Душман жөнүндө

  1. Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
  2. Айтпай келген конок, душмандан жаман
  3. Акмак достон, акылдуу душман артык.
  4. Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
  5. Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
  6. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
  7. Алыстагы душмандан, кашындагы кас жаман.
  8. Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
  9. Ачуу — душман, акыл—дос, акылыңа акыл кош.
  10. Баатыр болсоң — душмандан качпа.
  11. Беймаал конок душмандан жаман.
  12. Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  13. Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы, душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
  14. Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  15. Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы
  16. Дос башка карайт, душман бутка карайт
  17. Дос гүл болсо, душман күл болот.
  18. Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
  19. Дос изде, душман өзү табылат.
  20. Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
  21. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  22. Дос табышат, душман кагышат.
  23. Дос эгиз, душман сегиз
  24. Досуң канча болсо, душманың ошончо.
  25. Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
  26. Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  27. Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
  28. Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
  29. Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
  30. Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
  31. Дудуктун душманы жок.
  32. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  33. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  34. Душман алыстабайт —жаныңда.
  35. Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
  36. Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
  37. Душман жумурткадан кыр табат.
  38. Душман иши душманЖоо аяган жаралуу, катыны каралуу.
  39. Душман не (же эмне) дебейт, түшкө не (же эмне) кирбейт.
  40. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
  41. Душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат.
  42. Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  43. Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
  44. Душманга жаныңды (өзүндү) берсең да, сырыңды (сөзүңдү) бербе.
  45. Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
  46. Душманга өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.
  47. Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  48. Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  49. Душманга таба, доско (өзгө) күлкү болбо!
  50. Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
  51. Душмандашкан киши оңолбойт.
  52. Душманды таш менен урба, аш менен ур.
  53. Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
  54. Душмандын биринчи кадамы — жылмалап айткан саламы.
  55. Душмандын душманы — сенин досуң.
  56. Душмандын өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  57. Душмандын өчү канбайт, тутулсаң төбө кандайт.
  58. Душмандын сөзү жылуу, боору таш.
  59. Душмандын сырты жылма, ичи кара.
  60. Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол!
  61. Душмандын чырагына май тамызба.
  62. Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
  63. Душманың кылдай болсо, тоодой көр, ийнедей
  64. болсо, тоодой көр.
  65. Душманың суу берсе, досундай көр.
  66. Душманын аяган кийин өкүнөт.
  67. Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган дос.
  68. Жаман достон ачык душман артык.
  69. Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы душманың менен кас болбо.
  70. Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар
  71. Жылуу келген душманды суук чыгарба.
  72. Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо.
  73. Катындан башка душман жок, койнуңда жатып билинбейт.
  74. Кашыңда ким отурса, душманың ошол.
  75. Көзүңө чөп салган, душмандыктын белгиси.
  76. Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  77. Көп душманың болсо, көз ирмебес эр болгун.
  78. Ооздон кан чыкса да, душманга ырыңды ырдаба.
  79. Өз жоокерин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  80. Өз күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
  81. Өз тууганын кордосо, душманына кор болот
  82. Өз элин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  83. Өз элине батпаган, душманына кор болот.
  84. Өткүр ок — душманга, өткүр сөз — тууганга.
  85. Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз.
  86. Сокку канчалык күчтүү болсо, душман ошончолук басынат.
  87. Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
  88. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  89. Тил — менин тууганым, тил — менин душманым.
  90. Түлкүнүн душманы — териси.
  91. Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил
  92. Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
  93. Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
  94. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот
  95. Уйку — душман.
  96. Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.
  97. Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
  98. Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, үйүгүшкөн душмандан кетиш кыйын.
  99. Чындык сөздүн душманы көп.
  100. Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
  101. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  102. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  103. Элдин сөзү элде калсын, душмандын сөзү жерде калсын
  104. Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
  105. Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт, жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт.
  106. Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

16 + двадцать =