Бул баракчада жапайы осумдуктор, бак-дарактар жонундо табышмактар жооптору менен камтылды. Балдарды жапайы осумдуктор менен тааныштыруунун эн оной жана кызыктуу жолу.

Ийип кетип сүт берет,
Байып кетип дан берет

Жайында ысыкты дегдейт,
Кышында суукту сезбейт,
Кийгени жашыл жибек,
Жай-кышы түк чечпейт.

Тырмаак кыз,
Ыйлаак кыз,
Чыргаак кыз.

Жер үстүндө жетим бала диңгилдик,
Кар үстүндө карып бала диңгилдик,
Муз үстүндө мусаапыр бала диңгилдик.

Атасы — узун сары,
Энеси — желпиш табак,
Баласы — балдан майлуу.

Үлпүлдөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым

Эрбегей-сербегей,
Эшик ачып кирбегей.

Эрбегейден-сербегей,
Эки жакты билбегей.
Үйгө басып кирбегей,
Эки жакты бербегей.

Мал-жан үчүн эрте бышкан кайсы тамак,
Жер жарып, чүчкүртүп жыты бурап.

Сел-сел, сел келет,
Сегиз теке бир келет.
Сакалдарын байпайтып,
Мүйүздөрүн кайкайтып.

Сегиз көздүү айбан түстүү,
Тоорунда жалгыз буттуу.

Чокою барды сыйлашат
Жыңайлакты ыйлатат.

Жол боюнда бай-бай чунак,

Табышмак, табышмак,
Тал түбүгө жабышмак.

Кокту келсе конот,
Жел келсе желет,
Бул эмне болот?

Учарымды жел билет,
Конорумду жер билет.

Ойлонгула кандай,
Кичинекей шардай,
Жармашат тийсең,
Акысы бардай.

Жумгактан жумгак, толгон ай жумгак.
Акылдуу киши айткандай жумгак
Чечен бир киши чечкендей жумгак.

Жерден жик чыкты,
Эки кулагы тик чыкты.

Бармактай жерге май каттым.

Узун-узун узарат,
Башы муштумдай болуп кызарат

Талаага килем жайдым.

Медет аке башында,
Макмалдан кызыл такыя.

Кышында көрүнбөй калат,
Жазында көгөрүп алат.

Жазында жарыкка келди,
Күзүндө үшүп өлдү.

Суу ичүүнү сүйбөгөн,
Куураганды билбеген.

Жыл мезгилин ылгабас,
Кыштыр-жайдыр кургабас.

Жыл сайын узара берет
Ал имаратка керек.

Бир арыктан кырк кой суу ичет.

Жайдын күнү кийгенин,
Кыштын күнү чечинген.

Узун терек, ичи көвөк.

«Кудайымдын» келини
Куру бекер жүгүнөт.

Узун бою бар,
Курама тону бар.

Узун бою муунчак,
Муун сайын үлбүрчөк,
Өңчөй кыздын ичинде,
Ошол экен келинчек.

Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк,
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек,
Бул эмине иничек?

Муун-муун, муунчак,
Жети кыздын энеси
Селкилдеген келинчек.

Жым-жым, жым кийиз
Жымылдаган ак кийиз.

Белинде бел боо,
Башында үкү тумагы бар.

Бир эчким бар кыя-кыя жол баштайт.