Алтын шакек

Өткөн заманда, уккан уламышта, карылыгы жеткен кемпир-чал тердик бетиндей жерге таруу сээп, чоң суунун боюнда жашаган экен. Алардын Акжүрөк аттуу жалгыз баласы болуптур. Күндөр өтүп, жылдар жылып, Акжүрөктүн атасынын күнү бүтүп, суусу түгөнүп дүйнөдөн етөт. Атасы таруу сатып жыйнаган тогуз дилдеси бар экен. Күндөрдүн биринде энеси Акжүректү чакырып:
— Уулум, атаңдан тогуз дилде калган, ошонун үчөөнү алып базарга барып эгинтигин сатып кел,— деди. Акжүрөк үч дилдени белине түйдү да, жөнөп кетти.

Алтын шакек mp3 угуу.


Анданмындан бир тийип базарга жетти. Базар ичи ызычуу, кажыкужу. Мурун базар көрбөгөн эме аңтаң болуп, базардын четинде карап турду. Аңгыча бир касапчы сур тайганды мойнунан байлап алып, аябай сабап келатат. Тайган каңшылагандай болсо, адамдын боору ачыйт. Акжүрөк аны көрүп, алдынан утурлай чыкты да:
— Абаке, мынчалык сабагандай тайгандын эмне күнөөсү бар? — деп сурады.
— Эмне күнөөсү бар экенин эмне кыласың? Кечээ ууга чыгып кырдын башындагы бугуга агытсам, жетпей калды. Мындан артык да күнөө барбы?—деди да, тайганды дагы бир жолу башка чапты.
Тайган ого бетер каңшылап, куйругун чатына кыпчып жата калды. Акжүрөк:
— Абаке, иттин да убалы болот, анча урбай, тайганыңызды мага сатыңыз, канча берейин? — деди.
— Үч дилде берсең аласың,— деди мергенчи. Акжүрек үн каткан жок, үч дилдени берди да, тайганды жетелеп алып, үйүнө карай жол тартты.
— Энеке, бери чыгыңыз, ырыс алып келдим,— деп кыйкырды Акжүрөк.
Энеси эшикке чыга калып, тайганды көрүп: — Ээ, ботом, ырысын, алдагы сур тайганбы? — деп сурады.
— Ооба.
— Ырысың менен аңга түш… үч дилдеге ит сатып алгандай, сенин кайсы байлыгың ташып жатты эле,— деп аябай ачууланды энеси.
Эртеси уулуна дагы үч дилде берип:
— Көзүңдү жакшылап ач, көзүңө эмне көрүнсө, ошону ала бербе,— деп базарга жөнөттү.
Акжүрөк базарга келип карап турса, бир адам ак мышыкты мойнунан байлап алып сүйрөп баратат. Акжүрөк чуркап барып:
— Абаке, мынча кыйнагандай бул мышыктын күнөөсү эмне? — деп сурады.
— Мышыктын күнөөсү кеп, ар дайым сүттү уурдап ичет. Коёбу десем койбойт, эми мына, ажалы жеткен экен, сууга салып өлтүргөнү баратам,— деди ээси.
— Андай болсо, мага сатыңыз, баасы канча? — деди Акжүрөк.
— Баасы үч дилде.
Акжүрөк үч дилде берди да, мышыкты алып үйүнө келди. Энеси алдынан утурлап чыгып:
— Балам, эмне сатып алдың? — деп сурады.
— Мышык сатып алдым,— деп жооп берди уулу.
— Үч дилдегеби?
— Ооба.
Энеси аябай ачууланып:
— Сендей да макоо болобу. Сен анык түгөт болот экенсиң! Баргын, кайда барсаң, ошол жакта жан бак,— деди да, уулун кууп жиберди.
Акжүрөк тайган менен мышыкты ээрчитип жолго чыкты. Канча жол жүргөнүн ким билсин, чоң айылга туш болду. Айылдыи бир сопусу бар экен. Ага жалданып иштеп кирди. Сопунун зайыбы берген тамакты тайганы менен мышык үчөе бөлүшүп жеп жүрдү. Арадан бир жыл өттү. Акжүрөк кийин сопуга келди да:
— Сопу аке, менин да картаң энем бар эле, кетейин, акымды бергин,— деди.
Сопу макул болуп, бир капка буудай, экинчи капка кум салып:
— Эки каптын кайсысын алсаң, өзүң билесиң,— деди. Акжүрөк каптарды козгоп көрдү да, «мунун да бир
билгени бар го» деп ойлоп, кум салынган капты көтөрүп алып жолго түштү. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, аны ким билсин акыры калың камышка туш келди. Камыш өрттөнүп жатыптыр. Жакшылап караса өрттүн ичинде бир кыз турат. Акжүрөк ошол замат каптагы кумду чачып өрттү ечүрүп, кызды аман алып калды. Экөө жай сурашты. Кыз өзү падышанын кызы экенин, саякатка чыгып, жолдошторунан адашып калганын айтып:
— Эми, жигит, мени атама жеткир. Анда барганда, сага гартуу кылып каалашыңча алтын менен күмүш берет, бирок сен аны албагын. Анан эмнени самасаң, ошону иштеп бере турган алтын шакеги бар, ошону сурагын,— деди.
Акжүрек кызды колунан жетелеп, тайганы менен мышыкты ээрчитип жолго чыгышты. Күнтүн жол жүрүп, арыпачып, араң дегенде кыздын үйүнө келишти. Падыша «кызым өлдү» деп аш берип жаткан экен, кызын аманэсен көрүп, ашты тойго айландырды. Кызы атасына өлүмдөн сактап калган так ушул Акжүрек экенин айтты. Акжүрөк бир нече күн конок болгондон кийин айлына кете турганын айтты.
Падыша элжуртун чогултуп, балага батасын берип, алдына ат тартып, үстүнө торко жаап, тайганына алтындан каргы тагып, он эки теегө алтынкүмүш, ар түркүн кийимкечек жүктөп жөнөтмөк болду. Акжүрөк элге карады да:
— Туугандар, мага алтынкүмүштүн кереги жок. Менин бир гана каалаган нерсем бар… падыша берсе, ошону алам, бербей койсо куру кол кайтам,— деди.
Эл чурулдап:
— Ал эмне экен? Айткын! — дешти.
— Падышанын алтын шакеги керек,— деди Акжүрөк. Падышаны эл жаалап жиберди. Падыша колундагы
шакегин чыгарып Акжүрөктүн колуна салды да:
— Бул шакектин өзүнчө сыры бар. Аны кызым сага айткандыр. Бирок шакектин сырын өзүңдөн бөлек киши билбесин, билсе зыяны тиет,— деди да, Акжүректү жолуна салды.
Акжүрөк шакекти аты жогунан чыгарып алаканына салып:
— Кана, касиеттүү шакек, көз ачыпжумганча тайган, мышык үчөөбүз үйдө бололу,— деди.
— Көзүңөрдү жумгула, дал ошол айтканыңардай болот,— деди да, шакек аты жогуна салынып калды.
Айтканындай эле көзүн ачса, Акжүрөк ез үйүндө отурат.
Шакектин касиети менен энесин эч нерседен кор кылбай багып турду. Күндөрдүн биринде Акжүрөк колукту алмакчы болуп энесине кеңеш салды:
— Апа, Шамыр деген падышага бар да, кызына жуучу түш.
— Кокуй, уулум,— деди энеси, — сендей жакырга падыша кызын бермек беле? Ичпеген ашыңдан үмүт кылбай, жөн эле колукту алсаңчы же мени өлтүргөн жүресүңбү!
— Мен айткан соң, бара бер. Берсебербесе да, жообун алып кел,— деп уулу энесин Шамыр падышага женеттү.
Кемпир падышанын ак сарайына кирип, өзүнүн жуучуга келгенин айтты. Шамыр сабырдуу, адилет киши эле, кемпирди жакшы кабыл алып, эмнеге келгенин тактап билди да, кызын бергиси келбей, жөн эле көңүл улап:
— Келгениң жакшы, байбиче, ата салты, кыз каадасы эмеспи: калыңсыз кыз болмок беле. Чыдасаң, жүз кара кашка жорго, жүз желмаяң төө, жүз кьшкап, жүз тирүү түлкү, жүз суусар, жасалгасы менеы жүз канат боз үй алып келсең, кыз даяр,— деди.
Кемпир бул жоопту угуп, аябайкапаланып үйүнө келди да, падышанын жообун уулуна төкпөйчачпай айтып берди.
— Эң жакшы жооп экен, ага кайгырбагын, баары даяр болот,— деди да, уулу жатып алды.
Акжүрөк эртең менен ойгонуп эшикке чыгып, алтын шакекти аты жогунан чыгарып алаканына салды да:
Кана эми, касиеттүү шакегим, көз ачыпжумганча жүз кара кашка жорго, жүз желмаян төө, жүз кымкап, жүз тирүү түлкү, жуз суусар, жасалгасы менен жүз канат боз үй даяр болсун,— деди.
— Көзүңдү жумгун, айтканыңдай болот,— деди да, шакек аты жогуна салынып калды.
Акжүрек көзүн ачса, бардыгы даяр болуп калыптыр, Анан энесин ойготуп, жорголордун бирине мингизип, малды айдатып; желмаян төөлөргө үйдү жүктөтүп, алардын үстүнө түлкү менен суусарларды отургузуп алып, падышанын ак сарайына барып түшүп калды. Кароолчулар бул укмушту Шамырга айтышты. Шамыр өз убадасы менен кырк күнү той кылып кызын узатты.
Акжүрөк үйүнө келип, кемкарчты билбей жата берди. Колуктусу «Мен тийсем, падышанын баласына тиет элем» — деп, Акжүрөктү сүйбөй койду. Кантсе да эптеп кетип калуунун амалын издеди.
Ал Акжүрөктүн дүнүйөмүлктү кандайча таап жатканын күн сайын сурай берди. Бирок Акжүрек ага сырын айткан жок. Күндөрдүн биринде зайыбы үйүне конок чакырды да, күйөөсүнө аракшараптан аябай ичирип мас кылып, алдап сырын сурады. Мастык менен Акжүрек алтын шакектин сырын айтып берди. Ошол түнү зайыбы шакекти уурдап алды да, качып кетти. Акжүрөк эртең менен турса, баягы кара алачыкта куур тон жамынып жатат, тайганы боеогодо, мышыгы жаман сокунун үстүндө отурат. Акжүрөк ез башын өзү муштап аябай ыйлады. «Силердин эч бир пайдаңар тийбеди!» деп мышыгы менен тайганга ачууланды.
Мышык менен тайган ошол замат эшикке чыкты да, «Ээбиз катуу кайгыга туш болду, эми тиги катынды издеп таап, шакекти алып келишибиз керек» деп кеңеш курушту да, жолго чыгышты. Жолдо ит мышыкка карап:
— Экөөбүз кетип баратабыз. Акжүрөктүн ичипжей турган эч нерсеси жок. Ага оокат камдап берип кетели, аны ойлобогон сен акмак экенсиң,— деди.
Мышык тигинин сөзүнө жыгылды да, макул болду.
Экөөлөп, бири кыргоол, коён тиштеп, бири бөдөнө тиштеп, бир нече айга жете турган эт камдашты да, ээси менен коштошуп алыска сапар тартышты.
Жүрүп отуруп көк деңизге туш болушту. Тайган мышыкка карап:
— Мен жээкке сүзүп чыга алам, сен кантесиң? — деди.
— Ырас, мен сүзө албайм, экөөбүз бирге жүргөн соң, бирбирибизге пайдабыз тийсин. Мен жонуңа минип алайын,— деди мышык.
Тайган мышыкты мингизип алып жээкке сүзүп чыкты. Жээкте эч бир адам жок. Андан ары шаардагы көчөлөрдө толгон эле чычкан. Тайган аны көрүп:
— Мышык досум, сага эми кезек келди. Өнөрүңдү көрсет. Серпип ыргыта бер, курсакты тойгузуп алалы,— деди.
Ошентип, мышык серпип ыргытып, тайган аны жыя берди. Бир кезде караса, жыйылган чычкандар тоодой болуптур. Чычкандардын падышасы чычкандын эсебин алды эле, миңдеген чычкан жрк болуп чыкты. Ага мышыктын келгенин айтышты. Ал ийнинен чыгып, чоролорун ээрчитип алып мышыкка келип:
— Улуу урматтуум, сиздей баатырдын алдында таазим кылып, башымды ийип турам. Бизди кыра бербей, ырайым кыл. Керегиң болсо — сура, таап берели,— деди.
Мышык ага минтип айтты:
— Биздин ээбиздин сыйкырдуу алтьш шакеги бар эле, ошону катыны — Шамыр падышанын кызы уурдап качып кетти. Силер изилдеп таап бергиле, болбосо сенин тукумуң калбайт.
Чычкандардын падышасы макул болуп, ошол замат добулбас кактырып чычкандардын баарын чогултуп:
— Ким барып алтын шакекти таап келет? — деп сурады.
Эң артта турган кичинекей ак чычкан алдыга чыга калып:
— Мен аны билем, ал «кыз» уктаганда, алтын шакекти ууртуна салып, уктайт,— деп чыйылдады.
— Эмесе сен буларды ээрчитип барып, кандай да болсо, шакекти алып бергин, аны аткарсаң, өзүмө вазир кылып алам,— деди чычкандардын падышасы.
Ак чычкан мышык менен тайганды ээрчитип, баягы «кыздын» үйүнө келди:
— Силер эшикке жакын тургула, мен үйгө кирем да, шакекти кандай да болсо алып чыгам,— деп үйгө кирип кетти.
Чычкан куйругун кыздын мурдуна сойлотуп жиберди, кыз чүчкүрүп жибергенде, оозунан шакек ыргып кетти. Чычкан шакекти илип алып, эшикке чыгып тайган менен мышыкка бере салды. Алар чычкандардын падышасына келип ыракмат айтып, анан жолго чыгышты.
Жолдо келатып, шакекти ким бекитип жүрөрүн кеңешти. Экөө ары талашып, бери талашып, шакекти мышык алып жүрмек болду. Мышык шакекти оозуна салып алды да, экөө андан ары жол жүрүштү.
Келе жатып экөе баягы кек деңизге туш болушту. Сур тайган мышыкты жонуна мингизип алып сүзүп бара жатты. Деңиздин орто ченине келгенде, кайданжайдан экени белгисиз бир карга пайда болду. Ал мышыктын башкөзүн чокулап кирди. Мышыктын айласы кетти, оозун ачып тиштейин десе, шакек түшүп кеткидей, тиштебейин десе, карга жөн койчудай эмес. Акыры жаны чыдабай, оозун ачып жиберди эле, шакек оозунан булт этип сууга түшүп кетти. Жээкке чыгышты. Мышык ыргып жерге түштү. Сур тайган андан:
— Шакекти жоготкон жоксуңбу?— деп сурады. Мышык муңайып туруп:
— Мен акмак болдум, досум, жанагы каргадан коргоном деп, шакекти түшүрүп жибердим,— деди.
Тайган аябай ачууланды:
— Сенин ушундай акмак экениңди билгенде, шакекти сага карматпайт элем. Өлтирил, шакекти тап! Кайсы бетибиз менен Акжүрөккө куру кол барабыз?!
— Ачууланба, досум,— деди мышык. — Аракет кылсак — берекет дейт, аракет кылып көрелү, Шакекти балык жутуп кеткен чыгар. Андан көрө жээкке отуруп алып байкайлы. Суунун үстүнө балык болсо, мен серпип ыргытайын, мүмкүн, шакекти табарбыз.
Бир кезде башы алтын, куйругу күмүш балык суу үстүнө ыргып чыкты. Аңдып турган мышык шып илип алып, жээкке ыргытты. Балык жалынып:
— Урматтуу баатырлар, мени өлтүрбөгүле. Мени жеген менен да тойбойсуңар. Андан көре каалаганыңарды иштеп берейин. Ушул деңиздеги балыктардын падышасы элем,— деди.
Андай болсо, биз сени өлтүрбейлү. Биз ушул деңизге алтын шакегибизди түшүрүп жибердик. Кандай да болсо, бизге ошолшакекти таптырып бер,— дешти мышык менен тайган.
Балыктардын падышасы деңиздеги бардык балыктарды чогултуп, алтын шакектин кабарын сурады. Кичинекей балык алдыга чыкты да:
— Улуу падышам, ал шакекти ким алганын мен билем. Аны ак чабак жутуп алганын көрдүм,— деди.
Кайданжайдан болбосун, ак чабакты таап келүүгө падыша буйрук кылды. Балыктар койсунбу, ак чабакты эки кезүн алактатып бат эле айдап келди.
— Силердин шакегиңерди алган куу тумшук чабак ушул экен. Мунун жазасын өзүңер бергиле,— деди балыктардын падышасы, тайган менен мышыкка.
Тайган чабакты башынан тиштегенде, мышык анын курсагын жара тартты эле, шакек булт этип ыргып кетти. Мышык шып илип алды да, езү жалгыз жеткирмек болуп безип жөнөдү. Тайган мышыктын артынан түштү. Жетип баса калмакчы болгондо, мышык бет алдындагы карагайга чыга качты. Тайган карагайдын түбүндө карап турду да:
— Мышык досум, бул карагайдын башында нече күнү жашарыңды билем. Канатың болсо, айла жок эле, баары бир жерге түшпөй койбойсуң, — деди.
Биринбири аңдышьщ үч күн, үч түн отурушту. Экөөнүн тең курсагы аябай ачты. Анан экөө макулдукка келишти да, жолго түштү.
Үйгө келсе, Акжүрөк уктап жаткан экен. Аны ойготуп, шакекти беришти. Акжүрөк абдан кубанып, тайганы менен мышыкка алкыш айтты. Шакекти алаканына салып:
— Кана эми, касиеттүү шакегим, көз ачыпжумганча Шамыр падышанын «кызы» менин алдымда болсун,— деди.
Жум көзүңдү, айтканыңдай болот,— деди шакек.
Акжүрек көзүн ачса, баягынын баары даяр. Шамыр падышанын «кызы» босогодо жан соогалап турат. Акжүрөк анын көз жашына караган жок. Азоо аттын куйругуна байлап коё берди. Мындан кийин эч нерседен кемчил болбой, каалаганын ичип, каалаганын кийип, жыргапкуунап жашай бериптир.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

девятнадцать − семнадцать =