Бул бетте баатыр, эр жигит жонундо макалдар чыгарылды.
- Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
- Айласыз баатыр каманга чалдырат.
- Айласыз баатыр чочкого чабат.
- Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.
- Акылсыз баатыр чорго чабат.
- Ала көөдөк болбосо, анын эмнеси баатыр.
- Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
- Алп — чабышта, чечен — сөздө (сыналат).
- Алп адагы (соңу) Ормотой, тулпар адагы Тайтору.
- Алптын тизе бүккөнү — өлгөнү.
- Алтын — жерден, баатыр — элден
- Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен —чеченди сөзүнөн тааныйт.
- Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
- Баатыр — маңдайлаш, чечен — тандайлаш.
- Баатыр — орток, кут — жалгыз.
- Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос —зарылдыкта сыналат.
- Баатыр (эр жигит) өлсө бир өлөт. Коркок өлсө миң өлөт.
- Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
- Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
- Баатыр болмок — маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
- Баатыр болсоң — душмандан качпа.
- Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
- Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
- Баатыр жарасыз болбойт.
- Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
- Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
- Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
- Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
- Баатыр өлүмү марадан.
- Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
- Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
- Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
- Баатыр табат, батман жейт.
- Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
- Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
- Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
- Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
- Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
- Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
- Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
- Баатырга таяк да жарак.
- Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта,тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
- Баатырга тийген жары эрте тул болот.
- Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
- Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
- Баатырдыкка даба жок.
- Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
- Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
- Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
- Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
- Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
- Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
- Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
- Баатырдын көркү— эрдикте
- Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
- Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
- Бактылуу болмок мүнөздөн, баатыр болуу күрөштөн.
- Бакыргандын баары эле баатыр эмес,
- Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
- Балык көлдө өлбөйт, баатыр чөлдө өлбөйт.
- Берген баатыр эмес, алган баатыр.
- Бирөөнүн — өзү баатыр, бирөөнүн — сөзү баатыр.
- Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
- Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
- Жакшы атын аябайт, баатыр жоону санабайт.
- Жолборс изинен кайтпайт, баатыр сөзүнөн кайтпайт.
- Жоо качканда баатыр көбөйөт.
- Жоо келгенде — баатыр бол, доо келгенде — акыл бол.
- Жоо кыстаса баатырга бар.
- Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
- Кардың ачса дыйканга бар, жоо кыстаса баатырга бар.
- Көп баатырдан жоо кетет, көи чеченден доо кетет.
- Колго түшкөн баатырдын башын чабыш — канкордук.
- Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
- Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
- Коркоктун асылы болгончо, баатырдын жесири бол.
- Кылычтуу коркокту союлдуу баатыр жеңет.
- Маңдай жарылган — баатыр, таңдай жарылган — чечен.
- Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
- Мергендин ажалы — зоодон, баатырдын ажалы —жоодон.
- Молдону суктугунан бил, баатырды курчтугунан бил.
- Опсуз баатыр жоого түшөт.
- Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
- Үйдө — баатыр, жоодо — жок.
- Чечендин — сөзү, баатырдын — көзү (курч).
- Чын жакшыга жолуксаң, суу ордуна бал берер, чын баатырга жолуксаң, сен үчүн ал жан берер.
- Эки баатыр эрегишсе, бирөө калат, бирөө өлөт.
- Эл менен эрегишпе, баатыр менен жоолашпа.
- Элин коргоп жоо сайган — баатыр атка конот.
- Элин сагынбас эр болбос, үйрүн сагынбас ат болбос.
- Элине арка болуучу уул — эки миздүү шап (канжар).
- Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
- Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
- Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
- Алп — чабышта, чечен — сөздө
- Жолборс чапкан эр — жоону чабат.
- Жоо чапкан алпка айып жок.
- Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
- Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
- Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
- Азамат бир күнү ат минет, бир күнү жөө жүрөт.
- Азамат болсоң ак иште — аздыр — көптүр мал болот, бекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
- Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
- Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
- Азаматка — эл арка.
- Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
- Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
- Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
- Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
- Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
- Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
- Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
- Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
- Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
- Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
- Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
- Алгырдын зорун — шер дейбиз, азамат зорун — эр дейбиз.
- Алдыңа баш ийип азамат келсе, эр кунун кеч.
- Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
- Жышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
- Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
- Ат — эриндүү келет, эр — мурундуу келет.
- Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
- Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
- Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.
- Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы айткан сөзгө бек болот.
- Ат жакшысы кермеде, эр жакшысы термеде.
- Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
- Ат кызыгы арыганча, эр кызыгы карыганча.
- Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй, эл тааныбайт.
- Ат семирип нык болот, эр семирип бук болот.
- Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.
- Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу мин, болот.
- Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
- Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
- Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
- Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
- Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
- Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
- Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
- Нар төөнү өргө тартса — алкынар, эр жигитке дөөлөт бүтсө — шалпынар, каздын этин жебеген шумкарлар колго түшсө, тартынакка талпынар.
- Эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
- Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
- . Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
- Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
- Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
- Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
- Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай! Эр жигит жолу болобу, кез — кезде торго чалынбай.
- Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
- Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
- Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
- Эр жигит эки айтпайт.
- Эр жигит эл камын жейт.
- Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
- Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
- Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
- Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
- Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
- Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
- Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
- Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
- Эр жолдошу — тобокел.
- Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат.
- Эр өлсө да, эл өлбөйт.
- Эр кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет.
- Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
- Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
- Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
- Эр кармаган эмгегинен кутулат.
- Эр күзгүсү — эмгеги.
- Эр колбашчы өлсө — кол жетим.
- Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос.
- Эр мактанса, бир октук, бай мактанса, бир жуттук.
- Эр намыстын кулу.