ЖЕҢЕМЕ

Жол үстүндө биздин айыл Кайыңды,
Күн кечкирип малдар бери жайылды,
Тандап минип көп жылкынын ичинен,
Жакшы көргөн жетим тору тайымды…
Ал күн экен, анчейин бир эсирме,
Учкул элем мен балапан кезимде,
Күн чыгыштан күн батышка аркырап,
Поезд менен жарышканым эсимде.
Күлүк жаштык ошондо сен кайда элең,
Күкүк учкан гүл бакчалуу жайда элең,
Замананын жыргалына мас болгон,
Ал кезекте мен да тайдай тай элем.
Он-он беш жыл зуулап өтүп арадан,
Дем алышка үйгө келсем калаадан,
Жеңем менден кайсы иштесиң, деп сурап
Ачкыл сунуп уялыңкы караган.
Катуу тийди жүрөгүмө бул суроо,
Көңүлүмдө көрүнбөгөн миң буроо,
Өз ичимде акын болдум деп жүрсөм,
Кыйын экен мына минтип учуроо.
Жооп бербей, калп эле укпай мостойдум
Кандай жеңе, журт аманбы деп койдум
Мен-менмин деп керген менен боюмду,
Чындыгында жаман акын окшоймун.
Айда, чамда… шумкар канат жаркылда,
Деңиз сүзгөн крейсердей калкылда,
Кол тие элек эчен кымбат иш жатат,
Отуз жаштын тоолорунун артында.
5/III 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два + пять =