БЕШИК ЫРЫ

Алдей, алдей бөбөгүм,
Арка сүйөө жөлөгүм.
Кандуу күндө көтөрүп,
Майрам күнү төрөдүм.
Алдей, алдей ак бала,
Апакеңди кыйнаба,
Эжекең жүрөт мектепте,
Атакең жүрөт кырманда.
Алдей, алдей бөбөк жан,
Бөрүлөр жортоор ыйласаң
Белдүү жигит болорсуң,
Бешигиңе сыйбасаң.
Алдей, алдей кыргыек,
Жаз айланып, кыш келет.
Кызыл мончок, кыйгач каш,
Кылтылдаган кыз келет.
Алдей, алдей турумтай,
Алышып ойнойт, кулун, тай.
Аркырап учат заманың,
Артынан калбай жулун тай.
Чоңоёрсуң эр жетип,
Азамат болуп, бел чечип,
Алдей айтып турарсың,
Сен да уулуңду терметип.
Кызматчы бол, акын бол,
Ар билимге жакын бол.
Андан айла болбосо,
Энтеңдеген бригад бол.
5/ХII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

одиннадцать + одиннадцать =