Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Күндөрдүн биринде вазири экөө куш
салып ууга чыкса, башка падышалар жанына балдарын ээрчитип, куш салып
жүргөнүн көрөт.
Падышанын көңүлү бузулуп, вазирине: «Кудайым бизге эмне үчүн бала
бербеди, биздин катындарыбыз эмне үчүн туубайт?» деп капа болуп үйлөрүнө
келип, катындарын сабап кирет. Бечара катындар бала үчүн зарланышат, тилек тилешет. Алардын зары өткөнбү, үч-төрт айдан кийин катындарынын боюна бүтөт экен.
Падыша дагы бир жолу куш салып жүрүп: «Эми кудай берсе, катындарыбыз
туумак болду. Менин катыным эркек тууп, сенин катының кыз тууса, кызыңды менин балама бер, сенин катының эркек тууп, менин катыным кыз тууса, кызымды сенин уулуңа берем, эгер экөө тең эркек болсо экөө акыреттик дос болсун» деп экөө баталашып, ант кылышат.
Айлар өтүп, күндөрү жетип, катындары толготордо: «Жүрү куш салалы,
төрөгөндө бир киши сүйүнчүлөп, барар» дешип, экөө жүрүп кетишти. Буйрук
менен вазирдин катыны эркек, кандын катыны кыз төрөдү. Бир мастан кемпир сүйүнчүлөп вазир менен падышага: «Аман-эсен катындарыңар төрөдү, вазирдин катыны эркек падышанын катыны кыз төрөдү» дейт. Экөө сүйүнгөн бойдон жарышып келе жатып, вазир атынан жыгылып, арка-мойну астында калып өлөт.
Падыша той жасап, кыздын атын Мээр, уулдун атын Зар койду.
Зар менен Мээр бир жүрүп, бир ойноп 16 жашка чыгышты. Мээрдин сулуулугу
жандан ашып, ар кайсы падышалардын балдары ашык болуп, куда түшүүгө
суратты. Кээ бир падышалардын балдары «Мээрди албасак да, жүзүн бир көрөлү» дешип, ашык болуп, ак боз аттары менен жыландай ойнотуп, Мээрдин астынан өтөр эле. «Куда түшөм» деп келгендерди падыша: «Кызым күйөөдөн жутаган жок, күйөөсү бар, убара болуп келе бербегиле» деп, кайтара турган.
Падыша элден коркуп, адам эшигин тапкысыз бир сарай жасатып, Мээрди
киргизип, эшигин бир мастан кемпирге кайтартып койду. Зар ары жактан карап, бери жактан карап, Мээрди эч таба албай, ичи күйүп: «Куда түшөм деп жүргөн падышалардын бирөө ала качып кеттиби?» деп ичинен сызып ыйлайт. «Эне, менин курдашым, акыреттик жарым Мээр жок. Кайда экенин билесиңби? Же падышалардын балдары менен качып кеттиби?» деп Зар энесинен сурайт экен.
Энеси чуркап барып, баласынын башын көтөрүп: «Зар балам, башыңды көтөр,
ыйлаба. Кайнатаң жаңыдан салган сарай үйдүн терезесин барып карачы көңүлү болсо Мээр сага бир сөз айтар» дейт экен. Энесинин сөзүнө кубанып, Зар чуркап барып терезени карап турса, Мээр терезени ачып, күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын Зарга каратып, терезени жаап кетип калды. Зар капаланып энесине келди да:
«Эне, менин досум, акыреттик жарым менден күдөрүн үзүптүр. Күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын мага каратып кетип калды. Кулдун баласы деп, мени теңине албагандыгы үчүн мен бул дүйнөдө турбаймын» деп дагы ыйлады. Анда энеси:
«Андай эмес күзгүнүн артын көрсөткөнү күндүз эмес, түнкүсүн кел дегени
эмеспи» деди.
Зар сүйүнүп, ордунан ыргып туруп барып терезеден карап турду. Ары басты
бери басты, күндүн кеч кирмеги кыямат кайымдай болду. Намаз шам менен
куптан арасында Мээр Зарды чакырып алып: «Сүйүктүү досум, сен чоң ак чийдин түбүнөн кетпе. Эл жатарда мен атамдан уурданып, сандыктагы ак бараң менен көк бараңды, акырдагы ак тулпар менен көк тулпарды алып чыгамын. Экөөбүз качабыз. Сен даяр тур» деди.
Бул экөөнүн сүйлөшүп жатканын мастан кемпир угуп: «Силерге бирди
кылайын» деп кекенип калат.
Ушуну менен Зар барып, ак чийдин түбүнө Мээрди күтүп олтурду. Мастан
кемпир акырын келип караса, Зар уктап калыптыр.
Зарды ордунан көтөрүп башка жерге коюп, ордуна өзү чүкөдөй болуп олтуруп
калды. Мээр аттарды алып келип: «Мингин тулпарга» деди. Мастан кемпир
тулпарга минди. Түн бою экөө жүрүп отуруп, күн шашке болгондо арт жагын
караса, Зардын ордуна мастан кемпир аргымакка минип келе жатат. «Кылмакчы элең кылдың, жемекчи элең жедиң, ушинтип кууратмаксың? Канча кылганың менен көптү көргөн эмессиңби, жол башта» деди Мээр.
Мастан ак тулпар менен кыя тартып, алдына түшүп бара жатат. Мээр ак
бараңды колго алып, астында бара жаткан кемпирди шыкаалап: «Эки далынын ортосу, так жүрөктүн толтосу, өлөр жериң ушул» деп, атты эле, мастан чыңырып кулап түштү.
Канча кылганы менен акылы бар эмеспи, тулпардын изи менен Зар таап келер деген ой менен Мээр ошол жерде үч күнгө чейин күтүп жатты.
Зар уктап бир убакта турса, эч ким жок. Жалгыз өзү калган. Күн алда качан
шашке болуптур. Эки жагын караса, анда-санда аяктай жерди томура баскан
тулпардын изи жатат. «Кой, мени алдап уктатып коюп, качып жоголгон экен.
Тулпардын изи менен таап, канчалык сен деп жүрсөм да карабайсың, эң жок
дегенде жолдоштук акымдан кеч дейин» деген ою менен артына түштү. Узак
жүрүп отуруп, акыры Мээрге жетти. «Акыреттик досум, келдиңби, мастан кемпир экөөбүздү ажыратып кое жаздады. Эмне болуп адаштың?» деди Мээр. «Бу да болсо мастандын азгырып уктатканы» деди Зар.
Мээр Зарды атка мингизип жүрүп олтуруп, бир теректин түбүнө келип,
тамактанышты да, ошол жерге түнөмөкчү болушту. «Зар, сен уктап ал, аттарды мен карап турайын» деди Мээр. Зар уктап болгондон кийин Мээр уктады. Зар аттарды карап турат. Ал үч күн тамаксыз жөө келгендиктен көзү уйкуга кетти. Бир убакта шылдыр-шылдыр этип, теректен түшкөн жалбырак Мээрдин бетине тийди. Көзүн ачып караса, бир кара чаар жолборс теректин башына чыгып бара жаткан экен. Акырын тура калып ак бараң менен атып жиберди эле, жолборс
жерге кулап түшөт. Терисин сыйрып алып, экөө андан ары жүрүп кетишти. Бир шаарга жакындаганда аттары боругуп өлүп, өздөрү жөө калып, дагы илгери жүргөндө жолунан чоң суу кез болду. Жөө өтө албай, сууну бойлоп жүрүштү эле, бир кайык көрүндү. Анда бир сокур абышка отурат. Мээр: «Айланайын аке, бизди аркы өйүзгө чыгарып коюңузчу» деди эле, абышка: «Чыгарсам бирден чыгарам экөөнү кемем көтөрө албайт» деди. Мээр чалдын ойлогонун билип кемеге ыргып түшүп жүрүп кетти. Суунун ортосуна барганда чал Мээрдин бетинен жыттап, асылып калды. Мээр абышканы кармашып жатып сууга түртүп жиберип, кемени кайта айдап келсе Зар жок. Ары карады, бери карады, эч таба албады. Зарды жоготуп, кайдан табарын билбей, акыры чарчап бүтүп, бир теректин түбүнө уктап калды.
Таймас деген падыша куш салып жүрсө, кушу Мээр жаткан терекке конду.
Падыша келип, Мээрди көрөр замат ашык болуп калды. Падышанын тогуз
катыны бар экен. Мээрди онунчу аялдыкка алмак болуп чоң той берди. Мээр:
«Таймас падыша, мен да бир падышанын кызы элем, кудай никемди сизге
буюруптур. Эми сиз мени, тогуз катыныңызды кошуп сейилдикке жибериңиз.
Баарыбыздын аттарыбыз, кийимдерибиз бирдей болсун, анан кимибиздин
өнөрүбүз ашык болсо, ошонубуз эрке катын бололу» дейт.
Таймас падыша макул болуп, Мээрдин айтканынын баарын оюндагыдай
орундатты. Бир күнү тогуз катынды ээрчитип келсе, баягы кемеси ордунда
турган экен. Тогуз катынга кемени көрсөтүп: «Ар жакка чыгып ойноп келелиби?» дейт.
Катындар сүйүнүп кемеге түшүштү. Мээр кемени айдап суунун агымы менен
бара жатып, суунун көлгө куйган жеринде ары-бери өткөндөрдү карактап турган он каракчыга кармалып калды. Каракчылар «өзү келген олжо» деп кубанышат.
Мээр каракчыларды «той кылгыла» дейт. Каракчылар той жасап нике кыйып,
катындарды алмак болду. Алар той камылгасын көрүп жүргөндө Мээр аялдар
менен сүйлөшүп: «Чайга уу кошуп берип буларды уулантып өлтүрөлү» деди.
Айтканындай чай менен кошуп уу берип, каракчылардын баарын өлтүрүп,
эркекче кийинип, чачтарын төбөлөрүнө түйүп, кылычтарын жана мылтыктарын асынып, аттарын минип, жүрүп кетишти.
Катындар жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир шаарга жетишти. Ал шаардын
падышасы өлүп, падыша кылууга баласы, же жакын туугандары болбогондуктан, талаш болуп жаткан экен. Өлгөн падышанын бир кушу бар экен. Ошо кушту учуруп, кимдин башына консо, ошону падыша кылабыз деп жатышыптыр.
Катындар жыйылган элдин ичине барышат. Бир убакта эл кушту учурду эле, куш Мээрдин башына конуп калды. Элдин баарысы келип Мээрди караса, жанында тогуз жигити бар, жарак-жабдыгы келишкен бир сулуу жигитти көрүп: «Өзү деле падыша экен» деп, Мээрди көтөргөн бойдон алып барып такка олтургузушту.
Мээр падыша болуп, Зарды табуу үчүн бүтүн шаарындагы жыгач усталарды
чакырып: «Менин сүрөтүмдү өзүмдөй кылып жыгачтан жасагыла» деп буйрук
кылды. Усталар бир-эки күндүн ичинде жасап, аларды падышага алып келип
берди. Мээр сүрөттөрдү көчөгө койдуруп, бүтүн журтуна, ар кайдагы
падышаларга кабар берет. «Биринчиден, менин сүрөтүмдү эл көрсүн, экинчиден, менде ушундай усталар бар экенин эл билсин деп иштеттим» деди сурагандарга.
Шаарындагы адамдар жыйналып, көчөдөгү сүрөттөрдү карап өтүп жатты. Түш
ченде бир сокур абышка сүрөттү көрүп тура калып: «Атаганат, жыгачтыгы
болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны чакыртып алып, бир үйгө кийиртип койду. Журт чубап өтүп жатты. Эртеси түштө орто бойлуу, отуз кырк жаштагы бир киши дагы: «Атаганат, жыгачтыгы болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны да өзүнчө бир үйгө кийирттирди.
Журт өтүп жатты. Эртеси кечке жуук, этеги тизесине жетпеген бир бала өтүп
бара жатып, сүрөттү карап: «Айланайын Мээрсиңби? деп, келип сүрөттү кучактай калды.
Мээр: «Алып келгиле чунак баланы!» деп аны да каматып койду.
Эртеси Мээр келип, сокур абышкадан: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп
сурады. Абышка калп жеринен: «Мээр менин катыным эле чанып качып кеткен» деди. Сокур абышканын калп айтып отурганына Мээр ачууланып, сокур көзүнүн үстүнө соо көзүн чукуп, таза сокур кылып кое берди.
Андан чыгып орто бойлуу кишиден: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп сурады.
Бул киши Таймас падыша экен: «Мээр эмнем болсун талаадан таап келип, алайын деп турганда сейилдикке чыгамын деп, тогуз катынымды алдап ээрчитип кетип, ошо бойдон жок» деди.
Мээр: «Эми Мээрди кошо алар белеңиз?» деди. Анда алиги киши: «Дегеле
Мээрге ыраазы элем, тогуз катыным гана табылса болду эле» деди. Тогуз катыны эркекче кийинип, Мээрдин жанында сурак сурап турганын билбеди.
Мээр чыгып балага келди. Бала көрсө Зар экен. Экөө кучакташып көрүштү.
Зарды жуундуруп тазалап, падышалык кийимдерин кийиндирип, падыша кылып койду. Мээр менен Зар кошулуп, Таймас падышага: «Адам баласы канаат кылбайбы, чүрөктөй катыны турса, мени алам дедиң. Мына менин өмүрлүк жолдошум. Мына катындарың, мен сатып жиберген жокмун» деп, Таймас падышанын катындарын берип, конок кылып узатып жиберет. Ошентип, Зар менен Мээр максаттарына жетип, түбөлүк жыргап куунап жатып калышкан экен.
ЗАР МЕНЕН МЭЭР
Датасы: 13.01.2022