Күндөрдүн биринде Жоомарт менен Сараң экөө чогуу ибадат кылууну чечишти. Сараң жол бою Жоомарттын наны менен суусун пайдаланды. Акыры, Жоомарттын азыгы тугондү. Жоомарт Сараңдын азыгынан сурайт, бирок Саран Жоомарттын абалында болгусу келбей турганын, ошондуктан эч нерсе бербей турганын айтты. Жоомарт андан ары ээрчий албай, бир үңкүрдө калып калат. Сараң жалгыз кетет. Үңкүрдө курсагын тойгузуу үчүн Жоомарт осуп турган чөптон узуп, оозуна салат, ошол учурдан баштап ал бардык өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тилин түшүнө баштайт. Кечке жуук үңкүргө карышкыр менен түлкү, анан сагызган учуп кирет. Түлкү сагызгандан бүгүн эмне жегенин сурады. Сагызган дале ачка экенин айтты. -А мына бул теректин астында чычкан бар,- дейт түлкү. -Алтын тыйындар менен тынымсыз ойноп, аларга суктанып тойуп калат.
Карышкыр мандайдагы тоолорду көрсөтүп, ал жерде миң кочкору, бир алтын эчкиси бар бай бар экенин, ошонун аркасында карышкыр семирип калганын айтат. Сокур болгон адамга текенин башын берсең көзү көруп калаарын айтат.
-Ал эми тетиги дарактардын түбүндө жети падышадан калган казына сакталып турат, – дейт түлкү, – а мен болсо ушул казынанын аркасы менен семирдим,-дейт.
Таң эрте жаныбарлар үңкүрдөн чыгып кетишти. Жоомарт чычкандын тешигине барып, ал жерден алтын тыйындарды издеп таап алат. Анан Жоомарт байга барып, андан эчки сатып алат. Жоомарт падышанын сокур кызы бар экенин билген. Ал падышага барып, өз ыктыяры менен кызмат кылат. Падышадан кызын айыктырганга уруксаат алат. Ал текенин башын дароо кайнатып, падышанын сокур кызына сорпосун ичирип, этин жедирет. Ал жеп, дароо көрө баштайт. Кубанган падыша кызын Жоомартка берип, той откорот. Падыша күйөө баласына анын ар бир каалоосун аткарууга даяр экенин айтат. Жоомарт падышадан дарактардын түбүндө казына сакталган булакты сурайт. Падыша ага булакты берүүгө макул болот. Жоомарт казынасын алып, аялы менен жыргап, эч нерседен кем болбой жашап баштайт.
Сараң кайтып келип, Жоомартка көз артып, андан минтип сурайт:
-Жоомарт сен кантип байыдың? Мен болсо тентип, бирде ачка, бирде ток, суукта ушуп журдум,-дейт.
Жоомарт ага баарын жашырбай, токпой-чачпай айтып берет. Сараң шашып үңкүргө жөнөдү. Жаныбарлар менен сагызганды күтүп, жашынып калды. Тун кирип, ункурго түлкү биринчи кирет. Ал кимдир бирөө алардын сүйлөшүүсүн угуп, бардык мүлкүн уурдап кеткенин, мындан ары сак болуулары керек экенин айтат. Түлкү үңкүрдө бирөө-жарымдын бар-жоктугун билүү үчүн үңкүрдү шимшип издөөнү сунуштайт. Ошентип, алар ункурдун эч бир жерин калтырбай издей башташат. Бир маалда түлкү кыйкырат:
-Айтпадым беле..Уңкүрдө адам заты бар тура!
Карышкыр Сараңды кармап, баарылап аны тытмалап салышат…
СҮЙЛӨБӨС КЫЗ
Өткөн заманда бир хан болуптур, анын кеңеш бергич мыкты вазири бар экен. Хан да вазир да бала көрбөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы кандын аялы эркек, вазирдин аялы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо ата-энелери экөөнү үйлөнтүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең, вазирдин кызы Акылжан акыл эстүү, токтоо киши болду. Күндөрдүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды. — Мен сени менен тура албайм… Мен хандын гана кызын алышым керек. Муну угуп, Акылжан да сөздү кесе сүйлөдү: — Өз оюңдан калба, мен макулмун. Эми сага бир акыл айтайын. Үзүр шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч жолу сүйлөтсө, ошол алат. Эгер мыкты болсоң ошого бар. Арадан көп күн өтпөй, Жаннат кызды издөөгө Мээнетбек жалгыз аттанып кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арып-ачып, аты ыргайдай, өзү торгойдой болду. Күндөн күн, түндөн түн өтүп, акыры толук токсон күн дегенде Жаннат кыздын шаарына жетти. Жаннаттын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жазууну окуду: «Кимде ким Жаннатты үч сүйлөтсө, Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт». Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө алып келишти. Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек өзү туулгандан берки көргөн-билгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде коңгуроосу кагылды. «Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөтө алган жок, эми хан ага жаза колдонот» деп, жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү. Ошентип бир жылдан ашык убакыт өттү. Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап, эркекче кийинип, жарак-жабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып, өзүнө тамак-аш берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таазим кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлөй баштады: — Жаннат кыз, мен сүйлөгөн сөзгө кулак коюп, адилеттик кылыңыз. Менин айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал мындай: — жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана илимпоз— төртөө узак жолго чыгышат. Жүрүп олтурушуп, бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, кадимки кыздын кебетесин жасап, тургузуп коёт. Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан ал өз өнөрүн көрсөтмөкчү болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат. Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө-билерик, сөйкө кала берсе топчусуна чейин тагат. Акыры кезек илимпозго келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп: «Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп кызга жан киргизет… Эртеси «бул кыз мага тийиштүү» деп талашып-тартышып, төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры элдеги кара кылды как жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Муну биринчи ойлогон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?» Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албады: — Жок, кызга жан киргизген илимпоз алышы керек — деп, кыйкырып жиберди. Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип ошол замат коңгуроо кагылды. — Эмки сөз мындай, — Акылжан дагы сөзгө кирди: — Бир кишинин үч баласы болот. Бир кызга үчөө тең кызыгып калышат. Чатак ырбап кетпесин дейт да, атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип: — Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку — деп, балдарын шаарга жөнөтөт. Булардын эң улуусу кырк күнчөлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем, ортончусу төгөрөктүн төрт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү тиштесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне алганын өз ара айтып өтүштү. — Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү, — деди улуусу ортончусуна. Үчөө күзгүдөн караса, баары эле аман-эсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын, анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү. Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер замат кыз: «Оф, ушунчалык уктаган экем» деп тура келди. Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат» ‘дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сиз калыстык кылыңыз, кыз кимге ылайык?» Жаннат шашып кетти: — Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөөнүн эч нерсеси корогон жок, — деп жиберди. «Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды берип, коңгуроо дагы кагылды. Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү: — Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк — үчөө жол жүрүп келатса, бир жерде ата-энеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр. Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп үч жолдош кызды куткарып алмакчы болот. Бирок, кантип ала качат — кызды кайтарып калышкан. — Мен уурдап келем, — дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын киймин уурдап кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнөйт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчөө айлына келип кызды талашып, «кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар «ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз? Жаннат дагы шашып калды: — Жок, андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп, үчүнчү жолу сүйлөдү. «Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми үч угулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалим убада боюнча Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду. Акылжан Жаннатка сыр алдырбады. — Сени алуудан мурда эли-журтуң менен таанышайын, шаарыңды аралап көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди. Бир күнү талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы менен тырмагы аябай өскөн, этин какач басып, кийми тытылып, кейпи кетип калыптыр. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал өзүнө окшотту. — Сен эми мен болуп калдың… Жаннат кыз сага тиет. Бирок ал кызга эч сөз айтпай кирип бар, — деген акылды үйрөттү, да өзү ошол жерде үйүнө кайтып кетти. Мээнетбек Жаннатты алып, элине шаан-шөкөт менен келип түштү. Эл чогулуп, чоң той болду. Мээнетбекке учурашыш үчүн Акылжан да келди. Мээнетбек аны көрөр замат: — Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды. Акылжан кайра басып, эми канга барды. — Ханым, датым бар, Сиздин алдыңызда балаңыздан эки ооз сөз сурамак элем… Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып сиз уксаңыз экен — деди. Хан макул болуп, жаш-карынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди. Акылжан Мээнетбекке суроо бере баштады. — Жаннат кызды сиз кандай аракет менен, кандай сөз менен сүйлөттүңүз!.. Сиз музоо кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле? Хандын уулу Мээнетбек моюн бергиси келген жок. — Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге жолуккан да эмесмин. Акылжандын ачуусу келди да: — Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар кимдики? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди. Жаннаттын ичи күйүп: — Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулунда турбайм, азыр кетем! —деди. Хан башынан макоо уулуна нааразы. Акылжанга ыраазы болуп эли менен кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен. Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.
ЧАЛ МЕНЕН БЕКХАН
Бекхан алты вазири менен жол жүрүп баратып, жүк көтөрүп алдынан чыккан чалга жолукту. —Атсалоом алейкум, чалым! — Оалейкум үч салам, ханым! — деп чал жооп кайтарды. — Үчтү тогузга сатпайсыңбы? — Ханым, сатар элем — ал жок, саттырар элем — мал жок. — Эртең алдыңа алты арстан жиберем, арзан сатпай, кымбат сат, деди да, хан вазирлерин ээрчитип жүрүп кетти. Жолдо вазирлер кан менен чалдын сөзүнүн маанисин сурашты. Хан жигиттерине: — Силер вазирсиңер, ошондуктан бул сөздүн маанисин эртеңге чейин өзүңөр тапкыла, эгер таппасаңар башыңарды алам, — деп каарданып койду. Эртеси алты вазир чалга келди. — Кечээ хан менен сүйлөшкөн сөзүнүн маанисин айтып бер. Айтпасаң биз өлмөк болдук. Ушул ажалдан куткарсаң, каалаганыңды беребиз. Чал ары ойлонду, бери ойлонду. — Эми болбостур айтып берейин, бирок убададан тайбагыла. — Хандын «атсалоом алейкум» дегени — «кудайымдын берер убактысы бир болсун» деген сөз. Менин «оалейкум үч салам» деген сөзүм — «мага бир болгонду ойлосоң, сага үч болсун» дегеним. «Үчтү тогузга сатпайсыңбы» дегени — «үч ай иштеп тогуз ай жатпайсыңбы» дегени. «Сатар элем — ал жок, саттырар элем, — мал жок» дегеним — «өз күчүм жетиштүү болсо сенин айтканыңды ойлонуп көрөр элем» деген сөзүм. — Баса, алты арстан жиберем дегени кандай? Чал булардын макоолугуна таң кала бырс этип күлүп койду. — Алты арстанды жибергени — силер эмессиңерби, силер арстандан кемсиңерби… «Арзан сатпай, кымбат сат» — деди эле — көп албай аз алдым, — деди чал.
МАНАТ
Бир падыша аял алам деп өзүнө караштуу элдин бойго жеткен кыздарынын баарын чакыртып, «үч ооз табышмак айтам, тапканыңарды аялдыкка алам. Эгер таппасаңар башыңарды алдырам», — деп табышмакты айтат: Биринчи табышмагы: «Ачуунун эң ачуусу эмне?» Экинчи табышмагы: «Жамандын эң жаманы эмне?» Үчүнчү табышмагы: «Таттуунун эң таттуусу эмне?» Кыздар үйлөрүнө барат. — Ачуунун эң ачуусу эки киши урушса, же чатак көп чыкса ошол болот. — Жамандын эң жаманы — эл катары оокат кыла албаса ошол болот. — Таттуунун эң таттуусу кант менен набат. Андан башка таттуу барбы? — дешти кыздардын ата-энелери. «Падыша, табышмактын чечилиши туура эмес» — дейт. Анда кыздар убайымдан ыйлап бара жатканда бир кедей чалдын Манат деген кызы: — Мен табамын. Мени падышага алып баргыла. Баарыңарды өлүмдөн куткарамын. Мага сүйүнчү бергиле, — дейт. Эртеси кыздар менен кошо Манат да падышага келет. — Ким тапты, табышмакты? — деп падыша сурайт. Ошондо бир кыз айтат: — Манат деген кедейдин кызы табамын дейт. Башкабыз табалбадык, — дейт. — Кана, айтчы, — дейт падыша. — Суроочу жерде туруп сурайт, жооп берүүчү такка чыгып жооп берет, — деп Манат айтат. Падыша макул болот. Манат такка чыгып, падыша айткан табышмакты эл алдында айтып берүүсүн сурайт. Падыша кыздарга берген үч табышмагын айтат. Манат мындай деп жооп берет: — Ачуунун эң ачуусу өзүңдөй падыша болот. Бирөөнү өлтүрүүгө, өкүм кылууга жарайсың. — Жамандын эң жаманы — өлүм. — Таттуунун эң таттуусу — асыл жан. Өлбөсөк деп тилейбиз. — Энди сен табышмакты таптың. Сени мен алам. Эртең атаңды жибер. Калың алсын. Бүрсүгүнү өзүңө араба жиберем — дейт падыша. Эртеси Манаттын атасы падышага келет. Падыша чалга тамак берип тойгузуп, бир тоок, кырк жумуртка берет. — Үйүңө алып бар. Кызыңа айткын эртең бастырып, бүрсүгүнү тоок менен 40 балапанды алып келсин. Болбосо кызыңдын башын аламын, — дейт падыша. Чал ыйлап үйүнө барат. — Ата, эмне ыйладың? — деп Манат атасынан сурайт. — 40 жумуртканы бастырып, бүрсүгүнү 40 балапаны менен тоокту алып келсин, — дейт. Ошого ыйлап келдим, — дейт атасы. Кыз амалын табабыз деп тоокту союп атасы экөө жеп ,алды. Эртесинде бир чөйчөк тарууну жоолукка салып падышанын ордосуна барат. — Эмне келдиң аксакал, — дейт падыша. — Ээ, мен бир жаман иш кылдым. Тоок колумдан чыгып качып кетти. Кызым жумуртканы басып жатат. Сизге мынабу тарууну берип жиберди. Эртең айдап, бүрсүгүнү бышырып кап-капка салып даярдап турсун тооктун балапандары ачка өлүп калат, — деп таруусунун уругун берген экен чал. Падыша сөзгө жыгылып, увазирин чакырып, кыздын атасына акча берет. — Эртең араба жиберем, кызың келсин, — дейт падыша. Кыз келет. Нике кыйып, аялдыкка алат. Күндөрдүн биринде: — Ээ, Манат, үй мүлктү сен бил. Өрттөп жиберсең да өз эркиң. Мен падышалык ишти билейин. Падышалык ишти кандай кылсам өзүм билейин. Жакшы кылсам, жаман кылсам, өзүм билем, — дейт падыша. Манат макул болот. Үч жыл турмуш сүрүшөт. Күндөрдүн биринде Манаттын көчөсүндөгү бир абышка бооз бээсин минип бир ЖЯКК9 баратып жол боюнан түшүп бээсин чалдырат. Чал уктап калат. Бээси тууйт. Жол менен бара жаткан бир арабаны ээрчип кулун кетип калат. Бээ кишенеп чалды ойготот. Чал бээсинин тууп койгонун көрөт. Кулуну ээрчип бараткан арабаны кууп жетип: — Ай, балам, кулунуң арабаны ээрчип баратат, деп эмне үчүн мага бир ооз айтпадың? — дейт, чал. — Сенин бээң тууса, бээңдин жанында турбайт беле. Менин арабам тууган. Бок жебей кет, — дейт арабанын ээси. Экөө чатакташып падышага келет. — Сен бээңди мындай тарт, сен арабаңды мындай тарт. Кимин ээрчисе кулун ошонуку — дейт падыша. Арабаны ээрчип көнүп калган кулун арабаны ээрчип кете берди. Анан чал Манаттан акыл жардам сурамакчы болуп ага барат. — Кулунумду арабакечке алып берип койду. Балдарымды кандай кылам? — дейт чал. — Мен падышанын өкүмүнө киришпейм. Убадабыз бар, — деди Манат. Чал жалооруйт. — Балаңыз барбы бешиктеги, — деп Манат сурайт: Чал: — Бар, — дейт. — Эмесе аке балаңызды алып аялың менен падышага кел, — деди Манат. Чал баланы көтөрүп, аялы баланы меники деп падышага арызга келет. — Он ай, көтөрүп омурткам сыздаган баламды чалым бербей жатат. Эмчегим жарылып өлгөнү жатам — дейт аял. Чал артынан кирип келет. — Эмнеге бербей жатасың баласын? — Бул катын тууса берет элем. Теректин жаракасынан этеги чыгып турган нерсени тартып алсам ушу бала экен. Терек тууган баланы аял талашып жатат, — дейт чал. — Жыгач да бала туучу беле, бок жебей бергин, — деди падыша. Падышанын бул сөзүн угуп турган аял чалдын колунан баланы жулуп алып, кетип калат. Анда чал олтуруп: — Ырахмат жыгач да бала туучу беле деп менин колумдагы баланы алып бердиң. Араба кулун тууйт беле? Араба кулун тууйт, — деп сиз деле бээм тууган кулунду арабакечке алып берип койбодуңбу? — дегенде падыша сөзгө сынып, увазирин чакырып кулунун арабакечтен алдырып берет. Падыша ушул акылды ким айтып берди? — деп ойлоп чалды чакыртып сурайт. — Чал өзүм ойлогом, — деп айтпай жашырат. Падыша чылгый төөнүн терисине оротуп, тамдын үстүнө чыгартып коёт. Тери ката баштаганда чал сары зил куса баштайт. — Айтайын, айтайын, — деп чал жалынат. — Ким айтты? — дейт падыша. Чал: Манат айткан дейт. Ошентип падыша сөзгө сынат. Аялына жини келип чакыртат. — Сени менин падышалык ишиме кийлигишпе, — дедим эле. Бир чалга сөзгө сындырдың. Эми үй мүлкүңдөн каалаганыңды алып кеткин, — деди падыша. Аялы айтты: — Өлтүрбөгөнүңүзгө ыраазымын, бирок эки кесе көжө кылайын экөөбүз бирге отуруп ичели, анан кетейин, — деди. Падыша макул болду. Манат көжө кылып, падышага берчү көжөгө уктай турган бир дарыны салып коёт. Падыша ичип бүтөрү менен уктап калат. Манат бир сандыкка төшөк салып, падышаны ичине бекитип, увазирин чакырып: — Падыша мага бир сандык берди, — деп арабакечке сандыкты салдырып үйүнө келди. Падышаны сандыктан чыгарып төшөккө жаткырып жанында Манат отура берди. Падыша ойгонуп: — Биз кайдан келдик? — деди. — Биз үйдөн келдик. Үй мүлкүңдөн эмне керек болсо ошону ал дедиңиз. Сизден башканын кереги жок экен, сизди алып келдим, — дейт Манат. — Эч ким көргөн жокпу? — деди падыша. — Сандыкка салып келдим. Эч ким көргөн жок сизди — деди. — Эмесе сиз менен өмүрлүк жолдош болоюн, — деп падыша үйүнө алып барды Манатты. Ошентип экөө түбөлүккө бирге өмүр сүрүп калышты.
ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
Качандыр бир акылман карыя болуптур, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпай, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, кичинеси чоңуна акырая карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эң айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгыны көтөрүп келди, балдарын чогултуп алып: — Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мына бул табылгыны тобу менен сындыргылачы — деди. Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган табылгыны эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты. Карыя табылганын боосун чечип: — Эми бирден сындырып көргүлө, — деди. Балдары табылгыны ошол замат чарт-чурт бөлүп: «Мына, сындырдык» деп мактанышты. Абышка балдарды отургузуп алып, нускалуу сөз баштады. — Мен силердин келечегиңерди ойлоп, капа болом, душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз табылгыдай бырча-бырча сындырып кетет. Ал эми боолагаң табылгыдай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, — деди. Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, касташкан душманды жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечарага берип ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды — ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН МЕНЕН АЛДАР КӨСӨ
Күндөрдүн биринде Жээренче чечен жана Азиз Жаныбек вазирлери болуп ордонун ичинде отурганда Алдар Көсө эшиктен кирип, «Ассалоом алейкум, кан ордосу» дейт. Жээренче чечен: «Алекима ассалам, эл жоргосу» дейт. Алдар Көсө отургандан кийин Алдар Жээренче чечен ишарат кылып колу менен башын кагат. Алдар көсөө колунун учу менен тилин кагат да, эшикке чыгып кетет. Ал чыгып кеткенден кийин Жээренче чечен Жаныбек канга: «Мени эч ким жыга алуучу эмес эле, ушул кирген Көсөө жыгып кетти» деди эле, кан: «Жээренче чечен сени Көсө кантип жыкты», Көсө эшиктен кирип «кан ордосу» деп салам айтты, сен «эл жоргосу» деп жооп бердиң. Андан башка эч кандай жыгылыш боло турган сөз болгон жок го деди. Анда Жээренче чечен: «Көсө эшиктен салам айтып кирип отурганда колум менен башымды кагып, «балаа башка кайдан келет?» деп сурадым эле, Көсө колу менен тилин кагып, «балаа башка тилден келет деп жеңип кетти» деди. Жээренче чечендин бул сөзүн угуп кандын кыйынсынган бир вазири: «Алдар Көсөнү мен жеңем» деп кан менен убада кылышат. Жеңип келсе, кандан тилегенин алмакчы. Жеңилсе, «жеңем» деп барган кандын кыйынсынган вазири жанынан айрылып дайнын таппай калмакчы. Аттан тандап минип алып, Көсөнү издеп чыгат. Колуна таягын таянып алып, Көсө шыпылдап бара жатканда вазир аркасынан жетип, салам айтты эле, Көсө алик алып: «Ээ балам, кайдан келе жатасың?» деди. Вазир: «Сизди издеп келе жатам» дейт. Көсө: «Жумушуң бар беле менде?» дейт. Анда вазир: «Жер ортосун таба албай сизден сурайын деп келдим, — бул бир суроом, акыр заман качан келет, ал экинчи суроом?» деди. Көсө токтолбостон туруп: «Арзан эле жумуш турбайбы, балам» деди да, таягын колуна алып, көзүн алаңдатып эки жакты караган болду. «Атаганат ай, боюм жапысыраак болуп жатат» деди эле, вазир: «Эмесе менин атымды минип алып караңыз? деп атын бере койду. Көсө атты минип алып, таягы менен шарт камчыланып: «Атаа балам ай, көпкөн убагың экен, акыр заманды да сураган турасыңбы?» деди. Анда вазир: «Кыйын болсоң экөөн тең таап берчи» деп демитти. Көсө ары-бери чапкылап, алак-булак эки жагын караган болуп, «таптым, таптым» деп вазирге кайта чаап келди. Вазир: «Тапсаң айтчы?» деди эле, Алдар Көсө: «Отурган жериң жер ортосу, акыр заман атынан айрылган кишиде» деп, чапкан бойдон кете берди.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН КАРА КАНГА ЭЛЧИГЕ БАРГАНЫ
Кара кан деген кан Сырдын боюнда турган ойдун каны экен. Азиз Жаныбек кан тоонун каны экен. Бир убакта Кара кан Азиз Жаныбек канга тийишип, каары келип: «Ээ кызыталак Жаныбек, катындары эгизден эркек тууп, жасоолу көбөйсө, мени менен урушууга келсин. Тоодон айгырлары кишенеп, ойдон кырк чаар тулпар бээлерим кулун салды. Эгер уруша албай турган болсо, кырк чаар тулпардын кулунун төлөсүн» деп элчи жиберет. Азиз Жаныбек кан элин үч күнү кечке чогултуп, кеңеш кылып Кара канга кандай жооп берерин биле албай айласы кетип, күндө жыйын топ кылды. Үчүнчү күнү кандын алдынан тарап келе жаткан элди боз тумак кийген, жээрде тай минген, эчкиси көп, кою аз бир адамдын баласы тосуп туруп: «Ой, акелер, күндө эле эртең менен канды көздөй чубайсыңар, кечинде дүбүрөп тарайсыңар. Эмне ишиңер бар, мага да бир айткылачы, угайын? деп сурай турган болду. Бирок бала эч кимден жооп ала албады. Ошондо бир киши: «Бул бала үч күндөн бери жолубуздан тосуп туруп сурай турган болду, укканыбызды айталык» деп иштин жөнүн айтты эле, бала: «Оо кокуй, мен бул иштин жообун Кара канга оңой эле берем» деди. Эл баланы ээрчитип Азиз Жаныбектин алдына алпарышып: «Каным, ушул бала Кара канга жооп берем» деди, дешти. Анда Жаныбек кан: «Бул бала барса барсын, бир билгени бардыр» деп макул болду. Бала: «Каным, мага бир төө, бир теке жана жаа бериңиз» деп сурап алып, Кара канды көздөй жүрүп кетти. Бала жолдо кетип бара жатса, эки адам урушуп жатат. Экөөнүн жанында жаа менен атып алган бир коён жатат. Бала салам берип токтой калды эле, мушташып жаткан эки кишинин бири: «Жолоочум, сага жол болсун, кайдан келе жатасың?» деди. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин, Кара канга баратам. Сен экөөң эмне болуп мушташып жатасыңар?» деди. Анда экинчиси: «Эртең менен жатактагы коёнду көрүп кетип, жаа алып келгенимче бул атып алыптыр. Көрүп кеткен коёнду аламын деп мен айтам, атып алдым, меники деп бул айтат. Сен Азиз Жаныбек кандын элчиси экенсиң, калыс болуп коёнду бирибизге алып берчи» деди. Жаныбек кандын элчиси: «Ой, коёнду атып алган, сен коёнду башыңа кармап тур, көрүп кеткен сен жааң менен ат. Коёнго тийсе сен ал, мунун башын жара атып өлтүрүп койсоң, кунун төлөйсүң» деди. Муну укканда экөөнүн да төбө чачы тик туруп: «Ээ жолоочу, сага ишибизди салбайбыз, Кара канга барып, калыстыкка түшөбүз» деп, элчини ээрчип жөнөп калышты. Булар кетип бара жатса, жолдун боюнда калың эл чогулуп турат. Бала салам берип токтоп тура калып, чырдын жайын сурады эле: «Ээ, жолоочум, мына бул адамдар калың жылкы айдап айылдын үстүнөн өтүп, боюнда бар катындарды боюнан түшүрдү, ошонун чатагы болуп жатат, өзүң кайдан келе жатасың?» дешти. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин» деди эле, кандын элчиси болсоң, биздин ишти сага салдык дешти. Анда бала: «Казанга толтура суу куюп тулгага аскыла да, жылкыларды айылдын четинен айдап өткүлө. Казандагы суу жылкылардын дүбүртүнөн чайпалып төгүлсө, боюнан түшкөн баланын кунун берсин, төгүлбөсө буга эмне кун болсун?» деди. Ээ балам, сага ишибизди салбадык. Кара кандын өзүнө салабыз деп, булар да кошо жөнөдү. Топ адам жүрүп отуруп Кара кандын капкасына кирип барды. Бала капканын ортосунда желип бараткан кара тайганды көрүп: «Бу кимдин тайганы?» деп сурады. Турган адамдар: «Кандын тайганы, жылына алтымыш түлкү, кыркы бөрүдөн тиштейт» деп жооп беришти эле, Жаныбек кандын элчи баласы тайганды жаа менен атып өлтүрүп салды. Карап тургандар: «Кандын тайганын өлтүргөн бул кандай эме» деп таң калышты. Ошентип элчи бала топ адам менен кандын сарайына кирип барды. Анын кабарын Кара канга айтышты эле: «Бул кимдин элчиси, ким экен?» деди. Жигиттери: «Азиз Жаныбек кандын элчиси экен» деп жооп беришти. Кара кан: «Элчи болсо мейманканага алпарып киргизип койгула» деп буюрду. Эртеси элчини кандын алдына алып келишти эле, Кара кан балага карап: «Ээ бала, Жаныбек кандын бул кандай шылдыңы. Менин алдыма элчи кылып аттуу-баштуу чоң киши жибербей, бала жибергени эмнеси, айлыңарда чоң киши жок беле?» деди. Бала тура калып кулдук уруп: «Каным, сизге чоң керек болсо төө жетелеп келдим» деди. Анда кан: «Жаныңды жеген бала, айлыңда сакалдуу карың жок беле?» деди. «Сакалдуу десең, теке жетелеп келдим, кеп-сөз билген адам керек десең, өзүм келдим» деди. Кара кан баланын жөн бала эмес экендигин биле калды, жөн ийги суроо салды: «Эй бала, тайганымды не атып салдың?». Анда бала: «Мен биякка чыгардын алдында сиздин тайганыңыз тоодогу аңды ойго кууп, ойдон тоого кууп жүрүп кырды. Ой-тоо кыйкырык, ызы-чууга толду. Ошондон биздин иттерибиз күчүк таштап койду. Ошон үчүн тайганыңызды атып салдым» деди. Өзүнүн айтканы эсинен чыгып кеткен Кара кан: «Ээ, кызыталак бала, менин жеримдеги ызы-чууну сенин тоодогу иттериң кайдан угат?» деп чочуп кетти. Элчи ордунан тура калып: «Таксыр, сөзүңүзгө кулдугум бар, биздин тоодогу айгырыбыздын кишенегени сиздин ойдо жаткан кырк чаарыңызга кантип угулат?» деди. Кара кан сөзгө жыгылып: «Ээ чунак бала, келген дооң ошол беле, кечтим» деди. Андан кийин Кара кан берки чатактуу эки иштин жөнүн сурап, «баланын жолдогу чечкени туура» деп тапты да, келгендерди кайтарып жиберди. Кара кан баланы жактырып: «Балам, атың ким?» деди. Бала: «Атым Жээрен» деди. Анда кан: «Балам, сен чечен экенсиң, сенин атың мындан ары — Жээрен чечен болсун» деп ат мингизип, тон кийгизип, эки элдин чатагын басып, айлына жиберди. Ошондон улам бала Жээрен чечен аталып, кепке-сөзгө алынып, эки эл арасында доо болсо да, жоо болсо да, Жээрен чечен арага түшүп, ыраакты жуук кылган чечен болот дешет.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН АЯЛЫН УГУЗУУ
Илгери көрө билген көсөм, сүйлөсө чечен бир киши өткөн экен. Ал кез, бир эл менен экинчи эл жоолашып, каршылашып, урушуп өткөн учур болгон экен. Жээренче чечен канга акыл-насаат сөз үйрөтүп жүргөн кеменгер кишиси экен. Күндөрдүн биринде Чечендин элине бир күчтүү душман келип кол салат. Ошол согушта Чечен кол башчы болуп душманды кубалап өз жеринен алыс бир жерде көпкө дейре жүрүп калат. Чечен согушта жүргөндө Чечендин алган байбичеси каза таап калган экен Чечендин жеңиштүү болуп кайра элине келе жаткан кабарын угуп, өз элинин карыя акылмандары баш кошуп отуруп жолдон угузмак болот. Түшчүлүк жерден тосуп, Жээрен чечендин алдынан чыгат. Ары жактан чечен келет. Бардыгы аман-эсен көрүшүп, чоң кубанычта болушуп, эли-журтунун, барып-келгендигинин ал-абалын сурашат, мейкин талаада олтурушат. Ошондо чеченге теңтуш бир карыясы сөз баштап, чеченден бир топ тамсил сөз сурайт. «Чеченим көптү көрдүң, көп жашадың, ушу олтурган ага-инилериңе калгыдай сөз айтып бер» деди да, төмөнкүдөй соболду койду. — Атасы өлгөн не болот? — Атасы өлгөн кишинин аскар тоосу ураган менен тең болот. Кузгундай көзүн кызартып, сакалын аппак кубартып, жараткан алла тил ал деп, баламдан мурун мени ал деп, атаң турса кашыңда, туу эле болор башында. — Энеси өлгөн не болот? — Энеси өлгөн кишинин, дарыя чалкар көлү соолгон менен тең болот. Чачы куудай болгуча, тиши буудай болгуча, ал ак байбиче энекең, бары-жокту тең санап, төрдө олтурса берекең. — Агасы өлгөн не болот? — Агасы өлгөн кишинин айтарга сөзү кем болот. — Иниси өлгөн не болот? — Иниси өлгөн кишинин чабарга камчысы кем болот. Бет алышып жоо келсе, жан салышып доо келсе, жаман да болсо ага-иниң артыңда турса дем болот. — Жеңеси өлгөн не болот? — Жеңеси өлгөн кишинин жеңи желден жыртылат, жакасы кирден кырылат. — Келини өлгөн не болот? — Келини өлгөн кишинин кермеден аты бошонгон менен тең болот. — Эжеси өлгөн не болот? — Эжеси өлгөн кишинин эркелер жери аз болот. — Карындашы өлгөн не болот? — Карындашы өлгөн кишинин барып конорго жери аз болот. — Баласы өлгөн не болот? — Баласы өлгөн кишинин өзөгүн өрт алган менен тең болот. — Катыны өлгөн не болот? — Ой, аттигини ай ээ!.. Кудайдын буйругу экен, менин байбичем өлгөн экен ээ! Бир төшөктө төрт баш киши жатып калыптырбыз. Кайыр кантейин! Катын өлсө капкалуу шаар бузулган менен тең болуп, күндө ойрон, мүлк ойрон деген ойронго жолугат» деп камчы сабын таянганда, камчы сабы сынып кеткен экен. Жайланышып отургандан кийин баягы киши дагы: «Чеченим, бир төшөктө төрт баш киши жатып калыптырбыз дегениң эмнең?» деп сурады. Анда Жээренче чечен: «Мурунку байбичем абысын-ажынга, ага-иниге, сөөк-тамырга жана өзүмө жыты сиңишип калган киши эле. Азыр дагы бирди алармын, ошол мурунку байбичемдей болобу?» деп, мурунку байбичемди самап жүрүп, мен оюм менен эки баш, алганым чечендин кайсы жеринен жазып, жаңылар экенмин деп, ал өзүнүн ою менен эки баш. Мына ушинтип, бир төшөктө төрт баш жатып калдык» деп жооп берген экен.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН
Өткөн бир заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче чечен деген киши болуп, анын Төлөмырза деген уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деген сөздү Жээренче чечен күн сайын элден угуучу болду. Бир күнү Төлөмырзаны сынамак үчүн караңгы түндө ээрчитип келе жатып: «Балам, менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы, мага аркарга окшош бирдеме көрүнөт» деди. Анда Төлөмырза: «Аркар экен, козусун эмизип турат» деди. Ошондо Жээренче чечен: «Жаның чыккан баламдын жалганчысы чын экен» деп өкүндү. Төлөмырза карга атса кийик аттым деп элге мактанат. Төлөмырзанын колунан эчтеке келбейт, бул иш эл үчүн да, атасы үчүн да маалым болду. Төлөмырза бир күнү көпчүлүк элге адатынча калп айтып калды, «баягы күнү бир кийикти атып жиберсем, кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти» деди. Анда Жээренче чечен: «Ата балам ай, туягы менен кулагын кашынып турганда аткан экенсиң ээ» деди. Төлөмырзанын калптыгына айран калып турган элге Жээренче чечендин сөзү орун болуп бастырып кетти. Үйүнө келгенден кийин: «Ата жаның чыккан балам, эпсиз жерден калп айтып, эбине келтире албай эсим кетпедиби, мындан кийин адам болом десең, калп айтпа. Калп айтсаң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет» деп, жалгыз баласынын жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, жаман бала чыгып калганына капаланды. Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келе жатып: «Ат жалына казан ас» деди. Төлөмырза түшө калып аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен: «Ээ, балам, ат жалына казан ас» деген канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз болот» деди. Дагы бир топ узагандан кийин: «Балам, узун жолду кыскарт» деди. Төлөмырза түшө калып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен: «Кетмен менен кыскарта албайсың, балам, «узун жолду кыскарт» деген өткөн-кеткенден кеп сал деген сөз. Кеп эрмек болот, адамга жолдун кандай өткөнү билинбей калат, узун жолду жүрүштүү ат менен, кызык сөз кыскартат» деди. «Бул боюнча калганда жалгыз уулум, Төлөмырзам, мырза да болбойт, тукум да, туяк да болбойт экен, «аял жакшы болсо — эр жакшы болот, акыл кошот, ырыскы жугушат» деген эл сөзү бар эмеспи. Дүйнө жүзүнөн издеп, бир жакшы колукту алып берейин» деп, Жээренче чечен атты келтирип минип, тонду кийип, элди аралап кыз издөөгө жөнөдү… Барбаган эли калбай, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы жок. Элдин баарын карап жүрүп капаланып-кайгыланып, Жээренче чечен үй жагына кайтмак болду. «Баламдын бактысы жок жаралган экен да, ушунча журттан бир ылайыктуу кыз табылбаганы» деп келе жатса, айылдын четинен бир топ кыз-келиндердин отун көтөрүп келе жатканын көрдү. Ал аңгыча күн жаады. Келиндер алы келгендери музоосун жетелей, отунун көтөрө үйлөрүнө качышты. Кыздардын баары музоосун эмизип, отунун таштап үйүн көздөй чуркап кетишти. Бир кыз музоосун эмизбей кармап, отунун чапаны менен жаап, өзү отундун астына олтуруп калды. Жээренче чечен кыздын жанына келип: «Ээ балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйлөрүнө кетти, сен эмне себеп менен жаанды тосуп олтуруп калдың?» деди. Кыз: «Ээ ата, ал кыздардын төрт зыяны бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар» деди. Жээренче чечен: «Пайдаң кайсы?» деп сурап калды. Кыз: «Музоом эмген жок, отунум кургак калды, өзүм суу болгонум жок, энем үйгө барганда урбайт, бул үч пайдам, чапаным суу болду, бир зыяным ушу. Кыздардын музоосу эмди, отуну суу болду, кийими да суу болду, музоону эмиздиң деп кыздардын энеси урат, төрт жагынан тең качып кеткен кыздарга зыян болду» деди. Жээренче чечен: «Жарадың балам, силердин үйүңөр, кайсы?» деп сурады. Кыз: «Ээ, ата, айылга барсаңыз эле таап аласыз, келиштирип кырк найза сайган үй биздики» деди. «Издегеним табылды» деп, сүйүнүп, айылды аралап жүрүп кырк найза сайган үй жок болгондуктан, кыз мага табышмак кылып айткан экен кырк найзасы үзүгүнөн кырк уук көрүнүп турганы го» деп, Жээренче чечен ойлонуп баягы үйгө барып түштү. Ата-энеси дагы жакшы адамдар экен. Алынча сыйлап сүйлөшүп отурушту, аңгыча күн ачылды, отунду көтөрүп, музоону жетелеп кызы келди. Кыздын аты — Карачач экен, конок тамагын жеп, эл жатар мезгилде Жээренче чечен Карачачтын ата-энесине сөз баштады: «Менин жалгыз уулум бар эле, өзүмдүн атым Жээренче чечен, баламдын аты Төлөмырза, балама элден кыз жакпай алты ай болду жолго чыгып кыз издегениме. Ушул сиздин балаңызга көңүлүм түштү, кудай буйруп, куда болсом, балам экөөнүн бактысы ачылса деген талабым турат. Эгер силерге бул сөзүм эп болсо» деди. Кыздын ата-энеси: «Сиздин айтканыңыз жакшы кеп, биз өзүбүз бечара адамбыз, бир жаман жалгыз кызыбыз бар, сиз айтылуу Жээренче чечен деген Жаныбек кандын чечени болсоңуз балаңыз Төлөмырза элден-журттан кыз жактырбай тандап жүрсө менин кызым көңүлүнө жакпас бекен? Буга жоопту кызым өзү билип берсин» деди. Карачач атасынын сөзүнө карата: «Бул киши алыстан келген азиз конок экен, кызым билет деп мага шылтаганыңар туура эмес, кадимден калган нускаңар, нарк-санатыңар бар, бир кызды ата билип берет, бир кызды эне билип берет, акыры иш ордуна келет, берер болсоңор мага шылтоо кылбай эле, абийирдүү киши көрүнөт, түз жооп бербейсиңерби» деди. Бул кыздын айтканына Жээренче чечендин ичи ысып сөзгө кирди. «Кана кудагый оозум батып айталбай отурдум эле, мага балам өзү жооп берди. Карачачтын аты — Акыл Карачач болсун, бактысы ашык болсун, жей турган калыңыңарды айткыла, эл көзүнө көркөмдүү түшкөнүм жакшы болот, төөдөн, уйдан, жылкыдан, канча менен келейин, атабыз кыргыз болгон соң, салтыбыз, наркыбыз орду менен өткөнү жакшы, жакшылык талап өмүр соодасы эмеспи» деп, Жээренче чечен айтып калды. Буга кыздын энеси: «Жалгыз кызымдын калыңын айтып, башына аркан салгансып малга кантип, айырбаштайын, жол-жобосун, наркын-салтын кызым өзү эле билсин» деди. Акыл Карачач: «Менин ата-энем бечара киши, кызын малга сатууга алы келбейт. Кызы малга сатылып барбайт, орду табылса, Карачач кадыр көңүл түз келген жерге барат, калың мал деп каржалбаңыз» деди. Бул сөздү айтканда Жээренче чечен таң калып, үйүнө барды. Төлөмырзаны келтирип кийинтип алып, күнү оңдуулап, кудасы Токсонбайга барып калды. «Адам Токсонбайдын кызын Жээренче чечендин Төлөмырза деген уулуна алып берет дейт» деп айылдагыларга кабар тарады. «Адам, эй, Карачач атасына калың жедирбей Жээренче чечендин уулуна барганы жатат дейт, калыңсыз кыз болсо болот, каадасыз кыз болбойт дептир, барып жеңкетай алып, тоюн жеп келебиз» деп айыл-ападагы келиндери чогулуп келишти. Тойго Жээренче чечен чоң жыгылыштуу болуп, малды арбын союп, башына той башкаруучу коюп, жети кун той берип, сегизинчи күнү Жээренче чечен Акыл Карачачты үйүнө алып кетти. Акыл Карачач келгенден тартып Жээренче чечендин иши оңоло баштады. Мунун кабары Жаныбек канга угулду: «Келини келишимдүү жакшы болгон экен, баягы жаман Төлөмырза жок, атайын киши болуп калыптыр» деп уккандан кийин барып келинин көрөйүн деп, Жаныбек кан келди. Жээренче чечен алынын бардыгынча кызмат кылып, Жаныбектин келгенине сүйүнүп конок кылды. Жаныбек Төлөмырзанын колуктусун үстүнө чакыртып алып ичинен «муну алуучу аял экен» деп ойлонуп: «Келинде төрт суроом бар. Акыл Карачач жооп бересиң» деп, кепке кармады. Акыл Карачач: «Эби келсе сурооңузга жооп берейин, сурооңузду сураңыз» деп айтып калды. Жаныбек кан: «Тулпарды уйга сатса не болот? Атты эшекке сатса не болот? Туйгунду каргага сатса не болот? Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот? Ушул сөзүмдүн жообун таап койгун, эртең кабар аламын» деп Жаныбек кан аттанып кете берди. Бул сөзгө Жээренче чечен капа болуп калды. Акыл Карачач: «Атаке, бул сөзгө эмне үчүн капа болосуз, жооп табылар, «кандын пейли бузулса, калкына бүлүк түшөт, башына чүлүк түшөт» дептир, кан Жаныбек жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман болсоңуз аны көзүңүз менен көрөрсүз, мен анын сөзүнө жооп берем» деди. Кан Жаныбек эртеси энтелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган Карачачтын Жаныбекке берген жообу: «Жаныбек каным, бузулду заңың, Бул кандай жорук, тынчыбаган жаның. Тулпар тушунда, күлүк күнүндө, күч бербеген тулпардан — сүтүн берген уй жакшы, пайдасы жок туугандан пайдасы тийген кыйыр жакшы. Чабал аттан — чарчабаган эшек жакшы. Жаш жыгач отундан — жаркырап күйгөн тезек жакшы. Канаты жок туйгундан — канаттуу карга жакшы. Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун оңчубу, эртеки салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу? Каным, менин тапканым ушу, сиздин укканыңыз ушу» деп, Акыл Карачач басып кетти. Кан Жаныбек арданып үйүнө кайтты. Кан Жаныбек Акыл Карачачты алууга ойлонуп, каарын төгүп, ар түрдүү кыстоо салмакчы болуп, Жээренче чеченге желдет жиберди. «Эртең Жээренче чечен алдыма келсин, келгенде ат минбесин, төө да минбесин, жөө да келбесин, жол менен да келбесин, жолсуз жер менен да келбесин» деп буйрук кылды. Желдет буйрукту угузганда Жээренче чечен убайымга түшүп, келини менен кеңешти. Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге мындай деди: «Эрте туруп текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыры менен барыңыз, кан суроо сураса: ат, төө мингеним жок, теке минип келдим, жол менен да, талаа менен да келгеним жок, кыр менен келдим деп жооп бериңиз, кан Жаныбек сөзгө жыгылат». Жээренче чечен тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип, кан Жаныбектин ордосуна барды. «Каным, буйругуңузду аткарып келдим, ат, төө мингеним жок, жөө да келгеним жок, теке минип келдим. Адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим, каным, каарыңа калгандай көрүнөм, кайгылуу сыр, калың чер менен келдим» деди. Жаныбек бул сөзгө токтолуп, Жээренче чечендин алдына кырк ирик салып берип: «Кырк күндүн ичинде көзүн жоготпой кырк козу козулатып бересиң» деди. Кырк ирикти айдап капа болуп Жээренче чечен үйүнө келди. Акыл Карачач алдынан тосуп чыгып: «Ата, бүгүн койлуу болуп калыпсыз го» деди. «Ээ, балам, атаңдын өлбөгөн жаны курусун, караган каны курусун, ушул ириктин көзүн бурбай козулатып бер дейт, айла барбы, айдап келдим» деди. «Ата, капа болбоңуз, бул арзан иш турбайбы» деп, кырк күнгө чейин Акыл Карачач койду бирден союп бере берди. Жээренче чечен «эрте өлгөн кулмун» деп этин жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин кан Жаныбек салтанат менен аттанып, койдун жообун алмакка Жээренче чечендин үйүн көздөй жөнөдү. Келер күнүндө Карачач отун алымыш болуп кан Жаныбектин жолун тосуп чыкты. Көңүлү кызып калган кан Жаныбек Карачачты көрө салып, бура тартып: «Келиним отун алып жүрүпсүң, атаң эмне кылып жатат?» деп сурады. Карачач: «Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Атам болсо үйдө толготуп төрөгөнү жатат» деди. «Жаның чыккан Карачач, эркек киши дагы төрөчү беле» деди. «Каным, сөзүңүзгө кулдук, кан сөзү эки эмес, сиздин эркек коюңуз да туучу беле?» деди. Кан Жаныбек өзүнүн сөзүнө өзү байланып, сөзгө жыгылып кайтты. Кан кетери менен Акыл Карачач үйүнө келип канга берген жообун кайнатасына айтып берди. Бул сөзгө Жээренче чечен өтө ыраазы болуп: «Бир өлүмдөн калдым» деп кубанды. Эртесинде кандын дагы бир жигити келип: «Бул буйругум эки эмес, отуз күндүн ичинде, таштан тарамыш кылып, кумдан өтүк тигип берсин» деген кандын буйругун айтты: Жээренче чечен мойнуна жүк түшкөнсүп: «Иш кыйын, таштан тарамыш кумдан өтүк болчубу, кулак угуп көз көрбөгөн мындай иш болчубу, мындан көрө каарына албай, мынчалык азаптабай, колунан келип турам өлтүрүп салып, бир жолу жанымды тындырбайсыңбы» деди. Анда Акыл Карачач: «Ата, сабыр кылыңыз, сабырдын түбү сары алтын, сабыры жок, Жаныбек саманын сапырып жатат, өз калкын өзү кыстап напсисин бузуп жатат, аман болсоңуз, мындан арзан кутуласыз, шашпай сабыр кылып отуруңуз, мен сизге айтпадым беле: Адамды шайтан азгырат, Артык дөөлөт мас кылат, Тумшугу таштай катарда Тууганы менен кас кылат. Жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыры ашып кетти. Жетим, жесирдин ыйлаган үнү жетер, ашыгып сабырсыздык кылбаңыз» деп, Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге насаат айтты. Жаныбек убада кылган күнүнө чейин Акыл Карачач оокатын кылып жүрө берди. Убадасы бүткөн күнү башкача кийинип, түсүн буруп жооп алмакка Жаныбектин алдына барды: «Кан азиретим, бечарачылык кыйын экен, кумдан бир өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбады, сиздин казынаңызда бардыр деп сурап келдим эле», деди. Айтканы эсинен чыгып калган Жаныбек кан: «Сен кандай акмаксың, соосуңбу, же жиндисиңби, кумдан өтүк, таштан тарамыш болуучу беле, калжырабай кет» деди. Акыл Карачач бетине түшүрө салынган жоолугун өөдө тартып, түсүн көрсөтүп: «Каным, оюңузга кулдук, сиз буюрган кум өтүктүн таш тарамышынын камында жүрдүм эле, андай болсо кандын буйругунан кутулган турбайбызбы» деп жүгүнүп тура калды. Жаныбек айтылуу Карачач экенин билип, токтолуп башка сөз айта албай жерди карады. Акыл Карачач үйүнө келип, Жээренче чеченге окуяны айтып берди. Жээренче чечен Акыл Карачачтын акылына ыраазы болуп, «кайырлуу жакшы өмүр сүргүн, канча бир өлүм ажалдан аман алып калдың» деди. Ал аңгыча болбоду, камынып турган Жаныбек кан Жээренче чечендин колун байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асан Кайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын каны булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге таратып, бөлүп жиберди. Жаныбек Төлөмырзанын жан ордуна көрбөй жабыркатып, ишке салып, Карачачты алайын деп кашына көчүрүп алды. Бирок, Акыл Карачачты ала албай бир жыл өттү. Акыл Карачач жакшы сөз менен Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп, «Жаныбектен жан адамга пайда болбойт, бир агаңды өлтүрүп, калкыңа кан болгун, мен сенин койнуңдагы зайыбың, колундагы айымың болоюн» деп, Бердибекти кепке көндүрүп алды. Бул кабар тарап, Алтайдагы туткунга байланган Жээренче чеченге угулду. Кабарды уккандан кийин Жээренче чечен жалпы элине табышмак менен кабар салды: «Эгиниңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум, орокчуңар шай экен, кыштын арты кандай болот? Кышка калтырбай эрте оруп бүтүрүп алгыла. Толубай, Токтогул Асанга кабар салыңар. Бир сокур кара кашка текем бар, сакалынан байлап көзүн оюп, көлгө салыңар, бир тик мүйүз кара эркечим бар, кой баштатып ала келгиле. Болор-болбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын» деп, жазып жиберди. Кат тийген соң сөздүн түйүнүн казак, кыргыз жалпы түрк балдары кепке канып келтирип, чече албай айран калышты, акырында Жээренче чечендин өзүнүн келини айтылуу Карачач чечет го деп катты алып барышып, калктын мыктысы, чоңдору башында карап турду. Катты окуп, Карачач бир баштан айтып, табышмак сөзүн таап чече баштады: «Айдаган аштыгыңар бышты» дегенди душманыңар болушунча болду, толушунча толду — дегени. Орокчулар шай экен, кышка калтырбай оруп бүтүрүп алыңар дегени — мынчалык кайрат кылыпсыңар, эми катылыңар, орок менен буудайды оргондой кылыңар деп, айтканы. Кыштын арты кандай болот дегени — иштин арты кандай болот дегени. Толубай, Токтогул, Асан Кайгыга кабар салыңар дегени — элдин карыялары иштин убагы келди, жаштарга сөзүңүрдү айткыла дегени. Сокур текем бар эле, сакалынан байлап, көзүн оюп көлгө салыңар дегени — Жаныбек канды өлтүрүп, сакалын кыркып көзүн чукуп көлгө салгыла дептир. Тик мүйүз кара эркечим бар, муну кой баштатып ала келгиле дегени — Жаныбектин иниси Бердибекти колуңарга алып, калкка кан көтөрүп койгула дептир. Болор-болбос бычагым деп — Төлөмырзаны айтыптыр, мизи курч кестигим дегени Акыл Карачач — мени айтыптыр. Көчкөн журтта калып кор болбосун» дегени — кептен-сөздөн калып кемчилик тартпасын, кеп-кеңештен калтырбай ала жүрүңөр дептир. Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер кайрат кылып, кара сокурга тезинен катылыңар» деп, Акыл Карачач айтып өттү. Бул сөздү угуп «залимдин айтканын угуп, айдаганына көнүп жүрүп да мүйүзүбүз чыккан жок» деп элдин кыжыры кайнап Жаныбектин иниси Бердибекке өлтүртүп, Бердибекти кандыкка көтөрүп, Алтайга айдалып кеткен Жээренче чеченди жолдоштору менен алдыртып чоң той берип өз жеринде туруп калышат. Ошол убакта ушу убакка чейин эл оозунда: «Толубайдай сынчыны айт, Токтогулдай ырчыны айт, Жээренчедей чеченди айт, Алдар көсөө кесепти айт» деген сөз сакталып калган экен.
АСАН КАЙГЫ МЕНЕН АЗИЗ ЖАНЫБЕК КАН
Илгери, илгери Асан Кайгы аттуу акылман Сырдын боюнда жашаган экен. Күндөрдүн биринде Азиз Жаныбек кан: «Ээ Асан аке, дүнүйөдө малга киришпей турган адам болобу?» деп сураптыр. Анда Асан Кайгы: «Биздин бала — Төлөн мырза малга киришпейт» деп жооп бериптир. Акылман кеткенден кийин Жаныбек кан эки жигитин чакырып: «Асан Кайгынын эки туу бээсин жайдак минип кара терге чумултуп, Төлөндүн астынан чыккыла. Эмне дегенин мага айтып келгиле» деп буюрат. Ошондо эки жигит кандын айтканындай, эки туу бээни терге чумултуп Төлөндүн алдынан чыккан экен. Төлөн мырза карап туруп: «Ээ азаматтар, астыңарга тердик салып минсеңер болбойбу, жайдак минип көчүгүңөр жоорубайбы» деп бастырып кетиптир. Жигиттер келип Төлөндүн сөзүн Жаныбек канга айтып беришти. Азиз Жаныбек кан дагы бир күнү Асан Кайгыны чакыртып алып: «Ээ Асан аке, алдыдан миң кол качырып чыкса, ошо миң колго айбыкпай качырып кирүүчү азамат чыгабы?» деди. Асан Кайгы: «Биздин Төлөн мырза качырып чыгат» деди. Азиз Жаныбек кан жигиттерин чакырып жарак-жабдыктары менен миң кол даярдап, «Төлөн келе жатканда капыстан качырып чыккыла» деп буюрду. Жарак-жабдыктуу миң кол Төлөндү качырып алдынан чыкты эле, Төлөн мырза колундагы кушту асманга ыргытып, мылтыгын колуна алып, миң колго бөрүдөй тийип, төртөө-бешөөн атып жиберди. Кол Жаныбек канга көргөндөрүн айтып келди. Жаныбек кан: «Төлөн мырзаны чакырып кел» деп, жигитин жумшайт да, Төлөн мырза келгенде: «Мага эмне киришпейсиң?» деди. Анда Төлөн: «Бери караса маңдайы ысык, нары караса соорусу суук, кыйкырса жоо алат, ышкырса жут алат, малга карабайын, эр азаматтын көөнү калбасын деп ойлочу элем» деп жооп берди. «Асан Кайгынын уулу, сен миң кишиге жалтанбай качырып тиет дейт, бул кандайча? Миң киши сенин саныңды сапат, устаканыңды упат кылбайбы? мындан эмне качпайсың?» деди эле, Төлөн мырза: «Жок, каным, ажалым жетпесе, миңи да мени өлтүрө албайт. Ажалым жетсе бирөөнөн гана өлөм» деди. — Аны кайдан билесиң? — Бир убактарда бир сан миң кол аттандык эле. Ошол бир сандан миңибиз мылтыкчан элек. Аңгыча табылганын түбүндө жаткан бир коён алдыбыздан качып өтө берди. Коёнду миң мылтыкчан атты эле, миңинин огу тең тийген жок. Эң аягында мен барып атканда, боор терисинен алакандай жери түшүп калып, ошондо да өлбөй жүгүрүп кетти. Менин атканым жаза кетчү эмес эле, ажалы жогунан, миң бир октон коён өлбөй кеткен. Ошондон улам билемин» деп жооп берди. Жаныбек Төлөнгө ыраазы болуп, бир сарпайы жаптырды. Дагы бир күнү Азиз Жаныбек кан жигиттерине Асан Кайгыны чакыртып алып: «Асан аке, мен күнүгө куш салсам, асманда бир муштумдай сары неме учуп чыгып, жолтоо болчу болду, ошону атып берчү адам бар бекен?» деди. Асан Кайгы: «Аны биздин Төлөн мырза атып берет» деди. Кан: «Эртең балаңызды жиберип ийиңиз» деп калып калды. Асан Кайгы үйүнө барып: «Балам, сен эртең канга барасың. Кан кушун алып сени менен талаага чыгат. Ошол кушту саларда асмандан учуп буудайык келет, келе жатканда дүрмөттөп туруп бөтөгөсүн жара ат, жара ата албасаң, өзүңдү зыян кылат. Аны атып берсең кан: «Балам, сенин башыңан ылдый дилде куяйын» дейт. «Ага ыраазымын» де, «Эки кызымдын бирөөн берейин» дейт, ага дагы «ыраазымын» деп болбой койгун» деди. Эртеси Төлөн мырза жөнөмөк болуп атасынын алдына келип: «Ата, эмне сурайын?» деди эле, Асан Кайгы: «Теминдидей жер сура, жырындыдай суу сура» деди. Төлөн Жаныбек канга келет. Атасы айткандай, Жаныбек колуна кушун кондуруп, жигиттерин ээрчитип талаага чыгат. Аңгыча бир муштумдай сары неме асманга атылып чыгат. Аны Төлөн мырза атып түшүрдү эле, кан ыраазы болуп: «Өз боюңдай дилде ал» деди. Төлөн: «Ыраазымын» дейт. «Кызымдын бирөөн ал» дейт. Төлөн ага да, «Ыраазымын» деп болбой коёт. Акыры Төлөн атасынын айтканын айтып, теминдидей жер, жырындыдай суу сурады эле, Азиз Жаныбек «Сүйгөн жериңди алгын» деп балага уруксат кылган экен. Төлөн атасына келип «сиздин айтканыңызга уруксат алып келдим» дептир. Ошондо Асан Кайгы Сырдан көчүп Чүйгө келет да, Чүйдү көрүп: «Бул Чүй эмес, Чуу экен» деп, Чүйдөн көчүп Кочкорго түшөт. Кочкорду көрүп: «Кочкор эмес кокуй экен, тогуз жолдун тоому, бөрү койдун чаркы экен» деп, Асан Кайгы мындан көчүп нары түшүп желмаян минип Жумгалга келет. Жумгалды көрүп: «Табын тапса алтын көмүркөй деген жер экен, табын таппаса колун жумган жер экен» деп, андан көчүп Нарынга келет. Нарынды көрүп: «Нарын эмес кайгыр» деп, андан көчүп Текеске түштү. Мындан көчүп отуруп Үч-Күбөккө келди да, Төлөнгө бир жерди көрсөтүп, «казчы» деди. Бала казды эле, «топурагын тебелеп туруп, кайра салчы» деди. Тебелеп туруп, топурагын кайра салса топурагы батпай калды. Анда Асан Кайгы Төлөнгө: «Ушу жерден не кармасаң, алтын болот, жайы-кышы отурууга жайлуу Үч-Күбөк деген жер ушул» деди. Үч-Күбөк аңга бай, берекелүү жер экен, сууга барган катындар кундузду челек менен тоголото коюп алчу экен. Ошондо Асан Кайгы «Жаныбек кан ар убак мени эрмектегенин койбойт экен» деп бирин таш, бирин чалма менен Үч-Күбөктүн үч жолун бекитип салган экен. Ошо убактан ушу күнгө Асан Кайгынын эли Үч-Күбөктө калган экен.
ДЫЙКАН МЕНЕН КАН
Илгери бир байдын малын багып, эгинин айдап, чөбүн чаап, оокат кылган дыйкан болгон экен. Ал жаздын күнү эки өгүзгө буурусун кошуп, жер айдап жүрсө, бир убакта буурусунду эки өгүзү тарта албай туруп калды. «Буга эмне болду?» деп эңкейип караса, ага ат башындай алтын такалып калыптыр. Дыйкан: «Киши көрбөсө катып алайын» деп, эки жагын караса, чоң жол менен бир атчан киши чаап бара жатат. Анда дыйкан: «Тиги киши менин алтынды катып алганымды көрүп, канга айтканы бараткан экен, андан көрө ачыгын айтып канга өзүм алып барып берейин» деп чакырып калат. «Оо, бери келе бериңиз», чоочун адам бастырып келип: «Эмне дейсиң?» дейт. Дыйкан: «Балким алтынды көрбөгөн чыгар» деп амалданып: «Мен кызыл өгүз күчтүү дейм, катыным кара өгүз күчтүү дейт, мунун кайсынысы күчтүү?» деди. Анда тиги киши: «Ой, акмак десе, кудай урган сөздү айтат, ушул үчүн да адамды убара кыласыңбы?» деп бура тартты, дыйкан: «Жөн эле билмексен болуп жатат, эми чындап канга айта турган болду жана эле чынын айтпай» деп ойлонуп, кайта чакырат: «Ой, бери кел!.. Кайрыла кет, эми чынымды айтайын» дейт. Чоочун киши «ай ушунукун уга кетейинчи, балким бир маанилүү сөз болбосун» деп, кайрадан кайрылат. Дыйкан кайтадан кууланып: «Бул айдалган жерге мен таруу себейин дейм, катыным буудай сепкиниң дейт, кайсынысын сепсек жакшы чыгат?» деди эле, анда жолоочу: — Айтканың ушубу? — Ооба, ушу. — Башка сөзүң жокпу? — Жок. — Анда сен, жеткен акмак экенсиң — деп, бастырып кете берди. Дыйкан эми чындап коркуп: «Кой, эми бул ачуусу менен барып канга айтса, кан мени өлтүрөт, андан көрө мындан мурун өзүм алып барайын» деп, өгүздөрүн чыгарып, алтынды капка салып көтөрүп үйүнө келди да: «Ой, катын бол, мен канга барам, тезирээк тамак бер» деди. — Канга эмнеге барасың? — Өзүмчө жумуштап эле. — Кан чакыртыптырбы? — Жок. Анын сөзүнө катыны каткырып күлүп: «Бар, жолуңдан калба, кан сага кызын берип калса ажап эмес» деп тамак берип коюп, эшикке чыгып: «Эмне алып келдиң?» деп, каптын ичин ачып караса, ат башындай алтын жатат. Катын алтынды катып коюп, ошончолук чийдин дүмүрүн капка салып коёт да, билмексен болуп кайта үйгө кирет. Дыйкан шашып-бушуп тамак ичип, эшикке чыгат да капты көтөрүп жөнөп калат. Канга келип кирейин десе кароолчу жигит киргизбейт. — Кайда барасың? — Канда жумушум бар. Анда жигит: «Сен туруп тур, мен канга барып айтайын» деп кирип кетет да: «Таксыр каным, сизге бир адам келди, көтөргөн кабы бар, кирүүгө уруксат сурайт» деди. Кан «Кирсин!» деп, уруксат берди. Дыйкан кирип келип, таасим кылып, эмне айтарын билбей делдиреп кандын маңдайына туруп калды. Кан: «Эмне келдиң?» деп сурады эле, «Сизге муну алып келдим» деп, кабындагысын силкип жиберсе, чийдин дүмүрү тоголонуп, топурак-мопурагы менен кандын алдына түштү. Аны көрүп: «Мен алтын алып келдим десем, чийдин дүмүрү болуп чыкса, кан мени чындап өлтүрөт экен» деп, дыйкандын эси чыгып кетти. Кандын чындап эле ачуусу келип каарданып: «Эй акмак, сен эмне үчүн тактымды булгайсың? Буга окшогон чийдин дүмүрү талаада азбы, мунун эмнеси таңсык, желдеттерди чакырып башыңды алдыртайынбы?» деди. Дыйкан шашкан бойдон: «Кулдугум бар, каным, кандын акылы миң кишиге барабар» деген сөз бар эмеспи. Бул чийдин дүмүрүн мен беш кадак десем, катыным сегиз кадак дейт. Канча экенин биле албай, чечсе да кан чечет деп, сизге алып келдим» деди. Анда кан: «Кууланып жаткан баш кесер болуп жүрбөсүн, сынап көрөйүнчү» деп, ойлоп: «Бул итти эшикке чыгарып сабап туруп, камап салгыла» деп жигиттерине буйрук берди. Дыйканды эшикке алып чыгып сабап туруп, камап салышты эле: «Канда сөзүм бар, эми бир эле алып баргыла» деп кыйкырды. Жигиттер ээрчитип канга алып барды эле, кан: «Эмне сөзүң бар?» деди. Анда дыйкан: «Бул топуракты мен семиз жердики десем, катыным арык жердин топурагы дейт, экөөбүздүн кимибиздики туура, адилет кан эмессиңби, эртерээк чечип берип үйүмө жөнөтчү» деди. Кан: «Бул бир келжиреген келесоо эме көрүнөт, уруп туруп, сарайдан чыгарып таштагыла деп, жигиттерине буйрук берди. Дыйкан сенделе басып үйүнө араңдан зорго кечинде жетти. Катыны алдынан тосуп, каткырып күлүп: «Ии, кандын күйөөсү Канбача, кадырлуу конок болуп, кайткан түрүң бар» деп, үйгө киргизип майлуу эт, казы-карта алдына койду эле, дыйкан көрүп турган көзүнө ишенбей: «Катын мен бир балаага жолуккандай көрүнөм. Көрүнчүсү көзүмө көрүнүп жаткан окшойт. Буурусун айдап жүрүп, аттын башындай алтын таап алдым. Канга алып барсам чийдин дүмүрү болуп чыкты. Кан сабаттырып коё берди. Үйгө келсем, нанга кенен жетчү эмес элек, казы картаны алдыма коюп отурасың. Бу да кудайдын көрсөткөн бир сырыбы деп, көзүмө ишене албай отурам» деди. Анда катыны күлүп: «Алтын тапканың да чын, алтын деп чийдин дүмүрүн канга алып барып таяк жегениң да чын, азыр жей турган казы, карта экени да чын, көзүңө көрүнгөн эч нерсе жок, коркпой колуңду салып жей бер» деди. Дыйкан иштин жайына түшүнүп: «Катын сен акылдуу, кан экөөбүз акмак экенбиз, мен канды алдасам, экөөбүздү Тең сен алдапсың, бирок аз гана таяк жегеним болбосо, иштин баары биздин пайдабызга чечилиптир» деп катынына аябай ыраазы болду. Ошентип дыйкан алтынды четинен сатып, керегине жумшап, жыргап жатып калган экен.
АМАЛДУУ КЕДЕЙ
Илгери бир кан: «Кимде ким мага жыл маалында Кыдырды көрсөтсө, бир табак дилде берем, көрсөтпөсө башын аламын» деп жар салат. Бир кедейдин аялы: «Барып кандын дилдесин алып келгин» деп күйөөсүн уруша берет. Кедей: «Жыл маалында өлүп калайынбы, барбаймын. Анда аялы: «Үстүбүздө тиккен үйүбүз болбосо, кийерге кийим, ичерге тамак жок болсо, баары бир жыл маалында өлөбүз, андан көрө ичип-жеп бир жыл болсо да жашап туралы, барып алып келгин» дейт. Аялынын тилине уугуп, айласы кеткен кедей канга барып; «Менин азыркы абалым да өлгөн менен тең, дилдеңизди бериңиз, жыл маалына чейин кудайдан тилеп көрөйүн» дейт. Кандын дилдесин алып келип, ичип-жеп жата беришет. Бир күнү эсептешсе, жыл маалына жети күн калыптыр. Ошондо кедейдин аялы: «Жети күндөн кийин вазир келет, мен сени Кыдырды издеп кеткен деймин» деп, күйөөсүн качырып тоого чыгарып жиберет. Тоо-ташты аралап жүрүп, кедейдин чокоюу бат эле түшүп калат. Үйүнө келсе, аялы кайра кубалайт. Бир күнү «Эмне болсо да үйгө барып өлөйүн» деп келе жатса, алдынан бир киши чыгат. Андан качайын десе, артынан бир киши чыгат. Андан качайын деп, алдынан келаткан кишиге капталып калат. Салам берип токтоп туруп ага чын сырын айтат: «Жокчулуктун айынан убактысынча болсо да ичип-жеп туралы деп, жыл маалында Кыдырды көрсөтмөк болуп кандан миң дилде алдым эле. Дилде болсо түгөндү, бирок, Кыдырдын көрүнөр түрү жок. Тоо-ташта баш калкалап жүргөнүмдүн себеби ушул». Тиги чоочун киши: «Оо жолуң болгур, кандан качып кутула албайсың, кан сени өлтүрүп эмне кылсын, андан көрө: «Каным, жокчулуктун айынан бир табак дилде алганым чын эле, Кыдырды таппадым» деп эле алдына баргын» дейт. Анда Кедей «Канга да барар элем, бирок аялыма баруудан корком. Жок дегенде үйүмө киргизип эле койсоңуз» дейт. Чоочун киши кедейдин сөзүн кыйбай аялына ээрчитип келет. Кедей жан-маны калбай, колунан келишинче сыйлап конок кылат. Эртеси тиги киши: «Эми чочубай эле канга бара бер, мен кетейин» деди эле, кедей: «Жок дегенде кандын дарбазасына чейин узатып койсоңуз, жүрөгүм даабай жатат» деп, туткактап кетирбей койду. Кандын дарбазасынын жанына келгенде, «киргизип койсоңуз, коркуп жатамын» дейт. Кедей кишини кароолчуларга ээрчитип: «Канга айткыла, мен убада боюнча Кыдырды көрсөткөнү алып келдим, тосуп алсын» деди. Аны угуп, кандын сарайы бүлгүнгө түшүп калат. Муну укканда тиги кишинин эси чыгып, кетенчиктеп кетмек болду эле, кедей: «Баары бир, эми сен да өлөсүң, мен да өлөм, ажалдан кутулуунун бир гана жолу бар, кан кирип келип: «Ассалом алейкум, Кыдыр ата» деп салам берет. Алик алба. Саламын дагы кайталайт, унчукпай тура бер, акыры Кыдыр ата эмне унчукпайт» деп менден сурайт. Андан аркы жоопту мен берем. Сен белги бергенде гана эшикке чыгып жок бол» деди. Аңгыча кан кирип келип, эки колун бооруна алып, «Ассалом алейкум, Кыдыр ата» дейт. Тиги алик албайт. Кан тизесин бүгүп саламын дагы кайталады. Чоочун киши унчукпай тура берет. Кандын тынчы кетип: «Касиеттүү Кыдыр ата, эмне унчукпайт» деп кедейден сурады эле, ал «Кыдыр ата адамдардын көзү ачык турганда сүйлөбөй да, касиетин көрсөтпөй да коёт деп уккамын» дей салды. Кан токтолбостон бүтүндөй сарайындагыларына көзүн жуумп турууга буйрук берди. Ошол мезгилде кедей жигит «чыгып кет» деп кол шилтеди эле, тиги киши жылып жоголду. Кан күтө-күтө чарчап көзүн ачса, Кыдыр түгүл карааны да жок. Кедей болсо: «Бир көрөөрүн көрдүң эми каным, ыраазысың го» деп, басып кеткен экен.
КӨСӨӨ
Илгери бир кандын жалгыз уулу болгон экен. Ал бир күнү жатып түш көрөт, түшүндө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок бир кыз көрүп, ага ашык болот. Эртеси баланын эч нерсеге көңүлү чаппай, сырын эч кимге айтпай, бүк түшүп жатып калат. Бул кабар канга жетип, ал келип: «Балам, сага эмне болду? Көңүлүңө кандай кайгы толду?» деп, сыр сурайт. Анда баласы: «Ата бир ажайып түш көрдүм, ай десе аркы, күн десе көркү жок бир кыз көрдүм» дептир. Кан иштин жайына түшүнүп: «Түшүндө көрүп ашык болгон кызыңды издеп тапкын» деп баласына уруксат берет. Бала атасынын калкын бүт кыдырып түшүндө көргөн кызды таппайт. Нечен сулуу кыз көрөт, бирок, бир да бирөө көңүлүнө жакпайт. Акыры атасынан кырк төөлүк дилде алып, шайдоот жигиттерден кырк жигит ээрчитип, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып чыккан экен. Бирок, издеген кызы табылбай, арып ачат. Акыры кырк төөлүк дилде түгөнүп, аттарынан ажырап, мусапырчылык баштарына түшөт. Ошондо кырк жигит өз ара акылдашып: «Таксыр каным, кырк төөлүк дилдени да түгөттүк, аттардан да ажырап, мусапырчылык башка түштү, аман-сообузда элди көздөй кайталык» дешти. Анда бала: «Кырк жигитим силерге уруксат элге, кайткыла, атама кабар айткыла, кырк төөлүк пулдан жок, же аттан жок, же издеген кызымды таппай, элге кантип барамын, мен ошол түшүмдө көргөн кызды издеп, жер кезип тентип кетемин» деген экен. Бала аларды жөнөтүп жиберет да, эки этегин кайра кыстарып, колуна темир таяк алып, бутуна темирден чарык тартып, жолго жалгыз өзү чыккан экен. Барбаган эли калбай, баспаган жери калбай, кыдырып отуруп, ыргайдай болуп арып-ачып, араң дегенде бир шаардын четине келип калат. Эртеси шаардын четиндеги бир чөп алачыкка кирсе, бир чал-кемпир отурат. Бала кирип барып: «Ассалом алейкум!» дейт. «Алекима ассалоом, о балам, кайдан, эрдиң кеберсиңки, этегиң түгөнүңкү, алыс жолдон келе жаткан түрүң бар» дейт. Бала: «Ата, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөмүн». Ага баласы жок бечаралар кубанышып, «жакшы болот» деп бала кылып алышат. Кемпир, чалдын бир эшегинен башка эч нерсеси жок, күнүгө эки тең отунду базарга сатып, ошону менен жан сактаган бечаралар экен. Бала күнүнө эки тең отунду базарга алып барып сатып, түшкөн тыйынга кант, чай алып кемпир, чалды багып жүрө берет. Күндөрдүн биринде бала каадасынча эшекке эки тең отун артып базарга келсе, базар тарап калган кези экен. Отунун эптеп бир теңгеге өткөрүп кайра келатса, жанына кырк кыз ээрчитип, сурнай-керней тарттырып, шаан-шөкөт менен баягы түшүндө көргөн сулуу кыз алдынан чыгат. Бала кызды көрүп, эстен танат. Эсин жыйып жанына барайын десе, желдеттер кубалап жибербейт. Ошентип, ыйлай-ыйлай, үйүнө кайтат. Үйүнө келсе кемпир, чал: «Ээ балам, аман эсенсиңби?» дешип башынан суу айландырып, чачып басып жыгылышат. «Ээ ата, жарыктык, мынчалык эмне кабатыр болдуңуз, барып жүргөн эле базарым, эмеспи, келет элем да?» дейт. Анда чал: «Ээ балам, бу дүйнөдө бирөө шапар тээп, жан жыргатат бирөө биз сыяктуу бир тойгон тамагына курсант болуп күн өткөрөт. Бүгүнкү күнү кандын кызы кырк кызын ээрчитип, керней-сурнай тарттырып базарга чыкмак. Сага эскертпей унутуп калыптырмын, ал күнү эч бир эркек базарга чыгууга тийиш эмес. Жума күнү базарга барган эркекти кан өлтүрүп койчу эле, ажалың жок экен» деп сүйүнүшүп, баласын караса, эки көзү шишиген, кемпирдин эптеп кайнаткан чайына да табыты тартпай бүк түшүп жатып калат. Кемпир менен чалдын шаштысы эми чындап кетип: «Айланайын балам, бизди кыйнабачы, бирөөдөн запкы көрдүңбү, же бирөөдөн жаман сөз уктуңбу, эмне болду?» дешти. Бала башынан өткөргөндөрүн бүт айтып берди: «Мен кандын баласы элем, түшүмдө бир кыз көрүп, ага ашык болуп, издеп чыкканыма жети жыл толду. Ошол кызды ушул шаардан таптым. Же силерде каруу-күч жок, же өзүмдө айла жок, ошого капа болуп жатамын» деди. Кемпир-чал муну угуп, аябай кейишет. Акырында чал: «Балам, урушта туруш жок, эртерээк аракет жаса. Бир айланы тапса: «Көсөө» деген эл табат, ал элдин атасынан баласына дейре айлакер чыгып, амалдуу келет. «Айыгаар оорунун дабасы өзү табылат» дегендей, эбепке-себеп болуп калса ажеп эмес» деди. Бала кемпир-чал менен коштошуп, жөнөй турган болгондо баягы чал: «Ээ балам, бала-бото болуп калдың эле, жөө жүрбөй мына бул эшекти минип кет» деди. Бала: «Ата, мен жалгыз эшегиңерди минип кеткенде күнүңөр эмне болот, оокатыңар өтпөй калбайбы?» деп болбой койду. Чал: «Балам, аз да болсо анча-мынча күнгө жол азык болоор» деп баягы бала отун сатып алып келген бир теңгени чөнтөгүнө салып берип, жөнөтүп жиберди. Ошентип, бала эки этегин кайра түрүнүп «көсөө» деген калкты издеп жүрүп отуруп, жолдо жер айдап жаткан бир дыйканга жолукту. Дыйкан өгүздү жетелесе, буурсунду кармоого киши жок, буурусунун кармаса, өгүздү жетелеген киши жок, аябай кыйналып, жер айдап жаткан экен. Баланы көрө коюп сүйүнүп: «Ай, жигит, кел ортоктошуп жер айдайлы, же буурсунду карма, же өгүздү жетеле» деп чакырып калды. Бала: «Зарыл иш менен жүрөт элем, дүнүйөнүн кереги жок» деди. Анда дыйкан: «Ээ, балам, эрдиң кеберсиңки, этегиң түгөтүңкү, жабыр тарткан адам экенсиң, издегениң эмне?» деди. «Аке, «көсөө» деген калкты издеп чыктым эле». «Бол эми батыраак, ишке кир, «көсөө» деген элдин өзү чыгарбыз. Болгондо да эки көзү чыгарбыз, жетеле дегенде жетеле, өгүздү» деп дыйкан ачуулана баштады. Бала издегени оңой табылганына кубанып, дароо чечинип кош өгүздү келип жетеледи. Экөө бат эле жерди айдап бүтүрүшүп жайланышып отурганда, дыйкан-көсөө баладан сыр сурады: «Кана, балам, эмне сырың бар? башыңан өткөн-кеткенди сүйлөчү?» деди. Бала түшүндө бир кызды көрүп, ага ашык болуп издеп чыккандыгын, бир шаардан ошол кызды көргөндүгүн төкпөй-чачпай дыйканга айтып берди да: «Эми аке, бир үмүтүм сизде калды. Эптеп кызды алып бериңиз» деди. Көсөө муну угуп: «Канча пулуң бар?» деп сурады. Бала: «Бир теңгемден башка эч нерсе жок» деп жооп берди. Дыйкан: «Ошол жетет» деп, баланы ээрчитип алып, бир топ койчуларга келди да, кызык окуялардан кеп салып, сөзгө уютуп отуруп «эми мырзалар, бир теңге берейин, бир жандык саткыла» деди. Койчулар бирин-бири карашып туруп, бир серке жетелеп келишти эле, дыйкан серкени бир колуна, теңгени бир колуна кармап туруп, дагы кызык аңгеме салып, койчуларды кыраан-каткы күлдүрүп отуруп, кеч киргизди. Койчулар кетмек болуп камынып калышты эле, Көсөө: «Ээ, мырзалар менин бир серке, бир теңге пулум бар, экөөн тең берейин, бир токту саткыла» деди. Койчулар бир теңгени, серкени алып, бир токту беришти. Эртеси күнгө жума экен. Көсөө токтуну балага жетелетип алып базарга чыкты. Аңгыча керней-сурнай тартылып, кандын кызы кырк кызы менен базарга келип кирди эле, Көсөө балага: «Мен эмне кылсам ошону жасап мени туурай бергин» деди да, койду жерге көтөрүп уруп, арт жагынан мууздап кирди. Кыздар муну көрүп таң калышты. Аңгыча бир кыз: «Ой, адамдар, аягынан мууздабай, башынан мууздагыла» деп, көрсөтүп бере койду. Бала койду мууздады эле, Көсөө жонунан жирей баштады. Анда экинчи кыз: «Ой, жонунан жиребей, бут жагынан жирегиле» деди. Ал аңгыча болбоду, «эмне эл үймөлөктөшөт» деп кандын сулуу кызы да келип калды. «Кайдан келген, эмне болгон жансыңар?» деп суроо салды. Анда Көсөө: «Ээ: биз бир жүргөн мусапырбыз, береги койду бирөөдөн кудайы сурап алып, союп жейли деп жаттык эле» деди. Кандын кызы бир нөөкөр кызына: «Булар бир бечаралар экен, казан, тулга алып келип бере сал, бышырып жешсин» деп буюрду. Ал кыз келгенче Көсөө кыздарга кызык кептерден салып, күлдүрүп отурду. Аңгыча болбой казан, тулга алып, кыз келди. Көсөө тура калып тулганы коё койду эле, бала казанды көмкөрөсүнөн аса салды. Көсөө карап турсунбу, көмкөрөсүнөн аскан казанга суу куюп киргенде, карап турган кыздар: «Андай аспай, мындай аскыла» деп, казанды асып, суу куюп, эт салып беришти. Аңгыча бала тезекти алып келип, капкактын үстүнө калай баштады. Муну көргөндө кандын кызынын боору ачып үч кызга: «Бул бечаралардын этин бышырып берип, тойгузуп койгула сообу тиер» деди. Бул учурда Көсөө кыздарды кызык аңгемеге кызыктырып, кыраан-каткы күлдүрүп, алаксытып кечке калтыруунун амалында болду. Анткени кандын уруксаты боюнча кыздар бешимге чейин гана базарламак; эгер бешимден калса, кан алардын башын алмак. Кыйлада барып койдун эти бышты. Кыздар этти чарага чыгарып, эки байкуштун алдына коюшту эле, экөө этти үзүп алышып, биринин оозуна экинчисин салып кирди. Кандын кызы: «Ар кимиңер өз-өзүңүр жегиле» деди. Алар: «Биз өз оозубузду көрө албайбыз, ошондуктан бири-бирибиздин оозубузга салып жатабыз » деп коюшту. Ошентип, эрмектеп отуруп, этти жеп бүткөнчө убакыт өтүп, кыздардын тынчы кетип, дүрбөлөңгө түшүп калышты. Көсөө болсо бешим окуп, кыйкырып кирди. Кандын кызынын жаны чыгып: «Айланайын, соопчулукка акырын окуй көр, кан угуп калса биз да өлдүк, силер да өлдүңөр» деди. Анда Көсөө: «Мен өлөт элем деп, намазымды таштамак белем» деп, ого бетер үнүн бек чыгарып окуй берди. Акыры кыздардын айласы кетип: «Эмне кааласаң ошону ал, деги акырын окуй көр» деп суранышты эле, Көсөө: «Бизди ортоңорго жашырып, өзүңөр менен бирге сарайга ала киргиле» деди. Кыздар макул болушуп, аларды ортого алып көрсөтпөй, кандын сарайына алып кирип кетишти. Аңгыча дигер окуй турган убакыт болду. Көсөө адатынча заңгырап кыйкырып киргенде кандын кызы бир вазир кызын ээрчите чыгып: «Ой, жана эле айтпадым беле, акырын окусаң боло, кан укса мени да сени да өлтүрөт» деди эле, Көсөө: «Оо, каныша жана мен бешим намазымды саткам, азыр мен дигер намазымды окуп жатамын» деп жооп берди. «Кудай жалгагыр, деги каалаганыңды ал, анчалык озондобочу» деди. «Эми бир баштык алтын берсең экен». Каныша: «Бир баштык алтын алып келип бергиле» деп кыздарына буюрганда, кыздар дароо бир баштык алтын алып келип беришти. Аңгыча намаз шам болду. Көсөө намаз окуган болуп дагы да, кыйкырып киргенде кандын кызынын вазири чыгып: «Дагы эмне кемтигиң бар, акырын окуй албайсыңбы?» деди эле, Көсөө: «Биз бул жерден коркуп жатабыз, өзүңөрдүн үстүңөргө алсаңар экен» деди. Кыздар: «Кан угуп калат экен» деп жандарынан коркушуп, үстүлөрүнө киргизип коюшту эле, Көсөөнүн тынч алар көзү жок, дагы бир куптан окуп заңгырады. «Кайдагы эмелерге кезиктик эле» деп кандын кызынын чындап айласы кетип: «Ээ, бөөдө мерт боло турган болдук, максатыңар эмне?» деди. Муну укканда Көсөө ордунан ыргып туруп, баланын башынан өткөн окуясын баяндап келип: «Ушунча жер кезип, сен үчүн тентиреп жүргөн баланын көңүлүн жубатып, жок дегенде өзүң жаткан үйгө кийирип койсоң» деп суранды. Кыз макул болуп, баланы өзү жаткан үйгө кийирип алып, жөн-жайын сурап билип, ашык болуп калат. Таң атып келаткан мезгилде Көсөө баланы чакырып чыгып, коргондун түбүнө ээрчитип келет да, адегенде аны дубалдан секиртип түшүртүп андан кийин алтынды алып берет. Акыры өзү түшмөк болуп жатканда кандын кароолчусу ойгонуп калып, Көсөөнү зым камчы менен бутка үч чабат. Ошондо Көсөө дубалдын кырында туруп: «Ээ, ит, алсак кандын алтынын алдык, жатсак кандын кызынын жанына жаттык, кызталак сенин эмнең кетти, акыры сага үч кылбасам» деп дубалдын сыртына кулап түшүп кеткен экен. Экөө бир баштык алтынды көтөрүп алып Көсөөнүн үйүнө келишет. Эртеси Көсөө базарга чыгып, аялдын жасалгалуу кийим кечегин, атыр-упа, эндик, жыпар сатып келет да, кечинде аялча кийинип, атырдан куюнуп, эндикти сүйкөнүп сулууланып алып, кандын сарайынын астынан өтүп баратканда баягы кароолчу: «Ой, беймаал убакта өткөн ким, бери кайрыл» деп кыйкырып калды эле, Көсөө үнүн аялдардыкындай жасап ичке чыгарып, «ии ботом, мен эле» деди. «Беймаалда кайда баратасың?». «Бир байбачанын зайыбы элем, күйөөм үстүмө токол алам дегенинен ызама чыдабай төркүнүмө кетип баратамын». Күзөтчү жыпардын аңкыган жытына мас болуп, кыйшалактап: «Азыр бирөөлөр беймаза кылаар, бул жерде конуп ал, эртең таң эрте жолго салайын» дейт. Көсөө макул болуп күзөтчү менен сарайга кирсе, кире бериште төрт казык кагылып туруптур. Аны көрө сала ойсоктоп: «Ии ботом, бул эмне деген казык?» деп сурады. Күзөтчү: «Күнөөкөр болгон адамды керип сабай турган жай» деди. Көсөө түшүнбөгөн киши болуп: «Ии, ботом, кантип кересиңер?» дегенде кароолчу: «Мунун эмнесине түшүнбөйсүң?» деп, баягы жерге жата калып, колу-бутун төрт казыкка керип түшүндүрө баштады эле, Көсөө: «Ии ботом, мындай-мындай турбайбы» деп, кароолчунун колу-бутун керип, төрт казыкка байлап: «Ээ ит, алсам кандын алтынын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, сен мени дүрө камчы менен үч чапкандай эмне жаздым» деп, күзөтчүнү дүрө камчы менен сабай баштайт. Аябай эсин оодарып, бир кулагын чырт кесип алып, бир өчүмдү алдым, «экөө сенин мойнуңда» деп кете берет. Үйүнө барып кулакты кебезге оротуп каттырып коёт да, эртеси ат сатып алмак болуп, баланы ээрчитип алып базарга чыгат. Базарда не бир тулпар, не бир жорго, не бир аргымактарга Көсөө көңүл бурбайт. Акыры кечке убара болуп жүрүшүп бир кыска, бир узун эки ак кийим, куйругу сопол соңк-соңк желген бир коңкойгон чаар атты, бал китеп, түрлүү дары-дармектерди сатып алып үйлөрүнө кайтышты. Кечинде Көсөө узун кыскалуу ак кийим кийип, селде оронуп, бир куржундун бир жак көзүнө китептерин, бир жагына дарыларын салып намаз шамдан өткөн убакта чаар ат менен соңк-соңк желип, кандын эшигинин алдынан өттү эле кан: «Бу беймаалда өтүп бара жаткан ким тарт бери!» деди. Көсөө аттан түшүп, эки колун бооруна алып: «Таксыр каным береги жактагы бир ооруу кишиге дары-дармегимди, бал китебимди алып бараттым эле, кеч чыгып калыпмын» деди. Кан: «Андай эле олуя болсоң, менин кандыгымда эмне окуя болуп жатат айтып берчи?» деди. Көсөө: «Куп болот, таксыр» деп бал китепти ачып, окуган болуп болгон окуяны баяндады да: «Сиздин элде бир оору бар экен, ал киши кулагынан оор жарадар экен, азыр кыйын абалда жатса керек» деди. Кан анын көз менен көргөндөй таамай айтканына таң калып: «Олуям, ошол бечараны айыктырып бербейсиңби, жарасы кудум сиз айткандай» деди. Кандын сөзүнө макул болуп: «Таң атканча окуп чыгып, таң атканда жаратына дары сыйпайм, айыгып кетер, бирок, менин айтканым орундалбаса, эмим конбой калышы да мүмкүн» деди. Анда кан: «Эмне болсо да орундатайын, айтыңыз» деди. «Эмесе үч боз үйдү катар тиктирип, жыйырма жигитке үч үйдү курчап кыйкырып турууга буйрук бериңиз. «Алар мен болду дегенде гана үндөрүн бассын» деди. Кан макул болуп, Көсөөнүн айтканындай жыйырма жигит камдап, үйдү тегеректетип койду. Көсөө болсо атын үйдүн жанына байлап, кандын жигиттерин: «Таң саарында бир боо чөп алып келип салып койгула» деди да, оорулуунун үстүнө кирип кетти. Элдин алды жатканда жыйырма жигит кыйкырып кирди. Ошентип, күрүү-күү, чуру-чуу түшүп жатканда Көсөө: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, сен үч чапкандай мен эмне кылдым?» деп, таң атканча күзөтчүнү тепкилеп, экинчи кулагын да кесип алып кете берет. Таң саарында кандын жигиттери бир боо чөп алып келип атка салып, оору жаткан үйгө кирсе, эч ким жок. Күзөтчү айыкмак тургай тулуптай шишип, экинчи кулагынан да ажыраган, канга боёлуп, араң эле жаны калыптыр. Жигит кыйкырыкты араңдан зорго басып канга чуркап келип: «Каным, күзөтчүнү айыктырмак тургай, айласын кетириптир, араң эле жаны жатат, олуяңыздан дайын жок» деди. Көсөө болсо үйүнө келип, экинчи кулакты да балага каттырып койду. Кан каарына катуу алып: «Миң башы жүз башына айтсын, жүз башы элүү башына, элүү башы элге айтсын, бир кишини калтырбай жыйып берсин, мен аны тааныймын» деп буйрук берип, элди чогултту. Муну угуп баланы ээрчитип Көсөө келди да: «Капырай кандын керемети болот дечү эле, таанып койбосун, сен барып байкап келчи» деп баланы жумшап жиберип, өзү элдин четирээк жагында карап турду. Аңгыча башка шаардан келаткан бир байбача жигит желмаян минип, Көсөөнүн алдынан чыгып: «Бул эмне деген чаң-тополоң?» деп сурады эле, Көсөө: «Оо жигит, желмаянды такымга бир салып, кандын алдынан: «Бакырыңа эки кылган мен элем» деп өтсөң, кан тактысын да, кызын да сага берет, өзүңдү «кан күйөө, бек күйөө» деп, кадырлап, тактыга отургузушат. Кудайдан корксоң, бирөөнү мага берерсиң» деди. Ала көөдөн байбача желмаянды такымга бир салып: «Бакырыңа эки ирет кылган мен элем» деп, желмаяндын оозун коё берип, кандын алдынан өттү. Кан: «Кармагыла» деп буйрук берди. Кандын жигиттери анын артынан жөнөп калды. Желмаян жеткирүүчүдөй эмес, жел менен кошо закымдап, учуп отурду. Ал эми ала көөдөн байбача: «Качан мага жетишип, «кан күйөө, бек күйөө» деп кулак, мурдумдан чоюшат, деп, желмаяндын оозун тартып кылчактап жүрүп отурду. Кандын жигиттери байбачаны кууп кеткенде, Көсөө баягы күзөтчү жаткан үйгө кирип: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, үч чапкандай мен сага эмне жаздым?» деп аябай сабап, эсин оодарып, мурдун кесип кете берет. Кандын жигиттери байбачаны кууп, жетип кармап, кандын алдына алып келишти. Кан: «Кана, жигит, эки ирет кылганыңдын жөнүн айтчы?» деди эле байбача жигит коркуп калтаарып, «минтип айт» деп ушул жерден бир жигит айтты эле, мен өзүм башка шаардан келе жаткан бир жолоочумун» деп, чынын айтып берип кутулду. Аңгыча болбой эшиктен бир жигит кирип келип: «Таксыр кан, баягы бечаранын мурдун да кесип кетиптир» деди. Ошондо кан элине жар чакыртты: «Кимде-ким ушул кылган ишин жашырбай айтып берсе, мен ошого кандык тактымды, таажымды, казынамды жана кызымды да беремин» деди. Бала муну угуп энтеңдеп Көсөөгө жүгүрүп барды да: «Жүрүңүз эртерээк, канга барып чыныбызды айтып, кызын да тактысын да, таажысын да алалы» деди. Аңгыча Көсөө: «Кан өз оозу менен айттыбы, сен өз кулагың менен уктуңбу?» деп сурады эле, бала: «Кан өз оозу менен айтты, мен өз кулагым менен уктум» деди. Көсөө арыдан бери эки кулак, бир мурунду жанына салып, жакшы кийим кийгизип, баланы ээрчитип канды көздөй жөнөп калды. Келишсе эл чуру-чуу, күрү-күү: «Мен кылдым» деген чуудан кулак тунат. Ар ким ошентип жатканда Көсөө баланы кандын алдына жетелеп келип: «Таксыр каным, кечсең күнөөм мына, кессең башым мына» деп, бардык окуяны баяндап берди. Кан Көсөөнүн сөзүн угуп отуруп: «Ушул айткандарыңды кантип далилдейсиң?» деп сурады. Көсөө күзөтчүнү алдырып, кулагын кулагына, мурдун мурдуна коё койду эле, кадимкидей кыналышып ордуна келди. Кан Көсөөгө жыгылып, тактысын, таажысын балага берип, кызын да ага берген экен. Ошентип бала тилегине жетип, кан болуп, түшүндө көргөн кызын алат. Баягы бечара кемпир-чалды алдырып өргөө көтөрүп берет да, Көсөөнү үйлөндүрүп өзүнө башкы вазир кылып алат. Ошол кезде баланын өз атасы күйүткө алдырып, кандыктан ажырап, жакырланып бүткөн экен. Бала өз атасын дагы көчүрүп алып, эки элдин башын курап бардыгы жыргап жатып калышкан экен.
КАН МЕНЕН САЯТЧЫ
Бир күнү Чомотой саятчынын кабары каардуу кан Алдаярканга жетип калды. Чомотой дүйнөдө эмне куш болсо ошол куштун тилин билет экен. Кай жерде катылган казына болсо, чачылган алтын, күмүш, каухар болсо куштарды жумшап жыйдырып алат экен, азыр Чомотой саятчынын байлыгындай эч бир кандын байлыгы да жок имиш. Дүйнөнү ажыдаардай соргон ач көз кандын сугу саятчынын өнөрүнө эмес, анын дүнүйөсүнө катуу түштү. «Эптеп айыпка жыгып, байлыгын тартып алууга баш кесер желдеттерин «тез алып кел» деп саятчыга жөнөттү. Кан буйругу көз ачып жумганча аткарылды. Саятчы канга баш урунуп сурагынан өттү: «Алдаяр каным, биринчи намыр алланыкы, экинчи сиздики, кулдук уруу биздики, чакыртыпсыз келип калдым, буга айып этпеңиз». Мурунтан суроо берүүгө камынган кан кардуу жүзү менен: «Сен акмак куштардын тилин кайдан жана кимден үйрөндүң, ушуну айтчы?» Анда саятчы сабырдуулук менен жай гана: «Алдаяр каным, муну өзүм да билбеймин, тилим чыкканда эле адамча жана кушча сүйлөп чыкты. Ата-энемден сурабай калыптырмын, алар илгери заманда эле а дүйнөгө кеткен, азыр менин эмне үчүн адамча да, кушча да сүйлөп калганымдын сырын билген киши жок. Бул жообума ыраазы болуңуз, каным, эми менин суроомо жооп берер бекенсиз?» деди саятчы. Саятчынын тубаса кушка тилмер экенине кандын көзү жетти, так берген жообуна кошумча суроо берүүгө чамасы келбей калды да, «кана, эмне сурамакчысың?» деди. «Алдаяр каным, мен сиз менен ушу жашка келгени көрүшкөнүм ушул, ооз ачып сүйлөшкөнүм да ушул. Сиз сөз баштаганда эле мени акмак дедиңиз, мунун жайы кандайча?» деди. Кандын эки көзүнөн чаар чыгып катуу ачуусу эми кайнады: «Сен чыныгы акмаксың» деди кан. «Акмактыгың ушул менин алтын, күмүш, каухарымды уурдап жатасың, куштарды жумшап ташытып алдың, ал күнөөңдү билбейсиңби? Башың менин кылычымдын мизинде турганын түшүнбөйсүңбү, акмак? Акмактыгыңды эми билдиңби?» — «Кечирим, Алдаяр каным, — деди саятчы. Аларды мен уурдап алган жокмун, менин дос куштарым сиздин өлкөнүн чегинен эмес, али да жапайы айбандан башка адам изин сала элек, сырт өлкөдөн алып келишкен. Мен ал өлкөнүн кай тарапта экенин айтсам, сиз таң калбаңыз. Сиздин жерди чегин жакшы күлүк ат менен бир жумада кыдырып чыгууга болот, ал эми тиги бай өлкөгө куштун учкуну кузгун бир жумада түз учуп жетип, кайра экинчи жумада гана келет». Саятчы сөзүн бүткөнчө кан чыдап тура алган жок. «Акмак» деди кан: «Сен ууру эмесмин деп актанба, жеткен ууру экениңди мойнуңа аласың. Биринчиден, менин чегимди буздуң, экинчиден, менин чегиме келген барлык нерсе жалгыз гана меники, мага айтпай катып алганың үчүн башың алынат». Саятчыга дагы башка күнөө таап жабайын деди эле, анда саятчы озунуп мындай деди: «Алдаяр каным, менин башымды кескенде эмне чыгат, болгон дүнүйөмдү сиз алыңыз, өз башым калса эле болгону. Бирок, Алдаяр каным, ошол алып, келген дүнүйөнү элге таратып ийдим эле, үйүмдө жарым кадак да жок, болсо, да анын мага кереги жок. «Акмак» деди кан: «Сен жөн эле мага дүнүйөңдү кыйгың келбей жатат, сенин дүнүйө казынаң меникинен да көп деп эл бекер айткан жок, казынаң кайда? Азыр жигиттериме айтып көргөзүп бергин, бир сөзүм эки эмес» деди кан. Саятчы: «Эгер дагы жок десем башым кесилип калбасын, андан көрө болгон дүнүйөмдү көргөзүп берейин» деп жигиттерди ээрчитип үйүнө жөнөдү. Кан болсо казынам эми толот деп каткырып ордодо калды. Кандын жигиттери саятчынын короо жайын нечен күн, нечен түн тинтип алтын, күмүш таба алышпады. «Сен эмне кан менен ойногуң келеби, казына кайда, айтпайсыңбы?» деди жигит башчысы. «Мен аларды элге таратып жибергем» деди саятчы. Болгон окуя канга түгөл айтылды. Чомотой саятчыны зынданга салдырып, кан бүт элге: «Кимде ким Чомотой саятчыдан алтын, күмүш, каухар алса, кандын казынасына жеткирсин. Эгер жеткирбей жашырса, баары бир билинет, саятчы менен кошо зынданга түшөт, башы алынат» деп буйрук бердирди. Эл өз ара кеңешип: «Казына канга гана ылайык, биздей букарага алтын, күмүштүн эмне кереги бар, кандын казынасына жыйнап берели да, саятчынын өмүрүн сурайлык » дешип, алтын, күмүш, каухарларын алып келишти. Чынында эле кандын казынасынан алда канча ашып түштү. Кан ага да болбой, «дүнүйөнү элге таратып, элдин көөнүнө жагып алып, куштарга да, элге падыша болгону жүргөн неме экен» деп, саятчыны катуу жазага тартмай болду. Саятчы өлөрүн билип, желдеттен бир гана нерсе өтүндү: «Канга бир кезигип өлсөм арман жок эле» деди. Каардуу кан акыркы жолу бир сөз сурап калууга өзү да макул эле. «Алдаяр каным, менин өтүнүчүм ушул, башымды кечиңиз, бирок менин денемди жерге көмдүрбөңүз, тетиги ак кар баскан Ала-Тоого таштатыңыз, бүт канаттуу талап жеп кеткендей болсун, себеби мен ал канаттуулардын акысынан кутулган жокмун, жалгыз гана өз денем менен кутулбасам, менин колумда алардын керегине жарачу эч нерсе жок. Ушуну аткарсаңыз, мен чексиз ыраазымын, аткарууга «ооба» деген бир гана сөз айтыңыз да, менин башымды кесе бериңиз. Менде башка сөз жок, балким, каным, сизде болуп жүрбөсүн, айта бериңиз билсем, жооп берейин, билбесем дагы күнөөлүү болуп кете беремин». Кан саятчынын өлүм алдындагы өтө зор кайратына жана камырабастыгына таңданды. Кексе кан өзү ичинен аяган менен айтканынан кайтпаска тырышты, бирок саятчыга суроо берди: «Буга жооп берсең да, бербесең да башың алынат, ойлонуп туруп жооп бергин. Сенин тилегиң орундалат. Кана, акмагым, дүйнөдө кайсы жаныбар узун өмүр сүрөт жана анын себеби эмнеде?» деди. Саятчы кенедей да токтогон жок: «Дүйнөдө узун жашаган кузгун, анын себеби кузгун учкул канаттуу эмеспи талбай учат экен жана мүрөктүн суусун кайдан чыгарын билет экен. Ошондон ичет экен да миңге чыгат экен. Узун өмүрдүн дабаасы ошол, каным, ыраазы болгонуңузду билгизсеңиз мен да көңүлүмдү жайлап алайын» деди саятчы. Кан ыраазы же ыраазы эмес экенин айтпастан: «Мүрөктүн суусу кайда болорун билесиңби?» деди. Саятчы: «Билем, бирок, өзүм өлүм алдында туруп, дүшманымдын узун жашашын каалабаймын, сизге мен эртеңки күнкү өмүрдү да кыйгым келбейт. Сиз жазыксызды айыптап, эч сураксыз башын алдырып, алсызга күчүңүздү көргөзүп, өкүмүңүздү аткарып жатасыз. Ошондуктан, ал сыр менин каным менен жерге төгүлүп сиңип жок болушу мүмкүн». Кан ойлоно түштү: «Чын эле саятчы акмак эмес, мен акмак болуп жатпаймынбы, өз башы кесилген жатса, мага мүрөктүн суусун таап бермек беле? Андан көрө саятчыны мүрөктүн суусун таап бергенче өлүмдөн куткарып турсам, иш өңү эмеспи, акыры менин кылычымдын мизинен кутулбасы айдан ачык да». Буга кур ачуунун кереги жок экенин сезген кан кекселик менен куру жылмайып күлүп: «Саятчы досум, сени кайраттуу жана акылман адам дегендиктен, өз көзүм менен бир көрүп сынайын дегенмин, эми сыныма толдуң, өмүрүң азат. Жанагы мен койгон айып куру жалаа, элден жыйган дүнүйө кайра таратылат, кабагың ачып күлүп, катын балаңа баргын жана кандын сени көп убара кылганын көңүлүңө албагын» деп, кан бурулуп ордосуна кирип кетти, саятчыны сакчылар үйүнө кое беришти. Саятчы түнөрүп үйүнө келди, эл кубанышты бирок, карыя кубанган жок. Эми токтоосуз кандын акыркы каардуу касабынан кутулуунун амалын издеди. Карыя өзүнүн конушуна конуп ары-бери өткөн канаттууларга сырын айтып, кандан кутулуунун амалын сурады эле, бардык куштар: «Адамзат менен кезикмей тургай жанына баргандан коркобуз» дешти. Акыры амалды бир жылкы окуяны, алдын ала мурун билген Соно куш ойлоп тапты. «Саятчым, — деди Соно — эч нерсеге капа болбо, каныңдын алты айлык гана өмүрү калыптыр, мүрөк суусу келерки ушул күнү даяр болот дегин, ага чейин кан өлүп калат, сен күткөн жыргал заман келет, кан өзү өлө койбой ага кошуна кан кол салат, камылгасыз жатканда басып алат, ал кан сендейди урматтаган эл баккан адилет кан». Бир күн кан саятчыны чакырып мүрөктүн суусун алдырып бер деди. Саятчы кыйылымыш болуп туруп: «Ал алыс жерде бир жылсыз колго тийбейт» деди. Кан ага сүйүнүп макул болду. Көңүлү жайланды. Саятчыны коноктоп жолго салды. Күткөн күн да келди, согушта арсыз кан жеңилди, эл согушка катышпай качып-житип жок болушту. Жеңген кан элди жыйып Чомотойду элге башчы кылып, кайра өз жерине кайткан экен. Чомотой куштун да, элдин да падышасы болуп көп жыл жыргап өмүр сүргөн экен.
ЖООМАРТТЫК
Мурунку өткөн заманда бир падыша болуптур. Анын кырк вазири бар экен. Бир күнү падыша: — Жоомарттык мал менен болобу же баш менен болобу? — деп вазирлеринен кеп сурайт. — Жоомарттык мал менен болот да, малы жок болсо кантип жоомарттык болот, — дешет вазирлер. — Жоомарттык мал менен болсо да силерде, дүйнө да силерде, үчөөң биригип бир падыша элге той бергиле. Тоюңар кырк күндө тарасын — дейт падыша. Ушуну менен той башталат экен. Тойду башкарган үч вазир болду. Той аяктар күнү падыша думананын киймин кийип, башына күлө кийип, колуна аса таяк алып, ийнине куржун салып, ак уруп биринчи вазир башкарып жаткан тойго барат. Вазир көрүп: «Думанага кайыр алып чык!» деп, үйдөгүлөргө айтат. Тойдун түрлүү тамагынан табакка салып чыгышат. Думана куржунуна салып алып, экинчи вазир башкарып жаткан шаан-шөкөткө барат. Ал дагы думананы үйгө киргизбестен, кайыр садагасын берип сырттан жөнөтөт. Думана үчүнчү вазирге барат. «Үү» деп кайыр-садага сурап, үйгө конуп кетүүнү суранат. Бирок вазир: «Үйдө төрө, мырзалар бар. Сен жатууга орун жок» деп жөнөтөт. Ошондо думана караңгы киргенине карабастан көчө менен жүрүп отуруп, бир кемпир менен баланын кара алачыгына дуушар болот. Бала сыртка чыгып, думананы көрүп: «Думананы үйгө кондуралыбы?» деп энесине айтат. Энеси: «Макул, айланайын, думана болсо үйгө кийир» дейт. Думана үйгө кирет. Бала бир байга үч жылы малай жүрүп, ошо күнү үйүнө акысына он кой алып келген экен. Бала энесине: — Конокко бир кой соёлу — дейт. Энеси макул болуп коюн союшат. Ошондо думана: — Мага эки эле бөйрөгү керек, башка этин жебейм — дейт. — Эки бөйрөккө да тоёбу! Андан көрө он койдун баарын соёюн. Жыйырма бөйрөк болот, деп бала койлорунун баарын союп, думанага 20 бөйрөгүн берет. Думана ак батасын берип, конбостон жүрүп кетет. Эртеси кан өзүнүн падышалык таажысын кийип, той башкарып узаткан үч вазирин чакыртып: — Тойду кандай тараттыңар. Бай, кедей кылып бөлгөн жоксуңарбы? Тойго думаналар келдиби? Жакшы коноктоп узаттыңарбы? — деп сурайт. — Тойду абдан жакшы өткөрдүк, келген коноктордун баарын бирдей көрдүк. Думаналарга кайыр-садага, чапан берип узаттык. Абдан ыраазы болуп кетишти,— дейт вазирлери. — Менин байлаткан он коюм бар эле. Түндө жок. Уурдаган ууруну таап келгиле — деп вазирлерине буюрат. Вазирлери чапкылап акыры базарга барышат. Он койдун этин жаңыдан сата баштаган баланы көрүшүп, «падышанын коюн уурдаган ушул экен» деп, аны падышанын алдына алып келишет. — Кой табылды. Ууруну алып келдик — дейт вазирлери. Бала малай жүрүп үч жылдык эмгегине он кой алгандыгын, үйүнө жаңы эле келгенде бир думананын келгендигин, ага он коюн союп бөйрөктөрүн бергендигин айтат. Падыша вазирлерине баягы кайыр садагасын көрсөтүп «ушуларды тааныйсыңарбы?» дейт. Вазирлер: «Биздин дасторкондон берилген жемиштер турбайбы. Думана тойго келгенде бергенбиз» дешет. Ошондо падыша өзү думана болуп барганын, коноюн десе «төрөлөр, мырзалар бар, үйгө батпайсың» деп, кондурбагандарын айтып: «Жоомарттык мал менен болот бекен, же баш менен болот бекен? Жоомарттык баш менен болот » мына деп вазирлерине көрсөткөн экен. Он коюн бир думанага бүт сойгон бала жоомарт, деп вазирлерин уят кылган экен. Падыша ошондо баланы биринчи вазир кылып алыптыр.
ХАНДЫН КЫЗЫ
Телегейи тегиз, бары жокко бийлик кылып турган бир атактуу кан болот. Анын бир акылдуу кызы болот. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, кыз атасына «жакшы болмок миң күндө да, жаман болмок бир күндө» дейт. Анда эч кимдин айтканына көнбөгөн, өз билгенин бербеген кан ачууланат. Кантип эле миң күн жакшы болуп жүрүп, бир күндө жаман болуп калсын. Андай кыйын экенсиң, сени баягы «туурук таманга» берейин, ошону миң күндө жакшы кылып алчы, — дейт да, өмүрүндө жакшылык көрбөгөн, айткан сөзгө көнбөгөн, жыңайлак жүрүп, эти күйүп «туурук таман» аталган, бир бечарага кызын берип жиберет. Кыз ага кайгырбастан, күлүп-жайнап «туурук тамандын» үйүнө барат. Короонун ортосунда чалдыбары чыккан бир там турат. Тегерегине чөп-куурайлар өскөн, өмүрүндө шыпырылбаган, көрсө көңүл айныган ушундай жаман там. Кыз келер менен: «Мен сиздин кабарыңызды алда качан билем, атайы сиз менен бирге тиричилик кылууга келдим. Өлбөсөк турмушту улап кетербиз. Мен үй ичиндеги кызматты кылайын, сиз сырттагы кызматты кылыңыз. Менин да алып келген эчтекем жок, убакыт өткөрбөй жумушка киришели. Сиз барып бир көтөрүп отун алыңыз да, базарга алып барып сатып, келишинче ун жана бир-эки татым туз алып келиңиз» дейт. Анда «туурук таман» таң калган бойдон айтканын аткарууга жөнөп кетет. Ал жөнөп кеткенден кийин чалдыбардын жыртык-тешигине кесек коюп, ылай менен шыбап бүтөйт. Үй ичин абдан тазалап, шыпырып, чөптөн оруп келип кийиз ордуна салат. Эшиктин алдын дагы айнектей кылып тазалап коёт. Үйдү тазалагандан кийин короодон куурай жыйнап, от жагып суу ысытып даярдап турат. Күн батар ченде айткандарын аткарып «Туурук таман» келет. Аны сууга киринтип, чачын алдырып, «туурук таманды» аябай тазалайт. Алып келген унунан жакшылап оокат жасайт. Эртеси күнү дагы отунга жиберет. Анда дагы көбүрөөк отун сатып, тамактын артканына жибек, ийне ала кел деп тапшырат. Андан кийинки күнү кездеме ала кел деп тапшырат. Кийинки күнү отун алып келгенче, жоолук, кол жоолук сайып коёт. Анан аларды саттырып күндөн-күнгө оокаттары оңолуп, тыңый беришет. Үй турмушун оңоп алгандан кийин, жоолук сайган акчасынан арткан акчаларын жыйнап жүрүп, бир күнү «туурук таманга» мындай деген тапшырма берип базарга жиберет: «Базарга барсаң бир чолок куйрук боз куш, бир чолок куйрук көк ат жолугат. Экөөн тең сураганын берип алып кел» дейт. «Туурук таман» кыздын айтканындай кылат да, куш менен атты алып келет. Кыз аларды таптап кулпунтуп коёт. Шумкар илгир, тулпар жорго болот. «Туурук таман» куш салып, сайрандай баштайт. Күндөрдүн биринде «туурук таман» туруп мындай дейт: «Сен үй тиричилигин курсаң, мен сырттан аракет кылып дүнүйө тапсам болбойбу» дейт. Анда кыз: «Жакшы болот, жол азыгыңды камдайын, калаадан чыккан кербендерге кошул, атыңды минип, кушуңду кондуруп алып ошолор конгон жерге кон. Жолдогу чөлдө бир кудук бар, ал «барса келбес кудук» деп аталат. Андан суу алып чыгууга эч ким макул болбойт. Мен алып чыгам дегин дагы, аркан байлатып алып түш. Түбүнө жеткен кезде эки ургаачы, бир эркек: «Ким сулуу» деп талашып жаткан болот. Анда: «Суу берсеңер, мен чечип берем» деп айткын. Алар макул болушат. «Сулуу, сулуу эмес, сүйгөн сулуу, ар кимдин алганы өзүнө сулуу» деп айткын». Ошентип айтсаң алар суу беришет. Сууну кербендерге берсең алар жүктөгөн мүлктөрүнөн берет да, соода кылып келесиң. «Туурук таман» аялынын айтканындай кылат. Ал сууну ал алып чыкканда кербендер таң калышат. Анткени ал кудукка түшкөн киши кайра чыкпасын билүүчү эле. Жигиттин эсен чыгып жана аларды суу менен камсыз кылгандыгына өтө ыраазы болгондуктан, ал жүз төөлүү кербендер ортодон үч төөнү жүктөрү менен жигитке беришет. Жигит кербендер менен барып, соода, кылат, дагы аябаган көп байлык менен үйүнө кайтат. Ошентип байып алышкандан кийин, калаадан издеп жүрүп, эң биринчи усталарды таап, так падышанын үйүндөй жай салдырып, ар бир үйдүн эшигинин алдына: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок бир күндө» деген сөздү жаздырат. Камылгасы бүткөндөн кийин, аялы күйөөсүн падышанын уу кыла турган жерине жиберет да, мындай деген тапшырма берет. — Падыша жолукканда атың менен кушуңа кызыгат да сурайт, аларыңды бербе, өзүң конокко чакыр. Ал сенден мурун чакыра турган болсо «тон жакасынан кийилет» сиз кан болгондуктан биринчи мен чакыруум керек деп айт. Бир жарым болуп келиңиз де. Жигит ууга чыкканда аялынын айтканынын баары туура келет. Кан менен жолугушканда аялы айткандардын бардыгын аткарат. Кан терең ойго түшөт, барбайын десе ат менен кушка ошончолук кызыгат. Экинчиден, бир жарым болуп келиңиз дегени дагы сырдуу, айткан күнү барайын деп сөз берет. Кан үйүнө баргандан кийин вазирлерин чакырып алып бир жарым киши деген эмнеси деген суроону берет. Вазирлер ойлонуп отурушуп: «Аялыңызды да алып жана 150 киши менен баралы» дешет. Ошентип — айткан күнү келишет. Коноктордун ар бирин бирден үйгө кийирип, аябай сыйлайт. Конок күткөнү кандыкынан да артып кетет. Чогулуп отурушкандан кийин, ар бир үйдүн эшигине жазылган: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок бир күндө» деген жазууну окушат. Кандын оюна кызы түшүп катуу уялат. Ал кызына чоң алкыш айтып, кандыгын күйөө баласына берет. Ошентип, жакшы аял жаман эркекти миң күндө жакшы кылып, кандык даражага жеткирген экен.
УБАДАГА БЕК ЖИГИТ
Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен. Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле жерге топ кара чыйырчыктар келип конуп калат. Биринен бири озуп оттоп жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу: — Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөөр элем, — дейт, кичинекей чокчо сакалын сылап. Анда ортончусу туруп: — Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе, кой союп, аларды ар дайым сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат. Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы. «Менби, менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем» деп жооп берет. Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат. Сакалы тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең орундарынан атып турушат. Ошондо карыя туруп: — Менин атым Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөргө турсаңар, мен силердин тилегиңерди орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп. — Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз — дешти үч бир тууган. — Эмесе силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер, тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды. Экөө чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки короо кой жайылып жүрөт. Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет. Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап: — Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең, тилеген үйүң, өмүрлүк жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак сакалын сылап коюп көздөн кайым болду. Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине жетип, жашап калышат. Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт. Бир күнү баякы карыя Убада жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип: «Ошол жигиттердин барып сынап көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» деп жолго чыгышат. Алай-дүлөй бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет. — Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат — отуңа жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт, дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп. Малына ээ боло албай убара болгон бай: — Ушундай кым-куутта, койлор суука чыдабай кырылып жатканда, конок эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат. Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу байдыкына келет. Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет. Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү. Аларды көрүп жан алы калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө киргизип, аттарын отко коёт. Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак ашын берип аябай, жакшылап сыйлайт. Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп: «Балам, урмат сыйыңа чоң ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тиги агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн!» дейт таягын силкип. Баягы жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп жашап калган экен.
АЛЫМКУЛ ТҮШЧҮ
Илгери Өмүрзак аттуу кан казынасын уурдатып элине мындай деп жар салат: «Ууруну ким таба турган болсо малымдын теңин берем, таппасаңар баарыңарды күнөөгө тартам». Элдин айласы кетип, кандын каарынан коркуп, «Алымкултүшчү деген киши таап берет» деп бир кишини көрсөтүшөт. Алымкул айылдан алыс үй тиктирип, таап бермекке кырк күн убакыт алды. Кан кырк күнгө чейин кырк кой союп, Алымкулду бакмак болду. Алымкул: «Баары бир кан өлтүрөт, андан көрө кырк күнүм бүткөнгө чейин койду союп жеп жыргап жата берейин» деп, кырк өрүк алып баштыкка салды. Бир күн өткөндө бир өрүктөн жеп коюп, кырк күндү эсептеп жата берди. Кандын казынасын алган кырк ууру экен. Кырк УУРУ: «Кан казынамды уурдаган ууруну таптырам» деп, түшчү Алымкулга үй тиктирип койду. «Алымкул эмне түш көрүп жаткан экен, бирибиз аңдып келели» деп, бир уурусун жиберди. Ууру келип, үйдүн артынан тыңшап турду. Алымкул түн киргенде жатмакчы болуп баягы өрүктүн бирин алып туруп: «Кырк элең бирөөң келдиң деп, жеп жатып алды. Үйдүн артында тыңшап турган ууру Алымкулдун сөзүн угуп, коркуп кетти. Ал ууру жолдошторуна барып «кокуй биздин өлөрүбүз калыптыр, мен барсам: «Кырк элең, бирөөң келдиң» деп, жатып алды» деди. Эртеси дагы бир ууруну тыңшоого жиберди. Алымкул уурунун тыңшаганын кайдан билсин: «Эки күнүм бүтүп кетти» деп коркуп, өрүктүн бирин алып туруп «Кырк элең экөөң келдиң» деп экинчисин жеди. Ууру: «Келгенимди билип койду» деп, жолдошторуна айтты. Үчүнчү күнү уурулар бир чолок уурусун жиберди. Алымкул жатарында өрүгүнөн бирди алса, курт жеген өрүк колуна тийиптир: «Кырк элең, үчөөң келдиң, келгенде да, майрыгың келдиң» деди. Эшикте турган чолок ууру коркуп: «Билерин деги билип алыптыр, мен качканымда деле кармабайбы, баары бир канга айтып өлтүртөт, андан көрө өзүм айтайын» деп, салам айтып кирип келди. Алымкул сыр билгизбей, «келгин» деди. Ууру: «Түшчү аке, менин эмне келгенимди билип тургандырсыз?» деди. Алымкул: «Билип турам, билбегенде анан» деди. Чолок ууру: «Кандын казынасын биз уурдаган элек, мурунку күндөрдө экөө келгенде ал экөөн билип койдуңуз, бүгүн мен келдим эле, мени дагы билип: «Кырк элең үчөөң келдиң, келгенде дагы майрыгың келдиң» дедиңиз. Эми бизден эмне алсаңыз дагы канга бизди айта көрбөңүз, жаныбызды алып калыңыз, уурдаган буюмдарды жардын түбүнө көмгөнбүз, эчтекесин коротконубуз жок» деди. Алымкул ичинен сүйүнүп: «Ээ, болуптур, балдар, бүгүн келбесеңер, эртең канга айтмакчы элем, келгениңер жакшы болду. Силерди мен сактап калайын, бирок, экинчи бул кандын казынасынан жана айлынан бир жапырык чамынды дагы уурдабагыла, кандын казынасынан уурдаган буюмга кол тийгизбестен, өзүңөр суунун ары жагына өтүп, бул элден кеткиле. Эгер экинчи жолу айылдан чычкак улак жоголсо дагы силерди башыңарды канга кармап берем» деди. Ууру сүйүнгөн бойдон жолдошторуна барып, түнү менен кырк ууру башка жакка качып кетишти. Экинчи бул айылдан ууру кылбаска ант беришти. Алымкул: «Өлүмдөн калдым» деп, уурулар оңой жерден табылганына сүйүндү. Кырк күнгө чейин кандын коюн жеп, чайын ичип жата берди. Кырк күн бүткөндө эрте туруп канга салам айтып кирип келди: «Каным, казынаңыз бүт бойдон жардын түбүндө жатат, барып каздырып алыңыз. Казынаңызды кырк ууру уурдаган экен. Алар суудан өтө качышты. Эми табалбайсыз. Бирок мындан кийин айлыңыздын чычкан улагын да ууру албайт» деди. Кан жардын түбүнөн дүнүйөсүн каздырып ташытып алды. Алымкулга убадасы менен малынын теңин бөлүп берди. Арадан көп күн өтпөй жылкычылар бир бээ жок дешип келди. Кан Алымкул түшчүгө айтты. Алымкул түш көрөм деп жатты. Ошол мезгилде бир жылкычы бээнин суу жээгинде кулундаганын түшчүгө айтып келди. Эртеси Алымкул канга: «Каным, бээңиз бооз экен, сууга жылкыларды сугарганы барганда ичинде жүргөн экен, суунун боюнда кулундап калса керек» деди. Кан жылкычысын сууга жиберсе бээси суунун боюнда кулунун ээрчитип жүргөн экен. Эки-үч күндөн кийин кан ойлонуп олтуруп, Алымкулду сынамакчы болду. Топ чымындарды кармайын деп эки жолу колун жумду эле, чымын эки ирет да учуп кетти. Үчүнчү жолу кармап алып, Алымкулга алып келди да, «Алымкул, менин колумда эмне бар? Эгер тапкыч болсоң тапчы? деди. Алымкул эми чындап өлгөн экенмин, деп коркуп, өзүнүн абалын түшүндүрүп канга кыскача мындай деди: «Биринчи жолу кутулду, экинчи жолу кутулду, байкуш чымын жан үчүнчү жолу тутулду» деди. Кан колумдагы чымынды айткан экен деп ойлоп калды. Алымкул түшчү айткан сөзүнүн дал келгенине сүйүндү. Кан Алымкулду «Чын олуя экен» деп, таң калды. Бир күнү кан Алымкулду ээрчитип мончого келди. Алымкул канткенде кандан кутуларын билбей амал ойлоду. Бир убакта кан суу көтөрүп келе жатканда Алымкул жинди болумуш болуп, канды жетелеген бойдон кышкы суукта эшикке алып чыкты. Чыгып келе жатканда кандын башы мончонун босогосуна катуу тийди. Эскилиги жетип араң турган мончонун төбөсү оюлуп жерге күр дей түштү. Кан эшикке чыгып «Бали Алымкулум, сен болбосоң, мончо мени басып калмакчы экен да, сен төбөсү түшөөрүн билип, эшикке алып чыккан экенсиң го» деди. Анда Алымкул: Мен ошону билип, сизди майып болуп калбасын деп, алып чыкпадымбы» деди. Кан ыраазы болуп: «Бир ажалдан алып калдың, эми башың азат» деп, Алымкулду бошотуптур. Алымкул айла менен кандан кутулганына сүйүнүп, өз оокатын өзү кылып туруп калган экен.
СУЛАЙМАН БАЙ
Илгери Сулайман аттуу байдын маңдайына кармаган жалгыз уулу болуптур. Ал уулуна «андай бол, мындай бол» деп, акыл насаатты ар дайым көп айтуучу экен. Сулайман бай өзүнүн уулунун жакшы киши болушун каалайт. Бирок, уулу атасынын сөзүн сөз ордуна көрбөй, кулак какпай жүрүп бой тартат. Күндөрдүн биринде атасы чакырып алып: «Балам, мен болсом карып баратам, өлөрүм калды, өсөрүм калган жок. Сенин жалгыз жүргөнүң болбойт. Жашың жетти, эл-журттан карап жүрүп, менин көзүмдүн барында колукту алгын. Бирок жаштык кылып өңү-түсүнө кызыкпагын, балам. Пейлине карап, акыл-эсине карап алгын. Атанын сөзүн эске алып жүргөн жакшы болот» деди. Баласы атасынын сөзүн укмаксан болду. Өзүнө киши теңебей, эл тааныбай, тулпар ойнотуп, чаң ызгытып, көөп жүрдү. Бул убакта бир келиндин сулуулугуна кызыгып, өзүнөн бир нече жаш улуураак жубанды алды. Атасы: «Балам, эми ат тердетип алыстан алдың, айткан сөзүмдү укпадың, алдыңкы турмушуңдун кандай болооруна көзүм жетпейт. «Атанын тилин албаган бала дүйнөдө карыпчылыкты көп көрөт» деп, илгерки карыялар айтчу экен. Артың кайрылуу болсо болду» деп атасы тим болду. Бир күнү Сулайман бай ооруп калат. Өзүнүн өлөрүн билип, келинин кашына чакыртып алып, балама эч жамандык кылбас деген ой менен келинине: «Сага айта турган аманат сөзүм көп, балам болсо жаш калды. Мен өлсөм жакшы менен да жаман менен да жүрөр. Ошону менен кагылып, өз оокатын өзү кылууга жарар, жер астында жети казынам бар. Балам аркы-беркини көрүп кагылганда алып оокат кыларсыңар» деп, казынасынын ачкычтарын келинине берди. Атасы өлгөндөн кийин, баласы жаман менен дагы, жакшы менен дагы жүрдү. «Ай-кой» деген киши болбоду, арак ичти, кумар ойноду, эки жылдын ичинде атасынан калган малын, дүнүйөсүн түгөтүп бүттү. Аялы казына жөнүндө күйөөсүнө билгизген жок. Колундагы акчасы, малы түгөнгөндөн кийин, күндө бир шылтоо таап уруша берди. Башка күйөөгө чыгып, казынаны бүт бойдон өзүнө калтыргысы келип, бир күнү күйөөсүнө айтты: «Малды болсо түгөттүң, эми эптеп жан сактоо үчүн короо-жайды саткын» деди. Күйөөсү короону сатууга макул болду. Аялы дагы амалын таап: «Башка кишиге сатсак, арзан алышат. Сен барып Байбатча деген кишини конокко чакырып келгин. Ошого айтсак, короону кымбатка сатып алат, бай киши эмеспи» деди. Күйөөсү Байбатчаны чакырып келип коноктой баштады. Аялы күйөөсүн мас кылууга аракеттенип, аракты куюп суна берди. Күйөөсү мындан шек алып, мас болумуш болуп жатып калды. Аялы Байбатчага: «Биздин короону күйөөмө саттырганы жатам. Анын баасынан качпай сатып алыңыз, ичинде жети казына бар. Күйөөм билбейт, ачкычтары менде» деди. Байбатча: «Казынаны ачып көрсөткүн» деди. Аялы колуна чырак алып, Байбатчаны ээрчитип, казынанын оозун ачып көрсөтө баштады. Күйөөсү артынан аңдып барып, казынаны көрүп, ошондо атасынын айткан сөзүн эстеген экен. «Ушул үчүн атам мени акыл-эсине карап ал деген экен го? » Эгер акылдуу аял болсо, менин кедей болгон убагымда жамандык кылбайт эле» деп, кайра келип, ордуна жатып калды. Аял менен Байбатча үйгө кирип кеңеше башташты. Байбатча аялга мындай деди: «Сен короону күйөөңө саттырткын, мен сатып алайын, анан күйөөңөн чыгып мага тийгин». Аял буга макул болду. Сөздү бүтүрүп, Байбатча үйүнө кайтты. Эртеси аялы: «Короону саталы, Байбатча алмак болду, эми баасын коёлу» деди. Күйөөсү сыр билгизбей короону сатмак болду. Мунун кабарын билген карыя адамдар баасын ашырып алмак болуп жатты. Эң аягында Байбатча он миңге чыгарып, акчасын санап берди. «Кире турган короо жай таап алып, короону бошотуп берейин» деп, бала бир ай мөөнөт сурады. Байбатча көңүлү жай болуп, балага бир ай мөөнөт берди. Эки-үч күн өткөндөн кийин аялы уруш чыгарды: «Короодон дагы айрылдык, малдан дагы айрылдык. Эмки көргөн оокат кандай болот? Мен тура албайм, кетемин» деди. Күйөөсү: «Кетсең кете кой, жолуң болсун» деп, коё берди. Бала атасынын акыреттик досуна барып: «Атамдан калган казынаны ташып алайын» деп, эки жүз төө сурады. Аяш атасы эки жүз төө берди, бул казынадагы алтын, күмүштүн баарын ташып алды. Казынанын ичин суу менен чириген саманга толтуруп, Байбатчага: «Короо-жайыңыз бошоду», деп айтты да, өзү аяш атасыныкына көчүп кетти. Аял бир айдан кийин Байбатчага тийип, үйүнө көчүп келишти. Байбатча короодогу казынага таянып, колундагы болгон малы менен акчасынын түгөнүшүнө шашылды. Көңүлү жай болуп жатып да туруп да, арак-бозону иче берди. Кумар ойноп чөнтөгүндөгү акчасын түгөттү. Байбатча «менин байлыгым түгөнбөс байлык» деп, кумарга уттуруп, чачынан көп карыздар болду. Байбатча бир күнү алтын алып, карыздарына бермек болуп, казынага кирди. Казынанын ичинде чирик саман, суу көңдөн башка эчтеке жок экенин көрүп, күйбөгөн жери күл болду: «Элге-журтка шерменде кылдың, мени алдап, малымдан ажыраттың» деп, аялды чачтан алып тепкиледи. Байбатча баланын үстүнөн арыз кылып канга барды. Кан үчөөн чакырып сурап олтуруп: «Соода кылганда короону соодалашкансыңар, эми короосунун ичинде казынасы жок дейсиңер» деп, Байбатча менен аялды сөгүп кетирди. Байбатча аялынын чачын кыркып, байталга сүйрөтүп, төркүнүнө жеткирди. Балага аяш атасы өзүнүн жалгыз кызын алып берип, үйүнө кийирип, экөөн бала кылып алды. Бир жылдан кийин бала кайын атасынан шаарга барып, соода кылып келүүнү сураган соң, барууга уруксат берип, кербен башчыларынан он чактысын чакырып, «биринчи кудайга аманат» деп тапшырып жиберди. Бала жүз төөнүн булун1 алып, кербен башчылары менен бирге шаарга жүрүп кетти. Булар нечен күн, нечен түн суусуз, чөпсүз жүрүштү. Бир убакта кербендер: «Мындан жарым күндүк жерден бир ак өргөө көрүнөт, андан бир кемпир чыгып, бизди конгула дейт, биз конбойлу» дешти. Баягы үйдүн тушуна келгенде кербендер айткандай кемпир алдынан чыгып: «Бүгүн конуп унааларыңарды тыныктырып кетиңиздер» деп шапылдады. Кербен башчылар тил албастан кете беришти. Бала алардын сөзүнө карабастан конуп калды. Кемпирдин буту-бутуна тийбестен жүгүрүп, төөлөрүн чөгөрүп, унаалардын жүгүн түшүрүп, коюн союп, чайын кайнатып, кызматын кылып, сыйлай баштады. Намаз шам болгондо, кемпир бир шам менен мышыгын колуна кармап келип: «Менин ушул мышыгым таң атканча шамды кармап отурат» деди. Бала ал сөзгө ишенген жок. Кемпир «эгерде ушул мышыгым таң атканча шамды кармап чыкса, жүз төө булуңузду бересизби? Кармап чыга албаса мен жүз төөнүн булу менен берейин» дегенде, бала сүйүнүп, кемпир менен мелдешти. Кемпир мышыкка шамды карматып коюп отурду. Таң атканча мышык талбастан шамды кармап чыкты. Эртеси убадасы менен кемпир жүз төөнү булу менен алып калды. Бала жалгыз аты менен кербен башчылардын артынан жүрүп олтуруп, шаарга жетти. Кербендер соодасын бүтүрүшүп, үйгө кайра кетмекчи болду. Бала кетпеске ойлоду: «Жүз төөнүн булун уттуруп жиберип, кантип атамдын жүзүн көрөмүн, андан көрө барбаймын» деп, калып калды. Кербендер өз элин көздөй жол тартышты. Кербендер элине жеткенде баланын атасына баштан-аяк көргөндөрүнүн баарын айтышты. Атасы малга кайгырбастан, баланын өзүнүн келбегендигине көп капаланды. Бала баягы шаарда жүрүп, кийерге кийими жок, ичерге тамагы жок болгондуктан, ашпозчуга малай болду. Күндөр өтүп, ай жылга айланды. Бир күнү баланын колуктусу атасынан: «Мен шаарга барып соода кылып келейин» деп, жүз төөнүн булун сурады. Атасы жалгыз кызына айласыздан «барсаң баргын» деп жооп берди. Колуктусунун багып жүргөн бир чычканы болуптур. Ошол чычкан менен жүз төөнүн булун алып, эркекче кийинип, белине кылычты байланып, күлкүсү шаңк этип, маңдайы жарк этип, кербендер менен жүрүп кетти. Бир нече күндүк жолго баргандан кийин баягы кемпирдин үйүнө кез болду. Ошондо кербендер конбостон жүрүп кетишти. Баланын колуктусу жигиттери менен конуп калды. Кемпир кубанып, мурункудан бетер барбалактап кызматын кылып жүрдү. Тамак-аш ичип болгон соң кемпир баягы мышык менен шамын алып келди. Келин: «Мунуңуз эмне энеке?» деп сурай калды. «Бул мышыгым, мына бул шамды таң атканча кармап олтурат деди. Келин: «Капыр кемпир, мышык кантип таң атканча шамды кармап олтурсун» деди. Анда кемпир: «Ушул мышыгым шамды таң атканча кармап чыкса, эмне бересиң» деди. Келин: «Кармап чыкса жүз төөмдү пулу менен берейин, кармап чыга албаса, сиз жүз төөнү булу менен бересизби?» деди. Кемпир бул сөзгө кубанып «ичимдеги оюмду тапты» деп мелдешип, шамды мышыкка карматып койду. Жарым түн болгондо, кемпирге көрсөтпөстөн чычканды коё берди. Мышык чычканды көргөндө, көзү кызарып, шамды таштап чычканды көздөй чуркады, чычкан үйдөн чыга качты. Мышык эшиктин түбүнөн чычканды аңдып отурду. Келин кемпирге карап: «Мышыгың кайда, шамың кайда? Алдынан чычкан качса артынан кууп барып, эшиктин түбүнөн аңдып карап отурат» деди. Кемпир пулу менен жүз төөсүн уттуруп жиберди. Келин шаарга келип, булун сатты, эки жүз төөнүн булу, төрт жүз төөнүн булу болду. Ошондо атка минип, күйөөсүн издеп, көчөнү кыдырып келе жатса, күйөөсү бир ашпоздун эшигинде от жагып олтурган экен. Келин күйөөсүн карап туруп, көзүнөн тааныды. Күйөөсүн чакырып, беш сомдук алтын берип «Менин жаткан жерим тетиги чоң алтын сарай, ошого кечинде мантуу алып баргын» деп кете берди. Күйөөсү аялын кайдан таанысын, кеч киргенде убадасы менен мантуу алып келип үйгө кирбестен эшикти ачып туруп, колун сунуп мантууну берди. Колуктусу: «Үйгө кирсин» деп, буйрук кылган соң, айласыздан үйгө кирип, жыртык чапанынын этеги менен тизесин жаап, бүрүшүп олтурду. Колуктусу аны өзүнүн жанына олтургузуп, тамакты бирге жеп: «Эртең дагы алып келгин» деди. Күйөөсү эртеси кечинде дагы алып келди. Колуктусу бала менен бирге тамакты жеп олтуруп: «Сен кайдан келген баласың? Бул жердин адамы эмессиң го?» деп сураганда бала башынан өткөргөндөрүнүн бардыгын сүйлөп өттү. — Аялың барбы? — Балам, аялым бар эле. — Аялыңды жакшы көрүүчү белең? — Жакшы эле көрүүчү элем, бирок, айла канча. — Колуктуңду жакшы көрсөң эмне үчүн барбайсың? — Кантип барамын? деп бала мукактанды. Колуктусу балага карап: — Сага сооп кылып, жүз төөнүн булун берейин, барасыңбы? деди. — Барар элем, анан барганда кандай кылып төлөп беремин, мурункудан бешбетер ошондо шерменде болбоймунбу? — деди. Колуктусу: «Элиңе баргын, булумду албаймын, кудай үчүн берейин» деди. «Андай болсо макул» деп, бала кожоюнунан бошотууну сурады. Кожоюну: «Мойнуңа түшкөн булуңду төлөмөйүнчө жибербейм» деди. Колуктусу күйөөсүнүн кожоюнуна барып, чыгымдарынын баарын төлөп, чыгарып алды. Андан кийин балага өзүн таанытты. Күйөөсүн мончого түшүрүп, атты мингизип, тонду кийгизип, экөө төрт жүз төөнүн булу менен үйүн көздөй жол тартты. Жолдо малды жалдаган жигиттерге айдатып, өздөрү алдыга түшүп, кабагы ачык, карды ток, байлыгы көп болуп, өз үйүнө олжосу менен келип түшүштү. Кыз атасына: «Балаңыз соода кылып, эки жүз төөнүн булу менен келмекчи болуп жаткан кезде, үстүнөн чыктым» деди. Атасы балдарынын келгенине сүйүнүп, кубанычы көлдөй балкып, майдай калкып, жатып калды. Бир убакта кайыр тилеп жүргөн бир дубана аял келди. Караса баланын мурунку аялы экен. Бала: «Менден кайтпаса, кудайдан кайтсын» деп, аялга бир сыйра кийим жана бир айлык оокатын берип, жолуна кайтарды. Өзүнүн кийинки аялы менен кабагы ачык, тийген күндөй, ачылган кызыл гүлдөй болуп өмүр сүрүп жатып калышыптыр.
АТА СӨЗҮ
Илгери бир Ашымкан аттуу байдын жалгыз уулу болгон экен. Ашымкан анчалык атагы чыккан чоң бай болбогону менен жүздөн ашкан майда жандыгы бар, элүүдөй жылкысы бар адам экен. Бай өлөр алдында баласына мындай осуят калтырыптыр: «Балам, мен өлгөндө менден калган дүнүйө сага опаз болбойт. Сага калтырарым жети осуят: биринчи — кандын вазири менен дос болбо, экинчи — жаңы байып келаткан адамга карыз болбо. Үчүнчү — долу аялга сыр айтпа, төртүнчү — туз арамы кылба, бешинчи — эртеңки ашка күйсөң күй, кечки ашка күйбө, алтынчы — тобокелге бел байла, жетинчиси — калыстыгыңдан жанба!» деп, дүйнөдөн кайтат. Бала атасынын өлгөнүнө санааркап өңдөн азат. Күндөрдүн биринде «атамдын жети осуятын» сынайынчы» деп, кандын вазирине миң дилде берип дос болот: «Атам өлүп жалгыз калдым, өйдө бассам өбөк, ылдый түшсөм жөлөк бол. Атамдын калтырып кеткен мал-мүлкү, дүнүйөсү сага да, мага да жетет» дейт. Бала дагы бир күнү отуруп «атамдын экинчи осуятын сынайынчы» деп, жаңы байып келаткан байдан «үч күнгө» деп миң дилде карыз алат. Бир күнү жай отуруп аялына сыр айтат: «Менин баланча байдын уулу — байбачадан1 өчүм бар. Барып ошонун башын кесип келем, сен жүктүн астына ор каздырып кой» деп үйдөн чыгып кетип, караңгылатып кызыл ала бир нерсени алып келип орго көөмп таштайт. Эртеси вазирдин келе жатканын көрүп, «атамдын осуятынын биринчисин сынап көрөйүн» деп, аялын ура баштайт. Вазир арага түштү эле, арачы бербей койду. Аялы: «Кечээ эле байбачаны өлтүрүп келген кан ичкич» дейт. Бала муну угуп «аттигиниң атамдын айтканы чын экен» деп, кетенчиктеп барып отуруп калган экен. Вазир досу «айуй» дегенге көнбөстөн, баланы канга айдап жөнөмөк болду. Үйдөн чыга элек жатса, баягы миң дилде берген бай келип, «дилдемди бергин» деп жакадан алып, мен да канга барчумун» деп ээрчип алды. Ошентип төртөө канга барышат. Кан вазирдин сөзүн угуп отуруп баладан: «Байбачаны өлтүргөнүң чынбы?» деп сурады. Бала болгон окуяны башынан аягына чейин айтып келип: «Ошол байбачаны чакыртсаңыз эле, сөздүн калп, чынына көзүңүз жетет» деди. Кан баягы өлдү деген байбачаны чакыртты эле, сопсоо, салам айтып кирип келди. Ал эми аялы айткан чуңкурду каздырса, эчкинин башы чыкты. Кан байдын карыз дилдесин кечип, вазир менен аялды кууп жиберди да баягы баланы өзүнө баш вазир кылып дайындады. Арадан ай өтпөй, кандын аялы өлүп, бир жаш кызга үйлөндү. Аялдын балага көзү түшүп калып, аркы-беркиден сөз салды эле ал: «Атам туз арамы кылба дебеди беле» деп, анын алдоосуна көнбөй койду. Анда аял баладан өч алмак 1 Байбача — фарсы тилинен, бача-бала, демек байдын уулу дегенди түшүндүрөт. болуп: «Таксыр каным, ушул вазириңдин көзүндө оту, сөзүндө мурчу бар мага сөз айтып жүрөт, акыры өзүңө зыян кылбасын» деп чагым салат. Кан аялдын сөзүнө ишенип, аны өлтүрмөк болот да, наабайчысын чакырып: «Эртең менен үрөң-бараңда биздин үйдөн ким барса да дандырга салып ий» деп, буйрук берет. Эртеси кан баланы «наабайчыга барып нан алып кел» дейт. Бала эчтекеден капары жок келе жатса, саардан бир үйдөн түтүн булап, бир кемпир түндүк тартып жол карап туруптур. Кемпир баланы көрүп сүйүнүп: «Балам, бүгүн күнгө жума, жалгыз балам өлдү эле, ошого куран окуп, даам сыза кет» деди. Бала отурайын десе, нандан кечигип кала турган. Кандын каарынан коркот, отурбайын десе, кемпирдин көңүлүн кыйбайт. Ошондо атасынын: «Эртеңки ашка күйсөң күй, кечки ашка күйбө» деген сөзүн эстеп, макул болуп, кемпирди ээрчий үйгө кирет. Кандын аялы бала нанга кеткенден кийин «өлөр алдында бир көрүп, табалап калайын» деп артынан кошо чыгат. Наабайчы «Кан айткан киши ушул экен» деп дандырга салып, өрттөп жиберет. Бала антип-минтип тамак ичип, куран окуганча күн шашке болуп калат. Андан чыгып шашкан бойдон наабайчыга келип, нанды алып канга келет. Кан анын аман-эсен келгенин көрүп, аябай таң калып, «көз көрүнө өлүмдөн аман калган адам бекер адам эместир» деп, сөздүн чынын айтып, аялын чакыртса аялы жок болуп чыкты. Бала болгон иштин жагдайын канга төкпөй-чачпай айтып берип: «Атам туз арамы кылба» деди эле, «туз арамы кылган жокмун» деди, кан балага аябай ыраазы болуп, өзүнүн кылган ишине уялып калды. Күндөрдүн биринде эл арасына «Мисир шаарына соода кылууга барган киши, алып барган мал-мүлкүн жакшы соодалап келет имиш» деген сөз тарады. Бул кабар канга да жетет. Кан бир чети жер көрмөк, бир чети соода кылмак болуп, жанына баягы вазир баланы, жигиттерин алып, Мисир шаарын көздөй жөнөп калат. Ой менен, чөл менен жүрүп отурушат, бирок суу жок, мал да, жан да суудан аябай тукулжурап, чаалыгып чаңкашат. Акыры жүрүп отуруп, чөлдөгү бир кудукка келишет. Суу алмак болуп кудукка түшкөндөрдүн башы жок, тулку бою эле чыгат. Муну көрүп кандын жигиттери дүрбөлөңгө түшүп калат. Бала тобокелге бел байлап «кудукка мен түшөм» деди. Кан кыйылып жатып макул болду. Ал кудукка түшүп суу сузуп алайын десе, кудуктун түбүндө отурган эки аялдын бири: «Сууну алчудан мурда биздин табышмагыбызды чечип бер» деди. Бала: «Талашыңар эмне?» деп караса, бирөөнүн алдында бака, бирөөнүн алдында жылан жатат. Бирөө жыланды түртүп коюп, ийрилип жатып калса эле жалынып жалбарып калат. Экинчиси бакага үйрүлүп түшөт. Аңгыча аялдын экинчиси: «Жылан менин балам, бака мунун баласы. Экөөнүн кайсынысы жакшы?» деди. Бала ойлонуп туруп: «Атам калыстыгыңдан жанба» дебеди беле», деди да: «Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» деген экен. Ошондо эки аялдын тең жарпы жазылып: «Оп бали, сөзүң сөз эмес бекен, бая эле ушинтип айтышпайбы?» деп кудуктан суу алууга уруксат бериптир. Бала сууну алып, аман-эсен кудуктан чыгып келет. Андан жүрүп отурушуп, Мисир шаарына барышып, бир пулун эки эсе пулдап кайра тартышат. Элге келгенден кийин кан: «Сен кан болууга ылайык калыс экенсиң» деп балага кандыгынан түшүп берген экен.
КАН МЕНЕН ВАЗИР
Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:
Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,-дейт.
Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне чаап бара жатасың?-деп сурайт. Вазир: -Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара жатамын,-дейт. Кандын кызы айтат: -Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз “Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды. Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди. -Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,- дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле албай: -Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат. Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы, эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге: -Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин канга келип: -Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип, жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет: -Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып, “келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат. Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет. Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз “Барсамбы, барбасамбы”-деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи болот. Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат кыл,-деп айтат. Кыз: -Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт. Кан: -Макул болот,-дегенде кыз айтат: -Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиздеди. -Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан. Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат. -Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө келет. Кыз: -Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт. -Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай жатканын көрүп, кыз барып: -Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип: -Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет. “Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууптазалап бага берет. Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп: “Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып: -Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт. Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт. -Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт. Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат: -Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз. Үчөө кобурашып: -Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет. Кыз үчөөнү карап туруп: -Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат: -Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,- деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе жатканда үчөө тең кетишет. Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү жигитке: -Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул болот. Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө: -Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып келгенде кыз күйөөсүнө айтат: -Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын. Кан: “Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде, ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде: “Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат” деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин, ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт. Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп, аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип, колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылат. Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң калып, кээси бата берет.
Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер таң калып жүрүшөт. Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат. Кыз бир күнү күйөөсүнө: -“Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп ойлоп, кан: -Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат. -Азыр келет,-деп жигит отура берет. -Качан келет?-деп улам-улам шаштырат. Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат. Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз элине тараган экен.
КАН МЕНЕН ВАЗИР (2-вариант)
Илгери бир кан болуптур. Ал вазири экөө дос экен. Экөөнүн тең 40 жашка чыкканча баласы жок, аялдары төрөбөй нечен аял алып, алар да төрөбөй жүрөт. Ал экөө ар дайым тоого барып мергенчилик кылуучу экен. Бир күнү экөө «кайра ушул жолдон жолугушалы» деп экөө эки жол менен кетип калат. Кан барган жер токойлуу, шаркырап аккан суусу бар, адырлуу аскалуу тоонун этеги экен. Кан минип барган атына чидер салып коюп, аскалардан кийик караса эч нерсе көрүнбөйт. Күн кеч кирет. «Бүгүн эч жолум болгон жок» деп, үйүн көздөй кайтайын деп келе жатса, чоң асканын түбүндө бир эчки турат. Атайын деп мылтыгын таптаса, жанында жаш улагы бар экен. Анда кан: «Кой, мен балага жетпей жүрсөм, мунун баласын жетим таштап атканым болбойт» деп атпай атына келип минип эки жолдун айрылышына келсе, жолдошу жок. Буга эмне болду деп күтүп турса, бир топтон кийин ал да куру келет. Кан жолдошунан «жол кандай?» деп сураса, ал дагы баягы кандын айтканын айтат. Анда кан: «Экөөбүздүн тең оюбуз, тилегибиз бир экен, мага да ошондой улактуу эчки жолукту, жүрү эми кетели», үйлөрүн’ көздөй кайтып келе жатса, ыраактан көп караан көрүнөт. «Бул эмне караан, эмне шаарга жоо тийгенби?» деп чочуп, экөө ылдамдап бастырышат. Жакындап калган кезде аларга кыйкырып, сүйүнчү дешип чабышат. Кан менен вазир эмнеге «Сүйүнчү!» деп жатканын түшүнүшпөйт. Кан бир убакта: «Болсун, айткылачы» дейт. Сүйүнчүлөгөн адамдар: «Экөөңөрдүн тең аялыңардын үч айлык боюнда бар экен. Бир олуя кемпир көрүп айтты» дешет. Анда: «Андай болсо сүйүнчүңөргө ар бириң бирден ат, бирден чапан алгыла» деп кетирет. Кан менен вазир жолдо келе жатып: «Эгер экөөбүздүн аялыбыз тең эркек төрөсө, дос болсун, кыз болсо да дос болсун, бири эркек, бири кыз болсо, куда бололу» деп катуу убада кылышат. Айдан ай өтүп, тогуз ай, тогуз күндө экөөнүн тең аялы эркек төрөп чоң той берип, экөөнү дос кылып, бирдей кийим кийгизип багып жүрүшөт. Балдар сегиз жашка чыккандан кийин ар бирине кырк жигит берип ойнотуп, экөө тең ит агытып, куш салып жүрөт. Ошол учурда кандын вазири өлөт. Вазирдин баласынын аты — Саагат, кандын баласынын аты — Самат. Бир мезгилдерде обозгердин кырк жигити ойлойт: «Эмне үчүн биздей эле обозгердин баласына жигит болгудай кандай жөнүбүз бар, муну өлтүрүш керек». Бирок, аны кан билип калып, кырк жигитти таратып жиберет. Саагатты музоо кайтартып коёт. Самат болсо ит агытып, куш салып ойноп жүрө берет. Бир күнү көлдүн жээгине сейилдикке барып, кандын баласы кырк жигити менен ойноп отурса, көлдүн аягына кайык менен бир келин келип, колун жогору көтөрүп, кайра ылдый түшүрүп, чачын алдына салып, колун ылдый шилтеп, кайра кайык менен кетип калат. Кандын баласы баягы келиндин сулуулугунан эси ооп жатып калат. Эмне деп жандаганын эч ким түшүнбөйт. Ошол жерден Самат өкүргөн бойдон үйүнө келет. «Сага эмне болду?» деп, атасы сураса, «бир келинге ашык болдум» дейт. «Кайдагы келин экен?» деп сураса, «көлдүн аягынан келип, кайра кетти» дейт. Келиндин көрсөткөн белгилерин айтат. Кан эртеси элди бүтүн чакыртып алып: «Көлдүн аягынан бир келин келип ушундай дептир. Ошол келинди ким билет?» деп жар салат. Бирок, эч ким билбейт. Кандын баласы болсо «мага ошо келинди алып бербесеңер болбойт» деп өксөп ыйлап жата берип өңүнөн азат. Мына ошол кездерде бир күнү кечинде кан дөбөдө отурса, Саагат музоо айдап келе жатат. Анда кан ичинен: «Атаа, бекер кылган окшойм, бул бала канча кылса да бала экен. Кырк жигиттен ажырап музоо кайтарып калдым деп капарына албайт» деген ойго келет да, Саагатты чакырып «Эмне кылып жүрөсүң?» деп сурайт. Саагат күлүп: «Музоо кайтарып жүрөм» дейт. Анда кан: «Досуң беш-алты күндөн бери капа болуп ыйлап жатат. Бир келин табышмак айтыптыр, табалбай жатат. Досуңдун капасын ачпайсыңбы?» дейт. Анда Саагат: «Курусун, анын капасын мен табам» дейт. Кан сүйүнүп: «Каалаган дүнүйөңдү берем» дейт. Саагат: «Дүнүйөнүн кереги жок. Бизге эки жакшы ат, жүз дилде болсо болду» дейт. Кан Саагаттын баркын көтөрүү үчүн: «Келиндин табышмагынын жандырмагын Саагат тапты» деп, элин бүтүн чогултуп алып, «бу баланын сөзүн угуп тургула» деп жар салат. Ошондо Саагат жандырмагын айта баштайт. «Келиндин колду жогору көтөргөнү — ал бир кандын келини экен, кандын ордосунун жанында узун терек бар экен, колун ылдый түшүргөнү — күйөөсү жаман неме экен, колун булгаганы — ары чети беш күн, бери чети төрт күндө жетсең алдың, жетпесең калдың дегени. Колун ылдый шилтегени — үйүбүз көлдүн аягында дегени» деп, Саагат айтып, бүтөт. Элдин баары таң калып: «Өзү жаш болсо, муну кантип билди? деп калышат. Саагат менен Самат экөө эки жакшы ат минип алып, күн-түн дебей жол жүрүп отуруп, аты ыргайдай, өздөрү торгойдой болуп, баягы келиндин бакчасынын жанындагы бир дубалга атын байлап коюп, бакчага кирип жатышат. Бир убакта бир кемпир келип: «Силер ким? Кеткиле!» деп кыйкыра баштаганда, Саагат апа «андай-мындай» деп он дилде берип, баягынын кыйкырганын басат. Сураса алиги кемпир кандын келининин кызматчысы экен. Ал бакчадагы жер жемиш бышып калганда ооз тийгизиш үчүн келинге барып бергени жатыптыр. Саагат биз да теришип жиберели» деп теришет. Ошондо Саагат кемпирге «эмне эрте келдиң» деп келин сураса, «өзүң көргөндөр теришип берди де, башка эч сөз айтпа» дейт. Кемпир баягыларын көтөрүп алып барды эле, келин: «Эмне эрте келдиң?» деп сурады. Кемпир: «Өзүң көргөндөр теришип берди» дейт. Анда келин: «Өзүм көргөндөр деген эмне?» деп кемпирди кууп чыгат. Кемпир кайра келип кыйкырып: «Кеткиле, өзүм көргөндөр жок деди, кеткиле!» дейт. Саагат кемпирге он дилде берип дагы жемиш теришип тез жөнөтүп жиберет. Кемпирге: «Дагы эле баягы өзүң көргөндөр теришип берди деп айт, сураса» деди. «Макул» деп, кемпир дагы үйүнө келет. «Эмне ылдам келдиң?» деп, келин сурап калды. Анда кемпир: «Дагы эле өзүң көргөндөр теришип берди» деди. Келин кемпирди дагы тилдеп уруп кууп чыгат. Кемпир кайра келип, дагы: «Кеткиле!» деп аябай урушат. Саагат кемпирге дагы жыйырма дилде берип гүлдөн бир кучак теришип берип жиберди. Кемпир үчүнчү жолу келгенде, келин короодо калбырга көмүр калбырлап жаткан болот. Кемпирге унчуккан жок. Кемпир кайра эки балага келди эле, Саагат: «Эмне деди?» дейт, кемпир: «Унчуккан жок» деди. Саагат Саматка мындай дейт: «Ал көмүр баягы жалгыз терек өрттөнүп кетсе керек, ошол теректин көмүрүн калбырлап жаткан турбайбы? Анын анткени — ал түндө сени ошол жерге барсын деп жатканы» кеч киргенде: «Уктабай жатып, жакшы сүйлөшүп кел» деп, Саматты келинге жиберет. Ал түнү Самат уктап калып, келин келип ары бери басып жүрүп, чөнтөгүнө бир чүкө салып коюп, кайра кете берди. Самат кайта келгенде «Эмне болду? деп, Саагат сураса, «келген жок» дейт. «Самат, уктап калба?» «Жок, уктаган жокмун, келген жок» деп карганат. Бирок, анын уктап калганын Саатат билет. Чөнтөгүнө карап, чүкөнү көрүп: «Сени чүкө ойногон жаш бала» дептир дейт. Экинчи түнү «жат» деп, Саматты дагы жиберет. Экинчи түнү жатып дагы күтүп отуруп, Самат уктап калат. Келин келип, ары-бери басып ойгонбогондон кийин чөнтөгүнө алма салып коюп, дагы кайра кете берди. Самат кайра дагы келет. «Эмне болду?» «Келген жок». «Уктап калба?» «Жок уктаган жокмун» дейт Самат. Бирок, уктаганын Саагат билет. Уктабасаң чөнтөгүңдү карачы» дейт. Чөнтөгүн караса, алма жүрөт. Алма жеген жаш бала дептир дейт. Саагат, Самат уялып калат. Анда Саагат мындай дейт. «Биринчи күнү кечээ чүкө ойноп жүргөн бала экен деп, чүкө салып кетти. Андан кийин алма терип жеп жүргөн бала экен деп алма салып кетти. Эми уят, бүгүн уктабай жат» деп Саматты дагы жибермей болуп дагы акыл үйрөтөт. «Келин келгенден кийин эмне үчүн эки күндөн бери уктап калдың десе, мындай де: «Сен деп беш-алты күн жол жүрүп, атым ыргайдай, өзүм торгойдой болуп чарчап келсем, ойготууга жарабайсың де». Бир убакта келин “келип ары-бери басат. Бирок, Самат сүрдөп, эмне айтарын билбей, бир топко чейин уктамыш болуп жата берет. Келин кете береринде араң баягы Саагат үйрөткөн сөздөрдөн айтып, акыры келинди кармады. Экөө ошол жерде көпкө сүйлөшүп олтуруп уктап калып, кароолчуларга карматып коёт. Кароолчулар: «Кандын келининин койнунан эр кармадык» деп, зынданга салуу үчүн айдап бара жатканда келин Саматтан: «Куткаруучу кишиң барбы?» деди. Самат: «Мендей эле жаш бала, башка жолдошум жок» дейт. Анда келин: Саматты минтип кыйкыр дейт: «Жылкычы эле, жылкычы, жылкың эгинге кирип кетти, куткарсаң куткарып ал, куткарбасаң кой деп, жинди немече кыйкыр» дейт. Самат келиндин айткан сөзүн кайталап кыйкыра кетти. Саагат аны угуп, колго түшкөн экен дейт да, куткаруу үчүн акыл ойлой баштады. Кароолчулар Самат менен келинди орго салып коёт. Саагат базарга барып, аялдын кийимин сатып алып кийинип, төрт нан көтөрүп кайтаргандарга келет да, аларга мындай дейт: «Мен алты ай ооруп айыктым эле. Ошондо өлүмгө бара турган адамдарга даам ооз тийгизейин деп чоң убада кылдым эле. Мүмкүн болсо өз колум менен кирип берүүнү уруксат этиңиздер». Алар уруксат этет. Саагат кирип келинди чыгарып жиберип, өзү ордо калат. Ким чыкканын алар билбейт. Түштө даргага асуу үчүн экөөнү алып барат. Кандын келини болсо үйүндө жүргөн. Ал жерден Саагат туруп: «Бул экөөбүз бир тууган элек. Бул менин карындашым эле. Шаарыбызды жоо чаап качып келе жатып, талаага уктап калыптырбыз. Ал жерден бизди ууру деп камап салды. Бизде эч күнөө жок. Ишенбесеңер карагылачы» деп, паранжысын ачса эле башка. Ал жерден кан ак жерден УУРУ Деп кармап жана кандын келинин жаманатты кылгандары үчүн алтымыш кишини даргага асмак болот, бирок Саагат астырбай коёт. Мына ошентип Самат болсо кыз болуп, Саагат жигит болуп, ак жеринен аларды кармагандыгы үчүн кароолчулар уятка калышты, кан болсо: «Карындашың үйдө келин менен жүрө берсин, сен болсоң жигиттер менен бирге жүрө бер» дейт. Бир күнү кан көп жигиттер менен талаага аңчылыкка бармай болуп, Саагатты да «кошо жүргүн» дейт. Саагат: «Макул, карындашыма бир ооз сөзүм бар эле, сүйлөшөйүн» деп барып, Саматка мындай дейт: «Сен бүгүн түштө өз кийимиңди кийип алып, боз кайкыдан биздин астыбыздан жолуккун». Аны айтып коюп, Саагат бир кендир алып чыгып кетет. Баягы эл менен кандын баласы да кошо барган. Таалада ит агытып куш салып ойноп жүрүшөт. Бир убакта кандын баласы жалгыз бөлүнүп бир чолок коёнду кубалап кетет. Жолдо боз кайкыдан бир сонун кийинген, сонун ат минген жигит менен Саагат көрүшүп ыйлап жатып калат. Кан: «Бул ким?» деп сурайт. Саагат: «Бул менин карындашымдын күйөөсү, бизди издеп келиптир. Эми мен барып учураштырайын» деп карындашын чакырып келүүгө чыгып кетет. Карындашына барып, кайра сабыры суз кирип келип, кандын жанына отуруп калат. «Эмне болду?» дейт кан: «Эмнеңиз курусун, менин карындашым менен сиздин балаңыз жок» дейт. Кан: «Акылсыз неме ала качып кеткен го» деп ичинен ойлоп, балага жыгылып: «Балам, кызымды да, келинимди да алгыла» деп, аларга кошуп, дагы кырк төөгө дүнүйөсүн жүктөп жөнөткөн экен. Саагат менен Самат үйлөрүнө келишип, чоң той өткөрүп жатып калышкан экен.
АКЫЛМАН ВАЗИР
Илгери, илгери бир кан болгон экен. Ал кандын атагы элге жайылып, айткан сөзү эм болуп туруптур. Ал кан өзүн акылман деп ойлочу экен. Бирок «аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — кан жакшы» дегендей кандын жакшылыгы вазиринин акылмандуулугунан болгон. Кан аны түшүнгөн эмес. Бир күнү кан менен вазир ууга чыгат. Уудан кеч кайтып, айлына жете албай калат. Ошондо кан менен вазир алдынан жолуккан үйгө түнөп кетүүнү ойлошот. Алар келатса бир жыбытта бир ак үй, бир кара үй тигилип турган экен. Эки үйдөн эки ит үрүп чыгат. Вазир айбандын да, чөп-чардын да тилин билген неме экен. Ак үйдүн ити: «Кан менен вазир бүгүн биздикине конот. Менин ээм бир кой соёт, мен кан-жинине тоём, таң атканча ыксырап уктайм» деп мактанып, үрөт. Кара үйдүн ити үрөт дейт: «Кан менен вазир биздикине конот. Менин ээм жалгыз ак токтуну соёт, мен кан жинине тоём. Кан менен вазирдин атын таң атканча кайтарып чыгам. Сен уктап калып, кан менен вазирдин атын ууруга алдырасың». Кан менен вазир кара үй менен ак үйгө жакындап келгенде кан ак үй жакка бастырат. Вазир чылбырдан алып, кара үйгө түшүрөт. Кандын ачуусу келет. Үйгө барганда сүйлөшөрмүн деп ойлойт. Кан менен вазир кара үйгө түшкөндөн кийин кембагал дыйкан чайын берип, жетине албай, жалгыз коюунун козусун алып келет. Ошондо сырттан кой маарайт: «Атаңдын көрү ай, он бирди туудум, бири дагы тукум болгон жок. Ушунумду калтырса болот эле. Миң төлдүн башы ак токту деген болот эле, андан көрө мени сойсочу». Аны вазир түшүнөт да мыйыгынан жылмайып, бата тилегени турган дыйканга кайрылып, «кой, алдагы козуңду сойбо. Бизге сыртта маараган коюңду сой» дейт. Үйдүн ээси макул болуп, козуну коё берип, энесин соёт. Мында да кандын ачуусу келип: «Мунун эмне кылганы?» деп ойлойт. Үйгө барганда сүйлөшөйүн, мунуку өттү. Козу сойдурбай, кой сойдурат дегени эмнеси?» деп ичинен кек түйүп калат. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп, эт желгенден кийин, жомок айтуу башталат. Үйдүн ээси бир канча кызык жомокторду айтат. Вазир күлкүлүү жомокторду айтып берет. Кандын эрксизден капасы жазылып, өзүнүн билген үч жомогун айтып берүүнү ойлойт. Бирок, «ушул жаман кара үйгө жомогумду кайдан айтып берейин» деп айтпай коёт. Анда кандын үч жомогу кеңешет. Биринчи жомогу айтат: «Мени бул ызалады. Мени ушул үйдө эле айтса болмок. Мен эртең менен буга көрсөтөм. Кара курт болуп өтүгүнүн башына кирем да муну чагып өлтүрөм. Анда экинчи жомогу айтат: «Эгер сенден аман калса, жолдон кан чаңкаган кезде уу булак болуп алдынан чыгам. Бир ууртаганда кан өлөт». Анда үчүнчү жомок айтат: «Эгер силерден аман калса, мен уктап жатканда жабыктан ажыдаар болуп түшөм. Андан аман калбайт. Жомоктордун сүйлөшкөнүн вазир билет. Эртең менен кан өтүгүн кийгени жатканда, вазир өтүгүнүн башын чарт кесип алат да өзүнүн өтүгүн бере салат. Кандын ого бетер жини келип: «Сени үйгө барганда даргага тарттырбасам» деп ойлойт. Эртең менен чай ичип аттанышат. Жолдон кетип бара жатышып, сүйлөшүшпөйт. Кандын кабагы карыш түйүлүп, эптеп үйгө жетип ачуусун чыгаргысы келет. Күн ысып, кан менен вазир чаңкайт. Кетип баратса эле, алдынан бир булак агып жатат. Кан аттан түшкөнчө болбой вазир булактын көзүн ат менен тепсетип, атын зааралатып жиберет. Кандын дагы ачуусу келет. Ошол ачууланган боюнча үйүнө жетет. Күн батып кетет. Эртеси вазирди даргага асмакчы болуп кан жатып калат. Кан аялы менен жаткан өргөөдө вазир таң атканча күзөт кылууну ойлойт. Кылычын кармап, көзүн ирмебей эшиктин алдында турат. Даяр турган вазир ажыдаардын башын ыргыта чабат. Ошондо ажыдаардын бир тамчы каны төшөктөн ачылып жаткан кандын аялынын төшүнө таамп калат. «Ажыдаардын каны уу болчу эле» деп ошол жерден вазир аялдын көкүрөгүндөгү канды соруп салат. Ошол кезде кан ойгонуп кетип: «Вазирдин шиши толгон экен. Тиякта кылганы тигил, эми койнумдагы аялга кол салганы турбайбы?» Кармагыла жигиттер, муну!» деп кыйкырат. Кандын жигиттери вазирди таңып таштайт. Эртеси элдин көзүнчө кан аны даргага асмакчы болот. Эл чогулуп келгенде, вазирди жакшы көргөн карыялар: «Алдаяр каным, вазирдин кылмышы эмне?» дейт. Анда кан: «Мунун кылбаганы жок. Өтүгүмдүн башын кести, ичээр суумду булгады. Аягында аялымдын койнуна кол салды. Мындан да ашык кылмыш болобу?» деди. Анда карыялар: «Кандын айтканы туурабы?» деп, вазирден сурашат. Вазир: «Кандын айтканынын баары туура. Бирок болгонун болгондой угуп алгыла» деп, болгон тарыхын айтат. Экөөнүн ууга чыкканын, адашканын, ак үй менен кара үйгө жолукканын, козу сойдурбай кой сойдурган себебин, кандын үч жомогунун максатын айтып, өтүктүн башындагы кара куртту, жолдогу уу сууну, үйдөгү ажыдаардын баардыгын көрсөтөт. Кандын аялынын көкүрөгүнө ажыдаардын каны таамп калганын айтат. Вазирдин сөзүнүн чындыгына кандын көзү жетип, катуу уят болуп, «кандык мага ылайык эмес экен» деп ойлойт да, кандыгын вазирине берет. Ошентип, вазир акылмандуулугу менен кандык даражага жетиптир.
АКЫЛМАН СЫНЧЫ
Бир адам жолоочу жүрүп келе жатса, жолдон бир киши жете келет да: «Бизден мурун кеткен из төөнүн изи экен, бир жак көзү сокур экен» дейт. Жолоочу ага көңүл бөлө бербейт. Андан ары жүрө бергенде: «Бир жагына таруу, бир жагына буудай жүктөп алыптыр» дейт. Андан ары жүрө бергенде: «Үстүнө мингени кош бойлуу аял экен, артында ээрчиткен куйругу чолок сары ити бар» дейт. Жолоочу: «Сен жинди болсоң керек, буларды кайдан билдиң?» дейт. Анда тиги киши: «Мен жинди эмесмин, шаарга жете баралы, анан менин сөзүмдүн чындыгын өз көзүң менен көрөсүң» дейт. Шаарга жакындаганда «далилдесем болот эле, бирок шашып баратам» деп жөнөп кетет. Жолоочу жүрүп отуруп, бир кандыкына келип конуп калат. Кан чай ичилгенден кийин, «алыстан келе жатыпсыз, көргөн билгенден, өйдө-төмөндөн сөз сала отуруңуз» дейт. Анда жолоочу: «Жолдон бир кишиге жолуктум. Жинди десем, жинди эмес, кебете-кешпири кадимкидей, соо дейин десем, жинди кишинин кебин салат, ошого таң болуп отурмун» дейт. Кан: «А кандай кеп?» дейт. «Айта турган деле кеп эмес, дөөдүрөп жатат да. Жолдо келе жатып, «бизден мурун шаарга кеткен из төөнүн изи экен деп койду. Дагы бир аз жол жүрүп келип: «Төөнүн сол көзү сокур экен, үстүнө мингени кош бойлуу аял экен, ээрчиткен сары ити бар экен, бир жагына таруу, бир жагына буудай жүктөп алыптыр» деди. Мен ишенген жокмун. Шаарга жакындаганда: «Далилдесем болот эле, шашып баратам» деп жөнөп кетти» деди. Кан арыдан бери эки жигитти чаптырып, жолоочунун таптырып келди да: «Кечээ эмне дедиң, аны кайдан билдиң?» деди. Анда тиги киши: «Мунун билүү оңой эле иш, бизден мурун кеткен төө экенин изинен билдим, сокур экендигин чөп жешинен билдим, анткени сол тарабындагы чөптү сыдырып жеп отуруптур, оң жагына тийбептир, аял жерге түшүп заара ушатып, боортоктоп төөгө араң минген экен, андан кош бойлуу экендигин билдим, жумшак кумда сайылган из бар, сары жүн түшүп калыптыр, андан куйругу чолок сары ити бар экендигин билдим, жолдун бир жагына таруу, бир жагына буудай чачылыптыр, андан бир жагына таруу, бир жагына буудай артынган экен деп ойлодум. Таксыр каным, аялды издеп таптырып алып келиңиз, эгер айтканым калп болсо башымды алдыртыңыз» деди. Аңгыча кандын жигиттери сол көзү сокур, төө минген, куйругу чолок сары ит ээрчиткен кош бойлуу аялды алып келип калышты. Кан тиги кишинин тапкычтыгына аябай таң калат. Кан тулпарын сынатмакчы болуп жигиттерине алдыртып келет. Сынчы көрүп туруп: «Уй эти, сөөгү тулпар экен» дейт. Кандын эми чындап ачуусу келип, тулпарды таптаган кишини чакыртып: «Чыныңды айт, сынчынын айтканы туурабы?» дейт. Анда саяпкер киши: «Каным, бул сынчынын айтканы чындык, тулпар туулушу менен энеси өлүп кулунду уйга эмизгенибиз чын эле» дейт. «Менин ата-тегимди билип бер?» дейт. Анда сынчы: «Сиз кулсуз, аялыңыз кандын кызы» дейт. Кан каарданып: «Дөөдүрөбө, жети атамдан бери кан болсо, мен кайдан кул болмокчумун» дейт. Кан «эми энемди чакыргыла» дейт. Анда энеси: «Балам өсөрүм калбай, өлөрүм калган чагымда бир кишинин канына ортоктош болгум келбейт. Муну бир кудай, бир вазир, бир сенин энең, бир мен билчү элем. Вазир менен сенин энең эчак аркы дүйнөгө кетишти. Эми биздин сырыбыз дагы бир кишиге маалим болсо, кудайдын кудурети ушул экен, кулак салып ук, чынын айтып берейин. Сенин атаң жети аял алган экен, жетөөнөн тең бала көрбөй, сегизинчи кылып мени алат. Бат эле менин боюма бүтүп, төрөр күнүм жакындаганда кан: «Чыр эткен баланын үнүн уга элек элем, жүрөгүм жарылып кетпесин, эркек төрөсө, сүйүнчү жибергиле, кыз төрөсө, көзүмө көрүнбөсүн» деп, кырк жигити менен ууга чыгып кетти. Айлам кетип, күнү-түнү ыйладым, чымындай жандан күдөр үзүп жакшы көргөн вазир менен акылдаштым. Вазир мени эч кимге көрсөтпөстөн, сарайга алып келип камап койду. Мен кыз төрөдүм. Вазир болсо үч күнгө чейин эч кимге билдирбей, чар тараптан эркек төрөгөн аялды издеп жүрүп, үч күн дегенде сени таап алып келди. Мен сарайда кызымды сага айырбаш кылып, кедейдин аялына дүр-дүйнө берип узаттым. Кийин өз каным алыстап кетпесин деп кызымды сага үйлөнттүм» дейт. Муну угуп, кан сынчыга ыраазы болуп, ат мингизип, тон кийгизип узаткан экен.
КАНДЫН КЫЗЫ
Илгери бир кан вазири менен ууга чыгыптыр. Аңгыча кайдан жайдан келгени белгисиз ызгаардуу шамал согуп, суук боло түшөт. Аттары чыйрыгып, өздөрү калчылдап үшүп кетишкенде вазир: «Таксыр, үй жакка барып түштөнүп алалы» деди. Кан: «Ии, үйүң жакын жерде болсо барса баралы» деп жөнөп калды. Вазирдин аялы, ары сулуу, ары жылдыздуу адам экен, түр-түркүн тамак менен коноктоп, кандын купулуна толду. Кан болсо аялды көрүп «канга ылайык аялы бар экен, мага ушул үчүн көрсөтпөй жүргөн турбайбы, кандай да болсо, тартып алышым керек» деп көңүлү бузулуп, ичинен тынды. Эртеси күнү кан менен вазир экөө дагы ууга чыгышат, ит агытып, куш салып, көңүл ачышат. Аңгыча «карк-курк» деп, жети каз учуп өтөт. Анда кан: «Тетиги каздар эмне деп баратышат, айтып бергин, айтпасаң, башыңды аламын» дейт. Вазир эртеңге чейин ойлонууга уруксат алып, үйүнө барып, оозуна наар албай, капаланып жатып калды. Вазирдин кичүү кызы: «Атам капа болуп келди, билип бергин» деп энесине барды. Вазирдин аялы барып, кыздын суроосун күйөөсүнө айтты эле, вазир болгон иштин жайын аялына баяндады. Өзү беш жашка өтө элек, саамайы өрүмгө жете элек вазирдин кызы атасынын сөзүн угуп, бир балага өңөртүп алып акылдуулугу менен даңкы чыккан кандын кызын көздөй жөнөп калды. Кандын кызы: «Ии айланайын, караңгыда эмне кылып жүрөсүң, башыңа кандай иш түштү?» деп, кичине кызды кепке салды. Анда кыз: «Эже, башыма иш түшүп, сизден бир иш сурап келдим, сураган ишимди берсеңиз айтайын, бербесеңиз убара болбой кайтайын» деди. Кандын кызы үч жолу «бердим» деп айтып жиберди. Анда вазирдин кызы: «Сиздин атаңыз менин атамды кыйыктаптыр. Эртең асмандагы «карк-курк» деп учкан жети каздын эмне дегенин чечпесе, атамдын башы алынмакчы, ошого капа болуп жатып калды. Ушуну чечип берсеңиз?» деди. Кандын кызы «мен билбейт элем» деди. Анда кичине кыз: «Тилиңизге, тишиңиз күбө, «бердим» деп үч жолу айттыңыз эле» деди. Кыз ары ойлонуп, бери ойлонуп сөз карматып койгонуна оңтойсузданып туруп, «мынча болду айтпаса болбос, каздар: «Обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы» деп учуп баратышат десе кутулат. Кичине кыз кубанган бойдон үйүнө келип, атасына кандын кызынын сөзүн айтып берди. Эртеси вазир ушул сөздү айтып, кандан кутулуп кетти. Бир күнү кан вазирди дагы соного ээрчитип алып чыгат. Аңгыча жел жүрүп бир камгак учуп өтүп кетет. Кан: «Камгак эмне деп баратат?» деп вазирден сурайт. Вазир: «Таксыр, каным, жансыз немеде кайдан тил болсун?» дейт. «Жок, «дың-дың» деп баратат, эртеңге чейин билип кел, билбесең башыңды аламын» дейт. Вазирдин айласы куруп: «Бая күнкү каздарда да үн бар эле, эми муну кантип билүүгө болот, ажалымдын жеткени ушул экен» деп, жашоодон түңүлүп, үйүнө капа болуп түшүп калат. Вазирдин кичүү кызы дагы кандын кызына барып: «Эжеке, башыма кайгы түштү, сиздин атаңыз менин атамды дагы кыйыктаптыр, учуп бара жаткан камгактын «эмне дегенин» эртеңге чейин билип кел, антпесе башыңды алам деп кыйнаптыр, атам бүк түшүп жатып калды» дейт. Кандын кызы ары кетип, бери кетип, акыры кичине кыздын көңүлүн кыя албай: «Конгонумду кокту билбейт, желгенимди жел билбейт, муну сураткан каның да акмак, сураган сен да акмак» деп кетип баратат деп айтсын деди. Вазир эртеси канга келип жогорку сөздү айтып берип кутулган экен. Кан болсо сөздү кызынын үйрөткөнүн түшүнүп: «Ии, аттиң ай» деп, бармагын тиштептир. Эртеси кан бардык миң башчыларын чакырып, «менин кызым эр тандайт, эл чогулткула» деп буйрук берет. Эл ары чубайт, бери чубайт, кыз бир да бирине көңүл бөлбөйт. «Кан бизди шылдың кылганы чакырткан экен» деп келгендер нааразы боло баштаганда кан: «Келбей дагы ким калды?» деди. Анда бир абышка: «Суунун эки аралында бир жан бар. Өзү же жинди эмес, же адам эмес. Башы таз, жегени чөп, ошол гана калды. Кан жигиттерине баягы аралдагы кишини алдырып келип, кызына нике кыйып, тамак-ашы менен бир тоонун арасына жеткиртип таштады. «Аял жакшы — эр жакшы» дегениңди көрөйүн». Адамдарды каттоого тыюу салды, бир жумада гана өзү дудук, кулагы кер бир чалды тамак-аш ташысын деп буюрду. Бир күнү кыздын энеси ичи түтпөй, кандан кызына барып келүүгө уруксат сурады эле, кан макул болду. Энеси келип «Күйөөң кана?» деди. Кыз «мына» деп, тактанын алдында малчасынан жер аяктап уктап жаткан ылжыраган кунарсыз тазды көрсөтө берди. Кыздын энеси тактанын алдында жаткан күйөө баласын көрүп күйбөгөн жери күл болду, ыйлап-сыктап: «Ушундан көрө же качып же муунуп өлбөйсүңбү, муну кантип, күйөө кылмакчысың? Же муну өлтүрүп кой, эл-журтка шерменде болбой» деди. Ага кыздын ачуусу келип: «Өзүм да өлбөйм, муну да өлтүрбөйм, бул бир мусапыр, мунун убалы кимге? Колумдан келишинче багып, адам катарына кошомун. Ал эми чын-чынына келгенде мен шерменде эмес, атам шерменде болду. Мени шерменде кылайын десе, тогуз жолдун тоомуна алып барып таштасын, ары-бери өткөн жолоочу көрөт, бул кабар бүткүл элге тарайт» деди. Энеси канга келип, кыздын айтканын айтып берди эле, кан кыздын айтканындай кылып, таз күйөөсү менен тогуз жолдун тоомуна алып барып таштады. Кыз мурункусундай эле тазды тактанын алдына жаткырып жүк жапкычты жаап коет да, бээнин казысына бөлөп бага берет. Акыры жараты айыгып, жалгыз гана башынын тазы калганда тазга «бир чоң ороо каз» деп, каздыртып, анын эки колун ылдый каратып топурак менен шилеп көөмп таштайт. Андан кийин жаш козунун жаагын алып келип, башын таза кылып кырып жууйт. Бир күнү караса, таздын башына сары чолок жаман чач чыгып калыптыр. Кыз дагы топуракка көөмп туруп, жаман чачын искек менен терип таштайт. Бир күнү караса, башына кундуздай кара чач чыгыптыр. Ошондо кыз кооздоп бир топу сайып таздын колуна берип «ушуну базарга алып барып, ичи толтура тузга сат, кайта келатып чачып ий. Ошо сенин шоруң» деди Таз кыздын айтканындай, топуну ичи толтура тузга сатып жолдон чачып ийип, үйүнө келди. Эртеси кыз баланы базарга ээрчитип келип кийим-кечек, боз жорго сатып берди да: «Сага илээшкениме жети жыл болду, эми сен эр болдуң, атты минип, камчылана алдыга түш» деди. Үйүнө келгенден кийин кыз жигитти атасына жумшады. Кыз: «Сен атты минип канга барып кел. Кандын эшигине барганда, «менин канда жумушум бар» деп, бек-бек унчук. «Кириңиз» деп эшик ачат. Үйгө салам берип киргенден кийин киши көргөн киши кишиге жакын отурат, кандын өңүрүн баса отур. Ошондо кан: «Балам, эмне жумуштап келдиң эле?» деп сурайт. Анда «бир кандын баласы элем, жети жылдан бери ушул жерде соода кылдым. Быйыл элиме кетейин деп,’ сизден бата алайын дедим эле де. Кан: «Кандай жардам керек?» деп сурайт. «Жардамдын кереги жок, кырк жигитиңиз менен конокко келиңиз, тогуз жолдун тоомунда жалгыз үйбүз. Келгендердин көбү эшиктен келип, эшиктен кайтат де. Бир гана сурарым, шаарыңызда жети күн от жагылбасын, сегизинчи күнү кырк жигитиңиз менен аттанып чыгыңыз» деп убадасын бек алып кете бер». Жигит канга барып убадасын бек алып кайра келет. Кан жети күнү менин кандыгымда от жагылып, казан асылбасын» деп буюрат. Ошентип, кандын айлында жети күнү от жагылбай, казан асылбай караңгылык өкүм сүрөт. Ал эми баягы жигит аялынын айтуусу менен керели-кечке отун алат, кечинде алган отундарын жагып алышат. Ошентип, бешинчи күн бүтүп, алтынчы күн болгондо бир аксакал киши эшиктен кирип; «Кандын буйругуна баш ийбеген кандай жансыңар. Шаардын эли жети күндөн бери казан асып от жакпайт. Силер болсо, кандын жеринде отуруп, анын жардыгына каршы чыкканыңар кандай? Беш түндөн бери эл кыдырам, жалгыз гана силердин үйдөн от чыгат, эмне болгон жансыңар?» деди. Келип ийилип ордунан тура калып чоочун кишиге ызаат көрсөтүп: «Аке, ушул элге от жактырбай, казан астырбай кандын убадасын алган биз элек. Кан жети күн бүтүп сегизинчи күнгө караганда жигиттери менен конокко келмек. Бүгүн алтынчы күн. Берерге ашыбыз жок, кан башыбызды кестирип, жаман алачыгыбызды өрттөп кетеби деп коркуп отурабыз. Кечке отун алып, кечинде жагып алабыз» деди эле, тиги киши башын көтөрүп: «Эмне тилейсиңер» деди. Келин: «Ашыбызды берекелүү, өзүбүз абийирдүү болсок» деген эле ой дегенде чоочун киши: «Өзүңөр абийирдүү, тамагыңар берекелүү болсун» деп, батасын берип чыгып кетти. Аксакал киши чыгып кетери менен аялы: «Бак карады, Кыдыр даарыды. Биздин үйгө Кыдырдын өзү баш бакты. Эми отунуңду камдай бер. Кудайдын бизге бергени ушул» деп, отту өчүрүп жатып калышты. Келин кан келер күнү бир казан эт асып, бир казан нан жаап, бир самоор чай кайнатты. Күн шашкеде кан кырк жигити, вазирлери, бай-бектери менен келип түшүп калды эле, тамактары ашып-ташып, берекелүү болуп, артып да калды. Кан ошондо кызын таанып, келишимдүү жигит баягы кызын баш байлаган таз экенин билип, кемчилигин мойнуна алып, сөзгө жыгылды. Кыз-күйөөсүн көчүрүп барып, кандыгын тазга берди. Ошондон улам эл арасында «обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы» деген ылакап сөз калыптыр.
КЫДЫР, АКЫЛ, ЫРЫС
Мурунку бир заманда Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө жолдош болушат. Бир күнү үчөө жолоочу жүрүшүп баратып, жолдо бир нерсени талашышат. Акыл мактангансып: «Экөөңдөн мен кыйынмын, акылга баймын. Силер мага баш ийгиле» дейт. «Жок силер мага баш ийгиле. Менин ырысым көп, силердин ырысыңар жок» дейт, — Ырыс, Кыдыр экинчи жактан: «Экөөңдөн мен кыйынмын, силер мага баш ийгиле, элдин баары мага баш иет» дейт. Ушинтип үчөө талашып отуруп, кош айдап жаткан бир дыйканга жолугушту. Дыйканды көрүп, Кыдыр алаканын жайып, сакалын сыйпап: «Айдап жаткан жериңе жалаң алтын менен күмүш чыксын» деп батасын берди. Айтканындай эле ошол замат айдаган жеринен эгин ордуна алтын, чөп ордуна күмүш чыгыптыр. Кыдырдын бул ишине каршы, Акыл дыйкандын башын тегеретип, акылын алып койду. Дыйкан акылынан ажырап калгандан кийин, айлындагы бир чоң байга барып: «Менин жериме эгин чыкпай эле, какыраган таш чыгып жатат» деди. Бай дыйкандын жерин көрүп: «Эмесе мен жериңе жер берейин, жериңдин үч бөлүгүнүн бир бөлүгүн мага бергин» дейт. Дыйкан байдын айтканына макул болуп сүйүндү. Дыйкандын алтын-күмүшүн бай ташып алды эле, анын казынасына батпай ашып-ташып толуп чыкты. Акылы жок дыйкандын көзүнө алтын менен күмүш какыраган таш болуп көрүндү. Дыйкан алтын менен күмүштү эки жакка чачып, ыргыта берди. Дыйкандын бул абалын Ырыс көрүп, ичи күйүп, боору ооруп, дыйканга ырыс берди. Ырыстуу болгондон кийин жолдон бир топ кербенчилер өтүп бара жатып дыйканга жолугушту. «Бул кудай жакшы көргөн киши экен. Мындагы алтын, күмүштүн баарын алалык, дыйкандын өзүн аксакал кылалык, алыбыздын келишинче ак сакалды баарыбыз сыйлайлык» деди. Кербенчилер макул болушуп, алтын менен күмүштү төөлөрүнө жүктөп алышты. Дыйкандын сакалын тарап, башына суусар тебетей кийгизип үстүнө алтын жакалуу ичик кийгизип, чоң боз жорго мингизип, эки жагынан эки жигитти жөлөттүрүп алиги дыйканды алып кетишти. Булар жүрүп отуруп, бир байдын айлына келип түшүштү. Бай айыл-апасы менен таң калышып: «Ушунча сөөлөттүү, ушунчалык да ырыстуу соодагер болот экен» деп, шыпшынышты. Кечки күүгүм кирип, намаз шам болгондо кербен башы байга кеп салды. «Бай, сиздин бойго жеткен сулүу кызыңыз бар экен, эгер ылайыгы келсе, биздин аксакалга куда түшсөк кандай болор экен?» деди. Бай бул сөздү уккандан кийин төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп: «Эгер сиздин аксакал биздин кызды көңүлүнө жактырса, менин сүйүнчүмдөн башка каршылыгым жок, болор эле, мен мындай сөөлөттүү, ырыстуу кишиге кызымды бербегенде, кимге бермекчи элем?» деди. Кербен башы байдын сөзүн урматтап, аксакалды алып келмекчи болду. Бай өргөө көтөрүп, күйөө күтүп, айлы менен кымкуутка түштү. Эртеси аксакалды эки жигит эки жагынан жөлөп кандын үйүнө кийирди. Айыл-ападагы кыз-келиндер «Кымбаттуу күйөөнү көрөбүз» дешип, үйдүн жабуусун сыйырып жиберип, биринен соң бири жол талашып, төрдөгү олтурган ак сакалга көз түшүрүштү. Күйөөнүн сөөлөтү болгон менен акылы жок, сүйлөйүн десе сөз билбейт. Кыздын жеңелеринин жандары калбай, «кокуй биздин кызыбызды чанып жатат го, бир ооз дагы сөз сүйлөбөйт» дешип, экиден-үчтөн болуп күбүр-шыбыр, ал сөз үйдөн-үйгө жетти, аягы кыздын атасы байга угулду. Кабарды бай уккандан кийин ңамызданып: «Менин кызыма сүйлөбөгөнү эмнеси? Мени шылдың кылгысы келеби?» деп, эртеңкиге чейин сынамакчы болду. Эртеси дагы күйөө сүйлөгөн жок. Бай аялына сүйлөнүп: «Кызымды чанып кетет деген эмне жакшылык? » деп, элинин баарын короосуна жыйды. Эртеси кечке катырган дөңгөчкө окшоп кыздын жанында олтурган аксакалды даргага асып өлтүрмөкчү болду. Турган эл-журттар байга нааразы болушуп: «Ушунчалык сөөлөттүү кишини дарга асканыңыз жакшы иш эмес го» дешип, байга даттанышты. Бай эч бирөөнүн сөзүн укпады. Ушул убакта жол менен Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө кетип бара жатып, дыйканды дарга асканы жатканын көрүштү. Кыдыр менен Ырыс ошондо Акылга баш ийип, жалынып: «Эми ушул дыйкандын акылын берип, жанын сактап калгын» дешти. Акыл ошондо дыйканга өзүнүн мурунку акылынан эки эсе ашырып акыл берген экен. Ошо жерден дыйканга акыл кирип, көзүн ачты. Байдын даргага асканы жатканын көрөөр менен түшүнүп: «Байым, эки ооз сөзгө уруксат этсеңиз экен» деди. Короодо турган эл бут дүргүй түштү. «Айтсын, сөзгө уруксат берсеңиз» дешип, туш-туш жактан чурулдашты. Бай бөйрөгүн таянып туруп: «Кана, эки ооз сөзүңдү айтып көрчү, аксакал күйөөм!» деди. Аксакал тебетейин алып, элди карап сөзүн баштады. «Мен жаш чакта, элибизди жоо чаап, ашуудан ашып качып бара жатканда, айлыбыздагы бир кандын кызы чачын төбөсүнө түйүп, башына калпак кийип, эркекче шымаланып, жарак-жабдыктарын байлап, атты тандап жоонун астынан бетме-бет жалгыз чыкты. Жоо менен чабышып, беш жүздөй кишини бүт бойдон кырды. Андан келгенден кийин качып бара жаткан элибизди токтотуп, чачылган калкты жыйып, катылган жоонун жазасын берип турган эле. Ошол убакта кан кандыгынан түшүп, өзүнүн кызына берди. Мен кечээтен бери сиздин кызыңызды ошол кыздай баатыр болор бекен деп мүнөздөп ойлоп жаттым, каным» деди. Бай: «Андай болсо иш жакшы болуптур. Мен кызымды шылдыңдап жаткан экен дедим эле», деп, дыйканды көтөрүп келип үйүнө кийирди. Элин чакырып кызына той берди. Кызды алып, дыйкан кербенчилерге аксакал болуп, соодасын башкарып, сөөлөтүн күтүп туруп калды. Ошондон кийин эл арасына: «Акыл жок жерде ырыс менен дөөлөт да жок» деген сөз калган экен.
АККӨҢҮЛ МЕНЕН КАРАКӨҢҮЛ
Аккөңүл менен Каракөңүл эл кыдырып, жер кезип жүрүүгө сапарга чыгышты. Аккөңүл бир атка сылай күл азык, Каракөңүл бир атка сылай күл азык жүктөп, кулак угуп, көз көргүс башка чет жерге жүрүп кетишет. Арасынан бир ай, эки ай өттү. Бирок, жолдо азык түлүктүн бары да Аккөңүлдөн болду. Каракөңүл азыгын да, акчасын коротпой Аккөңүлдөн жеп-ичип жүрө берди. Каракөңүлдүн: «Качан сенин азыгың, каражатың түгөнгөндө меникин жейбиз, ага чейин сеникин гана түгөтөлүк» деген убадасы бар эле. Аккөңүл эчтемеден кабары жок бейкам жүрдү. Бир убакта Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Кезек Каракөңүлгө келди. Бирок, Каракөңүл ага азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болду, алы куруду. Каракөңүлгө: «Баатыр, убадаңыз ошондой беле? Меникин түгөткөндө, сенин азыгыңды жемек эмес белек? » деди Аккөңүл. Анда Каракөңүл айтты: «Жок, сенин азыгың бүт түгөнгөн жок. Жетелеп жүргөн атыңды сой! Атты жеп болгондон соң, менин азыгымды жейбиз». Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти түгөнгөндө, Аккөңүл: «Кана, Каракөңүл жол азыгыңды алып кел! Баатыр, убадабыз ушундай беле?» деди. Анда Каракөңүл: «Сенин азыгың дагы бар, бир көзүңдү оюп берсең, токоч берем» деди. Бербеске айласы жок, ачкачылыкка чыдабай, Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Аккөңүл алдан тайыды: «Ээ баатыр азыгыңды алып кел, ортоктош бололу» деди. Анда Каракөңүл: «Жок, сенин азыгың дагы бар. Эми бир көзүңдү чукуп берсең бир токоч беремин» деди. Бербеске ылаажысы жок, Аккөңүл калган көзүн дагы чукуп берип, бир токоч алды. Аккөңүл тамагы үчүн эки көздөн айрылып, темселеп калды. Каракөңүл: «Кош, Аккөңүл өзүңдү карга кузгун жесин» деп атын шарт камчыланып жөнөп кете берди. Мен үйүмдөн чыкканы Алты ай, он беш күн болду. Эки көздөн айрылып Жүрөккө кайгы чер толду. Жарык шоола көрө албай, Ай караңгы түн болду. Сары чачтуу шайтандай Азгырган шайтан ким болду? Же көргөндөй көзүм жок, Же бир тыйын бөзүм жок, Азыгым жеп көз чукуп, Каракөңүл бачагар, Кете берди көңүл ток. Тирүүлөй берип жалгандан, Талаада тентип мен калдым. Кутула албай армандан Уялбадың таш көңүл, Көзүмдү чукуп алгандан. Кулак угуп, көз көрбөйт, Ызгардуу шамал жел болдуң. Карга кузгун тил билбейт, Мен буларга жем болдум. Эл кыдырып, жел кезип, Жолоочу жүрүп келгенче, Каракөңүл каапырга, Көзүмдү чукуп бергенче, Күндөп-түндөп жол жүрүп, Намыс кылып келгенче, Өткөн айдын ичинде, Кайта кетпей не болдум, деп өксүп-өксүп ыйлап зарлап жатып уйкуга кетти. Уктап жатып түш көрдү. Туулган жеринде, көнгөн элинде алты саны аман, эки көзү бүтүн баштагысынан эки эсе жыргап жаткан кезде кимдир бирөө: «Тур өйдө!» дегендей болду. Аккөңүл чочуп тура калса эчтеке билинбейт. Эки көзү ордунда, жүрөгү алапта, көңүлү сүйүнчүлүктүү эки эсе кубаттанып калган, Курсагы ток, кайгысы жок. Түндө түшүнө кирген керемет, алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат берген эки көзү ордуна келген. Аккөңүл күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир ээн талаа, эрме чөлгө кез келет. Ал жерден жаңыдан тууган беш баласы бар канчыкты көрөт. Канчыктын азыгы жок. Балдары жаш. Баштыгын аңтарып бир жарым нандын кагынчыгын таап, таштын бетине салып, канчыктын астына койду да; «Сен да мендей карыпсың» деп, бир-эки сөз айтты: Берейин десем азык жок, Шекер-шербет жем чачып, Үлбүрөйсүң алың жок. Беш балалуу жаш канчык, Эл кыдырып, жер кезип, Мен да сендей байкушмун. Муңканып ыйлап жүргөндө Арманым угар болсоңчу, Тирүүлөй отко күйгөнчө Сураганым берсеңчи! деп көзүнүн жашын төгүп жиберди. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчийин десе, балдарын таштай албай кала берди. Аккөңүл жолго түштү. Күндү күн дебей, түндү түн дебей жүрүп отуруп, бир күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго кез болду. «Бул тегеректе эл бар экен. Эмне болсо да ушул коргондун арасына коноюн, эртең менен эки жактан эл карайын» деп, ой кылды да, төбөсү түшкөн бир көрдүн ичине кирип жатты. Уйкусу да келбейт, жүрөгү дегдейт. Түн ортосу болгон кезде тарсылдаган дабыш угулат. Дабыш уламдан-улам жакындап, кобур-күбүр адамдын үнү чыкты. Аттын дабышы анык билинди. Калың коргонду аралап тигилер да коно турган болду. Аттарын байлап коюп, алоолонтуп от жагышты. Бирок, Аккөңүл өзүнүн бардыгын билдирбеди. Тигилердин арасынан бирөө бакылдап сүйлөп чыкты: — Туугандар, тогузубуздун тең катын, балдарыбыз жок. Үй-жайыбыз жок. Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби? — Аның ырас, оокатты кыла тургандын акылын мен таптым, менин акылыма киресиңерби? деди экинчи бирөө. Башкалары: Айт, айт, акылыңа киребиз — дешти. — Ушул өзүбүз турган коргондун арасында бир далай мал бар. Тетиги коргондун арт жагында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар. Күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин күнгө сергитет. Аңдып туруп муну алсак, бул мал эмеспи, ал оокат эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар. Ошол калаада баланча көчөдө Кунакун сарттын короосунда ат башындай жамбы бар. Короомду сатам деп жүрүүчү эле. Анын короосун сатып алсак, ал мал эмеспи, оокат эмеспи. Жана ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын: «Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңме-тең кызмат акысына берип, теңин өзүм алам» деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып, алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, ал оокат эмеспи?» деди. Калгандары бул акылды макул көрдү. «Ушундай кылалы» — деп убадага токтошту. Аккөңүл бул сөздөрдүн барын тыңшап жатып абыдан угуп, анык билди, түшүндү. Таң атып, күн чыккандан кийин, Ак-көңүл баякы кишилерди байкап караса, эч дайыны жок. Жымжырт. Түшкөн ордуна барса адамдын изи, аттын такасынын тагы түгүл түндөгү жаккан оттун күлү да жок. Кадимкидей мунун бир керемет экенин билди. «Кудай мага берген экен. Мен бул жердин баарын издейин, карайын, табайын» деп, коргондун арт жагына чыкса, бир чычкан дилде ташып жүрөт. Аккөңүл аңдып туруп тогуз дилдени алып, чөнтөгүнө салды. Анан шаар бар деген жакка жөнөдү. Жакын арадагы шаарга жетип, Кунакундун короосун алты дилдеге сатып алды. Бир дилдеге жалаң жабдык, кетмен, күрөк алды. Бир күнү короону аңтарып, баякы жамбыны карап жүрдү. Бир күнү кетмен «чак» деп кайта ыргыды. Караса, ат башындай жамбы чыкты. Аккөңүл аны да алып, жакшы оокаттанып калды. Бир күнү бул шаардын каны:«Кимде ким менин алтын казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем» деп жар салды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан ылдый жер астында экен. Ошол себептен эч адам чыкпады. Аккөңүл: «Мен алып чыгамын» деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белинен алты жүз кулач арканды улаштырып байлап алтын орго салды. Аккөңүл алтын кенге жеткенде, койнуна да, кончуна да катты. Койнуна бир бутка жакын алтын батыптыр. Арканды солкулдатты эле, кан кайра тартып алды. Кан убадасы менен тең бөлүп берди. Ошол күндөн баштап кан Аккөңүлдү чакырып алтын, күмүшүн алдыра турган болду. Аккөңүлдүн байлыгы, кадыры кандан аша баштады. Акыры ал ошол шаардан чыккан чоң бай, төрт түлүгү шай болду, катын балалуу болду. Аягы барып чоң жакшылыкка айланып, Аккөңүл муратына жетти. Эми Аккөңүл ушул жыргалы менен тура турсун. Төмөндө Каракөңүлдүн аңгемесин айталы: «Баягы Аккөңүлдөн айрылгандан бери далай жер кыдырып, эл көрүп жүрүп, аягында калың малга кез болду. Малчыдан: «Бул ким дегендин малы?» деп сурады эле, «Аккөңүл дегендин малы» деди. — Тетиги алтын чатыр кимдики? — Аккөңүл байдыкы. Бул ким болду экен деп анын жайын сурады. Малчы Аккөңүлдүн көргөн кордук, азабын бул абалга жеткен себебин аныктап айтып берди. Ошондо Каракөңүл Аккөңүлгө барып башын ылдый салып уялганына чыдабай төмөндөгү сөздөрдү айтып салам берди: — Ассалоом алейкум Аккөңүл бай Бал шимип, казы кертип жегениң май. Мал күтүп төрт түлүктүү доорон сүрүп, Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай. Ичкениң кант сапырып кыпкызыл чай, Билбеймин, элебеймин акмак болуп, Кечиргин бир күнөөмдү теңизим ай, Качсам да, узабаймын мен кутулуп, Бир кезде шайтандаймын жин кутуруп, Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө, Мен келдим алдыңызга кол куушуруп, Башыңда сапар тартып бирге чыгып, Аягы мен жаңылдым иттик кылып, Канчалык ит болсом да сизге кулдук, Алик ал, саламымды жарык кылып. деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл «битке теңелип көйнөгүңдү отко салба» деген макалды оюна алды да, саламын алик алды. Аккөңүл Каракөңүлдү жакшылап конок кылат. Көргөн билгенинин баарын, баякы коргондон көргөн кереметин, кандайча бай болгонун айтып берди. Каракөңүл да ошол көп коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп бир күнү баягы Аккөңүл көргөн коргонду көздөй жөнөдү. Ал жүрүп отуруп коргонго жетип, баягы төбөсү жок көрдүн ичине кирип жатты. Бир кезде дабыш угулуп тогуз адам келди. Каракөңүл өзүнүн бардыгын билгизбей, кудайга сыйынып жата берди. Тиги кишилер мурункудай кеп сала башташты. Баякы бакылдап сүйлөгөн адам дагы бакылдап сүйлөп чыкты: «Туугандар, тогузубуз тең эле ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? Мал күтүп, катын алып, оокат кылып бир жерге туруп алсак болбойбу?» деди. «Качан да болсо кайгыланып жүрүп, бизди түгөтө турган болдуң. Бул коргондун арт жагында тогуз дилде бар эле, кайгыланып жүрүп, андан да айрыдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айрыдың. Былтыр келгенибизде эле тетиги көрдүн ичинде бир киши тыңшап жаткан окшойт. Биздин түбүбүзгө ошол киши чыга турган болду. «Кана» деп жабыла чуркап, Каракөңүлдү жаткан жеринен таап алып өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, күлүн сапырып жиберишти. Аккөңүлгө казган оруна аягы барып өзү түштү.
ЖЕКЕ ТАЗ МЕНЕН ЖЕТИ ТАЗ
Илгери бир жеке таз жана жети таз бар экен. Жети таздын жети кара торпогу, жеке таздын жалгыз кара торпогу, жети таздын жети энеси, жеке таздын жалгыз энеси бар экен. Жеке тазды жети таз жеткен жерден жердеп жекелеп уруп, тазын сүрүп койчу экен. Жеке таз ушул жети таздан кантип кутуларын билбей жүрдү. Бир күнү бир байдын баласы жети өгүз айдап келе жатыптыр. Жеке таз: «Ой, байдын баласы жети өгүздү кайда айдап барасың? деди. «Кайтарып жүрөмүн, жеке таз баатыр» деди. «Байдын баласы, ушул жети өгүзүңдү сайып мелдешесиңби? Мен жердин мээсин, ичеги кардын чыгара муштайын» деди. «Макул» сен ошондой кылсаң, жети өгүзүмдү берейин, антелбасаң, сен мага эмне бересиң?» деди алиги байдын баласы. «Анда мен баш отум менен кул болуп берейин» деди таз. «Сен эртең дагы өгүзүңдү ушундай кайтарып кел, эртең мушташалы» деди. Байдын баласы «макул» деп жеке таз менен убадалашып кетти. Жеке таз жалгыз торпогун сойду, дагы мээсин алып, бир жерге, ичеги-кардын алып, бир жерге көөмп, этин үйүнө илип койду. Эртеси баягы байдын баласы өгүздөрүн жайып чыгып келди. «Кана эми, жеке таз баатыр, жердин мээсин, ичегисин чыгара муштаймын дебедиң беле, муштагын» деди. Жеке таз ары-бери кайсалап туруп, анан мээ көмгөн жерди катуу муштады эле, мээ чыкты, ичеги көмгөн жерди муштады эле, ичеги чыкты. Баягы жерден байдын баласынын жети өгүзүн мелдешке алып койду. Жеке таз жети өгүздү айдап алып кечинде баякы жети тазга келди. Аны көргөн жети таз: «Ээ жеке, таз баатыр, бул өгүздөрдү кайдан алып келдиң деп сурашты. «Ой баякы жалгыз торпогум гана, ошону союп жети бөлүп жерге көөмп, ар бириң бирден өгүз болуп тур десем эле, жети өгүз болуп калышты» деди. Жеке таз кетип калгандан кийин: «Атаң көрү, биз деле жети торпогубузду союп, ошентсек ар бирибиздики жетиден өгүз болсо көп эле өгүз болбойбу» дешти. Анан баягы торпокторун союп, жетиге бөлүп коюп, «өгүз бөлүп тур» десе эчтеке жок. Жетөө жети торпогунан айрылып, жеке тазга келип: «Сен эмне бизди алдайсың?» деп уруп, тазын ташка сүрүп, өгүздөрүн тартып алып, жетөөнү жетөө бөлүп алды. «Ай атаңдын көрү, буларга дагы эмне кылсам экен» деп жеке таз ойлонуп калды. Анан бир күнү бир байдан «көмүр жүктөп алайын» деп, бир төөсүнүн күчүн сурап алып кандын ордосуна барды. «Ой жеке таз баатыр, тартынып жүргөнүң эмне?» деп ордодогу кыздар сурады. «Ой, бул кандын алтын, күмүшү ушундай сейилдикке арттырып койду. Ар кайсы жерге барып жүргүн деди» деп жооп берди. «Ой, баатыр, көрсөтсөң көрөлүк, ал кандын алтын, күмүшү кандай болот экен?» деди кыздар. Анда жөкө таз: «Кой көрсөтпөймүн, көрсө көмүр, күлсө күл болуп калат» деди. «Кой баатыр, көрсөтсөң күл, көмүр болсо бизде деле алтын, күмүш бар, ошондой биз деле салып беребиз» деп болбой жатып түшүрдү. Көмүр жагын чечти дагы, «көрсө көмүр болуп калат дебедим беле? Мына көмүр болуп калыптыр. Эми эмне кылам?» — деп алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп ыйлап калды эле, баягы кыздар шылдыңдап күлүштү. «А күлүп койдуңар, эми биягы күл болуп калды, мени өлтүргүлө, эми мени жуткула» деп эле ыйлай берди. Анан баякы кандын кыздары көмүр жагына алтын, күл жагына күмүш салып артып берип, жеке тазды кетиришти. Алтын менен күмүштү төөгө артынып алып, жеке таз баягы жети тазга келди. Жети таз: «Ой, жеке таз баатыр, бул артынып жүргөнүң эмне?» деп сурашты. «Бул артынып жүргөнүм алтын менен күмүш». «Аны кайдан алдың?» дешти. «Муну кандын кыздарынан алдым, баягы жаман алачыгымды өрттөп жиберип, күлүн бир жагына көмүрүн бир жагына артынып: «Күлгө күмүш, көмүргө алтын бересиңерби? десем эле берди» деди. «Кана, баатыр алтын, күмүшүңдү көрсөтчү?» дешти. Жети таздын көрүп көөнү жайланды. «Биз дагы ушундай кылалы» деп, алачыктарын өрттөп, жетөө жети өгүзүнө артып алып, кандын кыздарынын ордосуна жөнөштү. Кандын кыздарынын ордосуна баргандан кийин кыздар чыгып: «Жети таз, бул эмнеңер?» деп сурашты эле, «күлгө күмүш, көмүргө алтын бересиңерби?» дешти. «Булар жинди болгонбу?» деп, кыздар таздарды кармап алып тазын сүртүп кое беришти. Жети таз кайта келип: «Сен калп айтыптырсың» деп жеке тазды карсылдатып сабап алтын, күмүшүн тартып алышты. Жеке таз: «Атаңдын көрү, булар мени, ар качандан бир качан уруп жүрүп жок кылмак болду, буларды бир жолу өлтүрүп жаным тынбаса болбойт» деди. Бир күнү жеке таздын энеси өлүп калыптыр. Энеси өлгөндөн кийин, бир байдын атынын күчүн сурап минип, энесин кымкап менен жаап өңөрүп алып, кандын кыздарынын ордосуна барды. — «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөрүп жүргөнүң эмне?». «Бул кандын кызы, сейилдикке өңөртүп жүрөт» деди, жеке таз. «Бизге көрсөтчү, жеке таз баатыр» деди кыздар. «Ой, кокуй, атым азоо үркүп жыгып кетет, өлүп калса кандын кызынын кунуна калбаймынбы?» деди. «Ой, өлүп калса, бизде деле кызга жарагыдай кыз бар, алып кел, көрөбүз» дешти. «Ай, силер ар качан эле ушинтип каласыңар, эми атым үркүп өлтүрөт» деди, жеке таз. Анда кыздар: «Ой, түгөнгүр, өгүнү деле алтын, күмүшүңдү төлөп бербедик беле, өлсө төлөп берели» дешти. Анан баягы кыздар тегеректеп келип түшүрө турган болгондо, жеке таз согончогунда бир шибегеси бар экен, теминип-теминип койгондо эле ат мөңкүп-мөңкүп келип, аны көтөрүп урду. «Атаны кокуй, наалат күн ай, кандын кызы өлүп калды, эми эмне арга кылам?» деп жеке таз боздоп ыйлай берди. «Кой, эми буга бир кыз берели» деп, ордодогу кыздан бир кыз беришти. Жеке таз энесин бир жерге көөмп коюп, кызды өңөрүп алып, жети тазга келди. «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөргөнүң эмне?». «Бул өңөргөнүм кандын ордо кызы, энемди өлтүрүп алып, «өлүү кызга тирүү кыз бересиңерби?» десем, энемди алар алып калып, ушуну берди» деди. «Атаңдын көрү, биз деле энебизди өлтүрүп алып, ошентип барып бирден катын алып алсак болбойбу» дешти, дагы жетөө жети энесин өлтүрүп алып: «Өлүү кызга тирүү кыз бересиңерби?» деп кандын кыздарынын ордосуна барышты. Кыздар кармап алып: «Өлүү кызга тирүү кыз дагы берүүчү беле?» деп, тазын сүртүп, бетин тытып кое беришти. Андан ыза болуп келген жети таз: «Сен бизди алдап энебизди өлтүрттүң, өзүбүздү ургуздуң», дешип жеке тазды өлтүрмөк болушту. Жеке таздын мойнуна сыйыртмак салып токойдун четиндеги чынар терекке сүйрөп барып чытырата таңып, өрттөш үчүн өздөрү отунга кетишти. Ошол учурда сур жорго минген, суусар тебетей кийген, бир көзү сокур, алдында айдаган отуздай чаар аты бар байдын баласы келатат. Аны көрө коюп байланган чынарды сүзгүлөп; «Көзүмдү бер, көзүмдү бер» деп жеке таз кыйкырат. Байдын баласы таңыркап токтой калат. Ошондо гана жаңы көрө калган болуп: «Ой бай, болгур көзүм ордуна келиптирби, карап койчу» дейт. «Көзүңүз ордунда эле турат, эмне болду эле? дейт. «Эмнеси курусун, көзүм кыйшайып көрбөй калган, эми көрө түштүм, касиеттүү чынар деген эле» дейт. «Ой айланайын аке, менин дагы көзүм сокур, бир жардам кыл? Жеке таз кыйылгансып туруп: «Болуптур эми, менин кийимимди кий, аркан менен таңып коем, бир чай кайнамда көзүң оңолот. Теректи үч жолу: «Көзүмдү бер, көзүмдү бер?» деп үч жолу сүз» дейт. Жеке таз байдын баласын терекке таңып, кийимин кийип, жоргону минип чаар жылкыларды айдап жолго түшөт. Ал аңгыча жети таз отун көтөрүп жетип келишет да теректин түбүнө отунду үйүп өрттөй баштайт. — Өл курган таз — дешет. — Ой, айланайын акелер мен ал эмесмин, байдын уулумун аман калтыргыла, сураганыңарды берейин ,— деп байдын баласы жалбарат. — Ии, куусун мунун дагы алдаган турасың, — деп болбой коюшат. Чучуктай чыңырып жатып бай баласы күйүп бүтөт. Анын күлүн кудукка салып көңүлдөрү куунак жети таз, жеке таздын катынын алып келелик деп, үйүнө келсе жеке таз суусар тебетейди кийип төрдө отурат. Үйдүн тегереги толгон чаар жылкы. Жети таз айран таң калат. — Ой, жеке таз баатыр, кайдан? — Ээ, кайданды эмне кыласыңар. Мен силерге ыраазымын. Силер мени өрттөп күлүмдү салбасаңар мындай бай болбойт элем. Кудуктун түбү толгон мал, чоң энеме жолуктум. Силердин чоң атаңар салам айтты. — Эми биз кантип жолугабыз, аларга, — деп жети таз жалбарды. — Иттен арзан, колдоруңарга узун чырпык алып кудукка салсаңар чырпык айланса, чакырганы, анда шар кире бергиле. Жети таз колдоруна узун чырпык алып кудукка барышат. Эң улуусу кудукка түшкөндө колундагы чырпык айланып кетет. Бизди чакырып жатат деп калгандары сууга кирет. Ошентип, жеке таз айла-амал менен душмандарынан кутулган экен.
ЗАР МЕНЕН МЭЭР
Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Күндөрдүн биринде вазири экөө куш салып ууга чыкса, башка падышалар жанына балдарын ээрчитип, куш салып жүргөнүн көрөт. Падышанын көңүлү бузулуп, вазирине: «Кудайым бизге эмне үчүн бала бербеди, биздин катындарыбыз эмне үчүн туубайт?» деп капа болуп үйлөрүнө келип, катындарын сабап кирет. Бечара катындар бала үчүн зарланышат, тилек тилешет. Алардын зары өткөнбү, үч-төрт айдан кийин катындарынын боюна бүтөт экен. Падыша дагы бир жолу куш салып жүрүп: «Эми кудай берсе, катындарыбыз туумак болду. Менин катыным эркек тууп, сенин катының кыз тууса, кызыңды менин балама бер, сенин катының эркек тууп, менин катыным кыз тууса, кызымды сенин уулуңа берем, эгер экөө тең эркек болсо экөө акыреттик дос болсун» деп экөө баталашып, ант кылышат. Айлар өтүп, күндөрү жетип, катындары толготордо: «Жүрү куш салалы, төрөгөндө бир киши сүйүнчүлөп, барар» дешип, экөө жүрүп кетишти. Буйрук менен вазирдин катыны эркек, кандын катыны кыз төрөдү. Бир мастан кемпир сүйүнчүлөп вазир менен падышага: «Аман-эсен катындарыңар төрөдү, вазирдин катыны эркек падышанын катыны кыз төрөдү» дейт. Экөө сүйүнгөн бойдон жарышып келе жатып, вазир атынан жыгылып, арка-мойну астында калып өлөт. Падыша той жасап, кыздын атын Мээр, уулдун атын Зар койду. Зар менен Мээр бир жүрүп, бир ойноп 16 жашка чыгышты. Мээрдин сулуулугу жандан ашып, ар кайсы падышалардын балдары ашык болуп, куда түшүүгө суратты. Кээ бир падышалардын балдары «Мээрди албасак да, жүзүн бир көрөлү» дешип, ашык болуп, ак боз аттары менен жыландай ойнотуп, Мээрдин астынан өтөр эле. «Куда түшөм» деп келгендерди падыша: «Кызым күйөөдөн жутаган жок, күйөөсү бар, убара болуп келе бербегиле» деп, кайтара турган. Падыша элден коркуп, адам эшигин тапкысыз бир сарай жасатып, Мээрди киргизип, эшигин бир мастан кемпирге кайтартып койду. Зар ары жактан карап, бери жактан карап, Мээрди эч таба албай, ичи күйүп: «Куда түшөм деп жүргөн падышалардын бирөө ала качып кеттиби?» деп ичинен сызып ыйлайт. «Эне, менин курдашым, акыреттик жарым Мээр жок. Кайда экенин билесиңби? Же падышалардын балдары менен качып кеттиби?» деп Зар энесинен сурайт экен. Энеси чуркап барып, баласынын башын көтөрүп: «Зар балам, башыңды көтөр, ыйлаба. Кайнатаң жаңыдан салган сарай үйдүн терезесин барып карачы көңүлү болсо Мээр сага бир сөз айтар» дейт экен. Энесинин сөзүнө кубанып, Зар чуркап барып терезени карап турса, Мээр терезени ачып, күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын Зарга каратып, терезени жаап кетип калды. Зар капаланып энесине келди да: «Эне, менин досум, акыреттик жарым менден күдөрүн үзүптүр. Күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын мага каратып кетип калды. Кулдун баласы деп, мени теңине албагандыгы үчүн мен бул дүйнөдө турбаймын» деп дагы ыйлады. Анда энеси: «Андай эмес күзгүнүн артын көрсөткөнү күндүз эмес, түнкүсүн кел дегени эмеспи» деди. Зар сүйүнүп, ордунан ыргып туруп барып терезеден карап турду. Ары басты бери басты, күндүн кеч кирмеги кыямат кайымдай болду. Намаз шам менен куптан арасында Мээр Зарды чакырып алып: «Сүйүктүү досум, сен чоң ак чийдин түбүнөн кетпе. Эл жатарда мен атамдан уурданып, сандыктагы ак бараң менен көк бараңды, акырдагы ак тулпар менен көк тулпарды алып чыгамын. Экөөбүз качабыз. Сен даяр тур» деди. Бул экөөнүн сүйлөшүп жатканын мастан кемпир угуп: «Силерге бирди кылайын» деп кекенип калат. Ушуну менен Зар барып, ак чийдин түбүнө Мээрди күтүп олтурду. Мастан кемпир акырын келип караса, Зар уктап калыптыр. Зарды ордунан көтөрүп башка жерге коюп, ордуна өзү чүкөдөй болуп олтуруп калды. Мээр аттарды алып келип: «Мингин тулпарга» деди. Мастан кемпир тулпарга минди. Түн бою экөө жүрүп отуруп, күн шашке болгондо арт жагын караса, Зардын ордуна мастан кемпир аргымакка минип келе жатат. «Кылмакчы элең кылдың, жемекчи элең жедиң, ушинтип кууратмаксың? Канча кылганың менен көптү көргөн эмессиңби, жол башта» деди Мээр. Мастан ак тулпар менен кыя тартып, алдына түшүп бара жатат. Мээр ак бараңды колго алып, астында бара жаткан кемпирди шыкаалап: «Эки далынын ортосу, так жүрөктүн толтосу, өлөр жериң ушул» деп, атты эле, мастан чыңырып кулап түштү. Канча кылганы менен акылы бар эмеспи, тулпардын изи менен Зар таап келер деген ой менен Мээр ошол жерде үч күнгө чейин күтүп жатты. Зар уктап бир убакта турса, эч ким жок. Жалгыз өзү калган. Күн алда качан шашке болуптур. Эки жагын караса, анда-санда аяктай жерди томура баскан тулпардын изи жатат. «Кой, мени алдап уктатып коюп, качып жоголгон экен. Тулпардын изи менен таап, канчалык сен деп жүрсөм да карабайсың, эң жок дегенде жолдоштук акымдан кеч дейин» деген ою менен артына түштү. Узак жүрүп отуруп, акыры Мээрге жетти. «Акыреттик досум, келдиңби, мастан кемпир экөөбүздү ажыратып кое жаздады. Эмне болуп адаштың?» деди Мээр. «Бу да болсо мастандын азгырып уктатканы» деди Зар. Мээр Зарды атка мингизип жүрүп олтуруп, бир теректин түбүнө келип, тамактанышты да, ошол жерге түнөмөкчү болушту. «Зар, сен уктап ал, аттарды мен карап турайын» деди Мээр. Зар уктап болгондон кийин Мээр уктады. Зар аттарды карап турат. Ал үч күн тамаксыз жөө келгендиктен көзү уйкуга кетти. Бир убакта шылдыр-шылдыр этип, теректен түшкөн жалбырак Мээрдин бетине тийди. Көзүн ачып караса, бир кара чаар жолборс теректин башына чыгып бара жаткан экен. Акырын тура калып ак бараң менен атып жиберди эле, жолборс жерге кулап түшөт. Терисин сыйрып алып, экөө андан ары жүрүп кетишти. Бир шаарга жакындаганда аттары боругуп өлүп, өздөрү жөө калып, дагы илгери жүргөндө жолунан чоң суу кез болду. Жөө өтө албай, сууну бойлоп жүрүштү эле, бир кайык көрүндү. Анда бир сокур абышка отурат. Мээр: «Айланайын аке, бизди аркы өйүзгө чыгарып коюңузчу» деди эле, абышка: «Чыгарсам бирден чыгарам экөөнү кемем көтөрө албайт» деди. Мээр чалдын ойлогонун билип кемеге ыргып түшүп жүрүп кетти. Суунун ортосуна барганда чал Мээрдин бетинен жыттап, асылып калды. Мээр абышканы кармашып жатып сууга түртүп жиберип, кемени кайта айдап келсе Зар жок. Ары карады, бери карады, эч таба албады. Зарды жоготуп, кайдан табарын билбей, акыры чарчап бүтүп, бир теректин түбүнө уктап калды. Таймас деген падыша куш салып жүрсө, кушу Мээр жаткан терекке конду. Падыша келип, Мээрди көрөр замат ашык болуп калды. Падышанын тогуз катыны бар экен. Мээрди онунчу аялдыкка алмак болуп чоң той берди. Мээр: «Таймас падыша, мен да бир падышанын кызы элем, кудай никемди сизге буюруптур. Эми сиз мени, тогуз катыныңызды кошуп сейилдикке жибериңиз. Баарыбыздын аттарыбыз, кийимдерибиз бирдей болсун, анан кимибиздин өнөрүбүз ашык болсо, ошонубуз эрке катын бололу» дейт. Таймас падыша макул болуп, Мээрдин айтканынын баарын оюндагыдай орундатты. Бир күнү тогуз катынды ээрчитип келсе, баягы кемеси ордунда турган экен. Тогуз катынга кемени көрсөтүп: «Ар жакка чыгып ойноп келелиби?» дейт. Катындар сүйүнүп кемеге түшүштү. Мээр кемени айдап суунун агымы менен бара жатып, суунун көлгө куйган жеринде ары-бери өткөндөрдү карактап турган он каракчыга кармалып калды. Каракчылар «өзү келген олжо» деп кубанышат. Мээр каракчыларды «той кылгыла» дейт. Каракчылар той жасап нике кыйып, катындарды алмак болду. Алар той камылгасын көрүп жүргөндө Мээр аялдар менен сүйлөшүп: «Чайга уу кошуп берип буларды уулантып өлтүрөлү» деди. Айтканындай чай менен кошуп уу берип, каракчылардын баарын өлтүрүп, эркекче кийинип, чачтарын төбөлөрүнө түйүп, кылычтарын жана мылтыктарын асынып, аттарын минип, жүрүп кетишти. Катындар жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир шаарга жетишти. Ал шаардын падышасы өлүп, падыша кылууга баласы, же жакын туугандары болбогондуктан, талаш болуп жаткан экен. Өлгөн падышанын бир кушу бар экен. Ошо кушту учуруп, кимдин башына консо, ошону падыша кылабыз деп жатышыптыр. Катындар жыйылган элдин ичине барышат. Бир убакта эл кушту учурду эле, куш Мээрдин башына конуп калды. Элдин баарысы келип Мээрди караса, жанында тогуз жигити бар, жарак-жабдыгы келишкен бир сулуу жигитти көрүп: «Өзү деле падыша экен» деп, Мээрди көтөргөн бойдон алып барып такка олтургузушту. Мээр падыша болуп, Зарды табуу үчүн бүтүн шаарындагы жыгач усталарды чакырып: «Менин сүрөтүмдү өзүмдөй кылып жыгачтан жасагыла» деп буйрук кылды. Усталар бир-эки күндүн ичинде жасап, аларды падышага алып келип берди. Мээр сүрөттөрдү көчөгө койдуруп, бүтүн журтуна, ар кайдагы падышаларга кабар берет. «Биринчиден, менин сүрөтүмдү эл көрсүн, экинчиден, менде ушундай усталар бар экенин эл билсин деп иштеттим» деди сурагандарга. Шаарындагы адамдар жыйналып, көчөдөгү сүрөттөрдү карап өтүп жатты. Түш ченде бир сокур абышка сүрөттү көрүп тура калып: «Атаганат, жыгачтыгы болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны чакыртып алып, бир үйгө кийиртип койду. Журт чубап өтүп жатты. Эртеси түштө орто бойлуу, отуз кырк жаштагы бир киши дагы: «Атаганат, жыгачтыгы болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны да өзүнчө бир үйгө кийирттирди. Журт өтүп жатты. Эртеси кечке жуук, этеги тизесине жетпеген бир бала өтүп бара жатып, сүрөттү карап: «Айланайын Мээрсиңби? деп, келип сүрөттү кучактай калды. Мээр: «Алып келгиле чунак баланы!» деп аны да каматып койду. Эртеси Мээр келип, сокур абышкадан: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп сурады. Абышка калп жеринен: «Мээр менин катыным эле чанып качып кеткен» деди. Сокур абышканын калп айтып отурганына Мээр ачууланып, сокур көзүнүн үстүнө соо көзүн чукуп, таза сокур кылып кое берди. Андан чыгып орто бойлуу кишиден: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп сурады. Бул киши Таймас падыша экен: «Мээр эмнем болсун талаадан таап келип, алайын деп турганда сейилдикке чыгамын деп, тогуз катынымды алдап ээрчитип кетип, ошо бойдон жок» деди. Мээр: «Эми Мээрди кошо алар белеңиз?» деди. Анда алиги киши: «Дегеле Мээрге ыраазы элем, тогуз катыным гана табылса болду эле» деди. Тогуз катыны эркекче кийинип, Мээрдин жанында сурак сурап турганын билбеди. Мээр чыгып балага келди. Бала көрсө Зар экен. Экөө кучакташып көрүштү. Зарды жуундуруп тазалап, падышалык кийимдерин кийиндирип, падыша кылып койду. Мээр менен Зар кошулуп, Таймас падышага: «Адам баласы канаат кылбайбы, чүрөктөй катыны турса, мени алам дедиң. Мына менин өмүрлүк жолдошум. Мына катындарың, мен сатып жиберген жокмун» деп, Таймас падышанын катындарын берип, конок кылып узатып жиберет. Ошентип, Зар менен Мээр максаттарына жетип, түбөлүк жыргап куунап жатып калышкан экен.
ОБОЗГЕРДИН КЫЗЫ
Илгери бир кан өзүнүн обозгери менен күнүнө ит агытып, куш салып, талаага чыгуучу экен. Күндөрдүн биринде экөө адатынча уудан келе жатканда, кан обозгерине: «Экөөбүздө тең бала жок, кудай берип аялдарыбыздын боюна бүтүп,бири эркек, бири кыз төрөсө, куда бололу, экөө тең кыз, же уул болсо, достоштуралы» дейт. Обозгер макул болуп, жакшы тилекке кошулат. Айтканынд ай экөөнүн тең аялынын боюна бүтүп, кандын аялы эркек, обозгердики кыз төрөйт экен. Анан экөө молдодон окуп, кат таанып, чоң молдо болуп чыгышат. Бала менен кыз окуп жүргөндө чатыраш ойногонду үйрөнүшөт. Экөө тең бойго жеткенден кийин кан менен обозгер эски убадаларын эске алышып, бала менен кызды баш коштуруп коюшат. Күндөрдүн биринде кандын уулу ит агытып, куш салып сейилдикке чыгат. Көлгө барып өрдөккө кушун салса, куш өрдөккө карабастан, токойдун арасындагы чөптөн жасалган алачыкка учуп барып конуп калат экен. Кандын уулу куштун артынан сабап келип «үйдө киши барбы?» дейт. «Үйдө киши бар» деп, бир зайып эшикке чыга калганда, кандын уулу: «Үйдүн үстүндөгү кушту алып бер» дейт. Анда тиги: «Сен андай эле кушуңду кишиге алдырып ала турган мырза болсоң, өзүңдүн кол алдыңдагы обозгердин кызын албай эле койбойсуңбу? Кандын уулуна кан кызы ылайык. Алыскы бир шаарда Сыйпа деген кыздын, бир түндө үч сүйлөткөн кишиге тиемин деген убадасы бар. Аралыгы бир айлык жол, ошону барып албайсыңбы? дейт. Кандын уулу кушун алдырып, колуна кондурат да, үндөбөстөн бастырып кетет. Ошондон баштап кандын уулунун көңүлү бузула баштады. Катынын жаман көрүп: «Кет эле, кет» деп, ур-бериге көп алуучу болду. Акыры бир күнү кандын уулу жигиттерин ээрчитип, азык-түлүгүн мол алып, Сыйпа кыз деген падыша кыздын шаарын көздөй жөнөп калат. Жолдон азык-түлүгү түгөнүп, айлалары кеткенде, кандын баласы: «Буларды ээрчитип жүрүп, талаада өлтүрсөм убал болор, андан көрө аты-тону аманыңда кайтарып жиберейин» деп акыл ойлонуп, жигиттерине: «Эми мындан ары өзүм барайын, силер элге кайткыла» деп уруксат берет. Жигиттери элине кайтып, өзү андан ары тобокелге салып жалгыз жөнөйт. Бала жүрүп отуруп, азык-түлүгү такыр түгөнүп, акыры минген атын союп жейт. Эки этекти кайра кыстарып, жөө-жалаңдап жүрүп отурат. Арып-ачып, өңдөн азат. Аңгыча бел ашып, бир дөңгө чыкса, бир шаардын чети көрүнөт. Ал күнү талаага конуп, эртеси керели кечке жүрүп отуруп, өлдүм-талдым дегенде шаарга араң жетип, шаардын четиндеги уй баккан бир чалга кездешет. Чал: — Ээ балам, кайдан жүрөсүң, эрдиң кеберсиген, этегиң түрүлгөн, сен ыраак жерден келе жаткан баласың го? — Ооба, ата ыраактан келе жатамын. Мен бир кандын баласы элем. Сыйпа кыз деген падыша кыз бар дейт, ошону алайын дедим эле. Чал баланы тамакка тойгузуп: «Оо, кокуй, аны сен ала албайсың, тетиги Мунараны көрүп турасыңбы? Ал жалаң кишинин башынан куралып чыккан Мунара. Эки-үч күн эс алып ал да кайра кет. Балам, тил алсаң койгун, бөйдө өлүм болосуң, ал кызды бир түндө үч сүйлөткөн киши гана алат. Бир түндө үч сүйлөтүп алабыз деп, нечен кандын сен өңдөнгөн балдары келип сүйлөтө албай, баштары алынып, жалаң баштан бир Мунара болгонун көрүп турбайсыңбы? Сен аны сүйлөтө албайсың» деди. Анда бала: «Ошонун кабарын угуп, сүйлөбөс Сыйпа кызды сүйлөтүп, аны аялдыкка алууга атайын келдим». «Сыйпа кызга беттешпей кайра элге кантип барамын» деп чын сырын айтты. Чал: «Айткан тилимди албай койдуң, эми кандын дарбазасынын алдына барып унчукпай тура бер. Бир убакта «эмне кылып жүргөн жансың» деп, ары жактан желдеттер келет. Ошондо өзүңдүн жумушуңду айт» деди. Бала дарбазанын алдына барып турары менен эле эки желдет келди: — «Ой, бала эмне кылып турасың? Сөзүң болсо айт? — Сыйпа кызды сүйлөтүп алайын деп келдим! — Желдеттердин бири Сыйпа кызга келип: — «Таксыр каным, тиги турган кандын баласы экен, сизди үч сүйлөтүп алмакка келиптир» дейт. Сыйпа кыз: — Мейманды үйгө кийирип, төшөк салып, ар түрдүү тамак аштардан алдына койгула. Жакшы оокаттанып, ошол жерде эс ала берсин. Желдеттер баланы ээрчитип барып, падыша Сыйпа кыздын айтканындай жайгаштырышты. Болжолдуу убакыты болгон кезде «баланы чакырып кел» деп, Сыйпа кыз бир желдетти жиберди. Баланы Сыйпа кыздын алдына алып келет. Бала ар түрдүү сөздөрдөн кеп урат, кыз унчукпайт. Ошентип, бала менен кыз таң атканча отура беришти. Баланын жини келип: «Жиндисиңби? Дудуксуңбу? Келесоосуңбу? дейт. Кыз такыр унчукпайт. Бала сүйлөтүүгө аракет кылып: «Сенин ата-тегиң ким? Сени ким падыша койду? Кудай үчүн бир сүйлөсөң боло» дейт. Кыз такыр сүйлөбөй таң атырат. Сыйпа кыз таң аткан соң желдеттерин чакырып: — Бу баланын башын алып Мунарага кошкула, тулкусун баягы өргө таштагыла, — деп буйрук кылды. Эки желдет баланы эки колунан алып дегдеңдетип баш алчу жерге алып бара жатканда падыша кыздын музоо кайтарчу кемпири көрүп: — Муну кайда алпарасыңар? деп сурайт. Желдеттер: «Өлтүрөбүз» дегенде кемпир: «Айланайындар, кичине токтоп тургула, мен Сыйпа кыздан сурап музоо кайтартып алайын, — деп жүгүрүп кетти. Кемпир Сыйпа кызга келип: «Ушу баланы мага бер, музоо кайтартып алайын» дейт. Сыйпа кыз макул болот. Кемпир баланы үйүнө ээрчитип келип, музоо кайтартып койду. Бала өлбөй, аман калганына сүйүнүп, музоо кайтарып жүрүп: «Мен катын чанганды эмне кылам, ит агытып, куш салып жүрө бербей эмне болдум?» деп, өз башын өзү койгулап арман кылат. Бала ошентип, музоо багып жүрө турсун, эми сөз баягы обозгердин кызы жөнүндө болсун. Баланын аялы бир күн ойлонуп отуруп: «Мени күйөөм жаман көрсө да, аз күнү жолдош болуп калдым эле, ошонун өлүүсүн же тирүүсүн билейин» деп, чачты төбөсүнө түйүп, эркекче кийим кийип, күлазыкты мол алып, бир жакшы атты минип алып, күйөөсүн издеп жөнөйт. Обозгердин кызы нечен күн, нечен ай жол жүрүп, акыры аттан ажырайт да, жарагын колуна көтөрүп алып, жөө жүрүп отуруп бир бийик белге чыгып эс алат. Ошол жерде эки жакты карап отурса, чоң өзөндүн боюнда бүлбүл болуп бир шаардын чети көрүндү. Ал күнү керели кечке жол жүрүп, күн батканда бир терекке коноюн деп кайрылса, анын түбүндө алтындан оюп жасалган төрт орундук, ортосунда бир чатырташ турат. «Эмнеси болсо да ушунда бир чоң окуя бар го, байкап билейин» деп ойлоп, теректин башына чыгып кетет. Жылдыз толгон убакта көлдөн эки эркек жанаша коюлган орундукка, кыз жалгыз орундукка келип отура кетишет. Аңгыча кыз: «Адам ээй, адамзаттын жыты жыттанат да», деп калды эле, анда берки экөө: «Адамзат биерге кайдан келмек эле, кудай тиккен чатырташ» деп коюшту. Ошентип, баягы экөө чатырташка киришти. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, көпкө ойноп отурушуп, кыз эки эркекти утуп алат. Бирок тиги экөө чырдашып, «оюндун шартын туура аткарган жоксуң» деп моюн беришпей турган болгондо обозгердин кызы: — Ой, жигиттер, чырдашпагыла, кыз оюндун шартын туура аткарды, — дейт. Үчөө чочуп кетип, теректин башын карай коюшса, бир адам отурат. Анда үчөө: «Түш бери, сен эмне болгон жансың?» дешти. — Мен адамзатмын, — деп обозгердин кызы теректен түшүп, үчөөнүн жанына келет: Мен жайымды түшүндүрдүм, силер өзүңөр кимсиңер? — Биз жиндин падышаларыбыз, үчөөбүз менен чатыраш ойнойсуңбу? — Ии, ойносо ойнойлу, байге эмне? — Биз утсак, башыңды алабыз, сен утсаң, тилеген тилегиңди айт, ошого жеткиребиз. Төртөө ойной башташат. Көпкө ойноп отуруп, баягы баланын аялы үчөөнү чатыраштан утуп алат. Анда берки үчөө: — Эмне максатың бар, айткының, орундаталы, — дешти. — Сыйпа деген падышаны бир түндө үч сүйлөткөн киши алат деген кабарды угуп, аны алсам деп, алыстан келдим эле, ошол кызды үч сүйлөтүүгө жардам бергиле. Тигилер: «Макул, жардам берели, сен бир табышмактуу окуя айтып, Сыйпадан сура, ал сүйлөбөйт, ошондо биз тактанын астына жашынып жатып, тескерисин айтабыз, калыс кан эмеспи, чочуп кетип туурасын айтат. Ошондой акыл менен сүйлөтпөсөк, ал сүйлөбөйт, керек мезгилде биз даяр болобуз» дешип көлгө кирип кетишти. Баланын келинчеги дагы бир күн жол жүрүп, араңдан зорго өлдүм-талдым дегенде шаардын четине жетип, баягы чалдын чөп алачыгына кайрылат. Чалга салам айтат. — Балам, бул элдин баласындай эмессиң, алыстан келаткандай түрүң бар, жол болсун. — Ата, Сыйпа деген падыша кыз бар экен. Ошонун шаары кайда ошол кызды үч сүйлөтүп туруп алайын деп келе жаттым эле. — «О, уу-у балам, ал кыздын керемети да, касиети да көп, Сыйпанын шаары ушул, сен аны да ала албайсың, сага окшогон нечен төрөнүн, кандын өздөрү жана балдары келип сүйлөтө албай, жалаң баштан Мунара жасалды. Кой, балам, тил алгын, да, бир топ күнү эс алып, кайра кет». Аял чалга болбостон кан дарбазасынын эшигинин алдына барып турду эле, бир убакта эки желдет чыга келди: — Эмне кылып жүргөн жансың? Жумушуң болсо айт, анчейин жүрсөң айлыңа кайт. Эркекче кийинген келинчек келген жөнүн айтып, Сыйпага жолуксам деп суранды. Эки жигит дарбазанын алдындагы чоочун адам сүйлөтөм деп алыстан келгенин Сыйпага билдиришти. — Анда конок үйгө алпарып, тамактандырып, орунду жакшылап салып бергиле, эс алсын. Күн баткандан кийин аны ордого алып келгиле, — деп буйрук кылды. Эки желдет Сыйпанын айтуусу боюнча мейманды жакшылап жайгаштырышты. Аңгыча күн да батты. Мейман уктап, сергип алды. Бир маалда эки желдет келди: — Сыйпа кыз сени чакырып жатат. Мейман «макул» деди да ыргып туруп, эки желдеттин артынан жөнөдү. Жалаң каухар таштан салынган үйгө алып барса, падыша кыз келип күтүп калган экен. Мейман Сыйпа менен учурашып, аны алганы келгендигин айтты. Анда кыз астейдил күлүп койду: «Мени бир түндө үч сүйлөткөн киши алат. Мени үч сүйлөтө албасаңыз, башыңыз алынат». Берки: ал шартты билем, — деди. Кыз: «Эмесе сүйлөтүүчү бөлмөгө киргин» дейт. Ошондо мейман мурда барып, кире бериштеги кооз тактага отурду. — Сыйпа кыз: — Ал такта меники, сиз тигинде өтүп отуруңуз, — деди. Мейман: «Мен өлүүчү, же күйөө болуучу кишимин, ошон үчүн бир түн каалаган ордума отурамын — деп, көшөрүп отуруп алды. Ошентип Сыйпа падыша үн чыгарбай отуруп калды. Мейман ар түрдүү кептен баштады. Сыйпа түк унчукпайт. Түн ортосу жакын калганда «баякылар келгендир» деп болжоп, аңгемени мындайча баштады: Илгери-илгери бир жыгач уста, бир темир уста, бир кийим тигүүчү, бир молдо болуп төрт адам жолоочу жүрөт экен. Ууру-бөрү күчтүү болгондуктан, кезек менен аттарды күзөтмөк болушат. Биринчи кезек жыгач устага тиет, ал эригип отуруп, жыгачтан кишинин түспөлүн жасап коюп, кезекти темир устага бериптир. Темир уста аттардын жанына барса, бир киши турат, киши деп караса жыгач. «Бул жыгач устанын көрсөткөн өнөрү экен» деп темир уста ага сөйкө, билерик, шакек, мойнуна мончок жасап кооздоп туруп, кийим тигүүчүнү ойготуп, кезекти өткөрүп берет. Тикмечи барса бир кыз турат. Байкаса жыгач. «Жыгач уста менен темир устанын жасаган өнөрү экен» деп, мен да силерден калбайм деп не бир кооз кийимдерди тигип кийгизип жасалгалап, акыры кезекти молдого өткөзүп, уктап калат. Молдо туруп аттарды аралап жүрүп, тикесинен турган бир адамды көрөт. Чукул барса кыз, түртсө жыгылып калат. Ошондо молдо: «бул мага тигил үчөөнүн көрсөткөн керемети экен» деп дем салса, баягы жыгач кызга жан кирип, тил бүтөт экен. Эртеси «мен алам, сен албайсың» дешип, катуу талашып калышат. Сыйпа падыша, айтыңызчы, кызды төртөөнүн кимиси алат? деп сурап калды эле, падыша кыз унчуккан жок. Анда мейман: «Жандуу Сыйпа айтпаса, жансыз такта сен айтчы?» деп тактаны бир салды эле, «Кызды жыгач уста алат» деген күңгүрөнгөн добуш чыкты. Ал добуштан Сыйпа чочуп кетип: «Андай эмес, ал кызды жан салган молдо алат», деп жиберди. Сыйпа кыз «бир сүйлөдү» деп коңгуроо угулду. Бул кабар шаарга дүңк дей түштү. Экинчи аңгеме мындайча башталды. Илгери бир байдын жалгыз кызы болуптур. Ошол кызга бир күндө үч кандын баласы жуучу жиберишиптир. Кыздын атасы кимисине берерин билбей башы катып, ары-бери ойлонуп туруп, үч күйөөгө: «Үчөөң үч түрдүү буюм алып келгиле, кимиңки артык болсо, ошонуңа беремин» деп үч күйөөнү кайра кайтартып жиберген экен. Арадан нечен айлар, жылдар өттү. Акыры үчөө үч түрдүү буюм сатып келе жатышып, бир жолдон кездешип калышат да, ар бири өзүнүн сатып алган буюмунун касиеттерин айтышып мактана кетишет. Көрсө алардын бири алма, бири килем, бири күзгү сатып алган экен. Алманын ээси: «Мунун касиети өлгөндү тиргизет» деди. Килемдин ээси: «Килемге олтурсаң, каалаган жериңе дароо жеткизет» деди. Күзгүнүн ээси: «Дүйнөдө эмне болуп жатса, ошону даана көрсөтөт» деди. Анда үчөө: «Кана көрөлүчү, колуктубуз эмне болуп жатат?» деп, күзгүнүн бетин ача койсо, үчөөнүн талашкан кызы өлүп, мүрзөгө койгону жатыптыр. «Кана килемдин өнөрүн көрөлү» деп, үчөө килемге отуруп, дароо жетип келишти да: «Токтогула, койбогула» деп, кызды мүрзөгө койдуртушпай, кайра көтөрүп үйүнө алдырып келип, алманы мурдуна тийгизсе, кыз тирилип тура калды. Ал жерден: «Мен аламын, сен албайсың» деп, талаш чыгыптыр. Кана падыша кыз, айтыңызчы, аны үчөөнүн кимиси алат? деди эле, Сыйпа дагы унчуккан жок. Анда обозгердин кызы: «Жандуу Сыйпа айтпаса, айткыла деп дагы тактаны бир салды. Ошондо: Жеткизген килемдин ээси алат» деп, тактадан үн чыкты. Анда Сыйпа падыша чочуп кетип: — Андай эмес, кызды тиргизген алманын ээси алат, деп сүйлөп жиберет. Аңгыча «Сыйпа кыз сүйлөдү» деп, экинчи жолу коңгуроо кагылып шаардагылар бүлүк түшүп калды. Кандын баласынын келинчеги үчүнчү аңгемесин айта баштады. Илгери бир кемпир кандын уюн саап, күнүнө канга эртең менен эрте сүт алып барып берүүчү экен. Күндөрдүн биринде баягы уй саачу кемпир адатынча таң заарынан сүт алып бара жатып, сүттү жерге коюп, бир жакка чуркап кетет. Дал ошол убакта бир айры куйрук келип, бир жыланды жерден эңип алып, кемпирдин сүтүнүн үстүнөн алып өтүптүр. Ошол мезгилде жылан заарын төгүп ийсе, сүткө келип түшүп калат экен. Кемпир билбестен сүттү алып келиптир. Кан сүттү ичер менен мүрт өлүптүр. Бул кандын өлүмү үчүн үчөөнүн кимиси айыптуу? Жооп берчи, Сыйпа? десе кыз унчукпайт. Ошондо кыз: — Бул канды кудай дудук кылып жаратыптыр. Мындан жансыз сен өйдөсүң, ким айыптуу? Кана айтчы? деп тактаны бир салды эле: — Кандын өлүмү үчүн кемпир эле күнөөлү, — деген үн чыгат. Адилет Сыйпа чочуп кетип: — Жок андай эмес, айры куйрук күнөөлү, — деп сүйлөп иет. Ушуну менен «Сыйпа падыша үч сүйлөдү» деп, коңгуроо кагылып, калкына кабар берилет. Эл: «Кызды сүйлөткөн кандай ырыстуу неме болду экен, же сыйкырчыбы, бат эле таң атып, күйөөнү көрсөк экен» деп, аябай таң калышты. Аңгыча таң да атат, эл жыйылып, кандын ордосуна келе башташты. Аял болсо Сыйпа менен аркы-беркини сүйлөшүп отурду: — Менден башка сиздин колуңуздан аман калган пенде барбы? — Бирөө бар, аны уй кайтарган чалдын кемпири сурап алып кеткен, ал ошондо болууга тийиш. Обозгердин кызы Сыйпага кайрылды: — Ушул өлгөн пенделерди бир сыйра көрүп чыгууга болобу? — Эрк сизде. Ошентип, обозгердин кызы өлгөндөрдү бүт кыдырып чыгат, бирок, күйөөсүнүн башы көрүнбөйт. Андан таппагандан кийин: «Мен үч күн бир жерге барып келем» деп коюп, баякы Сыйпа кыз айткан уйчу чалдыкына барса, күйөөсү музоо кайтарып жүрүптүр. Чач, тырмагы өскөн, адам сыпаты кеткен. Аны таанып: «Ата, ушул музоо кайтарган балаңды мага сатыңыз, жалгыз элем, жолдош кылып алайын» деп жабышат. Чал макул болот. Баланын зайыбы чалдын сураган дилдесин берип, күйөөсүн сатып алып, шаарга келет. Андан кийин баланын чач, тырмагын алдырып, жуунтуп, тазалап туруп, эски кийимдерин, чач, тырмагын бир чоң сандыкка салып бекитип, ачкычты өзү катып алат да, «ушуну бек каткын» деп сандыкты Сыйпага алып барып берди. Кайрадан келип, өзү кандай кийим кийсе, баланы да ошондой кийинтип, өзүнүкүндөй окшош ат мингизип, үч күнү алып жүрүп тыңытып кол кармашып, достошот да: — Мен тез кетейин, ошондой зарыл жумуш чыгып калды, Сыйпа канышаны сүйлөткөн мен элем. Үйүмдө аялым бар, аны кыялбадым, Сыйпаны сен ал. Сыр билгизбей кызга баргын, ашык сүйлөбө, сөз айтса сөзүнө жараша жооп бер, тезирээк алып кайт, — деп бала менен коштошуп, обозгердин кызы кете берди. Бала болсо Сыйпа кызга барат. Сыйпа каныша себин сексен төөгө жүктөтүп, күң жана кулдарын алып, бала менен жөнөйт экен. Обозгердин кызы болсо, мурунураак келип, жүдөңкү тартып үйүндө отуруп калат. Бир аз күндөн кийин кандын баласы Сыйпа кызды алып келип, өзүнчө өргөө көтөртүп, чоң той берет. Мурунку аялын болсо: «Кет, селпейген каракчы десе, дале кете элек тура» деп уруп кирет. Ошондо обозгердин кызынын ачуусу келип Сыйпага барат: — Мен бир сандыкты аманат таштадым эле, ошону мага бериңизчи — деп, сандыктын ачкычын койнунан сууруп алат. Сыйпа кыз болсо оозун кармап, өзүн сүйлөткөн ушул келинчек экенин билет да, сандыкты алып келип, таазим кылып алдына коет. Обозгердин кызы сандыкты ачып, элден мурун баланын самтыраган кийимин сууруп чыгат. Анда бала: — Бул эски кийим меники эмес бул чач менен тырмак да меники эмес, — деп танат. Обозгердин кызы: — Сыйпаны кантип сүйлөтүп алдың айтчы? — дегенде унчуга албай жер тиктейт. Ошол жерден бала менен Сыйпа кыз экөө тең обозгердин кызынын бутуна жыгылып, бүт бийликти ага берип, үчөө ынтымактуу болуп жыргап жатып калышкан экен.
АКЫЛДУУ КЫЗ (2-вариант)
Бир заманда Сарыбай деген кырк жыл кан болуптур. Күндөрдүн биринде элин чогултуп; «Кырк жыл кан болдум, көрөр күнүмдү көрдүм, ичээр суумду ичтим, өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, менде аласаңар болсо айткыла, көзүмдүн тирүүсүндө берип кутулайын. Көзүм өткөндөн кийин баарыңар чогулуп, ичиңерден бирөөнү кан көтөрүп алгыла» деди. Эли: «Жок, сиз өзүңүз коюп кетиңиз, сиз бизге кырк жыл кан болдуңуз, сиздин сөзүңүздү угабыз» дешти. Сарыбай кан: «Жок, өлүүнүн сөзүн тирүү сыйлабайт дептир, мен өлгөндөн кийин сөзүм дагы өлөт» деди. Эл көнгөн жок: «Канды өзүңүз көтөрүп кетсеңиз экен» деп, чуулдап туруп алышты. Ошондо Сарыбай кан: «Менин он бир жыл жолдош болгон ак шумкарым бар, мен өлгөндөн кийин үч күнгө чейин тамак жебей, канатын какпай жатат. Төртүнчү күнү элди жыйып, шумкарга жем берип учурсаңар ал бирөөгө конот, ошол адамды кандыкка көтөрүп; ак шумкарды канга бергиле менин арманым артымда бала калган жок, болбосо, ак шумкар элди айланып учат беле, бирөөнүн колуна өтүп барат беле?» деди. Арадан көп күн өтпөй Сарыбай кан өлдү, ак шумкар айтканындай үч күнгө чейин жем жебей, канат какпай аза күтүп жатты. Ошондо эли чогулуп төртүнчү күнү ак шумкарга жем берип учурушту. Ак шумкар элди айланып жүрүп акыры бир койчуга конду. Айрымдары «койчуну кандыкка көтөрбөйбүз» деп чыр кылышты. Айылдын аксакалдары «Сарыбайдын тирүүсүндө убадабызды берип сураган элек, айтканыңызды орундатабыз деп ишендиргенбиз, Сарыбай өлгөндөн кийин баштагы сөзүбүз боюнча ак шумкарды учурдук, ак шумкар койчуга конду, койчуну кандыкка көтөрөбүз» дешти. Аксакалдардын сөзүн эл жактап, койчуну кандыкка көтөрүшүп, ак шумкарды канга берди. Койчу адилдик менен эл сураган түзүк кан болду. Колунда жок кембагал кишилерге мал бөлүп берип, казынадагы кийимдерден таратып берип турду. Бирок кан ар жума сайын казынага кирип ыйлап чыгуучу. Эл мунун себебин түшүнө албай, бир күнү: «Каным эмне үчүн казынага кирип ыйлап чыгасыз?» деп сурап калышты. Ошондо кан: «Казынада көп дүнүйө бар, суйсалган түлкү ичиктер бар, жыйылган атилес, шайы бар, алтын, күмүш баары бар, ошонун ичинде менин койчу убагымда кийген, колго алгысыз жыртык жамачылуу эски кийимим да бар, мен ошону көрүп ыйлап жүрөмүн» деди. Эли: «Баракелде, кан, али ошонуңузду унутпай жүргөнүңүзгө ыракмат» дешти. Кан бир топ жылдарга чейин эл сурап турду. Бирок аял алган жок, байлардын, чоң кандардын кыздарын көңүлүнө жактырган жок. Эли канга келип: «Сиздин бойдок жүргөнүңүз жакшы болбойт, артыңызда ордуңузду басар бала калсын, бала калбаган Сарыбай канды көрбөдүкпү?» дешти. Кан бул сөзгө көнгөн жок, эли кандын оюна койгон жок. Ошондо кан айлындагы кыздарды чогултуп, үч ооз табышмак айтты: «Күн батыш менен күн чыгыштын ортосу нече күндүк жол, асман менен жердин ортосу нече күндүк жол, калп менен чындын ортосу нече күндүк жол? » жандырмагын жандырып келүүгө үч күн мөөнөт берип, «тапсаңар да, таппасаңар да күнүгө эки маал келип жооп айтып тургула» деди. Кыздар табышмакты таба алышпай, күндө эки маал кандын үйүнө чубап барып кайтып жатышты. Бир күнү талаадан отун алып жүргөн чор таман кедейдин чолок этек кызы: «Эжекелер, күндө эки маал чубайсыңар, кайда барып жүрөсүңөр?» деп сурап калды. Анда бир кыз: «Эминеден айланасыңбы, отунуңду алганды билсеңчи» деди. Экинчи бир кыз: «Койчу, бул байкуш дагы угуп калсын деп, кандын табышмагын айта кетти. Үч күн мөөнөт берди эле, үчүнчү күнү бүттү. Таба албай бара жатабыз» деди. Кедейдин кызы: «Эжекелер, мен дагы силерге кошулуп барайын?» деди. Кыздар кошуп ээрчитип алышты. Кан: «Табышмакты ким тапты?» деп сурады. Кыздардын эч кимиси үн чыгарбастан турушту эле, кедейдин чолок этек кызы тура калып: «Каным, табышмагыңызды мен чечтим» дегенде, кан: «Чечкениңди айтчы?» деди. Кыз: «Күн чыгыш менен Күн батыштын ортосу күн үчүн бир күндүк жол, анткени, күн эртең менен чыгып, кечинде батат, жолдо конуп-түнөп жүргөн күндү көрбөдүм. Экинчи табышмагыңыз: «Асман менен жердин ортосу каш менен кабактын ортосундай, анткени, кашыңызды көтөрүп өөдө карасаңыз асман, кабагыңызды түшүрүп ылдый карасаңыз жер көрүнөт деди. Үчүнчү табышмагыңыз: «Калп менен чындын ортосу төрт гана эли, кулак менен укса калп, көз менен көрсө чын, кулак менен көздүн ортосунда төрт эли ыраактык бар» деди. Кан табышмагын таптырып жиберип: «Эми бир үч ооз табышмак айтайын, ошо табышмакты тапкан кызды алам» деп, табышмагын айтты: «Кордук деген эмине? Муңдук деген эмине? Зардык деген эмине?» Дагы үч күн мөөнөт берди. Кыздар үйлөрүнө барып, күндө эки маал келип бир да бирөө табышмакты чече албай убара болуп кайтып жатты. Үчүнчү күнү кан кыздардан табышмагын сурап, табалбагандары үчүн кыздардын башын алмакчы болду. Ошондо мурунку табышмакты тапкан кедейдин чолок этек кызы туруп: «Каным, сөзүңүзгө кулдук, табышмагыңызды таба албай калган үчүн кыздарда эч айып жок, баарыбыздын башыбызды алганы жатасыз, ичибизден таап кетсе, бардык кыздар ажалдан калган турат, бирок ал кызды сиз чанганы турасыз» деди. Кан: «Жок, бир сөзүм эки эмес, табышмакты туура тапкан кызды алам» деди. Анда кедейдин чолок этек кызы: «Эмесе мен таптым» деп чече баштады: «Кордук деген — оору болот, Муңдук деген — өлүм болот, Зардык деген — жокчулук деген сөз каным» деди. Кан табышмакты тапканына ыраазы болуп, ал кызды жанына алып калып, калган кыздарды үйлөрүнө жиберди. Кыздар: «Ажалдан калдык» деп, сүйүнүшүп үйлөрүнө кайтышты. Кан кедейдин кызын жакшы кийиндирип, нике кыйдырып аялдыкка алып: «Эми ургаачы да болсоң, акылдуу экенсиң, башка бирөөгө акыл үйрөтпө, акыл үйрөтүп койсоң, анда экөөбүз эрди-катын болбой калабыз» деди. Бир күнү кандын бир жигити күнөкөр болуп, айласы кетти, айылдагылар «кандын аялына барып айтсаң, акыл таап, ошол куткарат» дешти. Жигит кандын аялына муңканып келип: «Канга күнөкөр болуп калдым» деп акыл сурады. Аялдын боору ооруп, жигитке акыл үйрөтүп: «Кимден үйрөндүң десе, мен экенимди айтпа» деди. Жигит аялдын үйрөткөн акылы менен кутулуп кетет. Аны кан билип: «Ким үйрөттү, айткын, айтпасаң өлтүрөмүн» дегенде, коркконунан: «Сиздин аялыңыз айтты эле» деп, чынын айтып берди. Кан аялына келип, «убадабыз бар эле, мен ыраазы болоюн, сен мага ыраазы болгун, аздыр-көптүр жолдош болуп бирге турдук, эми менин тактымды кой, тажымды кой, андан башка сүйгөнүңдү алып кет» деди. Аялы: «Жакшы болот, бул сөзүңүзгө ыракмат, мен бир тамак жасайын, бирге олтуруп ичели, андан соң кетейин» деп тамакты жедирип, арак берип, канды мас кылып уктатып, тактысын, тажысын калтырып, эки аргымакты арабага коштуруп, канды арабага салып, даңгыр жол менен чаң ызгытып, коңгуроону шарактатып алып, жөнөйт. Бир шаарга барганда кан көзүн ачса, аялы жанындаөзү бир башка шаарда жүрөт. Кан чочуп кетип: «Ой, мени эмне кыласың?» десе, аялы: «Каным, сөзүңүз эки болбосун, тактымды кой, таажымды кой, башка сүйгөнүңдү ал дедиңиз, таажыңызды, тактыңызды калтырдым, андан башка сүйгөнүм сиз экенсиз, сизди алып келдим» деди. Кан өзүнүн сөзүнө жыгылыштуу болуп, аялы менен бирге туруп калган экен.
ҮЧ УУРУ
Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчиууру: -Мен жанда жок уурумун-дейт. Экинчи ууру: -Мен жанда жок баатырмын-дейт. Үчүнчү ууру: -Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,-дейт. Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна: -Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,-дейт. Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга: -Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,-дешет. Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз: -Жүр, кеттик,-деп атка минип жөнөшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип: -Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы? -Ата казынасы кыз,-деп жооп беришет. Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:
Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!- дейт. -Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?-дейт. Ченчи: -Атыңдан түшүп, батыраак кара,-дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат. Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:
Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,-дейт. Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып: -Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?!-деп жакадан алат. Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей: -Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,- деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: “Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү”-деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет. Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп: -Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,-деп кызды баатырга берет.
ЖООМАРТ
Илгери, илгери бир кандын үч вазири бар экен. Бир күнү вазирлерин сынамак үчүн кан: -Вазирлерим, менин силерге бере турган суроом бар, кандай адам жоомарт болот? Малдуу, бай адам жоомарт болобу? Силер мага айтып бергилечи,-деген экен. -Дүнүйөсү көп болбосо, малы жок болсо, эч кандай адам жоомарт боло албайт. Малдуу жоомарт болот. Колунда жок болсо, кандай мыкты адам болсо дагы, мен жоомарт боломун деп, аракет кылганы менен боло албайт,-дешет. Андан көп күндөр өткөндөн кийин кан жаман кийим кийип кайырчы болуп, “вазирлерин сынап көрөйүн деп, бир күнү түндө бир вазиринин үйүнө барат. Үйүнө кирип барганда эле вазири кабагын бүркөп: -Эмне кылып жүрөсүң, кет,-деп кыйкырат. Кайырчы болгон кан босогодо ыйлап туруп: -Тамагым жок, батамды берейин,-дегенде вазири ичкен тамактын калдыгы калган экен ошону берет да: -Кеткин,-деп жиберет. Андан кан чыккандан кийин, дагы бир вазиринин үйүнө барып, кайырчы болуп тамак сурайт. Ал вазир дагы: -Кеткин,-деп тилдеп, кургап калган нандын калдыктарын берет. Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур. -Эмне кылып жүргөн кишисиң?-деп сурагаңда, кан айтат: -Мен кайырчымын, кайыр тилеп жүрөмүн. Силердикине жатайын деп келдим,-дегеңде жигит эшикке жүгүрүп чыгып: -Кайырчы аке, кетпеңиз, биздин үйгө жатыңыз!-дейт. Анан жигит энесине: -Бүгүн алып келген койлорубуздун бирөөнү союп, кайырчыны конок кылалы,-дегенде энеси макул болот. Кайырчыга келип: -Сизди сыйлап, бир коюбузду союп берели дедик эле, сиз ыраазылыгыңызды бериңиз,-дегеңде кайырчы болгон кан: -Койду кайдан алдыңар, коюңар көппү?-деп сураганда жигит: -Мен бир байдын малын багып жүрүп, бир жылдык акым үчүн беш кой аддым эле. Ошол койлорду бүгүн алып келип, койду кызык көрүп жатпай карап олтурдук эле,-дейт. Анда кайырчы кан: -Мен койдун жүрөгүн гана жечү элем. Бир кой сойсоң, бир койдун жүрөгүнө мен тойбойм, этин жебейм,-дейт. Анда жигит, эшикке жүгүрүп чыгып, энесине: -Эне, кайырчы жүрөк гана жейм дейт. Бир койдун жүрөгүнө тойбойм дейт. Кайырчыга беш коюбузду тең союп, жүрөгүн берели, кайырчы бечара тойсун, этин өзүбүз жеп, же сатарбыз,- дегенде энеси макул болот. Жигит беш коюн тең соёт. Беш коюнун беш жүрөгүн салып, кайырчы ыраазы болсун деп бышырып берет. Кайырчы бир гана жүрөгүн жеп: -Мен өзүм жүрөктү бул жерге олтуруп жалгыз жеп алганым болбойт, балдарым ач, балдарым менен бирге олтуруп жейин,-деп калган төрт жүрөгүн үйүнө алып кетмекчи болот. Анда жигит: -Мейлиңиз, ыраазы болсоңуз болду,-дейт. Кан түн боюнча башка кишилерге көрүнбөстөн өзүнүн кандык ордосуна барып, жигиттин берген төрт жүрөгүн вазирлердин берген нандын кургаган калдыктарын жана башка артып калган тамактарын алып барып, кан отурган жериндеги сандыгына салып коет. Бир нече күндөн кийин, кан эки вазирин чакыртып алып, кой союп жүрөгүн берген жигитти да чакыртат. Кан вазирлерден: -Марттык эмнеде, дүнүйөдөбү же адамдын өзүнүн сөөгүндө бүткөн марттык болобу?-деп сураганда вазирлери: Марттык дүнүйөдө болот. Кимдин дүнүйөсү көп болсо, ошол март болот,-дейт. -Силердин дүнүйөңор барбы, же жокпу?-деген кандын суроосуна вазирлери: -Биздин дүнүйөбүз өзүбүзгө жетиштүү. Дүнүйөбүз арбын,- дейт. Вазирлерине кан ачуусу келип: -Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо, тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет белеңер,-деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт. -Мына март деп, мен үйүнө барганда малай жүрүп, алып келген беш коюн союп, жүрөгүн бышырып берген ЖИГИТТИ айт,- деп кан эки вазирин ордунан түшүрөт: -Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот! Ошентип хан малай жүргөн жигитти вазир кылып алат.
ЖООМАРТ ЖАНА АДИЛ
Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген хандар өткөн экен. Жоомарт хан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул хан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, “ач, жылаңачтар жокпу” деп жүрүп өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келе жатса, суу ичип жаткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт “бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен”, деп ал эшекке күмүш жүгөн катып алып барып, өз сарайына бактырып коет. Ошол эле мезгилде Адил деген кара кылды как жарган “бул алыс, тигил жакын” дебеген хан болгон экен. Сурак сураганда “өзүмдү көрсө сүрдөнөт, сөзүнөн жаңылат, же кошомат кылат”, деп суракты көшөгөнүн ичинде олтуруп алып, жүзүн элге көрсөтпөй сурачу экен. Бул эки хандын вазирлери, кеңешчилери эки ханды бири бирине ушактап, чагымдап олтуруп, экөөнү уруштурат. Ошондо Жоомарт хан элине “Адил хандын колу көп экен, силер бөөдө кырылып каласыңар, андан көрө мен качып кетейин, силер кол көтөрүп багынып бергиле, ошондо кырылбай эсен каласыңар”,-дейт да качып кетет. Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Ошол ыштыкка жакын жерде бир бечара аялы менен жашайт экен. Бул экөөнүн эл орунга олтургандагы сөзүн далдаадан уккан Жоомарт, алардын үйүнө түн жамынып кирип келип:
Элиңерде эмне жаңылык бар?-деп сурайт. Ал бечаралар:
Эки хан урушуп, Жоомарт хан качып кетиптир. Адил хан “Жоомарт ханды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде беремин” деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка жаңылык жок,-дейт. Жоомарт хан: -Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир митаам, же бир зөөкүр таап алып ханга алып барып, анын алтынын алып жыргайт. Андан көрө силер менин эки колумду артыма байлап, мойнума чылбыр салып, бириң жетелеп, бириң шыйракка чаап айдап, ханга алып баргыла да, анын алтынын алып убай көргүлө,-дейт. Анда тиги бечаралар: -Сизди жалдыратып алып барып көргөн оокатыбыз курсун, ушул эле оокатыбыз жетет,-дешет. Жоомарт: -Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Адил болсо менин каныма забын болот,-дейт. Жоомарттын сөзүнө макул болушуп, эки бечара аны бири жетелеп, www.bizdin.kg бири айдап ханга жөнөшөт. Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да: -Бул ким?-дешет. Эки бечара: -Бул баягы качып кеткен Жоомарт хан, кармап алдык, ханга алып баратабыз,-дейт. Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Жолдо баратканда дагы башкалар алардан жулуп алып кетишет. Ошентип олтуруп Жоомартты Адил ханга 20-чы киши жетелеп барат. Адил хан Жоомартты зынданга салдырып: -Ким алып келди?-деп сурак кылат. -Жоомартты мен алып келдим,-дешип баягы биринен бири жулуп алышкан жыйырма киши чуулдашат. Адил хандын жигиттери Жоомартты зындандан чыгарып келишет. Адил хан ким кармап келгенин сурайт. Мени булар алып келишкен жок, мени кармап сизге алып келатканда мына бул кишилер кемпир, чалдан зордуктап тартып алышкан, эмгек мына бул бечаралардыкы деп, кемпир менен чалды көрсөттү. Адил хан кемпир, чалга Жоомарттын салмагындай алтын берет. Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт. -Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат,-дейт Адил хан. Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Адил хан “ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы”, дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.
СЫЙКЫРДУУ САКА
Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт. Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир. Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: “Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим-кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем”,-деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет. Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата-энесине айтпайт. Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага www.bizdin.kg айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат. Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: “Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел”,-дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» ,-деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат. Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.
ЖЕТИМ БАЛА
Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат. Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч киши отурат. Бала: -Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат. -Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат. Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы асманды көздөй алып, сызып жөнөйт. Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт. Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат. Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы көрүп: -Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет. Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк төөлүк кылып кулатат да: -Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер: -Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет. Чарчаган бала катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот. Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. “Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн”, – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээнталаа, эрме чөлгө келет. Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт. Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. “Кандай болсо да ушул жерде бир адам бардыр”, – деп бала тамдын түбүнө жатып уктап калат. Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып байкап: -Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен. Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат. Абышка: -Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан келдиң?-деп сурайт. Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет. Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп: -Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул жерден эми кетишиң кыйын,-дейт. Анда бала: -Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат. Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет. Бир күнү бала отуруп: “Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе уурдайын”,-деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда абышка:
Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала болбойт. Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, ЧатырКөл бар экен. Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине конуп, адамзаттай тил кирет. Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу: -Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу көгүчкөн: -Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү: -Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын мурунунун жыттуусун!-деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй сулуу кыз болуп калат. Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет. Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен. Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да: -Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң. Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да, мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,- деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин алган чалга барышат. Ошондо чал балага: -Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасыперилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле “адамзат жыттанын калыптырсың”, деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет. Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет. Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып, караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап салат. Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып, сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо перилердин падышасы, кыздын атасы: -Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди. Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына алып келди. Ошондо кыздын атасы: -Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук берди. Бала: -Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,- деди. Анда кайын атасы: -Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап ак таруу берип: -Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди. Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет. Колуктусу: -Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала: -Ээ эмнесин билейин, “ак таруу менен кара тарууну экиге бөл”, деп буйрук кылды атаң,-деди. Анда колуктусу: -Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди. Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду. Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп: -Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да күчтүү кызмат берди. -Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп, күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып ойноп турсун,-деди. Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып: -Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда кыз: -Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп, иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды. Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип: -Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,- деди. Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды. Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңуп, андан да катуу буйрук берди. “Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал. Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу, кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал”- деди кыздын атасы. Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да аткарды. Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип, кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады. Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты. Ошондо кыздын атасы каарын төгүп кыздын соңунан түштү. Кыз менен жигит атасынын келерин билип, шумкар менен көгүчкөн кебин кийип, зымырап катуу учту. Алпкаракуш менен күркүрөп, аркырап жетээриңде, шумкар менен көгүчкөндү куйругунан сермеп өтөрүндө, шумкар менен көгүчкөн перилердин чегинен чыгып, адам болуп, адамзаттын эл-жерин көрдү. Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: “эл аралап, алжайын билип келейин”-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Жигит келсе, кыз катуу жарадар болуп жатат. Өлөрүндө кыз күйөөсүнө:
Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Мени күн чыкканча кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң,- деп кыз керээз айтты. -Ошол тилиңди аткарам, таң атканча карап турам. Үстүңө алтын күмбөз курам. Өмүрүм өткөнчө ушул жерде өзүңө кызмат кылам,-деп жигит убадасын берген. Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду. Каардуу кайын ата каарданып колун сунду. Жибек чачтан бармакка ороп, кыз менен жигитти башка урду. Ошону менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп тынды.
БАЙДЫН ЭРКЕ БАЛАСЫ
Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акыддуу болот. Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу: -Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө. Анда күйөөсү: -Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт. Анда келинчеги: -Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса, анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,-дейт. Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты – Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты – Жалын экен. Ошентип бала оокат кылып жүрө берет. Күндөрдүн биринде Адыл: -Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең – деп баладан сурайт. Анда бала:
Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы,-деп сырын айтат.
Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт. Анда бала: -Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт. Ошондо Адыл: “А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын”,-деп ойлонуп калат. Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе, баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат. Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:
Коноктун атын жайла,-дейт.
Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:
Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт. Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен. Андан кийин келин балага: -Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. “Куш коңгуроо чалбасын муну байка”, дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен. Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда келин тура калып конокко карап:
Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
Бу да сиздин насибиңиз, – деп эки сындырым нанды конокко таштайт. Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат. Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен. Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур алакан үйгө келет. -Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн көрсөтөйүнбү?-дейт аялы. -Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, – дейт. Анда келин: -Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат. Ошондо баягылар: -Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин: -Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар: -Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала баканда илинип турат. Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: “Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели”, – деп түнү менен качып кетишет. Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап калган экен.
СУЛУУ КЕЛИН
Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып: -Экөөбүз баш кошсок кандай болот?-ден сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат. Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап: -Ай, сенин өңүң эмне саргарат?-дейт. Аңда берки жигит: -Билбейм!-деп жооп берет. Анда дос житити: -Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың,-дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: “Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын”,-деген ойго келет. Анда берки дос жигити: -Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз,-дейт. -Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба,-дейт. Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп: -Сенин айтканың чын экен,-деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу: -Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар. Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт. -Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап!-деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал,-дейт. Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Баланы ороп: -Эмне кылам,-деп баягы досуна барат. Ошондо досу: -Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!- деп колуна бир куура кестик берет. Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт. Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот. Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт. -Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай?- деп сурады. Аңда сулуу аял алган жигит: -Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет. Аңда досу айтат: -Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет,-дейт. Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. “Темир үйдүн ичин кызын-тазын кооз кынат. Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт. Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен.
ЗЫЙФЫРЫМ
Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен. Күн өткөн сайын кандын уулуна: “Өзү кандын баласы болуп туруп вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес”,-деген сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини келип, аялын ура баштайт: Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип: -Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?-деп сурады. Кыз мурун айтпай коюп, үчүнчү жолу сураганда араң айтат. Жеңеси кыздын энесине айтат. Энеси: -Сени антип жүрсө, Мисир падышасынын Зыйфырым деген атагы чыккан кызы бар, күйөөңдү ошого барып кел деп жумша,-дейт. Вазирдин кызы күйөөсүнө айтат. Ал эртеси бир ат минип куржунга кымбат баалуу мүлктөрүн салып алып, жолго чыгат. Бир нече күндөн кийин суунун жээгине келип олтурса, суудан килем жамынган эки жигит, бир кыз болуп чатыраш ойной башташат. Муну көрүп турган кандын уулу келип: -Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт. Алар бир ооздон: -Сен деле кел кыйын болсоң жекеме жеке ойноп, бизди утуп алгын. Эгер уттурсаң мал-мүлкүн биздики болот,-дешет. Кандын уулу макул болуп, алар менен ойноп уттуруп жиберет. Жөө сандалып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, араң Мисир шаарына келип Зыйфырымдын үч шартын угат. Көрсө, падышанын кызы: “Эгер кимде-ким мени бир түндө үч жолу сүйлөтө алса, мен алдынан кыя өтпөй, өмүр бою кызмат кылам. Эгер «сүйлөтө албаса, өлүмгө буйрулат”,-деп жар чакырткан экен. Кандын уулу Зыйфырымга келип, нечен түрлүү айла-амалын кылып сүйлөтө албай коюп, шарт боюнча дарга асылмак болот. Ошол мезгилде кыздын энеси келип: -Кызым, көп эле кишини даргага астырдың, ушул жигиттин канын кечирип мага бер, мен малай кылып алайын,-дейт. Кыз ага макул болот. Ошол мезгилде жигиттин өз жеринде калган аялына жеңеси келип: -Өзүң вазирдин кызы болсоң, ура берүүчү күйөөң деги жок. Ээнэркин, эми неге көңүлүн пас?-деп дагы сурайт. Анда кыз: -Жаман да болсо баркырак төөнүн бары жакшы экен. Күйөөм үйдө эле жүрө берсечи, эми кайра аны сагынып, санаам тынбай кайгырып жүрөмүн. Ага барып келбесем болгудай эмес эми барууга даярданып жатамын,-дейт. Ошентип кыз эркекче кийинип, ак калпакты баса кийип, мүлкүн алып, атка минип, камданып алып жолго чыгат. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп баягы күйөөсү келген сууга келет. Килемчен эки жигит менен колуна чатыраш кармаган кыз теректин түбүнө келип, эки жигит, бир кыз болуп ойной башташат. Аны көргөн кыз аларга карап: -Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт. -Андай болсо кел, сен биз менен жекеме-жеке ойноп жеңип ал, кыйын болсоң, эгер женилсең мал-мүлкүн биздики,-дешет. Вазирдин кызы ойноп аларды утуп алат. Утулгандан кийин алар: -Биз үчөөбүз тең перинин уул-кыздары болобуз. Бир маал ушул теректин түбүнө келип эс алабыз. Себеби, бизди энебиз ушул теректин түбүндө төрөптүр,-деп сырларын айтышат. Анан алар тиги “жигиттин” кайда, эмне иш менен баратканын сурашат. “Жигит” өзүнүн бара турган жери менен максатын айтып берет. Ошондо баягы перинин уул-кыздары: -Аңда сенин ишиң оор экен, ага биздин падышанын уулдары да барып, сүйлөтө алышпай өлүмгө дуушар болушкан. Сага биз жардам берели, балким жеңип кетерсиң, өлүмдөн калып.-дешет. Биз үчөөбүз кыздын бөлмөсүнө кирип бирөөбүз керебет, бирибиз олтургуч, бирибиз сандык болуп кубулабыз. Сен кирип кызды сүйлөтө албаган соң: -Зыйфырым, капкалуу шаарымды, туулган жерим менен өскөн элимди таштап, атайын бир өзүң үчүн келсем неге унчукпайсың, ушунчалык жүрөгүң таш беле, жок дегенде, Керебет, сен сүйлөсөң боло!- деп мени таягың менен бир чаап койгун. Ошондо мен сага сөз сүйлөйм. Аны тескери чеч. Ошентип калган экөөнүкүн дагы оң чечпей, тескери чечип жооп бер,-дешет. Алар айткандай эле кызга келип сүйлөтө албаган соң, керебетти бир чаап перинин кызынын сөзүн кайталайт. Керебет сүйлөй баштайт: -Мурун Мухарам деген падыша болгон экен. Анын үч уулу болуп, күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: “Силер мага кымбат баалуу бир нерсе сатып келгиле. Мен алардан силердин акылыңарды билгендей болоюн”,-дейт. Үч уулу Шам шаарына келип, улуусу жер үстүн заматта айланып чыга ала турган ат, ортончусу бүт аалам көрүнүп тургудай көзгө, кичүүсү жыттатып койсо, өлгөн адамды тирилтчү алма алып келишет. Алар:”Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип көрөлү”-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп, жаңыдан койгону даярдап жаткан экен. Кандын балдары кеңешип: “Алдыбызда ааламды айланып уча турган ат, өлгөндү тирилте турган алмабыз турса, биз падышанын кызын тирилтип алып келбейбизби”, дешет. Үчөө туура көрүшүп падышанын кызына барып тирилтип алышат. Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет. Кызды ким алышы керек?-деп керебет суроо менен бүтүрөт. -Андай болсо, кызды күзгүнүн ээси алышы керек, ал болбосо көрүшмөк эмес,-дейт бала. Ошондо Зыйфырым чыдай албай: -Жок, кызды алманын ээси алышы керек, күзгүдөн көрүп ат менен келген менен алма болбосо ал тирилмек эмес -деп жиберди. Ошол замат он эки капкасынан тең Зыйфырым дын бир жолу сүйлөгөндүгү жөнүндө кабар берилет. Экинчи жолу бала отургучту чаап сөзүн кайталайт. Ал да сүйлөй баштайт: -Бир кемпирдин балтыр бешик баласы болуптур. Күндөрдүн биринде уулунун сүтү түгөнүп калып, кемпир базарга барып, сүт алып чуркап келатса, бир айры куйрук жыланды илип алып, көтөрүп учуп бара жаткан болот. Жылан уусун кулгуп, бир тамчысы кемпирдин алып бара жаткан сүтүнө таамп калат. Муну кемпир билбейт. Үйүнө келип баласына берер замат баласы өлөт. Күнөө кимде?-деп отургуч сөзүн суроо менен бүтөт. Бала дароо: -Күнөө кемпирде. Себеби ал сүттүн үстүн жаап койгондо уу түшмөк эмес,-деди. Анда Зыйфырым: -Жок, күнөө айры куйрукта. Ал жыланды асманга алып учпаса, сүткө уу таммак эмес,-деп жиберди. Шаардын бардык тарабына Зыйфырымдын экинчи жолу сүйлөгөн жөнүндө кабар берилет. Бала үчүнчү жолу сандыкты чаап сөзүн кайталаганда, ал да сүйлөй баштайт. -Бир токойду баш кесер каракчылар уюктаган. Ошол жердин каны менен вазиринин балдары бир күнү каракчылардын колуна түшүп калышат. Кандын баласы эч нерсе билбеген, вазирдин баласы кыйын айлакер болот. Алар ал жерден эптеп амалын таап бошонуп чыгышат. Ал жерден ким алып чыкты, кимисинин эмгеги көбүрөөк экен?-деп сандык сөзүн суроо менен бүтөрөт.
Кантсе да кандын баласы эмеспи, аны өлтүрө да алышмак эмес, ошол үчүн кое беришти,-деди бала. Анда Зыйфырым үчүнчү жолу: -Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак,-деди. Ошол замат кандын кызынын үч жолу тең сүйлөгөндүгү жөнүндө шаардын капкасына чейин кабар угулуп, Зыйфырым баягы убадасы боюнча жигитке тиймек болду. Ошондо вазирдин кызы элди жыйып: -Тойго шаардын ичинен бир да адам калбай келсин,-деди. Эл жыйналгаңда:
Бир да адам калган жокпу?-дейт Зыйфырым. -Баягы энем өлүмдөн алып калган кызматчы жигит калды,- деди. Жигит аны да алдырып келип, өзүнүн күйөөсү экенин тааныды. Анын чачын алдырып, алган чачын жоолукка түйүп, сууга түшүртүп, самсаалап жыртылган кийимин чечиндирип, аны да куржунга салып, жаңы кийим кийгиздирди. Зыйфырымды жигитке бермек болду. Бирок вазирдин кызы кайрылып: -Менин жеримде өзүмдүн зайыбым бар. Мен бул жерге Зыйфырымга келгендерди өлүмдөн куткарып калыш үчүн гана келгемин. Көп жигиттердин арасынан аман калган мына бул жигитке Зыйфырымды берели,-дейт. Кан макул болот. Кыз күйөөсүнөн мурун келип, эркек кийимин чечип, өзүнүн кейпине келет. Кандын уулу Зыйфырым менен жашап калат. Кыз билмексен болуп жүрөт. Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө. -Кана, сен бул жерден кеткенде жалгыз ат, бир куржун оокат менен кеттиң эле, эми кандын кызын кантип алып келдиң?-деп күйөөсүнө суроо берет. Анда күйөөсү: -Кыздын шартын аткарып, бир түндө үч сапар сүйлөтүп алдым,- дейт. Аялы: -Кантип сүйлөттүң?-дегенде жооп бере албай калат. Ошондо туруп элге куржундагы баланын чачы менен кийимдерин көрсөтүп, болгон окуяны айтып берди. Зыйфырым муну угуп: -Мен өз антым боюнча үч жолу сүйлөткөн кишинин айтканын аткарып, кызматын кылам, мындан ары буга аял болбойм, өмүр бою кызга жолдош болуп кызматын кылам,-деди. Ошентип, алар өмүр бою эң жакшы жолдош катары өз өмүрүн өткөрүп жашап калышкан экен.
ЭКИ БИР ТУУГАН
Илгери өткөн заманда бир хандын катыны өлүп, андан эки бала калыптыр. Хан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы кеткенде, хандын аялы: -Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,-деп ханга даттана баштайт. Хан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине: -Ыраак барып башын алып салгыла!-деген буйрук берет. Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. “Атаңа көрүнбө, эгер көрүнсөң, бизди өлтүрүп коёт. Биз өлтүрдүк деп кийимиңди алып баралы”,-деп эки жигит жөнөп кетишет. Байкуш бала айласыздан ыйлап кала берет. Бир убакта агасы оюна түшөт да, анын кеткен жагын, көздөй жөнөйт. Бала ыйлап бара жатса, агасы астынан чыгып, болгон иштин баарын ага айтып берет. Агасы аябай жаны кейип инисин кучактап алып ыйлап, “экөөбүз мындан көрө тентип өлөлүк” дейт дагы атын кырк жигитке берип, экөө ыраакы жолго түшүшөт. Жүрүп олтурса, жакын жерден эч бир айыл көрүнбөйт. Тоого жетип, бир чоң таштын түбүнөн суу таап ичип, эс алып уктап калышат. Уктап калып турса, иниси такыр ойгонбойт. Көрсө өлүп калыптыр. Агасы баягы жерде ыйлап, эмне кылар айласын таппай, башына бир чүкөдөй алтын коюп: баланы ким көмсө, ошол алсын, – деп жазып жүрүп кете берет. Жүрүп отуруп жолдон бир абышка-кемпирге кезигет. Ал абышка кемпирдин тамагына тоюп, бир аз эс алат да, баягы абышкага: -Менин жолдогу инимди чамаңар келсе, көөмп кетсеңер экен,-деп жалынат. -Макул деп абышка ал балага жол көрсөтүп берет. Бала жүрүп олтуруп бир шаарга барса, элдин баары кейип ыйлап олтурушат. -Эмне кейип жатасыңар?-деп сураса: -Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп жатат,-дейт. -Мен ажыдаардан силерди сактап калсам, ханыңар мага хандыгынан түшүп береби?-дейт. Баланы ханга алып барса, хан макул дейт. Ал балага ажыдаардын тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот. Ошентип ажыдаарды көндүрөт. Бала хандын тагына отуруп калат. Эми абышка-кемпир жөнүндө сөз кетсин. Алар өлгөн баланын жанына келгенде, бир жылан чыгып, абышка менен арбаша кетет. Абышка жыланды өлтүргөндө тиги балага жан кирет да: -Катуу уктап калган экемин,-деп тура келет. -Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы,-деп абышка түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат. Бала жүрүп олтуруп, агасы келген шаарга туш болот. Шаардын четиндеги бир алачыкка келип, шыкаалап караса, бир абышка-кемпир, бир кызды алмак-салмак өөп, ыйлап олтурушат. Бала салам айтып кирип барат. Барып сураса, “ушул шаарда бир ажыдаар бар, ошого түтүн сайын бир кыз, бир койдон берүүчү элек, эми кезек бизге келди”,-деп ыйлашат. -Эмесе мага тамак бергиле, мен барайын, бир кылыч таап келгиле,- дейт. Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Эртең менен хандын эки жигити тамагын алып келсе, ажыдаар өлүп, жанында бир бала жатат. Ал тамак алып келген эки жигит баланы чала-була өлтүрүп, көлдүн жээгине алып барып көөмп салып, “ажыдаарды биз өлтүрдүк” деп ханга чаап барышса, хан көп алтын берет. Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат. Кемпир абышкасын чакырып, экөө сууруп алса – баягы бала. Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы көпкө, багып жүрүшөт. Бир күнү базарга барса, баягы эки жасоол аны көрөт да, ханга: -Бизди бир бала тилдеди,-дейт. -Анда бул баланы дарга астырып ташта,-дейт. Баланы асмак болгондо, көп кербенчилер,кезигип: -Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт,-деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: -Мен силерди өзүм алып чыгайын,-дейт. Кербен башы макул болот. Бала чыпалагын канатып, аларды суудан өткөзөт. Кенбенчилер балага төрт төөнүн жүгүн беришет. Ал андан ары карай жүрүп олтуруп, бир шаардын базарына барса,бир бала: -Төрт төөнүн жүгү,-деп бир үкөктү арабага салып жүрөт. Бала баягы үкөктү сатып алып ачса, бир сулуу кыз олтурат. Ал сулуу кыз баягы баланын башынан өткөргөндөрүнүн баарын сурап, жазып алат. Кербенчилер менен четке чыкканда, алар: -Сен эмне алдың?-деп сурашат. Бала кызды көрсөтөт. Кызды көргөндө, алардын арасында талаш болуп, баланы үкөккө салып, сууга агызып жиберишет. Бала агып бара жаткан жеринен бир абышка кармап, үкөктү ачса – бала, аны бала кылып алат. Кербенчилер кызды талашып олтуруп, ханга барышат. Ханга барышса, кыз баягы жазып алган кагазын ханга берет. Хан байкап, эки жасоолчу жана кербенчилерди жонунан кайыш тилдирип, дарга астырып өлтүрүп, баланы издетип, кызга таптырып берет.
БУЛАРДЫН КАЙСЫНЫСЫ ЧОҢ
Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,-деп кичүү баласына: -А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,-дейт да, өзү жүрүп кетет. Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды. -Буга эмне болду?. Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?- деп сурады агасы инисинен. -Жок, муну атам гана билет. Эки бир тууган жолдун боюнда өткөн-кеткенден өгүз канткенде чөп жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка өтүп: -Өгүзүңөр чөп жебесе, суусап калганы ошол, эртең Ала-Көлгө жетелеп барып сугаргыла,-деди. Атасынын тапшырган ишин аткарбаганын кичүүсү ошондо гана эстеди. Көрсө, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир. Эртеси өгүздү Ала-Көлгө алып барып сугарды эле, ал көлдү бүт ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү. Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты. Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: “Күн азыр ачык эмес беле” деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Абышка үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап көзүнүн кычыгынан бир нерсени алып ыргытты. Көрсө, көлдү жуткан өгүздүн далыcы экен. Арадан бир нече күн өткөндө кербенчилер:
Ушул жер түз жер экен,-дешип кыз ыргыткан далынын үстүнө жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып баратканын сезишти. Карашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү атып жибергенде, түлкү жыгылып калды. Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү. Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту. Аңгыча жолоочу катын жетип келди да: -Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен сыйрып алайын. Жаңы төрөлгөн балам бар, ошого тумак чыгар,-деди. Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жеткен кербенчилер: -Ала коюңуз,-дешти. Катын ат үстүнөн туруп эңип алды да, бастырып кетти. Кана, ойлонуп көргүлөчү: өгүз, көл, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?
ТААН ПАДЫША
Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Бир күнү кылтагына таан түшүп калат. Бала барып таанды чыгарып алайын десе, таан кадимки кишиче балага карап: -Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең берейин мени бошот. Атам падыша. Төрт түлүктүү малы бар. Азыр коеберсең, жети белес ашам, ошого чейин карап тургун да, мен ашкан белес менен бара бергиң. Төрт белес ашкандан кийин биздин жылкыга жетесиң. Ал жерге түнөп алып, андан ары сурай-сурай бара бергин. Атамдын жайыл супарасы бар. Анын мааниси, касиети “жайыл, супарам, жайыл” десең түрдүү оокат даяр болот. Ошону атамдан сурап алсаң, энең экөөң ошону менен оокат кыласың,-дейт. Ошентип бала таанды кое берип, кылтагын көтөрүп алып, энесине айтпастан, Таан падышаны көздөй жөнөйт.Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп төрт белеске келет. Төрт белестен ашкандан кийин жылкычыларга жетет. Ал жерге түнөп, эртеси уюн коюн, эчкисин, төөсүн көрүп, көңүлү тоюп, күн бата Таан падышанын үйүнө кирип барат. Бала салам айтып, Таан падышанын очогунун боюна отурат. Ошондо Таан падыша баладан: -Кайдан “келдиң, атың ким, атаң ким?-деп сурайт. Анын сөзүнө жооп бергиче, кылтакка түшкөн Таан баланы тааный коюп: -Мени өлүмдөн куткарган ушул бала болучу. Эмнени сураса, ошону бергин,-дейт атасына. Бала “жайыл супараны” сурайт. Таан падыша бергиси келбей: -Төрт түлүктүү малдан ар биринен тогуздан берейин,-дейт. Бала болбостон тура берет. Таан падыша: -Бербеймин,-деп башын чайкаганда, Бала Таан: -Менин досума сураганын бербейсиң!-деп күйүп турган отко түшө калат. Ошондо Таан падыша ары карап ыйлап, бери карап күлүп аргасыздан “жайыл супараны” балага берет. Бала коштошуп, жайыл супараны көтөрүп алып, энесине келип, “Жайыл супара, жайыл!” десе, бардык оокат супарада даяр болот. Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.
МИҢБАЙ, ЖҮЗБАЙ
Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен. Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту: -Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби,-деди. Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат. -Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым але, түшүмү таап бер,- деп урушту. Жүзбайдын баласы да карап турбастан экөө бешимден урушкан кечке чейин урушту. Акырында Жүзбайдын баласы: -Эмне түш көрдүң, айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?-деди. Миңбайдың баласы: -Каадалуу түш дейт тура, башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде, карышкыр кырган кой каадалуу бекен?-деди. Жүзбайдын баласы: -Сатасыңбы түшүңдү,-деди. Миңбайдын баласы: -Сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын,-деп убадалашты. Жүзбайдын баласы: -Карышкыр канчалык коюңду кырды экен, батырак санагын,-деп санаттырды. Миңбайдын баласы коюн санаса туура жүз коюн кырыптыр. -Жүз коюм өлүптүр, жүз коюңду берип аласыңбы?-дейт. -Алдым, саттым береке,-деп кол алышып кечинде үйлөрүнө кайтып кетишет. Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды. Жүзбай тура калып: -Кокуй балам, коюң кана?-деди. Баласы: -Атаке, түшкө сатып жибердим,-деди. Жүзбай: -Ал эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?-десе, баласы күлүп жиберип: -Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз тууган түшкө саттым, атаке,-деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жеринде келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп баласын кубалады. -Эгер койду таппай үйгө келе турган болсоң, ичиңди жарып, башынды итке салбасам менин Жүзбай атым өчсүн – деп атасы ачууланып кала берди. Бала айлап, күндөп жүрүп олтурду. Башы таз болду, курсагы ач болду, ошондо асманда учуп бара жаткан каргага карап айтты: -Карга аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, бир кайыр этиңиз,-деп колун каргага сунган убакта, карга айтат: -Ошондой бол, таз балам! Коюңа салган чөптү жейин десем жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, сага чала,-деп өтүп кетти. Мындан кийин үстүнөн бир топ көгүчкөндөр өттү. Буга да: -Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, сен бир кылчы кайырды,-деп колун сунду.Көгүчкөн: -Ошондой бол, таз балам, кар буркандап жамгыр жааганда, жем издеп кокус мен барсам, тузак тартып ата энемди, бала-чакамды кармап алгансың. Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми көргөнүң!-деп өтүп кетти. Канаттуудан айла болбогондой кийин бала жүрүп олтуруп, бутун шилтей албай, каруусу калбаганда “өлсөм дагы адам жатпас дөбө деген дөбөгө жетип этимди карга, кузгун жесин” деп, башына таяк жасап, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: “Тур, атка мингин”, деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артын караса түрү суук бир таз бала атына минип келе жатканын көрүп, саадагын сууруп атайын деп, кайра ойлонуп: “Никем ушуга буюрган экен” деп тура калып башына дары сыйпап, жети күндө капкара кундуздай чач чыгарды. Бул адам Күлгакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Сейит чал дегендин Өмүраалы деген уулуна тиймек болуп, убадасын берип, ушу түнү адам жатпас дөбөгө Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи болгон экен. Өмүраалы бир күн эсебинен жаңылып калып, ал күнү келбей калыптыр. Кыздын аты Айымсулуу экен. Ал буйрук экен деп баягы таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек. Бир нече күндөн кийин Айымсулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке: -Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр,-деди.Чыныбек: -Анда эң жакшы түш, эмесе мен аны өлтүрөт экемин,-деп Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казан болуп, ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Өмүраалы кырк жигити менен келип: -Кокуй, Чыныбек таз ушул окшойт, сабагыла – десе, жигиттери: -Адам баласы кантип үй, от болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин тамагынан жебей кетсек жолубуз болбойт,-деп түшө калып казандын кырк кулагынан кармап чыгарайын дегенде, казан жарылып кетип, Өмүраалы баш болуп кырк жигити күйүп өлүп калышты. Чыныбек так үшүнтүп, айла менен өлтүргөнүн Айымсулууга айтып берди. -Эми уулунун артынан Сейит чал келет,-деп Чыныбек таз Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп кубулуп жүрдү. Сейит чал көрөрү менен Чыныбек таз экенин билип, тайлакты кармап алып үйүнө алып барып чөгөрүп, темир казыкты еркөчүнө кагып: -Келинимди таап, баламды тиргизип бергин,-деп боздотуп кыйнай баштады. Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду. Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип: -Айланайын аке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын кыйнабасаң, бу деле кудайдын бир макулугу турбайбы,-дешти. Сейит чал: -Кыздарым, баламдын түбүнө жеткен чунак ушу,-деп ансайын тайлакты ура баштады. Эки кызы: -Атаке, тайлагыңызды бизге бериңиз, Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө сугаралы, эгер суудан ичсе тайлак экени чын, ичпесе адам баласы – Чыныбек таздын нак өзү болот. Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз,-дешти. Сейит чал тайлакты кыздарына бербей койду эле, эки кызы таарынып мойнуна аркан тагып “муунуп өлөбүз” дешип атасын коркутушту. “Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын”, деп тайлакты кыздарга бере салды. Кыздар жетелеп Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө жетишти. Тайлакты сугармакчы болгондо Чыныбек акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп кетти. Эки кыз алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, тилдерин жебиретип, атасына ыйлап келишти. -Ырас эле куйту таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти,-деди. -Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле,-деп эки кызын ээрчитип Сейит чал сууга келип, сууну ууртап коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек жөргөмуш болуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту. Жылкычы чымчыкты тырпыратып, кыздарын кыңшылатып, мээсин чукуп, көзүн оюп өлтүрүп таштады. Чыныбек турумтай болуп учуп кетти. Чыныбек Айымсулууга келип:
Эми эл-журттуу жерге барып, оокат кылалы,-деп Кара хан дегендин жерине келишти. Экөө чөп алачык кылып алып, айылдын четинде турушту. Бир күнү хан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Хан кушун бир коёнго салса, албастан айланып учуп, Чыныбектин чөп алачыгына конуп олтуруп алды. Хан келип: -Ой, үйдө адам болсо чыгып кушумду алып бергилечи,-деди. Айымсулуу Чыныбекти карап: -Хан келди, батыраак чыгып кушун алып берчи,-деди. Чыныбек: -Өзүң деле алып бере койбойсуңбу, хан жутуп коймок беле сени,- деп кекетип койду. Айымсулуу кушту алып бере коеюн деп, эшикке чыга калды. Хан Чыныбектин аялынын сулуулугуна эси ооп аттан кулап түштү. Айымсулуу: -Ушунча хан болуп туруп киши көрбөгөн экенсиз,-деп аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди. Хан Айымсулууга ашык болуп, кандайча колго түшүрөрүн билбей, бир күнү Чыныбекти чакырып алып: -Чыныбек баатыр, бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да эриккендирсиң, көптөн бери тим жатып мен да эриктим. Ат сайышып жашынмак ойнойлу,-деди. Чыныбек: -Макул, нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?-деди. Хан: -Үч күндөн болсун, менден башталсын,-деди. Хан жашырынды, таз ары-бери күйпөлөңдөп чуркап жүргөнүн Айымсулуу көрүп: -Эмне кылып жүрөсүң?-десе, -Ханды карап жүрөмүн-деди. -Кайдан карайсын? -Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын да! Айымсулуу наараазылык сөз катты: -Булардан таба албайсың, ат байланган сарайда чоң ак эркеч турат, ушуну сакалдан алып сабасаң, хан өзү туруп келет. Айтканыңдай ал эчкини сабаса, “Чыныбек баатыр, мөрөй сеники” деп тура келди. Хан экинчи күнү жашынганда Чыныбек ары карап, бери карап, таба албай жүргөндө, Айымсулуу чакырып алып: -Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессең өзү туруп келет,- деди. Чыныбек чуркап барып, өзөгүнө чейин теректи кессе, “мөрөй сеники Чыныбек баатыр” деп, хан ордунан туруп келди. Үчүнчү күнү хан жашынганда Айымсулуу Чыныбектен: -Ханды кайдан табасың?- деп калат. -Анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти сабап, жардын алдындагы теректи кессем өзү эле келбейби!-деди. Айымсулуу: -Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Үйдүн тегерегинен ханды алты жыл издесең да табалбайсың,-деди. Чыныбек он эки четин таяк, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда жаткан кара буураны бакылдатып жыйырма төрт таягы сынганча сабаганда: -Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп ордунан туруп келди. Хан: -Эми Чыныбек баатыр сен жашынган,-деди. Чыныбек кап менен кементайды көтөрүп алып чуркаган бойдон Айымсулууга келди да: -Мен алачыктын артына жашынайын, сен ханга айтпагын,-деди. Анда Айымсулуу: -Кокуй, сен кууратканы жүргөн турбайсыңбы?-деп, Чыныбекти оймок кылып сөөмөйүнө салынып, көйнөгүнүн этегин кайып олтуруп алды. Хан ары карап, бери карап таба албай, айласы кеткенде: -Чыныбек баатыр, мөрөй сеники, бери кел,-деп чакырды. Чыныбек колдон түшүп, хандын жанына келди. Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Хан ары-бери карап таба албай, айласы кетти. Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп чакырды. Чыныбек: Жаныңызда олтурсам көрбөйсүз,-деп тура келди. Үчүнчү жашынганда Айымсулуу ийне кылып Чыныбекти жакасына сайып койду Хан ары-бери карап, таба албай айласы кеткен соң:
Мөрөй сеники, Чыныбек баатыр, кел,-деди. Чыныбек дагы оодунан туруп келди. Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып аялын бербей койду. Хан бир күнү эли-журтун жыйнап: -Ким Чыныбектин аялын алып берет?-деп жар чакырды. Ошондо оозунда тиши жок, алтымыш жаштагы бир кемпир: -Таксыр, ханым, мени он беш жаштагы балага алып берсеңиз, мен алып берейин, аны “Ит-Ичпестин Ала Көлүнөн суу алып кел, хан ооруп жатат, дарысы ошол суу экен,-десек барат,- үч күндөн калбай келгин, кала турган болсоң, аялың хандыкы дейбиз. Ал сууга барган соң үч күн эмес, үч жылда да келбейт,-деди. Хан бул ойду туура көрүп, Чыныбекти чакырып, бир көнөк берип:
Ит-Ичпестин Ала-Көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң, аялың меники болот,-деп буюрду. Чыныбек макул болуп көнөктү алып, үйүнө келип, Айымсулуу менен акылдашып, үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын жыйып, күнү бүткөндө ханга алып-барып берди. Хан Ит-ичпестин Ала-Көлүнүн суусу деп ичип, соо жанын оорутуп алды. Кан төшөктө жатып, элдин тынчын алып күндө жыйын, күндө той кылып жар салды.
Ким Чыныбектин аялын алып берсе, ошону тилегине жеткизем,- деди. Анда бир чал:
Каным, мага он бештеги кызды алып берсеңиз мен алып беремин. Чыныбекти жаян балыкты өлтүрүп, бир жак кабыргасын алтын уук кылып, жети күндө кел, жети күндө келбесең аялың хандыкы болот дейбиз. Жаян балыкка жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе да, жаян балык жутуп коёт,-деди. Хан тазды чакыртып алып: -Жаян балыктын бир жак кабыргасын алтын уук кылып кел, жети күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, аялың биздики болот,-деди. Чыныбек бул сөздү дагы аялы менен акылдашты. Айымсулуу жаян балыктын аксак тору атын семиртүү үчүн алган экен, ошол атты Чыныбекке миңгизип: -Чолок кара кылычты, алтын сепкен жоолукту, алтын коңгуроону, алтын шакекти алып бар,-деди. Чыныбек макул деп айткандарынын баарын алды. Айымсулуу асман менен түн ичинде учуруп жиберди. Чыныбек барса, жаян балык суунун түбүндө ойноп жүргөн экен. Жеткенде алтын коңгуроонун үнү чыкканда жаян балык тору атымды аламын деп, суудан башын чыгарганда, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп узарды. Кылыч менен жаян балыктын башын жара чапты. Бир жак өрөөнүн торуатка кырк бүктөп салып, асман менен учуп, сегизинчи күндө үйүнө келип түштү. Жети күндөн ашкандан кийин:
Айымсулууну аламын,-деп хан калкын жыйнап нике кыймакчы болуп жатканда, Айымсулуу жети катар темир үй болуп, жатып калган экен. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда, Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды. Айымсулуу угуп, сыйкыры менен жаккан отту хандын үйүнө көчүрүп, өзү Чыныбектин жанына бирге отуруп калды. Бүткүл эл журт таң калып, эси кетип коркушту. Мындан эки-үч күн өткөндөн кийин дагы хан калкына жар салды, анда бирөө: -“Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар, ошону алып кел”, деп жиберсек, Чыныбек сөзсүз өлөт, жолдо ажыдаарлар көп,-деди. Чыныбектин аялы алардын сөзүн угуп, күйөөсүнө айтты: -“Хан канча күндө келесиң” десе, “күнү-түнү он күндө келемин” деп, жылкынын артында сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал,-деди. Эртеси эле хан Чыныбекти дагы жумшады. -Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жарай турган киши жок, канча күндө келесиң?-деп сурады. Чыныбек баатыр: Күнү-түнү он күндө келейин,-деп баягы жылкынын артындагы жаман кунанды алды. Ал тулпар экен, кунанын аялына алып кедди. Аялы багып тулпар алына келтирип: -Кечинде жатып эртең менен мойнуңа куруңду салынып баргын, ал элик чынар теректин түбүндө жуушап жатат. Арканыңды үч тегеретип ыргытып, өзүң көрүнбөй келе берсең, элик өзү барпаңдап алдыңан чыгат,-деди. Баатыр тулпарын минип кетти. Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти. Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү. Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты. Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды. Чыныбектин келерине бир күн калганда, хандын бир вазири келип Айымсулууга: -Жүрүңүз, баатырдын ашын берели,-деди. Эртеси баатыр эликти жетелеп келип хандын колуна берди. Хан айласы кетип, оорумуш болуп төшөккө жатып, Чыныбекти чакырып, Гүлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберди. Айымсулуу бир кат жазып! Чыныбекке берди: -Жолуңан бир кемпир жолугуп туякка айран куюп берет. Оң колуң менен айранды алгын, сол колуң менен катты бер,-деп айтты. Бир нече күндүк жолдон кийин кемпирге жолугуп, оң колу менен айранын алып, сол колу менен катты берди. Кемпир окуп: -Менин үч кызым бар эле, бербеске ылаажым жок, сенин албаска ылаажың жок экен,-деди. -Эми мен кыздарымды чакырам,-деп бир кудуктун жанын көрсөттү. -Ушу жерге менин үч кызым учуп келет, кичүүсү кийин келет, кичүүсүн өн кийиминен таанып алсаң болгону,-деди. Кемпир ышкырып кыздарын чакырды. Үч көгүчкөн учуп өттү. Кичүүсү артынан келди, Чыныбек кичүүсүнүн кийимин жаасы менен түшүрө атты. Кыз Чыныбектин жанына учуп келип, кийимин сурады эле Чыныбек бербеди. -Эгер сен мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин,-деп Чыныбек туруп алды. Айласы кеткенде кыз макул болду. Кемпир төрт шакекти төрт жагына ыргытты эле, тиги жактан, бу жактан тегереги тең жактан “той болот” деп чуулдашып көп кишилер келди. Той берип, элди ыраазы кылып, батасын алып, калкына күйөөсүнүн даңкын жайып Гүлгаакынын гүлүн берип узатмакчы болду. Узатаарында кыз энесине: -Төрт шакегимди бермейинче барбаймын,-деп, ордунан турбай жатып алды. Айласы кеткенде кыйылып туруп, кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп араң берди. Кызы алгандан кийин Чыныбек менен жолго түштү. Үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Чыныбектин Айымсулуусуна келип: -Жүрүңүз, Чыныбек баатырдын ашын берели,-деди. Айымсулуу: -Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди. Эртеси Чыныбек баатыр колуктусун алып келип калды. Гүлгаакынын гүлүн ханга берди. Хан Чыныбектин колуктусун көрүп андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды. Колуктусу алып келген төрт шакегин төрт бурчка ыргытты. Эл батпай баягыдай чогулду, келген кишилерди хан көрүп “бу кайдагы эл” деп чочуду. Чыныбек баатырдын колуктусу ханга: -Сиздин элиңизге эл, журтуңузга журт коштук, зыяны болбос,-деди. Хан элди көрүп: -Эми ушуларымды өлгөн атам көрсө, эч болбогондо өз кулагы менен укса, менин ушунчалык көп элимдин бар экенин жана хан экенимди билдирейин,-деп Чыныбек баатырды жибермек болду. -Чыныбек баатырым, сен элден-журттан ашкан баатыр болдуң, мен белгилүү, акылдуу ханың болдум. Бул дүйнө жүзү бизди билет. Эми тиги дүйнөдөгү элдер дагы бизди билсин, сен менин өлгөн атама барып, менин хан болуп турганымды, элимдин көптүгүн айтып атамын өзүнүн колунан кат жаздырып алып кел,- деди. Чыныбек: -Бир дөңгөч, он аркан даярдап бериңиз, күнү-түнү менен барып келем,-деди. Үйүнө келип өзүнүн сүрөтүн тартып дөңгөчкө байлап, ай батып, жылдыз толуп турганда аркан менен дөңгөчтү учуруп жиберди. Убагы бүткөнчө хандын атасынын жазуусундай кылып Айымсулуу менен кийинки колуктусу үчөөлөп катты жазып, ханга алып барып берди. Хан катты окуп ыйлап: -Мени атам келип кет дептир. Чыныбек өзүңдөй кылып мени учургун,-деп кыйнады. Чыныбек элинен кыл аркан жыйып, ханды кабыргасынан кан тамганча катуу таңып, тоонун башынан ылдый карай учурду. Бир күн-эки күн өткөн соң Чыныбек баатыр хандын аялына барып: -Жүрүңүз хандын ашын берели,-деди. Аялы Чыныбек баатырдын Айымсулуусун туурап: -Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди. Ханы тоодон учуп коктуга түшүп, атасынын барган жерине барып өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш берип, аялын алып, элижуртун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып жүз койго алган түшүн айтты. -Башыма күн, аягыма ай, орто жериме чолпон жылдыз чоң тууган түш,-деп айтып берип, ата-энеси менен жыргап ушул убакка чейин дүйнөнүн түбүндө, жер жүзүнүн үстүндө жашап жатышкан экен.
АБЫЛАЙ ЖЕТИМ
Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен:
Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт. -О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен. Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетти. -Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле? -Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу. -Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем. -Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып сүйүнүп келди. -Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси. -Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле? -Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды.. Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга ойной баштады. -Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир. Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду. Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга: -Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет,-дейт. Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти. -Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди. Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди. Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтты. Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу ыраахаттануучу болду. Күндөрдүн биринде вазир канга кедди: -Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет. Анда кан: Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди. Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды. Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү. Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берди.
Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң. Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн кайым болду. Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү. Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты. Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду. Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты. -Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат. Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып, Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди. -Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,- дейт энеси. Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө: -Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди. Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп: -Бул эмне тамак?- деди Абылай: -Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле. Дөө муну укканда айран калды. -Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду. Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту. Саламдашкандан кийин:
Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты. Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү, күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады. -Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди. Чал катуу чочуду.
Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?
О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди. Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп, канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген жок.
Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин. Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөздү. -Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет,-деп кайталады падыша. Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл: -Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди. Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга салынды. -Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди. Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү. Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди. Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын калганына кан чатак кылды. Анда бала: -Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем,-деди. Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан: -Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың,-деди. Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди. -Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң. Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр. Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.
Кыз-Күйөө
Илгери-илгери бир бай болуптур. Анын жалгыз кызы бар экен. Кыздын сулуулугуна Ай менен Күн да суктанышчу дешет. Кызды малай жигит жактырып калат.
Кыздын атасы экөөнүн үйлөнүшүнө каршы болгондо, кыз-жигит качып жөнөшөт. Бай алардын артынан куугунга жигиттерин жиберет.
Эки жаш бир бийик тоого чыга качышат. Бирок куугунчу жигиттер алардын изин байкап калышып, кармаганга жакын эле калышат. Куугунчулар эми жетип кызды кармай турган болгондо, колдорун бекем кармашкан кыз-жигит тоодон кулап кетишет. Алардын сүйүүсүнөн тоо тең экиге бөлүнүп кетет.
Эгерде тоонун чокусунан караса, бул тоо жүрөккө окшош болуп көрүнөт дешет. Бул жердин эмне үчүн Кыз-Күйөө деп аталып калышынын себеби ушундай.
Абышканын көчөтү
Абышка көчөтүн отургузду.
“Бул алманын сага эмне кереги бар? Бул мөмө бергенче өзүң жашабайсың го» дешти.
Абышка аларга:
«Мен жебесем башкалар жейт. Мага ыракмат айтышат», деп жооп берди.
Акылдуу кыз
Илгери бир хан болгон экен. Хан элине эки суроо берет. Таттуунун таттуусу эмне? Ачуунун ачуусу эмне? Бул суроолорду табууга кырк күн убакыт берет. Чече албасанар кыргын салам дейт.
Абышканын кызы атасын ханга жиберет. Таттуунун таттуусу бала. Ачуунун ачуусу ажал 60лот деп айтыңыз. Ошентип акылдуу кыз элди кыргындан сактап калыптыр.
Арман ай жомогу
Аудиосун угуу
Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле “арман ай” деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:
– Сен дайыма эле “арман ай” деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, – деген экен.
Ошондо карыя:
– Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, – дейт.
Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:
– Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.
Мен эми: “Жырткычтар жеп кетеби?” – деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.
Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:
– Үңкүрдөгү адам бери чык!- деди.
– Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен.
– Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем, – деп ал чапкан бойдон кайра кетти.
Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:
– Сен эмне болуп жүргөн адамсын? – деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:
– Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин, – деп чу коюп жөнөп кетти.
Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:
– Атка мин! – деди. Атка миндим.
– Эй, жигит, мен кызмын, кыз “экенимди ата- энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. – деди.
Жүрүп кеттик. “Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?”- деп кете бердим.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:
– Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы,- дедим.
Жигит:
– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди. Мен болбой:
– Киринели дей бердим.
– Мейли, мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, – деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай! – деп сөзүн аяктады.