
Бул бетте байлык, бийлик жонундо макалдар чыгарылды.
- Адамды бузган — байлык менен бийлик.
- Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер жерден таба албайсың.
- Акыл — ардак, байлык — бакыт.
- Акыл байлыгы — азбас байлык.
- Акыл байлыгы — тозбос байлык.
- Акылы жоктун байлыгы да жок, бактысы да жок.
- Алтын байлык эмес, акыл — байлык.
- Алтын жерден чыккан байлык болсо, акыл элден чыккан байлык.
- Алтын күмүштү байлык туткан киши башын жолдо калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болор.
- Аша байлык жоону көбөйтөт.
- Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
- Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
- Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
- Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
- Байлыгың болбосо да баркың болсун.
- Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
- Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
- Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
- Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
- Байлык бакыт эмес.
- Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
- Байлык жерде, күч элде.
- Байлык өтөт, кедейлик кетет.
- Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
- Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
- Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
- Байлык мүлктө эмес — талантта.
- Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
- Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
- Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт
- Байлыксыз эл болбойт, пайгамбарсыз дин болбойт.
- Байлыктан көрө биримдик артык.
- Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
- Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
- Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
- Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
- Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
- Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
- Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
- Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
- Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
- Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
- Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
- Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
- Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың,жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
- Барды аябаган, жокко тойбойт.
- Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
- Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык —ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
- Бойлукта байлык жок.
- Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
- Жер байлыгы — эл байлыгы.
- Карысаң каруулугуңду айтпа, кемисең байлыгыңды айтпа.
- Кен байлыгы—кең байлык.
- Көз байлыкты эңсейт, көңүл чындыкты эңсейт.
- Кына ташка чыгат, байлык башка жугат.
- Сарамжалдуу — байлыкка алып баруучу байсалдуу жол.
- Үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөсүң.
- Үйрөнгөнүң байлыктан артык.
- Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.
- Эл байлыгынан жер байлыгы.
- Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.
- Айдап кел менен байлап кел, катаал кандын буйругу.
- Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызган да бийлик.
- Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
- Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
- Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
- Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет.
- Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
- Бийлик бар жерде кулдук бар.
- Бийлик жаратканда андан кийин элде.
- Жамандын колуна бийлик тийсе оңдурбайт.
- Катын бийликке жетсе азынат.
- Катынга бийлик тийсе, теңирин тааныбайт.
- Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.