
Бул бетте уй-булоо жонундо 41 макал бар.
- Азазил азгырганда катын эрин чанат.
- Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
- Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
- Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
- Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
- Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
- Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
- Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
- Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
- Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
- Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
- Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
- Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
- Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
- Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
- Айылдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек, алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
- Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
- Акылсыз болсо алганың, көп узатпай эбин тап.
- Алганың жакшы болсо, аргымак минип дуулаарсың,
- Алганың жаман болсо, азабын тартып куураарсың.
- Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо, сакалың агарат.
- Алганың жакшы болсо, табылат акылың, келе берет жакының.
- Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
- Алганың жаман болсо, суук сөз угуп күйөсүң, алганың жакшы болсо, бал сөзүн угуп сүйөсүң.
- Алганың жаман болсо, чабылат акылың, кас болот жакының.
- Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
- Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
- Алганыңа сүйүнбө, ардагына сүйүн.
- Акылдуу карыя — агып жаткан дарыя.
- Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
- Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
- Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
- Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
- Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
- Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
- Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
- Күйөө — жүз жылдык, куда — миң жылдык.
- Күйөөнү пайгамбарым сыйлаптыр.
- Күйөө келсе — кыз даяр, жүйөө келсе — баш даяр.
- Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
- Өз үй — өлөң төшөк, өз эл — өмүрлүк жөлөк.
.