БОЗ ҮЙ

Жети-Өгүздүн чоң жайлоосу Көк-Жайык.
Күңгөй, тескей эки жагы тең жайык,
Ак өргөлүү колхоз айлын карачы,
Невадагы кечки сүзгөн жел кайык.
Кеч бешимде келип түштүк жакадан,
Жайлоо алыс, минген аттар чарчаган.
Биздин кыргыз мейманчыл эл эмеспи,
Дасторконду кере жайып таштаган.
Бизге тарткан түркүн тамак жер жайнайт,
Жана асылган чоң казанда эт кайнайт.
Ушу үй ээси, төрдө отурган карыя
Ачык колдуу, оокатына бел байлайт.
Берекелүү, кесирлүү бул дасторкон,
Бир сындырым нансыз калган күн болгон.
Каттамадан, майдан, канттан алгыла,
Өзү өнгөн жок, келди мына бул колдон.
Чер кумары комузуна бурулат,
Аны коюп, кайра мандаш урунат.
Э, балдарым бир көргөндү айтайын,
Деген кезде үй да тым-тырс тынчтанат.
Жылан жылы күүгүм талаш жол тарттым,
Кап түбүндө арпа да жок бир тартым.
Түштүк жерде үмүт кылган тууган бар,
Балдар үчүн талкан суроо кызматым.
Каш карая чоң жол менен келатам,
Дарманым жок, арбыбаган жер басам,
Бир убакта калың күмбөз кез келди.
Как алдымдан чыга келди эки атчан.
Экөөндө тең жигит зээри күлүк ат,
Экөөнүн тең иреңи ток, үнү шат.
Мүнөздөрү кыз издеген жигиттер
Күмүш жабдык түнгө болбой этет жарк.
Мүрзө жолу коркунучтуу мурунтан,
Жолду тосуп ач бөрүлөр улушкан,
Керимбектин, Шадыкандын тытылган
Малакайы табылыптыр деп уккам.
Менден мурун көп күндөр, көп айлар,
Оокат издеп кеткен далай малайлар.
«Баланчанын кеткен бойдон дайны жок»
Ошол бойдон кайтбай калган далайлар.
Токто дешти эки мырза токтотту,
Шылдың, күлкү бардыгына окшотту.
«Ач дөбөткө жол кыдырган эрмек дейт»
Жолуң болсун, көрүп келгин тозокту
Жүрөк кылды коркунучтуу урушту,
Кайраттандым ойлоп кайра турмушту,
Эки мырза кызыгына батууга,
Байкап турам, четтеп барып турушту.
Эсенкулдун күмбөзүнөн жаңы эле,
Элең-булаң шашып өтө берерде.
Жүз кадамдан түнкү соккон бороондой,
Чаң ызгытып келе жатат бирдеме.
Сөзгө келдим, түшүмбү, же өңүмбү,
Жок дедим да эске албадым өлүмдү,
Боор этине ыксыраган адамдын
Ач көркоонун жанган көзү көрүндү.
Кирип келди жардам, жардам, туугандар,
Үнүмдү укту, жашырынган жок алар.
Арыстандай мен да кошо бет тостум.
Колду сунуп, чоң казатта туу кармар.
Уулуу тиштер мага келип ар деди,
Кандуу тырмак чукул келип сермеди,
Ушул күчкө токтоо берген былк этпей
Кубаты эле жыйырма бештин мендеги.
Ат дүбүртү ары карай чабышты,
Бир биринен узоо үчүн чабышты,
Өлүм менен биз турабыз тирешип,
Колум барып алкымына жабышты.
Ыгым келди жанда канжар болсочу,
Өпкөсүнө такалсачы толтосу.
Сол кол менен төрт чөнтөктү аңтардым,
Кездик таптым бир досумдун колкосу.
Ач көркоону оң кол менен тиредим,
Үйдөй ташка такалгандай билегим,
Жолдон тозгон жолбунга мен жем эмес,
Таамай уруп жүрөгүнөн жиредим.
Мына анын таш жүрөгү калт этти,
Өлүмдөн суук сүрдүү иреңи жылт этти.
Алсыратып тиреп турган күч бошоп,
Төөдөй көркоо жерге барып талп этти.
Эки колдон менден тамтык калган жок,
Бир тамчы кан бирок жерге тамган жок,
Мүрзө үстүнө сендиректеп олтурдум,
Жол дагы алыс, бут шилтерге дарман жок.
Дүбүрт чыгат мени карай чабышкан,
Бир-биринен чыгуу үчүн жарышкан.
Бая жолдо учураган мырзалар
Ат тердетип жетип келип калышкан.
Бали жигит, сага дөөлөт консун дейт,
Капшытыңа алтын, күмүш толсун дейт.
Азаматтын бир басканы өчбөс из,
Баатыр мунуң бизге соогат болсун дейт.
Көңүлү суур күлүк минип чабыштын,
Көңүлү суур дүнүйөгө сук жарыштын,
Алтын эмес, күмүш эмес дан толсун,
Дүнүйөгө толсун сенин капшытың.
Бир көркоонун териси экен ал дедим,
Көзүң өтсө ичик кийип кал дедим,
Жолуңарда учураган айылга
Баатырлыкты мырзам айта бар дедим.
Эки мырза жакын тартты эки атты,
Көл шал болуп бир саатта зорго артты.
Ошондо да төрткө бүктөп салганда,
Төрт бучкагы жерди чийип баратты.
Берекелүү, кесирлүү бул дасторкон,
Бир сындырым нансыз калган күн болгон.
Каттамадан, майдан, канттан алгыла,
Өзү өнгөн жок, келди мына бул колдон.
Ай нур төктү жайлоо бети октой түз,
Кайык минип терең кыял көлүн сүз.
Түн ойнуна баарысы актан кийинди,
Кең жайыкта; түндө ушундай көрүнүш.
Тегеректеп четте олтурду картаңдар,
Ай, он сегиз деген арман ичте бар.
Өмүр гүлү жаштар четке бөлүндү,
Өңкөй кыздар менен өңкөй боз балдар.
Жаштар ойну кытыгылайт түн койнун,
Көк жайыкта ойноо жакшы түн ойнун.
Карыялар көрөлүчү дейт оо балдар,
Деди бирөө, баштайлычы кыз ойнун.
Ж и г и т т и н ы р ы :
Маңдайдан сылайт жыпар жел,
Жыпар жел жарым бери кел.
Жаркыным бир сен дегенде
Адетим ырдап жиберер.
Кыш айланып жаз болот,
Кыркалай тартып эл конот,
Көңүлдү улап ошондо,
Бүгүнкү жыпар жел согот.
Атканда күлүп нурлуу ак таң
Мен келатсам ыраактан,
Сүйгөн бир жарым беш саамай
Суу алып жатсаң булактан.
Колдон бир туйгун учурсаң,
Кыйкуулап көктөн куш куусам.
Жылкыдан чарчап кайтканда
Кой көзүм саамал жуткузсаң.
Жаркыным алма убагың,
Кызыл бир гүлдөй бурагың,
Кой көзүм менин бактыма
Толуп бир турган убагың.
Күйгөнүмдө жалган жок,
Күйүп бир кетер арман жок.
Курбулар сурап калганда
Чынымды айттым аргам жок.
Жаркыным бери кел басып,
Айлуу түндө чер жазып.
Ушул го биздин сүйүүлөр
Өмүргө болсун күлазык.
К ы з д ы н ы р ы :
Кызыл гүл күнү жел менен,
Желдин күнү көл менен,
Гүлдөй болгон жигитке
Шек келтирчү мен белем.
Жайлоонун гүлүн үзүп ал,
Гүлдөй өмүр тосуп ал.
Толкунга чөкбөс турмуштун
Кайыгына түшүп ал.
Мен болсом сенин күйгөнүн,
Бир сенсиң менин сүйгөнүм.
Таратсак биздин айылга
Жыргалын кандай сүйгөндүн.
Сайраган булбул биз бүгүн,
Таба гой билген өз гүлүн.
Биздин сырды таратчы,
Жашырбачы айлуу түн.
Деген кезде, түн узак жол тарт дешти,
Жаштык күнүн тандап сүйүү шарт дешти.
Оюн бүтүп топтор тарар алдында,
Кемпир, чалдар жаштыгыңа бах дешти.
Оюнга мас чала уйкуда мен жатам,
Бир күн конгон ушул үйдөн сыр чачам.
Мен түшүмдө ушул боз үй ичинде,
Көл үстүндө жылжып алыс жол тартам.
Жети-Өгүздүн чоң жайлоосу Көк-Жайык,
Күңгөй, тескей эки жагы тең жайык.
Ак өргөлүү колхоз айлын карачы,
Невадагы кечки сүзгөн жел кайык.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + девятнадцать =