ЖАЛЖАЛЫМ ОЙ

Балыкчы көлдүн башы экен,
Бозоргон адыр, таш экен,
Таш болсо да бул жердин
Кыздары сулуу наз экен.
Наздыгына мас болуп,
Ой, жалжалым ой,
Бир жүрөр күнүм аз экен.
Пароход келет бир убак,
Болжолу чукул аз турат.
Каркылдап каздай кайрылат,
Жеңил кол жигит маш бурап,
Кайыр кош жаным дегинче,
Ой, жалжалым ой,
Сен жээкте калдың кол булгап.
Асманда жылдыз бириндейт,
Арбыган жолум билинбейт,
Капитан келип жаныма,
Каютаңа киргин дейт.
Кирген менен неге опо –
Ой, жалжалым ой,
Бир минут көзүм илинбейт.
Толкун жок, жымжырт эки жак,
Чырпыкты1 жактан от чыгат.
Ошондой жанган от тура,
Ойноп бир күлгөн жаштык чак
Ойго да кайдан келиптир,
Ой, жалжалым ой,
Айрылып минтип олтурмак.
Сен болсоң алма сабагы,
Мен болсом күздүн шамалы.
Сен болсоң айдын жамалы,
Мен болсом көлдүн чабагы.
Кайрылып эсен көргүчө –
Ой, жалжалым ой,
Замандан бакыт табалы.
4/II 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 + четырнадцать =