ТАҢ АТАРДА КӨЛ БЕТИ

Ыссык-Көлдө чабактын,
Сүзсө, ойносо өз эрки.
Даяр тосуп алууга
Бир четинен, бир чети.
Мына көлдө таң атты,
Таң алдында көл бети.
Карап турсам таң нурун
Көлгө тегиз төгө алды,
Эркин сүзгөн чабактар
Ыргып шоола көрө алды,
Көлдүн көрктүү толкуну
Көлдөн көлгө бөлө алды.
Сулуу таңкы шооланы,
Көл кучактап өбө алды.
Таң атарда көл бетин
Карап турчу азырак,
Таңкы таттуу уйкуга
Талыкшыбай жакшырак.
Алыста калган жарыма
Кайрылууга азгырат.
Көлүм таңда мен көргөн
Таң алдың сулуу экен го,
Толкундан шоола тараткан
Шамалың сулуу экен го.
Көлдө эркин сүздүргөн
Заманың сулуу экен го,
Сулуулукта ойгонгон
Талабым сулуу экен го.
Таң алдында көл бети
Жаштар курган оюндай,
Таң алдында көл бети
Жарым ысык койнуңдай.
Таң атарда көл бети
Нева боюндай.
1937
Жети-Өгүз

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семнадцать + одиннадцать =