СЕН ЖАНА МЕН

Мен жаныңда олтурам,
Жалдырап сага кол сунам.
Турасың бир кыймылсыз,
Сөз да чыкпайт оозуңдан.
Сенин сүрдүү кабагың,
Элеси бир замандын.
Жулкунган сенин өзүңдөн
Эркинге зар көзүңдөн.
Ойлоп барын байкадым,
Ушул сенин айтканың.
Бир калыпта турасың,
Канчалык бай мурасың?
Сүйлөшөлү экөөбүз,
Сөзүмдү бир аз угарсың.
Булбулдун үнү булбулга,
Таанышко дейм угууга.
Бир булбул зарды сайраса,
Бир булбул шаттык сайраса.
Бир булбул муңга ыйласа,
Бир булбул таңшып жыргаса.
Күңдөрү башка болсо да
Үндөрү бир эмеспи,
Сайроого эркин күн болсо,
Гүлдөрү бир эмеспи.
Таң алдында сууга чыгып,
Ырдаган кыз ошондо.
Эркин деңиз жээгинде өсүп,
Сайраган куш ошондо.
Монгол, калмак, тунгуз, кыргыз
Булбул үнүн тыңшады,
Булбул үнүн эркин жаттап,
Өз тилинде ырдашты.
Пушкин сага жолугууда,
Ушул гана айтарым,
Сенин ырың токсон тилде,
Эми кайсы арманың.
Адам үчүн бир кокустан
Сен жаралган адамсың
Атың өчпөйт жүз, миң жылдар,
Дагы эле сен каласың.
Адамдыкка сайрап турган
Булбулсуң го сен чиркин.
Тийип турган жаркын нурдай
Ыр күнүсүң -сен биздин.
Топко салар күлүк болсоң,
Сынымсың го сен чиркин.
Тартсам кыяк, чертсем комуз,
Ырымсың го сен чиркин.
Токтогулдай талант чыкпай,
Элимдин көңүлү ток эмес,
Өз жаныңа бирге турар
Биздин элден жок эмес.
Кош акыным, жүздөп кылым
Бир былк этпей тура бер,
Жетсин ырың дагы алыс,
Колду бийик суна бер.
Мен анчейин бир баламын
Өтүп кеткен жолдогу.
Пушкин менен кол алышкан,
Деп коюшса болгону.
Үстүңдөгү көчкөн булут,
Сени асмандан кайтарат,
Дагы келет көп кылымга
Сен жөнүндө айта алат.
Биз өңдөнгөн келген, кеткен,
Сени менен сырдашат.
Эч болбосо каламдуулар,
Сен жөнүндө ыр жазат.
Кош акыным, жүздөп кылым,
Бир былк этпей тура бер,
Жетсин ырың, дагы алыс,
Колду бийик суна бер.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один × два =