БАЛЫКЧЫДАН ФРУНЗЕГЕ

(келиндин сөзү)
Желип кетсе жейренден тез буттары,
Ай, чиркин ай, укмуштуу экен учканы,
Ысык-Көлгө келип калды ээ ушинтип,
Жарыктык ай жаңы заман тулпары.
Жүр, Канымкүл, чыпта
сатып алалы,
Фрунзеге ылдам кирип баралы,
Бал кошкон май, курут менен эт берип,
Кубанталы окуудагы баланы.
Жүр, Шайыркүл, шашпай түшүп алалы,
Шаарыбызга шаңдуу кирип баралы,
Сүзмө ичирип, сүрсүгөн жал жедирип,
Сүйүнтөлү сүттүү уйкулуу баланы.
Жүр, Жыпаркүл, Фрунзеге баралы,
Аралайлы атыр жыттуу калааны,
Эл көрбөсө алаканды шак коюп,
Жаңы үйлөргө бир таңыркап алалы.
Көчөсүндө колтукташып жүрөлү,
Жакшы көрүп нечен укмуш түрлөрдү,
Эл жок жерде оозду ачып делдейип,
Өзүбүзчө түрткүлөшүп күлөлү.
Андан ылдый театрга баралы,
«Айчүрөктү» абдан көрүп каналы,
Ракмат деп бул замандын ээсине
Алкыш айтып урматтуу кол чабалы.
Сылык экен, сулуу экен элдери,
Таптаза экен элдин жүргөн жерлери.
Шаарлыктар маданият дейт экен
Кээсин сурап, кээсин уурдап келели.
6/III 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

десять + 15 =