СҮЙҮКТҮҮ ТҮН

Тос бетиңди сулуу айга,
Сен да сулуу болорсуң,
Ушул түндө бизге күлбө,
Айдай сулуу сорорсуң.
Тос бетиңди жарың өпкөн,
Сен дагы өпкүн жаным деп,
Ал сүйүүлөр өзүнчө өткөн,
Андан ысык күн өтөт.
Ырас, жаркын, кара көзүм,
Сенин кымбат бир сөзүң.
Үзбөй туруп гүлдүн өзүн,
Жыпар жытын жытта өзүң.
Бир гүлүм бар сен билесиң,
Же жаштыктын отубу?
Жүрсөм да ой, сен да сезгин
Жатсам түндө жок уйку.
Курбум билет, аз күн болду
Санаам такыр өзгөрдү,
Же кеч, эрте сундум колду
Алууга айды көктөгү.
Билем жаркын билем сени,
Өрттөйт сенин ырдашың.
Ал билбейби же билеби
Бекер шылдың кыласың.
Ошол гүлдү үздүрбөсмүн,
Жаштык күнүм барында.
Кызыл гүлүм түшүрбөсмүн,
Өскөндүрмүн багына.
Тилектешим кара көзүм,
Сулуу түндү билбейсиң,
Сулуу асман бузуп көркүн,
Айга булут тилейсиң.
Билем жаркын ал узакта
Жакшы үмүттө жүргөндүр,
Санаа чындык бул убакта
Жар өбүүсүн ойлой жүр.
Сүйүктүү түн ар кимге эмес,
Сүйүктүү түн сүйгөнгө,
Сүйүктүү түн улам келбес,
Сүйүү отуңда күйгөнгө.
Ай бир сен деп, түк уйку жок
Сезесиңби деги өзүң?
Сүйүктүү түн менде айып жок,
Кечир жаштык күнөөсүн.
Курбум билет аз күн болду,
Санаам такыр өзгөрдү.
Же кеч, эрте сундум колду
Алууга айды көктөгү.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × три =