ТҮНКҮ КАЙЫК

Түн айлуу түн, көл да бүгүн толкунсуз,
Бир телмирип, бир жылмаят кээде суз.
Бурчу бери, ушул түнкү кайыкты,
Көл үстүндө мен болоюн учкан куш.
Көлдүк курбум ме, кайыкты айдагын,
Ысык-Көлдүн күңгөй жагын айлангын,
Ушул күндө кайра тартып алабыз,
Жаштык күндүн өткөн жылдар айларын.
Турчу мындай, айдайынчы мен өзүм,
Көлдөй талап бар экенин көл көрсүн,
Кыргызымдын аккан кайран кандары ай,
Ушул көлдөй өмүр кайра төрөлсүн.
Көл четинен ортосуна түшөлү,
Кең жол алып, кененирек сүзөлү.
Түнкү кайык, кайда бара жатабыз?
Бул рахат эмес бекен түштөгү.
Жаңы өмүрдү гүлдүү күндү элдеги,
Менин жарым көлгө да айта кел деди,
Түнкү кайык бизди таанып калышсын,
Көл бетине ырлар жаза келели.
Таң атарда күн чыгыштан жел согот,
Ойгонгондой көлдүн бети козголот,
Бир чер жазар көлдүн таңкы адети,
Толкун келет, толкуп толкун кошоктоп.
Биз ошондо буга кучак керебиз,
Себеби: көл биздин тууган энебиз.
Түнкү кайык биз бүтүрүп сапарды,
Толкун минип кошо толкуп келебиз.
Көлдүк курбум ме кайыкты айдагын,
Ысык-Көлдүн күңгөй жагын айлангын.
Ушул түндө кайра тартып алабыз,
Жаштык күндүн, өткөн жылдар, айларын.
1937
Жети-Өгүз

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7 − 5 =