Эл туруп эне тилин унуткан бар,
«Эл безер» атка конуп куруткан бар.
Эненин сүтүн эмип, тилин билбей
Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.
Элинин элдигине башын ийбей
Эненин тилин билбей, дилин билбей,
Эргулдар көбөйдү го көктөн түшкөн
Эли үчүн, энеси үчүн жаны күйбөй.
Элинин теги-жайын сүрүштүрбөй
Элинин каада-салтын көзүнө илбей.
Ээлигип күмбөз көрсө, мечит көрсө
«Атеист» аталды бейм арсыз түркөй.
Энчисин талашкансып Бабур баба
Эмне эле өчөгүштү анча буга.
Уратып тынышты го Бабур үйүн
Арбакка шек келтирип эл алдында.
Жагынып «эл достугун» бетке кармап
Жанкечти түптүү элди жүрдү алдап.
Жазасын алды акыры кет-кет келип,
Жанын жеп, жан соогалап кайда бармак.
Камчы чаап абийириме айтпайм жалган
Кыргыз бар кыргыз тилин билбей калган.
Кайгы жок каран калгыр мындан өткөн
Билгенге мындан оор болбойт арман!
Элимдин билип алып момундугун
Ээлешкен жакшы кызмат орундугун.
Эчен бир эл бузарлар тагдыр чечти
Тукуруп бир бирине оңу, солун.
Не тапты кайраштырып, эгештирип
Чынарга чырпык талды теңештирип
Чыркырап чындыкты айткан күйүп кетти,
Түбүнө көздөй көргөн досу жетти.
«Тил тилге сиңет» дешти ооз толо,
(жазылды ар кай жерге кооздоло)
Билсе да иштин жайын бүшүркөштү
Саксынып бир биринен кооптоно.
Баш калаада бала бакча ачылбай,
Аны ачууга бел байлабай, батынбай.
Башын жерге салып жүрөт кээ бир чоң
Бригадирдин арып бүткөн атындай.
Өз тилинде окутууга баланы
Ата-эне кабарганча таманы.
Орун таппай ындыны өчтү акыры
Жөө кыдырып чыгышса да калааны.
Шарт-жагдайды көрүп туруп оңдогус
Кара күчкө байкамаксан болобуз.
Көлөкөдөн корко берсек корунуп
Билбейм деги кантип, качан оңобуз?!
Бетке кармап теңдемечил жобону
Башын ийип, таазим этип «жогору».
Баласына сүйлөбөстөн кыргызча
Барк албаган эне тилиң оңобу?!
Актоо керек эне сүтүн оболу
Мына ушул соболдун да соболу.
Каргышына кала көрбө эненин,
Белгилүү го арты кандай болору.
Эне тилдин тагдырына жаны ачып.
Эне тилдин тазалыгын талашып.
Тилдин тилге тийбестигин залалы
Чыңгыз агай түшүндүрдү жаны ачып.
Буга болбой коргошундуу камчы алып
«Улутчул» – деп бүт Союзга жар салып.
Улут безер сүр көрсөттү дембе-дем
Жети атадан калган өчү барчалык.
Өз жеримде өз тилимде сүйлөнбөсө,
Дос дегендер тилимди үйрөнбөсө.
Өзөгүңдү өрттөйт экен анан да,
Өөн таап, керооздор кесирленсе.
Таарыйт экен таарыныч жүрөгүңдү
Ишенгениң күмөн санап шектенсе.
Кандай гана жакшы болор эле го
Кайраштырган ичи ала мертинсе.
Өгөө болуп өгөй берет дайыма
Күндүр-түндүр тынчтык бербей жаныма.
Эки дүйнө унутууга акым жок,
Эне тилди сиңген каны-жаныма!
Эне тилим эчен кылым карытты,
Күбө тартам күжүлдөгөн Тарыхты.
Кыргыз эли эчен кыйын кезеңде
Кыл чайнашып, кылыч сууруп чабышты.
Эне тилим эчен кылым карыткан
Эч ким аны өчүрө албайт Тарыхтан!
Эне тилим эстелигим урабас
Келбес жайга кеткенимде Жарыктан.