Апенди жана бай соодагер

Апенди көчөдө келатып, шаардын атактуу чоң байы үйүнүн терезесинен башын чыгарып, сырт жакты карап отурганын көрдү да, аны байкамаксан боло: Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең — албайм!—деп өтүп кетти. Аздан кийин Апенди кайра кайтып, бай дагы эле баягы калыпта отурганын көрүп: Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең.— албайм!— деп дагы өттү

«Бул өз сөзүндө канчалык бекем турганын жакшылап бир сынайын» деп ойлоду да, бай токсон тогуз дилдени баштыкка салып, бекем байлап, терезенин түбүндөгү ичке жолдун дал таманына таштап койду.
Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең — албайм!—
деп үчүнчү ирет өтүп бараткан Апенди баштыкты колуна алып, ошол жерде отуруп бардыгын санап:
— Ичиндеги дилдеси токсон тогуз экен, жибек баштык — бир дилде, кудай мага туптуура жүздү бериптир,— деди да, эми түз эле үйүн карай басты.
Бай шашкан бойдон жүгүрүп чыгып:
— Апенди! Токто! Мунуң болбойт: сен кудайдан жүз жилде сурагансың, а мен сени жөн гана сынамак үчүн токсон тогузду таштап, өзүм терезеден карап отурдум. Бер акчамды,— деп Апендинин жолун тосуп тура калды.
— Бербейм! Акчаны мен кудайдан алдым. Сенден акча сурамак тургай өзүңдү көргөн да жокмун. Тоспо жолду! Азыр базардан бир козу алып, союп, өлгөндергө куран окутам,— деп Апенди жулунган бойдон кете берди.
Бай акидей асылып, мунун артынан калбай жүрүп отуруп, акыры Апендинин үйүнө жетишти.
— Ушинтип эле бербейсиңби? — деп сурады бай, тажап бүткөндөн кийин.
— Ушинтип эле бербейм.
— Эмесе казыга баралы.
— Казыга да барбайм. — Неге барбайсың?
— Чапаным жаман. Муну менен казынын көзүнө кантип көрүнөм? — деп Апенди үстүндөгү жаман чапандын айрыгын ого бетер чоңойтуп айрып койду.
— Эмесе меникин кий. Мен жолдо үйүмө кирип, бөлөк чапанды кием,— деп бай шайы чапанын чечип, Апендинин үстүнө жаба салды.
Апенди аны кийип, этекжеңин карап, сылапсыйпап, анан жайланып отуруп алды.
— Бул эмне кылганың? Жүрбөйсүңбү казыга! — деди босогого барып калган бай кайра кайрылып.
— Кантип жөө жүрөм?
— «Кантип» дегени кандай? Басып жүрөсүң да.
— Жо — ок… Басып жүрө албайм. Бутум ооруйт. Ал эми казынын үйү абдан алыс эмеспи.
— Менин сарайымда бир эмес, беш эшек байланып турат. Экөөбүз андан эки эшекти тандап минип, казыга бат эле жетебиз.
— Мына ушинтип айтпайсыңбы… Эмесе болуптур. Апенди бай менен кошо мунун үйүнө келип, экөө эки эшекти тандап минип, бай айткандай, казыга бат эле барышты.
Казынын алдына чөк түшүп отургандан кийин, биринчи сөздү бай айтып еттү.
— Кана эми, сен эмне айтасың, Апенди? — деди казы.
— Бул кишинин сөзүнө эч ишенбеңиз… Менин айтарым ушул, таксыр.
— Неге?
— Өмүрү калп сүйлөйт. Чын айткан бир сөзү жок.
— Кантип?
— Сиз калыс болуп карап отуруңуз: эми бул мен кийип турган жалгыз чапанымды да «меники» дейт.
— Меники эмей кимдики? «Чапаным жаман» дегениң үчүн кийгизбедимби! — деп бай ачууланып тура калды.
Көрдүңөрбү, мунусу аз келгенсип, эми бул менин минип келген эшегимди кошо талашат, бирок өзүңүз билип калыс өкүм кылыңыз, таксыр.
Апенди казынын алдына баш ийип, колун куушурган бойдон отура берди.
Байдын чыйпыйы чыгып:
— Аны талашып эмне кылам? Эшек ансыз да меники. Жөө жүрө албаганың үчүн мен мингизбедимби!—деп калчкалч эткен колу Апендинин үстүндөгү чапанга жармашты.
— Тарт колуңду! — деди казы, байга акырая карап. — Сен эмне, казыны макоо деп ойлоп, калыстык жолдон тайгызмаксыңбы? Өзүң кечөгө токсон тогуз дилде таштап, аны кайра доолап, акчаңды бербей жаткан кишинин үстүнө чапан кийгизип, астына эшек мингизип, анан казыга арызданып келет имишсиң… Калп мунуң! Калп тургай, казыны шылдың кылганы үчүн бул киши камакка алынсын, минип келген эшеги мындан ыза көргөн казынын пайдасына калсын. А сен, Апенди, эшегиңе мин да үйүдө кайт! — деди казы.
Ошону менен Апенди акчалуу болуп, үстүнө чапан кийип, астына эшек минип, үйүнө кайтты да, бай экинчи эшегинен кошо ажырап, өзү камакта калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 × 1 =