Бул бетте ынтымак, ырыскы жонундо макалдар чыгарылды.
- Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
- Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
- Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт.
- Сылыктыктын белгиси — алыш — бериш, ынтымактын белгиси — барыш — келиш.
- Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
- Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
- Ити семиз, мал арык — жер азганы, ынтымагы болбосо — эл азганы.
- Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
- Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
- Ынтымагы бар элдин карды ток болот.
- Ынтымагы жок элден ырыс качат.
- Ынтымагың бар болсо, айылың менен журтка тең болоорсуң, ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
- Ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
- Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң.
- Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
- Ынтымак — ийгиликтин башаты.
- Ынтымак бар жерде— ырыс бар.
- Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
- Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
- Ынтымак болбосо, иш оңолбойт.
- Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
- Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
- Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
- Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
- Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
- Ынтымаксыз атадан алтоо болсоң — оңбоссуң.
- Ынтымаксыз эл жетим.
- Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
- Ынтымактуу атадан алтоо болсоң — жолборссуң.
- Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
- Ырыс алды — ынтымак, ыркы жокко конбос бак.
- Ырыс алды — ынтымак.
- Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
- Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко (эринчекке) конбос бак.
- Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
- Ырыс качса, бакыт конбойт.
- Ырыскы — иште, иш — колдо.
- Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл сүйөт.
- Ырыскысыз киши болбойт.
- Ырыстууга — жуучу келет.
- Ырыстууга — жуучу келет, ырысы жокко—доочу келет.
- Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу чыгат.
- Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу.
- Ырысы жок элдин ырымы күч.
- Ырысы жокко ышкындан айтпайт, кешиги жокко кемирчектен айтпайт.
- Ырысы жоктун аты, кара чабуулда жүгүрөт.
- Ырысы жоктун ырымы күч, таалайы жоктун табышмагы күч. Олоңунан жырышы күч.
- Ырысы жоктун этегине буудай салса төгүлөт.
- Акыл учат, ырыс жугушат.
- Алсызды жөлөгөнүң — ырыска бөлөгөнүң.
- Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.
- Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
- Баласы жоктун — ырысы жок.
- Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
- Билим — ырыс азыгы
- Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
- Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
- Жакшы ниет — жарым ырыс.
- Жакшы санаа — жарым ырыс.
- Жакшы тилек — жарым ырыс.
- Жакшы ургаачынын колунда куту, койнунда ырысы толо.
- Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт, жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
- Жакшылык кылсаң — ырыска батасың, калпың кармалса кайда качасың?
- Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
- Жамгыр — жер ырысы.
- Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
- Жөөнүн ырысын аттуу жебейт.
- Зулум эшиктен кирсе, ырыс түндүктөн чыгар.
- Ийри тумшуктун ырысы кайыптан. Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.