ЫСЫК-КӨЛ – НЕВА СУУНУН СҮЙГӨН ЖАРЫ

Ысык-Көл – Нева суунун сүйгөн жары,
Жактырып сүйгөн кызы алыстагы,
Кыял мас, кыз-күйөөнүн кубатындай,
Экөөнүн желден чыккан дабыштары.
Нева суу, кубаттуу суу, шары катуу,
Жүзүндө эр сүрү бар салтанаттуу;
Ысык-Көл туптунук көл, кыз мүнөздүү
Койнунда өмүрү бар, ширин – таттуу.
Түн кезип эки ашык жар сайран кылат,
Бир бирин бийиктикке алып чыгат,
Ай батып, таңкы шоола тараларда
Бири түз, бири көккө сапырылат.
20/XII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

шестнадцать + два =