БИЛИНБЕГЕН ҮЧ МЕЗГИЛГЕ

Үй алдында көрктүү калың бак өсөт,-
Өз башынан көп доорлор өткөзөт,
Булбул келер, булбул сайрар тили өчөр
Көз алдыма үч мезгилди көрсөтөт.
Бир мезгилде: сулуу аткан таң келет
Өмүрүндө эсте калар бир ирет,
Бул бакчада ыракаттуу уктасаң,
Таңда таттуу үндөр сайрап жиберет.
Бирде ойгонсоң бакчаң гүлгө жайнаган,
Бакчаң эмес гүлгө толгон айланаң.
Жаштык доору дал ушул гүл курактуу
Гүл ичинде бал сорушкан таңдайдан.
Айы толгон, май түнү экен теңи оогон,
Уйку безген өңкөй тентек топтолгон.
Көздө сүйүү, сөздө жалган эрегиш,
Жигит тарап, кыз тарабы бир болгон.
Кээ бир улан тийип качып шоктонот,
Оюн куруп кайра баары топтолот,
Чер жазылып жалгыз өбүү калганда
Жумшак түнгө жашырынып жок болот.
Жалгыз мезгил бул чак эмес мезгилдер,
Жалгыз мезгил, достор жаштык кезиңер.
Бакка келген сулуу түндө көп кылмыш,
Жаштык кезиң көп кылмышты кечирер.
Бир мезгилде бак кыйраткан шамалдар,
Көрктүү багым токтоого алы араң бар.
Таттуу күндөр, жыттуу гүлдөр салкын кез,
Кайда-кайда бышкан кызыл алмалар.
Бир мезгилде күздүн бүркөө түнү жок,
Алда качан жаздын жашыл гүлү жок.
Жалгыз гана көк караган тоо башы
Бул бакчамда адам кирер түрү жок.
Мен ойлоном ойду ойго толтурам,
Санааларга мээ талдырып болтурам,
Бакча ичинде өзүм жалгыз термелип,
Үч мезгилди элестетип олтурам.
Бир замандын жаштарыбыз эрк алган,
Кыска өмүрдү мол кылууга аттанган,
Бул доорго туулуп жашап кетүүдө,
Адамдыкты актап кет дейт бул заман.
Жолдош сенин көптү көрөр көзүн бар,
Бул өмүрдө көпкө жашаар өзүң бар.
Жеке сүйгөн бир курбума бул ырды
Эстесин деп айтып калар сөзүм бар.
Сүйгөн курбу далай сүйүп өптүңөр,
Жүрөгүмдө калар ошол көркүңөр.
Жаштык кезди эске аларбыз тамшанып,
Кыздар деген,
Балдар деген, сөз бүтөр.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре + 12 =