КЕЛСЕМ ЖОКСУН

Келсем жоксуң… келсем жоксуң сүйгөнүм,
Сен мен үчүн, жарык айы дүйнөнүн…
Далай, мындай кыйгач түшкөн иштерге,
Кабак чытып кайгырбоону үйрөндүм.
Келсем жоксуң… келсем жоксуң жалжалым,
Текке элирттиң, тентек сүйүү кандарын…
Бакыт жолу бирде түз да, бирде ийри,
Оңдоо керек, ийри түшүп калганын.
Улам… улам… каттар жазып жалбардың,
Неге мынча мени күтүп саргардың?
Сүйүү деген, кээде паста, кээде өйдө,
Аёо керек, жерге түшүп калганын.
Мейли шоолам, жолугуулар кечиксин!
Жаз болбосо, жай-түнүндө кезиксин!
Сурап билсем, миң сүйүүгө барабар,
Жазгы айдоонун камын көрүп кетипсиң.
Ошент жаным, өзүң иштеп көрсөткүн,
Болот миздер бороздорун төшөлтсүн!
Сен өндүргөн жаз көгүнө аралаш,
Менден шайыр, менден таза жаш өссүн!
4/ III 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × 2 =