Бул бетте сандар катышкан макалдар чыгарылды.
- Адал өлсө бир казан эт, арам өлсө бир талпак.
- Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
- Адам дүйнөдө бир жаралат.
- Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
- Ажы болмок — кырк жылда, пенде болмок — бир күндө.
- Аз сүйлөсөң, элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың.
- Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
- Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
- Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
- Ак ит, кара ит — баары бир ит.
- Акмактын өмүрү — акылмандын бир күнүнө татыбайт.
- Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
- Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.
- Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.
- Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.
- Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөн.
- Ала карганы адал десе, бир чалымы бок татыйт.
- Алга бир карасаң, артка беш кара.
- Алдырган бир киши, уурусу миң киши.
- Алтай менен Култайга, жалчы жүрдүм бир тайга.
- Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.
- Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.
- Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
- Ар бир башта миң кыял.
- Ар бир ит — өз короосунда кожо.
- Ар дарттын бир дабасы бар.
- Ар заманда бир чукулдай.
- Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?
- Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.
- Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.
- Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.
- Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.
- Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
- Ат бир мүдүрүлсө, үч мүдүрүлөт.
- Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.
- Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
- Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.ың арык болсо — бир чап, отунуң аз болсо—бир жак.
- Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.
- Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат.
- Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка.
- Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
- Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
- Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
- Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
- Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
- Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
- Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
- Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе,экинчисинин күчү жок.
- Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
- Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
- Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
- Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
- Бир амал менен, эки алдай албайсың.
- Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
- Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт
- Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
- Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
- Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
- Бир башта миң үмүт.
- Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
- Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
- Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
- Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
- Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
- Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
- Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
- Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
- Бир карын майды бир кумалак чиритет.
- Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
- Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
- Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
- Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
- Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
- Бир ок менен эки коён атам дебе.
- Бир карын сары майды бир кумалак чиритет.
- Бир сүйлө, эки ук.
- Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
- Бир уядан — бир сасык.
- Бир чыбык менен миң кой айдалат.
- Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
- Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
- Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
- Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
- Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
- Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
- Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
- Бою бир карыш сакалы миң карыш.
- Дарак бир жерде көгөрөт.
- Дүнүйө — бир тыйындан куралат.
- Дос, жолдош — бир жылдык, куда —сөөк — миң жылдык.
- Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
- Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
- Жакшы атка — бир камчы, жаман атка — миң камчы.
- Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
- Жакшы деген бир атты кууса жетпейт, жаман деген бир атты жууса кетпейт.
- Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
- Жаман — эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
- Жаман болсоң — бир кишисиң, жакшы болсоң — миң кишисиң
- Жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт.
- Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
- Жараткандын бир күнү бар—жарым айга бергисиз, бир түнү бар — жатса уйку келгисиз.
- Жардынын бир тойгону — байыганга барабар.
- Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
- Жети өлчөп бир кес.
- Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин билбеген кыз — күң.
- Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
- Жети кишинин бири кыдыр.
- Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
- Жети күндүн бири өлүм.
- Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
- Жеткен — жети муштайт, жетпеген — бир муштайт.
- Жигит бир сырдуу, кырк (төрт, сегиз) кырдуу болот.
- Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
- Жүз дос — аз, бир кас — көп.
- Жүз жолу айткандан бир жолу көргөн жакшы.
- Жүз сөздү бир сөз токтотот.
- Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
- Жүз, жүзгө жеткенде кудайдан күдөрүңдү үз.
- Жүзгө жет, мүдөөм кет.
- Жүзгө чейинди «жасоол» дейт, миңге чейинди «кол» дейт, миңден ашыгын «кошуун» дейт.
- Жүздөн — бирди, миңден — онду танда.
- Жүздөн бирөө — чечен, миңден бирөө — көсөм.
- Жүздөн күлүк, миңден тулпар.
- Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт.
- «Көрдүм» деген көп сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз.
- Калпычынын куйругу бир тутам.
- Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол.
- Кандын да бир татым тузу кемиптир.
- Кара атан өлсө союлар, кан ата өлсө коюлар, он эки айда бир келген кар сонор кайдан табылар.
- Карга да эки чокуп, бир карайт.
- Карганы алты жылы борго байласа, бир чалымы — жин (же бок) татыйт.
- Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
- Кембагал байдан кем эмес, бир айыбы малы жок.
- Көп акмактын агасы болгончо, бир акылмандын иниси бол.
- Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр
- Конок бир күн консо — кут, эки күн консо — жут.
- Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
- Кулалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманда чалкып, бир жыл өмүр сүр.
- Кырк киши — бир жакта, кыңыр киши — бир жакта.
- Кырманды кырк таптаган аз.
- Мейманга аш кой, эки колун бош кой.
- Миң бирге чыккан торгоймун, өз жанымды коргоймун.
- Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок.
- Миң кайгы бир карыздан куткарбайт.
- Миң калп бир чынга татыбайт.
- Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр.
- Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил.
- Миң күнү кыйналсаң, бир күнү унутаарсың.
- Миң күнкү бейиштен бир күнкү бакырчылык артык.
- Миң койду бир серке башкарат.
- Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак алып чуркаптыр.
- Миң кошчуга бир башчы.
- Миң ооз сөз бир болсо, бир ооз сөз тек турат
- Миң сомдук камчыдан, бир сомдук пайда жок.
- Миң чеченди бир дөөрүк жеңиптир.
- Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет.
- Миңден тандап бирди сүй, сүйгөнүң үчүн отко күй.
- Миңин айтпай, бирин айт, чөп санабай, гүлүн айт.
- Миң жылдык караңгылыктан бир күндүк жарыкчылык.
- Миң карганы бир таш учурат.
- Он күндүк ашың болгончо, бир күндүк эшиң (ишиң же дос) болсун.
- Он түгөттөн — бир табышкер артык.
- Он эки пайгамбардан бир кудай улуу.
- Он эки пайгамбардан, бир кудай өтүптүр.
- Он экинин бири жок, уй байларга жиби жок.
- Ооз—бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша.
- Ооз—бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша.
- Орозойдун он тамыры бир келиптир.
- Орозойдун баласы отузга чыкканча жаш/
- Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлбөйт.
- Отуз өлчөп бир кес, он жолу ченеп бир жолу кес.
- Отуз күндүк орозонун, уч күндүк айты бар.
- Отуз тиштен чыккан сөз отуз уруу элге тараар.
- Отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу.
- Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
- Өлсөк, бир чуңкурда, тирүү болсок, бир дөбөдө.
- Өспөс элдин балдары, бир —бирине кас болот, өсөөр элдин балдары, бир — бирине дос болот.
- Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
- Саап ичсең — миң күндүк, союп жесең — бир күндүк.
- Сөз бирөө, кулак экөө.
- Сөздүн башы бир бычак, аягы бир кучак.
- Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
- Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
- Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
- Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
- Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
- Тулпардын бир туягы кем.
- Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
- Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
- Улугуң сокур болсо, бир көзүндү жум.
- Улугуң сокур болсо, бир көзүндү жум.
- Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара.
- Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
- Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
- Чакырылбаган бир конок үчүн — жок.
- Чычкандай жүз жыл жашаганча, жолборстой бир жыл жашаган артык.
- Эбин тапкан — эки ичет, эңсеси каткан — бир ичет.
- Эки бакыр — бир тукур.
- Эки бай куда болсо — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат.
- Эки аял — базар, үч аял — жарманке.
- Эки аяктуудан бажа таттуу, төрт аяктуудан бото таттуу.
- Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт.
- Эки ат минген кеч калбайт, элдүү түлкү ач болбойт.
- Эки арамза дос болбойт.
- Эки бээлүү — эл сактайт, жалгыз бээлүү — жан сактайт.
- Эки дөө кагылышса, орто жерде кара чымын кырылат.
- Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени,эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.
- Эки жагыңа байкап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр.
- Эки жакшы баш кошсо — ырыс, бир жаман менен бир жакшы баш кошсо — дурус, эки жаман баш кошсо — күн сайын уруш.
- Эки жакшы бир жайлоого чыкса — кудалашып түшөт, эки жаман бир жайлоого чыкса — кубалашып түшөт.
- Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт.
- Эки жаман таарынышса — амандашпайт, ‘ки жакшы таарынышса — жамандашпайт.
- Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы.
- Эки жинди бир кетти — эсен барып, соо келсин.
- Эки жүздүү эл бузат.
- Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.
- Эки катын алганча, эки каптал чай керек, эки семиз бээ керек.
- Эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө өгүз өлбөйт.
- Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.
- Эки кылыч бир кынга сыйбайт.
- Эки молдо — бир киши, бир молдо — жарты киши.
- Эки текем бир букача жок бекен.
- Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте.
- Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.
- Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон.
- Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
- Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат.
- Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо.
- Экөөнө бирөө бата албайт.
- Эки көздүн бири жоо чыккан заман.
- Эки коёнду кууган бирин да кармай албайт.
- Эки ооз бириксе, жалгыз ооз тим турат.
- Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт, жолборс бирди тууйт, бир жолборс миң иттин жолун бууйт.
- Эшеги — бир теңге, токуму — миң теңге.
- Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат.
- Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
- Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
- Айлың ала болсо, эки атың шала.
- Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
- Алтыга алып, бешке сат, атың болсун соодагер.
- Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
- Алты ай таптасаң да, карганын иши карга.
- Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
- Ат айланып казыгын табат, жөө калсаң, эки өңүрүң саныңды чабат.
- Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта,
- Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт.
- Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
- Балалык кишиге эки келет, бири жашында бири карыганда.
- Бир амал менен, эки алдай албайсың.
- Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
- Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
- Акыл үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай жүргөндө, курсак ачканда.
- Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо.
- Ат баспайм деген жерин — үч басат, эр көрбөйм деген жерин — үч көрөт.
- Жетимчиликти көп көргөн, үч чакыртпай «ии» дебес.
- Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
- Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар.
- Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.
- Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу — мурду кыбырайт.
- Күлүктөн күлүк чыкса — төрт аягы тыбырайт.
- Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
- Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт төрт улак, эч оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап.
- Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
- Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
- Ай он бешинде кайда бараар дейсиң?
- Айдаганы беш эчки—ышкырыгы таш жарат.
- Айдын он беши жарык, он беши караңгы.
- Аларманга алтоо аз, берерманга бешөө көп.
- Алга бир карасаң, артка беш кара.
- Алтыга сатып, бешке алган соодагердин адаты.
- Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
- Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
- Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
- Беш кол оозго батпайт.
- Беш кол тең эмес.
- Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
- Бешик баласы беш түлөйт.
- Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
- Жаман катын белгиси, жапкан наны карала. Беш эчкиси тууса эле, бел кырчоодон сарала.
- Жаманга эш тарткыча, камчы менен беш тарт.
- Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт.
- Мытандан жасалган буламык — ичейин деген ашым эмес, токсон беш — сени көрөйүн деген жашым эмес.
- Нысапсызга кашык салса беш ууртайт.
- Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
- Алкың бузулбаса, аяктагы аш алты кишини тойгузат.
- Алсыздын тили алты кулач.
- Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.
- Алты өлөңүм бек болсо, атым туйлап не кылат.
- Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
- Алты саны аманда, жер караган оңоорбу!
- Алты уулдуу кишинин, алты өрүштө малы бар. Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар. Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
- Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
- Алтымышта атаңдын, алдап соолап күчүн ал.
- Айгакка — алты таяк.
- Жардынын жети каңшаары бар.
- Жер кулагы жети кат.
- Жеримде жээрде сакал бий элем, эми жети сакал кул болдум.
- Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
- Жетеси жокко жети күн айт.
- Жээн келгенче, жети бөрү келсин.
- Жээриңе келгенде жети кабат бөрү элең, жебесиңе келгенде жин окуган молдо элең.
- Кыз жети жашка келгенде энесин жергеге кошот.
- Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиниң ай» деп өмүрүң өтөөр.
- Сопусунган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр.
- Уй сойсоң үч күн үйүңө жолобо, жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.
- Жардынын жети каңшаары бар.
- Аскар — аскар тоо — аягы келип чап болот, атадан сегиз болсо да — сыйлашпаса жат болот.
- Секет үчүн сегиз сөм ыйгарганың — молдонун кызын септүү кылганың.
- Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
- Жерге чачылган кык, тогуз жылы пайдасын тийгизет.
- Кан тартуусу — тогуз.
- Соёрун сойдук, тогуз катын ким артат?
- Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
- Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
- Билгениң бир то
- гуз, билбегениң токсон тогуз.
- Ата — эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.