
Бул жерде чындык жонундо 33 макал бар.
- Акылдуу чындык калптан кийин сүйлөөгө тийиш.
- Жакшы болсоң жатык бол, чындык сенден адашпайт, карапайым калыс бол — сени төмөн санашпайт.
- Жалган сөз сени жарытпайт, чындык сөз сени карытпайт.
- Калпты чындай айтса, чындык чычая качат.
- Калп — дар, чындык — эм.
- Калп — оору, чындык — дары.
- Калп айтып жыргайм дегенче, чындыкты айтып азап чек.
- Калп көп, чындык бирөө.
- Калп менен жыргал көргөнчө, чындык менен азап чек.
- Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
- Тамашанын теңи — чындык.
- Таттуу калптан, ачуу чындык жакшы.
- Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир.
- Чогулушта чындык керек, чогууда тынчтык керек.
- Чыбык кармаганга ит өч, чындыкты айтканга акмак өч.
- Чындыктын куюшканы кабат.
- Чымындай чындык алптай калпты жеңет.
- Чындык — ачуу, калп — таттуу.
- Чындык — сегиз, бакыт — эгиз.
- Чындык жерде калбайт.
- Чындык күндөн жарык.
- Чындык көз тешет
- Чындык кудайдан күчтүү.
- Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
- Чындык сөздүн душманы көп.
- Чындык чычалатат.
- Чындыкка от үйлөгөндүн сакалы өрттөнөт.
- Чындыкты жарадар кылууга болот, бирок аны өлтүрө албайсың.
- Чындыкты танууга болбойт, достукту чанууга болбойт.
- Чынчыл адамга жүгүн.
- Чынчылдын чынысы сынбайт.
- Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс.
- Чын айтып залал тап — акыры жетерсиң муратка, калп айтып, пайда тап — акырында каларсың уятка.