Илгери бир кан өзүнүн обозгери менен күнүнө ит агытып, куш салып, талаага
чыгуучу экен. Күндөрдүн биринде экөө адатынча уудан келе жатканда, кан
обозгерине: «Экөөбүздө тең бала жок, кудай берип аялдарыбыздын боюна бүтүп,бири эркек, бири кыз төрөсө, куда бололу, экөө тең кыз, же уул болсо,
достоштуралы» дейт. Обозгер макул болуп, жакшы тилекке кошулат.
Айтканынд ай экөөнүн тең аялынын боюна бүтүп, кандын аялы эркек,
обозгердики кыз төрөйт экен. Анан экөө молдодон окуп, кат таанып, чоң молдо болуп чыгышат. Бала менен кыз окуп жүргөндө чатыраш ойногонду үйрөнүшөт.
Экөө тең бойго жеткенден кийин кан менен обозгер эски убадаларын эске
алышып, бала менен кызды баш коштуруп коюшат.
Күндөрдүн биринде кандын уулу ит агытып, куш салып сейилдикке чыгат.
Көлгө барып өрдөккө кушун салса, куш өрдөккө карабастан, токойдун
арасындагы чөптөн жасалган алачыкка учуп барып конуп калат экен. Кандын
уулу куштун артынан сабап келип «үйдө киши барбы?» дейт. «Үйдө киши бар»
деп, бир зайып эшикке чыга калганда, кандын уулу: «Үйдүн үстүндөгү кушту
алып бер» дейт.
Анда тиги: «Сен андай эле кушуңду кишиге алдырып ала турган мырза болсоң,
өзүңдүн кол алдыңдагы обозгердин кызын албай эле койбойсуңбу? Кандын
уулуна кан кызы ылайык. Алыскы бир шаарда Сыйпа деген кыздын, бир түндө үч сүйлөткөн кишиге тиемин деген убадасы бар. Аралыгы бир айлык жол, ошону барып албайсыңбы? дейт. Кандын уулу кушун алдырып, колуна кондурат да, үндөбөстөн бастырып кетет.
Ошондон баштап кандын уулунун көңүлү бузула баштады. Катынын жаман
көрүп: «Кет эле, кет» деп, ур-бериге көп алуучу болду. Акыры бир күнү кандын
уулу жигиттерин ээрчитип, азык-түлүгүн мол алып, Сыйпа кыз деген падыша
кыздын шаарын көздөй жөнөп калат.
Жолдон азык-түлүгү түгөнүп, айлалары кеткенде, кандын баласы: «Буларды
ээрчитип жүрүп, талаада өлтүрсөм убал болор, андан көрө аты-тону аманыңда
кайтарып жиберейин» деп акыл ойлонуп, жигиттерине: «Эми мындан ары өзүм барайын, силер элге кайткыла» деп уруксат берет.
Жигиттери элине кайтып, өзү андан ары тобокелге салып жалгыз жөнөйт.
Бала жүрүп отуруп, азык-түлүгү такыр түгөнүп, акыры минген атын союп жейт.
Эки этекти кайра кыстарып, жөө-жалаңдап жүрүп отурат. Арып-ачып, өңдөн азат.
Аңгыча бел ашып, бир дөңгө
чыкса, бир шаардын чети көрүнөт. Ал күнү талаага конуп, эртеси керели кечке
жүрүп отуруп, өлдүм-талдым дегенде шаарга араң жетип, шаардын четиндеги уй баккан бир чалга кездешет. Чал:
— Ээ балам, кайдан жүрөсүң, эрдиң кеберсиген, этегиң түрүлгөн, сен ыраак
жерден келе жаткан баласың го?
— Ооба, ата ыраактан келе жатамын. Мен бир кандын баласы элем. Сыйпа кыз
деген падыша кыз бар дейт, ошону алайын дедим эле.
Чал баланы тамакка тойгузуп: «Оо, кокуй, аны сен ала албайсың, тетиги
Мунараны көрүп турасыңбы? Ал жалаң кишинин башынан куралып чыккан
Мунара. Эки-үч күн эс алып ал да кайра кет. Балам, тил алсаң койгун, бөйдө өлүм болосуң, ал кызды бир түндө үч сүйлөткөн киши гана алат. Бир түндө үч сүйлөтүп алабыз деп, нечен кандын сен өңдөнгөн балдары келип сүйлөтө албай, баштары алынып, жалаң баштан бир Мунара болгонун көрүп турбайсыңбы? Сен аны сүйлөтө албайсың» деди. Анда бала: «Ошонун кабарын угуп, сүйлөбөс Сыйпа кызды сүйлөтүп, аны аялдыкка алууга атайын келдим».
«Сыйпа кызга беттешпей кайра элге кантип барамын» деп чын сырын айтты.
Чал: «Айткан тилимди албай койдуң, эми кандын дарбазасынын алдына барып унчукпай тура бер. Бир убакта «эмне кылып жүргөн жансың» деп, ары жактан желдеттер келет. Ошондо өзүңдүн жумушуңду айт» деди.
Бала дарбазанын алдына барып турары менен эле эки желдет келди: — «Ой,
бала эмне кылып турасың? Сөзүң болсо айт? — Сыйпа кызды сүйлөтүп алайын
деп келдим! — Желдеттердин бири Сыйпа кызга келип: — «Таксыр каным, тиги турган кандын баласы экен, сизди үч сүйлөтүп алмакка келиптир» дейт. Сыйпа кыз:
— Мейманды үйгө кийирип, төшөк салып, ар түрдүү тамак аштардан алдына
койгула. Жакшы оокаттанып, ошол жерде эс ала берсин.
Желдеттер баланы ээрчитип барып, падыша Сыйпа кыздын айтканындай
жайгаштырышты. Болжолдуу убакыты болгон кезде «баланы чакырып кел» деп, Сыйпа кыз бир желдетти жиберди. Баланы Сыйпа кыздын алдына алып келет.
Бала ар түрдүү сөздөрдөн кеп урат, кыз унчукпайт. Ошентип, бала менен кыз таң атканча отура беришти. Баланын жини келип: «Жиндисиңби? Дудуксуңбу? Келесоосуңбу? дейт. Кыз такыр унчукпайт. Бала сүйлөтүүгө аракет кылып:
«Сенин ата-тегиң ким? Сени ким падыша койду? Кудай үчүн бир сүйлөсөң боло» дейт. Кыз такыр сүйлөбөй таң атырат.
Сыйпа кыз таң аткан соң желдеттерин чакырып: — Бу баланын башын алып
Мунарага кошкула, тулкусун баягы өргө таштагыла, — деп буйрук кылды. Эки
желдет баланы эки колунан алып дегдеңдетип баш алчу жерге алып бара
жатканда падыша кыздын музоо кайтарчу кемпири көрүп: — Муну кайда
алпарасыңар? деп сурайт. Желдеттер: «Өлтүрөбүз» дегенде кемпир:
«Айланайындар, кичине токтоп тургула, мен Сыйпа кыздан сурап музоо
кайтартып алайын, — деп жүгүрүп кетти. Кемпир Сыйпа кызга келип: «Ушу
баланы мага бер, музоо кайтартып алайын» дейт. Сыйпа кыз макул болот.
Кемпир баланы үйүнө ээрчитип келип, музоо кайтартып койду. Бала өлбөй,
аман калганына сүйүнүп, музоо кайтарып жүрүп: «Мен катын чанганды эмне
кылам, ит агытып, куш салып жүрө бербей эмне болдум?» деп, өз башын өзү
койгулап арман кылат. Бала ошентип, музоо багып жүрө турсун, эми сөз баягы
обозгердин кызы жөнүндө болсун. Баланын аялы бир күн ойлонуп отуруп: «Мени күйөөм жаман көрсө да, аз күнү жолдош болуп калдым эле, ошонун өлүүсүн же тирүүсүн билейин» деп, чачты төбөсүнө түйүп, эркекче кийим кийип, күлазыкты мол алып, бир жакшы атты минип алып, күйөөсүн издеп жөнөйт.
Обозгердин кызы нечен күн, нечен ай жол жүрүп, акыры аттан ажырайт да,
жарагын колуна көтөрүп алып, жөө жүрүп отуруп бир бийик белге чыгып эс алат.
Ошол жерде эки жакты карап отурса, чоң өзөндүн боюнда бүлбүл болуп бир
шаардын чети көрүндү. Ал күнү керели кечке жол жүрүп, күн батканда бир
терекке коноюн деп кайрылса, анын түбүндө алтындан оюп жасалган төрт
орундук, ортосунда бир чатырташ турат. «Эмнеси болсо да ушунда бир чоң окуя бар го, байкап билейин» деп ойлоп, теректин башына чыгып кетет. Жылдыз толгон убакта көлдөн эки эркек жанаша коюлган орундукка, кыз жалгыз орундукка келип отура кетишет. Аңгыча кыз: «Адам ээй, адамзаттын жыты жыттанат да», деп калды эле, анда берки экөө: «Адамзат биерге кайдан келмек эле, кудай тиккен чатырташ» деп коюшту.
Ошентип, баягы экөө чатырташка киришти. Бир канча убакыт өткөндөн
кийин, көпкө ойноп отурушуп, кыз эки эркекти утуп алат. Бирок тиги экөө
чырдашып, «оюндун шартын туура аткарган жоксуң» деп моюн беришпей турган болгондо обозгердин кызы:
— Ой, жигиттер, чырдашпагыла, кыз оюндун шартын туура аткарды, — дейт.
Үчөө чочуп кетип, теректин башын карай коюшса, бир адам отурат. Анда үчөө:
«Түш бери, сен эмне болгон жансың?» дешти.
— Мен адамзатмын, — деп обозгердин кызы теректен түшүп, үчөөнүн жанына
келет: Мен жайымды түшүндүрдүм, силер өзүңөр кимсиңер?
— Биз жиндин падышаларыбыз, үчөөбүз менен чатыраш ойнойсуңбу?
— Ии, ойносо ойнойлу, байге эмне?
— Биз утсак, башыңды алабыз, сен утсаң, тилеген тилегиңди айт, ошого
жеткиребиз.
Төртөө ойной башташат. Көпкө ойноп отуруп, баягы баланын аялы үчөөнү
чатыраштан утуп алат. Анда берки үчөө: — Эмне максатың бар, айткының,
орундаталы, — дешти.
— Сыйпа деген падышаны бир түндө үч сүйлөткөн киши алат деген кабарды
угуп, аны алсам деп, алыстан келдим эле, ошол кызды үч сүйлөтүүгө жардам
бергиле.
Тигилер: «Макул, жардам берели, сен бир табышмактуу окуя айтып, Сыйпадан
сура, ал сүйлөбөйт, ошондо биз тактанын астына жашынып жатып, тескерисин айтабыз, калыс кан эмеспи, чочуп кетип туурасын айтат. Ошондой акыл менен сүйлөтпөсөк, ал сүйлөбөйт, керек мезгилде биз даяр болобуз» дешип көлгө кирип кетишти.
Баланын келинчеги дагы бир күн жол жүрүп, араңдан зорго өлдүм-талдым
дегенде шаардын четине жетип, баягы чалдын чөп алачыгына кайрылат. Чалга салам айтат.
— Балам, бул элдин баласындай эмессиң, алыстан келаткандай түрүң бар, жол
болсун.
— Ата, Сыйпа деген падыша кыз бар экен. Ошонун шаары кайда ошол кызды
үч сүйлөтүп туруп алайын деп келе жаттым эле.
— «О, уу-у балам, ал кыздын керемети да, касиети да көп, Сыйпанын шаары
ушул, сен аны да ала албайсың, сага окшогон нечен төрөнүн, кандын өздөрү жана балдары келип сүйлөтө албай, жалаң баштан Мунара
жасалды. Кой, балам, тил алгын, да, бир топ күнү эс алып, кайра кет».
Аял чалга болбостон кан дарбазасынын эшигинин алдына барып турду эле,
бир убакта эки желдет чыга келди:
— Эмне кылып жүргөн жансың? Жумушуң болсо айт, анчейин жүрсөң айлыңа
кайт. Эркекче кийинген келинчек келген жөнүн айтып, Сыйпага жолуксам деп суранды. Эки жигит дарбазанын алдындагы чоочун адам сүйлөтөм деп алыстан келгенин Сыйпага билдиришти.
— Анда конок үйгө алпарып, тамактандырып, орунду жакшылап салып
бергиле, эс алсын. Күн баткандан кийин аны ордого алып келгиле, — деп буйрук кылды. Эки желдет Сыйпанын айтуусу боюнча мейманды жакшылап
жайгаштырышты. Аңгыча күн да батты. Мейман уктап, сергип алды. Бир маалда эки желдет келди:
— Сыйпа кыз сени чакырып жатат. Мейман «макул» деди да ыргып туруп, эки
желдеттин артынан жөнөдү. Жалаң каухар таштан салынган үйгө алып барса,
падыша кыз келип күтүп калган экен.
Мейман Сыйпа менен учурашып, аны алганы келгендигин айтты. Анда кыз
астейдил күлүп койду: «Мени бир түндө үч сүйлөткөн киши алат. Мени үч
сүйлөтө албасаңыз, башыңыз алынат». Берки: ал шартты билем, — деди. Кыз:
«Эмесе сүйлөтүүчү бөлмөгө киргин» дейт. Ошондо мейман мурда барып, кире
бериштеги кооз тактага отурду.
— Сыйпа кыз: — Ал такта меники, сиз тигинде өтүп отуруңуз, — деди.
Мейман: «Мен өлүүчү, же күйөө болуучу кишимин, ошон үчүн бир түн каалаган ордума отурамын — деп, көшөрүп отуруп алды. Ошентип Сыйпа падыша үн чыгарбай отуруп калды. Мейман ар түрдүү кептен баштады. Сыйпа түк унчукпайт. Түн ортосу жакын калганда «баякылар келгендир» деп болжоп,
аңгемени мындайча баштады: Илгери-илгери бир жыгач уста, бир темир уста, бир кийим тигүүчү, бир молдо болуп төрт адам жолоочу жүрөт экен. Ууру-бөрү күчтүү болгондуктан, кезек менен аттарды күзөтмөк болушат. Биринчи кезек жыгач устага тиет, ал эригип отуруп, жыгачтан кишинин түспөлүн жасап коюп, кезекти темир устага бериптир.
Темир уста аттардын жанына барса, бир киши турат, киши деп караса жыгач.
«Бул жыгач устанын көрсөткөн өнөрү экен» деп темир уста ага сөйкө, билерик,
шакек, мойнуна мончок жасап кооздоп туруп, кийим тигүүчүнү ойготуп, кезекти өткөрүп берет. Тикмечи барса бир кыз турат. Байкаса жыгач. «Жыгач уста менен темир устанын жасаган өнөрү экен» деп, мен да силерден калбайм деп не бир кооз кийимдерди тигип кийгизип жасалгалап, акыры кезекти молдого өткөзүп, уктап калат.
Молдо туруп аттарды аралап жүрүп, тикесинен турган бир адамды көрөт.
Чукул барса кыз, түртсө жыгылып калат. Ошондо молдо: «бул мага тигил үчөөнүн көрсөткөн керемети экен» деп дем салса, баягы жыгач кызга жан кирип, тил бүтөт экен. Эртеси «мен алам, сен албайсың» дешип, катуу талашып калышат.
Сыйпа падыша, айтыңызчы, кызды төртөөнүн кимиси алат? деп сурап калды эле, падыша кыз унчуккан жок.
Анда мейман: «Жандуу Сыйпа айтпаса, жансыз такта сен айтчы?» деп тактаны
бир салды эле, «Кызды жыгач уста алат» деген күңгүрөнгөн добуш чыкты. Ал
добуштан Сыйпа чочуп кетип: «Андай эмес, ал кызды жан салган молдо алат»,
деп жиберди. Сыйпа кыз «бир сүйлөдү» деп коңгуроо угулду. Бул кабар шаарга
дүңк дей түштү.
Экинчи аңгеме мындайча башталды. Илгери бир байдын жалгыз кызы
болуптур. Ошол кызга бир күндө үч кандын баласы жуучу жиберишиптир.
Кыздын атасы кимисине берерин билбей башы катып, ары-бери ойлонуп
туруп, үч күйөөгө: «Үчөөң үч түрдүү буюм алып келгиле, кимиңки артык болсо, ошонуңа беремин» деп үч күйөөнү кайра кайтартып жиберген экен.
Арадан нечен айлар, жылдар өттү. Акыры үчөө үч түрдүү буюм сатып келе
жатышып, бир жолдон кездешип калышат да, ар бири өзүнүн сатып алган
буюмунун касиеттерин айтышып мактана кетишет. Көрсө алардын бири алма,
бири килем, бири күзгү сатып алган экен. Алманын ээси: «Мунун касиети өлгөндү тиргизет» деди. Килемдин ээси: «Килемге олтурсаң, каалаган жериңе дароо жеткизет» деди. Күзгүнүн ээси: «Дүйнөдө эмне болуп жатса, ошону даана көрсөтөт» деди.
Анда үчөө: «Кана көрөлүчү, колуктубуз эмне болуп жатат?» деп, күзгүнүн
бетин ача койсо, үчөөнүн талашкан кызы өлүп, мүрзөгө койгону жатыптыр.
«Кана килемдин өнөрүн көрөлү» деп, үчөө килемге отуруп, дароо жетип
келишти да: «Токтогула, койбогула» деп, кызды мүрзөгө койдуртушпай, кайра
көтөрүп үйүнө алдырып келип, алманы мурдуна тийгизсе, кыз тирилип тура
калды. Ал жерден: «Мен аламын, сен албайсың» деп, талаш чыгыптыр. Кана
падыша кыз, айтыңызчы, аны үчөөнүн кимиси алат? деди эле, Сыйпа дагы
унчуккан жок. Анда обозгердин кызы: «Жандуу Сыйпа айтпаса, айткыла деп дагы тактаны бир салды. Ошондо: Жеткизген килемдин ээси алат» деп, тактадан үн чыкты. Анда Сыйпа падыша чочуп кетип: — Андай эмес, кызды тиргизген алманын ээси алат, деп сүйлөп жиберет. Аңгыча «Сыйпа кыз сүйлөдү» деп, экинчи жолу коңгуроо кагылып шаардагылар бүлүк түшүп калды.
Кандын баласынын келинчеги үчүнчү аңгемесин айта баштады.
Илгери бир кемпир кандын уюн саап, күнүнө канга эртең менен эрте сүт алып
барып берүүчү экен. Күндөрдүн биринде баягы уй саачу кемпир адатынча таң
заарынан сүт алып бара жатып, сүттү жерге коюп, бир жакка чуркап кетет.
Дал ошол убакта бир айры куйрук келип, бир жыланды жерден эңип алып,
кемпирдин сүтүнүн үстүнөн алып өтүптүр. Ошол мезгилде жылан заарын төгүп ийсе, сүткө келип түшүп калат экен. Кемпир билбестен сүттү алып келиптир. Кан сүттү ичер менен мүрт өлүптүр. Бул кандын өлүмү үчүн үчөөнүн кимиси айыптуу? Жооп берчи, Сыйпа? десе кыз унчукпайт. Ошондо кыз: — Бул канды кудай дудук кылып жаратыптыр. Мындан жансыз сен өйдөсүң, ким айыптуу?
Кана айтчы? деп тактаны бир салды эле: — Кандын өлүмү үчүн кемпир эле
күнөөлү, — деген үн чыгат. Адилет Сыйпа чочуп кетип: — Жок андай эмес, айры куйрук күнөөлү, — деп сүйлөп иет. Ушуну менен «Сыйпа падыша үч сүйлөдү» деп, коңгуроо кагылып, калкына кабар берилет.
Эл: «Кызды сүйлөткөн кандай ырыстуу неме болду экен, же сыйкырчыбы, бат
эле таң атып, күйөөнү көрсөк экен» деп, аябай таң калышты. Аңгыча таң да атат, эл жыйылып, кандын ордосуна келе башташты. Аял болсо Сыйпа менен
аркы-беркини сүйлөшүп отурду: — Менден башка сиздин колуңуздан аман
калган пенде барбы?
— Бирөө бар, аны уй кайтарган чалдын кемпири сурап алып кеткен, ал ошондо болууга тийиш. Обозгердин кызы Сыйпага кайрылды:
— Ушул өлгөн пенделерди бир сыйра көрүп чыгууга болобу?
— Эрк сизде.
Ошентип, обозгердин кызы өлгөндөрдү бүт кыдырып чыгат, бирок,
күйөөсүнүн башы көрүнбөйт.
Андан таппагандан кийин: «Мен үч күн бир жерге барып келем» деп коюп,
баякы Сыйпа кыз айткан уйчу чалдыкына барса, күйөөсү музоо кайтарып
жүрүптүр. Чач, тырмагы өскөн, адам сыпаты кеткен. Аны таанып: «Ата, ушул
музоо кайтарган балаңды мага сатыңыз, жалгыз элем, жолдош кылып алайын» деп жабышат. Чал макул болот. Баланын зайыбы чалдын сураган дилдесин берип, күйөөсүн сатып алып, шаарга келет.
Андан кийин баланын чач, тырмагын алдырып, жуунтуп, тазалап туруп, эски
кийимдерин, чач, тырмагын бир чоң сандыкка салып бекитип, ачкычты өзү
катып алат да, «ушуну бек каткын» деп сандыкты Сыйпага алып барып берди.
Кайрадан келип, өзү кандай кийим кийсе, баланы да ошондой кийинтип,
өзүнүкүндөй окшош ат мингизип, үч күнү алып жүрүп тыңытып кол кармашып, достошот да: — Мен тез кетейин, ошондой зарыл жумуш чыгып калды, Сыйпа канышаны сүйлөткөн мен элем. Үйүмдө аялым бар, аны кыялбадым, Сыйпаны сен ал. Сыр билгизбей кызга баргын, ашык сүйлөбө, сөз айтса сөзүнө жараша жооп бер, тезирээк алып кайт, — деп бала менен коштошуп, обозгердин кызы кете берди.
Бала болсо Сыйпа кызга барат. Сыйпа каныша себин сексен төөгө жүктөтүп,
күң жана кулдарын алып, бала менен жөнөйт экен. Обозгердин кызы болсо,
мурунураак келип, жүдөңкү тартып үйүндө отуруп калат. Бир аз күндөн кийин кандын баласы Сыйпа кызды алып келип, өзүнчө өргөө көтөртүп, чоң той берет.
Мурунку аялын болсо: «Кет, селпейген каракчы десе, дале кете элек тура» деп
уруп кирет. Ошондо обозгердин кызынын ачуусу келип Сыйпага барат: — Мен
бир сандыкты аманат таштадым эле, ошону мага бериңизчи — деп, сандыктын ачкычын койнунан сууруп алат. Сыйпа кыз болсо оозун кармап, өзүн сүйлөткөн ушул келинчек экенин билет да, сандыкты алып келип, таазим кылып алдына коет. Обозгердин кызы сандыкты ачып, элден мурун баланын самтыраган кийимин сууруп чыгат. Анда бала: — Бул эски кийим меники эмес бул чач менен тырмак да меники эмес, — деп танат. Обозгердин кызы: — Сыйпаны кантип сүйлөтүп алдың айтчы? — дегенде унчуга албай жер тиктейт. Ошол жерден бала менен Сыйпа кыз экөө тең обозгердин кызынын бутуна жыгылып, бүт бийликти ага берип, үчөө ынтымактуу болуп жыргап жатып калышкан экен.
ОБОЗГЕРДИН КЫЗЫ
Датасы: 13.01.2022