БОЗ БАЛА

(Кыргыз вальсына текст)
Борумуңдан боз бала,
Боздотпочу садага.
Боздосом да жеткирбей
Бой саласың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм колхоз
Багында.
Жок келбейсиң
Чолоң тийбейт
Кызыл кырман
Маалында.
Жайдарыңан жаш бала
Жалынтпачы садага.
Жалынсам да жеткирбей
Жалооруйсуң, башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм өзөн
Жанында.
Жок келбейсиң
Колуң тийбейт
Кызыл кырман
Маалында
Кыялыңан бир бала
Кыйналтпачы садага:
Кыйналсам да жеткирбей
Кызыгасың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм кампа жанында.
Жок келбейсиң,
Күткүн дейсиң
План бүткөн
Маалында.
Ой боз бала, боз бала
Ойнойлу кең заманга.
Мага да далай жалынган
Сен өңдөнгөн көп бала.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Бери басчы
Жаныма.
Чер таратып
Жашайлыкчы
Ушул жарык
Заманда.
4/IХ 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

17 + шесть =