Эне тилим

Эне тилим түрк тилдердин ичинен,
Эң байыркы, эң байыркы бабасы.
Ушул тилде бүт дүйнөнү таңдантып,
Айтылууда күнү-түнү «Манасы».

Жакшы сөз сүйкүм угулат,
Жакшы сөз күндөн жылуураак,
Жакшы адам сөзгө түшүнөт,
Жакшы адам сөзгө жыгылат.

Тилимди билген келсин — деп,
Тилимди эгер билбесе,
Тилмечи жообун берсин — деп,
Манастын айткан сөзү бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10 + 20 =