алып чыгат. Кан кыздын сулуулугуна кызыгып чалды
чакыртат. Карчыга чалды эмне үчүн чакыртканын билип, көздүн
кабыгынан тигилген баштык берип:
-Ушул баштыкты толтуруп алтын берсеңиз, мен сизге кызымды
берем деңиз,-дейт.
Чал канга келет. Кан:
-Мага кызынды бер,-дейт.
-Ушул баштыкты толтуруп алтын берсеңиз, кызымды сизге берем,-
дейт.
Кан казынасындагы алтындан баштыкка салдырат, баштык
толбойт. Бүт алтынын салдырат, эч толбойт. Айласы кетип, эмне
кыларын билбей турганда бир мастен кемпир:
-Мени он сегиздеги балага алып берсең, мен мунун айласын
табам,-дейт.
Кан макул болот. Ошондо кемпир төгөрөктүн төрт бурчунан төрт
чымчым топурак салат, баштык толуп, ашып-ташып кетет.
Той берип, шаан-шөкөт менен кан Карчыганы алат, ал бир эркек
бала төрөп берет. Бала чоңоюп балдар менен чүкө ойной баштайт.
Энеси баласына болгон окуяны айтып түшүндүрөт да, балдар менен
чүкө ойногондо:
-Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу деп ойногун,-
дейт. Баласы балдар менен чүкө ойногондо:
-Бул менин колум эмес, таякем Жагалымдын колу,-деп балдар
менен ойноп жүрөт.
Карчыганы издеп жүргөн Жагалым тиги баланын сөзүн угуп балага
келет, баладан жөн-жай сурайт.

Мен кандын баласы боломун, энемдин аты – Карчыга, таякемдин
аты – Жагалым,-дейт бала.
Ошентип Жагалым карындашын таап, жыргап-куунап жатып
калышыптыр дейт.

БУЛБУЛ

image3
MJwTEKMhwjaLgE1BTDPQ y XHzvjVXtkD9VkPWYZOSBa33bdQHtHSs6PeQCdIUTQwId8rp90TqI6uNgeywsbRXPov6PAjwW

Байыркы заманда бир чал булбул экөө дос болуптур. Чал мергенчи
да комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон
кийик атып келип оокатын өткөрөт. Токойдо сайраган түрдүү канаттуу
куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды тууратып комуз чертип,
түрдүү-түрдүү күү чыгарат.
Күндөрдүн биринде булбул чалдын күүсүнө кызыгып:
-Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу,-дейт.
-Макул,-деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар
кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап,
анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп
кетет. Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат.
Булбул кийин абдан такшалат.
Анын сайраганын уккан эл тыңшап эле олтургусу келип, таң
калышат. Ошондо абышка тигиге кайрылат.

Досум, сенин сайраганын бүткүл элге жагып калды, бардыгы эле
уккусу келишет. Бирок күндүзү иш менен күйпөлөктөп жүрү-шүп жакшы
уга албай жатышат. Ошондуктан түнкүсүн сайрагын, түнкүсүн эл бош,
сайраганынды угуп ыракаттана маашырла-нышсын,
Булбул сайроону комуздай үйрөнүп, чал досунун айтуусу бо-юнча
дайым түнкүсүн сайрап калган экен.

ДОСТУК

barsuk12
barsuk12

Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос
болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип,
дайым бир жүрүшөт.
Канаттуулар үпүптү убадага бек, сөзгө туруктуу дешип, өздөрүнө
бий шайлап алышат.
Үпүп ар күнү арызданып келген канаттуулардын арыз-датын угуп,
аларга калыс туруп, эч кимисине жаман айтпай, көңүлдөрүн калтырбайт.
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл
жан-жаныбар, канаттууларга угулат. Үпүптүн алдынан чыккан
айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка
манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда
баягы кашкулак досу эсине түшөт. Ал досун алдырып-алып, ага:
-Экөөбүздүн достугубуз чын болсо, семизибизди соёлу, эт-майына
тоелу,-дейт.
Кашкулак үпүптүн көпкөнүн билет да:
-Үпүп дос, экөөбүз кыйышпас жан элек. Канаттуулардын калыс бийи
элек, сөзүң эки болбосун, сенден семизмин, тамагың таза болсун,
тумшугуңду сууга жууп, тазалап туруп, союп жегин,-дейт.
Үпүп досунун айтканына кубанып тумшугун жууш үчүн сууга учуп
барат да:
-Дарыя, дарыя, мага сууңдан бергин, тумшугумду жууп тазалайын,
досум кашкулак этин бермек болду, семиз экен этин жейин,-дейт.
Дарыя бул досун жейин деген кандай келесоо неме деп жана
кашкулакка боору ачып, ары-бери толкуп чайкалат да:
-Суу берейин, бирок идишим жок, карапачыларга баргында идиш
алып келгин,-дейт.
Үпүп карапачыларга барып:
-Бир карапа бергиле, ага суу алайын, сууга тумшугумду малайын,
кашкулак досум семиз экен, этин жейин,-дейт.
Карапачы өзүнүн досун жейин дегенге ачуусу келип:
-Сен талаага бар да, топурак алып кел, мен сага карапа жасап
берейин,-дейт.
Үпүп талаага учуп барып:
-Талаа, Талаа! Топурагыңдан берчи. Мен аны карапачыга алып
барайын, ал мага карапа жасап берсин! Карапага суу алып, тумшугумду
малып тазалайын да кашкулак достун этин жейин,-дейт.
Талаа:
-Топуракты каса турган күрөгүм жок, сен тоодогу кийикке баргын да
мүйүзүн сура. Ошол мүйүз менен топурагымды касып алгын,-дейт.
Үпүп учуп жүрүп олтуруп улуу тоого чыгат, кырды кыдырып, сырды
сыдырып жүрүп, арсак-терсек аскада оттоп жаткан тоо текени көрөт.
-Мага мүйүзүңдү бергин, мүйүзүң менен топурак касып алайын,
топуракты карапачыга берейин, ал карапа жасап берсин, ал карапага суу
алайын, сууга тумшугумду малайын да, жууп-тазалап кашкулак досумдун
этин жейин,-дейт.
Тоо теке ачуусу келип:
-Мүйүзүмдү бербеймин, кыйын болсоң, ит алып келип тиштетип
алгын,-дейт.
Үпүп кайра түстөгү жашап жаткан элге учуп келип, айылдан ит
карайт. Кыдырып жүрүп бир итти көрөт, ага кайрылат:
-Ой, ит, кеттик. Тоодо бир теке оттоп жүрөт. Ошону барып
тиштегин, этине тойгун. Мен болсом мүйүзүн алайын, ал мүйүз менен
топурак казайын, топуракты карапачыга берейин, карапачы карапа
жасап берсин, мен анан ага суу алайын, тумшугумду малайын да, таза
жуунуп, кашкулак досумдун этин жейин,-дейт.
Ит:
-Кийикти кууп тиштөөгө күч-кубатым жок, курсагым ач, мага сүт
алып келип бергин да тойгузгун, анан текени тиштеп берейин,-дейт.
Үпүп малдын жайытын көздөй учуп жөнөйт. Жайыттан эрменди
сыдырып жеген, тоо тулаңын кыдырып жеген бир эчкиге жолугат, ага:
-Сүтүндөн бер, мен итимди тойгузайын, ал анан тоо текени
тиштесин, мен мүйүзүн алайын да, топурак казайын, аны алып барып
карапачыга берейин, ал мага карапа жасап берсин, ошол карапа менен
суу алып, сууга тумшукту малып тазаланайын да, кашкулак досумдун
этин жейин,-дейт.
Эчки үпүпкө ачуусу келип:
-Карыдым, улагымды да тойгуза албаймыи, же тоонун тулаңына
жетпеймин. Сен тулаң алып келсек, мен дырдыйып тоюп, анан сага сүт
бербейминби,-деп тетирленди.
Үпүп жүткунүп учуп, тоонун тулаңына жетти:
-Эй, Тулаң, чөбүңдөн кайрылыш, мен эчкиге берейин, ал жеп тоюп,
сүт берсин! Аны итке берейин, ит тоюнуп, тоо текени тиштесин, мен
мүйүзүн алайын да, топурак казайын, аны карапачыга берем, ал мага
карапа жасап берсин, ага суу алайын, тумшугумду малайын, анан
тазаланып, досумдун этин жейин.
Тулаң “өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да,
досчулук да жок турбайбы” деп ачуусу келет:
-Баргын да орок менен оруп ал.
Үпүп түстөгү айылга келет. Издеп жүрүп устаны табат. Темир уста
өзүнүн досун жеймин деген мыкаачыны жоготоюн дейт да, үпүпкө:
-Тетиги кампада көмүр бар, ошол көмүрдү алып келгин, орок жасап
берейин,-дейт.
-Үпүп кампага кирет. Уста эшикти жаба салат. Үпүп кампада
камалып жатып өлөт. Ошондон улам элде “бирөөгө ор казсаң тайыз каз,
өзүндүн чыгарыңа жакшы” деген макал айтылып калган экен

АРСТАН КҮЧҮГҮН АСЫРАГАН МЫШЫК

111150 1
111150 1

Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын
жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат. Арстандын
күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Өз тамагын өзү таап жей
баштайт.
Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот.
Мышыык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына
чыгып кетет. Ошондо Арстан Мышыкка:
-Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемденда
ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп бакканда эмне үчүн тал башына атып
чыкканды үйрөткөн жоксун,-дейт.
Анда мышык:
-Ой, айрымдуу балам! Сени кичинекейиңден боорума басып
өстүрдүм. Билген акылымдын баарын үйрөттүм. Бирок, кулкунуңдан
коркуп, бир өнөрүмдү үйрөткөн жок элем, аным акыл болуптур,-дептир.
“Кулгуну жаман кууратат” деген макал ошондон калган экен.

МЫШЫК МЕНЕН ЧЫЧКАНДАР

Skazka Druzhba Koshki i Myshki. Bratya Grimm
Skazka Druzhba Koshki i Myshki. Bratya Grimm

Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей
калды. Ал ойлонуп олтуруп, анан чычкандарга барды да:
Кымбаттуу туугандар, мен карып кеттим. Өткөн-кеткен күнөөм
болсо кечирип койгула… Эми татуулашалы. Бир-бирибизге чоңдукзордук кылбай тынч жашайлы. Кай бир иштеримди эстеп, өзүм да уялам,
мындан ары силерге тийбейм. Сопулукка баш койдум. Эгер ынтымакка
келсеңер, күндө үч маал жанымдан чубап өтүп, алымды сурап тургула,-
деди.
Чычкандар мышыктын “үлгүлүү” сөзүнө кубанышып, күндө келишип,
алын сурап турушту. Мышыктын амалын чычкандар эч бир сезишкен
жок. Бурчка тынч отуруп алып, чычкандарды өткөрүп жиберет да, эң
акыркы чычканды лып басып калып жеп коет. Күндө үч маал үч чычкан
жеп, өз ичинен кубанып гана жата берет.
Күндөрдүн биринде чычкандардын эң мыктысы Шылк мурун менен
Былкмурун чычкандардын азайып бараткандарын көрүп, мышыктан шек
санашып, аңдып калышты. Шылк мурун алдыга, Былк мурун артка
түшүп, бардыгы өтүп бүткөндө амандыкты билдирип, бири-бирине үн
салууга убада кылышып, мышыктын алдынан чубашты. Өтүп бүткөн
кезде алдыдагы, Шылк мурун:
-Сен кайдасың, Былк мурун?-деп кыйкырды.
-Мен баратам Түгөлбүз!-деп Былк мурун жооп берди.
Мышык Былк мурунду жей албай калды. Ошентип арадан көп күн
өттү. Мышык бир да чыччкан жей албай, ачкадан өлмөк болду. Акыры
мунун ачуусу келди да, эң арттагы Шылк мурунду качырып сала берди.
Алды артын абайлап жүргөн Шылк мурун булт берип, ийинге кире качты.
Аны чычкандар көрүп алып, мышыктын алдамчы экенин билишти.
Ошондон кийин чычкандар жолобой коюп, мышык ачкадан өлгөн экен.

КӨНӨЧӨК КИЙГЕН ТҮЛКҮ

picture
picture

Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен.
Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир
табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү
байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан
көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.
Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди.
Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып
көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра
чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы
кетти да:
-Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да
жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.
Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.
-Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле,
эми кое бер дебе. Каймак жейм деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин
билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, “үйгө барайын, балдарым бар” деп
чебелектейсиң! Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды
да салбайсың!
Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:
-Эмесе сенин жазаңды берейин да, сууга агызып жиберейин,-деп
өзөндү карай жөнөдү.
Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү
тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.

БААРЫНАН КИШИ КҮЧТҮҮ

Кыштын күнү кызыл кыргоол жээктеги бадалдан койкоюп чыгып,
чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чон-сууга кирди. Каптаган көк музду
кыдырып жүрүп, күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштады.
Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен.
-Ой-ей, көк муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жок бейм… Заматтын
ортосунда куйругумду куп кармайсың,-деди кыргоол.
-Жок, кыргоол,-деди көк муз,-менден жамгыр күчтүү. Ал жааганда
тымтыракайым чыгып бат эле эрип кетем.
Кийин жамгыр айтты:
-Мен кайдан күчтүү болоюн! Менден жер күчтүү, канчалык
шатырата жаасам да, бүт бойдон соруп алат.
Анда жер күңгүрөнүп тилге келди:
-Менден токой күчтүү. Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары
туш-тушка жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет.
Жо-жок, менде да күч жок,-деди токой. Баарынан өрт күчтүү. Ал
каптаса, соройгон гана сөңгөгүм калат.
Муну угуп турган өрт күңк этти:
-Менден шамал күчтүү. Андан аябай корком. Шамал катуу
соккондо, чаңым асманга чыгып, кайда качарымды билбей калам!
-Ырас эле менде күч көп,-деди шамал. – Жыгачты түбү менен
жулам, үйдү кулатам, отту чачам… Бирок ошондой болсо да, жерге жаңы
чыккан көк чөпкө эч алым жетпеди. Канчалык каарданып соксом да, ал
былк этип койбойт. Ошондуктан көк чөп күчтүү го.
Анда көк чөп сөзгө келген экен:
-Менде эч кандай деле күч жок. Калың кой каптаганда чымчылап,
мүлжүп жеп, туягы менен тепсеп, таза айламды кетирет. Жо-жок,
баарынан да кой күчтүү.
Анда кой байкуш минтип маараган экен:

Ма-а! менде балээнин күчүбү? Көк карышкыр жолукса, куйругумду
бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей
баштабайбы! Дүйнөдө карышкырдан өтөр эч балбан жок!
Силер эч нерсени билбейт турбайсыңарбы!-деп уулуду анда көк
карышкыр. -Баарынан киши күчтүү! Ал кыргоолду кылтактайт, музду
бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду
тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап
алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун
жанын чыгарып жок кылат. Мына ошондуктан дүйнөдө баарынан киши
күчтүү!..

ТҮЛКҮ, ЖОЛБОРС, АЮУ, КАРЫШКЫР

image
image

Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу – төртөө жолдош бодду. Тапканын
ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан келе жатышып алар
төөгө кезигишти. Төөнү да “бизге жолдош бол” деп төртөө кошуп алды.
Узак жол жүрүшүп, курсактары ачты. Түлкү буларга масылат кылды:
-Ии, бул төө ынанса, баасын он койго чегерелик. Жазында ар
бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой беребиз. Эки
кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,-деди. Бул сөздү түлкү
баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту:
-Төртөөбүздөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп. Эби келсе сени соёлу,
жазында койду алып магдырап жатып каласың. Койду бооз, кысыр
дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Койлор бооз чыгып калса, төлү менен
он алты болот. Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден
чыкпайт,- деп түлкү деле шек билгизбей жубатты. Төө ойлонуп: “Бул көп
олжо экен, булардын коюн алыш керек”,-деп өзүн он койго баалап,
тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
“Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин
мүлкү” деп, этин бешке бөлүп: бир бөлүгүн жолборско, бир бөлүгүн
аюуга, бир бөлүгүн карышкырга ыйгарып, бир бөлүгүн өзүнө чыгарып
алды. “Төө куру калабы” деп бир бөлүгүн түлкү төөгө бөлдү да, өзүнө
тийиштүү этке кошуп койду. Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн
Түкөң тымызын култ эттирип алды. Карышкырга бирөөн алыңыз деп
ишарат кылып турганда, аюу саксайып “жүрөгү жок го” деп, ы-ыңк” этти.
Дардайып тура калган Жокең:
-Төөнүн бөйрөгү кана?-деди. Түлкү “Бөрү жеп койду окшойт”
дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды.
Каары келген жолборс бөрүнү бир чаап өлтүрүп таштады. Аюу,
жолборс эттерин бөлөк жыйып коюп, тамашага кетти. Алар келгенче
түлкү акең карап турабы, төөнүн этин бүт бойдон бир үңкүргө бекитти.
Бир убакта аюу менен жолборс келди да:
-Эт кана?-дешти. Буга түлкү:
-“Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?”-
деп төө айнып туруп кетип калды,- деди. Аюу менен жолборс буга
ынанып калышты. Түлкү аларды алагды кылып ээрчитип, бир заңгелге
алып барды да жолборско кайрылды:
-Атаң ыраматылык ушул капчыгайдын тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө
секирип чыгып кетүүчү эле кайраның! Сен өтө албайсыңго, коркок
көрүнөсүң! Жолборс “бул эмне?” дегендей аны кекээрдүү тиктеп,
дардайып жөнөдү. Мактангысы келди окшойт, жүгүрүп келип баягы
заңгелдин башына ыгдырылып тура калды. Түкөң жалынга май
тамызгандай кылды:
Чамынганы, басканы, сын-сыпаты атасы ыраматылыкка окшош.
Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!..
Атаң ашкан эр эле, качыргандан кайткан эмес, кармаганын куткарган
эмес. Бет алган жагынан эзели кайра тартпай түйүлгөн боюнча секирип
кетээр эле, жүрөгүң тайкы дебейин, бирок жаштыгын да! – Ошондо
Жокең далдаңдап түйүлүп калган тура.
www.bizdin.kg
Анан күркүрөгөн бойдон таштан ташка тийип, бели сынган жолборс
өлдү. “Жокемдин сөөгүн таза жерге коем” деп, түлкү кийин этин жемекке
зыңыйта жашырат. Жанында жалгыз гана аюу калды. Түлкү мындан
башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү.
“Эми аюу акеме кезек келди го, мунун да эсебин табайын” деп
ойлонду. Жаткан жеринде катып койгон эттен кыйыбын таап, түлкү акең
аюуга көрсөтпөй, аста-секин жей берди. Аны аюу билбейт, ачка кесээрип
алсыроодо.
Аюу уктай албай жатса, -түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей
болот. Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат:
-Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп жатасың?
-Ээ, аюу балбан, чыдай албай, ачкалыктын азабынан өз ичимди
жарып, чучугумду жеп жатам. Ачкалык азап тура.
-Андай болсо мен да өз чучугумду чубап жесем болобу?
-Болбой эмне, сен деле мендей жан турбайсыңбы, чучугуңду чубап
жей бер. Эртең эле айыгып калат. – Аюу чымырканып бир тиштеп тартты,
өзүнүн ичи ооруганына чыдай албай жаны чыга жаздады.
-Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай
албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
-Сен анын эбин таба албайсың, мен оорутпай кең оюп, чучугуңду
чубап чыгарып берейин.
Аюу тартайып чалкасынан жатты. Түлкү тумшугун салып, аюунун
ичинен чучугун сууруп алды. Ичи жарылып онтоп, жаны көзүнө көрүнгөн
неме өлүп калды.
Аюунун, жолборстун, бөрүнүн, төөнүн этин түлкү акең жалгыз басып
калды. Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда
суу ичип, жыргалда жүрдү. Калыңдыгы карыш казы алды.
Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно
албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды.
“Эми бүргөнүн азабынан кутулайын” деп, бир кийизди тиштеп алып сууга
барды. Аста-секин куйругун сууга салды. Бүргө куйругунан качып жонуна
келди. Жонун сууга салды эле, жонунан үркүп мойнуна барды. Түлкү
мойнун сууга салды. Бүргөлөр үркөп оозуна тиштеген кийизге жабышты.
Түлкү кийиз-ди сууга таштап: “Бүргө неге кутурдуң, эми сенден
кутулдум”-деп чычайып жолго түшкөн экен.

ТҮЛКҮ МЕНЕН КАРЫШКЫР

maxresdefault 3

Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде
келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун
көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды
көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды.
Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:
-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам.
Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.
“Астында капкан болбосун?” деп шектенген карышкыр анчалык
көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.
-Кээде ушинтип кекирейип каласыз… жебесеңиз өзүм үйгө алып
кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн
мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды.
Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:
-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!
Эртең эрте ушерден,
Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп
кетти.

АЛДАНГАН КАРЫШКЫР

1660
1660

Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир
түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким
каттабаптыр.
Бир күнү күн аябай суук болуп, түлкү ийинден чыгып, тамак издеп
жойлоп жөнөйт. Ал кетээри менен ачка, кынжыйган, бир карышкыр
түлкүнүн келишин күтүп, ийинге жатып алат.
Түлкү жолу болуп курсакты кампайта тойгузуп, кечке жуук ийинге
келди. Караса, карышкырдын изи, дароо ойлоно калды.
“Эгер карышкыр болсо, мени соо койбойт, амал табайын” деди.
www.bizdin.kg
Ийиндин оозунан алынын бардыгынча:
-Ийним, ийним! Барсыңбы, мен келдим,- деп обон сала кыйкырды.
Карышкыр болсо, “чоң жырткыч айбан келген экен” деп былк этпей
дымып калат.
Түлкү дагы чыйкылдады:
-Ийним, ийним! Сен соо эмессиң го, келгенимде жооп берүүчү элең,
ал кайратың кайда кеткен!
Карышкыр түлкү экенин билгеңден кийии:
-А-у, а-уу!- деп обон сала күркүрөп жооп берет. Түлкү болсо,
карышкырдын бар экенин билип:
-Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып
келейин!- деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Ач көз акмак карышкыр эми
тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.
Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан
салып койсо, карышкыр түшүп калат. Ошентип түлкү амал менен бир
ажалдан калат да, карышкыр алданып өлгөн экен.

КУЙРУГУН ЖАЗАЛАГАН ТҮЛКҮ

maxresdefault 2

Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат.
Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна
тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын
арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган
бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.
www.bizdin.kg
Ийиндин түп жагына жетип, бир аз эс алган соң түлкү:
-Көзүм, көзүм, сен эмнени көрдүң,-деп көзүнүн сурайт. Анда көзү:
-Мен болгон окуянын баардыгын көрүп турдум. Тайгандар
жакындап келе жатканын, ушул жерде ийин бар экенин көрдүм,-дейт.
Түлкү:
-Кулагым, кулагым сен эмнени уктуң?- деп сурайт. Анда кулагы:
-Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп,
сага алардын жер жарган дабышын билгиздим,- деп жооп берет.
Андан кийин түлкү:
-Мурдум, мурдум, сен эмне кылдың?- деп сураса, анда мурду:
-Мен коңурсуган жаман жыттуу иттердин жакындап калганын сезип,
сага билгиздим, – деп жооп берет.
Түлкү:
-Буттарым, буттарым, силер эмне кыддыңар?- деп сураса, буттары:
-Биз күчүбүздүн келишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей, сени
ушул ийинге алып келдик,-дешип жапырт жооп беришет. Алардын
жоопторуна маашырланган түлкү:
-Куйругум, куйругум булар мага минтип жардам берди, сен эмне
кылдың?- деп сураса, куйругу:
-Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды табалбай
сенин эки арткы бутуңа жашынып калдым – дейт.
Ошондо түлкү ачуусу келип:
-Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан
турбайсыңбы. Иттер кармап алсын деген арам ойдо экенсиң го! Мен
сени иттерге салып берейин, акеңди гана таанытайын,- деп ачууланып
куйругун ийиндин сыртына булактатып, боортоктоп жатып калды.
Ийиндин оозунда аңдып турган иттер сүйүнгөн бойдон түлкүнү куйруктан
тиштеп чыгарып, талап киришти.
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка
учурап өлүптүр.

ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИНИН АРБАШЫ

adam menen jylandyn arbashy 1
adam menen jylandyn arbashy 1

Илгери-йлгери бир дыйкаң болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын
эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”-деп карай
калса, бет маңдайында эки-үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк
болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып
жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн
албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура
берет.
Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип,
бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден
уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып
турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга
аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: “Мар”, “Могой”,
“Мокочо”, “Кайыш”, “Айнек”, “Айнеккөз”, “Уу”, “Заар”, “Чаар”!
Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан
жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап
улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда-санда ышкырып коюп, тилин
соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу
созула берип, бир топ убакыт өтөт.
Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе,
атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып
тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп
бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү
тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам
жасай албай каккан казыктай туруп калат.
Кызыын келгенин билген дыйкан: “Топчумду чеч!”-деп айтууга гана
араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс
эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты “Топчу” экен.
Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.
Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи
көөп, жарылып өлөт экен.
Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала-бакырасы менен аман-эсен
оокатын кылып жатып калган экен.

КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП

maxresdefault 1

Илгери илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан
чыгарат. Ал балапандарынын биринин аты Күкүк, экинчисинин аты
Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат.
Учуп кетүү алдында Күкүк менен Зейнеп даярдык көрүп, алмак-салмак
канаттарын күүлөп, машыга баштайт.
Бир күнү Зейнеп канаттарын күүлөп бүтүп, ордуна келип жаткан
соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт. Ошентип жатып Күкүк
кулап кетет да аңкилдек атып отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип
кеткен экен.
Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей
чыйпыйы чыгып чыркырап кала берди. Күкүк ошол бойдон дайынсыз
жоголду.
Бир оокумда Зейнеп менен Күкүктүн ата-энеси келип, Күкүктүн
жардан кулап кеткенин угуп, артынан издеп жөнөшөт. Ошол бойдон алар
да жаракага түшүп жым болду.
Бир нече күн уяда жалгыз “Күкүк” деп сайрап отуруп, акыры Зейнеп
да учуп кетет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Зейнеп бир тууганын
чакырып “Күкүк” деген боюнча жүрөт экен. Ал эми Күкүк болсо, жер
алдында жашап, жер үстүндө калган бир тууганы Зейнепти
сагынганынан “Зейнеп” дей берет экен. Алар бирин бири издеп, үн
алышып сайрап, жолугарына жакын калганда таң атып кетет экен да,
жер алдындагысы “эртең издейинчи” деп кашаңдай түшөт. Ал эми жер
үстүндөгүсү болсо, “кеч кирип, таң атсынчы” дейт экен да экөө тең
табышалбай жүрөт имиш.

ЭКИ УЛАК

maxresdefault

Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жан-жагын
карап секирет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикен, эч
кандай кой-эчки көрүнбөйт.

Сен ак улаксың, тил укпаган акмаксың! Мени ары бери сүйрөп
жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин,-деп ак
улакка кара улак айтат.
Кара улак бир күн мурун туулган. Денеси чымыр, маңдайында
жумуру эки мүйүзү бар. Ак улакты боорум экен деп, жан тартчу эмес.
Кичине эле кылт этсе: “Ак улаксың, акылы жок акмаксың”,-деп
шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү. Кара улак
өзү жалакор, ак улак жакын келсе эле: “Мына жердин чөбүн жеп койду,
ба-а – ба-а!” деп бакылдачу. Эми адашкандан кийин айласыз “ак улак”
деп гана турат. “Ай, ак улак, акмак! Жаның барда түш деймин, бас
деймин” деп, кара улак секирди. Ак улак ары ойлонуп, бери ойлонуп,
зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:

Узап кеткен койду кантип табабыз, тоону ашып жайлоого барып
калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу эң кыйын болсо да, жол издеп
көрөйүн. Сага айтайын дегеним, эчки менен эрегишпегин, менин
айтканымды иштегин. Муну орундатпасаң адашып өлөбүз. Ак улактын
“өлөбүз” деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.
Кара улак канча тентек болгону менен, ак улактын тилин алууга
убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапырып,
алдынан аң, таш жолукса секирип өтүп, жүрүп отурат.
Ошентип ак улак, кара улак экөө тоонун этегине келип жетет. Эки
жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.
Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.
-Өзүң аппак, сулуу улак экенсиң, агаң дагы келишкен неме тура!
Чарчап калган чыгарсыңар, биздин үйгө барып даам татып кеткиле.
Менин дагы силердей эки балам бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып
эс аларсыңар, -деп, түлкү ичинен “ак улак кичинекей экен, капысынан
эбин таап жеп алайын” деп ниети бузулат.
Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак:
-Түкө, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди
карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди
ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу келет го, кашакеңдин каары катуу
эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.
-Анда эмесе жарайт, силер кете бергиле, мен артыңардан
барармын,-деп түлкү куулук кылып калып калат.
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы
чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн
түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:
-Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен
силерди жеймин,-дейт. Анда Ак улак дагы чыңылдайт:
-Кашаке, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди
арыстан күтүүдө. Ал тоодогу жортуп жүргөн кайберендерге, учкан куш,
айбанаттарга падыша болуп келүү күнү келиптир. Эртең мененки
тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу
жейт экен. Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп
ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз! Аңгыча
болбой:
-Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,-
www.bizdin.kg
деп кара улак тикчилиндеп бакырып жиберди.
Карышкыр шаштысы кетип:
-Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан – деп качып жөнөйт. Эки
улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса,
тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында астында
аты бар, кашында ити бар койчу келе жатат. Койду көргөндө
кубанганынан эки улак “мака-каа” деп маарап кое беришет.
Чолпон ата жол баштап, мурун келген ак улакты жерден көтөрүп
ала коет да:
-Мен силерди ой-кыр койбой издеп таба албай койдум эле.
Өзүңөрдүн таап келгениңерди карачы, жарайсың, ак улагым, ап-пагым:
“Ак улак акмак” деп мазактагандардын өздөрү акмак – деди да ак улакты
кучактап бооруна кысты.

КУУ ТҮЛКҮ

ca1f6109d4034b5bd6302af1662ad189

Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Түлкү куйругун буландатып,
тумшугун жогору көтөрүп:
-Мени жей албайсың! Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу
үчүн келгенмин,-дейт.
Жолборс ары карап, бери карап анын сөзүнө ишенбейт. Анда түлкү:
-Жоке, ишенбесең мени менен бирге токойго баргын. Андагы
бардык айбанаттардын менден кандай корко тургандыктарын өз көзүң
менен көргүн!-дейт.

Көрсө көрөйүн,-деп жолборс түлкүнү ээрчип жөнөйт.
Түлкү анын алдына түшүп алып, абайлап жүрүп отурат. Жолборсту
көргөндөрдүн жүрөктөрү түшүп, туш-тушка качып, жым-жым жок
болушат. Канаттуу куштар уяларынан уча качышат. Түлкү жолборско:
-Жоке, менден коркпой турган эч ким жок экендигине эми көзүң
жеткендир-дейт.
Анда жолборс:
-Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң. Айбанаттардын баары
сыйлап, абдан коркушат тура. Сени менен эрегишип, жамандык кылуу
болбойт,-деп түлкүдөн коркуп, кое берет.
Ошентип куу түлкү куулугунан өлүмдөн кутулган экен.

АЮУ МЕНЕН ЧИРКЕЙ

medved i komar
Аю менен чиркей 2

Абы Дөбөдөй болгон чоң аюу муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч
бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө
жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып:
-Кулак жазылар, көздүн жашы кургар, бирок ушунча кордук көрө
турган эмне жазыгым бар! Аюу токойдогу аңдардын чоңу, күчтүүсү,
карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор. Эми мен
кимге корголойм?-деп арман кылат.
Ошол убакта калың камыштын ичинен:
-Мага корголо!-деген бир абдан ичке үн чың эте түштү. Коен
көзүнүн кыйыгы менен караса, үн чыгарган чиркей экен.
-Сен мени коргой аласыңбы? Аюу аңдардын чоңу, күчтүүсү, сен
болсо чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет?
-О, жолуң болгур! Мен аны уктатпай, тынчын кетирүүгө жараймын.
Ошону билбейсиңби?
…Жайдын ысыгында токойдо чабыттап жүргөн аюу жанын коерго,
жер таппады. Тынчы кетип, бүлдүркөндүн жалбырагынын үстүнө дем
алайын деп жатса, кулагынын түбүнөн ызың-ң, ызың-ң-ң деген дабыш
чыгат. Аюу чиркейдин табышын угуп, тааныйт. Чиркей аюунун мурдуна
келип конуп, каңылжарына кирип кетет. Аюу чыдабай күчүнүн
бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт.
Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт. Аюу андан жүрөксүп
коркуп, “эми кай жериме конор экен” деп уктамыш болуп, козголбой
тыңшап калат. Аюунун бут жагында ызылдап жүрүп, бир кезде чиркей
ың-жың дабышы жок болуп кетет.
“Чиркей учуп кетти го” деп ойлоп турганда, ал аюунун кулагынын
түбүнө эптеп коно калып, “тыз” эттире чагып алат. Аюу көзүнүн от
чагышып кокуйлап ордунан ыргып турат. Оң таманы менен кулагын
кагып: “Жеди эле жеди! Бу кандай жаны бек неме эле” деп өңкөлөңдөп
качып жөнөдү.
Чиркей токойду кыдырып, бутак, бадалдарды койбой тинтип,
дыңылдап аюунун артынан түштү. “Зың-ң-ң – ызың-ң-ң” деген чиркейдин
үнү аюунун алапайын таптырбайт.
Жүгүрүп отуруп бир жерге келгенде алы кеткен аюу эс алгысы
келип, башын бадалга сүйөп уктап кетсе түш көрөт. Түшүндө токойдун
ичинен аарынын уюгун таап алат. Аарынын уюгундагы балга бутун сала
берерде “зың-ң-ң – зың-ң-ң” деген үндү дагы угат. Баягы чиркей аюуну
дагы кууп жөнөйт. Көзү умачтай ачылып, кайран неме зымырылат.
Аюу жан талашып качып баратса да чиркей тынчтык бербеди.
Ызылдап, ызылдап келип кайрадан жымжырт боло калат. Аюу
шектенгендей тыңшап туруп, жаңгак жыгачынын түбүнө жашырынат. Бир
аздан соң кыйналган шордуу көзүн жуумп үргүлөп кетет. Бирок чиркей
мурдагыдай эле ызылдап аюунун жанын жай алдырбай таң атып, күн
чыкты. Уйпаланып, түктүйүп уктабай сенделип келе жатса, чиркейдин
ызылдаган үнү аюунун кулагына дагы угулду. Ал селт эте түштү.
Алыстан байкап турган коён чиркейге:
-Жарайсың, кайраным!-деп көзүнүн жашы чыкканча күлүп, ыраазы
болот.
Чиркей болсо аюуга:
-Коендун күйөөрү жок деп ойлогонсуң го. Эми, баатыр акеси,буга
кордук көрсөткөнүңдү койгун. Мунунду койбосоң, айлаңды гана кетирем
да, тытынып жүрүп өлөсүң!-деп коркутуп “ызылдап”учуп кеткен экен.

Кыз-Күйөө

ky kyuyoo
ky kyuyoo

Илгери-илгери бир бай болуптур. Анын жалгыз кызы бар экен. Кыздын сулуулугуна Ай менен Күн да суктанышчу дешет. Кызды малай жигит жактырып калат.

Кыздын атасы экөөнүн үйлөнүшүнө каршы болгондо, кыз-жигит качып жөнөшөт. Бай алардын артынан куугунга жигиттерин жиберет.

Эки жаш бир бийик тоого чыга качышат. Бирок куугунчу жигиттер алардын изин байкап калышып, кармаганга жакын эле калышат. Куугунчулар эми жетип кызды кармай турган болгондо, колдорун бекем кармашкан кыз-жигит тоодон кулап кетишет. Алардын сүйүүсүнөн тоо тең экиге бөлүнүп кетет.

Эгерде тоонун чокусунан караса, бул тоо жүрөккө окшош болуп көрүнөт дешет. Бул жердин эмне үчүн Кыз-Күйөө деп аталып калышынын себеби ушундай.

Абышканын көчөтү

abyshkanyn kochoty

Абышка көчөтүн отургузду.

“Бул алманын сага эмне кереги бар? Бул мөмө бергенче өзүң жашабайсың го» дешти.

Абышка аларга:

«Мен жебесем башкалар жейт. Мага ыракмат айтышат», деп жооп берди.

Акылдуу кыз

jomok akylduu kyz

Илгери бир хан болгон экен. Хан элине эки суроо берет. Таттуунун таттуусу эмне? Ачуунун ачуусу эмне? Бул суроолорду табууга кырк күн убакыт берет. Чече албасанар кыргын салам дейт.

Абышканын кызы атасын ханга жиберет. Таттуунун таттуусу бала. Ачуунун ачуусу ажал 60лот деп айтыңыз. Ошентип акылдуу кыз элди кыргындан сактап калыптыр.

Төө менен бугу

too menen bugu

Мурда төөнүн куйругу, мүйүзү бар экен. Бир күнү бугу төөгө келип:

-Мен конокко барам. Бир күнгө мүйүзүңдү бере тур, дейт. Төө мүйүзүн берет. Кийинки кунү жылкы келип:

-Мен конокко барам. Бир күнгө куйругуңду бере тур, дейт. Төө куйругун да берет. Көп убакыт өтөт. Бугу менен жылкы Төөнүн куйругун да, мүйүзүн да кайтарып бербейт.

Арман ай жомогу

japaiy osumduktor bak daraktar jonundo tabyschmaktar opt e1640349545935

Аудиосун угуу

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле “арман ай” деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:

– Сен дайыма эле “арман ай” деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, – деген экен.

Ошондо карыя:

– Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, – дейт.

Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:

– Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.

Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.

Мен эми: “Жырткычтар жеп кетеби?” – деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.

Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

– Үңкүрдөгү адам бери чык!- деди.

– Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен.

– Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем, – деп ал чапкан бойдон кайра кетти.

Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:

– Сен эмне болуп жүргөн адамсын? – деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:

– Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин, – деп чу коюп жөнөп кетти.

Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:

– Атка мин! – деди. Атка миндим.

– Эй, жигит, мен кызмын, кыз “экенимди ата- энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. – деди.

Жүрүп кеттик. “Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?”- деп кете бердим.

Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:

– Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы,- дедим.

Жигит:

– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди. Мен болбой:

– Киринели дей бердим.

– Мейли, мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, – деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.

Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.

Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай! – деп сөзүн аяктады.

Ак булутту атпагыла

kitep

Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди. Читать далее Ак булутту атпагыла

Алданган бүркүт

Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.

Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет. Читать далее Алданган бүркүт

Айлакер бала

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: “Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?” дейт. Анда бала: “Атым – Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет” дейт.


– Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон? Читать далее Айлакер бала

Акыл карачач

Акыл карачач аудиосун угуу

akyl karachach

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,- деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?- деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?- дейт.

Андан Каракан:

– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,- дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

– Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,- деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,- дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.

Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:

– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,- дейт.

Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.

Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:

– Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,- дейт.

Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:

– Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,- дейт.

Анда чал:

– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,- дейт.

Бул сөзгө кандын ачуусу келип:

– Чалды дарга тарткыла,- деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:

– Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,- дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.

Кыз атасына:

– Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кырк арстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла де”,- деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң- таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:

– Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,- дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:

– Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,- дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:

– Жырткыч айбандардын сага жана ата- энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата- энеңе берсең, жеп- ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.

– Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа- кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,- деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,- деп кыз айткан экен.

Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:

– Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,- деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.

Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.

Арстан менен коен жомогу

Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коен жашап, коркоктугунан казып алган ийнинен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: “Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр болоюн”,- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коендун жанына келип:

Аудиосун угуу

Читать далее Арстан менен коен жомогу

Акылдуу дыйкан

Бир хан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине:

Мага акмак киши таап бергиле! деп буйрук кылды.

Эки жигит жолго чыгып, акмакты издеп кетишти.
Эми кимди алып барабыз? Жөн эле кишини кармап барсак, хан бизди жазага тартат, деди биринчиси.

Экинчиси айтты: Сен кандай макоосуң? Кимди деген да сөз болобу?.. Жолуккан эле кишинин эркине койбой жетелеп барабыз. Хан чакырып жатат десек, барбаска айласы канча!

Экөө ушинтип келе жатып, карагай сүйрөткөн бир кишиге жолукту.

Карагайыңды таштагын, азыр ханга жүргүн, сени чакырып жатат, дешти жигиттер.

Токтогула, карагайды үйгө жеткирип коёюн да, анан барайын. Эмне үчүн чакырды?

Жигиттердин бири:
«Эмне үчүн чакырды» дейт тура. Аны эмне кыласың? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү! Хан акмакты таап кел деген, жүргүн! деп шаштырды.

Жок, жигиттер, карагайды атайы тоодон мээнет менен алып келе жатьш, орто жолго таштай албайм, деп бастырып кетип калды ал.

Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон катынга жолугушту.

Жеңе, сени хан чакырып жатат, тезинен жүргүн, дешти.

Ботом, катынды хан эмне үчүн чакырат? деди аял.

Катынды кепкесезгө чакырмак беле, акмак адамды таап кел деген. Эркектер менен айтышпай, жүр тезирээк.

О, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн кишиден бөлөк акмак табылбас…
Өз оокатым үчүн керек ишими бүтүрүп алайын деп, мен мында жанталашып жатам. Акмакты тапчу жериңерден издегиле! Мен барбайм! деп катын катуу айтты.

Эки жигит дагы жөнөп:
«Эгер сырыбызды ачык айтсак болбойт экен. Андан көрө кезиккен эле кишини зордоп алып кетели» деген акылга келишти.

Алар жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп:

Ой, дыйкан, жүргүн ханга! дешти.

Эмгек кайнап турган убакта, эмне үчүн барам? деди дыйкан.

Көп сүйлөбөй, жүргүн дегенде жүргүн! Хан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң!..

Жигиттерге дыйкандын абдан ачуусу келди:
Силер үчүн акмакты даярдаган киши жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула!

Эмесе акмакты таап бер, деп эки жигит дыйканды бекем кармап туруп алышты.

Мени коё бергиле күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын, деди дыйкан.

Жок, же өзүң ханга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтьщ бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиздейсиңер, кимиңер акмак экениңерди таптакыр билбей койдук.

Макул эмесе, акмакты айтып берейин, бирок мени коё бергиле, деп дыйкан айтканда, жигиттер аны шаштырып турушту.

Дыйкан ойлоно калып
«Акмакты таап кел» деген хандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындаң артык акмакты дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп таппайсыңар, деди.

Жигиттер ачууланып:
Сен ханга тил тийгиздиң, барып айтабыз! дешти.

Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну хандын кулагына куюп айтсаңар экен! деди дыйкан.

Эки жигит ханга келип айтышты.
Ошол дыйкандын колубутун байлап алып келгиле! деп хан буйрук кылды.

Дыйкан хандын астына келип олтурду. Хан дыйканды кекетип:

Сен мени акмак депсиң, эгер акылдын баары сенде болсо, менин мына бул тулпарымды колуңа алгын. Үч күндүн ичинде муну жакшылап таптагын. Таптай албасаң башынды кесем! деди.

Дыйкан тулпарды колуна алып, ага жемчөптү маалы менен берип, суутуп, сууну да убагы менен ичирип, төртүнчү күнү хандын алдына келип минтип айтты:

Таксыр ханым, сенин тулпарың анык күлүк экени чын экен, бирок мунун канында уй менен эшектин жалгашкан жери бар экен.

Муну укканда хандын ачуусу келип, дыйканды дарга астырмак болду. Ошондо ортого хандын картаң энеси түшө калып, минтип айтты:

Балам, сен жөнү жок жерден ачуулана бербе. Биздин жылкы жайлоону карай кетип баратканда, бир эшек жылкыны аралап кирип кетип, дал ушул сенин тулпарыңдын энесин карап коюптур. Кулунду туугандан кийин, ал бээ өлүп калды. Анан мен бул кулунду саан уйдун эмчегин эмизип бактырдым.

Мунун ушул эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экенин сен кантип билдиң? деп сурады хан дыйканга карап.

Үч күн бою мен бул тулпардын жанынан карыш жылган жокмун, деди дыйкан. Сууну кечип чыкканда, арткы бутун силкип-силкип алат, бул уйдун кылыгы. Түн ичинде мен буга чөп салсам, эшекче бакырат. Мына ошондуктан сенин тулпарыңда кандайдыр эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экен деп ойлодум.

Дыйкандын бул сөзү ханга аябай жагып, аны жакшылап конок кылып, хандын зайыбы дыйканга бир алтын акча берди.

Арадан бир топ күн өткөндөн кийин, хан баягы дыйканды өз алдына чакырды.

Эгер сен чындап эле билгич болсоң, муну тапчы, экөөбүздүн кимибиз анык хандын тукумубуз менби же менин зайыбымбы? деп сурады хан.

Сенин зайыбың нагыз хандын тукуму, ал эми өзүң болсо наабайчынын баласысың, деп дыйкан жооп кайтарды.

Хандын каары чындап козголуп, дыйканды ошол замат даргага астырып жибермек болду. Бирок мунун алдында өзүнүн картаң энесин чакыртып алып:
Апаке, сен чыныңды айт, мен кимдин баласымын? деп сурады.

Апасы минтип айтты:
Уулум, мен жаш кезегимде улам эле кыз төрөй бердим, атан, буга ар дайым нааразы болуп жүрдү. Бизде нан бышыра турган наабайчы бар болчу. Ал экөөбүздүн боюбузга бир маалда бүттү, экөөбүз бир күндө төрөй турган болдук. Эгер сен эркек бала төрөсөң аныңды мага бер, мен дагы эле мурдагыдай кыз төрөсөм, кызымды сага берейин деп наабайчынын зайыбы менен убада кылдым. Ырас эле наабайчынын аялы эркек бала төрөдү, мен кыз төрөдүм, экөөбүз жаңы төрөлгөн балдарды эч кимге билдирбестен алмаштыра салдык. Мен эркек төрөдүм деп, хандан сүйүнчү сураттым, мына ошентип, сен хандын уулу болуп калдың. Кызымдан ажырабас үчүн, мен аны сага колукту кылып алып бердим. Ошол себептүү, балам, мына бул зайыбың менден төрөлгөн кыз.

Муну укканда хан ого бетер аңтаң болуп:

Ушуну сен кантип билдиң? деп сурады.

Опоңой эле билдим. Сен мени конок кылганда, алдыма токочту үйө бердиң, ал эми аялың болсо, менин астыма алтын акчаны койду.
Ошондуктан мен сени наабайчынын баласы экен, зайыбың нагыз хандын тукуму экен деп ойлодум,
деди дыйкан.

Муну укканда хан дыйкандын акылы ырас эле чоң экенине көзү жетип, мына эми эң акыркы жолу сынамакчы болуп:

Эгер сен өтө эле билгич болсоң, кудай кайда? деп сурады.

Ханым, ушу кебетем менен кудайдын кайсы жерде турганын айтсам мени кусур урбайбы. Ошондуктан, сен менин киймимди кийин, менден кечирим сурагандай болуп, алдымда баш ийип тургун. Мен сенин кийиминди кийип, алтын тагыңа олтурайын. Анан мен кудайдын кай жерде экенин айтып берем, антпесем, бул кейпим менен кудай жөнүндө сөз кылышым ылайык болбойт, деди дыйкан.

Хан макул болуп, үстүндөгү кийимин бүт чечип берип, дыйканды алтын тагына олтургузду; өзү дыйкандын кийимин кийип, анын алдында баш ийип турду.

Хан боло калган дыйкан жигиттерин чакыртып алып:
Ушул убакка чейин акмакты бекер таппай жүрүпсүңөр. Мындан артык акмак барбы?.. Сыртка сүйрөп чыгып, дал ушул акмактын башын кескиле! деди.

Көпкөн жигиттер бөлөк сөздү уксунбу: ханды желкелеп барып, башын кесип, денесин тарткылап, кумардан чыгышты.
Дыйкан такка отуруп, элге кайрымдуу жана адилет хан болуп калган экен.

Жомокту окуп бүткөн соң өзүңдү текшерип көр

[WATU 6]

Акылдуу бала

Акылдуу бала-Аудиосун угуу

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десең уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди.

Ууру аябай ачууланды:
Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты.

Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, деди бала.

Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бирэки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан экиүч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, бешалты кадак семирген экен. Бул ишке атасы аңтаң калып, баласынан жөн сурады.

Таң кала турган эч нерсе жок, деди баласы. Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.

Ошондо атасы баласына:
Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, деди

Акылсыз хан

Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан жерде, бакыр деген элде акылман кемпир бар экен. Ошону эч кимге билдирбей ээрчитип кел, андан акыл сурайлы,— деди. Уулу макул болду да, атасынын сөзүн айтып, кемпирди чакырууга бөлөк бир жигитти жумшады.
Читать далее Акылсыз хан

Алдаркөсөөнүн аңгемеси

Эзелки заманда, эртеги кабарда, Жаныбек деген хандын тушунда, жерге батпас, бекер жатпас бир бала чыкты. Баланын аты — Чагатай. Ал жаш кезинен эле шум бала болуп, сөзгө чебер, зөөкүрдүгү жок, колу кармоок, оозу шок өстү. Жүрүп кетсе, жел жетпеген күлүктүгү бар, айтыша келсе, сөзгө жеңдирбеген чечендиги бар, сыйкырчыдай алдаган шумдугу бар. Мүнөзү жумшак, бал тили жанды кубантып, сөзгө жубантып, айтып ынантып, амалын камдайт, алды артына түшүп ар кимди алдайт, алган буюмун өлсө да танбайт
Читать далее Алдаркөсөөнүн аңгемеси

Аксанатай менен карасанатай

Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоочу жүрүштү. Көп күн өткөндөн кийин азыктары түгөнүп, курсагы ачты. Карасанатай Аксанатайга: — Азыгыбыз түгөндү. Ачка өлбөйлү. Сен атыңды сойгун, ал түгөнгөндө мен соём,— деди. Аксанатай макул болуп, атын сойду. Арадан бир топ күн өтүп, оокаттары дагы түгөндү
Читать далее Аксанатай менен карасанатай

Асыл таш

Асыл таш аудиосун угуу

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын бүт ээлеген эки бай болуптур. Ал эки бай жанаша жашап, ошол эки капчыгайга толгон малы бар экен. Байлар биринбири жакшы көргөн жок; ушунун малын мен ээлеп калсам деп, экөе тен өз ичинен ойлоп жүрдү.
Читать далее Асыл таш

Алтын шакек

Өткөн заманда, уккан уламышта, карылыгы жеткен кемпир-чал тердик бетиндей жерге таруу сээп, чоң суунун боюнда жашаган экен. Алардын Акжүрөк аттуу жалгыз баласы болуптур. Күндөр өтүп, жылдар жылып, Акжүрөктүн атасынын күнү бүтүп, суусу түгөнүп дүйнөдөн етөт. Атасы таруу сатып жыйнаган тогуз дилдеси бар экен. Күндөрдүн биринде энеси Акжүректү чакырып:
— Уулум, атаңдан тогуз дилде калган, ошонун үчөөнү алып базарга барып эгинтигин сатып кел,— деди. Акжүрөк үч дилдени белине түйдү да, жөнөп кетти.

Алтын шакек mp3 угуу.

Читать далее Алтын шакек

Апенди менен хан

Бир күнү хан кийикке чыкканда, Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
— Оо, Апендим, бүгүн биз менен бирге кийикке жүр,— деди эле, Апенди илгирбей макул болду. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак убакка кийик уулап, кечке жуук үйдү карай кайткан кезде, жаан шатыратып төгүп жиберди. Беркилердин баарынын аты тың жана жакшы аттар болгондуктан, чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апенди өз атын камчысы менен канчалык чаап, буту менен канчалык теминсе да, эшейип баспай койду.
Читать далее Апенди менен хан

Алтын куш жомок

Кайдадыр бир кедей абышка болуп, анын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы бар экен.

Ал алманын эң, башына жалгыз кызыл алма мөмөлөп, ар жылы бышкан сайын абышка ошону жеп, жашарып турчу.

Кийин эрте күздө жакшы быша элек алмасын белгисиз бөлөк бир нерсе жеп кетет.

Андан кийинки жылы чалдын өзү кайтарып жүрүп, бир күнү уктап калып, дагы жедирип жиберет: үчүнчү жылы кемпирине кайтартат.

Кемпири түн ортосуна чейин карап жатып, таңга маал уктап калып, алманы дагы жедирди.

Төртүнчү жылы баласына кайтартты. Баласы уктабай карап жатса, кандайдыр алтын куш учуп келип, алмага конуп жей баштады. Бала жаа менен атып, бир тал канатын түшүрүп калды.

Эртеси атасына көрсөттү да: «Мен бул алтын кушту табам»— деп ат токунуп издеп кетти.

Жүрүп отуруп жолдун эки айрылышына келди. Жол ортосундагы ташта: «Сол жакка баргандын өзү елөт, он, жакка баргандын аты өлөт»— деген жазууну окуп, он, жакты карай жөнөдү. «Өзүм өлгүчө, атым өлсүн»— деп ойлоду.

Бир канча күнү жол жүрүп курсагы ачып, аты арыктаган кезде, чоң карышкыр астынан каршы чыгып качырды. Бала жерге түшө калып, атын мууздап, карышкырга берди.

altyn kush2

Карышкыр балага ыраазы болуп: «Атыңдын тең этин өзүң бышырып алып, менин үстүмө мингин. Барар жериңди айткын, мен алып барайын. Жаш бала экенсиң, атыңды өзүң мууздап бергениңе аябай ыраазы болдум»— деди.


— Издегеним алтын куш,— деди бала.
— Эмесе мага минип, көзүңдү чылк жум,— деп бөрү айтты.

Бала көзүн жумуп, үстүне минди. Бөрү нечен тоолорду ашып, нечен жолдорду баскандан кийин: «Көзүңдү ач»—дегенде, көзүн ачса, чон, шаардын ичине кирип барыптыр. Бөрү баланы үстүнөн түшүрүп:
— Куш ушул үйдө, акырын бар да, бутунан кармабай, канатынан кармап чык, — деди.

Бала үйгө кирип, бирок карышкырдын сөзүн унутуп коюп, куштун канаты эмес, бутунан кармады. Анын бутундагы жылаажыны шыңгыр этип, кароолчу сезип, баланы кармап алды.

Эртеси хан суракка алды.

Бала минтип сүйлөдү: — Менин атамдын бир түп алмасынын эң учуна мөмөлөгөн жалгыз алмасы бар эле, ошону атам жеген сайын жашарып турчу. Алтьш куш төрт жылдан бери жеп кетип, ошондон бери атам карып калды.

— Сен атаңдын иши үчүн жүргөн бала экенсиң, алтын кушту берейин, бирок мындан аркы жактагы хандын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келип, менин колума еткөрсөң гана берем — деди хан.

Бала ыйлап келип, хандын сөзүн карышкырга айтты. Карышкыр баланы үстүне мингизип, дагы бир жерге келгенде: «Көзүңдү ач» — деди. Бала көзүн ачты.

— Кырк cарайдан ары өзүнчө бөлөк бир сарай бар, ошол сарайдын ичинде алтын жалдуу ат байланып турат. Анын чылбырынан кармабай, жалынынан кармап жетелеп чык,— деди карышкыр баланы дагы жөнөттү.

Бала кирип барып, бирок мурдатан үйрөнгөн адаты боюнча, атты чылбырынан кармап, ошондо кандайдыр коңгуроо кагылып баланы кармап, каролочулар ханга алып барышты. Бала эмне үчүн келгенин айты. Хан угуп туруп:
— Эмесе ушундан аркы хандын эн, сулуу кызы бар, ошону алып келсең атымды берейин,— деди.

Бала кайгырып чыгып, карышкырга айтты. Карышкыр дагы үстүнө мингизип, бир жерде көзүн ачтырса, таң сүрүлүп калыптыр. «Эми мен барайын» деп карышкыр кетти. Хандын кызы эртең менен кырк кызды артына, кырк кызды алдына салып, сейилдеп чыккан экен.

Карышкыр жыгачтын түбүнө жашынып туруп, кызды илип алып, ызгыган бойдон жөнөдү. Карышкырдын үстүнө учкашып баратып, кыз менен бала биринбири сүйүп калышты.

— Эми экөөбүз эч качан айрылбас болдук. Эптеп ушунун айласын таба көр!—деп бала менен кыз карышкырга жалына баштады.

Шаарга келгенде, карышкыр бул экөенү үстүнен түшүрүп, өзү ошол замат кубулуп эч бир теңдеши жок сулуу кыз болду. Бала аны «өзүң самаган сулуу кыз ушул» деп алып барып берди.

Хан чоң ыракмат айтып, баланын сураган атын берди. Кыз менен бала ошол атка минип жөнөп кетишти.

Хан кыздын жанына отурайын деп барса, ал кыз эмес эле, карышкыр боло калып, хандын башын жара чайнап салды. Анан желип отуруп кыз менен жигиттин артынан кууп жетти.

— Мына бул аттан да айрылгым келбейт, ушунун айласын кошо таап,— деп бала карышкырды дагы кыйнады.

Карышкыр баланын көңүлүн кыйбай, буга да көнүп, шаардын четинде ат болуп кубулду. Бала атты жетелеп барып ханга берди. Хан ырахмат айтып, алтын кушту берди. Бала кушту алып, кызы менен кетти. Хан ошол күнү жаңы атты минип, тоого аңга чыкты.

Аттарын тушап коюп, өздөрү эс алып, көптөн кийин келишсе, аттардын сөөктөрү гана калыптыр. Тушап койгон аттарды кубулган карышкыр жеп кетиптир. Хан жолдоштору менен жөө кайтты.

Колуктусу, кушу, аты менен бараткан балага карышкыр жете келип, биротоло кош айтышты. Колуктусу менен кушу менен уулу атасына барды. Ошондон тартып атасы алманы дайым өзү жеп, тукуму өсүп, жыргапкуунап күнүн көргөн экен.

Абышка менен дөө

Илгери кедей абышка ар кимдин ишин иштеп, эптеп оокат өткөрчү экен. Бир күнү жолдон жумуртка таап алды. Андан ары барса дөө жолукту. Абышка дөөдөн аябай коркуп, бирок ошол замат амал ойлоп:
— Эң сонун болду, сени таап кел деп, кудай мага тапшырды эле, издеп жүрүп чарчадым, — деди.
— Кудай мени эмне кылат экен, биле алдыңбы? — деп сурады дөө, шаштысы кетип.
Абышка дөөнүн коркконун сезип:
— Кудай өзүнө алтын сарай салдырат экен. Ошонун ылайыктуу устуну жок болуп жатат. Ага сен ылайыктуу экенсиң, ылдам жүр, кечигип калдык, — деди.
Читать далее Абышка менен дөө

Апенди жана бай соодагер

Апенди көчөдө келатып, шаардын атактуу чоң байы үйүнүн терезесинен башын чыгарып, сырт жакты карап отурганын көрдү да, аны байкамаксан боло: Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең — албайм!—деп өтүп кетти. Аздан кийин Апенди кайра кайтып, бай дагы эле баягы калыпта отурганын көрүп: Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең.— албайм!— деп дагы өттү
Читать далее Апенди жана бай соодагер

Асан жана үсөн

Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, эми хан алмак болду. Бирок Сулуучач тийбей койду. Хан каарданып, Сулуучачтын малмүлкүн, үйжайын бүт тартып алды. Жесир аял жана жетим балдар эч немеси жок, итке минип калышты. Сулуучач кепенин түбүндө балдары менен ыйлап отурса, кандайдыр бир чаар тоок чуркап келип, көп жумуртка тууп жиберди.

Асан жана Үсөн mp3 угуу

Читать далее Асан жана үсөн

Ач карышкыр

Аудиожомок угуу

wolfЧоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна келгенин кылган, жолукканды тыткылап моокусу канган дебөт карышкыр болуптур. Ошол өзөндү ээлегенине элүү жыл болот. Бирок ошондо да тойбой, акыры ач карышкыр деген атка конуптур. Күндөрдүн биринде жортуп келатып, бул Карышкыр канаты сынган Карчыгага кезикти.

Читать далее Ач карышкыр