ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРОО

Балам, мен көптү көрдүм, көптү билем,
Көп уккам карыя сөзү жакшы деген,
Кадырлуу жолугууга эрмек үчүн,
Карылык сөздү айтайын бирден-бирден.
Алдыңда бүркүт сүрдүү кабак, кашым,
Арыстандай куба сакал ак чач башым,
Үзүрүн менин жолборс көзүм көрдү
Саноого оңой эмес сексен жаштын.
Айылда Бекзат деген бекзат болду,
Бүт мүлдө көлдүн жээгин алган орду,
Колдо ырыс, колдо дөөлөт ойногон соң:
Ачылган тоонун кызыл гүлүн сорду.
Эр жигит тишиң барда таш чайнап кал,
Үйрөнгөн атасынан макалы бар.
Ал үчүн тоо, көл эркин сайран болуп,
Шаңкылдап самап көктү, салды шумкар.
Кең сайран доорун сүргөн күндөр өттү,
Бекзат ат кыргыз жерин дүңгүрөттү,
Адамдык ракатын мен табам деп,
Айылдан тандап сулуу кыздарды өптү.
«Жер өрттө чыксын десең кыргызга атың»
Дегендей билбеген ким Бекзат атын.
Картайган жетимиш жаш өмүрүндө
Ошондо колунда эле он бир катын.
Дүйнөдө адам болуп жаралмак бар,
Дөөлөт кең жаштык ачат өмүрүң тар,
Пайгамбар кырк бир катын алган тура,
Бекзат ат, атың барда дүркүрөп кал?!
Он беш жаш, жаш сулууну алып көрдү,
Жаш гүлдү уулу тили чагып көрдү,
Рахат мында да эмес, башка жакта,
Деп Бекзат мындан дагы танып көрдү.
Кемитип, он бир жашты алып көрдү,
Он сегиз бышкан алма кагып көрдү,
Ракат мында да эмес, башка жакта,
Бекзат ат, гүл даамынан танып көрдү.
Өмүрдө кулун сындуу ат минбедим,
Койнума бала жытту кыз кирбедиң,
Бекзатты ушул жактан кем жаратып,
Я кудай, кур дөөлөттү неге бердиң.
Эртеси көл жээгине жыйнады элин,
Калайык калың журтка айтты кебин,
Койнума бала жыттуу кыз кирбедиң,
Өмүрдө кулун сындуу ат минбедим.
Картайды касиеттүү заты калды,
Куш салып сайрандачу аты калды.
Өмүрдүн Бекзат үчүн кызыгы жок,
Ал кетип, бели ийилип, чачы агарды.
Жакшылар бөлүнүшүп жөнгө олтурду,
Эртеден күн батканча кенеш курду,
Кой эми Бекзат олуя бала жыттуу –
Кыз алсын деп бирдикте сөз болтурду.
Сөздү илип үйдөн-үйгө кетти жайып:
Жарыктык олуя Бекзат болсун шайык,
Кедейдин жаңы чыккан тогуз жашка,
Көп кыздан Күмүш деген болду ылайык.
Күмүштү алып келди тыбыратып,
Бекзаттын көр жыттанган койнун ачып,
Кан жүрбөй муздай тоңгон тизелерин
Кетишти зордук менен кучактатып.
Күн өттү катар, катар айлар ашты
Күмүшкө тонгон денин ушалатты.
Жаш демге Бекзат «олуя» жанга кирип,
Уялбай Күмүшжанга кучак ачты…
Аз болду албаганы колдун деди,
Адамдын жыргалына кондум деди,
Койнума бала жыттуу кыз кучактап,
О, дүйнө, эми армансыз болдум деди.
Ушундай азабы эсте өткөндөрдүн
Карыдым азыр бакыт төрүндөмүн
Жүрөктө черге айланган кектери бар
О, балам, өтүп кеткен көп күндөрдүн.
Өмүрдүн мен отурган чоң төрүнөн
Кыңылдап өз ичиме ойлор бөлөм.
Аксакал, мына турмуш артыңызда
Дейт балдар ошондо мен эмне көрөм?..
Балам көп, жүрөгүмөн ысык көрөм,
Алдында санаасы кең Ысык-Көлдөн.
Ала-Тоо турмушунун ак сакалы
Балдардан күндө өзгөргөн кызык көрөм.
Кээде көрөм ушул улуу турмуштан,
Тамашасын көл бетинде куусу учкан,
Айланамда жаштык күндөр гүлдөшөт
Карылыктын кайгыларын унутам.
Жолуман элим жаңы күндөрдү ачат,
Таалайын жаңы ачылган гүлдөр басат,
Бактынын асманына өтүш үчүн
Кыргызым кыяны ашып бара жатат.
Мен көрөм: элим өттү тепсеп азап,
Дүйнөнүн келечеги алда жатат.
Тоолорум баатырларга калкан болуп
Кыргызым чабуул коюп бара жатат.
Эмгекчи эл мен байкасам чебер экен,
Кызыл туу келиштирип соккон бекем
Карматып жумушчунун оң колуна,
Москвадан жер жүзүнө желбиреткен.
Ооба, ырас, өзү жеткен уста да экен,
Мейли укмуш канат байлап учса жеткен –
Алтындап орок менен балка согуп,
Үстүнөн Кремлдин көк тиреткен.
Татаалдуу кыйын жолду өзү баштап,
Майданда беттешкенин эңип таштап,
Дүйнөнүн көркү болуп көрүнгүлө,
Деп элим бербедиби сайма жасап.
Жаша элим, жашай турган убагыңда,
Нур салыш, өз жериңдин нурларына.
Заманың көзүм жетет уулдарым,
Жаркырап миң-миң кылым турарына.
Мен атаң санаам жаңы, көңүлүм тентек,
Куралбай ырдын башын айттым эптеп,
Эмгекчи эл сен кармаган ушул заман,
Былк этбей далай кылым тура бермек.
Адаммын пейли ыраазы сексен жашым,
Жүз жетимиш миллион калк замандашым.
Балдарым колдон өттү эки дүйнө,
О, чиркин, ошол күндөр каран калсын.
Балдарым ай, күн нуру өзүңөрдө
Ошондой бул дүйнөгө көз карашым.
Кыргызстан-Чолпонстан жаңы атың,
Акта эми элим, элдин жаңы урматын.
Адамдыктын алга кеткен акылын,
Октой зуулап куба турган убагың.
Кыргызстан бактылуустан жаңы атың,
Жайылды элим, сенин бүркүт канатың,
Качан укмуш, качан өнөр берет деп,
Күтүп турат сенин ар бир саатың.
Кыргыз жерин көтөрүшөр колмо-кол,
Эл, жеримди устаң бизбиз оңдошор.
Октой зуулда учкан кыйын тилекке
Жетишебиз ким бар экен жол тосор?
1937
Жети-Өгүз

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6 − 6 =