Жигит жөнүндө

jigit jonundo makal opt

Бул бетте жигит жонундо макал бар.

  1. Жигитти сөзүнөн тааныйт.
  2. Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  3. Адеби жок жигит — жүгөнү жок атка окшош.
  4. Адептүү жигит азаптан алыс болот.
  5. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  6. Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
  7. Азамат бир күнү ат минет, бир күнү жөө жүрөт.
  8. Азамат болсоң ак иште — аздыр — көптүр малболот. Бекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
  9. Азамат болсоң ак иште, аздыр көптүр мал болот.
  10. Азамат болсоң шаңдуу бол, «Атың ким?» деп сурасын.
  11. Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
  12. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
  13. Азаматка — эл арка.
  14. Азаматка дайыма ракмат.
  15. Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
  16. Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
  17. Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
  18. Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
  19. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  20. Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
  21. Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
  22. Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
  23. Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
  24. Азынаган айгырдын үйрүн көр, менменсинген жигиттин үйүн көр.
  25. Ай — толгонун билбейт, жигит — болгонун билбейт.
  26. Айыбы чыккан жигиттин, узун бою пас болот.
  27. Акыл конбогон жигитке, бакыт да конбойт.
  28. Жышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
  29. Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
  30. Ат сыйлабас жигиттин, жөөчүлүк берээр сазайын.
  31. Атты арыганда көр, эрди (жигитти) карыганда көр.
  32. Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр/
  33. Аюунуң жанында жолборс, жылмакай жигит турбайбы.
  34. Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  35. Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт. Коркок өлсө миң өлөт.
  36. Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  37. Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат. Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  38. Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
  39. Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
  40. Бакага балыр көл жакшыБалыкка терең суу жакшыЖигитке өскөн эл жакшы.
  41. Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  42. Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
  43. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  44. Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
  45. Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
  46. Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
  47. Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
  48. Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
  49. Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
  50. Даана карт даркан жигиттен чыгат.
  51. Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
  52. Жабыгып жүрсө жигитти жакырсың деп кордобо.
  53. Жакшы аттын жалын сактагыча, жакшы жигиттин арын сакта.
  54. Жакшы жигит көктөгү (асмандагы) жылдыз.
  55. Жакшы жигит сыртта — мырза, үйдө — кул.
  56. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул; жаман жигит үйдө мырза — сыртта кул.
  57. Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт, жаман жигит өз камы үчүн жүгүрөт.
  58. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
  59. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
  60. Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи.
  61. Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы жигит — көктөгү жылдыз.
  62. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман эр жигит элин көргө сүйрөйт.
  63. Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт.
  64. Жаман болоор жигит чегинчээк, кедей болоор жигит эринчээк.
  65. Жаман болоор жигиттер, өз боюна кас болот.
  66. Жарды болоор жигиттер, дөөлөтүнө мас болот.
  67. Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
  68. Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
  69. Жарды болсоң — көчүп көр, жалгыз болсоң — өлүп көр.
  70. Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
  71. Жаш бутактын ийилгени— сынганы, жаш жигиттин уялганы — өлгөнү.
  72. Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жүрүп жок болот.
  73. Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
  74. Жашында жигит шок болот, карыганда токтолот.
  75. Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
  76. Жигит бир сырдуу, кырк кырдуу болот.
  77. Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
  78. Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
  79. Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет?
  80. Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  81. Жигит келсе, кыз даяр.
  82. Жигит тереңи көк ирим көлдөй, жигит күчтүүсү каптаган селдей.
  83. Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
  84. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
  85. Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  86. Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
  87. Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
  88. Жигиттик желип өтөт ашкан белдей карылык каршы келет казган көрдөй.
  89. Жигиттик өттү ашкан белдей, карылык келди казган көрдөй.
  90. Жигиттик келип өтөт соккон желдей, карылык каршы келет казган көрдөй.
  91. Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
  92. Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
  93. Жигиттин куну — жүз жылкы, ары — миң жылкы.
  94. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
  95. Жигиттин түзүн айтпай, ишин айт.
  96. Жигиттин уялганы — өлгөнү.
  97. Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
  98. Жолборс изинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт.
  99. Жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат.
  100. Иштин агы билбейт, жигиттин багы билет.
  101. Калкынан азган кор экен, элдүүнүн баары эр экен, элинен азган жигитке эртелеп өлүм эп экен.
  102. Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол.
  103. Кары карап турбайт, жигит жилик албайт.
  104. Кашкулак семиз — карта жок, катыны жакшы жигиттин кайда болсо көөнү ток.
  105. Кишенеген айгырдын үйрүн көр, чиренген жигиттин үйүн көр.
  106. Күл жигит — ээси экен жылкынын.
  107. Көп сүйлөгөн жигиттин бир ажалы көптөн.
  108. Көпкөн жигит (же киши) басыгынан байкалат.
  109. Көпкөн жигит (уул) көп сүйлөйт, чечен жигит бап сүйлөйт.
  110. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт.
  111. Кудай ураар жигитке кумгандай жүрөк жаралат.
  112. Куубаш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  113. Куур тондун ичинде куурасын жигит өлбөсүн, тери тондун ичинде тердесин жигит өлбөсүн.
  114. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө — үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.
  115. Кырдаалың барда жигиттер, кызыгып ишке жарагын.
  116. Кырсык чалар жигиттин жалгыз атын ууру алат.
  117. Кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө жүрөт, төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп тегеректеп эл жүрөт.
  118. Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт.
  119. Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  120. Оозу чалпоо жигиттин бир ажалы элинен, аягы суюк аялдын бир ажалы эринен.
  121. От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.
  122. Өзү болбос жигиттин атасын сурап нетесиң.
  123. Өзү чогоол болгон жигиттин бир ажалы көптөн.
  124. Өзүм билем деген жигит, башына ойрон салганы. Көп билет деген жигит, башына коргон салганы.
  125. Өнөрү жок жигит — канаты жок куш.
  126. Сөздүн көркү — макал, жигиттин көркү — сакал.
  127. Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  128. Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
  129. Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
  130. Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт, жөө жүргөндө жигитти, келекелеп эл күлөт.
  131. Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
  132. Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
  133. Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  134. Уятсыз жигит— жүгөнү жок атка окшош.
  135. Чырпыктын ийилгенн — сынганы, жигиттин уялганы — өлгөнү.
  136. Шакылдаган жигитти жоо бетинде көрөрмүн.
  137. Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте.
  138. Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
  139. Эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат.
  140. Эл четине жоо келсе—жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан — мал аяган жигитпи.
  141. Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
  142. Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
  143. Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай! Эр жигит жолу болобу, кез — кезде торго чалынбай.
  144. Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен, карышкыр жолдош болбойт жолборс менен, бир жүрбө миң — миллиард берсе дагы, акылы жок — акмак наадан менен.
  145. Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
  146. Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
  147. Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
  148. Эр жигит эки айтпайт.
  149. Эр жигит эл камын жейт.
  150. Эр эл камын ойлойт.
  151. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
  152. Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
  153. Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
  154. Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
  155. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  156. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аздык кылат.
  157. Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
  158. Эр жигиттин алганы жарашпаса алка жакасы ак болобу да, элине эмгек сиңип бак конобу.
  159. Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
  160. Эр жигиттин башына, нелер (эмне) келип, нелер (эмне) кетпейт.
  161. Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
  162. Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
  163. Эрте турган жигиттин ырысы артык, эрте турган аялдын, бир жумушу артык.

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять − 1 =