ТАҢ КАЛУУ

Кызылча эмне? Аккан каны турмуштун,
Эң өжөрү, эң кыйыны жумуштун,
Андай болсо Кайназардын келини –
Миң центнерден түшүм алды деп уктум.
Миң деген сөз айтылбасын кур бекер,
Буга теңсиз эч бир баатыр, эч бир эр,
Эрдин эри барып тартып алмайын
Карыз бербейт, кара мүртөз кара жер.
Бул жакшы аял, эң этибер жолдо экен,
Кылдат, чебер таалими бар колдо экен,
Биздин күндүн ушул укмуш адамы
Кандай күлүп, кандай уктайт болду экен?
1/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 × 2 =