МУЗЫКА

I
Эмне кызык адамга,
Батпай койбойт арманга.
Турмушта барлык аракет,
Көбүрөк жашап алганга.
Алган сүйүп жарыңды,
Аракеттин бардыгы,
Күтүүсүз жерден гүр этип,
Бир өчүрөр шамыңды.
Балаңды гүлдөй өстүрө,
Кубанып күлүп көзүнө,
Кандай суук шум өлүм
Тартып алар өзүнө.
Турмушта гений жок эмес,
Турмушка булар көп келбес,
Адамзат жалбар, мейли ыйла.
Аяп өмүр жаш бербес.
Ушулар түшөт башыңа,
Чын айтат муну жашырба.
Кайгыр өрттөн уу ичип,
Ыйла мейли басылба.
Жүрөктөн ыйлоо муң сыкпайт,
Ыйлоону капа мыскылдайт,
Канчалык капа түшсө да,
Ыйлоо менен чер чыкпайт.
Тап айласын музыка!
Кайгырсам жалгыз кайгырбай,
Кайгымды бирок айттырбай,
Музыка боздоп ыйлачы,
Ыйласаң элдер кошо ыйлай.
Сен кайдасың музыка!
II
Жаңыдан назик жар сүйүп,
Өмүргө таттуу бал сүйүп.
Сулуу түндө жарк этип,
Өмүрүнө шам күйүп.
Кээ бир жаш буга кубанат.
Бирөө кетип алыска,
Бирөө калып жалгызда,
Айлар өтүп жыл өтүп,
Экөө кайра табышса,
Кээ бир жаш буга кубанат.
Толуп мезгил келип жай,
Тийип түнкү сулуу ай.
Келсе жары жылмайып,
Ушул айдын нурундай.
Кээ бир жаш буга кубанат.
Ышкыра тартып жылкычы,
Түнкү жел мамык шыбырчы.
Чыкканда сүйгөн селкиси,
Жылкычы кандай шылдыңчы.
Жылкычыны агайлап
Жылкычы сөзүн абайлап,
Жалбарып турса селкиси.,
Жылкы жалын саамайлап.
Койчу жаным менин деп,
Койчу жарым менин деп,
Бөлүнүшсө эки жар
Эртеңки түндү белгилеп.
Кээ бир жаш буга кубанат.
Бирин бири жаратса,
Бирине бири жарашса.
Жолуксам деген өз жарын
Кучактап алып баратса,
Кээ бир жаш буга кубанат.
Кубаныч түшөт башыңа,
Кайратыңды ашыра.
Турмушка кубат байлайсың,
Жашаган жашты жашыра.
Замандын ушул күндөрү ай,
Замандын жарык түндөрү ай.
Туш келген адам бактылуу,
Бактылуу соккон жүрөгү ай.
Күлүү менен дем чыкпайт,
Күлкүгө шаттык тең чыкпайт.
Кубанган менен канчалык,
Күлүү менен чер чыкпайт.
Буга керек музыка!
Кошулсам жайнап көөнүм ток,
Кошулбас менин түрүм жок.
Өмүргө кошо эрчиген
Сенсиз такыр күнүм жок.
1937

Автор

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четырнадцать − 5 =