Актаймын

Мекеним, мен да актаймын
Эмизген аппак сүтүңдү.
Ушунум бир уул болсо деп,
Өстүрдүң жумшап күчүңдү.
Каруу-күч толсун карап тур,
Чайытам айга жүзүңдү.

Талпынган азыр түлөкмүн
Соңунан түшкөн тилектин.
Мекеним болуп бүт аалам
Кай жерде жүрсөм тиет күн.
Дүйнө эли бизди ээрчишмек
Арадан жылдар, күн өтсүн!

Өзүңдөн шоола чачырап,
Тартылат бардык алыстык.
Эркиндик күткөн эмгекчи эл
Умтулду сага – ырыс кут!
Анткени коммунизм,- бул
Жашоодо жалгыз калыстык!

Түбөлүк жарык мекеним
Түбөлүк жарык-Мекеним,
Түз кармап мени жетегиң.
Алдыга зуулап баратам,
Айчылык калып кечегим.

Чаңкасам кана жутууга,
Чаалыксам талбай учууга,
Булак да, күч да өзүңсүң
Бузулбас бактым – ушу да!

Таңындай Ысык-Көлүмүң,
Таптаза жаштык көңүлүм.
Анткени сендик эмеспи
Ак эмгек, кымбат өмүрүм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один + 11 =