АККӨҢҮЛ МЕНЕН КАРАКӨҢҮЛ


Аккөңүл менен Каракөңүл эл кыдырып, жер кезип жүрүүгө сапарга чыгышты.
Аккөңүл бир атка сылай күл азык, Каракөңүл бир атка сылай күл азык жүктөп, кулак угуп, көз көргүс башка чет жерге жүрүп кетишет. Арасынан бир ай, эки ай өттү. Бирок, жолдо азык түлүктүн бары да Аккөңүлдөн болду. Каракөңүл азыгын да, акчасын коротпой Аккөңүлдөн жеп-ичип жүрө берди.
Каракөңүлдүн: «Качан сенин азыгың, каражатың түгөнгөндө меникин жейбиз, ага чейин сеникин гана түгөтөлүк» деген убадасы бар эле. Аккөңүл эчтемеден кабары жок бейкам жүрдү.
Бир убакта Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Кезек Каракөңүлгө
келди. Бирок, Каракөңүл ага азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болду, алы куруду.
Каракөңүлгө: «Баатыр, убадаңыз ошондой беле? Меникин түгөткөндө, сенин
азыгыңды жемек эмес белек? » деди Аккөңүл.
Анда Каракөңүл айтты: «Жок, сенин азыгың бүт түгөнгөн жок. Жетелеп
жүргөн атыңды сой! Атты жеп болгондон соң, менин азыгымды жейбиз».
Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти
түгөнгөндө, Аккөңүл: «Кана, Каракөңүл жол азыгыңды алып кел! Баатыр,
убадабыз ушундай беле?» деди. Анда Каракөңүл: «Сенин азыгың дагы бар, бир
көзүңдү оюп берсең, токоч берем» деди. Бербеске айласы жок, ачкачылыкка
чыдабай, Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Аккөңүл алдан тайыды: «Ээ
баатыр азыгыңды алып кел, ортоктош бололу» деди. Анда Каракөңүл: «Жок,
сенин азыгың дагы бар. Эми бир көзүңдү чукуп берсең бир токоч беремин» деди.
Бербеске ылаажысы жок, Аккөңүл калган көзүн дагы чукуп берип, бир токоч
алды. Аккөңүл тамагы үчүн эки көздөн айрылып, темселеп калды. Каракөңүл:
«Кош, Аккөңүл өзүңдү карга кузгун жесин» деп атын шарт камчыланып жөнөп кете берди.
Мен үйүмдөн чыкканы
Алты ай, он беш күн болду.
Эки көздөн айрылып
Жүрөккө кайгы чер толду.
Жарык шоола көрө албай,
Ай караңгы түн болду.
Сары чачтуу шайтандай
Азгырган шайтан ким болду?
Же көргөндөй көзүм жок,
Же бир тыйын бөзүм жок,
Азыгым жеп көз чукуп,
Каракөңүл бачагар,
Кете берди көңүл ток.
Тирүүлөй берип жалгандан,
Талаада тентип мен калдым.
Кутула албай армандан
Уялбадың таш көңүл,
Көзүмдү чукуп алгандан.
Кулак угуп, көз көрбөйт,
Ызгардуу шамал жел болдуң.
Карга кузгун тил билбейт,
Мен буларга жем болдум.
Эл кыдырып, жел кезип,
Жолоочу жүрүп келгенче,
Каракөңүл каапырга,
Көзүмдү чукуп бергенче,
Күндөп-түндөп жол жүрүп,
Намыс кылып келгенче,
Өткөн айдын ичинде,
Кайта кетпей не болдум,
деп өксүп-өксүп ыйлап зарлап жатып уйкуга кетти. Уктап жатып түш көрдү.
Туулган жеринде, көнгөн элинде алты саны аман, эки көзү бүтүн баштагысынан эки эсе жыргап жаткан кезде кимдир бирөө: «Тур өйдө!» дегендей болду.
Аккөңүл чочуп тура калса эчтеке билинбейт. Эки көзү ордунда, жүрөгү алапта,
көңүлү сүйүнчүлүктүү эки эсе кубаттанып калган, Курсагы ток, кайгысы жок.
Түндө түшүнө кирген керемет, алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат
берген эки көзү ордуна келген. Аккөңүл күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир ээн
талаа, эрме чөлгө кез келет. Ал жерден жаңыдан тууган беш баласы бар канчыкты көрөт. Канчыктын азыгы жок. Балдары жаш. Баштыгын аңтарып бир жарым нандын кагынчыгын таап, таштын бетине салып, канчыктын астына койду да;
«Сен да мендей карыпсың» деп, бир-эки сөз айтты:
Берейин десем азык жок,
Шекер-шербет жем чачып,
Үлбүрөйсүң алың жок.
Беш балалуу жаш канчык,
Эл кыдырып, жер кезип,
Мен да сендей байкушмун.
Муңканып ыйлап жүргөндө
Арманым угар болсоңчу,
Тирүүлөй отко күйгөнчө Сураганым берсеңчи! деп көзүнүн жашын төгүп
жиберди. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчийин десе, балдарын
таштай албай кала берди.
Аккөңүл жолго түштү. Күндү күн дебей, түндү түн дебей жүрүп отуруп, бир
күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго кез болду. «Бул тегеректе эл бар экен.
Эмне болсо да ушул коргондун арасына коноюн, эртең менен эки жактан эл
карайын» деп, ой кылды да, төбөсү түшкөн бир көрдүн ичине кирип жатты.
Уйкусу да келбейт, жүрөгү дегдейт. Түн ортосу болгон кезде тарсылдаган дабыш угулат. Дабыш уламдан-улам жакындап, кобур-күбүр адамдын үнү чыкты. Аттын дабышы анык билинди. Калың коргонду аралап тигилер да коно турган болду.
Аттарын байлап коюп, алоолонтуп от жагышты. Бирок, Аккөңүл өзүнүн
бардыгын билдирбеди. Тигилердин арасынан бирөө бакылдап сүйлөп чыкты:
— Туугандар, тогузубуздун тең катын, балдарыбыз жок. Үй-жайыбыз жок.
Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби?
— Аның ырас, оокатты кыла тургандын акылын мен таптым, менин акылыма
киресиңерби? деди экинчи бирөө. Башкалары: Айт, айт, акылыңа киребиз —
дешти.
— Ушул өзүбүз турган коргондун арасында бир далай мал бар. Тетиги
коргондун арт жагында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар.
Күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин күнгө сергитет. Аңдып туруп
муну алсак, бул мал эмеспи, ал оокат эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар.
Ошол калаада баланча көчөдө Кунакун сарттын короосунда ат башындай жамбы бар. Короомду сатам деп жүрүүчү эле. Анын короосун сатып алсак, ал мал эмеспи, оокат эмеспи. Жана ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын:
«Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңме-тең кызмат
акысына берип, теңин өзүм алам» деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып,
алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, ал оокат эмеспи?» деди.
Калгандары бул акылды макул көрдү. «Ушундай кылалы» — деп убадага
токтошту. Аккөңүл бул сөздөрдүн барын тыңшап жатып абыдан угуп, анык
билди, түшүндү. Таң атып, күн чыккандан кийин, Ак-көңүл баякы кишилерди
байкап караса, эч дайыны жок. Жымжырт. Түшкөн ордуна барса адамдын изи,
аттын такасынын тагы түгүл түндөгү жаккан оттун күлү да жок. Кадимкидей
мунун бир керемет экенин билди. «Кудай мага берген экен. Мен бул жердин
баарын издейин, карайын, табайын» деп, коргондун арт жагына чыкса, бир
чычкан дилде ташып жүрөт. Аккөңүл аңдып туруп тогуз дилдени алып,
чөнтөгүнө салды.
Анан шаар бар деген жакка жөнөдү. Жакын арадагы шаарга жетип,
Кунакундун короосун алты дилдеге сатып алды. Бир дилдеге жалаң жабдык,
кетмен, күрөк алды. Бир күнү короону аңтарып, баякы жамбыны карап жүрдү.
Бир күнү кетмен «чак» деп кайта ыргыды. Караса, ат башындай жамбы чыкты.
Аккөңүл аны да алып, жакшы оокаттанып калды. Бир күнү бул шаардын каны:«Кимде ким менин алтын казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем» деп жар салды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан ылдый жер астында экен. Ошол себептен эч адам чыкпады. Аккөңүл: «Мен алып чыгамын» деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белинен алты жүз кулач арканды улаштырып байлап алтын орго салды. Аккөңүл алтын кенге жеткенде, койнуна да, кончуна да катты. Койнуна бир бутка жакын алтын батыптыр. Арканды солкулдатты эле, кан кайра тартып алды. Кан убадасы менен тең бөлүп берди. Ошол күндөн баштап кан Аккөңүлдү чакырып алтын, күмүшүн
алдыра турган болду. Аккөңүлдүн байлыгы, кадыры кандан аша баштады. Акыры ал ошол шаардан чыккан чоң бай, төрт түлүгү шай болду, катын балалуу болду.
Аягы барып чоң жакшылыкка айланып, Аккөңүл муратына жетти.
Эми Аккөңүл ушул жыргалы менен тура турсун. Төмөндө Каракөңүлдүн
аңгемесин айталы: «Баягы Аккөңүлдөн айрылгандан бери далай жер кыдырып, эл көрүп жүрүп, аягында калың малга кез болду. Малчыдан: «Бул ким дегендин малы?» деп сурады эле, «Аккөңүл дегендин малы» деди.
— Тетиги алтын чатыр кимдики?
— Аккөңүл байдыкы.
Бул ким болду экен деп анын жайын сурады. Малчы Аккөңүлдүн көргөн
кордук, азабын бул абалга жеткен себебин аныктап айтып берди.
Ошондо Каракөңүл Аккөңүлгө барып башын ылдый салып уялганына
чыдабай төмөндөгү сөздөрдү айтып салам берди:
— Ассалоом алейкум Аккөңүл бай
Бал шимип, казы кертип жегениң май.
Мал күтүп төрт түлүктүү доорон сүрүп,
Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай.
Ичкениң кант сапырып кыпкызыл чай,
Билбеймин, элебеймин акмак болуп,
Кечиргин бир күнөөмдү теңизим ай,
Качсам да, узабаймын мен кутулуп,
Бир кезде шайтандаймын жин кутуруп,
Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө,
Мен келдим алдыңызга кол куушуруп,
Башыңда сапар тартып бирге чыгып,
Аягы мен жаңылдым иттик кылып,
Канчалык ит болсом да сизге кулдук,
Алик ал, саламымды жарык кылып.
деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл «битке теңелип
көйнөгүңдү отко салба» деген макалды оюна алды да, саламын алик алды.
Аккөңүл Каракөңүлдү жакшылап конок кылат. Көргөн билгенинин баарын,
баякы коргондон көргөн кереметин, кандайча бай болгонун айтып берди.
Каракөңүл да ошол көп коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп бир күнү
баягы Аккөңүл көргөн коргонду көздөй жөнөдү. Ал жүрүп отуруп коргонго жетип, баягы төбөсү жок көрдүн ичине кирип жатты. Бир кезде дабыш угулуп тогуз адам келди. Каракөңүл өзүнүн бардыгын билгизбей, кудайга сыйынып жата берди.
Тиги кишилер мурункудай кеп сала башташты. Баякы бакылдап сүйлөгөн адам дагы бакылдап сүйлөп чыкты: «Туугандар, тогузубуз тең эле ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? Мал күтүп, катын алып, оокат кылып бир жерге туруп алсак болбойбу?» деди. «Качан да болсо кайгыланып жүрүп, бизди түгөтө турган болдуң. Бул коргондун арт жагында тогуз дилде бар эле, кайгыланып жүрүп, андан да айрыдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айрыдың. Былтыр келгенибизде эле тетиги көрдүн ичинде бир киши тыңшап жаткан окшойт.
Биздин түбүбүзгө ошол киши чыга турган болду. «Кана» деп жабыла чуркап,
Каракөңүлдү жаткан жеринен таап алып өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, күлүн сапырып жиберишти. Аккөңүлгө казган оруна аягы барып өзү түштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 + 6 =