Бул бетте тууган жөнүндө 70 макал бар.
- Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
- Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
- Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
- Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
- Айы оңунан тууганга, ажайып кубаныч жолугат.
- Айы лдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек,алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
- Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
- Аяшар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак.
- Күйүшөр тууган болбосо, күлө багып жатка жак.
- Алыстагы туугандан жакындагы коңшу артык.
- Алыш — бериш (келиш — кетиш) туугандыктын белгиси, уруш — кериш душмандыктын белгиси.
- Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан
- Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
- Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың.Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың.
- Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
- Атың жаман болсо айлаң кетет, алганың жаман болсо тууганың кетет.
- Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
- Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
- Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
- Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
- Тууган күйдуруп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
- Достун жаны бир, туугандын малы бир.
- Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
- Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган досю
- Жаман туугандан жакшы коңшу артык.
- Жаман туугандан жакын кошуна артык.
- Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы душманың менен кас болбо.
- Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо.
- Калыс канда, кайын жок. Туура канда, тууган жок.
- Качканды айтпай кууганды айт, карадан төрө тууганды айт.
- Келип — кетиш туугандыктын белгиси, уруш — кериш — душмандыктын белгиси.
- Кепти сууга сал, мени тууган кылып ал.
- Күмүш ээр ак кабат, ат жоорутар болгон соң — күмүшүн алып отко жак, күйүшөр тууган болбосо — күлүмсүрөп жатка жак.
- Көтөрүп сууга салган жаман, көз салбаган тууган жаман.
- Медери жок туугандан, бек сүйлөшкөн жат жакшы.
- Өз тууганын кор көргөн, ашуу таппай белде өлөт, кечүү таппай сууда өлөт.
- Өз тууганын кордосо, душманына кор болот.
- Өткүр ок — душманга, өткүр сөз — тууганга.
- Пайдасыз тууган — чекеге чыккан чыйкан.
- Сөөк (тууган) кайрылат, дос айрылат.
- Суук сөз тууганга да жакпайт.
- Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
- Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
- Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук —тууган, дос —тамыр, куда — сөөктөрдөн оолак бол.
- Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
- Тулпар сөөгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт.
- Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
- Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
- Тууган ай — туураган май.
- Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
- Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
- Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
- Тууган издеп, достон кетпе
- Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил.
- Тууган күйгузуп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
- Тууган күйдүрүп айтат, душман күлдүрүп айтат.
- Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
- Тууган туугандын казанына аш салбайт.
- Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
- Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт,
- Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
- Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
- Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
- Туура сөз (кеп) — тууганга жакпайт, катуу айткан — катынга жакпайт.
- Туурамчыдан тууганың болсун.
- Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
- Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
- Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
- Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
- Эшек баксаң ардактап тулпар болбойт, эли башка бул арам тууган болбойт.