ЫССЫК-КӨЛ

Жаш белем…
Тентек белем… Ысык-Көлүм
Ойноткон толкунуна каз, өрдөгүн,
Жаз күнү, күн батарда карап турсаң,
Уялчак кызды өпкөндөй сергийт көңлүң.
Шок белем,
Ойнок белем, Ысык-Көлүм,
Кубанган, кубалатып өзүнө өзүн…
Кечинде жалгыз келип карап турсаң,
Жуткандай жайлоо желин, сергийт көнлүң.
Жараган
Күлүккө окшоп көп жол басып,
Бүркүттөй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чөйчөгүнөн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып,
Ак шуру
Күмүш алкак тоо кызындай
Шарактайт, жорго минип мени карай.
Шарп этип, чала-була, тийип кетип,
Тартылат кайра артына, уялгандай…
Көл тынчыйт…
Толкундары тарап-тарап…
Бизге окшоп, согушу жок күндү самап,
Эртеңки ыракаттуу келечекке,
Турмуштун дал өзүндөй тунук карап.
Ар кандай
Күн батарда көл укмуштуу,
Кандайдыр жана салкын мындагы уу-чуу…
Кечеги өтүп кеткен балалыктай,
Аралдын ар жагына сүзгөн аккуу.
Жараган
Күлүккө окшоп көп жол басып,
Бүркүттөй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чөйчөгүнөн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып.
4/II 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 × один =