АКЫРКЫ БАЛАЛЫККА

Балалыгым, кылган ишиң балалык,
Кароо эмес, балалыкка таң калып;
Ишиң жумшак мүчөлүң аз-болсо да,
Балалыгым – десем калат бал татып.
Сенин күнүң эле жаздын таңындай,
Сенин күнүң эле түнкү тийген ай.
Балалык кез бир көрүнчү көзүмө,
Көрүнбөссүң ай балалык чагымай.
Сенин айын, сенин далай жылдарың,
Ушул күнгө сезбейм, кантип жылганын.
Балалык кез өзү баатыр жаралып,
Көрөт тура чын турмуштун жыргалын.
Бала кезим, минут, саат күндөрүң,
Сен бири элең өскөн көп гүлдөрдүн.
Муңсуз, кирсиз сага берип жыпар жыт,
Сен ушинтип тоо боорунда гүлдөдүң.
Балалыгым сенин алтын көздөрүң,
Аталаган алда таттуу сөздөрүң.
Кимди ата дейм, айткан менен уят го,
Сен ушинтип балалык кез өзгөрдүң.
Байкуш эне кантип тилге салды экен,
Муну билсе неге күйүп жанды экен,
Жөлөк кылган жалгыз уулун көрсүнчү
Бала күнү байкуш эне бар бекен.
Бала деген күнү болбойт ойну жок,
Жашоо эмне, балалыктан ою жок.
Айды ал деп алам ата алам дейт,
Жаш жүрөгү балалыктын күйгөн от.
Бала деген таңдын кызыл гүлүндөй,
Ал кызыл гүл турмак беле күбүлбөй.
Эне жыттар балалыгым жытым жок,
Бала тили, таңкы торгой тилиндей.
Жаз алдында алсыз чыккан казгалдак,
Бирок аны жыттайт сулуу кыз кармап.
Акылдуу кыз соолубачы десе да
Бош өмүрүң бир паста эле болот сап.
Балалыкка арман кылуу бул бекер,
Турмуш алда, жашоо үчүн күч жетер.
Шашпа токто балаң ата дегенде
Балалыгым жүрөгүм бир тыз этер.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14 + 10 =