* * *

Жаз келет миң бир кулпура.
Гүлдөрү ай, жыпар жыт ура,
Ушуну сайрап бере алган
Жаздын көркү булбулда.
Сен жазга окшоп кулпуруп,
Түрлөйсүң го жашчылык,
Жыпар жыттуу жыт уруп –
Гүлдөйсүң го жашчылык.
Карылык келет угулбай,
Келбес кеткен ушул жай.
Жаштыгың жаз, күз сыяктуу
Тура албайт го кубулбай.
Ыйласаң ыйла жаш тыйбай,
Карылык кармайт бастырбай.
Айтат дейсиң эмне үчүн
Олдо кайран жаштык ай.
Ушинтип турмуш кубулат,
Айтуу үчүн сулуулап
Сөз жетпейт сайроо керек го
Булбулдай үндү миң бурап.
Ырдай бергин сулууну
Турмуштун шартын бул курду.
Кыялдын кыл кыягы
Акын – турмуш булбулу.
Акынсыз кантип туруу бар,
Ыр жокто турмуш бугу бар,
Сүйгүсү келсе акынды
Байкасынчы сулуулар.
1937

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8 − 2 =