Эне тилим – канатым – Т. Жороев Датасы: 22.09.2021 Тилиң барбы – журтсуң, элсиң, пендесиң,Тагдырыңды, тарыхыңды жиктеген.Бул жарыкта тилсиз болсоң, айла жок,Бир макулуксуң жан ачыта тиктеген. Менин тилим – күч канатым, кут тилим,Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн.Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу,Бүт өмүрдө төл тилимди үйрөнөм!